Михаил Зощенко: Продукциянын сапаты

  • 31.05.2021
  • 3211

АҢГЕМЕ

Менин тааныштарымдыкында, Гусевдердикинде, Берлинден келген немис жашады. Бөлмө жалдап, эки айга жакын турду. Кандайдыр бир бейтааныш же башка бир майда улуттан да эмес, Берлинден келген чыныгы немис эле. Орусча ооз ача албайт. Үй ээлери менен жаңсашып түшүнүшчү.

Бул немис чынында өтө жакшы кийинчү. Ич кийимдери таптаза. Шымдары тептегиз. Ашыкча эч нерсе жок. Тим эле сүрөттөгүдөй.

Бул немис кетерде үй ээлерине анча-мынча нерселерди калтырды. Бир топ чет элдик буюм-тайымдар. Ар түрдүү майда айнек идиштер, кийимдердин жакалары, кутучалар. Мындан тышкары эки жуп кальсон. Жана да эч кандай жыртыгы жок свитер. Ал эми ар түрдүү эркектер, аялдар пайдаланар майда буюмдарды эсептеп да болбойт.

Мына ушулардын бардыгы чогултулуп кол жуугучтун жанында, бурчта жатты.

Кожейке, мадам Гусева, таза, өзүн туура тутуп жүргөн ургачы, ал жөнүндө андай-мындай деш болбойт, немис кетер алдында ага – эми, битте-дритте, чет өлкөлүк продукцияны анча-мынча калтыруу жагы кандай болоруна шек бергендей болду.

Немис башын ийкеп, битте-дритте, мейли алыңыз, сөз жок, өкүнө турган эч нерсе жок деди.

Тезинен үй ээлери калтырылган продукцияларды карай башташты. Ал тургай Гусев өзү буюмдардын такталган тизмесин түздү да боло турган иш, шарт эле свитерди өзүнө ыйгара койду жана кальсонду алды.

Мындан кийин эки жума колуна кальсондорду алып басып жүрдү. Баарына көрсөттү, немистик сапатты мактагандыгын жана аны менен сыймыктангандыгын айтып да мүмкүн эмес.

А чынында кийимдер кийилип калганы менен, мындай айтканда, араң кармалып турган, бирок сөз жок – тиктегенге жагымдуу, нагыз чет элдик товар.

Анан да калтырылган буюмдардын арасында флягага окшогон, кыскасы, порошогу менен жакшы эле чоңурак банка бар эле. Порошок роза түспөл, майда болчу. Жыты да жакшынакай, роза да эмес, лориган да эмес.

Кубануулардын жана толкундануулардын биринчи күндөрүнөн кийин Гусевдер бул эмне порошок экенин байкаштыра башташты. Жытташты, даамдашты, отко да чачып көрүштү, бирок эмне экенин баары бир биле алышпады.

Кабат үйдө жашагандардын бардыгына алып барышты, жогорку окуу жайдагыларга жана ар түрдүү интеллигенция өкүлдөрүнө көрсөтүштү, бирок андан жыйынтык чыккан жок.

Көптөрү бул жөн эле пудра дешти, а кээси жаңы гана төрөлгөн немис балдарына себе турган майда немис талькы экендигине сыпаттама беришти.

Гусев айтат:

- Майда немис талькы мага эч керек эмес. Азыр гана төрөлгөн бала менде жок. Бул пудра эле болот. Ар бир жолу сакалымы алгандан кийин мен себинип турайын. Жашоодо кур дегенде бир жолу маданияттуу жашаш керек.

Ал сакалын алып пудраны себине баштады. Ар бир сакал алгандан кийин кызыл жүздүү тартып, нурданып жөн эле жыпар жыт аңкып жүрдү.

Ар тараптан, албетте, суктануулар жана суроолор. Бул жерден Гусев чындыгында немис өндүрүшүн колдоп жатты. Немис товарын көп жана ашыра мактады.

Канча жыл дейт, орустун ар түрдүү таштанды сыяктуу буюмдарын пайдаланып өзүмдү кор кылып жүрүп, акыры мына жеттим. Эми качан дейт, бул пудра түгөнсө, чынында эле эмне кылышымды билбеймин. Жазып жатып болсо да дагы бир банка алууга туура келет. Чынында өтө укмуш товар. Ушунчалык жан дилимден эс алам.

Бир айдан кийин качан пудра аягына чыгайын деп калган мезгилде Гусевдердикине мейманга бир тааныш интеллигент келди. Кечки чай убагында ал баягы банканын сыртын окуп калды.

Көрсө, бул битти жок кылар немистик каражат экен.

Албетте, башка, анча куунак жүрбөгөн адам болсо бул абалда өтө көңүлү чөгүп калмак. Ал тургай анча куунак жүрбөгөн адамдын бети-башы бозала болуп, чүнчүп калышы мүмкүн. А Гусев андай адам эмес болчу.

- Мен муну түшүнөм, - деди ал. - Мына продукциянын сапаты! Мына жетишкендик. Мындай товарды чындыгында четке кага албайсың. Кааласаң бетиңе сеп, кааласаң битке сеп! Бардыгына жарайт. А бизде эмне?

Мында Гусев дагы бир жолу немис өндүрүшүн мактап мындай деди: - Тикте-еп көрүп бул эмне дейм да? Толук бир айдан бери бетиме себинем, бир да бит мени чаккан жок. Аялымы, мадам Гусеваны чагат. Балдарым керели кечке тынымсыз тырманып жүрүшөт. Итим Нинка да кашыланат. А мен, билесиңерби, эмне болсо да тынч эле жүрөм. Акыйкатында чага тургандарга бул продукциянын таасир эткендиги байкалат. Мына ушул чындык...

Азыр Гусевдин порошогу түгөндү. Эми аны бит кайра чага башташы мүмкүн.

1927-жылы жазылган.

Которгон Кубанычбек АБДЫРАЗАКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз