Чыңгыз Айтматов адабият майданына жаңыдан келгенде...

Жакшы көргөн кесиптешим, калемдешим, сырдашым, илим доктору Музаффер Үреклиге

1. Менин Чыңгыз Төрөкуловичти сыртынан алгач таанышым

1952-жылдын апрели. Мен Бишкектеги №5-орто мектептин сегизинчи классында окуйм. Айылдан келгениме тогуз ай болгон. Көбүнчө орус тилин үйрөнүү менен алектенип, натыйжада жөө жомоктор түгүл, жеңил адабий чыгармаларды түшүнүп окуганга жарап калгамын. А кезде дүкөндөрдө, киоскаларда китептер, журналдар, газеталар абдан эле арзан баада сатылчу. Алардын мага кызык көрүнгөндөрүн сатып алчумун. Мен үзгүлтүксүз окуган мезгилдүү басмасөз органы "Комсомолец Киргизии" деген жаштар үчүн чыгарыла турган гезит болчу.

Бир күнү ошол гезиттин кезектиги санында "Газетчик Дзюйо" деген аңгеме жарыяланганын көрүп келдим. Автору "Чиңгиз Айтматов" деп жарыяланыптыр, анын Бишкектеги Айыл чарба институнун студенти экени да белгилениптир. Аңгемени кызыгуу менен окуп чыктым. Анда алыскы Японияда көчөдө гезит сатып жан баккан Дзюйо аттуу өспүрүм баланын кантип жаңы согуш чыгарбай калуу үчүн жүрүп жаткан эл аралык күрөшкө катышып калганы сүрөттөлгөн экен.

Дал ошол тушта Совет бийлиги "Тынчтыкты жактоочулар кеңеши" деген эл аралык уюм куруп, "дүйнөдө тынчтык болсун" деген ураан менен саясий кампаниялар жүргүзүп жаткан эле. Тынчтыкты жактоочулар кеңешинин дүйнөлүк жаңы согуштун чыгышына каршылык көрсөтүүгө чакырыктары Советтер Бирлигинде гана эмес, капиталисттик өлкөлөрдө да колдоо таап жатат дегендей кабарлар гезит-журналдардын беттеринде үстөкө-босток чыгып турган. Дүйнө калкынын тынччылыгын коргоо темасын козгогон, согуш отун тутандырууга камынгандарды айыптаган ырлар, аңгемелер, макалалар күн сайын жарыяланчу. Демек, советтик газеталар тынчтыкты коргоо темаларына арналган адабий чыгармаларга муктаж эле. Студент Чыңгыз Айтматов да мезгилдүү басма сөз бетинде жаш жазуучу катары көрүнүү үчүн учурдагы советтик идеологияда актуалдуу маани алып турган ушул темага тийинип, өзү көрбөгөн, билбеген Япониянын бир баласы тууралуу аңгеме жазып ийиптир.

"Газетчик Дзюйо" аңгемесин биринчи окуганымда мага кандай таасир бергени эсимде калбаптыр, бирок мени бир кыргыз жигитинин орусча аңгеме жазып жибергени аң-таң кылганы алигиче эсимде. Ушуга байланыштуу дагы бир эсимде калганы ушул: мектеп интернатында мени менен бир бөлмөдө жашоочу жолдошторума Чыңгыз Айтматов деген бир кыргыз студентинин орусча аңгеме жазганын сүйүнчүлөп, гезиттин номерин көрсөтсөм, ошо жерден кызуу талаш чыгып кеткен. "Бу кыргыз эмес го, казак болуш керек" деген бирөө. "Эмне үчүн казак?" - десем, ал: "Аты да, фамилиясы да казакча турбайбы",- деген. Дагы бирөө: "Кыргыз болсо, аты Чыңгыз эмес, Чыңгыш, фамилиясы Айтматов эмес, Айтмаматов болбойт беле"- деп туурадан чыккан. Айтор, талашып-тартышып, жаңы автордун улуту кыргыз же казак экенин аныктай алган эмеспиз. Бирок эртеси эле баарыбызга белгилүү болгон: Чыңгыз Айтматов мага параллель класста окуган Темир Шамшибаевдин жездеси экен, биздин интернатта жатып, бирок башка мектепте бизден бир класс өйдө окуган Люция Айтматованын бир тууган агасы экен.

Андан көп өтпөй ошол кезде жылына үч-төрт мертебе орусча чыгып турчу "Кыргызстан" деген адабий альманахтын жаңы санын китепканадан алып карасам, анын ичинде мен окуган "Газетчик Дзюйо" менен кошо Ч.Айтматовдун "Ашым" деген жаңы аңгемеси жарыяланыптыр. Бул аңгемеде да эл аралык Тынчтыкты жактоочулар кеңешинин жаңы согуштун чыгышын токтотууга чакырыгынын кыргыз айылында кантип колдоо тапканы баяндалыптыр.

1952-жылдын күзүндө каникулдан Бишкекке кайтып келерим менен баягы эле "Комсомолец Киргизии" гезитинен Ч. Айтматовдун "Мы идем дальше" ("Биз андан ары барабыз") деген аңгемесин окудум. Аңгемеде бир мурап чалдын баласынын Волга-Дон каналын курууга катышып жүргөнү, каналды куруп бүтөр замат Улуу түркмөн каналын курууга кете турганы жөнүндө айтылыптыр. Ошол кезде массалык маалымат каражаттары советтик диктатор лидер И.В.Сталиндин табиятты кайрадан жасап чыгуу планын, асыресе "Коммунизмдин улуу курулуштары" деген жалпы ат менен узун-узун каналдардын казылышын, эрме чөлдөр менен ээн талаалардын чет-жакаларына токой тилкелеринин эгилишин тыным билбей прогандалап жаткан эле. Учурдун ушул актуалдуу масалесин пропаганда кылууга Ч. Айтматовдун да үлүш кошууга чыгынганы ачык-айкын эле.

1953-жылдын жаз маалы болсо керек, мен Бишкектеги Кыргыз драма театрынын кайсы бир спектаклине мектептеш балдар менен кошо барып, Чыңгыз Төрөкуловичтин өзүн биринчи ирет көрдүм. "Тиги кишинин жанында турган менин жездем" - деп кыргызга окшобогон, кавказдыктар кейиптенген алыбеттүү жигитке карай кол жаңсай берип мага шыбырады классташым Темир Шамшибаев (Чыңгыз Төрөкуловичтин кайниси). Себеби мен ага: "Жазуучулардын бардыгын сыртынан тааныйм, сенин жездеңи эле көрө элекмин" - деп калчумун.

Чыңгыз Айтматов мен чыгармаларын жакшы билген, өзүн да көчөдөн, жазуучулардын жыйындарынан, театрлардан дайыма көрүп жүргөн драматург жана прозаик Токтоболот Абдымомуновдун жанында турган экен. Экөө тең спектаклге балканактай сулуу келинчектерин ээрчитип келиптир.

Мен ошондон кийин Чыңгыз Айтматов менен Токтоболот Абдумомунов экөөнүн дайыма бирге жүргөнүн көчөлөрдөн, театрлардан, ар кыл маданий жыйындардан көрүп жүрдүм. "Жездең менен Абдымомунов тим эле эгиз козулардай ээрчишип калыптыр го" - дедим бир күнү мен Темирге. "Ал киши жездемин кыйышпас досу, - деди Темир. - А кишинин аялы менен Керез эжем да аябай ынак".

Ч. Айтматов достуктун бир белгиси катары Т.Абдымомуновдун "Кудалар" деген аңгемесин орусчага которуп "Кыргызстан" альманахына жарыялаган болчу. Бул фактынын эсимде калган себеби ушул: аңгеме кандай орусчаланды экен деп оригиналы менен салыштырып окуп көргөн элем.

Мен 1954-жылдын сентябрынан Кыргыз университесинде окуй баштадым. Ошондо Ч. Айтматов мени дагы бир жолу таң калтырды. Аны кыргызча жаза албайт ко деп жүрсөм, кыргызча жападан жалгыз адабий журнал болгон "Советтик Кыргызстанда" (көп өтпөй "Алатоо" атын алган журнал) Чыңгыз Төрөкуловичтин "Ак жаан" деген аңгемеси жарык көрдү. Аңгеме кадыресе жатык кыргызча эле жазылган экен!

Ошол кезде мен орус тилин жакшы эле үйрөнүп, орусча өрнөктүү көркөм чыгармалардын бир далайын окуп койгон элем. Мен айрыкча ал мезгилде атагы чыга баштаган орус аңгемечилери Сергей Антонов менен Юрий Нагибиндин жазгандарын калтырбай окучумун. Адабий чыгармалардын жакшы-жаманын анча-мынча ажыратып, кыргыз жазуучуларынын карасөз менен жазып жүргөндөрүнө, асыресе аңгемелерине канааттанбай калгамын. Ал эми Ч. Айтматовдун "Ак жааны" мени кадимкидей маашыркандырган, себеби ал аңгеме турмуш окуясын жана адамдардын жүргөн-тургандарын, кылган-эткендерин сүрөттөө жагынан мен кызыгып окуп жүргөн орусча аңгемелерге көп жагынан окшош эле.

Андан кийин (жаңылбасам, 1955те) ошол эле "Советтик Кыргызстан" журналында жаш жазуучунун "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" деген эки аңгемеси жарыяланды. Алар темалары жагынан оригиналдуу эмес эле, бирок кыргыз прозасы үчүн жаңы баяндоо жана сүрөттөө ыкмалары менен жазылган болучу. Ошондуктан ал аңгемелер адабиятка ынтызар жаштарга абдан жагып, айрым адабият сынчылдарынын оң баасына арзыган.

Ч. Айматов ошол кыргызча жазган аңгемелери менен жазуучулар чөйрөсүнө таанылып, 1956-жылы Кыргызстан Жазуучулар Бирлигинин сунушу менен СССР Жазуучулар Бирлигинин мүчөлүгүнө кабыл алынган. Сыягы өз алдынча китеби чыкпай туруп расмий жазуучулук наамын алган биринчи кыргыз калемгери биздин Чыңгыз Айтматов болсо керек.

2. Маалынан эрте бышкандай...

1956-жылы Москвада СССР Жазуучулар Бирлигине караштуу эки жылдык "Жогорку адабият курстары" деген жаңы окуу жайы ачылган. Бул окуу жайы негизделгенде Россиянын элеттик бөлүктөрүндө жана улуттук республикаларда жашаган, атайын гуманитардык таалим-тарбия көрбөгөн келечектүү жазуучуларга жалпы маданий деңгээлин, айрыкча кесиптик (адабий) билимин өйдөлөтүү жагынан көмөк көрсөтүү максатын көздөлгөн.

Советтик жазуучулардын катарына өтүшү Ч.Айтматовдун ошол Жогорку адабият курстарына кабыл алынышына жол ачкан. Жаңы ачылган окуу жайдын биринчи окуучуларынын арасына кошулуп калышы жаш кыргыз жазуучусунун адамдык тагдырына туш келген алгачкы оомат сыяктуу болгон. Москвада кошумча таалим-тарбия алып калышы өзүнүн интеллектуалдык жана кесиптик жактан өсүшүндө зор роль ойногонун Чыңгыз Төрөкул уулу кийинчерээк бир макаласында мындай белгилеген:

«Эки жылдык окуу машакаты мендей зоотехникке гуманитардык жана теориялык жактан гана эмес, практикалык жактан да өтө көп пайда келтирди. Асыресе ал учурдагы биздин семинарлар, талкуулар мен үчүн чыгармалар жаратуу тажрыйбасынын жакшы бир мектеби болду. Мен өзүм да Москванын маданий турмушундагы, айрыкча адабиятындагы жана театр дүйнөсүндөгү жаңылыктардын бардыгын таанып билүүгө, акыл-сезимиме сиңирүүгө жан үрөдүм».

Анын үстүнө Ч.Айтматов Москвада окуган эки жыл совет коомунда узак заман сүргөн сталинизм зулумчулугу расмий катуу сынга алынып жана ашкереленип, тоталитардык режим кескин жумшарып, билимдүү адамдардын мурдагыга караганда эркинирээк ойлонушуна жана ой-пикирлерин жарыя айтышына мүмкүндүк ачыла баштаган мезгил эле. Мындай жаңы шарттар советтик илимге, искусствого, адабиятка мамлекеттик сенек идеологиянын тар алкагынан бошонуу, изденүү, жандануу шанстарын берген. Идеялык, моралдык, эстетикалык изденүүлөр айрыкча москвалык интеллектуал чөйрөдө көбүрөк жүргөн. Дал ошол интеллектуалдык чөйрөгө өз маалында аралашып калышы Ч.Айтматовдун өз алдынча сынчыл ойлоо жөндөмүнүн ыкчам ойгонушуна жана өөрчүшүнө аралжы болгон.

Баса, И.В.Сталиндин зоболосуна сыйынуу практикасынын расмий түрдө четке кагылышы Чыңгыз Айтматовдун жекече адамдык тагдырына да кескин өзгөрүүлөрдү киргизген. Биринчиден, анын жалган жалаа менен жексенделген атасы сталинизм зулумчулугунун жазыксыз курманы катары биротоло акталган, экинчиден, анын өзү «эл душманынын үйбүлөсүнүн мүчөсү» катары укук жактан чектелүүдөн, карьера жагынан аксоо ыктымалынан арылган.

Советтер Бирлигинин Коммунисттер партиясынын 1956-жылы февралда өткөн XX курултайында Совет мамлекетин 30 жылдай монарх сыпатында башкарып, өзү курган тоталитар бийликтин күчү менен букараларына даанышман, адилет, ыйык көрүнүүгө жетишкен И.В.Сталиндин жалпы саясий иш-аракетинин терс бааланышы, артынан анын шаар-кыштактарга, көчөлөргө, өкмөттүк мекеме-уюмдарга коюлган атынын жапырт өчүрүлүшү, миң сандаган эстеликтеринин, портреттеринин, китептеринин жок кылынышы, жадагалса аты-жөнүнүн жарыя айтылышына жана басмасөздө жазылышына тыйым салынышы мүлдө совет элинин, айрыкча билимдүүлөр катмарынын көпчүлүк өкүлдөрүн кадыресе шок абалына келтирген. Анткени тышкы дүйнөгө жабык коомдо, тоталитар бийликтин контролу астында, мамлекет башчысына сокур ишенүү, сыйынуу, көшөкөрлөнүү атмосферасында жашаган, аң-сезими бүтүндөй идеологиялашкан мектептик таалим-тарбия, калпты чындай айткан расмий үгүт-насаат, дагы башка азгырма пропагандалык ыкмалар аркылуу калыпка салынган кишилер диктатор лидердин саясий кылмыштарын, өлкөдө социализм куруу практикасынын драмалуу, атүгүл трагедиялуу тараптарын билген эмес.

И.В.Сталин чакан бир элдин кулуну эле, андыктан ага карата урмат-сый, мээрим, ынаным улуттук совет республикаларынын жергиликтүү калкынын арасында өтө күчтүү болгон. Натыйжада жакында эле көз жумган сүйгүнчүк жолбашчынын өз шакирттери тарабынан көөлөнүшүн кыргыз билимдүүлөрү, асыресе сталинизм зулумчулугунан азап көрбөгөн жазуучулар кастык менен каршылап, диктаторго карата сүймөнчүлүгүн мурдагысындай эле сактап кала берген. Алар өздөрү кудайындай көргөн Сталиндин түбөлүк козголбой турчудай көрүнгөн кадыр-баркын зөөкүрлүгү, авантюристтиги, көзү жок баатырлыгы аркылуу аласалдырганы үчүн жаңы советтик лидер Н.С.Хрущевди аябай өгөйлөп, жектешкен. Сталин менен Хрущевго карата мындайча эки ача мамиле кыргыз жазуучуларынын чөйрөсүндө узак убакытка уланып келген.

XX партия курултайы өткөн чакта мен Университеттин экинчи курсунда окучу элем. Орусча прессада жана адабиятта кандай жаңылыктар чыкса, баарын сыдыра окуп, жанталашып билим сиңирип жүргөн кезим. Мен томолой жетим элем, «улуу террор» тушунда түрмөдө тындым кылынган таятанын небереси жана таекенин жээни, «эл душманы» деп эки жыл камакта калып, андан айыкпас дартка чалдыгып чыккан жана ошол дартынан акыры өлүп тынган атанын уулу элем. Атам тирүүсүндө түрмөдө бейкүнөө азап чеккенин, туугандарынын, теңтуштарынын, ашыналарынын ак жеринен айыпталып жазаланганын жобурап аңгемелегенден жадачу эмес.

Анан да биздин айыл белгилүү корбашы Жаныбек казы чыккан, бир далай эр жигиттери басмачылар кыймылына тикелей аралашкан, 1928-жылга чейин жаңы өкмөткө итаат кылбай койгон ээнбашыраак айыл болучу. Ошонун айынан эр жеткен эркектердин басымдуу көпчүлүгү камалып, атылып, сүргүнгө айдалып, чет элге качып, катын-балдарын жетим, жесир, өксүк калтырган эле.

Капсалаңдан аман өткөн абышкалар беш-алтыдан баш кошсо эле жаңы бийликтин айыл элине көрсөткөн кордук-зордугун жомоктоп, падыша заманын армандуу жоктоп отурушчу. Мен анда совет заманын, бийлигин, Сталин баштаган лидерлерин алкаган же мактаган кеп-сөздөрдү дегеле эшиткен эмесмин. Согуш мезгилинин орто ченинде балдары кан майданга кеткен кемпирлердин Сталинге каргыш айтканын көп уккамын. Баса, мектепке коктулардан түшүп келчү балдар көчөдө баратып: «Улуу Сталин атабыз, ураандарын чачабыз, үйдөн сыртка чыгалбай, ыштаны жок жатабыз» - деп ырдай беришчү. Бул ырды чоң кишилердин бир жамакчысы тамашалап чыгарып койсо, оңбогон балдар шап илип алган болушу керек. Айтор, менин бала чагым совет бийлигине, большевиктер партиясына, Сталинге сүймөнчүлүк көрсөтпөгөн, ыраазы болбогон, жан-дилден таазим кылбаган чөйрөдө өткөн. Ошондуктан Сталиндин күнөөсүз далай адамдарды жазалоо кампанияларынын расмий түрдө айыпталышын мен эч өгөйлөбөй кабыл алып, олку-солку болбой кубаттаганмын.

Сталинизм сынга алынган соң капыстан 1920-30-жылдары жарык көрүп, бирок кийин китепканалардын архивинде "камалып" жаткан китептер, журналдар, газеталар ачыкка чыгарылды. Мен алардын көпчүлүгүн баса калып окуп, аң-таң калдым: көрсө, биз окуп жүргөн дарс китептеринде, саясий жана илимий тексттерде СССР тарыхынын алгачкы мезгилине тиешелүү көп сандаган фактылар жашырылып, бурмаланып, тескери көрсөтүлүп жүрүптүр!

Сталинизм заманында массалык маалымат каражаттары, адабий чыгармалар, дагы башка китептер аркылуу элге-журтка таңууланган теориялык түшүнүктөр, догма мүнөздүү ой-пикирлер, стереотиптешкен мифтер Москва менен Ленинград шаарларында чыгуучу газета-журналдардын ар бир жаңы санында сындалып, төгүндөлүп, кайра каралып жатты. Мурдагы идеологиялык пропагандага каршы келген жаңы ойлор, көз караштар, талдоолор айтыла баштады; тарыхый жана актуалдуу коомдук маселелердин тегерегинде кызуу талаш-тартыштар жүрдү.

Мурдагылардан кескин айрымалуу жаңы маани-маңыз ташыган адабий чыгармалар жарыяланды. Мен ошол антидогматикалык макалалардын, өтө курч талаш-тартыштардын, кызыктуу адабий чыгармалардын дээрлик баарын калтырбай окуп, күн сайын жаңы маалыматтарды өздөштүрүү процессинде жашадым. Ошол маалыматтар кыялымды алып учуп, акылымды чымырканып иштөөгө мажбурлады, кээ бирлери атүгүл жан дүйнөмдү силкиндирди.

Кыскасы, мен өз алдымча ой жүгүртүүнүн, алда качан ачылган чындыктарды кайрадан ачуунун, ар кандай нерсеге сын көз менен кароонун азаптуу жолуна түшүп, Университетти бүткөнчө эркин ойлоо жөндөмүмдү бир кыйла өстүрө алдым шекилди. Башкасын айтпаганда да, Сталиндин зоболосуна сыйынуу адатына сокку урулганы, анын идеологиялык саясатынын жана эл башкаруу методунун четке кагылганы ар тараптан туура болгонуна, айрыкча илим, искусство, адабият үчүн жаңы перспективалар ачканына көзүм жетип калган эле.

Ал эми мен аралашып жүргөн көпчүлүк студенттер, асыресе алардын жазуучулукка талапкерлери, атүгүл бизден жашы улуураак жазуучулар Хрущевдун сталинизм зулумчулугун сынга алып, совет кишилеринин ак жеринен айыпталуу, жазалануу коркунучунан куткарганын, интеллигенттер үчүн эркин ойлоого, өсүүгө, иштөөгө мүмкүнчүлүктөр жаратып бергенин анча баалашчу эмес. Тескерисинче, өздөрү жакындан тааныбаган Сталиндин өзүн, бийлик жүргүзүшүн, доорун мактап-жактап, Хрущев коомго киргизген жаңылыктарын жерип, анын өзүн аябай жаман көрүшчү.

Мен биздин билимдүү эле кишилердин пайдасынан зыяны көп болгон сталинизмге катуу сокку урганы үчүн Хрущевду жектегенине таң кала берер элем. Мунун себептерин түшүнчү да эмесмин, бирөөлөргө түшүндүрүп бере алчу да эмесмин. Бирок бир күнү профессионал уурулугу үчүн көп жыл түрмөдө жатып чыккан бир автордун өтө кызыктуу китебин окуп отуруп, андан мамындай бир турмуш чындыгын билдим.

Көрсө, 15-20 жыл түрмөдө калып, даяр тамактан, жатаканадан, жумуштан, мончодон пайдаланганга жедеп көнүп бүткөн кээ бирөө бошонуп сыртка чыгаар замат өз алдынча жашоо машакатына кабылат экен. Өзүнчө үй издеп, иш издеп табуу, тапкан акчасына өзү барып азык-түлүк алуу, андан өзүнчө аш-тамак жасоо, өзүнчө мончого баруу, өзүнчө кийим, шейшеп алмаштырып туруу ага кызылдай эле мээнет көрүнөт экен. Анан а киши өз бетинче тиричилик кылуу убарачылыгынан заарканып, эркин жашоого караганда камактагы көнүмүш турмушун артык көрөт экен да, майда кылмыш жасап кайра түрмөгө түшүп, кыйналган жанын жай таптырат экен.

Ушул чындык мени аябай таңыркатып, капыстан эс-жадыма көпчүлүк кыргыз билимдүүлөрүнүн Сталинди жакшы көрүп, Хрущевди кектеп-жектеп жүргөнүн эске салды. Алардын бу жоругу да узак жылдарга созулган камактан чыгып, өз алдынча жашоо мүмкүнчүлүгүнөн заарканып, жадап, жүдөп, кайра түрмөнүн шарттарын самай баштаган кишилердикине окшош эле. Айтса-айтпаса, Н.С. Хрущев сталинизм кесепеттерин ашкерелөө аркылуу советтик интеллигенттерди сталинизм духовный түрмөсүнөн бошотуп, аларга: "Ар кимиң өз башың менен ойлонгула, ар кандай чындыкка өз акылыңар менен жеткиле", - дегендей ишаарат берген эле.

Бирок өз алдынча ойлонуу аракети өз алдынча тиричилик өткөрүү убарачылыгынан бешбетер машакаттуу жумуш экен. Андыктан тоталитар бийликтин шарттарында тарбияланган жана иштеп көнгөн көпчүлүк кыргыз интеллигенттери өз алдынча акыл иштетип, ой азабын тартуу, өз бетинче дүйнө таанып, турмуш чындыктарын кыйналып ачуу маалы келгенде андай машакаттуу жумуштан жалтайлап качып, өз алдынча чайналып ой жүгүртүү зарылчылыгын талап кылбаган сталинизм доорун жактап, атүгүл сталинизмдин духовный түрмөсүн эңсеп жүрбөйбү.

Албетте, сталинизм бийлигинен запкы көрүп чоңойгон себептүү Чыңгыз Айтматов ал бийликти жаратып, 30 жылдай өкүм сүрдүргөн диктатор лидердин опсуз чоң кадыр-баркынын өлгөндөн үч жыл кийин эле расмий түрдө төмөн түшүрүлгөнүн, анын зулумдук саясатынын ачык айыпталганын туура кабыл алганга психологиялык жактан даяр эле. Экинчиден, ушул психологиялык даярдыгы менен бирге акыл-эсинин сенейип катканга үлгүрбөй, ийилчээк, ийкемдүү бойдон калышы да анын жаңы саясий кырдаал туудурган ой-пикирлерди жан-дили менен өздөштүрүшүн, тоталитар бийликтин капыс жумшарышынан улам совет интеллигенциясы үчүн келип чыккан ыңгайлуу шарттардын өз убагында эптүү пайдаланышын мүмкүн кылган. Үчүнчүдөн, Ч.Айтматов совет коомунун саясий, идеологиялык, маданий турмушунда жаңылануу процесси козголгондо идеялык жанданыш жана издениш жагынан алдыда турган Москванын интеллектуалдык чөйрөсүндө жашап калбадыбы.

Бул жагдай да, өйдө жакта айтылгандай, анын акыл-эсинин интенсивдүү иштей башташына, советтик таалим-тарбиядан алган жалган түшүнүктөрдөн жана элестерден тез кутулушуна, көргөн-билгендерин сын көз менен тескеп-териштирип көрүшүнө өтө күчтүү түрткү берген. Айтор, совет коомунда кыш чилдеси капыстан алашалбырт менен алмашылгандай учур ("оттепель") башталганда Москвада өткөргөн эки жыл жаш кыргыз жазуучусу үчүн рухий жактан чапчаң өсүүнүн, асыресе дүйнөгө өз көзү менен карап, өз алдынча ойлонууга үйрөнүү, чыгармачылык фантазиясын каалагандай эркин учуруу жана сөз азабын тартып иштөө тажрыйбасын байытуу, эстетикалык табитин курчутуп назиктентүү мезгили болду деп айтууга толук негиз бар.

Жогорку адабият курстарында окугандын дагы бир артыкчылыгы бар эле: анда окуган жазуучуларга дурус стипендия, жетиштүү бош убакыт, жатаканадан өзүнчө бөлмө берилип, алардын көр тирилик проблемаларын чечүүгө алагды болбой, беймарал отуруп алып жаңы чыгармалар жазышына ыңгайлуу шарттар жаратылган эле. Чыңгыз Айтматов бул бурсаттан да эптүү пайдаланып, өзүнүн жаңыланган ойлоо жөндөмүн, кыялын, табиятын ишке салуу менен көркөм тексттер жазуу ышкысына тартылып, эргиштөө менен адегенде "Бетме-бет", артынан "Жамийла" повесттерин жазган.

Орусча жазылган "Бетме-беттин" тексти алгач 1957-жылы "Советская Киргизия" газетасында сандан санга уланып, узак убакыт бою жарыя кылынды. Москвалык "Литературная газета", "Комсомольская правда", "Известия" деген жаңы маалыматтарга абдан бай газеталардын бир санын да кыя өткөрбөй окуп жүргөн мен үчүн жаңы ой-пикирлерге өтө жарды "Советская Киргизия" анча кызыктуу деле болбогон себептүү мен аны үзбөй окучу эмесмин.

Ошондуктан ал газетада "Бетме-беттин" бир четинен чубалжытып басылып атканы баамыман сырткары калыптыр. Анын кабарын мен троллейбуста кетип баратып интеллигент түспөлдүү жашамал орустардын оозунан эшиттим. Эки орус киши Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бет" деген жаңы чыгармасы "Советская Киргизияда" басылып атканын өз ара сөз кылып отуруптур. "Повесттин башы өтө кызык экен, ылдый жагы да ошондой кызык чыкса, адабияттагы бир жаңылык болот," - деди бири. "Кыргыздардан да бир чыныгы жазуучу чыгып калат окшойт,"- деди экинчиси. Анан мен троллейбуска түшкөн сайын кээ бир орус жүргүнчүлөрдүн газетада сандан-санга басылып аткан "Бетме-беттен" сөз кылып, анда сүрөттөлгөн турмуш көрүнүштөрүн куду учурдагы актуалдуу саясий окуялар сыяктуу талкуулашканын угуп жүрдүм.

Менин байкашымча, Бишкектин орус окурмандарын "Бетме-бетте" согуш маалындагы айылдык турмуштун кыйынчылыктары ишенчиликтүү көрсөтүлгөндүгү кызыктырды. Себеби согуштан кийин жарык көргөн адабий чыгармалардын дээрлик бардыгында тылда калган карапайым кишилердин согуш убагында мажбурлуу оор мээнет, жокчулук, кайгы-капа, муң-зар ичинде жашаганын сөз кылышчу эмес. Ал эми "Бетме-бетте" ал мезгилдеги турмуш чындыгынын бир далай типтүү белгилери айкын чагылдырылган эле.

Мен "Бетме-беттин" орусча толук текстин "Литературный Кыргызстан" журналынан, анын автор өзү кыргызчалаган вариантын ошол эле 1957-жылы "Алатоо" журналынан окудум. 1958-жылдын баш ченинде "Бетме-бет" Москвада чыгып турчу кадыр-барктуу калың адабий журналдардын бири "Октябрь" дегенде автордук вариант эмес, кыргызчадан орусчаланган чыгарма түрүндө басылды. Чындыгында повестти автору өзү эле орусча жазган эле, бирок анын орусчасы журналдын жетекчилигине стиль жагынан талаптагыдай көрүнгөн эмес окшойт, анын тилин ийине жеткириш милдети В.Дроздов деген жазуучуга тагылыптыр. Мен "Бетме-беттин" "Литературный Кыргызстан" журналында жарыяланганы менен "Октябрь" журналында басылганын салышытырып окуп көрүп, котормочу повесттин орусча тилине жарык, шаңдуу, көркөм касиеттер бере алганын билдим.

Баса, "Бетме-бет" кыргыз адабиятынын москвалык калың адабий журналдардын биринде биринчи жолу жарыяланган прозалык чыгармасы да болучу.

"Бетме-бет" повести Ч. Айтматовдун чыгармачылык жактан күтүүсүз бийик секирик жасаганын айгинелеген сонун адабий текст эле. Бирок анын кыргызчасы деле, орусчасы деле жөнөкөй окурмандардын кызыгуусун туудурган менен, кыргыз жазуучуларын, айрыкча адабият сынчыларын кайдыгер калтырды. Газета-журналдарга ага баа берген рецензиялар же макалалар чыккан жок. Мен муну адилетсиздик деп таап, "Бетме-бет" туурасында бир узун макала жазууга чыгына баштадым.

Мен а кезде университеттин төртүнчү курсун аяктаганы калгамын. Менден бир курс өйдө окуган студент чагында эле аңгемелери жана сын макалалары менен көзгө көрүнүүгө үлгүргөн эң жакын жолдошум Камбаралы Бобулов (1936-2003) төртүнчү курсту бүтөрү менен эле "Алатоо" журналынын адабий сын бөлүмүнө кызматка алынып, бир жылдан бери окуп да, иштеп да аткан. Журнал сын макалаларга жутап тургандыктан Камбаралы мага үч-төрт макала жаздырып, жарыялатып жиберген. Ошол макалалардын аркасы менен мен адабий чөйрөгө таанылып, дагы бир сын багытындагы проблемалуу узун текст жазып ийип, эли-журтту бир аң-таң кылсам деп жүргөмүн.

"Бетме-бетте" айылдык дыйкан жигит согушка мажбурлуу жөнөтүлүп, поездде кетип баратканда кан майданда бөөдө өлүп калуу ыктымалынан корккон себептүү дезертирлик (аскер качактыгы) кылгандыгы баяндалган экен. Бул баянды окуганда эле менин эс жадымымда согуш мезгили жөнүндө жазылган советтик адабият китептеринде кезиккен дезертирлер кылт этти. Китептик дезертирлер эски эзүүчү таптардын Совет өкмөтү колунан байлык, бийлигин тартып алган өкүлдөрү же алардын бала-чакалары сыпатында социалисттик адеп-ахлак нормаларын тутунбаган, патриоттук ой-сезимдерге берилбеген, атүгүл кебете-кешпиринин куниктиги менен айырмаланган шүмшүктөр катары көрсөтүлгөн эле. Ал эми "Бетме-беттеги" дезертир Совет бийлигинен жазаланбаган, ал бийликти жек көрбөгөн, пейли-кую, өңү-түсү деле жаман болбогон карапайым айылдык жигит экен.

Экинчиден, согуш маалындагы турмуш көрүнүштөрүн көркөмдөп чагылдыруу максатын көздөгөн роман-повесттерде оң каармандар согушка суранып, жулунуп, райондук аскер комиссариаттарын эртерээк жөнөткүлө деп демитип атып кетишчү. Ал эми мен бала чагымда өз каалоосу менен шаттанып согушка (атүгүл тынч мезгилдеги эле үч жылдык аскер кызматына) жөнөгөн бирөөнү көргөн эмесмин.

Элес-булас эсимде бар: согуш убагында айылыбыздын аскерге чакырылган эркектери адегенде токойго, тоо-ташка жашынып, урушка барбоо амалын издеп далбас уруп көргөн; алар ата-энесине же жакын туугандарына өкмөттүк катуу кысым жасалганда гана айласы түгөнүп, заманасы куурулуп, өкмөтчүлөрдүн колуна түшүп берген да, боздоп ыйлаган бойдон кан майданга айдалган.

Биздин туугандардын бир даары Өзбекстанга, атүгүл жакын эле айылдарга кире качып солдат болгондон кутулган. Баса, 1944-жылы мен экинчи класста окуп атканда Эрмат абанын уулу Назилбек согуштан тырбайып арыктаган, жүдөп-какаган кейпинде келип калды. "Назилбек дал уруштун өзүнөн качып келиптир" деген күбүр-шыбыр тарады айылга. Бул имиш-имиштин чын экени согуштан кийин билинди. Көрсө, катардагы солдат Назилбек Эрматов куду Кубань талааларында жүрүп жаткан салгылаштан дыр коюп качыптыр да, эптеп тапкан граждандык кийими менен жөө-жалаңдап маңып, жүк ташыган вагондорго жармашып, шаар-поселкаларда тилемчилик кылып, кооптуу абалга туш келгенде дудуктун ролун ойноп, айтор, өлдүм-талдым менен үч айдан ашуун убакытта айылыбызга жетип келиптир. Кийин заман тынчыганда теңтуштары: "Ай, оңбогон жаны жок, ушунча узак жолду кантип арыттың, деги уруштан кантип качтың?" - деп сурашса, Назилбек аке минтип жооп бериптир: "Урушта жүрө берсең, бир күнү мүрт кетип, арам өлгүдөйсүң, жан таттуу экен, өлгүм келген жок, качтым!"

Согуш убагындагы дезертирликке байланыштуу бала чагымда мамындай имишти да угуп жүрчүмүн. Жазы дайрасынын күнгөй өйүзүндө, куду тескейдеги биздин айылга маңдайлаш "Эркин-Тоо" деген колхоз согуш бүтөр замат эле электр станция куруп, тамдарын, көчөлөрүн түн бою жаркыратып салды; эгилген буудайларынан таң каларлык мол түшүмдөр жыйнап, беш-алты кишиси "Социалисттик Эмгектин Баатыры" деген наамдар алып ийгени жөнүндө газеталарга жазылды: колхоздун өзүнүн да, райисинин (башкармасынын) да атагы дүңгүрөп алыска угулду.

"Эркин-Тоонун" капыстан укмуш ийгиликтерге жеткен себебин биздин айылдагылар мындай кеп кылышар эле. Калпы-чынын эмгиче териштирген эч ким жок, бирок мен бала кезде эшиткен имиштерге караганда, согуш башталар замат эле "Эркин-Тоонун" райиси алыскы айылдардын аскерге алынгандан качкан эр жигиттерин тымызын кабыл ала берип, көпчүлүк колхозчуларга билгизбей тоо этегиндеги айылынын тээ өйдө жагындагы токойлуу колотторуна жыйнаптыр. Чоочун көздөн далдаага бекитилген дезертирлерге жата турган жайлар курдуруп, тамак-аш маселесин чечип бериптир, анан согуш бүткөнчө жер айдатып, эгин эктирип жана ордуруп, кырман бастырып, тоют даярдатып, мал асыратып, аларды куду кулдар сыяктуу кыйнап иштетиптир. Кемпир-чалдар, катын-балдар менен калган колхоздор айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө кескин кедери кеткен жылдары "Эркин-Тоо" жоон топ алдуу-күчтүү дезертирлердин мажбурлуу эмгеги менен бардык жагынан дүркүрөп өсүп кетиптир.

Бала чакта өзүм көргөн же уккан ушул жана ушул сыяктуу болмуштар "Бетме-бет" повестин окуганыман улам эске түштү. Ошондо согуштан соңку көп улуттуу совет адабиятында согуш маалында тылда калган калктын тиричилик өткөрүшүнүн чыныгы драмалуу жана трагедиялуу тараптары, кишилердин өзгөргөн карым-катнаштары жана кейиштүү тагдырлары дегеле чагылдырылбай келатканына көзүм жетти. Ал эми "Бетме-бетте" өткөн согуш учурундагы айылдык турмуш чындыгынын эмгиче адабиятта чагыла элек драмалуу бир окуясы расмий идеологиялык талаптарга ылайык саясатташтырылбай, асыресе кыргыз жазуучулары дагы эле тутунуп келаткан "тап күрөшү" идеяларына багындырылбай, кадыресе чынчылдык менен таамай, элестүү, ынанымдуу сүрөттөлгөн эле.

Повесттин ушул артыкчылыктары менин көңүлүмдү жубатып гана тим калбай, күчтүү силкиндирип да таштады. Ошондуктан мен жаза турган макаламда "Бетме-беттин" баш каарманы Ысмайылдын дезертирлик мажарасын реалдуу турмуштагы жана адабий китептердеги аскерден качкандардын тагдырлары менен салыштырып баштамак болдум да, буга камылга көрүү иретинде эски-жаңы согуштардын окуялары сүрөттөлгөн чыгармаларды жана согуш темасынын көркөм адабиятта иштелиши жөнүндө жазылган илимий китептерди окуй баштадым.

Бир күнү бир китептен ошо кезде Советтер Бирлигинде үлкөн кадыр-барк тапкан америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэйдин бир айтканын жолуктурдум. А киши өзүнүн Биринчи дүйнөлүк согушка да, Экинчи дүйнөлүк согушка да ыктыярдуу катышканын түшүндүрө келип мындай деген экен: "Согуш өзү дүйнөдөгү кызылдай балээ, кырсык, мүшкүл, бирок кээде ошондой балекеттерге каршы беттеп барып, согушууга туура келет."

Ушул кеп-сөз "Бетме-беттин" мазмунуна тиешелүү менин башымда куралган ойлор тизимине жаңы багыт берип, повесттин баш каарманынын кан майданга баруудан жалтайлап качканынын психологиялык себептерин ачып берүүгө ачкыч сыяктуу боло тургандай көрүндү.

Мен ушул темага байланыштуу төмөнкүдөй ой жорудум. Арийне, кызыл кыргын кан майданда жүргөн адамдын төбөсүндө өлүп калуу ыктымалы кылга илинген кылычтай дайыма салаңдап турган болот, ошондуктан ар кандай тирүү жан согушка баргандан (демек, өлүү ыктымалынан) зыркырап коркот. Согуш майданына эч ким жөн эле элирип, сүйүнүп, жулунуп жөнөп бербейт. Бирок бир алдуу-күчтүү жоо баскынчылык максаты менен бир өлкөгө жапырып кирсе, жапырыкка өлкөнүн улуттук аң-сезимге каныккан, державалык патриотизм ынанычтарын ташып жүргөн атуулдары, тактап айтканда, баскынчылык уруштун өз элин, туугандарын, үй-бүлөсүн кулдандыруу үчүн ачылганын өткүр туюнуп, жутунуп келген душманга каршы куралчан салгылашуу зарылдыгын айкын түшүнгөн билимдүү кишилер гана өлүмгө кайыл болуп өз ыктыяры менен согушка белсенип кире алат. Ал эми көр тиричилик өткөрүү, үй-бүлө багуу, кожоюнга (өкмөткө же эзүүчү байга) каржалып иштеп берүү жана салык төлөө машакаттары менен алаксып жүргөн карапайым эмгек адамдары, айрыкча дыйкандар кан майданга мамлекет мажбурлап зордогондон гана мойнунан байлагандай кыңырылып атып, өлүп калуудан саруулап заарканып атып аргасыз барат.

Карапайым жарандардын кара жанын артыкча аяган, бейажал өлгүсү келбеген, өлүп калуудан бүлкүлдөп корккон айрым өкүлдөрү урушка катыша турган солдат болуудан дирилдеп качат да, дезертирлик кылат. Мындай качактык мамлекеттик көз менен караганда кадыресе кылмыш түрүндө кабыл алынат, пацифисттик идеологиянын өңүтүнөн (позициясынан) караганда жөнөкөй адамдын көпкөлөң милитарист журтбашылар чыгарган кандуу кагылыштарга каршы табигый протести сыяктуу көрүнөт. "Эки төө жөөлөшсө, ортодогу кара чымындар кырылат", - дейт кыргыз макалы. "Бетме-беттин" баш каарманы Ысмайыл да бөөдө кырылчу кара чымындардын бирөө болгусу келбей, дезертир болуп жүрбөйбү.

"Бетме-беттин" мазмунун мүнөздөп баалоо багытындагы ушундай ой жорууларым жаш баланыкындай баёо, идеологиялык жактан кыңырыраак болсо да, менин көңүлүмдү бүтүндөй ээлеп, магниттей тартып, аябай ээликтирип алган эле. Булардын баарын кагазга түшүргөнү жатып Камбаралы Бобуловго ("Алатоо" журналынын сын бөлүмүнүн кызматкери болгон жолдошума) божурап айта баштасам, ал кебимди аягына чыгара койбой кызууланып кетти да, мага советтик патриотизм, адабияттагы партиялуулук принциптери, адилеттүү согуш жана адилетсиз согуш маселелери жөнүндө узун сабак дарс окуду. Акырында ал: "Ырысы жок жетим, саясатка жолобой жөн эле жүрсөңчү, - деди. - Макалаңды азыр айтканыңдай жазсаң, эч ким баспайт, башкаларды ким билсин, бирок мен басылсын деп редакторума суна албайм".

Чындыгында мен ойлогондой мазмуну бар макала жазылса, анын басылып чыгышы мүмкүн эмес эле. "Бетме-бет" туурасында чыгарманын сапаты мындай экен, образдары сонун экен, жазылышы мыкты экен дегендей мааниде бирдеме жазуу жагы менин көңүлүмдү анча азгырган жок.

Ал-аңгыча 1958-жылдын күзү келип, мен Университеттин бүтүрүүчү курсунда окуй баштадым. Дал ошол тушта "Жамийла" повести Москвада чыгып турчу эң атактуу калың журнал "Новый мирдин" №8 санында жарыяланып калды. Бул чыгарма окурмандардын укмуштай кызыгуусуна арзыды. "Новый мирдин" аталган саны колдон колго өтүп, кезек күттүрүп, талашка түшүп окулду. Окугандардын бардыгы повесть жөнүндө маашырканып, тамшанып сүйлөп жүрдү.

"Жамийла" мага окшогон адабият майданына жаңыдан аяк таштаган кыргыз жаштарын өтө күчтүү таасирлендирди. Себеби ал чыгармада баарыбыз көргөн-билген айылдык кишилердин жашоо мүнөзү, психологиялык өзгөчөлүктөрү, үрп-адаттары, ошондой эле тууган жерибиздин табиятынын көңүлгө ынак тааныш көрүнүштөрү, кубулуштары, өң-түстөрү куду орус классиктеринин романтикалуу жаш чагындагы калеминен чыккандай бийик даражада сонун сүрөттөлгөн эле.

Баса, "Жамийла" СССРдин ар кайсы чөлкөмдөрүндө, өзгөчө Орто Азияда жашаган, адабий чыгармачылыкка олуттуу киришкен, чыныгы көркөм сөздүн кадырын билип калган жаш жазуучулардын көпчүлүгүн куду биздей эле арбап өзүнө тарткан экен. Буга мисал катары өз элинде чыгаан жаш карасөзчү деп саналган таланттуу тажик калемгери Пулат Толистин "Новый мир" журналынан "Жамийланы" окугандан кийин тамшанып айтканын келтире алабыз: "Карасөз деп ушуну айт! Мен дегеле мындай карасөз окуй элек элем. Бул чынында карасөз эмес эле укмуш сонун ыр экен. Мен "Жамийлага" окшогон бир чыгарма жазып салсам, бу дүйнөдөн бекер жашап өтпөдүм деп айтар элем".

"Новый мирде" жарыяланган "Жамийла" эки айдан кийин ("Алатоо" журналы, №10, 1958) кыргызча "Овон" деген ат менен жарык көрдү. Повесттин автор өзү кыргызчалаган варианты да орусчасындай эле көпчүлүк окурмандар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, сүймөнчүлүк менен кеп-сөз кылынды.

Шек жок, "Бетме-бет" да, "Жамийла" да ал учурдагы бүтүн кыргыз прозасы али көтөрүлүп чыга элек деңгээлде жаралган эле. Адабиятыбызда күтүүсүз мындай чыгармалардын чыгып калганына мен таң калып жүрдүм да, мунун сырын байкаштырып көрөйүн деп китепканадагы газета-журнал подшивкаларынан жазуучунун алгачкы аңгемелерин сыдыра окуп чыктым.

"Газетчик Дзюйо", "Ашым", "Биз андан ары барабыз" деген алгачкы үч аңгемеси автордун басма сөз бетинде көрүнүп, көпчүлүккө таанылуу тилеги менен жазылган экен. Арийне, а кезде өкмөттүк саясаттын жарчысы ролун аткарган советтик пресса актуалдуу идеологиялык кампаниялардын идеяларын ар кыл ыкмалар менен пропагандалаган тексттерге дайыма муктаж болуп турчу. Мезгилдүү басма сөздүн ушундай муктаждыктарын жана учурдагы талаптарын туюнган, ошондой эле өзүнүн жазгандарынын жарыкка чыкканын көргүсү келип өрөпкүгөн Чыңгыз Айтматов сталинизм режиминин жаңы дүйнөлүк согушту болтурбоо жана жаратылышты өзгөртүү багытында жүргүзүп жаткан саясий кампанияларынын ураандарын адабият тилинде пропагандалаш үчүн жаштык кыялынан реалдуу турмушка дегеле коошпогон жупуну сюжеттерди сыгып чыгарыптыр.

Жаш жазуучунун "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" деген соңку аңгемелеринде учурдун саясий ураандарын жөнөкөй иллюстрациялоо демилгеси жок экен. Алардын сюжеттери деле социалисттик эмгек, коомдук өндүрүш, советтик мораль маселелерине байланып, көбүнчө ойдон чыгарылган жасалма окуялар түрүндө курулуптур.

Айтор, байкаштырып баксам, Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери авторунун көркөм сөзгө жөндөмдүү, дурус билимдүү, жаңыча ой-сезимдүү экенин айгинелеп турса да, бийик эстетикалык критерийлер менен өлчөй келгенде бир кыйла көк жашык эле. Элестүү кылып айтканда, ал аңгемелер жай ортосунда жалбырактуу шак бутактарда турган алмалардай тоң, чийки, татымы жок эле.

Анын алгачкы аңгемелеринин дурусураагы "Асма көпүрөдө" жарык көргөндөн кийин эки жыл өтпөстөн, күзүндөгү дарак башында бышкан алмалардай төрт тарабы төп келген көркөм, ширелүү, барсагай алмалар сыяктанган "Бетме-бет" менен "Жамийла" жаш жазуучунун калеминен чыгып атпайбы! Мунун өзү кандайдыр бир сыйкырдуу катализатордун күчү менен май айында түйүлгөн алмалардын июлдун башында эле кадимкидей жетилип, кадыресе бышып калганындай бир укмуш эле. Албетте, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык өсүшүндө өтө тез кемелине келип, аң-таң кылган бийик секирик жасашына катализатор болуп жогоруда кенен айтылган факторлор (жазуучунун сталинизм диктатурасынан жабыр тартып чоңоюшу, Совет бийлигинин капыс жумшарышынан өз маалында пайдаланышы, ошол чакта Москвага барып окуп калышы ж.б.) ойногону да айдан ачык эле.

Мен Чыңгыз Айтматовдун аңгемелерин окуп жүргөндө Камбаралы Бобулов басса-турса "Жамийланын" тегерегинде сөз кылып, анын маани-маңызын ачып берүүчү бир макала жазууга чындап чыгынды. Ал адегенде аял-эркек арасындагы жыныстык мамилелер жөнүндөгү илимий китептерди конспектилеп чыкты, сүйүү темасына жазылган адабий чыгармалардын көбүн окуду, айрыкча аристократ келиндин ашыглык ышкысына азгырылгандан бийик кызматтагы чиновник күйөөсүн таштап, аристократ офицер менен баш кошконун баяндаган "Анна Каренина" романын, илимпоз адабиятчылардын ошол романды талдаган эмгектерин кайра-кайра окуп убараланды. Мунун баары "Жамийла" повестинин баш каарманынын чыныгы сүйүү сезимдери элөөрүткөн себептүү кан майданда жүргөн эрин чанып, тышкы көрүнүшү комсоо, бирок ички дүйнөсү бай, сулуу, айкөл бир келгин менен качып кеткенин психологиялык жана ахлактык жактан акташ, туура кылган деп ырасташ үчүн жасалды.

К.Бобулов дал ушундай мазмундагы "Махабат баяны" аттуу макаласын көп күч, мээнет, убакыт сарп кылып жазып, партиялык газетага жана адабий журналга бастырды. Бул көп жагынан дурус чыккан макала "Жамийла" повестине карата кыргыз адабий сынында айтылган биринчи олуттуу мактоо эле.

"Жамийланын" идеялык маани-маңызынын К.Бобуловдун макаласында талданышы Чыңгыз Төрөкуловичтин көңүлүнө төп келип, купулуна толгон окшобойбу, ал ошондон кийин Камбаралыны өз бооруна тартып, активдүү тарапкери жана жандоочусу кылып алды да, ар тараптан колдоп жүрдү. Маселен, ал өзү 1963-жылы "Правда" газетасынын атайын кабарчысы кызматынан бошонгондо, ар кандай кыргыз калемгери үчүн мартабалуу бул кызматка Камбаралыны калтырып кетти.

Тагдырдын тамашасына айла жок, "Махабат баяны" макаласын жазгандан беш-алты жыл өткөндө К.Бобулов Москвада аспирантурада окуп жүрсө, анын сулуу келинчеги башка бирөөнү Анна Каренина менен Жамийладан беш-бетер сүйүп калып, ага тийип кетти. Албетте, эр көкүрөк Камбаралы үчүн сүйүшүп кошулган жарынан эки перзенти менен кошо айрылуу кадыресе трагедия эле. Ал сүйгөн жарынын бул кылганын эң адилетсиз опаасыздык, күтүүсүз кыянат деп эсептеп, тааныш-билиштерине арыз-муңун төгүп өксөдү, каңырык түтөтө арман ырларын кураштырып, башта аңгемелер менен сын макалалар жазып жүргөн эргул күтүлбөгөн жерден кайгылуу акынга айланды.

Келинчеги чанып кеткенинин кайгысын эзмелеп бакылдай берип ал мени жадатып да, жүдөтүп да жиберди. Башта наалымайларын сабыр менен угуп, колдон келишинче муң-зарлуу көңүлүн жубатып жүргөн элем, бир күнү түтпөй кетип мындай деп ийбесминби: "Сен, молдоке, Анна Каренина менен Жамийланын сүйгөн кишилерин ээрчип кеткенин бардык жагынан туура деп жазбадың беле. Эмне, китептеги келиндердин эрлерин таштап сүйгөн жигиттерине кетип калганы туура болуп, сенин алганыңдын Анна менен Жамийланын кылганын кылганы чеки иш болуп калабы?"

Менин мүмкүн катары жумшак эле айткан бул кебим Камбаралыга октой тийген экен, ал эндирей түшүп, анан бир азга туталанып туруп, титиреген үнү менен бакырды: "Сенден угарым ушул беле?! Бүттү! Экинчи жүзүңдү карабайм!" Башка сөз айтканга буямасы келбей, колун терс шилтеди да, артына шарт бурулган бойдон шыр жүрүп берди.

Ошондон өлөрүнө эки жыл калганча мага салам айтпай жүрүп, бир күнү мен отурган кабинетке салам айтып кирди. Колун сунуп учурашып, бош креслого көчүк басты. "Мен кызыктай бир ооруга чалдыктым, - деп сөзүн баштады. - Эски дос эстен кетпейт" дешет экен, жөн эле сени менен көрүшөйүн деп келдим. Өзүңдүн деле башыңда бар го, бир күнү карылык моюнга лак минет экен."

Камбаралы мырза күжүлдөп шайдоот басып, бакылдап сөз талашып, тамашалашып каткырып жүргөн темпераменттүү эр азамат эле, анын капыстан муңайым, момун, жүдөңкү болуп калганы менин көңүлүмдү дароо зилдетип жиберди.

3. "Жамийла" повестин жалпайта чабуу далбасасы

1958-жылдын кеч күзү эле. Мен адатымча Бишкектеги Борбордук калк китепканасында отургамын. Аңгыча болбой жаныма Камбаралы Бобулов келип калды. "Эртең Жазуучулар союзунда "Жамийлага" талкуу болгону атат, - деди ал. - Байтемиров бар го, ошол "Жамийлага" сокку урганы камынып атыптыр, Чыңгыздын жарк этип чыкканына ичи күйүп жүргөндөрдүн баарын талкууга чакырыптыр. Мен дагы аларга каршы группа уюштуруп атам, сен да жакшылап даярдан, сүйлөйсүң".

Насирдин Байтемиров (1916-1996) ошол кезде Кыргызстан Жазуучулар Бирлигинде карасөзчү (прозаик) жазуучулардын секциясына жетекчилик кылып турган. Ал көркөм сөз чыгармачылыгына жөндөмдүү, тырышкан мээнеткеч, бат жана көп жазган калемгер эле, бирок жалпы маданий багаж, кесиптик (адабий) билим, эстетикалык табит жагынан өксүгүрөөк эле. Совет бийлигинин ар кандай саясий кампаниясына жооп кылып, расмий идеологиялык талаптарга далма-дал келтирип, карасөз, ыр, драма түрүндөгү узунду-кыска чыгармаларды жоо кууп келаткандай шашылыш жазып, улам-улам китеп кылып чыгара берчү.

"Жамийла" повести жарыяланган чакта Н.Байтемиров төрт үлкөн романдын, төрт көлөмдүү повесттин, эки аңгемелер жыйнагынын, төрт ыр китебинин, үч пьесанын автору болууга үлгүргөн. Ошентсе да ал калемдештеринен, асыресе адабият сынчыларынан жан жыргаткан мактоо сөздөрүн уга албай жүргөн. Себеби анын жазгандарында, асыресе карасөз чыгармаларында окуялар тизмеги дайыма жасалма, кызыксыз, жадатма мүнөз алып, каармандар болсо жансыз жана ишенимсиз болуп чыкчу.

Бирок Н.Байтемиров өзүн эмгегине жараша бааланбай келаткан мыкты жазуучумун деп ойлосо керек, чыгармалары адабият билермандары тарабынан макталбаганына күйгүлтүк жеп, ызаланып жүргөн көрүнөт. Ошондуктан ал калемдештеринен кимдир-бирөө мезгилдүү басмасөздө дембе-дем макталып калса, заматта ошого атаандашып, күнүчүлдүк кылып, душман болуп алчу. Буга бир мисал келтире кетели.

1935-1948-жылдар аралыгында үч романы жарык көрсө да, кыргыз жазуучуларынын чыгаандарынан деп саналбаган Түгөлбай Сыдыкбековго 1949-жылы күтүүсүздөн олчойгон чоң оомат келди. Ошондо анын бир жыл мурда Москвада орусча басылып чыккан "Биздин замандын кишилери" аттуу романына үчүнчү (эң төмөнкү) даражадагы Сталин сыйлыгы ыйгарылды.

Үч даражалуу Сталин сыйлыгы Советтер Бирлигиндеги орусча жарыяланган адабият китептеринин эң мыктылары деп тандалгандарына жыл сайын берилип турчу жападан жалгыз мамлекеттик сыйлык эле. Бу сыйлыкка орус адабиятынын чыгармаларынан алда канча көп, улуттук адабияттардын орусчаланган чыгармаларынан бир кыйла аз илине турган. Улуттук республикалардын жазуучуларынын ичинен Сталин сыйлыгынын ар кандай даражасын алууга арзыган киши дароо өз адабиятында эң алдыңкы орунга түртүлүп чыкчу, урмат-сыйга жана атак-даңкка бөлөнүп калчу, анысы аз келгенсип, бүткүл СССР аймагына, атүгүл социалисттик лагерге таанылчу, материалдык жактан да кескин ирденип алчу.

Кыргыз жазуучуларынан биринчи болуп Сталин сыйлыгын алышы Т.Сыдыкбековдун кадыр-баркын заматта көкөлөтүп, коомдогу ал-жайын түп-тамырынан өзгөрттү. Биринчиден, "Биздин замандын кишилери" 1949-1951-жылдары төрт жолу орусча кайра басылып чыкты; 1950-1953-жылдары советтик республикалардын жана социалисттик өлкөлөрдүн 11 тилинде жарык көрдү; сыйланган романынын шарапаты менен ошол эле жылдары жазуучунун башка чыгармалары да СССР элдеринин тилдерине таржымаланып жарыяланды. Натыйжада Т.Сыдыкбеков дүйнөнүн жарымына таанымал гана эмес, акчага маарып калган эң бай кыргыз жазуучусу да болду. Экинчиден, Т.Сыдыкбековдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө үч кандидаттык диссертация жакталып кетти, газета-журналдарда, илимий жыйнактарда, окуу китептеринде анын адресине мактоолор жамгырдай жаадырылды. Жогорку мамлекеттик сыйлык анын чыгармаларына карата ар кандай сынчыл пикирлердин жарыя айтылышына жол бөгөдү.

И.В.Сталин өлгөнүнөн бир жарым жылдай өткөндө, б.а., 1954-жылдын күзүндө Кыргызстан жазуучуларынын экинчи курултайы чакырылды. Кыргыз университетине жаңыдан кирген мен да жазуучулукка талапкер он чакты студент менен кошо жөнөкөй угуучу катары ошол курултайга катышып калдым. Трибунадан окулган докладдарда, сүйлөнгөн сөздөрдө Т.Сыдыкбеков аябай макталды. Бир убакта сөз Н.Байтемировго берилди. Ал саясатташкан кириш сөзүн айтып бүтүп, президиумда отурган партиялык жетекчилерге кайрылып суроо салды: "Сталин сыйлыгынын лауреатын сындаса болобу?"

Бул суроодон улам залдагылар да, президиумда отургандар да дуу күлүп жиберди. Көпчүлүктүн күлгөнүн кубаттоо иретинде түшүнгөн Н.Байтемиров эштене түшүп, Т.Сыдыкбековдун жаңы эле жарык көргөн "Тоо балдары" деген романына тиешелүү идеологиялык айыптоолорун кагаз бетинен күүлөнүп окуп берди. Анын бу сыны кадыресе демагогиялуу да, одоно да чыккан эле. Бирок бул сынга Н.Байтемировдун артынан трибунага чыгып сүйлөгөн кыргыз жазуучуларынын бири да каяша айткан жок. Тек гана ал кезде атак-даңкы СССР аймагына жайыла элек балкар акыны Кайсын Кулиев Н.Байтемировдун "Тоо балдарына" саясий айыптар такканын төгүндөп сүйлөдү.

Экинчи дүйнөлүк согушка советтик офицер сыпатында катышкан Кайсын Кулиев (1917-1985) согуш бүткөндө андан бир жыл мурун Орто Азияга сүрүлгөн өз элинин артынан Бишкекке келип, мында он жылдай жашаган. Кыргызстан Жазуучулар Бирлигинде жаш жазуучуларга кеңешчи кызматын аткарып, орусча газета-журналдарга журналисттик материалдар жарыялап, айрым кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орусчага таржымалап, үй-бүлөсүн багып турган. Асыресе ал Т.Сыдыкбековдун "Тоо балдары" романын орусчалап, 1954-жылы Бишкекте жарыкка чыгарган.

Курултайда өзү орусчалаган чыгармадан идеялык каталар табуу далбасасына аябай ачууланган окшобойбу, К.Кулиев трибунага чыгары менен Н.Байтемировдун "Тоо балдарына" жабыштырган саясий айыптоолорун төгүндөп гана тим калбай, анын айткан сын пикирлеринин жөнөкөй эле ич күйдүлүктөн кайнап чыкканын, анын өзүнүн бирөөлөргө сын таккыдай алы жок жазуучу экенин тарс эттирип айтып салды. Балкар акыны ушунчалык жалындуу сүйлөдү эле, залда отургандарга өтө күчтүү таасир калтырды, алардын бирөө өтө сезимтал же талмалуу неме белем, отурган креслосунан далп этип такта полго кулап түштү.

Н.Байтемировдун шоруна Т.Сыдыкбековдон кийин бүткүл советтик адабият аренасына Чыңгыз Айтматов атырылып чыга баштабаспы. Орусча жарыяланган "Жамийла" али басмасөздө мактала элек болчу, бирок жазуучулар арасында өзгөчө кызыгуу менен окулуп, маашырканган кеп-сөздөрдү туудуруп жаткан. Повесттин орусчасынан эки ай кийин жарыяланган кыргызчасы да окугандардын баарын кубандырып, дуу-дуу кеп чыгара баштаган. Ушундан улам көнүмүш күнүчүлдүк туйгуларына жеңдирген Н.Байтемиров өзүнүн кызмат абалынан (прозачылар секциясынын башчылыгынан) пайдаланып, "Жамийла" повестин бешиктен бели чыга электе жаманатты кылып салуу максатында ага талкуу уюштуруп жүрбөйбү.

Мен Кыргызстан Жазуучулар Бирлигине расмий берилген бир кабат эски тамга күндүзгү саат экиде келдим. Ичкери кирсем, коридордогу кулактандыруулар тактасында "Жамийла" повестинин тили жөнүндө пикир алмашуулар боло турганын кабарлаган кагаз көзүмө урунду. Бөлмөлөрдүн бирине башбаксам, талкууга чакырылгандар чогулуп калышкан экен. Мен да салам айтып кирип, бош отургучка көчүк бастым.

Карап баксам, узун үстөлдүн өйүз-бүйүз тараптарында Н.Байтемировдон башка төмөнкү калемгерлер отуруптур: кыргыз совет адабиятына негиз салгандардын бири, көрүнүктүү акын Темиркул Үмөталиев (1908-1991); кадыр-барктуу котормочу, "Алатоо" (мурдагы "Советтик Кыргызстан") журналынын жооптуу секретары Олжобай Орозбаев; али атагы чыга элек акын, Жазуучулар Бирлигинин партиялык уюмунун башчысы Түмөнбай Байзаков; дурус аңгемелери менен таанылган жазуучу, сатиралык "Чалкан" журналынын баш редактору Касым Каимов; жаңыдан окурмандарга билине баштаган прозаик Качкынбай Осмоналиев; азыр унутулуп калган, а кезде анча-мынча аңгемелер жазып жүргөн согуш жарадары Жумабек Кыдырмышев; белгилүү адабият сынчылары Кеңешбек Асаналиев, Камбаралы Бобулов, Кымбатбек Укаев (1932-1989).

Талкуу Н.Байтемировдун кыска эле кириш сөзү менен башталды. Ал көбүнчө "Жамийланын" кыргызча жатык тил менен жазылбаганын, көп сүйлөмдөрү орусчадан калька жолу менен которулгандай олдоксон чыгып калганын мисалдар келтирип далилдемиш болду. Анан сөз Экинчи дүйнөлүк согуштан бир колунан ажырап келген Жумабек Кыдырмышевге берилсе, ал мындай пикирдин башын кылтайтты: солдат кан майданда эл коргоп жүрсө, анын үйдө калган келинчегинин каяктагы бир селсаяктын созолонуп ырдап койгонуна эле азгырылган бойдон анын этегин кармап ээрчип кеткени советтик моралдын талаптарына шайкеш келбейт...

Бул тезисти төрт жыл кан майдандын дал өзүндө жүрүп эсен-аман кайткан белгилүү акын Темиркул Үмөталиев шап илип алып, колдоп кетти. Анын айтымынча, фашист баскынчылар менен салгылашып аткан аскердин тылда калган ак никелүү жарынын башка бирөөгө тийип кетиши "Жамийла" повестинде айыпталбастан, кайра акталганы, атүгүл чыныгы махабаттын өрнөгү катары даңазаланганы идеялык одоно ката экен! "Уруш убагында өз көзүм менен көргөнүм жок, калп айтпас көргөн кишиден уккамын, - деди акын. - Бир жоокер эки колунан, эки аягынан ажырап, госпиталда багылып жаткан экен. Аялына "мен ушинтип мунжу болуп калдым, мени мындан алып кет, жаным" деп кат жолдойт. Аялы жооп катында колсуз-бутсуз калган эринен отказ кыларын билдирет. Ошондо эри аялына "сенин менден отказ кылганыңа капачылыгым жок, мени өкмөт деле кор кылбай багып алат экен, экөөбүз сүйүшүп жүрүп үйлөндүк эле, үч-төрт жыл ынтымактуу жашадык эле, жакшылыкча кош айтышалы, мага келип кет" деп кайрадан кат жиберет.

Аялы мунжу эри жаткан госпиталга келип, эринин кашында үрөйү учкан кейпи менен туруп калат. Мунжу солдат ага "бетиңди мага тосчу, сени менен коштошконум болсун бир өөп алайын" дейт. Аял эңкее берип бетин тоскондо солдат анын мурдун "ап" деп кырча тиштеп салат. Эл-жер коргоп мунжу болгон өзүнөн кечип ийген бетпак аялын солдаттын ушинтип жазаландырганын көргөндөр да туура деп кубаттайт. А сен болсоң, Чыңгыш, ошентип мурдун кырча тиштеп салчу келиндин урушта жүргөн эрин таштай качканын туура деп таап, аябай кооздоп, романтикалуу кылып сүрөттөп атасың. Мунуң советтик мораль түгүл, ата-бабаларыбыздын нарк-нускасына тескери келет".

Буга чейин топ-жыйында сындалып көрө элек болсо керек, Ч.Айтматов өз чыгармасынын идеялык жактан күнөөлөнө баштаганда эле катуу чычалаганын өң-жүзүнөн байкатып, канчалык сабыр сактоого тырышса да, тикенектүү бирдеменин үстүнө отуруп алгандай оңтойсуздана берди. Тек гана Т.Үмөталиевдин сын пикирине түтө албай кетип: "Темике, мен бул дооматыңызды эч кабыл кыла албайм", - деп калды. Ошондо Түмөнбай Байзаков: "Эй, Чыңгыз, жолдоштордун пикирлерин чычалабай ук да! - деп капталдан чыгып корс этти. - Партияга өткөнү атасың, сынга туура мамиле кылганды үйрөн. Адресиңе кандай ачуу сөз айтылбасын, түтүмдүүлүк көрсөтүп тынч отур!"

Кыргызстан Жазуучулар Бирлигинин партиялык уюмунун башчысы, Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Исхак Раззаковдун бажасы Т.Байзаковдун кагып койгону Ч.Айтматовду кебин токтотууга аргасыз кылды.

Бирок андан кийин талкууга катышкандар "Жамийла" повестин жактап да, мактап да сүйлөштү. Айрыкча чебер котормочу, адабият билерманы Олжобай Орозбаев повесттин жаңычыл, таланттуу, кызыктуу чыгарма экенин узак кеп кылды. Сынчылар К.Асаналиев менен К.Бобуловдун айткан-дегендери да далилдүү, ишенимдүү, жөндүү чыкты. Карасөзчү жаш жазуучулар К.Каимов менен К.Осмоналиев да "Жамийлага" жамалган айыптоолорго каяша айтышты. Сынчы К.Укаевдин повестте ийгиликтер менен катар кемчиликтер да бар дегендей маанидеги кеби этибарга деле алынбады. Жалпысынан алып караганда, ошол талкууда "Жамийла" мактоолорго көбүрөк арзып, жогору бааланды. Ч.Айтматовдун жаңы повестин жаманатты кылуу ниети таш капканын туюнган Н.Байтемиров менин сүйлөйүн деп кол көтөрүп атканымы көрмөксөнгө салды да, талкуунун соңуна чыкканын жарыялап, автор Ч.Айтматовго сөз кезегин берди.

Талкуунун баш жагында туталанып отурган Ч.Айтматов сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү чыгармасын курулай айыптоолордон коргогонуна, жөнбилгилик менен мактаганына ыраазыланып, жайдарыланып калган эле. Ал повестинин адресине айтылган айрым сын пикирлерди сылык-сыпаа төгүндөп, анан "Жамийланын" тилин карапайым кыргыз окурмандары түшүнө бербейт деген дооматка каршы далил катары портфелинен үч-төрт конверт алып чыкты. Анан ал: "Окурмандар түшүнбөйт дейсиңер, мага "Жамийланы" окуган айылдык кишилерден ыракмат айткан мындай каттар келип атпайбы, окуп берейин", - деди. Ошол замат Т.Үмөталиев: "Кой, Чыңгыш, окуба, каттарды кайра сумкеңе сал, - деди. - Мага элеттен каттар көп келет, арасында мага арналган ырлар да бар. Мен бирин да бирөөлөргө окуп бербейм. Сен да ошент, уят болот".

Бул каккыдан алдастай түшкөн Чыңгыз Төрөкул уулу бир азга ойлоно калды да, анан "Жамийланы" сындагандардын айткандарын эске аларын учкай белгилеп, жактагандарга ыраазылык билдирди. Ошону менен талкуу аяктады. Жалпылай баа бергенде, "Жамийла" повестин жаманатты кылуу максатын көздөп уюштурулган талкуу иш жүзүндө аны мактоо жыйынына айланды.

Талкууга катышкандар дүпүрөп коридорго чыктык. Чыңгыз Төрөкул уулу кийим илгичтен плащын алып, аркы бөлмөнүн эшиги ачык экен, ага эрксизден көз салды, анан таңданычтуу катты да калды. Көрсө, ал бөлмөдө Токтоболот Абдумомунов Жазуучулар Бирлигинде иштеген секретарь, бухгалтер катындар менен чай ичип отуруптур! Токтоболот менен Чыңгыз экөөнүн эгиздердей ээрчишип жүргөнүн көрүп жүргөн, кыйышпас дос экенин угуп жүргөн менин башымда суроолор жамырады: "Эмне, Абдумомунов "Жамийлага" талкуу болорун эшиткен эмеспи? Тиги катындар отурган бөлмөгө өтүп баратып бу жөнүндөгү Байтемировдун кулактандыруусун көргөн жокпу? Жанаша бөлмөдө "Жамийла" талаш-тартышка түшүп атканын ар нерседен кабардар ал катындар ага айтышпай койду бекен?"

Т.Абдумомунов топурап коридорго чыккандарга жалт карап, арасынан плащын колуна кармаган бойдон өзүнө тигилип калган Ч.Айтматовду көрдү белем, ордунан козголбостон суроо салды: "Чыңгыз, эмне, чогулуш-могулуш болдубу?" Айраң-азыр калып делдейип турган Чыңгыз Төрөкул уулу башын бир чулгуп алды да, кайдыгер доошу менен: "Жаңы повестиме талкуу болду, мындай талкууга ар ким түшүп көрүшү керек окшойт", - деп кобурады. Анан ал плащын кийип, портфелин көтөргөн бойдон эч ким менен коштошпой шарт сыртка жөнөдү.

Жазуучулар Бирлигинин үйүнөн мен К.Асаналиев, К.Бобулов менен бирге чыктым. Үчөөбүз бир тарапка кеттик. Үчөөбүз тең азыркы эле талкуунун таасиринен бошоно элек болчубуз. Айрыкча Камбаралы Бобулов өрөпкүгөн көтөрүңкү көңүлүн байсал таптыра албай бакылдап баратты. "Биз жеңип чыктык, тигилерди катырдык!" - дей берди улам-улам.

Менин оюман Т.Абдумомуновдун көрүп-билип туруп талкууга келбей койгону жөнүндөгү маселе чыкпай койду. Акыры окутуучубуз Кеңешбек Асаналиевичке кабылып суроо бердим: "Менин билишимче, Абдумомунов Айтматовго дос, Байтемировго кас эле. Касы досунун чыгармасын соктурганы атса, а кишинин талкууга келбегени эмнеси? Жанаша бөлмөдө талкуу жүрүп атса, билип туруп катындар менен чай ичип отуруп алганы кандай?" К.Асаналиев ойлонуп жооп бергенче К.Бобулов бакылдап кирди: "Курулай кыйынсынган жазуучулардын баары Чыңгыздын ракетадай атылып чыкканына ич күйдүлүк кылып атпайбы. Чыңгызга кыйышпас дос деп жүргөн Абдумомуновдун ичин кара ит тырмап атканы экен".

Бу пикирге К.Асаналиев да макул болуп, жазуучулар арасында көрө албастыктан касташуу көрүнүштөрү мурдатан эле барын Т.Сыдыкбековдун "Биздин замандын кишилери" романынын орусча которулуу жана Сталин сыйлыгына сунуш кылынуу учурунда айрым жазуучулар тарабынан жасалган кыянаттык аракеттердин мисалы аркылуу баяндап берди.

"Аксакал жазуучулардан Үмөталиевдин талкууга келип алганын карабайсыңарбы, өзүнүн кызы менен тең жаш жазуучуга каршы сүйлөгөнүнө таңым бар, - деп К.Бобулов көчө жаңырта бакылдап. - Ой, тобо! Өзү ырдан башка эчтеме жазбаса, Чыңгыз ага теңтуш да, атаандаш да болбосо, андан атак-даңк же мансап талашпаса, Үмөталиев эмне мынтти, себебин билесизби, Кеңешбек Асаналиевич?" Бу суроого К.Асаналиев бир аз басып баргандан кийин жооп берди: "Түшүнүксүз. Өзүнөн сурап көрүү керек".

Т.Үмөталиевдин эмнеге "Жамийлага" каршы чыкканын билиш К.Бобулов үчүн көңүл тынчытпаган табышмактуу суроо болгон экен, ал эки күндөн кийин ошол суроого тиешелүү узун кулак жазуучулардан сураштырып билгендерин мага сүйүнчүлөдү. Көрсө, Т.Үмөталиевге кимдир-бирөө Чыңгызды "атаң менен дос элем, кызматташ элем" деп Аалы Токомбаев өзүнө тартып алыптыр деп айткан имиш. А.Токомбаев менен мурдатан бери касташып жүргөн Т.Үмөталиев ошол имиш-имишке ишенип алып, "касымын досу - менин касым" деген принципке жетеленип кетиптир да, жердеши Т.Байзаковду ээрчитип талкууга келип, "Жамийла" повестин каралап сүйлөп ийиптир.

Ошол күнү эле муну уккан журналист, саясатчы, Ч.Айтматовдун жердеши жана эң жакын кишиси Тургунбек Суванбердиев кечинде өзү менен ынак, көңүлдөш Т.Үмөталиевге келип, анын Чыңгызга каршы чыкканына капаланыптыр, каршы чыгыштын себебин билген соң А.Токомбаев менен Ч.Айтматовдун эч кандай байланышы жогун, Чыңгыздын чынында Аалынын адабият маселелери боюнча айтып жүргөн көпчүлүк пикирлерин жактырбай турганын түшүндүрүптүр. Бул ишенчиликтүү маалыматтан улам беймаза болгон Т.Үмөталиев катуу жаңылганына өкүнүп үйүндө отуруптур. "Темикем бала кыял да, бирөөлөрдүн айтканын дайыма чын кабыл ала берет, - деп сөзүн бүтүрдү Камбаралы Бобулов

(Ч. Айтматов ар тараптан опсуз үлкөн кадыр-баркка жеткен чакта Т. Үмөталиев ага арнап ырлар жазып, ыгы келгенде аны көтөрө чалып мактап жүрдү, жазуучулардын группалык таймаштарында анын таламын талашчу болду. Чыңгыз Төрөкулович да аксакал акынга мээрин төгүп, сый-урмат көрсөттү, асыресе анын 60 жаштык юбилейин өткөрүү үчүн курулган комиссияга төрагалык кылып, юбилейге арналган салтанаттуу жыйынды баштан-аяк башкарып берди.

Түмөнбай Байзаков да кийинчерээк Чыңгыз Төрөкуловичти мактаган, жактаган жазуучулардын бири болуп, ага каршы кеп-сөз айткандар жөнүндө күйдүргү анекдоттор чыгарып жүрдү.)

4. Шоораты өрт кеткендей жайылганда...

"Жамийлага" уюштурулган талкуудан кийин көп деле убакыт өткөн жок. Бир күнү Советтер Бирлигиндеги эң кызыктуу басмасөз органы "Литератураная газетадан" Мухтар Авезовдун "Жамийла" повестин асмандатып мактаган чакан, бирок салмактуу макаласын окуп калдык.

Арийне, М.Авезов "Абай жолу" аттуу романы менен жер жүзүнүн көп элине таанылган, ошондой эле акылман, билимдүү, жамалдуу тараптары менен да көп улуттуу совет жазуучуларынын арасында өтө үлкөн кадыр-барк тапкан атактуу казак жазуучусу, илимпозу, коомдук ишмери эле. А кишини Орто Азия калктарынын интеллигенттери, асыресе кыргыз жазуучулары кудайындай көрүп, пириндей сыйлачу. Ошондуктан анын "Литературная газетанын" бетинен "Жамийла" повестине өтө бийик баа бериши Бишкекте сенсациялуу окуя катары кабыл алынды да, Чыңгыз Айтматовдун баркын көккө учуруп, ага курулай атаандашып көрө албастык кылгандардын куйкасын куруштурду.

М.Авезовдун макаласына удаалаш Россиянын, Кыргызстандын, башка республикалардын газета-журналдарында сынчылардын "Жамийланы" көтөрө чалып даңазалаган макалалары жана рецензиялары, окурмандардын каттары чыга баштады.

1958-жылдын күзүндө Кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүк майрамы Москвада өтүшүнө байланыштуу мезгилдүү басмасөздө, белгилүү орус жазуучулары катышкан талкууларда, москвалык окурмандар менен кыргыз жазуучуларынын жолугушууларында "Жамийла" жаш кыргыз адабиятынын шедеври катары бүтүндөй мактоолорго көмүлдү.

Ал-аңгыча москвалык газеталарда дүйнөгө белгилүү көркөмсөз чебери Луи Арагон "Жамийланын" орусчасын өзү французчалап чыгарыптыр, чыккан китепчеге өзү укмуш кириш сөз жазыптыр деген кабар жар салынды. Андан көп өтпөй эле "укмуш" деген кириш сөз орусчаланып жана кыргызчаланып, газета-журналдарга басылды. Киришсөз чын эле сонун экен, "Жамийланын" урматына айтылган шаңдуу ыр сыяктуу жазылган экен, окугандардын дээрлик бардыгына куду повесттин дал өзүндөй күчтүү таасир калтырды. Ошентип, Луи Арагон Чыңгыз Төрөкуловичтин зоболосун ого бетер көкөлөтүп койду.

Ал кездеги узун кулак жазуучулардын айткан-дегендерине караганда, Мухтар Авезов Москвада Луи Арагон менен көрүшүптүр, маектешип жатып совет адабиятындагы жаркын жаңылык катары жаш кыргыз жазуучусунун "Жамийла" деген повестин маашыркануу менен айтыптыр. Ушундан улам кызыгуусу козголгон Арагон "Жамийланы" окуп чыгып, аябай жактырып калган экен, дароо эле эне тилине таржымалап жибериптир. Бул таржыма анын өмүрүндөгү биринчи мертебе жасаган котормочулук жумуш экен.

1961-жылы "Жамийла" Ленин сыйлыгын алууга талапкер чыгармалардын арасына кошулду. Көргөн-билгендердин айтуусуна караганда, Ленин сыйлыгын үлөштүрүү комиссиясынын мүчөсү Мухтар Авезов ошо комиссиянын Москвада өткөн отурумдарында "Жамийланы" сыйлыкка илиндирүү үчүн чечендик өнөрүн, бийик кадыр-баркын, бар күчүн жумшап жан үрөптүр. Бул сапар анын бул жигердүү аракети суу кечпей калыптыр. Буга "Жамийла" повестинин көлөмүнүн чакандыгы, анан да жаш жазуучунун баштапкы гана мыкты чыгармасы экени себепчи болсо керек.

Ошол эле учурда "Жамийла" көптөгөн башка тилдерге которулуп, сын макалаларда жана илимий китептерде кайра-кайра макталып, сыймык алуу жолунда алгалап адымдай берди. Ушу чыгармасы аркылуу адегенде Советтер Бирлигинде, анан Европада атактанган Ч.Айтматов "Жамийласын" чочугандай бир укмуш жазып салбаганын, дүйнөлүк адабият асманынан жарк этип жылас болгон куйруктуу жылдыз (метеор) эмес экенин "Кызыл жоолук жалжалым" (1961), "Ботогөз булак" (1962), "Биринчи мугалим" (1962) аттуу жаңы чыгармалары менен далилдеди. Булар идеялык көркөмдүк сапаты жагынан "Жамийладан" төмөн турбайт эле. Экинчи жагынан, Чыңгыз Төрөкулович көркөмсөзгө тубаса күчтүү дээри бар сүрөткер гана эмес, оригиналдуу ой жүгүртө алган билимдүү интеллектуал да экенин өз убагы үчүн актуалдуу саясат, маданият, адеп-ахлак маселелерине арналган курч, кызыктуу, өрнөктүү макалалары менен да айгинеледи.

"Жамийла", "Кызыл жоолук жалжалым", "Ботогөз булак", "Биринчи мугалим" повесттеринен өзүнчө бир жыйнак кураштырылып, 1962-жылы "Повести гор и степей" ("Тоо-талаалар баяндары") деген ат менен жарыкка чыкты. Ал китеп 1963-жылы Ленин сыйлыгын алууга арзыды.

Ленин сыйлыгы СССРдин эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болуп, илимдеги жана техникадагы жаңы ачылыштарга, искусствонун, адабияттын, архитектуранын эң мыкты деген чыгармаларына ыйгарылчу. Жыл сайын да, көп кишиге да бериле берчү эмес. Албетте, ал авторитеттүү сыйлыкты алууга татыктуу болгондордун коомдогу кадыр-баркы өтө бийик көтөрүлүп кетчү.

Баса, Чыңгыз Айтматовго чейин бир да советтик жазуучу 35 жашында Ленин сыйлыгын ала алган эмес. Бул сыйлык саал мурдараак Борбордук Азиянын түрк калктарынын жазуучуларынан жалгыз гана Мухтар Авезовго ыйгарылган.

Ошентип, "Бетме-бет" жарыялангандан кийинки беш-алты жыл ичинде Чыңгыз Айтматовдун атак-даңкы дүңгүрөп, өрт кеткендей тез жайылып, алыска кетти, зоболосу куду атылган ракетадай көкөлөдү. Кырк жашка жетпей дүйнөлүк шоорат казанган кыргыз жазуучусу көп улуттуу совет адабиятын жаратуучулардын алдыңкы катарына суурулуп чыгып, Москванын прогрессчил адабий чөйрөсүнүн гана эмес, эң жогорку саясий элитасынын да сүйгүнчүгү болду. Ал эми өз арасынан төгөрөктүн төрт бурчуна таанылган инсандарды али чыгара элек кыргыз эли үчүн Чыңгыз Айтматовдун ысмы улуттук сыймыкка айланды.

5. "Пайгамбар өз элинде пайгамбар саналбайт"

Орус тилинде ушундай макал бар. Бул кептин калетсиз экени кыргыз маданий турмушунда Ч.Айтматовдун мисалы аркылуу дагы бир ирет ырасталды.

Чыңгыз Төрөкулович тышкы дүйнөдө "кыргыз керемети" сыпатында таанылса да, айрым улутташ калемдештер тарабынан өгөйлөндү. Маселен, сөз кылынып жаткан кезде кыргыз жазуучуларынын арасында төмөнкүдөй имиш-имиштер айтылып жүрөр эле.

Ал убактагы кыргыз адабиятынын ардакталган аксакалы Аалы Токомбаев (1904-1988) олуттуу кыязда: "Айтматовду чыныгы жазуучу дешке болбойт, дурус очеркчи десек болот" - деп айткан экен. Экинчи аксакалыбыз Түгөлбай Сыдыкбеков мындай деген имиш: "Чыңгыш аягы суюк келинди даңазалап, адеп-ахлактан бузулган Батыш дүйнөсүнө жагып алды". Жакында эле Ч.Айтматов менен достошуп жүргөн таанымал драматург Токтоболот Абдымомунов (1922-1992) мындай дептир: "Чыңгыз өзү самындын барсайган көбүгү, көрөсүңөр, бат эле быш деп жалп этет". Дагы бир көзгө көрүнүп калган жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев (1928-2001) мамындай пикирди көп айтат экен: "Айтматов кыргыз турмушун Москванын сынчыларына ылайыктап жазган орус жазуучусу. Ырас, чыгармаларын өзү орусча жазат, бирок мыкты орус жазуучуларына оңдотот да, аягына "кыргызчадан котормо" деп жаздыртып коёт. Орусча жазгандарын өзү кыргызчалап жазат, бирок алардын тили өтө начар".

Мындай имиштердин жок жерден чыкпагандыгы кийин басмасөздө жарыяланган мемуардык (эскерме) материалдарда кезиккен күбөлөмө кептер аркылуу ырасталууда. Мисалы, жазуучу Асанбек Стамов "Бузуку бөдөнөлөр" аттуу эскерүүлөрүндө ("Кыргыз Туусу", 1992, 19-сент.) А.Токомбаевдин: "Айтматов писатель эмес, болгону жакшы журналист... Айтматовду силер кудайыңардай көрөсүңөр, биле жүргүлө, кыргыз топурагынан өнгөн жок, кыргыз адабиятынын тарыхында калбайт ал" - дегенин өз кулагы менен укканын маалымдайт.

Белгилүү прозаик Качкынбай Осмоналиев (1929-1992) экөөбүз жолугушкан жерлерде маектешип калчу элек. Ал өзү жазуучулукка жөндөмдүү, сөзгө бай, эски кыргыз турмушун жакшы билген калемгер эле. Тилекке каршы, анын билими тайкыраак, эстетикалык табити кемчилирээк эле. Өзүн Ч.Айтматовдон кем калышпаган таланттуумун деп эсептеген ал эргул демейде: "Мен орус тилин жакшы билбейм да, кашайгыр, - деп арман кылар эле. - Эгерим орусчаны Чыңгыздай билсем, дүйнөгө дүңк этип угулуш жагынан андан, балким, ашып түшөр белем?"

Дал ушундай ойлонуп да, ойлогонун кээде ачык айтып да жүргөндөр кыргыз жазуучуларынын арасында аз эмес эле. Мындай кеп-сөздөр айтылганда угуп калсам, мен туурадан чыгып: "Россияны тим эле коёлу, ушу биздин Кыргызстанда эле өздөрү орус, эне тили да орусча бир короо жазуучу жүрөт ко, бирок алардын бирөө да Айтматовдой атырылып чыга албай атпайбы" - дечүмүн.

Кыскасы, кыргыз жазуучуларынын бир даарынын аң-акылында Чыңгыз Айтматов өзгөчө сейрек таланттуу, терең билимдүү, акылдуу, моюбас мээнеткеч болгону үчүн эмес, орус тилин мыкты билгени үчүн гана дүйнөлүк атак-даңк алып кетти дегендей элеттик түшүнүк басымдуулук кылар эле.

Бирок "тирүү классиктер" деп саналган аксакалдар да, алардан жашыраак эр көкүрөк башка жазуучулар да төгөрөктүн төрт бурчуна шоораты жаңырыктап таралган калемдешин чыйрыттап теңсинбегенин, жактырбаганын, жеригенин басмасөз беттеринен же жыйналыш трибуналарынан ачык жар салууга дааган жок. Алардын жылаңач баатыры эле Насирдин Байтемиров болгон экен, ал 1960-жылдары өзүнө атаандаш көргөн Ч.Айтматовго карата терс мамилесин жашырбай эле айтып жүрдү. Буга конкреттүү мисалдар келтирели.

Жаңылбасам, 1963-жылдын күзү эле. Бишкектеги Кыз-келиндер педагогикалык институтунда бир топ жазуучулар студенттер менен жолугушууга келишти. Насирдин Байтемирович трибунага чыгып, улуттук адабияттын учурдагы маселелерин сүйлөп жатып Айтматов темасына да кайрылып өттү. Чыңгыз Төрөкуловичти көп сандаган жазуучулар, сынчылар, журналисттер курчап алып, артыкча кошоматтанып, обу жок мактоолорго тундуруп атканын айтып келип, залга момундай бир учкул кеп ыргытты: "Бул оңбогон кошоматчылар Айтматов жерге түкүрүп эле койсо, түкүрүгүн жерге түшүрбөй шап илип алышат!"

Чыңгыз Айтматовдун Ленин сыйлыгын алып калганын Насирдин Байтемирович тарыхтагы адилетсиздиктердин адилетсиздиги деп кабыл алып, өтө күчтүү күйүнгөн шекилди. Ошо күйүттүн күүсү менен Ч.Айтматовду ыксыз кордогон ыр жазып ийип, ал ырын башка ырлары менен кошо Мамлекеттик радио студиясына барып окуп бериптир. Окулган ырлар эфирге коё берилиш үчүн цензурадан өтүп жатканда Ч.Айтматовго арналган кордоо ыры кармалып, "идеясы бузук" чыгарма катары Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук коммитетинин (КП БКнын) тиешелүү бөлүмүнө тапшырылыптыр. Дал ошол тушта советтик искусстводо жана адабиятта күч алган идеялык-формалык изденүүлөргө Н.С.Хрущев тарабынан катуу сокку урулуп, социалисттик реализм методунун алкагынан чыгуу аракеттерине каршы бүткүл өлкө аймагын камтыган идеологиялык кампания жүрүп жаткан эле. Ушуга байланыштуу Бишкекте да жазуучуларды, сүрөтчүлөрдү, музыканттарды, киночуларды баш коштурган партиялык жыйналыш болуп, анда жасалган докладда Айтматовду кордогон ыр толук окулду жана анын автору өтө катуу сынга алынды. Ошол кордоо ырынын мамындай үч сабы менин эсимде сакталып калыптыр:

"Мээ эмес, чимкирик бар башында/

Бүт дүйнөнү тепсеп кетсем деп ойлойт/

Ойрон болгур отуз алты жашында."

Н. Байтемировдун мындай акаараттарын Ч. Айтматов тоотпой жөн калтырууга аракет кылчу. Бирок ал кээде түтпөй кетип, өзүнө ачкенедей асыла берген жазуучунун адресине карата намыска тийип, көңүл сыздатчу ачуу сөздөрдү тарс эттирип айтып койчу. Буга бир мисал Аалы Токомбаевдин ошол кезде Кыргызстан Компартиясынын жетекчилерине жолдогон бир катында келтирген экен: "Жолдош Айтматов жазуучулардын партиялык жыйналыштарынын биринде романчы Н. Байтемировго атылып тийип, анын чыгармаларын үч жылдан кийин эч ким окубай турганын айтты. Бирок "эркин чыгармачылыкты" коргогон жазуучу Айтматовдун олуялыгы желбаш сөздөр бойдон кала бермекчи. Байтемировдун чыгармалары республиканын булуң-бурчтарында жана республиканын тышында окулууда. Коммунист Байтемиров биздин замандаштардын эмгегин жана турмушун чагылдырган жаңы чыгырмалар жазуу менен алек".

1965-жылы Кыргызстан Жазуучулар Бирлиги Бишкекте жаш жазуучулардын талаш-тартыш туудурган чыгармаларына москвалык беделдүү адабиятчылардын катышуусу менен талкуу өткөргөндө Насирдин Байтемирович трибунадан: "Шүкүрбек Бейшеналиев өйдөлөп өсүп барат, Чыңгыз Айтматов төмөндөп чөгүп барат", - деп дагы бир афоризмин айтты. Залда отургандар дуу күлүп ийди, ошондо Чыңгыз Төрөкуловичтин күлкүсү катуу чыкты.

Чыңгыз Айтматов дүйнөгө аттын кашкасындай таанылып, Советтер Бирлигине жазуучу, ойчул, мамлекеттик ишмер катары өтө бийик кадыр-баркка жетип, Коммунисттик партиянын эрке баласына айланган чакта (1970-80-жылдары) Насирдин Байтемирович өзү мурда жектеп-кектеп жүргөн атаандашына кулдук уруп келип, андан кечирим алып, анын кадырлашы болду. А киши 60 жашка чыкканда Ч.Айтматов анын чыгармачылык ишин көтөрө чалып көкөлөткөн юбилейлик макала жазып, "Литературная газетага" бастырды.

Насирдин Байтемирович болсо ыгы келгенде деле, келбегенде деле Чыңгыз Төрөкуловичти заңгыраган бийик аскар тоого, шаңшыган тоо бүркүтүнө, дагы башка ыйык, улуу нерселерге салыштырып мактап жүрдү. Бул сапар ошентип мактоо айтып атканда жаш акын, чыйрак журналист катары көрүнө баштаган Алым Токтомушев: "Я, Насике, кечээ эле Айтматовду Бейшеналиевден төмөн коюп жүрчү элеңиз го, эми 180 градуска терс тегеренип жатпайсызбы", - деп талуу жерден бекем кармаптыр. Анда дайыма чукугандай таамай сөз таба алган Насирдин Байтемирович: "Эй, бала, сен билбейсиңби, чоң киши чоң жаңылат", - деп басып кетиптир.

Ал эми А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, Т.Абдумомунов, Ш.Бейшеналиевдер өз ой-кыялдарында Чыңгыз Айтматов чыныгы үлкөн жазуучу болбосо деле эмнегедир Батыш-Чыгыш кыйырында кыйын жазуучу сыпатында ардакталып, эң бийик наам, сыйлык, байгелерди алып алды, бирок мунун баары негизсиз берилген нерселер, атак-даңкы болсо убактылуу өкүм сүрчү закым мисал көрүнүш дегендей ишеним менен а дүйнөгө кете беришти окшойт, калыбы...

Коомдук кадыры бийикке көтөрүлгөн, эң жогорку партиялык-өкмөттүк бийликтин симпатиясына арзыган, советтик ардактуу жазуучулардын жана москвалык мыкты сынчылардын сүймөнчүлүгүн жеңип алган Чыңгыз Айтматов айрым кыргыз жазуучуларынын көрө албастыктан, түшүнбөстүктөн, кадыр билбестиктен өзүн кемсинтүү, жаманатты кылуу, аксатуу далбасаларын таназар албай, тоготпой, көрмөксөн-укмаксанга салып, өз артыкчылыктарын айкын туюнуу менен жаңы чыгармаларын беймарал жаза берсе деле болмок. Себеби бүткүл кыргыз жазуучулары жапа тырмак жер сабап жамандаса, аксымданып асылса, жолун тороого далбас урса деле анын атак-даңкынын дүңгүрөп дүйнөгө жайылышын, бүтүн өлкөлүк масштабда авторитетинин көкөлөп өсүшүн токтото алышмак эмес.

Бирок ал учурда кыргыз коомунда, асыресе адабиятында эски менен жаңынын, керичилдик (консерватизм) менен илгеричилдиктин, сенектик менен ийкемдүүлүктүн арасында ачык да, көмүскө да таймаштар жүрүп жаткан эле. Коомдун бир мүчөсү, жазуучулардын бир өкүлү, алдыңкы көзкараштардын ээси болгондуктан Чыңгыз Төрөкулович андай таймаштардын тышында калып, улуттук жаш адабияттын тагдырына кайдыгер карап тура алмак эмес. Экинчиден, тышкы дүйнөдөн карандай сый-урмат көрүп аткан жазуучу үчүн кээ бир улутташ жазуучулардын өзүнө карата кастык мамиле жасашы кыжырга тийген, чычалоо сезимдерди козгогон, намыс отун көөрүктөгөн өткүр дүүлүктүргүч эле. Анан да ал чакта Чыңгыз Төрөкулович али жаш, кызуу кандуу, талаш-тартышка ышкылуу, алоолонгон темпераменттүү жигит болучу. Ошондуктан ал кыргыз жазуучуларынын арасында башынан боло келген, анан ошондо жаңыдан тутанып күч ала баштаган группалык таймаштарга катышпай кала албайт эле.

Чынында да ушул айтылгандай иш болуп, Чыңгыз Төрөкулович группалык күрөштөргө бел чечип баш-оту менен кирди да, бат эле араандашып бөлүнүшкөн жазуучулардын бир тарабынын жалындуу лидерине айланды.

6. Коогалар арасында

Арийне, жаңыдан чыккан чагында Совет бийлиги телевидение, интернет, атүгүл радио сыяктуу өтө күч-кубаттуу маалымат каражаттарына таяна алган эмес. Андыктан газета-журнал, театр, кино менен тең барабар адабият да коммунизм идеологиясын калайык-калкка таңуулоонун маанилүү куралы деп каралып, мамлекеттин менчигине алынган. Совет элдеринин адабияттарын мамлекеттештирүү процесси 1934-жылы атайын өткөрүлгөн курултайда СССР Жазуучулар Бирлигинин жана анын улуттук республикалардагы филиалдарын куруу менен аяктаган.

Ошол эле 1934-жылы кыргыз жазуучуларынын биринчи курултайы чакырылып, анда Кыргызстан Жазуучулар Бирлиги түптөлгөн. Бул Бирлик сөз жүзүндө адабият тексттерин жаратуучу кишилердин өз каалоолору менен (демек, ыктыярдуу!) бирлешкен коомдук (демек, мамлекетке тиешесиз!) уюм деп эсептелген, ал эми иш жүзүндө партиялык-өкмөттүк бийликке саясий, материалдык, айрыкча финансылык жактан тикелей багынычтуу мамлекеттик чакан мекеме болгон.

Кыргыз жазуучуларынын курултайлары 1954-жылдан кийин беш жылда бир өтүп турду. Курултайда Жазуучулар Бирлигинин 30-40 мүчөдөн турган Башкармасы, ошол мүчөлөрдөн тандалган 8-10 кишилик Президиуму, Президиум мүчөлөрүнөн тандалган үч секретары (башчысы - Биринчи секретарь) шайланчу. (Иш жүзүндө бардыгын тең Кыргызстан КП БК күн мурунтан эле дайындап, курултайда калп эле жазуучуларга жашырын добуш бердиримиш болуп койчу.)

Жазуучулар Бирлигинин курултайда "шайланган" үч секретары башчылык кылган чакан (8-10 персоналдуу) аппараты, үч басмасөз органы ("Алатоо", "Литературный Кыргызстан" журналдары, "Кыргызстан маданияты" газетасы), коммунист жазуучулардын башын бириктирген партиялык уюму болор эле.

Бирликтин жетекчи орундарын ээлеш үчүн дымактуу жазуучулар арасында күрөш жүрчү. Себеби, Биринчи секретары дайыма Кыргызстан КП БКнын мүчөсү же мүчөлүгүнө кандидат болуп, СССРдин же Кыргыз СССРинин парламентине депутат болуп "шайланчу". Жазуучулар Бирлигинин берки эки секретары да коомдук маанилүү кишилер катары элге-журтка таанылчу. Анан да Бирликтин жетекчилик органдары айлыгы жакшы, жумушу жеңил ардактуу кызмат (синекура) сыяктуу эле. Экинчиден, ал орундарга олтургандар өз чыгармаларын жазуу жана жарыкка чыгаруу жагынан артыкчылыктарга ээ болор эле, ошону менен бирге жаш жазуучулардын СССР Жазуучулар Бирлигинин мүчөлүгүнө алынышында, мүчөлүккө алынгандардын чыгармаларынын жарыяланышында жана орусчага которулушунда, өкмөт тарабынан жазуучуларга берилип турчу привилегиялардын үлөштүрүлүшүндө чечүүчү роль ойной турган.

Кыргызстан жазуучуларынын үчүнчү курултайы 1959-жылы февралда өттү. Анда "Литературный Кыргызстан" журналынын ардактуу редактору Чыңгыз Айтматов Жазуучулар Бирлигинин Башкармасынын жана Президиумунун мүчөсү, Токтоболот Абдымомунов (1922-1992) Башкарманын Биринчи секретары, Шүкүрбек Бейшеналиев (1928-2001) менен Сүйүнбай Эралиев (1921) жөнөкөй секретары болуп шайланды.

Т. Абдымомунов буга чейин партия мүчөлүгүнө өтпөй, бир айлыктуу кызматта иштебей, үстөккө-босток пьесалар жазып жана театрларга тынымсыз койдуруп, ошонун аркасы менен үй-бүлөсүн муңдурбай багып, мыкты драматург деген атка конуп жүргөн эркин калемгер эле.

Арийне, совет доору бүткөнчө ар кандай билимдүү киши кандайдыр бир мамлекеттик жооптуу кызматка дайындалыш же "шайланыш" үчүн Коммунисттик партиянын мүчөсү болууга тийиш эле. Партияга өтпөй жүргөнүнө караганда, Т. Абдумомунов партиялык, өкүмөттүк, коомдук (чала саясий) кызматтар аткаруу жана карьера жасоо максатын көздөбөгөн сыяктуу. Бирок дал ошол тушта мурдагы Маданият министри Абдыкайыр Казакбаев Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин (кыскартмасы - Кыргызстан КП БКнын) үчүнчү (идеологиялык иштер боюнча) секретары боло калып, өзү баштатан колдоп жүргөн жердеши, уруулаш тууганы Т. Абдумомуновду апыл-тапыл партия мүчөлүгүнө өткөрүп, жазуучулар Бирлиги Башкармасынын биринчи секретары кылып "шайлатып" салды.

Советтик эл башкаруу аппаратынын республикалык бийик баскычтарына көтөрүлөр замат тыңыраак билимдүү туугандарын, жердештерин, дос-жарларын мамлекеттик жакшы кызматтарга дайындап жиберүү кыргыз чиновниктеринин көнүмүш адаты эле. А. Казакбаев да сөздө дегеле чынчыл, адилет, принциптүү коммунист көрүнүп, кадр тандоого келгенде уруучул, жердешчил, ашыначыл бойдон кала берген типтүү партократ эле.

Кыргызстан Жазуучулар Бирлигинин Т.Абдымомуновго орунбасарлар сыяктуу эки секретарынын бири Ш.Бейшеналиев студент чагында (1950) эле партияга өтүүгө үлгүргөн, Кыргыз педагогика институтун бүтүргөн соң балдар үчүн кыргызча адабий журналдын жана жаштар үчүн саясий газетанын баш редактору, Кыргызстан Ленинчил Коммунист Жаштар Бирлигинин Борбордук Комитетинин үчүнчү (идеологиялык иштер боюнча) секретары болуп иштеп келген.

Ч.Айтматов менен бир мезгилде адабият майданына кирген Ш.Бейшеналиев "Жамийла" жарыяланган маалда балдар үчүн эки повесттин жана бир аңгемелер жыйнагынын, чоңдор үчүн эки пьесанын жана бир романдын автору болууга жетишкен. Айрым чыгармалары орусчага, чет тилдерге которулуп жарык көргөн. Ал кыргыз билимдүү журтуна жана Москванын адабият чөйрөсүнө балдар жазуучусу катары көбүрөөк тааныла баштаган.

Ш.Бейшеналиев тубаса акылдуу, саясат жаатында карьера жасоого абдан жөндөмдүү, алда канча жылдыздуу жигит эле. Тырышчаак, иштерман, өжөр да болучу. Бирок аны жаркыраган жазуучулук таланттын, терең адабий билимдин, назик эстетикалык табиттин ээси деп айтыш кыйын эле. Анткен менен кур дымагы күчтүүлүгүнөн өзүн Ч.Айтматовдон кем калышпаган мыкты жазуучумун дегендей кыязда жүрүүчү.

Өзүнө курдаш Ч.Айтматовдун күтүүсүздөн атылып чыгып, дүйнөлүк атак алып кетиши улуттук адабий чөйрөдө чыгаан жаш жазуучу деп саналган Ш.Бейшеналиевдин дымагына камчыдай чабылып, атаандаштык жана күнүчүлдүк туйгуларын козгоп жиберди окшобойбу. Ал өзү теңдүү калемдешинин ийгиликтен ийгиликке жетип атканын калыс кабылдай албагандыктан аны менен ымалалашуу, жакындашуу, биримдикке келүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланбай, ага сыртын салуу позициясына өттү.

Ш.Бейшеналиев менен бирге Жазуучулар Бирлиги башкармасынын жөнөкөй "секретарлыгына" шайлангыча С.Эралиев Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, аяктан партия мүчөлүгүнө өтүп аман кайткан, согуштан соңку жылдары областтык саясий гезитинин редакциясында иштеген, анан Москвадагы эки жылдык партия мектебин бүтүргөн, андан соң республикалык "Кыргызстан пионери" газетасынын баш редактору болуп турган жазуучу эле.

С.Эралиев согуштан кийин келечектүү жаш акын катары белгилүү кыргыз журтуна таанылган, 1950-жылдардын орто ченинде көлөмдүү "Акмөөр" дастанын өрнөктүү жазып, улуу орус совет акыны А.Твардовскийдин "Василий Теркин" аттуу классикалык поэмасын эң сонун кыргызчалап коюп, натыйжада кыргыз поэзиясын жаратуучулардын алдыңкы катарына суурулуп чыккан да, ыр кадырын билген окурмандардын, айрыкча акындыкка талапкер жаштардын сүйгүнчүгүнө айланган.

Кары-жаш калемдештеринин ичинен Ч.Айтматовдун жакшы көргөн, сыйлаган, ишенген кишиси С.Эралиев эле. Сыягы ал, экөөнү жердештик ынтымак жана өз ара адамдык симпатия гана эмес, адабий чыгармачылыкка көз караштардын жакындыгы да ынак кылса керек.

Жазуучулар Бирлигинин 1954-жылы "шайланган" секретарлары бир жакадан баш чыгарган жетекчилер болгон эмес. Алар өз ара тил табыша албаган, бирин бири жактырбаган кишилер эле. Маселен, С.Эралиев менен Ш.Бейшеналиев кырды бычак болучу. Бул экөөнүн өз кезегинде Т.Абдымомунов менен ынтымагы жок эле. Ырас, Токтоболот Абдымомунович көбүнчө жогорку партиялык бийликтин айтканын айткандай аткарууга, жаатташкан группалардын бир жагына кошулбоого, өзү башкарган уюмда чыр-чатактарды ырбатпоого бар күчүн жумшап, талаш-тартыштарда калыс пикирлерин чечкиндүү айтпай, мүлтүлдөп туруп алчу. Ошон үчүн аны С.Эралиев менен Ш.Бейшеналиев түгүл, башка жазуучулар да "самындын алкындысындай колдон жылмышкан неме" деп жаман көрүшчү.

Ырас, 1954-61-жылдары Жазуучулар Бирлиги чуулгандуу чыр-чатактарга чарпылбай тынч иштеди. Албетте, жазуучулар арасында мурдатан жашап келген карама-каршылыктар таптакыр өчүп калбастан, күлгө көмүлгөн ысык кордой көмүскөдө кызарып жаткан эле. Үстүнө отун, астына тамызгы ташталса ал кор алоолоп жанууга даяр эле.

Ал учурда Ч.Айтматов кызмат жагынан көтөрүлүү, жаңы чыгармалар жазуу, Ленин сыйлыгына жетүү аракетине байланып, калемдештеринин ичинде кандай карым-катыштар өкүм сүрүп жатканы менен иши деле болбоду. Анткен менен аны жеке өзү болбосо да, дүңгүрөгөн атак-даңкы кары-жаш жазуучулардын көпчүлүгүн өзүнө куду магниттей тарта баштады.

Кыргыз жазуучуларынын катары 1955-65-жылдар аралыгында өз убагынын таалим-тарбия стандартына шайкеш орто жана жогорку билим алган, орус тилин жана орусча адабият дөөлөттөрүн дурус өздөштүргөн, бир аз жумшарган тоталитар режимдин шарттарында эркин ойлоого жана жаңыча жазууга куштарланган жаштар менен толукталган эле. Алардын арасында кийинчерээк көрүнүктүү көркөм сөз чебери боло алган Төлөгөн Касымбеков (1931-ж. т.) Ашым Жакыпбеков (1935-1997), Мар Байжиев (1935), Бексултан Жакиев (1936), Мурза Гапаров (1936-2002), Кеңеш Жусупов (1937), Жолон Мамытов (1940-1988), Турар Кожомбердиев (1941-1989), Кубатбек Жусубалиев (1941) бар эле. Булардын дээрлик баары биринчи ирээтте мактоо эшитүү үмүтүнө жана колдоо алуу тилегине жетеленгенден Чыңгыз Төрөкуловичке имерчиктей баштады. Өз кезегинде ал киши артынан жаңы муун калемдештер дүркүрөп өсүп келатканына кубанып, аларга салмактуу, өтүмдүү касиет алган кеп-сөзү менен көмөк көрсөттү.

А мезгилдин жашамал жазуучуларынан таанымал акындар Темиркул Үмөталиев (1908-1991), Түмөнбай Байзаков (1920-1984), Сооронбай Жусуев (1925), белгилүү кара сөзчү Касым Каимов (1926-1989), беделдүү котормочу Олжобай Орозбаев (1919) Ч. Айтматовдун тарапкерлерине айланды. Ал эми философиянын эстетика тармагы боюнча адиси Азиз Салиев (1925-ж.т.; 1953-58-жылдары Кыргызстан Жазуучулар Бирлигинин төрагасы болгон), көрүнүктүү адабиятчылар Кеңешбек Асаналиев (1928), Мухтар Борбугулов (1930), Камбаралы Бобулов Чыңгыз Төрөкуловичтин жалындуу жактоочулары да, мактоочулары да болгон.

Жазуучулар жамаатында өзүнөн өзү курала баштаган ушул группага А.Токомбаевден башка бир жазуучу менен жоолашпаган, өмүрүндө партияга же профсоюзга мүчө болбогон, саясий же адабий таймаштарга аралашпаган кадырлуу романчы Түгөлбай Сыдыкбеков (1912-1997) да ыктап жүрдү.

Дал ошол мезгил ченде Кыргызстандын партиялык-өкмөттүк бийлигинин эң жогорку баскычында Жазуучулар Бирлигинин иш-аракетине кыйыр тиешеси бар саясий өзгөрүш ортого чыкты. Тактап айтканда, 1961-жылдын күзүндө 1950-жылдан бери Кыргызстан КП БКнын Биринчи секретары (республиканын эң башкы саясий лидери) мансабын ээлеп келген Исхак Раззаковдун ордуна Турдакун Усубалиев келди.

Ушуга байланыштуу жазуучулар арасында Шүкүрбек Бейшеналиевич Турдакун Усубалиевичке жердеш катары ымалашып жүргөн жакын киши гана эмес, жакшы көргөн, жогору баалаган сүйгүнчүк жазуучу да имиш деген күбүр-шыбыр айтыла баштады. Бул имиштин чын экени көп убакыт өтпөй эле айкындалды.

Жогорку адабият курстарында окуган учурда Ч.Айтматовдун чыгармачылык жактан күтүүсүз көкөлөп кеткени дымактуу кыргыз жазуучуларын ошол окуу жайынан окуп келүүгө элеп-желеп куштар кылды. Алар, сыягы аталган окуу жайынан эки жыл окусак эле Чыңгыз сыяктуу жарк этип жаңырып чыга келебиз дегендей иллюзияга азгырылды көрүнөт. Алардын ичинен биринчи озунуп чыкканы Ш.Бейшеналиев болду да, Жазуучулар Бирлигиндеги секретарлык кызматын таштап, өзү атаандашып жүргөн калемдешинин өрнөгүн кайталаш ниетинде Москавага окуганы кетти. Анын секретарлык орду окууга жөнөгөндө жок кылынып, окуусун бүтүп келгенде кайрадан калыбына келтирилип, өзүнө берилди. Албетте, советтик мыйзамдарга жана саясий традицияларга анча коошпогон мындай сейрек жакшылыкты республиканын биринчи лидери өзү аябай кадырлаган, жакын санаган кыйбас кишисине гана жасай алат эле.

Мурдараак бири бирине жат бойдон жүргөн Ш.Бейшеналиев менен Н.Байтемиров экөөнү Ч.Айтматовго карата атаандаштык ой-сезимдери жакындаштырып да, ынак кылып да жиберди. Кокустан табышкан эки доско аттуу-баштуу сынчылар Шаршенбек Үмөталиев (1926-ж.т.), Качкынбай Артыкбаев (1934), дагы башка калемгерлер ыктады. Алардын артында кыргыз коомунда да, республиканын саясий чөйрөсүндө да абдан чоң кадыр-баркы бар аксакал жазуучу Аалы Токомбаевдин (1904-1988) калдайган сөөлөтү турду.

Жазуучулардын Ч.Айтматовго имерчиктеген группасына каршы куралган бул группага кошулган калемгерлер азыраак эле. Бирок кээ бир активдүү "айтматовчулар" ошол чакан топко Кыргызстан КП БКнын аппараты колдоо көрсөтө турганын айтышчу а кезде. Алар республиканын партиялык-өкмөттүк жетекчилери отурган имаратка сөөмөй узатып: "Тигилердин күчү өздөрүндө эмес, тээтиги жогору жакта" - деп калышчу.

Аталган эки группанын арасында биринчи ачык кагылыш 1962-жылы болду. Ошол жылдын баш ченинде мурда көбүнчө орус классиктеринин чыгармаларын которуп жүргөн жазуучу Узакбай Абдукаимов (1909-1963) "Майдан" аттуу романынын биринчи китебин жарыкка чыгарды. Бул китепте Экинчи дүйнөлүк согуш убагындагы кан майданда болгон айрым окуялар, тылда калган элдин турмушундагы типтүү көрүнүштөр, жоокер кыргыздардын уруш учурундагы кылган-эткендери сүрөттөлгөн эле. Төрт жыл бою кан майдандын дал өзүндө жүрүп келген У.Абдукаимов көргөн-билгендерин бир кыйла чынчылдык жана чеберлик менен көркөмдөп жазган экен, анын романы жазуучулар жана окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынды.

Бирок "Майдан" романын эмнегедир Аалы Токомбаев "социалисттик реализм методун четке каккан чыгарма" деп таап, Кыргызстан КП Бкнын органы болгон саясий газетага "Майдан" романы жөнүндө учкай сөз" деген макала ("Советтик Кыргызстан", 1962, 11-март) жарыялады. Албетте, жаңы романга идеялык айыптар жабылышы жазуучулар арасында дуу-дуу кеп чыгарды.

А.Токомбаевдин "Майданга" каршы чабуул жасашынын себебин ал учурда карыя жазуучулар мындайча түшүндүрүп жүргөн. Көрсө, У.Абдукаимов өзүн да, өзүнүн тааныштарын да чыгармасына каармандар кылып киргизип ийиптир. Асыресе Аалы Токомбаевди Апсамат деген ат менен терс каарман түрүндө сүрөттөп салыптыр.

А.Токомбаевдин "Майданды" саясий жактан айыптаган макаласынан улам Жазуучулар Бирлигинин Биринчи секретары Т.Абдымомунов жазуучулар жамаатын баш коштуруп, романга талкуу уюштурду. Талкууда Ш.Бейшеналиев, Н.Байтемиров, М.Абдукаримов, Ш.Үмөталиев жана башкалар "Майданга" карата А.Токомбаев тутунган позициядан чыгып сүйлөштү. Ал эми А.Токомбаев менен көптөн бери жоолашып келаткан Т.Сыдыкбеков жана Т.Үмөталиев, ошондой эле С.Эралиев, О.Орозбаев, К.Асаналиев, К.Бобулов жана башкалар "Майданды" мактап-жактап коргоого алды. Албетте, ошол кезде чачынан көп иши бар Ч.Айтматовдун талкууга атайын келип, романга негизинен оң баа бериши талаш-тартыштын таразасын У.Абдукаимовдун пайдасына оодарды.

7. Башка жол менен

Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Коммитетинин Президиумунун Жазуучулар Бирлигинде тынчыбаган талаш-тартыштарды териштирген жыйыны, жаңылып калбасам, 1965-жылдын жаз маалында болду көрүнөт.

Жыйынга чакырылган жазуучулар анда ким эмне деп сүйлөгөнүн бир нече күн дүүлдөп кеп кылышты. Алардын айтканына караганда, партиялык-өкүмөттүк лидерлер аттуу-баштуу жазуучулардын коммунизм идеяларын көркөмдөп пропаганда кылуунун ордуна советтик калемгерлерге жарашпаган чыр-чатактар менен алпурушканын бир ооздон айыпташыптыр, группалык таймаштарга активдүү аралашкандардын бардыгы тең катуу уяткарышыптыр.

Чыңгыз Айтматовдун адресине да сылык-сыпаа сын пикирлер айтышыптыр. Айрым саясий жетекчилер Чыңгыз Төрөкуловичке жазуучулар арасында түгөнбөгөн жаңжалдардан дайыма оолак бол дегендей кеңеш беришиптир. Мисалы, Кыргызстандын ошол кездеги баш министри Болот Мамбетов мындай деген имиш: "Чыңгыз, сен азыр дүйнөгө атагың чыккан жазуучу болуп турасың. Бейшеналиев сен кармаша турган фигура эмес. Мейли, ага эки кызмат орду эмес, төртөө берилсин, баары бир ал сенин кылыңды кыйшайта албайт. Кайран убактыңды чыр-чатакка коротпой, колуңан келип турганда, сен жаңы чыгармаларды жаза бер. Калган жазуучулар өз ара кармаша берсин. Бирөөлөр сага обу жок катылса, сени коргоп калчу партия бар, өкүмөт бар."

(Ошол жыйында сүйлөнгөн сөздөрдүн кагазга түшүрүлгөнү да, азыр мамлекеттик архивде сакталып турганы да шексиз. Алардан үзүндүлөр келтирсек, абдан кызыктуу болор эле. Тилекке каршы, өкүмөттүк токтомго ылайык андай архивдик материалдардан пайдаланууга 50 жылдык мараторий жарыяланыптыр.)

Борбордук Комитеттин Президиумунун жыйынында партиялык-өкүмөттүк лидерлердин сүйлөгөндөрү чырдашкан жазуучулардын эки тарабын тең чочулатып койгон окшойт, ачык талаш-тартыштар кан буугандай токтоду. Бирок жазуучулар чөйрөсүндө имиш-имиштер тыйылган жок.

Маселен, кээ бирөөлөрдүн айтуусунча, Ч. Айтматов аябай сыйлаган, атүгүл өзүнө медер санап жүргөн билимдүү философ жана адабият сынчысы А.Салиев Чыңгыз Төрөкуловичтен оолактап кеткен имиш, себеби жергиликтүү партиялык босстор ага бир орден бердирмек болуптур, ошондой эле Кыргызстан Илимдер Академиясынын философия институтунун директорлугун убада кылыптыр. Ч. Айтматов баштаган жазуучулар тобун бир кыйла салмактуу, күчтүү кылып турган залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековду да Азиз Салиев бул топтон оолак жүрүңүз деп айнытыптыр, андан гөрө, ортодо калыс калып, төрт-беш томдук чыгармалар жыйнагыңызды чыгарып албайсызбы деп азгырыптыр.

Мен дал ошол учурда бир күнү Чыңгыз Төрөкуловичтин кабинетине кирип калдым. Жалгыз экен. Капалуу отуруптур. Бир аз андан-мындан сүйлөшкөн соң, Азиз Салиев жана Түгөлбай Сыдыкбеков жөнүндө жазуучулар арасында айтылып жүргөн имиштердин чын-калпын сураштырдым. Ал имиштердин негизи бар экенин ырастап, мындай деди:

- Адабияттагы жаңыдан өөрчүп келаткан агымга расмий басым-кысымга каршы тургандан алар баш тартышты. КПССтин Борбордук Комитетинде да, СССР Жазуучулар Союзунда да кыргыздан дагы жаңы адабий күчтөр чыгып келатат, алар жергиликтүү консерватор бийликтин өздөрү менен эсептешүүгө мажбур кыла алат дегендей ишеним калыптанып калган эле. Москвадан бизге колдоо көрсөтүлүп атса, мен таяна турган аттуу-баштуу кишилер жаныман качып кетпедиби. Эч качан кечирилбей турган чыккынчылык деп ушуну айтуу керек. Алар мени менен бирге болуу, биздеги сталинизм саркындыларына каршы күрөшүү машакаттуу иш экенин билип, четке чыга беришти. Чынында өткөн жогорку партиялык жыйналышта биз, адабиятыбыздын жаңылышын жактаган жазуучулар жеңилип калдык. Мага эмне, башка жакка кетип калып деле жан багып кетем. Бирок менин артыман силер келатпайсыңарбы. Биздин жаштар деле башка элдердин жаш жазуучуларындай эле эркин ойлоого, турмушту жаңыча сүрөттөөгө, адабиятыбызды жаңылоого акылуу. Бирок бизде чыгармачылык изденүү жагынан жок дегенде Москвадагыдай эркиндик берилбей жатпайбы. Биздин чоңдор Пападан ашып түшкөн Папа болуп турушат ко.

Чыңгыз Төрөкулович ушундай мааниде узакка сүйлөдү. Анын чын жүрөктөн чыккан күйүттүү монологу менин көңүлүмдү козгоп жиберди. Мен а кишинин кабинетинен уйгу-туйгу ой-сезимдер менен айрылып, эки-үч күндөй ошол монологдун таасиринде жүрдүм.

Сыягы, сөз болуп жаткан партиялык жыйында өзүнүн адресине айтылган сын пикирлер жана акыл-насааттар, ошондой эле кадыр-барктуу тарапкерлеринин жанынан качып кеткени Чыңгыз Төрөкуловичти олуттуу ойлонтуп, келечек өмүрүндө өзүн кандай алып жүрүүнүн, чыгармачылык жумушунда кандай жол менен илгерилөөнүн стратегиясы менен тактикасын аныктоого аргасыз кылды шекилди.

Менин болжолумда, ал өз жүрүм-турумун, кеп-сөзүн, коомдук окуяларга реакциясын ыктыярынча (стихиялуу) агытып коё бербей, карандай акылга жана таамай эсепке таяндыруу зарыл экенин түшүндү.

Биринчиден, жергиликтүү бийликке толук бойдон багынычтуу кыргыз жазуучуларына чындык, адилеттик, прогресс үчүн күрөштө ишенүүгө да, сүйлөөгө да болбой турганына анын көзү жетти. Акыйкатта да калемдештеринин өз ара биргелешүүлөрүнө, талаш-тартыштарына аралашуудан анча деле пайда тапмак эмес.

Ошондон кийин Чыңгыз Төрөкулович кыргыз жазуучуларынын арасында анда-санда чыгып турган чыр-чатактардан боюн ала качып туруп алды. Атүгүл кыргыз адабиятында эмнелер жазылып, эмнелер жарыяланып атканына кызыккан жок. 1970-жылдардын аягында ал менден мындай деп сурады: "Кандай дурус чыгармалар жазылды? Деги бүткүл союздук аренага атырылып чыга турган жаштарыбыз барбы?" "Жок, артыңыздан чаң чыгарып кубалап бараткан бирөө да жок азырынча, сиз атыңызды алчылантып чаба берсеңиз болот."

Дүйнөгө атагы кенен жайылган улуу сүрөткердин жарыгы менен жаркырап көрүнгүсү келген ортосаар жазуучулар көбөйдү. Алар китептерин сөзсүз Ч. Айтматовдун киришсөзү менен чыгарууга элеп-желеп жанталашты. Албетте, алардын чала бышкан нандай кам чыгармаларын окуганга да, мактап бирдеме жазганга да улуу сүрөткердин чолосу тийбейт эле. Бирок ал ошондой оңбогон омуроолуу калемгерлердин демитүүлөрүнө туруштук бере албады. Ким өз китебине өзү киришсөз жазып келсе, ага Чыңгыз Төрөкулович өз макаласы сыяктантып колтамгасын салып коё берди.

Баса, ушул көнүп алган адатынын күүсү менен а киши бир сапар жазуучу аттуу дегеле барбай турган ишке барып ийбедиби. Бир күнү анын киришсөзү менен куду өзүнүн чыгармачылыгына арналган монография (автору - Абдылдажан Акматалиев) жарыкка чыгып кетпеспи! Эгер Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндөгү орусча чыккан монографиялардын бирине "ушу менин жазгандарымды талдоого алган китеп жакшы жазылыптыр" дегендей мааниде киришсөз жазса, андай киришсөз монографиянын баш жагында чыгып кетсе, орус билимдүүлөрү оозунан башка жагы менен күлмөк. Ал эми билимдүү кыргыздар Чыңгыз Төрөкуловичтин өзү жөнүндөгү китепке киришсөз жазганын капарына да алган жок, эре-төрө да көргөн жок. Биздин интеллигенциянын элеттик табияты, жакшы-жаманды ылгай албагандыгы, ахлактык дүлөйлүгү ушундан дагы бир жолу билинди.

Экинчиден, аталган партиялык жыйындан кийин Чыңгыз Төрөкулович Москванын эң жогорку саясий элитасынын өзүнө карата симпатиясын сактап калуу жана арбытуу бардыгынан маанилүү деп туюнду окшобойбу. Ал эми КПСС Борбордук Комитетинин аппаратында гана эмес, саясий бюросунда да ага сүймөнчүлүк менен карагандар бар экенин ошо кезде биздин кээ бир жазуучулар айтып жүрүшчү. Бул имиштин чындыгы бары атактуу орус кинорежиссёру Андрей Кончаловскийдин мемуар китебиндеги төмөнкү үзүндү аркылуу ырасталды: "Мен биринчи мугалим" фильмин тартууга киришерде Кыргызстандын көп жерин кыдырдым. Бул өлкөнүн өзүн тааныйын, музыкасын сезейин, рухуна чөгөйүн деп ошенттим. Эски ырчылардын ырдаганын тыңдадым, кыргыз боз үйүндө уктадым, аракка аралаштырып кымыз ичтим. Фильм жарымдай тартылып калганда Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Усубалиев менен сүйлөшүп атып мындай дедим:

- Мен бул сапар чыныгы кыргыз картинасын тартсам деп көксөп атам. "Андрей Рублев" фильминин сценарийин жазганда чыныгы орус фильминин сценарийин жазайын деп күч үрөгөн элем.

Ал мага кыртышы сүйбөгөн түр менен карап:

- Сиз чыныгы советтик картинаны тартууга тийишсиз, - деди.

Өңүнөн мени жактырбаганы билинди. Мен, балким, айтылбай турган сөздү айтып ийгендирмин? Кыргыз картинасын тартайын деген тилектин кандай жаманчылыгы бар? Мен анда тигиндей жооптун жөн-жайын түшүнбөй калгамын.

Арийне, мен анда советтик кинодо тартууга такыр улуксат кылынбаган кадрларды тартып койгон элем. Фильмде жамгыр жаап атканда Алтынайдын дайрага жылаңачтанып киргени бар эле. Ал эми мусулман өлкөсүндө аял киши бетин чүмкөбөй жүрө албайт эмеспи. Ырас, кыргыз элинде башка мусулман калктардыкына караганда салттар бир кыйла жумшагыраак. Кыргыз аялы эч качан паранжыга чүмкөнгөн эмес. Бирок исламдын кайсы жерде болбосун ислам бойдон кала берери да айдан ачык.

Ал учурда өкүм сүргөн тартип боюнча, улуттук республикаларда тартылган кино картиналар адегенде жергиликтүү бийлик тарабынан кабыл алынып, анан Москвага жөнөтүлчү. Кыргызстандын партиялык бийлиги кабыл албай койду. Тартылып бүтөр замат эле "Биринчи мугалим" фильмин көмүскөгө катып салышты. Анын экранга коё берилиш маселеси тилге алынган да жок.

Эмне болуп атканына акылым жетпей маң болдум. Башыма чокмордой бирдеме даңк урулгандай эсеңгиреп калдым. Тиги жерин кыркып сал, жылаңач аял бар кадрды жогот дешти. Мен эч жерин оңдобойм деп көшөрдүм.

Кыргызстан кино комитетинин төрагасы ал кезде Шаршен Усубалиев деген мыкты киши эле. Ал мени колдоп, жактап чыгып, өтө опурталдуу умтулуш жасады. Кызматынан кулап калышы мүмкүн эле (бир аз кийинчерээк ошондой эле болду). Ал картинаны мактап, экранга чыгарыш керек деп туруп алды. Ырас, Чыңгыз Айтматовдон колдоо табарына ишенгендиктен ошентип көгөрдү. Айтматовдун сөзү республикада өтө салмактуу болчу. Ал эми Шаршендин Борбордук Комитетте отурган фамилиялаш адашы фильмди кабыл алдырбай каарданып турду.

Айтматов Советтер Бирлигинин Коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетине, Сусловго кирип барды. Дал ошол маалда Москвага Фрунзеден (азыркы Бишкектен) кыргыз элин маданиятсыз, жапайы кылып көрсөткөн идеясы бузук картина жөнүндө кат да жетип келген экен.

- Биз сизди ыза кылдыра койбойбуз, - дептир Суслов. - Эгер Кыргызстан (Коммунисттер партиясынын) Борбордук Комитети илгери кыргыздар жапайы болгон эмес деп ойлосо, анда революцияны жасабаш керек эле деген тыянак чыкпайт бекен?

Картинанын элге көрсөтүлүшүнө уруксат берилди. Бирок ушундай болгуча бир жыл өтүп кетти".

Арийне, М. А. Суслов Хрущев кулатылгандан соңку мезгилдеги Советтер Бирлигинин башкы идеологиялык жетекчиси, экинчи орунда турган саясий лидер эле. Ошол догматик, консерватор, сталинчил деп эсептелген киши Кыргызстандын партиялык жолбашчыларына караганда алда канча либерал болгон экен. Албетте, Сусловдой кишинин колдоосу Ч. Айтматов үчүн табылгыс олжо эле.

Москванын саясий жана интеллектуалдык элитасынын урмат-сыйына, колдоосуна арзыган Чыңгыз Төрөкулович Кыргызстандын партиялык-өкүмөттүк лидерлерин анча тоотпой койсо деле болмок. Бирок бул лидерлер Москвага канчалык көз каранды болсо да автономиялуу күчү бардыгынан өз граждандарынын машайагын да наам, сыймык, мансап жактан аксатып коюуга жарамдуу эле. Муну түшүнгөн Чыңгыз Төрөкулович жергиликтүү бийлик менен басташпай, бой тирешпей, эсептешүү да, кызматташуу да керек экен деген бүтүмгө келди окшобойбу.

Кыскасы, бир канча ички-тышкы себептер, түрткүлөр, факторлор Чыңгыз Айтматовду Кыргызстандын ичинде коомдук илгерилеш, акыйкат, адилеттик үчүн күрөшкө тикелей катышуудан айнытты. Анын адамдык тагдыры, жазуучулук жолу, саясаттагы иш-аракети да мурдагыдан башкараак багытка түштү. Бул багытта арыткан сапарынын натыйжалары өз алдынча сөз болууга муктаж.

Салижан ЖИГИТОВ

«Бишкек-Times» гезитине жарыяланган, № 13. 02. 09. 2004-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз