
Күндүн алгачкы нуру жол аркылуу жүгүрүп келип, тосмодон секирип өтүп, карагаттын түбүн карады. Ал жерде өскөн жашыл шибердин үстүндө апакай жумуртка жаткан.
«Чытыр-чутур!.. Тырс-турс!» Жумурткадан жарака кетти, тең экиге бөлүндү, анан жан жагына жадырай карап жөжө жарыкка келди.
— Куш келипсиң! Туулган күнүң менен! Таң жарык! — чөп шуудурады, баш ийкей ыргалышты гүлдөр, көпөлөктөр канаттарын каккылап тосушту.
— Чыйп! — чыйылдады Жөжө. — Чыйп-чыйп!..
— Карк! Эмне чыйылдайсың? Үнүң менен сенин! Эчтеме угулган жок. Үн деген бийик болушу, катуу чыгышы керек. Мына мындай: «Ка-арк! Ка-ар-рк!» — деп каркылдаган Карга бутакта отурган ордунан канатын каккылап кайдадыр учуп жөнөдү…
«Бийик үн жакшы экен да, — ойлонду Жөжө. — Баары угушат. Бирок аны мен кайдан табам?.. Кайдан болсо да издеп табайын!»
Жашыл өңдүү чоң Бака суу жээгинде отуруптур, жөжөнү көрүп үн салды:
— Бак! Бак-бак! Бак!
— Таң жарык! — деп кайрылды ага Жөжө. — Мени да өзүңүздөй болуп бийик үн чыгарууга үйрөтө аласызбы?
— Бак! Бак-бак! Бак!— күлүп жиберди Бака. — Менин оюмча сага... сага башка добуш издеш керек, - деп сууга секирди Бака.
“Издеш керек? Бирок кайдан?”- деп ойлоду Жөжө.
Үйдүн түбүндө Мышык күнгө кактанып жаткан. Ал эрине баш көтөрүп татынакай эки Мыймыйын жалагылады.
— Чыйп-чыйп!.. Кечириңиз, — Жөжө Мышыкка кайрылды, — сиз мага жардам берип койо аласызбы? Мага бийик үн керек.
— Мя-а-у! Мурр-мя-а-а- у! — мырылдады Мышык. — Ушундай үн сага жарайбы? Менимче бул үн жоон эле. Жок эле дегенде Мыймыйларым мени жакшы угушат.
— Сиздин үнүңүз абдан жагымдуу экен, — сылык жооп берди Жөжө. — Бирок мага баары уккудай бийик чыккан үн керек!
— Андай болсо сен итке кайрылышың керек.
— Ыракмат! — деп сүйүнүп кеткен Жөжө тыпылдай чуркап ит күпкөсүнө жетип барып, анын эшигинен баш багып чыйпылдады: - Чыйп-чыйп! Саламатсызбы!
Күпкөдөн сары жүнү сапсайган чоң баш көрүндү.
— Ыр-рр! Ар-рыбаңыз, ар-рыбаңыз! Эмне болду?
— Билесизби, менин үнүм абдан ичке. Мен бирок баары уккандай катуу-катуу сүйлөгүм келет! Суранам, мага бийик үн чыгарганды үйрөтүңүзчү!
— Чын жүр-рөктөн! Анда үйр-рөн! Үйр-рөнсөң сен катуу-катуу үр-рүп, кожоюнду кор-ргойсуң, кар-рышкыр-рларды качыр-расың!
Ит үрүп жиберди:
— Ар-рс! Ар-рс! Ар-рс! Арс! Эми сен үр-р!
— Чыйп! Чыйп! Чыйп!.. Эмнегедир окшобой жатат. Кечириңиз! Айла жок, үндү башка жактан издейт окшойм... Жакшы калыңыз!
— Ка-ак! Ка-ак! Ким көрүптүр мындай жөжөтайлар жалгыз жүргөнүн. Ка-кайда энең?! – деп кайдан-жайдан чыга калган көгүш чоң Каз ачуулуу какылдады. — Ка-ак! Ка-ак!
Коркуп кеткен Жөжө уйгактын жалбырагынын алдына кире качты. «Жок-жок! Мындай ачуулуу үндүн мага кереги жок!” – деп ойлонгон ал Каз бул жерден алыстагыча күтүп отурду.
— Ма-а-а! Ме-е-е! — аңгыча жакын жерден кимдир-бирөө аянычтуу катуу үн чыгарды. — Ма-а-а!
Жөжө ага жакын барды. Бул кичинекей ак Улак болчу.
— Сен эмне ыйлап атасыңбы? — деп сурады Жөжө.
— Апа-маа! Апа-маа барам!
— Ыйлаба! Келет сенин апаң. Анткени сенин үнүң катуу чыгат турбайбы. Меникиндей кантип болсун чыйпылдап: «Чый, чыйп, чыйп…» Ким мени угат?!
Бирок андай эмес экен. Жөжөнү анын апасы Тоок угуп жетип келди.
— Ка-ак кайда, ка-айда жоголуп кеттиң?! Жүрөгүмдү ка-атуу түшүрдүң?! Мен бир гана мүнөткө алаксып кетсем кетип ка-алыпсың! Сен абдан кичинесиң! Сага жалгыз жүргөнгө болбойт!
— Апа, апа! — арызданды Жөжө. — Мен бийик үн издедим, бирок таба алган жокмун!
— Ка-кандай сен макоосуң! — жароокер сүйлөдү Тоок. — Мени угуп, жакшылап эстеп ка-а-ал:
Үндүн бары – негизгиси!
Акырын же көтөрүңкү
Болсо дагы маанилүүсү –
Болуш керек ал өзүңдүкү!
Жөжөтайым түшүндүңбү?
— Чыйп-чыйп- түшүндүм! — сүйүнүп кеткен Жөжө катуу-катуу үн чыгарды: - Чы-ыйп! Чы-ыйп!
(Сүрөттөр. В.Арбековдуку)
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ