Юха ЯНХУНЕН: Манжу кыргыздары

  • 08.04.2021
  • 3086

Кыраң барбы, кыргыз сөөгү жатпаган?!

Макала 1991-жылы 9-майда «Кыргызстан маданияты» гезитине академик Б.Орузбаеванын жолдомосу менен жарыяланган. Анда, негизинен, мындай деп айтылат: «1989-жылы июнь айында Осло (Норвегия) шаарында алтаисттердин туруктуу эл аралык Конференциясынын кезектеги 33-сессиясында фин окумуштуусу Юха Янхунен манжу (Фуюй) кыргыздарына барган экспедициясынын жыйынтыктары жөнүндө атайын билдирүү жасап, аны өзү тартып келген документ фильми менен коштоп көрсөткөн. Фуюй кыргыздары жөнүндө биринчи кабар 60-жылдары белгилүү совет түркологу Э.Р.Тенишев тарабынан жарыяланган. Андан кийин алар жөнүндөгү маалыматтарды кытай тилчиси, түрколог проф. М. Хужуанхуэ белгилүү өлчөмдө толуктап жарыялаган эле. Ал эми проф. Ю. Янхунендин макаласы бул проблеманы изилдөөнүн дагы бир тегеретилген кадамы иретинде бааланышы чындыкка туура. Бул окумуштуу менин ошол Ослодо ага кайрылган өтүнүчүмдү эске алып, манжу кыргыздары жөнүндөгү материалдарын орус тилине которуп мага жибериптир. Макала фотосүрөттөр менен да коштолгон. Макаланы жарыялоо тарыхы миңдеген жылдарга созулган элибиздин төгөрөктүн төрт бурчуна аздап болсо да чачырап кеткен урпактары жөнүндө, алар тил, маданият, психология жагынан башка шарттар менен курчоодо жашап кетсе кандайча өзгөрүүлөргө учурашы мүмкүн экендиги жөнүндө манжу кыргыздарынын фактысы ачык далил боло алат. Ошондуктан бул макала окурмандардын кызыгуусун туудурарына шек жок. Б.ОРУЗБАЕВА»

P.S. Макала академик белгилегендей илимий, тарыхый маанилүүлүгүнө карабай, андан кийин эч басмадан чыккан жок. Андан нары дагы улантылып терең изилденбеди. Ушуга окшогон жагдайларды эске алып, кайра жарыялоону туура таптык.

"Жаңы Ала-Тоо" 2012 №2 (34)

Автор тууралуу

Юха ЯНХУНЕН – Фин окумуштуусу, илим доктору, тилчи, этно-тарыхчы, Түндүк Азия проблемалары боюнча адис. Финляндияда, Венгрияда, Жапонияда билим алган. Тунгус, монгол жана түрк тилдери боюнча изилдөө жүргүзүп, 1986-жылдан тарта Түндүк Кытайды жердеген майда урууларга саякат жасайт.

1988-жылы жайында Түндүк жана Борбордук Манжурияга фин-кытай биргелешкен экспедициясы учурунда аз изилденген этникалык топтор, анын ичинде манжу кыргыздары отурукташкан жерлерде болуу мүмкүндүгүнө ээ болдум. Тилекке каршы, кыргыздарга эки күн гана токтогонумду айта кетүүм керек. Алардын тили тууралуу азыраак кабар чогултуп, турмуш тирдиги менен таанышуудан тышкары кеңири материал алууга мүмкүндүк болбоду. Манжу кыргыздары менен таанышуу бул аз сандагы этникалык топ теги жагынан Түштүк Сибирдеги Энесай кыргыздары менен тыгыз байланышта экендиги тууралуу башта дайын чындыкка толук ишенүүгө түрткү берип, мен үчүн пайдалуу чыкты. Чынында эле алардын тили жана тарыхый маалыматтар алар XVIII кылымдын башында Минусин ойдуңунан чыгышкан Энесай кыргыздарынын тукумдары экендигин күбөлөп турат. Андыктан манжу кыргыздары азыркы хакастар жана киргиздер менен да этнотарыхый байланышы бар деген божомолду эстен чыгарбоо зарыл.

Ошол себептен манжу кыргыздары тууралуу кабар Киргиз республика калкы үчүн кызык деп ишенүүгө туура келди. (Автор биздин республиканы ушундай атайт жана элибизди да «киргиз» деп айырмалап жазган. – Ред.) Манжу кыргыздарына саякат Хейлуицзян провинциясынын борбору болгон Харбин шаарынан башталды. Ушул эле провинцияда, Харбинден түндүк-батышка 300 чакырым жерде жана мурдагы Орус-Кытай чыгыш темир жол линиясынан бир аз түндүгүрөөк эски манжур гарнизон шаары Цицикар жайгашкан. Андан ары манжу кыргыздары жашаган Фуюй оёзу орун алат.

Фуюй да, Цицикар да Манжуриянын негизги суу жолу болуп саналган Нонни дарыясынын жээгинде. Бул жердин ландшафты төмөн, топурак нымдуу, көп жер саз жана майда көл. Жергиликтүү калк көп учурда суу ташкындан жапа чегишет. Биз барган учурда жолду суу каптап, кыйынчылык туудурганын айта кетейин. Ошондой болсо да мындай климат өрөөн үчүн абдан жагымдуу, себеби ысык манжу жайы, суунун молдугу чарбалык үчүн эң сонун шарт түзөт. Мына ушундай аба ырайына байланыштуу Нонни дарыясын жердеген элдер эзелтен ар кыл дан эгиндерин, дарбыз жана башка жашылча, жемиштерди өстүрүшөт. Дарыя балык улоого, ал эми анын жээктери мал жаюуга мүмкүндүк түзөт. Аңдан алыс эмес жерде токойлуу Чоң Хинган тоо кыркасы жайгашкан. Мурда жергиликтүү калк андан аң уулап келишиптир.

Кыскасы, өрөөн адаттагы жана азыркы экономикалык иш ыкмаларын өнүктүрүү үчүн арбын потенциалга ээ. Ошондой болсо да ар кыл табигый жана тарыхый себептер менен Фуюй өзүн курчаган башка оёздор жана шаарлардан натыйжалуулук жагынан алда канча айырмаланып турат. Жергиликтүү стандарт боюнча Фуюй жарды оёз болуп эсептелет, ал өз учурунда бу жердеги этникалык топтордун абалынан көрүнүүдө. Фуюйдун негизги калкы кытай шаарларында көп сандап жолугат. Фуюйдагы кытайлардын саны азыр чейрек миллион адамдан ашат, б. а., жергиликтүү калктын 90 проценттен ашыгын түзөт. Алардан тышкары бул жерде башка келгин улуттар: хуэйлер же дунгандар (мусулман кытайлар) жана корейлер жашайт.

Мындай абал Фуюйдун азыркы демографиялык көрүнүшүндөгү өзгөрүүнү жаратканы ачык көрүнүп турат. Оёз 4000 чарчы километр аянтты ээлеп, ар бир чарчы километр жерге калктын жыштыгы 70 адамды түздү. Бул – Манжурия үчүн өтө көптүк кылат. Бирок Ноннинин жогорку өрөөнүндө калк жыштыгы андан да жогору. Фуюйдагы чыныгы манжу этникалык топтору ичинен бир нече миңдеген калкы бар манжулар менен дагурлар, ошондой эле аз сандагы эвенк-солондор жана эвенк-орочондор өзгөчө бөлүнүп турат. Бул топтордун өкүлдөрү коңшулаш оёздор менен жана экономикалык тыгыз байланышта. Ошондой болсо да кыргыздар үчүн тарыхый бирге жашаган жана алардын баштагы феодалдык ээлери болгон манжулук монгол-өлөттөр өзгөчө мааниге ээ.

Манжур өлөттөрү манжу кыргыздары сыяктуу эле, негизинен, Фуюйда жашашат. Мен алган маалыматтарга караганда, оёздо бүгүн 2400 өлөт кыргыздар менен тыгыз байланышта жашоодо. Манжу кыргыздарынын жалпы саны 1982-жылкы эл каттоонун официалдуу маалыматы боюнча 874 адамды түзгөн. Алардын ичинен 788 адам Фуюйда, ал эми Цицикарда 65 адам жашаган. Калган 21 адам Түндүк Кытайдагы башка оёздор менен шаарларга чачырап кеткен. Андыктан манжу кыргыздарын азыркы Кытайдагы эң аз сандуу этникалык топ деп эсептесек болот.

Иш жүзүндө аларды официалдуу түрдө тянь-шандык киргиздердин бир түрү катары эсептешип, өзүнчө улут катары санашпайт. Ошондой болгон менен манжу кыргыздары Кытайдагы Тянь-Шань киргиз топторунан өтө алыс жашоодо. Кытайдагы киргиздер, негизинен, Киргиз Республикасына жакын Синьцзян провинциясында орун алган. Алардын саны 120 миңден ашык экени белгилүү. Манжу кыргыздары эзелтен Фуюй оёзуна топтолгондуктан аларды көп учурда фуюй кыргыздары же провинциянын атынан хейлунцзянь кыргыздары деп аташат. Алардын өзүлөрү, мен жазып алгандарга караганда, азыркы учурда көбүнесе өздөрүнүн өлөт түрүндөгү киргъс (кыргыз) автоэтнонимин колдонушат, андан тышкары киргъс гыжъ (кыргыз киши), кыргъс аамъг (кыргыз эли), киргъс күс (кыргыз тили) сыяктуу туюнтуулар кездешет. Монгол- өлөттөрдү кыргыздар моол гыжъ, ал эми кытайларды манжу сөзү менен иргън гыжъ (жалпы элдик киши) деп аташат. Албетте, бул аталыштар кыргыз ж.б. жергиликтүү тилдерди билген кыргыздарга гана белгилүү. Фуюй – калк жыш жайгашкан жандуу шаар борборунан тышкары көп сандаган чачкын айылдардан турган типтүү Кытай шаарлары- нын бири. Кытай калкынын басымдуулук кылганына карабастан ар улут өкүлдөрү азыркы күнгө чейин өз этникалык өзгөчөлүгүн сактоого шарт түзгөн өз кыштактарында жашашат. Ошондуктан көпчүлүк кыргыздар да бир нече өз кыштагына ээ. Алардын ири эки кыштагы официалдуу кытай аталышы боюнча Уцзяцзы (беш үй) жана Цинзяцзы (жети үй) аталат. Мен дал ушу Уцзяцзыда болуп кайттым. Жергиликтүү элдин айтуусуна караганда Уцзяцзы – кыргызча Бижцзы (беш үй) дегенди билдирип, ал XVIII кылымдын башында бул айылды негиздеген беш үй-бүлөнүн санынан чыккан экен.

Кыязы, айылдын негиздөөчүлөрү таза кыргыздар болушкан. Ошондонбу, азыр ал жерде кытайлар басымдуулук кылса да кыргыздар жергиликтүү калк ичинде маанилүү орунду ээлейт. Уцзяцзыда 120 түтүн же 630 адам жашайт. Алардын ичинен 246 адам – кыргыз, 53 адам монгол-өлөт, 13 адам – дагур жана 6 адам манжу болуп катталган. Көрүнүп тургандай: кытайлар бардыктын жарымынан көбүн, ал эми кыргыздар алардын болгону 39 процентин түзөт. Ошондой эле бу жердеги үй-бүлөлөр аралаш никеде тургандыктан, көпчүлүк үй-бүлөдө 2–3төн кыргыз чыкпай койбойт. Мындан тышкары, Кытайда аралаш никеден төрөлгөн балдардын улуттук белгиси эркин тандоодо экендигин белгилеп коюш парз.

Андай балдар өзүнүн кайсы улутка таандык экенин 18 жашка чыкканда өзү гана тандап жаздырат. Тилекке каршы, мындай көрүнүш кандайдыр деңгээлде официалдуу демографиялык маалыматтарга өз таасирин тийгизет. Себеби улут тандоо маселесине тышкы таасирлер да түрткү болбой койбойт эмеспи. Мисалы, маданий революция учурунда кытайлар тарабынан репрессиядан кутулуу үчүн көп этникалык топ мүчөлөрү өздөрүнүн чыныгы улутун жашырып келишкен. Бүгүнкү күндө анын тескери тенденциясы жүрүүдө: тили жана маданияты боюнча толук кытайлашып кеткен адамдар да улуттук азчылык өкүлдөрү болуп катталышууда. Мындай чара аларга жана алардын үй-бүлөсүнө, бала-чакасына экономика, саламаттык сактоо, окуу ж. б. боюнча жардам берет. Анын үстүнө мурдагы улуттун маданий жана тил мурастарынан эч нерсе калган эмес. Мындай шартта улут белгиси жөн гана жасалма көрсөткүч болуп кала берери анык.

Мунун башкы трагедиясы өз эне тилин жоготууга алып келери да талашсыз. Манжу кыргыздарындагы мындай оор жоготуу, кыязы, аяктоо алдында: кыргыз тилин билүү бүгүнкү күндө улуу жана орто муунга гана тиешелүү. Эне тили балдарга берилбей калган. Жергиликтүү маалыматтарга таянсак, манжу кыргыздарынын эне тили ириде Уцзяцзыда дурусураак сакталууда. 1986-жылы кытай окумуштуулары иликтөө жүргүзүп, Уцзяцзыда кыргыз тилин билген 3 адам калгандыгы белгилүү болгон. Бирок 5 гана адам кыргыз тилин дурус өздөштүрөрү, ал эми орто муундагылар болсо тилди бузуп сүйлөшөрү билинген.

Ошол эле учурда Ци-цзяцзыда 4 аксакал жана 2 кермурут жигит гана тил билчү. Калган провинцияларда деле абал мындан дурус эмес болуп чыкты. Бардыгы болуп тил билген 40ка жакын адам катталат. Ошентип, манжу кыргыздарынын ичинен өз эне тилин билгендер 50–60 гана адамды түзөт деп бүтүм чыгарса болот. Албетте, бул сан абдан ыкчам төмөндөө үстүндө. Ооба, манжу кыргыздарынын эне тилди жоготуу процесси кытайлыктар тарабынан болгон ассимиляция кысымына эле байланыштуу эместигин да айта кетиш керек. Тээ, Нонни дарыя жээгине кытайлар күр көчүп келе электе эле кыргыздар аз сандуу этникалык топ катары коңшулаш улуттардын, өзгөчө монгол-өлөт жана дагур тилин үйрөнүүгө аргасыз болушкан. Өлөттөр менен болгон тарыхый мамилелерден улам дал өлөт тили алардын эне тилине айланып олтурат. Азыркы учурда 10 жаштан өйдөкү ар бир манжу кыргызы өлөт тилин билет деп божомолдоого болот. Жалпылап айтканда, мындайлардын саны 500–600 адамдан кем эмес, демек, кыргыз тилин билгендерге караганда алар 10 эсе көп. Бирок өлөт калкы сыяктуу эле кыргыздардын да кийинки мууну кытай тилине өтүшүүдө.

Бул жерде 1988-жылы 74 жашка караган кыргыз аял Хань Луиндин маалыматтарына токтолууга туура келет. Ал Уцзяцзыдагы кыргыз тилин жакшы билгендердин бири болуп саналат, ал кыргыз тилин өз эне тили деп санайт жана күйөөсү менен бүгүнкү күнгө чейин ошол тилде сүйлөшөт. Ошону менен бирге ал жаш кезинен өлөт тилин да үйрөнгөн, кандайдыр деңгээлде кытай жана дагур тилинде сүйлөй алат. Ал мектепке эч качан барган эмес, кытай жазуусун да билбейт. Анын айтуусуна караганда, Уцзяцзы калкы алгач жалаң кыргыз тилинде сүйлөшчү, кийин өлөт, акыры кытай тилине өтүшүүдө. Анын бир уулу кыргыз тилин түшүнөт, бирок кытай кызына үйлөнгөн, неберелери кытай тилин гана билишет.

1988-жылы 54 жаштагы башка кыргыз аял Хань Шучшэнь эне тилин жоготкондордун экинчи катмарына кошулат. Ал да кыргыз тилин өз эне тилим деп эсептейт, бирок анын негизги жана жакшы сүйлөгөн тили – өлөт тили. Ошону менен бирге кытайча да жакшы сүйлөйт, себеби кытай мектебинен билим алган. Ал кыргыз тилинде өзүнөн улуулар менен гана сүйлөшөт, өзү курдуулар менен өлөт тилинде баарлашат. Кыргыз тилинин жоголуп баратышы аны бардык курбулары сыяктуу эле толкундатпайт: алар бу процессти кайра жангыс табигый нерсе катары эсептешет. Мен Фуюй провинциясынын борборундагы 58 жаштагы дагы бир кыргыз өкүлү Хань Шунхуа менен жолугуштум. Ал өлөт, кытай жана дагур тилдерин да жакшы билгени менен, кыргыз тилинде деле дурус сүйлөй алат. Уцзяцзыдан бу жерге келгенине 30 жылдан ашкан менен, анын айтуусуна караганда, күйөөсү экөө дайыма кыргыз тилинде сүйлөшчү экен, бирок күйөөсү мындан 15 жыл илгери каза болуп, балдарын кытай тилинде тарбиялайт. Натыйжада анын балдары кыргыз тилин түк билбей калган. Ал тургай алар өлөт жана дагур тилдерин да начар түшүнүшөт.

Буга карабастан алар кийинки кездерде эне тилдин тагдырына тынчсызданат. Бүткүл манжу кыргыздары үчүн кытай тили адабий тил болуп саналат. Жергиликтүү мектепте окуу кытай тилинде жүргүзүлөт жана эч качан кыргыз тилин киргизүү аракети болгон эмес. Ошого карабастан Фуюйда улуттук деп аталган эки мектеп бар да, окуу ички Монголия адабий жолуна ылайык монгол тилинде жүргүзүлөт жана ал мектепке бардык каалагандар монгол тилин үйрөнүү үчүн кире алышат. Албетте, ал сабактар монгол-өлөттөр үчүн уюшулган, бирок өлөт тилин билүү максатында кыргыздар тарабынан да кеңири пайдаланылат. Тилекке каршы, көп кыргыз аялдар өлөт тилин деле өз тили деп эсептебейт. Ушинтип, бир-эки муундан соң өз улуттук тилин билген бир да манжу кыргыздары калбайт деп ишенимдүү бүтүм чыгарууга болот.

Ошондой эле өлөт тилинин Фуюйда келечеги жок. Бул эки тилдин жоголушу менен манжу кыргыздары өздөрүн зор кытай калкынын курчоосунда айырмалаган гана түндүктөн чыккан байыркы этникалык тегин сактаган акыркы белгисинен айрылышмакчы. Кыргыздардын турмуш-тиричилик маданияты алардын тегерегинде жашагандардыкынан эч айырмаланбайт. Алар жергиликтүү өлөттөр, дагурлар жана кытайлар сыяктуу эле, негизинен, түндүк кытай тибиндеги калпак тамдарда жашашат. Үйдүн тегерегинде киреше менен азык-түлүктүн булагы болгон чакан короо, андан алыс эмес айдоо аянты жана жайыт жайгашкан. Манжу кыргыздарынын турмуш шарты кытайдагы экономикалык реформанын негизинде акыркы ондогон жылдар ичинде кыйла оңолгонун танууга болбойт. Үй менен мал азыр алардын менчигине берилген, ошондуктан киреше алардын кандай иштегенине гана байланыштуу. Андан тышкары өндүрүш каражаттары да жеке менчикте, болгону коомдук тейлөө айыл дүкөндөрү, медициналык түйүндөр, коллективдүү транспорт түрлөрү аркылуу жүргүзүлөт.

Фуюй оёз борборуна жергиликтүү калк талап кылган товарлар жетиштүү, анча алыс эмес жерде Цицикардын ири базарлары менен соода борборлору жайгашкан. Бу жерде эч тартыштык жок десе болот. Ал кыргыз турмушунан да айкын көрүнөт. Экинчи жагынан, азыркыдай экономикалык толук эркиндик шартында ар кандай социалдык жана этникалык топтор ортосунда турмуш деңгээли боюнча сезилерлик айырмалардын болушу мыйзамченемдүү. Бул өлчөмдөн алганда манжу кыргыздары анча айырмаланбайт, себеби алардын мүлкү жана кирешеси жергиликтүү орточо көрсөткүчтөн төмөн. Ошондой эле жалпы Фуюй оёзу башкаларга салыштырганда жарды деп эсептелгендиктен, анын ичиндеги кыргыз кыштактары да жардыраак.

Мындай өңүттөн алганда кыргыздар өзүнүн маданий жана тилдик этникалык өз алдынчалыгын толук жоготкон күндө да канча бир убакыт бою байыраак башка калк ичинде социалдык жана экономикалык азчылык катары жашай берери анык. Кыргыздардын дагы бир тукум улаган этникалык белгиси болуп алардын аты-жөнү (фамилия) саналат. Манжу кыргыздары арасында атадан балага берилген негизги аты-жөнү таркаган. Кыязы, кыргыздардын негизги ата-жөнү урук аралык бөлүнүүдөн улам жаралган болуш керек.

Кытай окумуштуулары кыргыздардын азыркы аты- жөнүнүн аркасында уруктук белгилер катылган деген божомолду айтышкан менен ал баары бир кошумча архивдик ж. б. изилдөөлөрдү талап кылары шексиз. Ошондуктан эмитеден манжу кыргыздарын жеринен изилдеп, улуу муундардын эсинде сакталып калган тилдик жана тарыхый маалыматтарды жазып калууга шашуу зарыл. Бул иште Бээжиндеги Улуттар Борбордук институтунун профессору, Кытай түркологу Ху Чженьхуанын эмгеги зор. Ал Кытайдагы Тянь-Шань киргиздерине байланыштуу негизги иши менен катар 1957-жылдан бери манжу кыргыздарынын тили боюнча материалдарды топтоп, жарыялап келүүдө. Ошондой болсо да зарыл көп маселелер бар, ал эми убакыт аз. Азырынча, алардын диний, болжолу шамандык салт-санаалары түк изилдене элек.

Андан тышкары кыргыздар арасында сакталган фольклордо алардын этникалык тарыхы тууралуу каттала элек фактылар катылып жатышы мүмкүн. Менин манжу кыргыздарына саякатым, албетте, багыт алуу мүнөзүндө гана болду. Тилди изилдөө багытында жазып алган кээ бир мисалдарды гана айта кетейин: 1-быр, 2-игъ, 3-үш, 4-дүрт, 5-биш, 6-алтъ, 7-житъэ, 8- сигъс, 9-догъс, 10-он, 11-он быр ж.д.у.с. 20-жибъргъ, 30-отъс, 40-дүрдън, 50-бижнъ, 60-алтън, 70-житън, 80-сигъзън, 90-догъзън, 100-жүс, 1000-мың, 10000-түмъ. Кыргыздар бири-бири менен мындайча саламдашат: Син жагшъ-бъ? (сен жакшыбы?), ал эми дахъ догърлъъ! (дагы жолуккуча!), сонъң сонъң догърлъъ! (кайра жолуккуча!) деп коштошот.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз