Саид АХМАД: Кыштан калган каргалар

  • 13.04.2021
  • 3125

Өзбек эл жазуучусу Саид Ахмад Хусанходжаев 1920-жылы 5-декабрда Ташкент шаарында туулган. Бир нече романдардын автору. Өзбекстан эл жазуучусу. Өз чыгармаларын Саид Ахмад деген адабий псевдоним менер жазган. Ал 2007-жылдын 5-декабрында 87 жашында Ташкент шаарында жарык дүйнө менен коштошкон.

АҢГЕМЕ

Насипжан үйүнөн узагыраак жерден машинеден түшүп калды. Дарбазасынын алдында эки "Жигули" токтоп туруптур. "Ким болду экен? Жоктоп келчү жакындарым деле жок эле, тынччылык бекен? Иши кылып тынччылык эле болгой экен", - деген кабатыр ойлор менен астана аттады. Зайыбы чарпаяда коомай отура күрүч тазалап атыптыр. Айванда дасторконго түйүлгөн үч-төрт себет турат. Алардан самсанын жана боорсок-каттаманын жыты чыгып, каңылжаарды жарат. Зайыбы шарпадан башын көтөрдү.

- Тынччылыкпы деги, эмне сөз? - деди Насипжан таң кала.

- Туугандарыңыз келишти, - деди өзүнчө кубанган Анзират, - куттуктап келишиптир. Таежеңиз менен эжеңиз дилбар аялдар экен, бир сүйлөп он күлүшөт. Тагаңызды айтпайсызбы, өтө мээримдүү, өтө даана экен...

Анзираттын сөзү оозунда калды.

- Менин туугандарым бар бекен? Мен аларды каргыш уруп, кырылып кетишкен бекен деп жүрчү элем.

- Ээ, сөзүңүз курусун, ичкериге кириңиз, байкуш туугандарыңыз күтүп калышты, - деди Анзират.

Айвандын кире беришинде самын кутусундай радиону кулагына тосуп он эки жаштардагы кыз отуруптур. Анын кулагында сөлкөбайдай болгон алтын сөйкө. Мойнунда маржан, колунун бармактары толо алтын шакек. Анан да алтын тиштерин мактангандай оозун ачып, радио укканча Насипжанды карап турат.

Насипжан "Бул ким?" дегендей аялын карады.

- Вай, тааныбасаңыз таанып алыңыз, бул таежеңиздин кызы, куда болобуз деп көрсөткөнү алып келишиптир. Келинибиз болот.

- Об-боо! Ушул эле жетпей жатты эле, - деп Насипжан аялын жек көрө карады. Анын бул карашында "Буларды эмнеге үйгө киргиздиң?" - деген маани бар эле.

Анзират экөөнүн турмуш курганына он тогуз жыл болду. Туңгуч уулу институтка барып калды. Насипжан бир жолу да аялын туугандарыныкына алып барбаган. Тууганым бар деп да айтпаган. "Туугандарынын кызын албай коюп, ошондон улам көз көрбөс болуп кетишкен болсо керек" - деп ойлогон Анзират да такып сурабаган.

Насипжан туугандары отурган үйгө кирип баратып өзүн кудум сотто жазасы угулчу күнөөкөрдөй сезип кетти. Босогону аттаганда эле чоң таежеси ордунан туруп, бооруна кысты да:

- Сен өзү кандай таш боор бала болдуң? Мен апаңын бир тууган эжеси болом го. Таежем тирүүбү же өлүүбү деп бир жолу кабар алганга жарабайсың. Кимди тартып калгансың өзү? - деди.

- Бул өзү ушундай! - деп Рабия таежеси аны эжесинин кучагынан чыгарып, бооруна басты. Ал кашына калың осмо койгон, толмочунан келген дилбар аял эле.

- Эжем сени төрөгөндө канча сүйүндүм эле. Сени жерге-көккө койбой керээли кечке көтөрүп жүрүп чоңойттум. Желкемде жүрүп уктап калчу элең, - деп жалпалаңдады Рабия таежеси.

Насипжан бул мээримдүү таежесинин үйүнө акыркы жолу барганда институттун экинчи курсунда окуйт эле. Жетер-жетпес турмушунун айынан кошумча мандикерлик кылып, сабагынан жакшы жетишпей, стипендияга да илешпей калган. Кийгени жупуну, жеген-ичкенинин мааниси жок. Эптеп курсак кампайтып келмекке шаарда турган Рабия таежесиникине келди. Короонун дарбазасын аттап кирип, салкында турган сөөрүгө жеткенде демделген аштын жыты мурдун өрдөп, ичтайын ачып жиберди.

- И-и, жүрөсүңбү? - деди тажеңеси "Ушул учурда сага суутуп койду беле?" деп жактырбагандай алдына бир чайнек чайды коюп.

- Үйдө нан дагы калбаптыр, күнүм каткан нанга калды. Же бөлөлөрүңдүн бир кулактары болсочу, тим эле өттөрү айрылгыдай шок, сөз угушпайт. Нан апкел деп атып чарчадым. Оногу жездең дагы тиргилик менен иши жок. Таң саардан салпактап кетип, каш карайганда келет. Ага өкүматтын иши болсо эле болду, бул жакта биз таш жеп атабызбы, бок жеп атабызбы иши жок, - деп тынбай сүйлөнүп атып чайнектен дем жебеген сапсары суу чайды куюп, Насипжандын алдына токулдатып койду да, көгөрүп, көпөлөк байлап кеткен бир сындырым нанды жылдырды.

Таежесинин балдары да бири окуудан, бири иштен келе башташты удаа-удаа. "Акелешип" мойнуна асылып, тизесине чыгып эркелеп калды кичүүлөрү. Апасы аларды ымдап чакырып, ички үйгө алып кирип кетти. Кыйладан кийин үйдөн ооздору майланышып мултуңдап чыгышты.

Таежесинин бул ишинен көңүлү сынган Насипжан ордунан туруп кайырлашпай жөнөп калды.

- Ой, бала, каякка жөнөдүң? Отур, азыр казан асам, тамак жеп кет, - демиш болуп кала берди Рабия таежеси. Мына, андан бери да жыйырма үч жыл болуптур. Ошондон бери ал таежесинин үйүнө кадам басып барбады. Бүгүн минтип "жээним чоң кызматка отуруптур", - деп куттуктап келиптир.

- Алдыңа кетейиним, - деп быдылдап атты Рабия таежеси, - Мына, эми кимсиң, бакыйган бир министир болдуң, жаныңа туугандарыңы ал, эки бөлөңүн бирин памошник кылып ал, дагы бир бөлөңү шоопур кыл, "баш жарылса бөрк ичинде" дейт, сырыңы жети жат чоочундарга алдырба, мына өзүңүн туугандарыңан ашпайт.

Аңгыча сөзгө оозундагы жасалма тиши сүйлөгөндө шакылдап турчу Нурмат тагасы аралашты.

- Таежең сабатсыз, бирок журт көргөн аял. Жети жыл проводник болуп иштеди. Барбаган шаары калбады. Билесиң, проводниктин иши оор. Бир күндө жүз кыл адам менен мамиле кылат. Таежең орусчалап сөккөндө орустар да кулагын жапырып качып калчу. Таппады эмес, тапты. Тапканын балдарын окутканга сарптады. Өзүңө тааныш, азыркы маалимдердин арааны ачылган. Тер төгүп, мээнет кылып коюшкансып алаканыңы карап турушат. Таежеңин айткан памошник маселеси кулагыңда болсун, ал бечара балдарынын баарын дипломдуу кылган. Эми менин сөзүмү ук, мен да мына карып калдым. Адам жашы өткөн сайын туугандарын көксөп калат экен. Көргүм келет силерди. Эми минтип жашым өтүп, колумдан иш келбей калганда бир жакшылык жасап кетейин, бая сен келгенче корооңду айланып чыктым. Эми сен кимсиң – Насипжан министирсиң. Мындай үй, мындай короо сага жарашпайт. Алдыңа өзүңө окшогон кадырлуулар келишет. Аларды мына бул чалдыбарга кантип баштап кирмек элең? Эми сага аброюңа жараша үй керек. Өзүмчө чамалап чыктым, эки кабаттуу үй курабыз. Кеминде он эки бөлмө болот. Конок бөлмөңө кеминде алтымыш адам батат. Астында бильярдканасы, спортзалы, финче мончосу менен курабыз. Мага кара, кыш зооттары сага карайт. Колуңда жетимиштей зоот бар. Такта ыскалаттары дагы сага карайт. Кеминде жүздөй ыскалат бар. Ар биринен бештен тактай алганыңда дагы бүтүндөй урук-тууганыңа жетип ашат. Сен болгону деректирлериңе мени тааныштырып, менин өкүлүм деп кой, калганын өзүм жайгарам.

Бул мээрбан тагасы аны экинчи курсту аяктап жатканда издеп барган. Ал учурда килейген бир базанын мүдүрү эле.

- Эй, бала, - деген өктөм унчугуп, - Сен кандай бала болгонсуң? Мындай бир тагам эле деп кабар алганга жарабайсың. Тагам үй салып атат, барып көз көрсөтүп коёюн дебейсиң. Сенин мага аш-наныңын кереги деле жок. Барып бир ооз "Иш илгери" деп койсоң болот. Мына, эртең-бүрсүгүнү каникулуң башталат. Андан кийин эле кылычын көтөрүп кыш келет. Жайы менен каникулда колоктоп бош жүрбөй, беш-он сом пул иштеп алсаң өзүңө эле жакшы. Дос-жарыңын алдында тилиң кысык болбойсуң. Эми мындай, эртең машинада келип, чекти көрсөтүп коём, анан өзүң бара бересиң. Баса, өзүңө окшогон студент досуңан бирди алып ал. Кыш куясыңар. Тамак-ашыңар менин мойнумда болот. Иштегениңердин акысын берем.

Кашка-Дарыялык курсташы менен жайды жайлай кыш куюшту. Эх-хей! Сексен миңден ашык куюшту окшойт өзү да. Тагасы да сөзүнө туруп түштүгүнө күндө төрттөн пияз самса көтөрүп келип, куюлган кыштарды санап, "А, балли!" - деп кетет. Ошондо самса Насипжандын көңүлүнө көк таштай тийген. Бирөө "Самса" десе көңүлү айный турган болгон.

Тагасынын эсеп-кысап кылчу мезгили да келди. Ал эмнегедир шашылбады. Насипжан пулдан ооз ачты эле зекип койду.

- Уялбайсыңбы, бөлөк-бөтөн эмесмин го! Качып кетип жатамынбы? Арзыбаган ушул ишке акы доолаганга кандай дитиң барды? Эй, бала, көзүңдү чоң ачкын, мен сенин көздөй тагаң боломун а! Сен жат эмессиң. Ашарга акы сураса уят болот. Мына бала го эми мейли, жат-чоочун. Мунуңа үч-төрт сом берем. Сен өзүбүздүкүсүң, азыркы сөзүңү сен айтпадың, мен укпадым, - деп койгон.

Үч айлык мээнети күйгөн Насипжан курсташынын алдында шагы катуу сынды.

Ошо боюнча ал тагасын көрбөдү. Көргөнү такааты да жок эле. Жок, андан 2-3 жылдан соң бир жолу көрүптүр. Ошол жылы кыш кыз кылык болду. Кар жаайт, эрийт. Жаайт, эрийт. Стипендиясын алган Насипжан чыпта батинкеси менен кар малтап, байпагы сыгып алма суу болуп бутуна дурусураак өтүк алганы бут кийим дүкөнүнө кирди. Эми бир өтүктү кармап көрүп атканда дүкөндүн пештактасы жактан тааныш үн угулду.

- Стипендия алыпсың да. Дитиң дурус, жээним, жакшы өтүктү кармадың, - деп тагасы турат. Кайда болбосун самындай сыйгаланган тагасы базаны тапшырып берип, эми бул жерге ишке кирген турбайбы.

Насипжан акчасын санаса үч сом жетпей калды.

- Тага, үч сом жетпей жатат, жетпегенин эртең таштап өтөм, - деди Насипжан Нурматка.

- Эми жээним, - деген ошондо тагасы, - Бул өкмөттүн буюму. Кокус ревизия басса ошо үч сом үчүн мени кесип иет. Кой, жээн, мага жабырың тийбесин, пулуңу толуктап анан кел.

Насипжан ошондо "Жакшы кал" дагы дебестен чыгып кеткен. Ошондон бери бул "мээримдүү" тагасын эми көрүп отурат.

- Эми мындай кылсак, - деди тагасы жасалма тиштерин шакылдатып, - менин өсөрүм калбады, өлөрүм калды. Ушул жалгыз уулумдан көңүлүм кабатыр. Менден кийин эмне болот, кудай билет. Мына, пешенебизге сен министир болдуң, бул да теңирдин буйругу, бир ишаарасы. Ушу баланы жаныңа ал. "Эски шаардагы" базарды бер. Базарда чоңойгон бала, эптеп кетет, - деп жанында отурган чала мас жигитти түрттү.

- Тур, наадан! Министир жээниңе кулдук ур! Базар сеники болду! Эми көп ичпе, ичкен жетекчи адамга жарашпайт! - деп уулун урушуп калды.

Көкүрөгүнө Брюс Линин сүрөтү түшүрүлгөн ак футболка кийген жигит туруп, кол куушуруп кулдук урду. Анын дагы оозу толо алтын тиш. Мойнунда жоон алтын чынжыр.

Бул туугандарынын баарынын ооздору толо алтын тиш. Моюндарында алтын чынжыр, манжалары толо алтын шакек. Насипжан үйүнө туугандары эмес эле "Зергерсоода" көчмө дүкөнү келгендей таң калды.

Таежеси кымтыланып, кысынып отурган сиңдисин урушуп калды.

- Үстүңү карачы! Министирдин үйүнө дагы ушундай кийинип келеби? Желкеңдеги чыт көйнөктү "Ачы-Абаддагы" лөлүлөр дагы кийбейт!

- Эмне кылайын, эже? - деди Салима таежеси өксүк үн менен, - Бир этек бала болсо. Эрим пырастой рабочий, ал байкуштун тапканын балдардын башына жеткирсек бутуна жетпейт.

- Эриң дагы өзүңө окшогон кеп жебес! Проводник болуп жүргөнүмдө канча айттым ишке киргизип коёюн деп. Көнбөдү, көшөрүп көк бет. Ошондо көнгөндө оозуң толо алтын тиш болот эле. Мына, жүрөсүңөр эми иттин арткы шыйрагындай болуп! - деди Рабия таежеси сиңдиси Салимага кейип.

- Эй, ынсабыңар барбы? Бала бечараны кой сойгондой жиликтеп кеттиңер го! Мага эмнеси калды? Шагыраган сөөгү калды, - деп калп каткыра куудулданды Нурмат тагасынын кудасы. Ал киши козу карындай пастек бойлуу, мойну жок, желкесинин үстүнө эле баш бүткөн адам экен, - Эми балам, көзүң көрүп турат, мен бир оорукчан адаммын, оңго-солго караш үчүн бүт тулкум менен бурулуп караганга туура келет. Жаштыкта го эптеп иштемиш болгон элем, эми минтип ишке жарабай калганда өкмөт арзыбаган сары чака берип пенсияга чыгарып койду. Эми балам, ушу мени биринчи топ инвалид деп ыспарапка алперсең, баягы жугуму жок пенсияга жөлөк болот беле дейм да.

Короодон бир нерсе тарактап, мас адамдын сөгүнгөнү угулду. Нурматтын өңү өчө түштү. Рабиянын да өңү бозоруп, корккондой секин үн катты:

- Ашка чымын түштү. "Дубал гезит" келди.

"Дубал гезит" - Насипжандын ортончу тагасы Тургунбай. Аптасына бир ичет. Ичкенде да тойгончо ичет. Ичип алып кезектеп акеси менен карындашынын үйүнө барат. Барганда да жөн барбай, масы таркагыча, өзү чарчагыча ашатып сөгөт туугандарын. Ар жуманын жекшембисинде тоё арак ичкени үчүн мааледегилер аны аптасына бир чыкчу дубал гезит деп коюшат.

Тургунбай мурда иччү эмес. Кудайдын момуну эле. Колу гүл уста болчу. Шаардагы не бир байлардын үйү анын колунан чыккан. Анын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай чоңойткон жалгыз уулу бар эле. Ошол уулу аскерден келсе үйлөйм деп шаардагы абройлуу бир адамга куда түшүп, берер калыңын да белендеп отурган кезинде коңшу мамлекет Афганистанда жарылган бомба булардын үйүндө да жарылып, бул кишинин тынч турмушун талкалап өттү.

Эшиктен аскерлердин курчоосунда темир табытты алып киришкенде аялы бир "даттап" табытка өзүн таштады. Ошо бойдон турбады. Бир күндө бир үйдөн кош табытты алып чыгышты. Үйүндө кыямат копкондой болду. Келин алам деп жасалган үй куулдап калды. Жыйырма жети жыл бирге жашаган аялынан, он сегиз жыл бооруна кысып чоңойткон уулунан бир күндө айрылып калды. Арзуулары сынды. Тебеленди. Жакындарынын, колу-коңшулардын айткан насыйкаты кулагына кирбеди. Жүрөк дартын ичкилик менен жеңмек болду.

Бүгүн күнгө жекшемби эмес. Ал жекшемби күнү иччү. Бүгүн ичти. Ичпесе болбойт эле. Кечээ уулуна кудалаган кыздын тою болду. Тургунбай түнү менен кирпик какпай чыкты. Эртең менен мүрзөгө барды. Катарлаш турган кош мазардын этегине тизе бүгүп, узак тилават кылды. Алаканын бетине тартып, бата кылган соң ордунан турбай ийнин бүлкүлдөтүп узак ыйлады. Жанына келген адамды да элес албады. Ушул көрүстөндө көр казып, өлүк коюп, коюлган өлүктөрдүн мүрзөлөрүн карап тирлик кылган маале көрүстөнүнүн кароолу экен. Ал колтугунан сүйөдү да:

- Бурадарым, эми сабыр кыл! Алланын иши. Мына жердегилердин баарынын ата-эне, бала-чакасы бар. Баарыбыздын келчү жерибиз ушул жер. Кайрат кыл! Эми үйүңө бар, бурадарым, - деди.

Тургунбай көрүстөн кароолунун сөзүнө унчукпай көндү. Ордунан туруп, илкий басып, көрүстөндөн чыкты да, түптүз дүкөнгө карап жөнөдү.

Анын дартташар адамы жок эле. Ичиндегисин ага-инисине айтчу эмес. Алардын кылган кылыктарын көрүп туруп бир ата, бир энеден туулганына арданып кетчү.

Ал кезде акеси Нурматтын ашыгы алчы маалы. Шаардагы бут кийим базасында мүдүр эле. Жегени алдында, жебегени артында. Беш миң-он миң сом деген акча салаасынын бир бурчунан эле чыгып кетчү. Шаарда он "Победа" болсо, бирөөсү ушул акеси Нурматтыкы эле. Шаардын чеке маалелериндеги эски жертам үйлөрдө купуя "складдары" бар эле. Ал жерге Нурмат басып барчу эмес. Ал "складдарды карындашы Рабия бийлечү.

Ал убактарда таңкыс чех туфлилери жөөлөрдү мындай кой, аттууларга араң табылчу. Ошол чех туфлилеринен миңди Рабия шаар четиндеги сексен таяп калган кемпирдин үйүнө бекиткен. Эмне болгонун ким билет, тийиштүү органдарга кабар жетет. Жер алдында жылан кыймылдаса билген Рабия кемпирдикине жетип барат да, алты жүз түгөй импорт туфлилерди башка жакка жылдырып кетет. Калганын алып чыгып кеткенге үлгүрбөй калат. Кемпирдин үйүн милийса басып, Нурматтын "складында" калган төрт жүз туфлини конфискациялайт.

Өлүшүнөн башканын баарын билген Рабия кемпирдин үйүнө эски халат, башына чоң жоолук салынып келчү. Ижара акысын убагында төлөгөнүнө корстон болгон кемпир Рабиянын ижарага алган бөлмөгө эмне коюп, эмне кылганына деле кызыкчу эмес. Капилет баскан милийса карыган кемпирди кызыл кулак чайкоочу катары камакка алат. Төрүнөн көрү жакын калган кемпир үч күндөн кийин шаардык милийсаканада жан таслим кылат.

Бул иш кийин басты-басты болуп кетти. Бирок мунун чекесин билген Тургунбай кийин ичип алганда акеси Нурмат менен карындашы Рабияны күнөөсүз кемпирдин өлүмүнө айыптап ашата сөкчү. Тиги экөө кылмышы билинип калгандан коркушуп, тилдерин тиштерине басчу.

Ушул Тургунбай тагасы боору бүтүн маалында жээни Насипжандан көп кабар алчу. Ал студент кезинде да дем алыш күндөрү үйүнө чакырып, өзү аш демдеп берип, кетээринде чөнтөгүнө зордоп атып беш-он сом салып койчу. Аялы менен уулунан бирдей айрылгандан бери Насипжандын аялы Анзират бир этек чиедей балдары бар кайын сиңдиси Салима экөө Тургунбайдын үйүнө барышып, кир-когун жууп, үйүн тазалап берип жүрүшөт. Акесинин көп ичип калганына бушайман болгон Салима кээде:

- Ушундай иче берсеңиз келбей коём, - дечү. Бирок акеси бир аптада бир тоюп ичкенин, ичип алып Нурмат акеси менен Рабия карындашынын үйүнө барып сөккөнүн таштабады. Аларды ашата сөгүп бүткөн соң теңселе басып Насипжандын үйүнө келип чарпаяда бутун салаңдатып уктап калчу. Насипжан тагасын көтөрүп, үйгө алып кирип төшөккө жаткызып, үстүн жаап койчу. Эрте менен ойгонгон Тургунбай жээни менен келининен уялып, алар тургуча үйүнө кетип калчу.

Ошол Тургунбай туугандары отурган үйгө кирди.

- Эмне кылып отурасыңар? Тез бул үйдөн чыгып кеткиле! Силерге эми тууган керек болуп калдыбы? Силер, чайкоочулар, адам өлтүргүчсүңөр! Айтайынбы азыр? Силер али билбейсиңер, шаарда алтын тиши барлардын оозундагы тишин кычкач менен сууруп алган топ пайда болуптур, ошолор силерге келе элекпи? Алар келбесе мына азыр өзүм силердин тишиңерди бирден күүйм, - деп текчеде турган үтүктү колуна алды да кыйкырып кирди, - Кана, азыр чыгып кетесиңерби же бирден уруп тишиңерди талкалайынбы?!

Жанатан жаркылдап отурган Нурмат менен Рабиянын ыраңдары өчө түштү. Биринчи болуп козу карындай пастек кудасы эшикке атып чыкты. Анын артынан Рабия карганган боюнча жөнөдү. Нурмат өзүнчө сөгүнүп, ордунан козголду. Салима карындашы да ордунан туруп атканда ага Тургунбай:

- Сен отур! Сен булардай эмессиң. Апам бул акмактарды тууп атканда өрдөктүн жумурткасына талгак болгонбу, суу жукпайт буларга, - деди.

- Апама сөз тийгизбе, - деп карганып калды эшиктен Рабия.

- Эк, энеңди!.. - деп сөгүндү көлөшүн бутуна эми илген Нурмат акеси.

- Мен дагы барайын, үйдө балдар жалгыз. Барып тамак жасайын, - деди Салима.

- Отур, - деди Тургунбай, - Очокто бир казан аш бышып атат, балдарыңа салып беребиз. Нурмат менен Рабияны кууп чыкканыма капа болбо. Алар адам эмес!

Тургунбай адатынча сүйлөнүп-сүйлөнүп отуруп чарпаяда уктап калды.

Насипжан кыйынчылык тартып жүргөндө кабар албаган, убагында бир табак ашын аяган, сексен миң кыш куйдуруп, акысын бербей койгон, чыпта батинкечен кар малтап жүргөндө үч сом пулга тең көрбөгөн, эми минтип эмгеги элге сиңип, өкмөт ишин баалап министрлик орунга отургузганда тарп аңдыган жорулардай топтолуп жетип келген туугандарын ичинен жек көрүп турду.

Чарпаяда мас жаткан Тургунбай тагасы уйку-соонун ортосунда булдуруктап жатты.

- Э, жээним, булардын сөзүнө кирбе! Өз ишиңи билип кыла бер. Булар кыштан калган каргалар! Билип кой, жай саратан канчалык ысыса, суук күндөрдү сагынган каргалар ошончо катуу каркылдашат...

Которгон Азамат ОМОШ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз