Бир кедей дыйкан аялы менен жашаптыр. Алардын Матс, Петер жана Свенд аттуу үч уулу бар экен. Бир жылы жерди кургакчылык каптагандыктан эгиндин баары күйүп кетип, бул үй-бүлө ачарчылыкка кабылат.
— Биздин наныбызга караганда оозубуз көп. Минтип отурсак баарыбыз ачкадан өлөбүз, ошондуктан балдарым, сыртка чыгып иштеп келишиңер керек, - дейт айласы кеткен ата.
— Матс менен Петер чоңоюп калышты, алар кандайдыр бир ишке жарашат, Свэнд байкушум куурайт ко, бул болгону он бирге чыкпадыбы, жоголуп кетер бекен, - деп апа ыйлап жиберип, айаар бекен дегендей күйөөсүн карады.
- Карачы мунун арыктыгын, бул эмнеге жарайт деги? – деп суроо берген ата ага кайра өзү жооп берди: - Жок дегенде койчумандыкка жарар, өз жанын багып кетсе да жаман эмес. Үйдө отурганда эмне чыгат.
Бирок Свэнд апасын сооротконго аракеттенди:
— Сарсанаа болбо апа, мен өзүмө ылайык жумуш тапканга аракеттенем. Жибере бериңиз!
Айласы кеткен эне аны койо берүүгө макул болду. Балдар жолго даярдана башташты. Бир туугандардын улуусу Матс мындай деди:
— Мен атамдын жаман чапанын алып алайынчы кереги тийип калгысы бардыр, ал азыр үйдө отургандыктан кийбейт деле болуш керек.
— Мен апамдын мискейин алып алайын! Үйдө ансыз деле бышыра турган аш калбады. Мен аны сатып, акчасын жумуш тапканымча керегиме жаратайын, – деген ортончу уул Петер текчеден жаркырата жуулган мискейди алып, башына калпактай кылып кийип алды.
— Свэндиме эч нерсе калган жок! - деп эне улутунду.
Ал кенжесин абдан жакшы көрчү, анткени Свенд абдан жароокер, тил алчаак, мээримдүү бала эле. Ата-энесине колунан келишинче жардам берчү.
—Апа, мен үйүбүздөн эстелик катары жатканымда дайыма кийимдеримди илген мыкты алайын, - деди Свенд.
Свэнд дубалга кагылган мыкты сууруп, жүзарчысына ороп, чөнтөгүнө салды.
— Келесоо десе! – күлүп жиберишти агалары. – Дат баскан мыкты эмне кыласың? Мунуңду бирөө сатып албаса же бирдемеге жарабаса...
— Балким кандайдыр кереги тийип калар, ким билет, - деди бала жанына дат баскан мык эмес эле бир ууч күмүш тыйын алгандай канааттанып.
Узап бараткан уулдарын көзүнөн жашын булактаткан эне умсуна карап турду. Агаларынын артынан ээрчиген Свэнд көпкө чейин кол булгалап барды. Кесилишке барганда улуу агалары токтоп мындай дешти:
— Биз экөөбүз бирге кетебиз, а сен Свэнд өзүңдүн дат баскан мыгың менен бизди ээрчибе!
— Андай болсо мейли, ардактуу агалар! Ак жолуңар ачылсын! Буюрса жакында жолугарбыз, - деди ичине кир сактабаган Свенд айрылыш жолдун бирине ишенимдүү кадам шилтей.
Көпкө жол жүрүп, токой четине келгенде кыйрайган арабанын түбүн үңүп жаткан кимдир бирөөнө көрүп, алгач аюу экен деп коркту, анан аңдый карап, адам экенин билип салам айтты.
— Эй балакай, - деди саламга алик албастан бул киши. – Ок жыгачтын учуна сайган темир түшүп калып, арабанын дөңгөлөгү чыгып кетип жатат, устаканага жеткиче жардам берип койчу.
— Менин мыгым бар, устаканага жеткиче түшүп калган темирдин ордуна сая туруңуз, - деди жолоочуга басып келген Свенд чын дили менен ага жардам бергиси келе мыкты сунуп. – Бирок мен бул мыгымды убактылуу гана бере алам, анткени бул жөн мык эмес, туулган үйүмдүн мыгы.
Дыйкан каткырып жиберди:
— Тигини, тигини тыңдыгын кара бок мурундун! Алтындан болсо да аласың мыгыңды, устаканага жетели биринчи.
Дыйкан менен Свэнд дөңгөлөктү ордуна коюп, түшкөн темирдин ордуна мыкты сайып, арабага түшүп, тездей бастырып, бат эле устаканага жетип барышты.
Свэнд өмүрүндө биринчи жолу устаканага кирип оозу ачылды, ага бул жер абдан жакты.
— Силерде эриккидей эмессиң! Көөрүк күшүлдөп, балка тарсылдап, учкун чачырап, тимеле музыка сыяктуу го! Менин уста болгум келип калды! – деди ал чын дилинен.
— Күлкүмдү келтирбечи, балакай! Ушундай оор барсканды көтөрүш кайда сага! Бул сага оюнчук эмес... А бирок балам сакайгыча көөрүк басып берсең болот. Бул үчүн сенин курсагыңды күнүнгө тойгузуп, бир аз сары чолок теңге төлөп берем, — деди уста.
Буга жан дили менен макул болгон Свэнд устаканада иштей баштады. Ал мыгын дыйкандын арабасынан өзү сууруп алып, түздөп чөнтөгүнө катты. Уста ошол эле күнү Свенд идиректүү бала экенин байкап, өз өнөрүнөн аз-аздан үйрөтмөй болду. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Свэнд кээ бир оңой буюмдарды өз колу менен жасаганга жарап калды.
Бирок бир айдан кийин устанын уулу оорусунан сакайып, Свендге өз жолу менен кетүүгө туура келди. Уста иштеген акысы үчүн ага убадалаган акчасын берди.
Кыңылдай ырдап, арышын кенен таштаган Свенд бир далайга чейин сапарын улаган соң жол боюндагы жалгыз тамга келип жетти. Анын чыга беришинде чоң көз айнекчен кичинекей киши туруптур. Бул тикмечи болчу.
Бир колундагы шотка менен экинчисиндеги күрмөнү тазалап жаткан анын моюнунда кайчы илинип, жакасында ийне жип сайылуу болчу. Бир кезде колунан күрмөсү жерге түшүп кетип, чаң болуп калганда ал шашылыш ала калып, кайра тазалап кирди.
— Кожоюн, сиз күрмөнү бирдемеге илип алсаңыз болмок, - деп салам айткан соң Свенд ага кеңеш берди.
— Сары ооз балапан десе, мага акыл айтканды ким коюптур сага! Мен сенсиз деле эмне кылышты билем, - деп баланы какты тикмечи.
Бирок Свэнд тикмечинин сөзүн көңүлгө алган жок, текерисинче сунуш айтты:
— Мен сизге жардам бере алам, кожоюн! – ал чөнтөгүнөн мыгын алып, каалганын кашегине кагып, күрмөнү илди.
Тикмечи баланын аракетине ичи жылып жылмайды да, күрмөнү тез-тез тазалап, Свендди үйүнө чакырды. Ал аялына балага сүт менен нан алып келүүсүн буюрду.
Свэнд ачка болгондуктан табити тарта тамактанды да, кемпирге чын көңүлүнөн ыраазычылык билдирип кетмекчи болду. Кожойкеге бала абдан жаккандыктан абышкасына кайрылды:
— Баланы шакирттикке алчы, сүйлөгөнү жакшы экен, колунан да иш келет болуш керек.
— Силердикинде жан дилим менен калгым келет, - деп жооп берди бала. – Кесибим темир устачылык болсо да мындай иштен качпайм.
Тикмечи араң эле жаны бардай ыркыйган аны бутунан башына чейин карап каткырып жиберди:
— Уста болбосоң койо кал! Оор барсканды кантип көтөрөт болдуң экен! Бирок кийим тигиш башка кеп...
— Мен байкап көрөйүн, - деп жооп берген Свэнд тикмечминин жанына тепирейип отуруп ийнени колго алды.
Ошентип Свэнд тикмечиникинде калып, тиккенди үйрөндү.
Бирок көп өтпөй тикмечи суукка урунуп катуу ооруп калды да, оңоло албай каза тапты. Аны жерге беришкенден кийин Свенд кашекке кагылган мыгын сууруп, чүпөрөккө аздектеп ороп, төш чөнтөгүнө салып, кожойке менен жакшылап коштошуп жолго чыкты. Бир далай жол басып, кечке жакын анча чоң эмес кыштакка жетип келди. Аңгыча бороон башталып, күн күркүрөп, чагылган чартылдады. Ал бир үйдүн алдына тартылган кермеден жуулган кирлерин чогултуп жаткан кемпирди көрдү. Бир маалда тартылган керме байланган мыгынан чыгып кеткенде кемпир аны араңдан-зорго кармап калды.
— Каран калгырдын мыгы! – кыйкырды кемпир. – Сына турган учурду тапкан экенсиң! Аз жерден кирлер чаңга оонап кала жаздады!
— Чоң эне, мен сизге жардам берем, — деген Свэнд тездик менен чөнтөгүнөн мыгын ала калып, тирөөчкө какты. - Кермеңиздин учун бериңиз байлай туралы, бирок мыгымды кайра алам, анткени ал туулган үйүмдөн ала чыккан эстелик, - түшүндүрдү бала!
Ошентип Свэнд кемпирге жардам берип, кирлерди чогултушту да, аларды кучактай көтөрүп, үйгө алып кирди. Үйдөн ал өтүккө така кагып жаткан өтүкчүнү көрүп, анын ийкемдүү иштегенине суктанып, босогодо туруп калды.
— Мен темир устамын дагы, тикмечимин дагы, бирок өтүк ултарганды билбейм, - деди Свенд.
— Болбогон сөздү сүйлөбө! Сенден каяктагы уста менен тикмечи чыкмак эле! Жөн гана оозу менен орок оргон бирөөсүң да! – деп күлүп жиберди өтүкчү. - Бирок кааласаң мен сага өтүк ултарганды үйрөтөм, - деди ал кайра ак көңүлү кармап.
Ошентип Свэнд өтүкчүгө шакирт болду. Ал баланы көп иштетип, чатырга жаткырганы болбосо өз өнөрүн жакшылап үйрөтө баштады. Жай болгондуктан чатырдан ал үшүгөн деле жок. Колу жөндүү, акылы тетик бала өтүкчүгө абдан жаккандыктан мактаарга сөз таппай жүрдү. Көп өтпөй ал эски бут кийимдерди оңдомок тургай, жаңы өтүк ултарганды да үйрөндү.
Ушундан кийин ал өтүкчүдөн иштеп тапкан акчасына булгаары алып, апасына жакшынакай кылып өтүк ултарды.
Күндөр өтүп күрдөөлдүү күз да кирип келгенде Свэнд кожоюндан эмгек акысын алып, ага жакшылап ыраазылыгын билдирип, үйүнө жөнөдү.
Свэнд бул жолу үйүнө шаар аркылуу өттү. Ал көчө бойлоп өтүп баратып, жол жээгине сатыкка коюлган эски кийимдердин арасынан тааныш чапанды көрдү. Ооба, бул агасы Матс алып кеткен атасынын чапаны болчу.
Демек Матска жан багыш кыйын болуп чапанды саткан экен да.Свэнд атасынын чапанын сатып алып жолун улады.Ал дүкөндөрдү кызыга карап баратып алардын биринин текчесинен көзүнө тааныш буюмду учуратты.
Бул агасы Петер үйүнөн ала чыккан апасынын мискейи болчу. Ал жакын барып, жакшылап карап, анын бир кезде өзү бырыйткан капталы көзүнө урунганда сүйүнүп кетти. Свенд мискейди дароо сатып алып жолуна түштү. Ылдамдай баскан ал эл жатарда туулуп өскөн кыштагына жетип келди. Атасынын үйүндө үлпүлдөп шам күйүп туруптур. Ата-энеси үстөл боюнда отурушуптур, алардын жанында абдан кирдеп жүдөгөн, ыркыйып сөөгү гана калып арыктаган эки бала турат. Булар агалары Матс менен Петер экенин Свенд араң тааныды.
— Байкуштарым десе, куураптырсыңар го! Ачкадан өлүп кала жаздаганыңар аз келгенсип, эч нерсе иштеп таба албаптырсыңар, — деп кейиди апасы.
— Эч нерсе эмес апа, жазында дыйканчылык кылабыз, — деп сооротумуш этишти балдар.
Ушул учурда алар чыйк этип чоң ачылган эшикти карай салышып, босогодон өзүлөрүнүн иниси Свэндди көрүштү.
— Түнүңөр бейпил болсун, ата, апа, бир туугандарым! Мына мен дагы кайтып келдим! – деп шаңдуу учурашкан ал жадырай күлүп сөзүн улантты: - Мына сиздин чапаныңыз ата, мына сиздин сүйүктүү мискейиңиз апа, а бул болсо мен өз колум менен сиз үчүн ултарган өтүк! Анан бул болсо иштеп тапкан акчам, - деп бир тутам акчаны атасына сунган Свэнд салтанаттуу түрдө кошумчалады: - Мен эми темир устамын, тикмечи жана өтүкчүмүн, андыктан биз эми каржалбай жакшы жашайбыз! А бул болсо мен үйдөн ала чыккан мык! Мунун мага бардык учурларда жардамы тийди...
Ошентип Свэнд үйгө кирбестен эшиктин кашегине мыкты какты.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ