Конкурска: Жазды жазсам, сыя жетпес деңиздей (№27)

  • 20.03.2021
  • 4700

*     *     *

Чатыраш деген чөп көрдүм жатып өскөн,
роза гүлдөй барктабай басып өткөм.
Сиренге окшоп жыпар жыт чачпаса да,
демдеп ичсем – эритти ташты өттөн.

Тикенеги сайса да гүлдү сүйүп,
чатырашты барктабай басып өткөм.
Тепсендиде жатса да тебеленип,
ден соолукка пайда көп дары чөптөн.

*     *     *

Өзүм барда сүйө аламбы мен сени
оо Кудурет! Кечир эссиз пендеңи.
Ичимдеги Мени жеңип, жүгөндөп,
жүрөгүмдө Сени катчу ким деги?..

Үмүт кылып бейиштеги үр кыздан,
үч бүктөлүп намаз окуп бир курдай:
уучум толо дуба тартып бетиме
ибадаттын пайдубалын тургузгам.

Билбептирмин намаз аздык кыларын,
сүйүү берчи, оо Кудурет, сурарым.
Сүйүү берчи, Сенден коркуу ордуна,
бүт ааламды көөдөнүмдө сылайын.

Бүт ааламдык сүйүү берчи өзүмө,
көргөм аны наристенин көзүнөн.
Кырк жыл мурун жоготконум кайрып бер,
сактайм эми... Сатпайм аны бөзүңө...

Билбейм неге турам иттей ырылдап
күлгөнгө да, турганга да ыр ырдап.
Берчи сүйүү... жылмаяйын уулумдай,
оо Кудурет! Берчи чымчып ырымдап.

*     *     *

Көздөрүмдүн, көөдөнүмдүн "боёгу"
билбептирмин аз көрсөтүп коёрун.
Күмөн санап, көрбөй турдум жалганда
көзүм барда көөдөнүмдүн тоёрун.

*     *     *

Ак чепкенди жамынганы курусун,
кыска этекчен жаз титиреп тур үшүп.
Жер тытмакка койкоңдогон карт короз,
сыңар буттап башын каткан бүрүшүп.

Сары кар да кетер эртең күн чыкса,
короз деп бил, таң атарда үн чыкса.
Тоңгон жүрөк эрибесе мага кел,
бажырайып байчечекей гүл чыкса.

Акыйкатты араң тапкан дервиштей,
отурармын аалам жыттуу демди искей.
Көктүн жыты, бала жыты, төл жыты --
жазды жазсам, сыя жетпес деңиздей.

*     *     *

Көөдөнүңдү көрбөй туруп көөдөнүм,
көздөрүңдү сүйгөн экен көздөрүм.
Бүт ааламды бут алдыңа сунсам да
бүтүн эмес, бүт ыр эмес, өзгөмүн.

Кооздугуң да, койнуң алса күчүмдү –
беш сезимге бийлеткеним үчүндүр.
Сүйбөй туруп, жаным сенин жаныңды
мен денеңе арбалганым түшүндүм.

Комментарий калтырыңыз