«Адамдын арзан жана улуу табериги эч качан бааланган  эмес...»

  • 26.08.2023
  • 5392

(китепке пикир)

Улуттук  адабиятта, асырсе  дүйнө  элдеринин   адабият, маданият  жана  искусствосунда   айтматовтаануучулар   жана  изилдөөчүлөр   алп  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун  чыгармаларын ар тараптан иликтеп-изилдеп, анын көркөм наркы  менен асыл баалуулуктары, философиясы  жөнүндө көп эле жазышты.

Мындан  ар да  жазыла берери калетсиз. Бирок кыргыз  тилинде жарык көргөн изилдөөлөрдөн асман менен жердин ортосундагы аралыктай  айырмаланган  биздин колубуздагы   изилдөөнүн   тематикасы, жанры, стили жана идеясы таптакыр  жаңычылдыгы, жазуу  манерасынын  өзгөчөлүгү, оңой менен  сиңирүүгө болбогон,  жазуучунун эврикалык акыл таразасынан  билинип-билинбей, аңдалбай-аңдалып  сызылган  ой берметтерин  кантип  бөлүп алгандыгы, аны реалдуулук менен  кандайча жуурулуштурганы таңдантат, окуган соң  кайчылашкан  татаал,  чулу  ойлорго чакырат.

Журналист,  котормочу, публицист  жана   философ Эсенбай  Нурушевдин  “Айтматология: “Жамыйла” жана улуттук эрос”  ( Б.: “Турар”, 2018.) деген  китеби  кыргыз адабиятындагы Айтматовдун чыгармачылыгына  арналган илимий,  илимий-популярдуу, илимий-усулдук  жана башка  жанрдагы, тематикадагы   эмгектерден  кескин айырмаланат.  Жаңы  нуктагы, жаңы  башаттагы,  жаңы көз караштагы  учурдун талабынан  жаралган (заманбап)  илимий-көркөм, сынчыл-аналитикалык  изилдөөгө үндөшөт.  Ч.Айтматовдун  чыгармаларына  жасалган  чар тараптуу илимий-философиялык (дидактика, педагогика, социология,  культурология  ж. б.) эмгегин  төрт  бөлүмгө: “1. Ч. Айтматовдун көркөм  герменевтикасы,  2. Ч. Айтматовдун  феномендери  жана  ноумендери,  3. Ч. Айтматов  жана адамдан кийинки доор, 4. “Жамыйла”  жана  улуттук эрос” деп  бөлүп,  ар бир баптагы  башкы ойду, негизги   маңызды   башталышынан  кылдат  кынаптап, кийинкилеринде  бышыктап, өөрчүтүп отурат.

Турган тупаты менен  философиялык чыгарма  деп бир жактуу  атаганга  да  болбойт.  Автор  эмгегине  өткөн  жана  учурдагы  илим, адабият, философия, илимий-технология  жаатындагы илимпоз-философтордун,  эстетик, кибернетик,  социолог, микробиолог окумуштуулардын,  кыскасы, философия  аренасында  акыл калчаган эл аралык таанымдагы  илимпоздордун эмгегине таянат. Өз сөзүн, тыянагын  илимий  шилтемелерсиз  айтпайт, бүтүм  чыгарбайт.  Бул жагынан Э. Нурушевдин көп окуп, көп талдап, көп түрлүү, ар кыл кыртыштан  асыл ташты  бөлүп алгандай  көшөрө эмгектенгени, сынчыл   анализге  көбүрөк  басым  жасаганы  көрүнөт.

 Автор өзү  эмгегин  адабий-философиялык,  маданияттааным  аңытындагы  этюддар деп атайт.  Ушундайча  аталыштын  өзүндө бир мандем бар, Айтматовдун чыгармаларынын ички органдарына сүңгүп кирип,  анын клеткаларына чейин  аңдап-үйрөнүп, аны   кылым аралык  адабият дейбизби, же  аалам аралык  адабият  атайбызбы,  айтор  адамзаттын  илим, философия менен көркөм адабият жөнүндөгү көз карашынын өз ара карым-катнашы, байланышы жана  карама-каршылыгына,  айырмачылыгына токтолуп, “Бардык айырмачылыктарына карабай илимди, философияны, көркөм чыгармачылыкты  түбүндө  ойлом (мышление) бириктирип турат, окумуштуу да, философ да, жазуучу да ойлонот, ойлорунун баарын алар сөз, текст аркылуу  түшүндүрөт” деген тыянагын  дүйнөлүк  масташбдагы ойчулдар, илимпоздордун  айткандары  менен  далилдейт.

 Айтматовдун  жазуучулук тагдырында  улуулук, көсөмдүк  апогейине  кандайча эгедер болгонун кургак сөз, көркөм салыштыруу, эпитеттерсиз эле,  мурда-кийин илимпоз  адабиятчылар, окумуштуулар айта элек  өңүттөн айтып берет.  Талдоочунун сөзү менен айтканда, Фрейддин  эмпатиясы (сопереживание-кошо санаркоо) боюнча “Айтматов көпчүлүк чыгармаларында “образдардын, кейипкерлердин  ичинде отуруп алып”, сырт дүйнө – биз менен, окурман менен сүйлөшүп тургандай таасир калтырат” деп  биз окурмандар  анчалык маани бербеген, элес албаган  жөпжөнөкөй  көрүнүш, факты же окуядан  бир белгини,  жаңы маанини, жаңы өзөктү   кантип  баамдап-көргөнүн тамырдан тартат.  Айтматовдун  көркөм герменевт  болгондо да  адам болмушунун  тапсирчиси болгонун, (герменевт – грек сөзү, түшүндүрүүчү, чечмелөөчү)  элдин байыртан берки  эс-акылында  жашап  келаткан “жорунчу, түш жоруган киши” катары саналган  өнөрүнө ичкертен байланышкан  өзөктүк касиетин эске салат  да, андагы интерпретация башкы орунда турарын,  тагырак айтканда, сөз, символ, текст, формулаларды  окуп, алардын маани-маңызын  ачып, ой калчоонун  артыкчылыгына басым  жасайт.

Айтматов көркөм адабиятта  интерпретативдүү  ойломдун  өрнөгүн көрсөткөн  сүрөткер экенин, жазуучуда  эч кандай жеке кызыкчылыкка, амбицияга байланышпаган  акыл эркиндиги,  көркөм ой чабытынын, көркөм  ой жүгүртүүсүнүн  эркиндиги   кенен жана  чабыттуулугун  мисалдар аркылуу  таасындап берет. Айрыкча, кулдун башына  кийгизилген  чийки  териден – шириден  чыгарылган ой чабыттары,  ой талаалары, ой  алкактары  илимдеги  космология менен космогониянын философиялык, мифологиялык жана  эсхатологиялык  концепти  аркылуу  чечмелениши,  алардагы  кынтыксыз  илимий аппараттар  менен  ынандырып салат.

 Бу тирүүлүктө жумуру  баштын көйгөйү көп, ташпиши толтура.  “Кайсысы жакшы-зыян алып келген жакшылыкпы,  же  пайда  алып  келген жамандыкпы - билиш кыйын (Микеланжело) (18-бетте) дейт автор,  бул эки түшүнүктүн кайнаса каны кошулбаган ажырымын, бириктирсе  жуурулуша  албаган  маңызын  чагып отуруп,  улуу ойчулдарга сөз берип, андан ары  франциялык атактуу  биохимик менен  микробиологдун   (Нобел сыйлыгынын лауреаты Жак Лусиен Моно)  жер бетиндеги жашоонун бардык  түрү  кокустуктан пайда болгонун, эволюциялык  процесске  жараша  табыйгый  тандоодон (Дарвин)  улам  жашап, такай  өзгөрүп турган тышкы чөйрөгө  ыңгайлашып келатканын  адам баласы кантип  пайда болсо, так  ошондой   жок  болуп  кетүү коркунучу   галактика үчүн  ысык-суугу жоктугун  окумуштуунун  мисалынан  улам  айтып берет. Демек, адамга   табияттан берилген үч нерсе: өмүр, акыл  жана  сезим-туюм  бааланып-баркталбаганынан   адам  өзүнө өзү  көйгөй  жаратып,  кыйынчылыкка  дуушар болуп  жаткан  жокпу?   Сынчы Э. Нурушев   мунун баарын  Ч. Айтматовдун  “Кыямат”, “Кылым карытар  бир күн”,  “Кассандранын эн тамгасы” жана  “Тоолор кулаганда”  романдарынан, ал тургай баштагы чыгармаларынан  баштан аяк  кызыл  сызык менен белгилеп келгендей, мындай  өзүнүн  ою менен  жыйынтыктайт: “Демек, адамды  адам  кылган  нерсенин баары жакшылык  да,  ал эми   адамды ошол   абалынан  эмне  алыстатса, ошонун  баары - жамандык” (20-бет).

Биз “Идеалыңыз барбы?, Кимди идеал тутасыз?” деген соболдорго көнүп бүткөнбүз. Канча мезгилден бери биздин лексиконубузда  айтылып  келаткан  ушул аныктаманы жерип, таш  талканын чыгарып таштайт. Болгондо  да улуу  жазуучунун  (Эдигей: “Кызыгың  кургур, - деп  ичинен  күрсүнөт  ал, - адамдын  башы ой  ойлобой  тура албайт экен го.  Бу тоголок неменин  жаралганын карасаң, кааласаң-каалабасаң  деле ойдон ой туула берет, кыязы  өлөр өлгөнчө  ушу калыбынан  жазбайт  ко” (21-бет)  каармандары,  алардын иш-аракети, сөзү, көз карашы аркылуу  чечмелеп  келип, Сапиенстин  салтына  салып коёт.  Феноменологиядагы идеация  болмуштун  түпкү насили кандай болсо, ошол таризинде  баамдай алган касиет деп  туюндурат.  Ал эми  биз идеалдуу киши деп  акыл-ойго  биротоло сиңирип  алган  көндүм  түшүнүккө мындайча  баа берет: “Идеалдаштыруу - реалдуу турмушту өз каалоосуна, тилегине ылайыктап  кабылдап,  ага бап келбегендин баарын демондоштурган, ушундай  ыкма  аркылуу  дүйнөнү  көзөмөлдөп,  жүгөндөп алгысы келген  идеалисттик кыял. Идеал - жалган элестен,  куру  кыялдан  курулат, ал  турмуштун көп  кырдуу татаалдыгын  танат, аны  моюндагысы келбейт.   Зомбулук (тирания) дал ушул  идеалдаштыруудан  башталат”

“Ааламдагы  эң башкы табышмактын – аң-сезимдин” биологиялык түзүлүшү бирдей болгону менен  ой ойлобой тура  албаган  жумуру башы барлардын  аң-сезими  бири-биринен  таптакыр  айырмаланарын  жазуучунун чыгармаларындагы  каармандар галереясынан  ар бирин санактан өткөрөт да, аң-сезимдин  объективдүү дүйнөнүн адам мээсинде  чагылган  образ-сүрөтүн  чечмелеп отуруп, сезим-туюм аркылуу гана  аңдап-тааныла турган  жазмыштын  феномендеринен, анын акыл менен  гана аңдап таанууга боло турган  көрүнүштөр, алардын  жыйындысы  интеллиги белдүү  объекттер - ноумендерине  чейин   ар бирине  үңүлө ой  жүгүртүүнүн  зарылдыгына басым жасайт.

Келиңиз, так ушул жерди  философтун  өзүнө окуталы: “Жазуучунун  “Кассандра эн тамгасындагы” түйүлдүктөрдүн, эмбриондордун  жарык  дүйнөдө  кандай  ыкыбал-ырыскы  күтүп  турганын  алдын-ала билип, ошого жараша  төрөлгүсү  келбегени эмне  деген  фантазия! Мындан  улам алтымыш  миң  ааламда  жалгыз ушул адам баласы  атаа болгон  аң-сезим канчалык  улуу керемет,  канчалык  улуу күч экенин сезесиң”(24-бет). Автор  айткандай, аң-сезим  философиясынын  ички өңүтүн аңтарып-теңтерип, бирден чачтын кылы сыяктуу  мээнин  нейрондорунун   биологиясын  изилдөө-үйрөнүү менен иш бүтпөй турганын,  анын ишмердүүлүгүн  субстанция  маанисинде түбөлүктүү көрүнүш катары жараткандын амирине  шылтап коюу  менен  чектелип келатканыбызга санаасы сынат.  “Азыр адам баласы өзүн кудайга теңеп алды, бирок  ал  жапайы бойдон калды”,  “Адамда  адамдык  касиет  атам  замандагыдай  эле  чоң кыйынчылык менен калыптанып  жатат” деген Айтматовдун  фразасына таянып,  Сары-Өзөктөгү  Дөнөнбай  деген  куштун  жер  шарын  чарк  айланып бекеринен минтип: “Адамзат, эсиңе кел! Сенин атың Адам! Сенин затың Адам!” деп безеленип күнү-түнү сайрабаганын эске салат.  Жер шарындагы түркүн мазмундагы, түркүн масштабдагы,  түркүн  кыяпаттуу  глобалдык  көйгөйлөр  топтолуп, бара-бара чегинен  чыгып, адамзатка эмне деген  апааттарды  алып келатканы төгүн эмес.

Керойлом (инакомыслие) Авдий Каллистратовдун көз караш, ой жорумдарынын башкаларга окшобогон тактап айтканда, изилдөөчүнүн  айтканына көңүл бурсак,  Авдийдин позициясы   дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки  агымдын  өкүлү, немец  теологу Д. Бонхеффердин  “динсиз христианчылык”  концепциясына окшошот, радикалдуу теологиянын  же  “жаңы”  теологиянын  духуна жакын  турат деп эсептейт. Авдий  нашачыларга да,  кийинки  бөкөнчүлөргө да  алардын жасаган кылмыштары кандай  күнөөгө батырарын  түшүндүрө албай,  кайра өзү  алардын  колунан мерт  болгону  кайгы-касиреттин жакын калганынын  белгиси эмеспи... Мына ушундай  ой дүйнөнүн   кылдат, чебер, чоң  ылкам (илхом) менен  эргүүнүн таасиринен жаралган  эмгекти кантип баалабай коюуга болот.  

Кыргыздар “тиши чыккан балага  чайнап берген аш болбойт” деп коюшат, анын сыңарындай  авторду ушул таризде коштоп-кубаттап (сиз каршы ой  айта  алсаңыз “Азаматсыз” демекмин!) отурсак болмок, бирок сөздүн ток этерин, эмгектеги  бадырайып көрүнгөн   коргошундай  оор,  салмактуу,  чытырман токойдой  ой артынан  ойго чакырган, ойго жетелеген философиялык  бүтүм,  тыянак, корутунду жана  натыйжалар кандай  касиет-сапаттары  менен окурман көзүн умачтай ачарына токтолгонду артык көрдүк.

Биринчиден,  Айтматовтаануу  илими  адамзат жаралгандан тартып,  анын жашоосу, саналуу, бирок качан, кайсы  күнү суусу түгөнөрү  белгисиз   өмүр  көчүндө    тагдырына  жазылгандын  мааниси эмнеде,  бакытты  эмнеликтен  тынымсыз издей  берет,  эмнеге өзүн өлбөчүдөй сезет, бүгүнкүсүнөн эртеңкисине  ашыгып-азгырыла тургандын себептери кайсылар  сыяктуу, автор  өзү  айтмакчы,  акыл менен жан баккан интеллектуалдардын  башын оорутуп келаткан  түбөлүктүү  маселелердин  бир канчасын  атактуу жазуучунун  чыгармалары аркылуу  салаа-салаага бөлүп, тарамдатып,  Айтматовдун  менчик  көркөм герменевтикасынын  жаңы кырларын, сырларын, түйүндөрүн  ачып берет. Эврикалык акыл-таразасынын  деңгээлин,  каармандарынын  урухий жан дүйнөсүнүн ачылышын, Айтматов  гуманист болгону менен идеалдаштырууга каршылыгын, кудайтаануу апаздарына  болгон көз карашын, бикамерализм  кесепетинен  адамзат тартып келаткан азабын, адамсымал макулуктардын эмнеликтен көбөйүп баратканын, улуу сүрөткер атеист болгону  чынбы (мындан төрт кылым мурдагы  француз ойчулу  Пиер Бейлге салыштырып),  атактуу “парадоксундагы”  атеист болгонун, анын чыгармалары кайсы  дүйнөлүк  адабий агымдардан  жалгашарын мыктылап түшүндүрөт.

Экинчиден,  “Кассандранын эн тамгасы”  романындагы  илимпоз-генетик  Андрей Крыльцовго  жаңы адамдын тукумун түзүү сунушу айтылганы, аны он жылдан жыйырма жылга кесилген   түрмөдөгү  аялдар  арасынан  тандап алууну  чечет эмеспи,  инкубаторлукка  Руана Лопатинаны тандашканда, ал   профессорго:  “адамдар  табият жана Жараткандын  буйругундай көбөйүшөбү, же азезилдин айтканын кылабы?” деп тирмейе айтып ойго салат. Мына ошол эпизоддон  тексиз тукумдун (иксрод) пайда болушу, “апа”, “ата”  деген түшүнүктөрдүн  уламышка айланышы, Филофейдин  жердегилерге  калтырган насаатын эч ким кабыл албай, кайра  аны азезил деп  өлүм  тилешкени, адам баласына  ушул сар-санаалуу апаатты (кооганы) түшүндүрө албай, кечилдин станциядан  ачык космоско бой таштап өлүшү  туташ  компьютерлештирүүнүн  кесепеттери, илим  болмуштун адам турмушуна ашкере кийлигишүүсү  адамзаттын   алдыдагы   жана  келечекте жүз  берер кыйроо, пандемия  же  анамалия, табыйгый кырсыктар,  дегредациядан  кулак кагыш кылат, дүрбөлөңдүү  конгуроо кагат. Мына ушулардын баары  жазуучунун  адамзатка айтып кеткен  аманат  сөзү деген  жыйынтыкка  келет  автор.

Үчүнчүдөн, чыгармада гипотетикалык роботтор жөнүндө ачык айтылбаганы менен  ички өзөктүк  маанисинен  сызылып чыккан  технологиялык  прогресстин каармандары биоборг менен  киборг азырынча  идея болгону менен  дүйнө жүзүндө так ушуну иш жүзүнө ашырар окумуштуулардын бар экенин  чындык. Оксфорд университетинин профессору Ник Бостром  адам эволюциясын   эми технология улантат десе, Google компаниясынын  техникалык  директору  Рэй Курцвейлдин (47-бет)  божомолу  боюнча “отуз жыл аралыгында адамдын биологиялык  модели  анын  технологиялык  моделине өтүшү башталат” дейт.  Автордун  сөзү  менен  айтканда, адам  биологиялык айбандан  технологиялык  макулукка  айланат. “Дүйнөдөгү эң кооптуу идеянын” үстүнөн иштеп   жаткандардын  негизги максаты  “адамды адамдык касиетинен ажыратып”, жер шарындагы  адамзаттын санын кескин  кыскартууну  көздөшкөнү жашыруун деле эмес. Аны автор  дүйнө жүзүндөгү аттуу-баштуу  басылмалардан  алынган  илимий жобо,  тыянак,  мисалдар  менен каңырыгы  түтөп,  кабыргасы кайышып  чечмелеп  берет.

Белгилүү  философ  Э. Нурушев   окуган  жана  изилдеген  божомолдуу маалыматтарга  таянып,  “ашып барса эки-үч муундан соң  адамзат  “тандалмалар”  жана “пайдасыздар”  болуп  жиктеле баштайт,  кылымдын  этегине  барып  дүйнө эки элге  байгерлер менен жакырлар  жамаатына  бөлүнөт, алар  иш  жүзүндө бир  бирине  бап келбеген   биологиялык  эки түркүмгө  ажырайт” (50-бет) дегенМК” да  жарыяланган элитанын  пикирин  ачык  билдирет. Даректүү булактардан алынган  ойлор менен көз караштарды  ийне-жибине чейин анализдеп келип,  автор  Айтматовдун оюн  Гамлетчесинен “Адамзаттын келечеги  адамча болобу  же адамча болбойбу?” деген  суроону  ачык  калтырат.

Төртүнчүдөн,  жазуучунун “Жамыйла”  повестиндеги  Жамыйланын образына  түздөн-түз байланышкан жагдайлар, чыгарма  жарык көрөрү менен  улуттук адабияттын ошол кездеги көрүнүктүү өкүлдөрүнүн  ур-тепкисине кабылышы,  “бузуку келинди”  идеал кылып көрсөтүп, кыргызды дүйнөгө уят кылды  деген куру  намысчылардын, кыскасы, “Жамыйланын” жаңжалы басылбай  жатканда,  атактуу  М. Ауэзовдун  ак батасы менен   француз тилине  которулуп, Луи Арагондун “махабат жөнүндөгү  эң сонун баян” деген  баасына арзып, суктануу менен айтканы чындыкка  айланат, ошол  кездеги  Лениндик сыйлыкка татыктуу болушунун себептерин  автор  ушунчалык  ишенимдүү,  объективдүү   далил-фактылар менен  бир-бирден көрсөтүп,  ачыктап берет. Көрсө, Жамыйланын жоругу бизде алдакачан эле болгонуна мисалдар келтирет, элдик  оозеки чыгармалардагы  “Олжобай менен Кишимжандан” жээн-таеженин  ашыктыгы, “Аксаткын  менен Кулмурзадагы” Аксаткындын  жоругу Жамыйладан  асти кем калбасын далилдеп өтөт.

Көрсө, биз  көнгөн   кайдыгерлигибизге  салып, фольклордук  чыгармалардагы  назик, аёолуу, “уяттуу” делген  эпизоддогу деталдарды, сюжеттеги  көмүскө  ойлорду  атайылап  көз  жаздымда калтырып коёбуз  же,  жакшылап окуган эмеспиз,   же,  жакшылап  маани бербегенбиз...

Эрос деген өзү эмне?  Ал эротикабы же  Фрейд айткан либидо-жыныс кумарыбы? (79-бет) соболдун тегерегиндеги  ар  тараптуу логикалык  анализ,  ынанымдуу көз караш менен  илимий шилтемедеги  пикирлерди ирет-ирети,  өз орду  менен маанисин тереңден алып,  анализдеп бергендин өзү автордун  интеллектуалдык жогорку билимин, сынчылык өнөрүнүн  адилеттүү, өрүшүнүн   бийиктигин жана  акты ак,  караны  кара деген реалдуу  пикир-жыйынтыгын   урматтоого  аргасыз  кылат.

Аталган  бараандуу эмгекти  менин  баамымда көп жылдык  изилдөөнүн  акыбети, жемиши  деп кабылдадым.  Улуу  жазуучуну жакшы билген, терең талдай  алган, ал гана эмес өзү эскергендей:  “Кийин ошо гезитте (“Советтик  Кыргызстан”) иштеп жүргөн  жылдары Айтматовдун   отуздан  ашуун  макаласы менин  колумдан өттү.  Бир тобу  акын Сүйөркул Тургунбаев  түзгөн  жыйнакка  (“Биз  дүйнөнү жаңыртабыз,  дүйнө  бизди жаңыртат”, 1988) кирди,  алар жазуучунун  кийинки  томдорунда да жүрөт” (110-бет) деп айткандай, чыгармаларындагы  ар бир абзац,  сүйлөмдөрдү  философиянын элегинен өткөрүп,  ушундай  оргиналдуу, омоктуу  ойлоргой бай, сейрек  жаралган  изилдөө-анализдин  кыргыз  адабияты үчүн  чоң  белек экени да  талашсыз.

Айтматовтаануу илимине кызыккандарга, жалпы окурмандарга   атайын  философиялык сөздүктү түзүп чыккандын өзү эртең  же бүрсүгүнү  балким, келечекте  Ч. Айтматовдун чыгармаларынын   тилдик  каражаттарын  илимий-технологиялык, социалдык-психологиялык,  адабий-маданий жана  көркөм-поэтикалык  аспектиде   изилдөөчүлөр   үчүн  чоң казынанын  эшиги  ачылып  турганынан кабар берет.

Ризван  ИСМАИЛОВА, филология  илимдеринин  кандитаты, ОМЮИ доценти

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз