Ги де Мопассан: Талаада

  • 19.05.2021
  • 3162

НОВЕЛЛА

Октав Мирбого арналат

Дарылануучу чакан шаарчанын четиндеги дөбөнүн түбүндө эки күркө турчу. Аларда жашаган эки дыйкан кичинекей балдарын багыш үчүн керээли-кечке биртике жерлерин чукулап иштечү, себеби ар бир үй-бүлөөдө төрттөн бала бар эле. Эртеден кечке чейин эки коңшу короонун ичинде балдардын жайнаганы жайнаган. Эң улуу экөө алты жаштарда, ал эми эң кичүүлөрү болсо он беш ай курактагы наристелер; үйлөнүү тойлор да, балдардын төрөлүшү да эки үйдө тең бир маалда болгон.

Эки эне үйүлгөн балдардын арасынан өздөрүнүн перзенттерин зорго таанып ажыратчу, ал эми аталары болсо адашып деле калчу. Балдардын сегиз ысмы алардын мээсин ачытып, чаташып кеткен: кээде алар бирөөнү чакырыш үчүн дайыма калган үч атты да кыйкырып отурчу, ошондо керектүү баласы келип калар эле.

Эки күркөнүн бирөөнү, Роллпорт дарылануучу жайынан келе жаткандагысын Түваштар ээлечү (алардын үч кыз, эки эркек баласы бар эле), экинчисинде Валлендер бир кыз, үч эркеги менен жайгашкан.

Алардын бардыгы зор мээнет менен табылган шорпо, бериңгит жеп, таза абадан дем алып тамактанчу. Эртең менен жетиде, түштө, анан кечки алтыда каздарын чогулткансып апалары балдарын тамакка чогултуп келчү. Элүү жылдан бери колдонулуп жүрүп, үстү жылтырап калган жыгач жозунун тегерегинде балдар жашына жараша катар тизилип отурчу; эң кичүүсүнүн ээги жыгачтын кырына зорго тийет. Алардын алдына бериңгиттен кайнатылган шорпого чылап, нандын майдалары, жарты баш керем, үч баш пияз коюлду: карды ачкан балдар андан тойгончо аймап, эң кичүүсүнө гана апасы өз колу менен тамак берди. Эгерде жекшемби күнү шорпонун арасына биртике эт кошулуп калса, анда бардыгы ошол күндү майрамдай сезчү. Ал күнү атасы жозунун тегерегинде узагыраак отуруп, улам кайталайт:

– Дайым ушундай болсо кана…

Август айынын түш чагында эки күркөнүн ортосуна бир жеңил араба келип токтоду, анын ичиндеги келин жанында отурган мырзага минтип кайрылды:

– Ий, Анри, тээтиги топ балдарды карачы! Татынакай балдар экен, а? Чаңга оонап алышыптыр!

Аялынын минтип суктанганына, өзүнө карата какшык айтылганына көнүп калган мырза унчукпай отурду.

– Мен аларды бир сыйра жыттап келейинчи… Ий, ушу балдардын бирөөнү, эң кичүүсүн багып алгым келет!

Анан ал арабадан секирип түшүп, тигил балдарга чуркап барды да, кичүүсүнөн бирөөнү, Түваштардын баласын колуна ала коюп, карала-торала бетинен, чаң баскан сары тармал чачтарынан, жүдөп кетип булкунган колдорунан жыттап-жыттап алды. Андан кийин ал кайрадан арабага чуркап кирип, аттарды катуу чапкан бойдон жөнөп кетишти. Бирок бир апта өткөрүп, келин кайра келди; ал чаңга отуруп, колуна баланы алды да, ага чоймо токочтон, калган балдарга шириндиктерден таратты. Келин наристе менен жаш баладай ойноду, эри болсо арабанын ичинде чыдап күтүп отурду.

Келин улам дагы келип, балдардын ата-энеси менен таанышып, чөнтөктөрүнө шириндик, тыйын-тыпыр толтуруп алып, күнүгө тегеректе жүрдү. Анын аты Анри Дүбйер айым болчу. Бир күнү эле эртең менен келип, эри экөө тең жерге түштү, бирок аларды жакшы таанып калган балдарга барбастан, түз эле дыйкандардын тамын карай басты. Беркилер үйүндө экен, оокат бышырганы отун жарып жатыптыр; алар таңыркап иштерин токтотту, тигил экөөнө отургуч берип күтүп турушту. Ошондо келин диркиреген үнү менен кекечтенип сүйлөдү:

– Кагылайын туугандар, мен сиздерге келдим, анткени мен… мен сиздин кичинекей балаңарды… балаңарды алып кетейин деп келдим…

Таңгалган дыйкандар эчтеке дей албай туруп калды. Келин бир аз демин басып, анан кайра улантты:

– Биздин балабыз жок, биз өзүбүз эле жалгызбыз, эрим экөөбүз элебиз… Биз аны бапестеп-бөпөлөп багабыз… макулбу?

Дыйкандын аялы чала-була бир нерсени түшүнгөндөй көрүндү, ал минтип жооп берди:

– Биздин Шарлону апкеткиңиз барбы? Жок, кокуй, жок.

Анда Дүбйер мырза ортого кийлигишти:

– Жубайым туура эмес айтып алды. Биз аны багып алабыз, бирок сиздерге да балаңар келип турат. Эгер баары биз ойлогондой болсо, анда ал биздин мураскор болуп калат. Кокусунан өзүбүз балалуу болуп калсак, анда мурас экөөнө тең барабар бөлүнөт. Бирок анын биз менен калгысы келбесе, анда балаңар тестиер жашына жеткенде, дароо нотариуска жаздырып, анын наамына жыйырма миң франк акча которуп коёбуз. Ал эми сиздерди ойлоп, биз өмүр бою бериле турган айына жүз франктан ижара жаздырып төлөп турабыз. Эми түшүндүңүздөрбү?

Жини келген айылдык аял ордунан тура калды.

– Сиздер Шарлону саткыла дегени турасыздарбы? Жок-жок! Энеден да ушуну сурачу беле! Жок дедим го, жок! Бу деген акмакчылык да.

Мырза башка эч нерсе дебей ойго батып, салабаттуу отуруп калды, бирок кээде гана ал башын ийкеп, жубайын кубаттап коёт. Дүбйер айым эмне кыларын билбей ыйлап жиберди, анан эрине кайрылып, эмнени кааласа алып көнүп калган эрке баладай ага балбалактады:

– Булардын бергиси келбей атат, Анри, бергиси келбей атат!

Анан ал дагы бир аракет кылып көрдү.

– Бирок досторум, балаңардын келечегин, бактысын ойлоп көргүлөчү…

Кыжыры кайнаган аял аны кагып койду:

– Бүт көрдүк, бүт уктук, бүт ойлондук… Эми жоголгула, мындан нары биз силерди биерден көрбөйлүк. Карасаң, булардын ушинтип эле баланы сатып алгысы бар!

Дүбйер айым сыртка чыкканда кичинекей балдардан экөө экенин байкады да, көзүнө жаш алып, эч нерсени күткүсү келбеген эрке аял болгондуктан сурады:

– Экинчи бала да силердикиби?

Түваш дароо жооп берди:

– Жок, ал коңшулардыкы, кааласаңар ошолорго кайрылгыла.

Анан ал долуланган аялын карай үйүнө кирип кетти.

Валлендер экөөнүн ортосундагы табакчадан кичинекей майды кесип алып, нандын күкүмдөрүнө аралаштырып, жозунун тегерегинде шашпай жеп отурган. Дүбйер мырза буларга дагы өз каалоосун айтты, бирок бул жолу сөзмөрдүн кылдааттыгы, этияттыгы, куулугу менен сөз баштады. Айылдыктар экөө тең макул эместигин билдирип баштарын чайкады, бирок ай сайын жүз франктан алып турарын укканда алар бир-бирин тиктеп, алагды болду. Алар бир аз ишенбегенсип, көпкө унчукпай отурду. Акырында аялы эринен сурады:

– Сен кандай дейсиң?

– Биз мындай акмакчылыкка барбайбыз.

Анда Дүбйер айым балбалактап, баласынын келечеги, анын бактысы тууралу кепти козгоду да, тигилердин көп акчалуу болорун кайталай баштады.

– Ошо бир миң эки жүз франк ижараны нотариус аркылуу бересиздерби? – деп сурады дыйкан.

– Ананчы, эртеңден эле баштап беребиз, - деп жооп айтты Дүбйер мырза.

Ойлонуп калган дыйкан аял кепке аралашты:

– Балабыз үчүн айына жүз франк аздык кылат. Чоңойгондо анын жардамы бизге көп тийет, ошондуктан жүз жыйырма франктан берип турасыңар.

Дүбйер айым чыдай албай, ошол замат макул болду, анан баланы тезирээк алып кетиш үчүн эри кагаздарды ырастаганча белек катары колуна жүз франк кармата салды. Ошол замат мэр менен коңшуларынын бири күбө болуп бериш үчүн чакыртылды. Сүйүнгөнүнөн келин дүкөндөн куурчак сатып алгансып, ыйлап-бакырганына карабастан баланы дароо көтөрүп жөнөдү.

Унчукпай ойго батып, мүмкүн, макул болбой койгонуна бир аз өкүнүп, Түваштар кетип бара жаткандарды эшигинин алдынан тиктеп турду.

Ошол күндөн баштап Жан Валлен тууралу эч нерсе угулбай калды. Анын ата-энеси нотариуска барып, өздөрүнө тийешелүү жүз жыйырма франкын алып жүрдү, ал эми коңшулардын аларга жини келди, себеби Түваштардын апасы үйдөн-үйгө кирип, тигилер баласын сатып жибергенин тынбай кайталай берди, бул шерменде, уят, зинакорлук экендигин да какшанып, тигилерди шылдыңдачу болуп алды. Кээде ыйлап жаткан Шарлосун колуна ала коюп, баласы түшүнүп койгонсуп, ал мактанып айтып калчу:

– Мен сени сатпайм… Мен сени эч качан сатпайм, каралдым… Мен сени сатпайм, балам… Бай болбосом да, мен сени эч качан сатпайм…

Жылдар өтө берди, ал эми аял болсо күнүгө ушул сөздөрүн кайталап жүрдү; күнүгө орой кыйкырык-какшыктар коңшуларга угулуш үчүн эшиктин алдынан заңкылдап айтылат. Акырында Түваш-эне Шарлону сатпай койгондугуна байланыштуу өзүн башкалардан жогору коё баштады. Ал жөнүндө кеп кылгандар дагы ошого макул болушчу:

– Билебиз, бу өтө чоң азгырык эле, бирок ал өзүнүн чыныгы эне экенин көргөздү.

Аны мисалга да келтире башташты. Шарло дагы сегиз жашына чейин ушул улам кайталанган ойдун таасиринде чоңойду, сатылбагандыктан ал дагы өзүн жолдошторуна караганда жогору коймок болду.

Валлендер болсо акчаны алып, жыргап жашай берди. Дагы эле кембагал Түваштарга кек сактап, кээде алар кыжырланчу.

Алардын улуу уулу аскерде кызмат өтөп, ортончусу болсо чарчап калган. Шарло карыган атасы, апасы менен эки карындашын багыш үчүн жалгыз өзү иштеп жүрдү.

Ал жыйырма бирге толгондо, бир күнү эртең менен эки күркөнүн алдына келип татынакай бир араба токтоду. Анын ичинен алтын чынжырга илинген сааты бар бир жигит чыгып, ал чачтарын ак баскан картаң аялга түшүүгө жардам берди. Карыган аял жигитке кайрылды:

– Мына, балам, бу сенин экинчи үйүң.

Жигит өзүнүн үйүндөгүдөй эле Валлендердин күркөсүнө кирип барды. Карып калган апасы айпоочторду жууп, оорукчан атасы очоктун түбүндө үргүлөп отуруптур. Экөө тең баштарын өйдө кылып, жигитти карап калганда, тигил алар менен учурашты:

– Саламатсызбы, ата! Саламатсызбы, апа!

Экөө селт этти. Дыйкан аял толкунданып, колундагы самынын сууга түшүрүп жиберди да, балбалактап жиберди:

– Бу сенсиңби, уулум? Балам, бу сенсиңби?

Жигит аны кучактап, улам кайталай берди:

– Саламатсызбы, апа! Саламатсызбы, апа!

Ошол убакта чалдын денеси бүт калчылдап, ал адаттагыдай эле кобуранды:

– Мына, Жан, сен да келдиңби?

Экөөнүн көрүшпөгөнүнө бир эле ай болгондой. Учурашып бүткөндөн кийин атасы менен апасынын жигитти дароо айылдагыларга көрсөткүсү келди. Баласын мэрге, анын жардамчысына, диний кызматкерге, мугалимге ээрчитип барышты. Алардын өтүп бара жатканын Шарло күркөсүнүн босогосунан туруп көрдү.

Кечки тамак маалында ал карыяларына минтип кайрылды:

– Валлендердин баласын бердиртип койгон силер дөдөй турбайсыңарбы!

Апасы ага каршы жооп айтты:

– Мен өз баламды сатпайм.

Атасы унчукпай отурду. Баласы кайрадан баштады:

– Ушундан өткөн азап барбы?

Ошондо Түваш-ата кыжырланды:

– Сени сатпаганыбыз үчүн жемелеп атасыңбы?

Жигит ага орой жооп кайтарды:

– Ооба, мен силердин дөөпүрөстүгүңөрдү айтып атам. Силердей ата-энелер өз балдарына жалаң азап апкелет. Мен силерди таштап кетсем, силер ошого гана татыктуусуңар.

Апасы алдындагы оокаттан башын көтөрө албай ыйлап жиберди. Ал кашыгына улам шорподон сузуп, анын жарымысын төгүп алып онтоп жатты:

– Өлүп-талып багайын десең, укканың ушу!

Анда жигит ого бетер корс кетти:

– Ушинтип жашагандан көрө, туулбай койгонум жакшы эмес беле. Тигини көргөндө, тим эле зээним кейиди. Мен да ушинтип жүрмөкмүн дегенде, ичим тим эле туталанат.

Ал ордунан тура калды.

– Угуп тургула, менин биерден кеткеним оң, антпесем силерди жемелей берип, тынчыңарды койбойм. Эсиңерге түйө жүргүлө, муну мен эч качан кечирбейм.

Ыйлактаган карыя адамдардын эси ооп унчукпай калды. Жигит дагы улантты:

 – Жок, мен муну эстебей коё албайм. Андан көрө башка жакка кеткеним оң…

Жигит эшикти ачты. Ал жактан оюн-зооктун үнү угулуп жатты: Валлендер баласынын келгенин белгилеп, майрамдап отурушуптур. Шарло жерди бир тээп алды да, атасы менен апасына кайрылып айкырды:

– Дөөпүрөстөр!

Анан ал караңгыда жоголуп кетти.

Француз тилинен которгон Турусбек МАДЫЛБАЙ

Guy de Maupassant. Contes et nouvelles. Paris, Albin Michel, 1956. китебинен которулган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз