Икая: Шакирттерине кыйын учурда күч-кубат берер акылмандын нускасы

  • 26.04.2021
  • 3869

Бир жолу акылманга жалган жалаа жабылып, аны түрмөгө олтургузуп коюшту. Кээде күнөөсүз адамдарды деле туура эмес жазалаган учурлар арбын эмеспи. Шакирттери анын абалына тынчсызданышты, анткени ал бир топ жашка барып калган, камак анын ден-соолугуна терс таасир тийгизери анык эле.

Бирок кезигишүүгө уруксат алып, ага киргенде; таң калгандан ооздору ачылды: алардын устаты мурдагыдан да сергек, мурдагыдан да жашара түшкөнсүп көрүндү.

Албетте, алар суроо бербей коё алышкан жок:

 – Устат, айтыңызчы, ушундай оор абалда олтуруп, чөгүп кеткендин ордуна, кантип өзүңүздү мурдагыдан да жакшы сезип, көңүлүңүз чөкпөй олтурасыз?

– Өзүмдү мындай жакшы абалда сезгенимдин себеби, биринчиден, бул жерде эч нерсе жасабай, эс алып калдым. Өзүңөр билесиңер, менин көп милдеттерим бар: силер менен иштешем, мектептин чарбалык иштеринде пайда болгон көйгөйлөрдү чечем, иши кылып жаным тынбай күнү-түнү иштейм. Жашым да улгайып калгандыктан, бат чарчачу болдум. А бул жерде бекер, эч нерсе кылбай олтурам.

Ал эми сергектигимдин себеби жөнүндө кененирек айтайын. Бир кезде менин да устатым болгон, мен дагы силер берген суроону берсем, ал мага бир нече кеңеш айткан.

Ал кезде анын айткандары мага жөн эле кооз сөздөрдөй сезилген. Бирок ал сөз боюнча калабы же турмуштук тажрыйбага айланабы, ал ар бир адамдын өзүнөн эмеспи. Көп кыйынчылыктарды башымдан өткөргөн соң, анын кеңештери менин жашоо стилиме айланды десем жаңылышпайм. Мен аны менен жашадым десем да болот.

Анда өз устатымдын айткан кеңештерин силер менен бөлүшөйүн.

Биринчи кеңеши мындай эле: “Бул дүйнө кырсыктар менен кыйынчылыктардан куралат. Алар ар дайым болуп турат”.

Андан ары ал мындай деп уланткан: “Башына келген оорчулуктарга, кырсыкка мөгдүрөй берүү – келесоонун иши, анткени ал келген нерсе. Кайгыруу, өкүнүү менен баары бир эч нерсени өзгөртө албайсың, артка кайта албайсың, өзүңө эч жардам кыла албайсың. Башка келгенди чыдап көтөрө билгенден башка аргаң жок, бул дүйнөдө жалгыз эле сен кыйналып жаткан жоксуң да”.

Кийинки кеңеши мындай: “Башыңа кандай кырсык келбесин, андан да жаман, андан да оор нерселер келбегенине шүгүр кыл”.

Ушул акыркы кеңеши мен үчүн өтө баалуу болду, мен анын чындыгына көп жолу ынандым. Мен бул сөздөрдү көп кайталайм: “Биз, өзүбүзгө келген кырсык менен кыйналуулар канчага чейин болорун билбейбиз, а балким андан жакын арада эле кутулуп кетербиз”.

Ушул төрт кеңешти эсиңерге бекем түйүп алгыла. Алар, башыңарга иш түшкөндө пайдасы тийет.

Акылман шакирттери менен сүйлөшүп олтурганда түрмөнүн кызматкеринин бири келип ага мындай деди:

 – Сиз бошсуз, кете берсеңиз болот. Сизди жаңылыш кармап келишиптир.

Ошондо акылман шакирттерине айткан экен:

 – Көрдүңөрбү, акыркы кеңештин чындыгы далилденди.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз