Иван Крыловдун тамсилдери Аман Токтогуловдун котормосунда

  • 06.05.2021
  • 3209

Үкү менен Эшек

Сокур Эшек адашты токойдогу жолдон,
(Ал бир алыс сапарга чыкмак болгон).
Түн киргенде туруп калды темселеп,
Ары кеталбаган, же бери кеталбаган бойдон.
Сокур тургай соонун чыгышы кыйын
Мындай чытырман токойдон.
Кудай жалган ошерден Үкү жолуга калды.
Жол көрсөткүч милдетти мойнуна алды.
Үкүлөр түндө укмуш көрөт эмеспи.
Өйдө-ылдый, эңкейиш, бурулуш, аңдарды.
Күндүзгүдөй көрүп, эч бир мүдүрүлтпөй
Таңында түптүз, даңгыр жолго чыгарды.
Ушундай жол көрсөткүчтөн кантип үзөсүң кол,
Эшек айтат: «Үкөш, эми мени менен бол,
Бүт дүйнөнү айланып чыксын экөөбүз баскан жол».
Сөз ушундай болду.
Үкү кайкалап Эшектин жонуна конду.
Экөө узун жолго салды.
Аттиң, табигат жазганга айла барбы,
Күн чыкты — Үкү көрбөй калды.
Бирок ал аны ойлоп да койбойт,
Мындай бас, андай бас деп, дегеле болбойт.
«Сол жагыңда көлмө бар, оңго бас»,— дейт Эшекти.
Көзү көрбөй айтат оозуна келген кепти.
«Дагы солго!» деди эле, сол жагы жар экен,
Экөө жардан алыс учуп кетти.

КЫЗЫР МЕНЕН ТОМАЯК

Колуна жаман эски баштык кармап,
Үй түптөрүн кыдырып бир томаяк,
Келатып тагдырына айтып наалат,
Ойлойт да, аң-таң калат:
«Ак сарайда тургандар кайгы билбейт,
Не деген байлык колдо, нени жебейт,
Чөнтөгү толсо толот, түк бөксөрбөйт,
Шондо да тойдум дебейт!
Тоймок турсун тобо кылбайт,
Ач көздөнүп далбасалайт,
Дагы, дагы, дагылап байлык жыйнайт.
Ал бир күнү айрылып бардыгынан,
Итке минип калганын айт.
Мурдагы кожоюну мобул үйдүн,
Мисалы, соода менен жыргап жүрдү.
Акыры соодасынан күйүп кетти.
Күйгөн соң, өмүрүн тынч өткөрбөйбү,
Башкага берип андай балакетти,—
Жок, болбоду, жаз келгенде,
Кемелерди жөнөттү деңиздерге,
Тоо болот деп алтыным кыялданды,
А кемелер сапарда бүт кыйрады,
Деңизге чөктү-кетти бар байлыгы,
Алтын тургай таш да жок, шорлоп калды.
Сүткорлук кылып жүрдү да бир кеме,
Акчасы миллионго жеткен эле,
Аз көрүндү, дагылап далбас урду,
А да күйдү, акылсыз ач көз пенде.
Кыскасы, мындай мисал миңдеп чыгат,
Чала болот нысапты билбестерге!»
Дегенинче алдынан Кызыр чыкты.
«Томаягым, саган бир жакшылыкты
Жасайын деп жүрдү элем, тос баштыкты,
Алтын теңге беремин, толтура сал,
Бирок байка, момундай бир шарты бар:
Булар алтын — баштыкка салган кезде,
Баштыктан кокус жерге түшүп кетсе —
Шол замат ташка айланат бул тыйындар.
Бул шартты бекем сактоо милдет мага,
Абайлагын, эскерттим алдын ала,
Баштыгың айрылганы зорго турат,
Аша чаппа, салалы батышынча».
Томаяк сүйүнгөндөн башы айланды,
Бар-жогун бул дүйнөнүн унтуп калды,
Келе деп, баштык оозун ача салды,
Мына көр алтын акча төгүлгөндү,
Чытырап жаман баштык толуп берди.
«Болор дейм?» — «Жо, жо, дагы» — «Айрылат!»
«Жо, сала бер».
«Болду эми, сенден бай жок» — «Жоо, сала түш,
Да бир аз, эми бир ууч».
«Ой жетет! Карап көрсөң баштыгыңды»
«Дагы чымчым сала түш... бир аз дагы...»
Жаман баштык аңгыча шарт айрылды,
Бүт төгүлүп, тыйындар ташка айланды
Сен көр, мен көр жок болду Кызыр дагы.
Колунда айрык баштык, баягы эле,
Таз кейпинде Томаяк туруп калды.

ДЫЙКАН МЕНЕН ЖЫЛАН

Жылан сойлоп Дыйканга келди,
«Кой, кошунам, ынтымакта жашайлы! — деди,
— Эч чочуба, сактанба менден эми,
Мен баягы эмесмин, түрүмдү өзгөрттүм,
Сыйрып салдым бу жазда бүт теримди».
Бирок Дыйкан бу сөзгө ишенбеди,
Балта сапты колуна алды.
«Өзгөргөн менен сыртыңдагы териң,
Жүрөгүң эч өзгөрбөйт сенин»,
Деп Жыланды жалпайта чаап салды.
Ишенимден кетсең эгер,
Түрүңдү миң өзгөрткүн — баары бекер,
Кайра жакшы көрүнүш мындай турсун —
Жыландай өз жазаңды тарттың дей бер.

МУЗЫКАНТТАР

Тамакка чакырды коңшусун бирөө,
Ою бирок башкада эле:
Өзү музыканы жандай көргөн неме,
Ырга коңшусун тойгузмак болду ириде.
Аңгыча ырчылар аңылдап кирди:
Бири аңгирбайлап асманга кетсе,
Бири даңгирбайлап жерде жүрдү.
Чуулдактан меймандын башы айланды,
Эки көзү чекчейип кулак тунду,
Экинчи укпас болду мындай ырды.
«Э, айланайын, кошуна,— деди ал,—
Ырдайт деген ушу деп эле,
Бакыра береби булар?»
Анда тиги айтат: «Ырас,
Бир аз аша кыйкырып иймейлери бар.
Бирок оозуна ичимдик албаган,
Баары тартиптүү, сонун балдар».
Мен айтаар элем: Мындан көрө ичип деле жүр,
Бирок ишиңди беш колдой бил.

Которгон Аман ТОКТОГУЛОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз