Жаныбек Маданбек: Манас урпагы

"РухЭш" сайтынын жалпы окурмандарына учурда Европада жашап, эмгектенген мекендештердин каржылык колдоосу менен жакында жарыкка чыга турган кытайлык кыргыз акыны Жаныбек Маданбектин "Буттан бүткөн сыр дүйнө" аттуу басмага даярдалып жаткан жаңы китебинен ыршиңгил тартуулайбыз...

(Баллада)

1

Мас болбой жалган-төгүнгө,
Маанилүү жаша өмүрдө.
Мактаныч, сыймык, туу болуп,
Манасың турса төрүңдө.

Аргы жел айдап күбүлбө,
Ар убак өздөн түңүлбө.
Айтылуу нагыз урпактын
Айтматов жатат үйүндө.

Кыштооңон түтүн өчсө да,
Кыргыздар шаарга көчсө да,
«Өнөр алды кызыл тил» –
Өкүнтсө да... өпсө да.

Карыдан нуска сыр укпай,
Кан-жанга сиңээр ыр укпай,
Каймыгып калсаң өлгөнүң
Кайнаган шаарда дудуктай.

«Делбе суудан» ичип көр,
Деңизге барып түшүп көр,
Денеңди кабат жат көрүп,
Дельфиндей алжоо күчүктөр!

«Энеси тепкен кулундун
Эти оорубайт» – туюнгун.
Өз насилин өөп-жыттап,
Өзү тааныйт мурундун.

Кубулжуп ыр-бий үндөрү,
Курчаса эфир дүйнөнү;
Койнуңан күнүң чыкпайбы,
Комузду чертсең үйдөгү.

Картаңдар бизге кеңешет:
«Кар кылмак беле келечек?
Кадимден улут белгиси
Калпак, бөрүк, элечек...»

Кайгысын ата-эненин
Каалоосун айтып беремин.
«Каада-салт, тилин унутпай,
Калса экен артта береним...».

Кишиге башты ийсең да,
Кийимин элдин кийсең да,
Кирдетпей өз эл санатын
Кимдигиңди бил сен да.

Өткөнгө кулак төшөгүн,
«Өз», «жаты» болот көчөнүн.
«Өш!» десе да, «чөк!» десе –
Өз элиң – өлөң төшөгүң.

Өтсө да сөөктөн сөзү эчен,
Өлтүрбөйт экен, сөөйт экен.
Өлсөң да, өмүр сүрсөң да –
Өз деген чиркин өз экен!

2

Жат тилин билбей мен келем,
Жан-дилин сезбей сенделем.
Кысынат моюн күнү-түн,
Кыйырга жетпей сермеген.
Кыскарып адым... үмүтүм,
Кыроолоп башым тердеген.

Калемгер элем айылда,
Кайрылчуу эл-журт дайым маа.
Кылоолоп калем желчүмүн,
Кырчын жаштык шаңында.
Кысат бут жаңы өтүгүм,
Кыймылдын, элдин чаңында.

Айырмам кайсы кереңден?
А, дудук эмес элем мен.
Үмүттүү акын кылса да,
Үйрөнгөн тилим энемден;
Сабатсыз болуп бул шаарда,
Сан эшик түртүп келем мен.

Талаптуу акын мен элем,
Таланттуу жанмын дээр элем.
Шаарга кирсем шалдайып,
Шал болгон чалдай элейем.
Кабатты карап таңгалып,
Катарда үнсүз селейем.

Ак калпак кырдап кийсем да,
Айкөл эл тилин билсем да;
Бака, балык, чаян тил,
Бакылдап турса не чара?
Тоодогу булбул чечен тил,
Тар жерде болду бечара.

Кемеңгер элем талааман,
Келесоо болом калаадан.
Кеп сурайм жөнүн биле албай,
Кезиккен кичик баладан.
Кулпусун ачып кире албай,
Куурулат менин заманам.

Дел болом... сууга көнө албайм,
Дельфин, кит күнүн көрө албайм.
Үлгүсүн, ишин үйрөнүп,
Үйлөшүү жагын көп аңдайм.
Дельфинди туурап күүлөнүп,
Деңизге чөгүп өлө албайм.

Көп билген жакшы жат тилин,
Көп тилдүү болуу – нак билим.
Көчөдө келем калтаарып,
Көрнөгүн билбей аттигиң.
Кичирем, сынам жалтанып,
Кийсем да сонун ак кийим!...

Боордош казак-уйгурдун
Боорукер тилин туйдурдум.
Босого бийик, бой жапыз,
Боз тоодон келген туйгунмун.
Оюм жакын, жол алыс,
Ортодо калган кургурмун.

«Мамиле жакшы» билемин,
«Макул» деп башты ийемин.
Төрт чарчы жазган катты алып,
Төрөдөй жанга киремин.
Тирдиктен эмес, накта анык
Тилимен катты тилегим.

Компьютер чыгып ал эми,
Көрсөттү дагы балээни.
Тим эле башты жыдытты,
«Тизгин-чылбыр» алеги.
Көрө албай карап кызыкты,
Көзүмдүн талыйт кареги.

Оо, жараткан, жараткан,
Оорагым ушул талашкан!
Оозанган элем оболу,
Океян сындуу «Манастан».
Болгонсуйм «космос коногу»
Башкалар менен баратсам.

Кара жөө туман баспасын,
Кайгыдан кудай сактасын!
Каймыкпай эми улап кал,
Калкыңдын тилин, басмасын.
Эси жок маңкурт урпактар,
Энесин көзгө атпасын!

Уу жылаан кирсе «чык-чыктаар»,
Уясын коргоп чымчыктар.
Урпагы үчүн жан тиккен,
Ушунда улуу чындык бар.
Айбанда деле жок экен,
Адамдан чыкчуу шумдуктар.

Урпагы үчүн күйүттө,
Уясы куштун бийикте.
Умтулат коркпой зорлордон,
Уяга келип тийишсе...
Уялаар маңкурт болгондон
Уул-кыз муну билишсе?

Кыргызым – уям, улутум,
Кызыл тил өнөр, угутум!
Кенедей болсун, кем болсун,
Кете албайм танып мунусун!
Кайнап турат эй, досум,
Канымда Манас урухум!

Колуктума

Карачачтай акылдуу колуктум-ай,
Кайсы күнү сен буйруп жолуктуң-ай…
Казан асып, артымды бала басып,
Как ошондон мен бүтүн болупмун-ай.

Болсо дагы айыл бөлөк, уруу бөлөк,
Бойдо кызыл кан менен суру бөлөк,
Кара тору, чаар бет, серт болсо да,
Каражан каалаганын сулуу көрөт.

Окшосун окшобосун мүнөзүбүз,
Оң болсо болду пейил, тилегибиз.
Ойпоңго орноткон кыр дөбөчөнү
Опол тоо кыла турган бир өзүбүз.

Бар болсун же жок болсун бак-тагыбыз,
Байсалдуу болсо болду басканыбыз.
Бийик мамык төшөктү кайдан табам,
Бир жылуу жууркан болсун жапканыбыз.

Болбосо да бойдоку генибиз бир,
Болсо экен оюбуз бир, кебибиз бир.
Кайык минип, кайың саап күлүп өтсөк,
Кайсы олуя ал биздин теңибиздир?

Тең эмес болсо деле бойлорубуз,
Тең чыгып турса болду ойлорубуз.
Тиртеңдешип калышсак тетир карап,
Тийип жатсын төшөктөн жондорубуз…

Сулуу болсун, болбосун бул өңүбүз,
Согуп турсун сен, мен деп жүрөгүбүз.
Ааламды бүт суктантып таңдантаарбыз,
Алакандай жер болсо да түнөгүбүз.

Алачыктай болсо да түнөөрүбүз,
Ала жип, кара мышык күмөнүбүз.
Арабызда жок болсо, жайкалбайбы…
Сен экөөбүз бир сепкен үрөнүбүз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз