Чоюн Өмүралиев: Абышканын бийиги

  • 28.05.2021
  • 3432

АҢГЕМЕ

Көптөн бери бул үйдө жаңы бир чен пайда болду. Абды баш оорулуу болуп, ага удаа жүрөк ооруга чалдыккандан бери. Ошол күндөн көп нерсе анын оорулуу жүрөгү менен өлчөнөт, радионун катуу дабышы, чыр кеп, ар кандай ызы-чуу. Айрыкча кемпири Үмүт сак. Уясына келаткан жамандыкты сезген эне чымчыктай тескери иштин чеке белин байкаар замат күйпөлөктөй түшөт. Абышканы андан алагды кылгыча шашат. Анан кейип-кепчип алат:

- Шору арылбаган бир азаптуу пенде экенмин го, ыя айланайын, ким эле мунун баскан-турганын аңдып жүрөт...

Ушинткен Үмүт кемпир бүгүн да сарсанаа. Баертең чай үстүндө чалы ага кеңеш салып, тоодогу туур малы болгон уюн айдап алайын деген оюн айткан. Алгач аны укканда кемпири чочуса да анысын билгизбей астейдил жайкаган:

- Кой, абышка, азыр тууй элек, тууп салса кудай албайт, жүрө турар. Бирди-жарым адам каттаса табышта, көздөп айдай келер.

Бирок Абды ага муюбай койгон:

- Жарабаган кеп, ушу азыр бирөө менен бирөөнүн иши барбы? Өзүм эле барам Дадыйды ээрчитип.

Дадый — коңшунун уулу. Быйыл алтынчы окуйт. Анда-мында абышка кемпирдин оокатына кол кабыш кыла коймою бар. Жанына кичирээктеринен бирди кошуп жиберишсе, ал деле айдап келет беле?! Бирок чал ага да көшөрүп болбой койду.

- Бала жердин уусун билбейт, кайдан тапсын. Тапкан күндө да непада тууп койсо кантти. Ылдыйда айдаштын ыгын билбей, жаш музоонун колун түшүрүп салышпайбы. Өзүм баргандан өтөрү жок.

Айтор Абды муну көңүлүндө миң калчап көрүп, ага айныбас болуп бекип алгандай, кемпири эмне айтпасын алдын тосмолоп, сөз жуутпады. Кайра да дугдуюп кайдадыр басып кетти.

Баягы эле кемпир беймаза:

- Кыбыр этсе эле жүрөгү кармайт деп жүрүп бу жаман эрке болуп кетти. Баладан өткөн чыргоо. Эми дагы жок жорукту баштап Кара-Тоого чыкчумун дейт. Ыкка көнүп, ымалага келген киши ырас тура. Тоонун абасы мындай дейсиңби, бийик ал жак. Жүрөгүнө жакпайт. Догдурлар да ошенткен... Болбосо эмне...

Анан кошуна аялга «Уулуңа бир иш тапшыр» деп утурлагыча үстүнкү көчөдөн ат жетелеген чалы көрүндү. Ат өйдөкү туугандарыныкы эле. Аны тааныган кемпирдин оозунан сөзү түштү. Эми ээленип алган эмеге канча айтпасын пайда жок. Жолго чыгаар адамдын көңүлүн оорутпаш керектигин билген ырымчыл кемпир ошол бойдон унчукпады...

- Эчак эле жибитип койбойсуңарбы? — деди Дадый каадалуу, куудураган чаначтын мойнун бууй албай жатып.

- Атаңды жакшы кара, жүрөгү кармабасын. Окус бир жерим десе эле ой-боюна койбой кайра тарт.

Кемпир абышкага угузбай бейкапар балага башка жооп кайрыды.

Адегенде Абды жолду катар көңүлү куунак келатты. Көптөн бери бастырып өтө элек жолу көзүнө алда кандай ысык. Тааныш жерлерин бир баштан карап келатып, кезек-кезек каны дүргүп башына чыгат. Ал өзү да ачык сезе бербей, мунун баарын туюк сагынып, дегдеп келгенин сезди. Оо бир кездери ооматы жүрүп дүкөнү кызып күн-түн дебей күжүлдөгөн, эми керектен чыккан эски тегирмендер, калың мыялуу арык жээгин тамырлары бек чеңгелдеп байлай тигилген, азыр болсо топурагы эшилген кыр, кашаты тарбайган салаасынан куюлуп чыгып бараткан карт дарактар, адырда тепчилген качаңкы бир жолдун билинер-билинбес нугу да сагыныч учугун жандырып чубайт. Көптөн бери көңүлү мынча сергий элек абышка ушу азыр бирөөлөр менен бир кумардан чыга бакылдашкысы келет.

- Тээтиги эски уранды там Доорандыкы, беркиси Шапактыкы. Ылдыйкы керчөөдөй тектирге алар таруу айдашчу...

Абды ал кишилер ким болгонун, бүгүнкү укум-тукуму тууралуу сөз улайт. Ал ушул тапта балага эмес, өзүнө айтып жаткандай, качанкы бир элестер бет алдына оролуп өзү менен өзү.

- Ата, таз жору.

Абдынын ойлорун баланын чарылдаган үнү бузду. Жол боюндагы жаман тамдын кырында конуп алган эпсиз чоң кушту көзү чалды. Чукул барып калышыптыр. Эмнегедир ал учкан жок. Абышканын көңүлүндө бир нерсе бүдөмүктөй берип, кашы серпилди:

- Бүркүт! Карабектин бүркүтү!.. Ээсиз карыган жаныбарым...

Бүркүттүн башы мүрүсүнө чөгүп кыймылсыз. Дүпүлдөгөн дабыш жанынан өтө бергенде алыстан доош алгандай чалкалай берип жогдорун үрпөйттү. Боз чел баскан көзү заматта аңтарылып тунара калды да кайра калыбына келди. Седеп кадалгандай жансыз, коркунучтуу көрүндү.

Абды жай бастырып бүркүттөн узай берди. Бала кез-кез кылчактайт. Эми абышканын ойлору эрксизден бүркүткө ооду.

Ал айылдагы акыркы мүнүшкөр Карабектин бүркүтү эле. Карабек өлгөндөн кийин башка колдон кылайып жем жебей койгон. Ээсин жоктоп кадимкидей аза күткөн жарыктык. Анан бир күнү кары бүркүттү айыл сыртына алып барып коё беришкен. Эми минтип эски урандыларды мекендеп жүрөт.

Абды өзүн ушул бүркүттөй сезди. Ал дагы тамынын үстүнө чыгып алып, жыйылган чөптөн далысына жылуу өтүп, мемиреп көпкө олтуруучу. Чабытынан калган кары бүркүттөй бийикти, тээ Эки-Баланын чокусуна чыгууну самачу. Ал канчалык каруу-күчтөн тайып, карылыкка алдырган сайын алиги сезими ошончолук күч алган. Сыягы, айбан канаттуудан адамдын айырмасы, ал ойлой келип бу жарыктан өтөрүндө артында жандырылбаган табышмактын, чечилбеген түйүндүн калышына макул болбосо керек. Бары-жоктон башын ачып алууну, түбөлүк жайына азат кайтууну самаар...

Күн төбөдөн өткөндө бала учкаштырган абышка чоң тоонун түбүнө жетти. Аркар мүйүзүндөй оролмо жол менен кадуулай баштады. Аба салкын тарта, жанараак алка-шалка түшкөн аттын тери кургады. Жел жүрсө бетегелер сеңселип күнгө жаркырайт, ага удаа миң дүйүм чөптүн жыты урат. Тоонун жыты!

Демейде көз талыткан бийиктеги жорулар эми алардын тушунда, төмөндө каалгыйт. Дадый бир туруп өзүн ошолордой жеңил сезип, кыялы делбеленет. Ат кайрылыштардан өчөңдөй түшкөндө шыпырыла жаздайт да, абышканы кучактап алга жүткүнөт. Ушунда андан ачуу тердин жыты уруп, каршы-терши бырыш чийилген мүйүздөй арык кежигеси, жаргактай кулагы маңдайына тартылат. Кемпирдин жолго чыгаардагы айткан аманатын эстейт.

Абды үн-сөзсүз, ой кучагында. Белгилүү да, ушу тапта санаасында согуштан дарексиз кайтпай калган уулдары — Өмүшү менен Эрмеги да. Өзгөчө өткөн жайдан бери... Абышка уулдарын мурда деле дамамат ойлоочу, бирок анда «непадам бир чет жерде болсо да аман жүрүшсөчү» деп туюк ишенип, ошол оюнан кадыресе каниет алчу. Ал оюн дагы ары улап ойлончу эмес, даа тутчу эмес. А өткөн жайдан бери ансыз да оорулуу жүрөгү убайымдын уу чеңгелинде эзилип келет... Ошондон бери ал бирөөлөр менен да анча чечилип сүйлөшпөй, көбүнчө үңкүйүп өзү менен өзү. Абышканын түнт мүнөзүн көпчүлүк оорусуна жоруп койгон.

Кийинки жылдары көп айылдарда согуш курмандарына эстелик курулду. Андай эстелик бул айылда да ала жазда башталып, жеңиш күнүндө аны ачуу шааниси болгон. Эстелик ачылардан мурун айылдан, райондон чогулган өкүлдөр кеңешип, адегенде майдандан дайынсыз келбей калгандарды эми үй-бүлөсүнө «өлдү» деп биротоло угузууну жөн көрүшкөн. Ошол күнү айыл оор онтоп, эчен жүрөк эски жарасын жаңыртып алган...

Абды ошондон кийин бат карыды. Туруп-туруп үшкүрүнө берет. Көкүрөгүн ичкериден бир от өрттөп, демитип келет деле сыртка да чыкпай көкүрөгүн кыжылдатып зилдете берет. Үшкүрсө саамга жаны жай алат. Буркулдап ичинен күйгөн баарынан өткөн азапка окшойт...

Көбүнчө ал анда-мында жерине эрбейип эрмен чөп өскөн тамынын үстүнө чыгат да көпкө олтурат. Көзүндө Эки-Бала.

Эки-Бала — маңдайкы тоодогу бийик чокунун аты. Качандыр ушул чокунун түбүндөгү жайыкта жылкы айдап жүргөн эки балага чагылгандын огу тийип өлгөн дешет. Ошондон бери кош чоку Эки-Бала атыгыптыр. Абды мурда бул чокулар жөнүндө, анын маани-жайы жөнүндө атайылап деле ойлонбосо керек. Тек бир жолку окуя түңүлө албай чайналган дилине түтпөс ой салган чокуларды жакын кылган.

Кайсыдыр бир жерде тирүү жүрүшкөндүр деп ишенген уулдарын угузушкан соң, тереңиндеги купуя ишеними жалганга айланган сайын абышка аза бою үркүп, ага ынабай жүрдү. «Кантип... кантип ушунча жыл көкүрөгүндө уялаган үмүтү, эчен курдай аян берген түшү сая болсун. Жазмыш эрки ушул жолу, бир гана сапар жаңылса не болот? Өмүрүн азаптуу күтүү, шоолалуу күтүү коштоп карыткан абышкага тагдыр эми ал көр оозунда турганында бир жолу ырайым кылса эмнеси күнөө, эмнеси чеки?..»

Курган үмүтү, бир жолу ал өзүнүн бет алдындагы кош чокуну бир саам узунду-кыскалы болуп катар турушкан кулундарына окшотуп алган. Сезими сенейип, көзүнө тебилген өрттүү жаштан улам чокуларга да ийрелеңдеп жан кирип, эки азамат канат жая аны карай бой таштагансыды. Ага удаа кош тамчы соңуна үлүлдөй шорлуу из чийип, абышканын бырыш бети ылдый жылжыды. Кайрадан баары калыбына келди. Мунун баары көз ирмемде болуп өткөндүктөн, абышка бир саамга дал болуп турду. Анан көрүп тургусу келбей, билип туруп билгиси келбей ичи өрттөнүп туз куйгандай ачышты. Кандайдыр кара өзгөй күчтөр өзүнүн көз алдында уулдарын таш чокуларга айлантып кеткендей күйдү. Колунан жулдурган баладай бозоруп турду.

Абышка ызалыгы тараган соң өзүн бир жерден кармады. Эртедир-кечтир уулдары жөнүндө бир бүтүмгө келиши керектей. Сакалы куудай агында, сапары тутам чагында өзүн соороткон бойдон өтүп баратышы кимге? Ушу аргасыз абалында ал түбөлүк кошоктошуп калган кош чокуну карап отуруп эмнегедир бир кыйбас сезимге жетеленди. Уулдарына окшоштугубу, же ушул чокуга чыкса эле адашкан балапандарын барчындай шаңшып-шаңшып чакырып алам дейби, өзүнө да күдүк, айтор ал жүрөккө бир ырайым кайырган жылуу сезим эле. Дегдеген сезим эле. Неси болсо да ошондо бир баргысы келди. Бирок эми бар чыккан бийиги — ушул тамынын үстү эле. Догдурлар: «Жүрөгүң начар, бийик аба жакпайт» деген...

... Чалкыган жайыкта билинер-билинбес кыбыраган жалгыз чекит. Ал – тоону кадуулай кескен жол менен жай өйдөлөгөн Абды. Заңгыраган чокулардан берегил учунан шамал ышкырган караган, шактардан мисирейген сокок таштардан баарына кайыл, кайдыгер эпкин урат, туш тараптан думуктуруп кысат. Бирок адамдын да өз тартиби бардай. Абышка көжөлүп акырын бийиктейт. Колотко сойлоп кирген жолдун чеке-белине кыркалай арча, четин казыктар кагылган. Бирээри турган жеринде бүрдөп кетиптир, бирээри мезгил мыйзамына моюн сунбай, куурабай, али күнчө какчыйып, сөөктөй катып турат. Бул — отун сүйрөткөндө оонап кетпесин үчүн илгерки элдин жасаган амалы. Кез-кез ыктоолордон карарган таш тулгалар, күйгөн дүмүрлөр чалдыгат. Абышкага мунун баары тең эзелтен тааныш болсо да эми эмнегедир башкача сезилди. Көчмөндөр жанараак, анын алдында бул очок боюнан аттанып кайдадыр бастырып кетишкендей.

Абышка өзүн аларга жакын, куйрук улаш барып калгандай сезди. Аттардын изи сууй элек жол аны арылап ээрчитет. Касиетиңден кагылайын сапар жол, адам буртулдаган чаңыңды искей, өмүрдүн калып аткан дабышын тыңшай өзүнө-өзү кайрылып келсе керек. Ал кайрадан ушул жалгыз аяк жол үстүндө уулдары жөнүндө, туулган жер жөнүндө ойлонду. Эсинде ошо илгеркилер айтышчу: «Адам туулганда кош колуна кош түндүгүн чеңгелдеп түшөт». Эми карабайсыңбы жазмыштын буйругун, тууган жердин боорунда уулдарына тирүүлүктүн акыркы зыйнаты — кош түндүк көтөрүлбөй калды. «Кандай алда калды экен кургурлар, агер а дүйнө сапар алышса, мобул жер-суу каректерине тунуп калгандыр. Көксөөлөрү суубай, арманда кетишти го кургурлар».

Абышка жашып алды. Ал жашоодо армансыз, өктөөсүз деп айтарлык өлүм болорун билчү. Эми ою ошого кеткен эле.

Бир аз илгери абышканын жүрөк оорусу кармап, аны чоң догдурлар иштеген калаага алып барышкан. Бычактын мизинен кайткан. Азап жанына батканда, жашоого да кайыл тартканда, ошондо жүрөгүн оорудан он эсе күчтүү башка бир ой сыздаткан эле. Арман дүйнө? Азыр башын бийик жаздап өмүр жашоосу өткөн Кара-Тоосуна беттей жаткырышса, жанында биттейинен биригип, каргадайдан кошулган байбичеси, дарексиз уулдары, ага-тууганы казганактап узатып турса эмне...

Бу сыягы адамдын өмүрүндөгү кыйбас нерсесин түбөлүк көздөрүнө чөгөрүп, көкүрөгүнө камтый кеткиси келген түтпөс сезими, пенделик далбасы белем. Мүмкүн бул чын эле адамга берилген эң акыркы бакыт чыгаар. Кулундарына кур дегенде ушу да буюрбаптыр...

*      *     *

Абышка атты жайына койгон, бир калыпта илкийт.. Атам замандан бери мал-жан тынбай каттаган жол чуңкурайып, нугу оюлган. Ат андан чыкпай жол жетегинде. Кез-кез кайрылыштардан тынат. Темингиче кайра илкийт» Бая төмөн жактагыдай ооздугун шылдырт чайнап, колду ээрге уруп чөп үзбөйт. Абышка ойлору бөлүндү болбой ээрге кадап койгондой кыймылсыз келет. Ойго алдырган ал карагайлардын башталганын да байкабады. Анан шаалдаган дабыштан улам эсин жыйды. Бул бийикте дайыма айдарым, шамал жүрүп турат. Сезгич карагайлар тобурчактарын чайпап, шаалдаган үнүн баспайт. Көзүңдү жумсаң, куду улуу дайранын жээгинде тургансыйсың... Адегенде абышкага тоо да тереңинен үшкүрүнүп тургандай сезилди. Анан бара-бара бардык жагынан ороп алган өмүр шарпасындай өктөм доош ага өтө жакын, тааныш, ошол эле учурда ыраакы бир аялуу нерсеси өңдөндү. Кандайдыр өтө жакын, алыс...

Бул жерде баары тунук, өз өңүндө эле. Асман чаңкайып, булуту адаттагыдан аппак, шаулаган таза доош!

Түпсүз көктүн үнүбү, кайнаган булуттун канат күүсүбү... Ушунун баарына таандык, орток бир сезим көкүрөгүн тээп калкылдап чыкты. Чыгаарына жол таппай, толуп, бир жээгинен жылжып төгүлүп кирди. Абышка алыстан-алыстан дамамат уулунун элесин күнү бүгүндөй көз алдына чакырган, дилинде кетпей калган, элдин эсинен чыккан эчаккы бир ырды укту.

Кош бол элим... Кош бол жерим...
Кош бол бийик капчыгай.
Балалык кез сенде калды,
Ойноп күлгөн бир далай...

Абышканын каны дүргүдү. Азыраак каргылы бар балакаттан эми өткөн жигиттик доору жеткен көкүрөк кенжесинин үнү кадим карагайдын шуулдагындай таза, эмин-эркин угулду. Тунук иримге «чулп» этип таш түшкөн сыңары бет алды чыбырчыктап... тааныш сүрөткө айланды. Боз талаа, кыйчылдаган боз араба. Ал тигиндейрээк узап-узабай калпагы күнгө оңгон жалпагынан келген боз бала арабадан секирип түшүп, атакелеп артка жүгүрдү. Балалыгы кагыла элек кенжеси Эрмек эле ал. Ата, бала ажырай албай айкашып турду. Ар киминде бир күйүтү бар көпчүлүк жалгыз ооз сөзгө дармансыз, жардап, теңселип-тегеренип турду. Бала эч нерсе айтпай жал-жал карана берип кайра узай түшкөн арабага далбастап чуркады. Көпкө дейре ырдыбаганга бир колун арта салып, артта калгандардан көз албай кетенчиктеп узай берди. Башкалардай баш кийимин да булгалаган жок. Бозоргон иреңин жаштап, буулугуп ыйлап бараткандыр.

...Сагынарсың, саргаярсың,
Сүрөтүмдү катып ал...

Муңканган обон коштоп, көз жашы көкүрөгүн алиге эзген уулунун ушу элеси улам-улам тартыла берди. Анан канча жылдар кир жугузбай аярлаган элесине кароолонгон так түшкөн учурга кандайча жетеленгенин да сезбеди.

...Имерилиштен үнсүз көпчүлүк чыкты. Үйгө жакындай берип буйдала калышты, анан тосмосун жырган шар суудай кылкылдап каптай берип, «оо-уу эсил боорум» деп жер чайпалта чуу чыгарышты. Качарына дүйнө тар, тагдырдан буйтап кете албай Абды кемпири экөө бир-бирин үнсүз түшүнүп, ичтеринен тымып-сыздап туруп беришкен. «Таш тактага уулдарыңдын ысмы чегилиптир» дешкен, даа тутуп бара албай койгон. Ушинтип угузушаарын да билген. Бирок жүрөгү күтпөгөндөй сайгылашып алда кандай бир силкинди. Анан... калың чуунун арасынан кемпиринин өзүнө тааныш да, тааныш эмес да үндө боздогонун, коңшу келиндердин созолонгон кошогун гана укту. Анан баары аралашып кетти. Бир оокумда кемпиринин өксүгөн үнү ый-кошокту жап кылып, чыркырап чыкты.

— Кечтим, кечтим сүт акымдан! Ыйдын арты ый, токтоткула! Жатынымды жарып чыгышты эле, мен бейбактан кыйын болуп кеттиби силерге!..

Кулагында жалгыз калгандан ушул калды.

Эртеси эстелик ачылды. Жыйындын акырында ар кимге «Улуу жеңишке 30 жыл» деген медаль тапшырылды. Майданга эки уулун бирдей узатып, өзү оорукта жан таштап иштеген Абдыга да сыйлык тийди. Сезим чыңалган ушу учурда башкалар эмне ойлогонун ким билсин, Абды колдон кушун качыргандай көккө телмирип заманасы куурулуп кетти. Тиштигип, каруусу качкан колу медалды карышып мыкчып турду. Көз алдында араба экөөнүн ортосунда жандалбастап жаадай тартылган Эрмеги арман өктөөлүү келбес сапарына узап баратты...

Ошол күндү эстегенде абышканын көңүлүнө эки анжы ой келет. Кемпиринин саруулаган ыйы уулдарынан чын түңүлгөнү беле, же ошондо өзүн таштап жиберген чалын аяганы беле, алиге түшүнбөйт. Бир туруп бир демде түңүлүп берген кемпирине ичтен таарына кетет. Кайра туруп өзүн аяганын ойлой пейли ийип жумшарып берет. А медалын болсо башкалардай шаан-шөкөттөнүп майрам күндөрү да тагынбады. Кыйлага жанында алып жүрдү. Кай бирде алаканына салып отуруп ойго алдырат. Ошондогу пенделик чабалдыгына табиятындагы башка бир күч каршы көтөрүлгөндөй, медалдын жол-жол кызыл чүпүрөгү бир туруп көз алдына бөлөктү тартат.

Апааттуу согуш күндөрү. Колхоздун созулган талаасын жылаңайлак сугарыша турган. Жумшак жерге куурайдай сайылган буттарын тартып алууга кудуреттери жок. Алсыз. Тамандары каршы-терши жарылып, суу турсун жер баспай калышты. Күндө сыйпап ичиргенге кайдагы май. Бирок адамдын бир касиети, тереңинде акыркы аргасы дайыма катылып жүрөт шекилди. Башына күч келгенде Абды да амал тапкан. Талаадагы калың чийлерди өрттөп жиберип, кызытылган жоон талы менен өз таманын кайырып баскан. Жарылган тери бырбыйып күйүп, кесиктери жабышып бириккен. Жаны өлгөн эт андан кийин ысык-суугун сезген эмес. Жеңиш күткөн тилегиндей кеберсип, шору чыккан талаага күйүк жыт из калтырып, Абды кайрадан бүтпөс ишин улаган болучу.

Абдыга ошондо ал медалды эмес, жол-жолунан кызарып ылжыраган таманын кармагандай, анын чок илеби кайтпай калгандай сезилет. Алакан оту дуулдап чыгат.

*      *     *

...Абышка ушинтип бир ойдон экинчи ойго көчүп. элестерине чумуп, кайра жол нугуна кайрылып акырын бийиктей берди.

Бир оокумда ал туш тарабын курчап алган доош баягыдан калыңдап, сүрдүү угула баштаганын туйду. Карагайлары жыш черге жетиптир. Күч алып шаалдаган добуш көңүлүндөгү абанга кошумча күч сүрттү. Ыр жердин жумуру денесинен булак болуп сызылып чыгып, бууга айланып, кайра асмандан жерге агылгандай. Барган сайын бардыгын мыйзамына багындырат. Бороондоп сапырылган бул улуу күчкө абышканын тарамыш кыскан көөдөнү туруштук бере албай чатырап айрылчудай болот. Бирок ал өзү да сезе бербей өмүр бою ушул улуу күчтү күтүп келгендей күчөй беришин самап жатты. Ал абышканын дилинде катылган кайсы бир чындыкка улам көбүрөөк окшоп үндөшүп бараткансыды. Бирок анын эмне экенине азыр да абышканын акылы жете бербеди. Ал жөнүндө ойлонгон да жок. Тек өзүн бүт бойдон ушул улуу күчтүн эркине өткөргөндөй көкүрөгүн көк жайыктай кенен жайып таштап келе берди. Учкаштырган баланы унуткандай, бараткан жумушун унуткандай, сыртынан үнсүз, жан дүйнөсү бүлгүнгө түшүп келе берди.

Акырындап карагайлар сээлдеп, жапалак арчалар көп кездеше баштады. Тоо чокусу жакын калганынын белгиси. Абышканын чепкенинде ышкырып шамал ойнойт. Сеңселген бетеге, дүйүм чөп калып суукка бышкан алысын чөп эпкинге текши жапырылып дирр-дирр. Баш алган көбүргөндөр шуудурап бири-бирине чертилет.

Акыры ал карагай түгөнгөн жайыкка чыкты. Бара түшкөн соң жол «Чоку журт» деп аталчу журтка такады. Аты айтып тургандай эл жайлаган жердин жеткен жери ушул. Жылдызга жанашкан Эки-Баланын чокусу ушул тепкедей жерге таянып турат. Ушул жерден колдоруңду сунсаң кош чокунун борчуктарына илинчүдөй, бооруңа кыссаң болчудай жакын. Бул аймак азыр ээн эле. Абды төштөгү жылжыган булакты карай бастырды. Эл аны Эки-Баланын көз жашы дейт. Түшүп, чанач баштыкты чечип алышкан соң атты каңтарып, тамакка олтурушту. Узак жолдо эзилип келген Дадый көзү көргөндөн кур койбой суроо салат. Бирок эми абышканын жарыбаган нерселерди сүйлөшүүгө көңүлү чаппады. Аны-муну айтып жооп берген болду. Ал ээндикте жалгыз, жападан жалгыз калгысы келди. Мурутуна жуккан айранды этиет аарчыды да балага карады:

— Уйлар сууга түшүп, кайра чыгыптыр. Жампалары жаңы. Тетигил кырга чыксаң, наржагы өрүш, жылга. Барар жери ошол. Бастыр ошондо. Сен келгиче мен бир аз кыйшаяйын.

Чаалыккан ат көңүлсүз желип тумшукту имерилгенде Абды кайра төмөн жакка көз агытты. Алакандай жерде айылы чөгүп жатат. Өзүнүн боз тамын издеп көрүп таба албады. Көзү жетпеди. Закымга илээшип кайдадыр көчүп бараткансыган айыл гана бүкүлү бүдөмүктөйт. Өрөөн табы кайта баштаган күндүн сары ыраң нуруна уюп, учу-кыйры билинбей көөлбүйт. Ал ушул тапта жолдогу эски урандыларды мекендеген кары бүркүттү кайра эстеди. Боз жаргак көздөрүн көрдү. Өзүн дагы бир жолу ошол бүркүткө окшотту. Бүркүт чалкалап көктү тиктеген калыбында элестеди. Абышканын көз курчу кайтса да көкүрөгү ушул бүркүттүкү сыңары тирүү эле. Көңүлү да алда кандай тунук эле. Жүрөгү сыйрылып, ойго алдырды.

Ал өмүрү бошко кеткен бейтаалай өңдөндү. Бош кеткени ошол да, үмүт менен жер айдап, үрөн сээп, бапестеп бала өстүрдү эле го. Анан эмне болмок? Уулдарын жетилтип туурдан учурмак, неберелүү болмок, аларга турмуш жайын айтып, эрмектеп, учкаштырып дайыма ала жүрмөк өзү менен. Өнөр бермек... А эмне болду? Гитлер деген бир жезиттин башка салганынан баары тетири айланды. Баары... Үч уктаса түшкө кирбегендей өмүр жашады... Бир жашоосун турмушунда өкүм сүрүүгө укугу да болбогондой азаптуу күндөр, азаптуу ойлор, азаптуу күтүү тебелеп-тепседи. Чыныгы өз өмүрү өзүн кыйгап өттү. Ал андан адашып куу баш карыды...

Жолбун жел абышканын көздөрүнө жаш чакырды. Дагы үшкүрдү, мууну бошоп алсыздыкка алдырды. Кудурет-демин кармап турган акыркы бир күч ушул үшкүрүк менен чыккандай, көкүрөгү жайдакталды. Ал эми күтүүдөн да, үмүттөн да, баарынан, баарынан чарчаганын сезди. Жан дүйнөсү алсырап бүткөндөй. Өзү да тыптыйпыл түгөнгөндөй. Ушул аргасыздыгын биротоло сезиш үчүн бу бийикти самап чыкканбы?..

Дадый али көрүнбөдү. Аны күткүчө обочодогу сеңир ташка чыгып отурмак болду. Жакага кеткендер кечиккенде, мал-салдын дайынын издешкенде айлананы алаканга салган ошол секиге чыгып, жан-жакка серп салышчу. Абышка обдулуп өйдө боло бергенде көкүрөгүнө күч келип, көзү караңгылап оңолду. Беш-алты жан серек кадам таштады. Кайрадан көзү караңгылап, деми кыстыга түштү. Анан... жүрөгүнө миң ач тырмак бир сайылып, капыс бир мыжыккандай болду да, көзүнөн асман көчүп, кулагы чуулдап барып жерге бөктү. Тоо-таш: «Бу бийиктик тамашабы?» деп мисирейип жымжырттыкка тунду. Абышка эс-мас абалында көптөн бери кармай элек жүрөк оорусу башталганын сезди. Оң колу калтырай сунулуп барып, сол билегин алсыз тутамдады. Мурда ооруканада жатканда ошенте турган. Өлүм менен эчен кур бетме-бет келгенден сезими ага аргасыз үйүр эле.

...Канча убакыт жатканын билген жок. Бир калыпта бүлк-бүлк соккон тамыры гана баамына араң урунуп турду. Тирүүлүктүн жалгыз алсыз белгиси ушул болуп, абышка манжасын кыбыратууга да, курушкан көөдөнүн керип дем алууга да кудурети келбей сүзүлүп жатты. Санаасы гана тыным билбей дагы чаргыды: «Адам өлөөрүндө бир жакка жол жүргүсү келет... Баертең кемпири көрсөткөн астейдил каршылыкты кексе жүрөгү илгиртпей туйган. Жүрөгү сезгени ошолдур... Жол бою келатып өзүнөн мурдагыларга куйрук улаш барып калгандай болду эле, улуу көчкө кошулардагы аяндыр ал...»

Өткөн өмүрү ың-жыңсыз мейкинде жөө тумандай келип-кетип... кетип-келип... самсый берди. Бирде арабаны жандап узап бараткан баланын артынан калбай барат, бирде кең талаада далбастап чий өрттөйт. Бирде шукшурулуп улак тартып, бирде белин жаза чалкалайт да, түпсүз асмандан колундагы орогундай чачырган жапжаш айды көрөт. Сонуркап бүтпөйт. Бирде ылжыраган таманын аяр кармап, кайра жыйылган чөптүн түбүндө Кара-Тоосуна мусапыр көз чаптырат.

Булар демейки элеске окшобой бир башкача тунук, даана эле. Абышка өмүрүнүн ар кайсы учурун саамга кайра жашап жаткансыды. Ошентип сүкүт тарткан тейде өзүнө чөгүп сүзүлүп жатты...

Бет алды бүлбүл мунарыктап барып чайыттай ачылды. Адеп эле кош чоку, асман мөлтүрөп төгүлчүдөй карегине толуп чыкты. Тамыры күчөп уруп, дем алуусу жеңилдей баштаптыр. Кулагында шыбыш тирилди. Жакын жерден «Эки Баланын көз жашы» шылдырады. Ал кыйшайган калыбында учтарын шамал жапырган карагайларды, тектиринде арча салбыраган бодур аскаларды, кыркаар тартып көчүп бара жаткан булуттарды узата карады. Эмелеки бактылуу, азаптуу жашоосу өткөн айылы тээ төмөндө сагынычтай ысык, санаадай алыс бүлбүлдөп чөгүп жатты. Жапан шамал ышкырып кайыды. Ушу тапта ага түпсүз көк менен түнөргөн жердин чегинде жай бастырып бараткан атчан көрүндү. Жок издеген бала жер уусун билбей тик салып, кайра ыксыз өр беттеп, алдындагы атын да, өзүн да кыйнап баратты. Демейде мындайда ачууга алдырып ийчү абышка эми антпеди. Тек «мейли, — деди карт көөдөнү — өзү бастырып, өзү көрмөйүн, ээрге жанчылып, он эки тамыры сыздамайын, адам уулу жол кадырын, мал кадырын билеби?» Бала тоо боорунда бой тумардай илээшип, адашып, айланып жол нугун таап азаптанып баратты. Ушул жансыз жапан ээндикте бала абышканын көзүнө алдемедей жылуу, аялуу көрүндү. Тирүүлүккө бир башкача ырайымы ойгонду... Анан... ал ошол эрбейген караандан бир кездеги өзүн тааныды.

Баягы абан, жол бою жаңырып жан дүйнөсүн эзген абан ээ-жаа бербей көңүл түпкүрүнөн көтөрүлдү. Муңканган абан канчалык күчөп жаңырган сайын мурдагыдай коштошкон ыр эмес, эми өмүр жашоосу калган ушул жерге боор толгоо, качанкы унутулган эне жытына, мээримине кайрадан кабылгандай, бала болуп кусалык эзген көөдөнүн жылаңачтап эреркөө, жабыккан дил сыры, калкылдап көчкөн ак булуттан, закымга эриген алыстан бир кыйбасын кайтарып калгысы келген көксөө болуп жаңырды. Бул көкүрөк түпкүрүнө буккан өз абаны эле.

Асман кыйырында көздөн сыдырылган каргадай караан ушул улуу жансыз ааламга жан болуп бүтүп, чексиздиктин бүл-бүл чегинде көз токтотоор жападан жалгыз чекит болуп жылып өтүп баратты.

— Өмүр...— деди абышканын дили жумшак жашып, түбүнө түн, учуна күн жетпеген, арман-топуктун жигинен, жоготуу-табуунун чегинен чыккан сыйымдуу, жөпжөнөкөй, улуу чындыктын босогосуна эми келгендей. Ниетине башка эч нерсе оролбоду. Көөдөнүн жымыратып, жылжып ушул чекиттей кыймыл кирди...

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз