Блез ПАСКАЛЬ – (1623-1662), француз окумуштуусу, философ
Канчалаган канкорду өлүм жазасына тартабыз, ошол туурабы? Жок. Биз кайра канкорлордун эсебин көбөйтөбүз.
* * *
Окурман аягына чыккан соң бүйүр козгоп, андайды өзү жазуу оңой көрүнсө, демек ал мыкты китеп.
* * *
Ким китепти өтө шар же тамгалап ташып окуса, анда ал эч нерсеге түшүнбөгөн окурман.
* * *
Көптү билүүгө умтулуу деле абыгерчилик. Эмнеге баарыбыз тең көптү билүүгө умтулабыз? Тек, башкаларга мактаныш үчүн.
* * *
Адамдар көп учурда кашкайган далилге эмес, көңүлгө төп келер божомол-дөдөмөлгө ишенет.
* * *
Жашоо маңызын сезбейбиз, болгону жашап жүрөбүз.
* * *
Биз дайыма болор-болбос нерсеге сооронуп калганыбыздын себеби, көп учурда болор-болбоско муңайым тартабыз.
* * *
Ашкере азаттыктын өзү да коркунучтуу, анан кем-карчыны сезбеген жашоо жашоо эмес.
* * *
Клеопатранын мурду бир аз жалпак болгондо эле жер шары башкача болмок.
* * *
Туура эместигин билип туруп эмне үчүн үрп-адаттан чыкпайбыз? Себеби ал үрп-адат. Эл ага сокур сезим менен ишенген үчүн үрп-адат жолунан чыккысы келбейт.
* * *
Адам периште да, айбан да эмес. Бирок анын бактысыздыгы – дайыма периште көрүнөм деп, айбан кейпин кийип калат.
Которгон О`Шакир
- Telegram
- ВКонтакте
- РћРТвЂВВВВВВВВнокласснРСвЂВВВВВВВВРєРСвЂВВВВВВВВ
- РњРѕР№ Р В Р’В Р РЋРЎв„ўР В Р’В Р РЋРІР‚ВВВВВВВВРЎР‚
- Viber
- Skype