Михаил Зощенко: Кырсык

  • 19.06.2021
  • 3002

АҢГЕМЕ

Сасык Көлмө кыштагынын тургуну, фамилиясы Глотов Егор Иваныч деген киши ат сатып алам деп эки жыл акча чогултту. Жарытылуу тамак ичпей, махорка чеккенди да таштап койду, самогонду ичмек тургай, даамы кандай экенин унутту. Мындайча айтканда, тимеле бычак менен шылыгандай иш болду да: маа демектен өлтүрүп сал, самогондун даамы кандай эле – Егор Иванычтын түк эсинде жок.

Эстегиси келип эле турду албетте. Бирок эр экен атаңгөрү, чыдады. Анткени ат сатып алсам дегенде эки көзү төрт эле.

— Коё тур, ат сатып алайын, - дечү ал, - анан бастырам. Сабыр кыла тургула.

Ошентип бечара эки жыл ичпей-жебей акча чогултуп, үчүнчү жылга караганда жыйнаган акчасын санады да жолго камына баштады.

Чыгайын деп атса кошуна кыштактан бирөө келиптир, атымды сатат элем деп. Бирок Егор Иванович анын сунушун четке какты. Алтургай, чочуп да кетти. 

— Сен эмне, атакеси! — деди ал. — Мен эки жыл бою саман жедим – сатып алаар күндү күттүм. Анан эле сен келе калсаң мен атыңды ала коёт экенмин да. Сатып алганга деле окшошпой калат ко... Жо, сен мени чочутпа, үкөм. Мен андан көрө шаарга барайын. Чындап соодалашып ат алайын дегендей.

Ошентип Егор Иваныч жөнөмөй болду. Акчасын чулгоосуна ороп катты да өтүгүн кийди, колуна таяк алып жөнөп кетти.

Базарга кирери менен эле Егор Иваныч бир атты жактырды.

Бул карапайым дыйкан минчү курсагы чандайган жөнөкөй эле ат болчу. Өңү да башкачабы кандай, кургак топурак менен көңдү аралаштырып койгондой эле. 

Ээси болсо аты сатылабы, жокпу, ага түк кызыкпаган түр көрсөтө жанында кайдыгер карап турат.

Егор Иваныч бутунун бармагы менен өтүгүнүн ичиндеги акчаны сыйпалады да атка мээримдүү карап туруп минтти:

- Бул эми кандай кеп болду, тууганым, атыңды сатайын деген оюң барбы деги? 

- Аттыбы? — көңүлкош сурады сатарман. — Ооба, сатсамбы дегем, макул сатайын. Сатам да албетте.

Егор Иваныч да ат кереги жок адамдай түр көрсөткүсү келди, бирок чыдабай кетип сүйүнгөнүнөн жарк эте күлүп жиберди да минтти:

— Ат эми мага ушунчалык керек дейсиң, алтыным. Тимеле атка зар болуп турам, билсең. Муну сатып алам деп мен шордуу үч жыл бою жалаң бакал жедим. Мына ушундай керек болуп турат ат мага. Баса, атыңды канчага бересиң? Бирок болор жерин айт.  

Сатарман баасын айтты,  Егор Иванович болсо бул чын баасы эмес экенин, жөн эле сооданын жолу менен айтылганын билип турат, бирок талашкан жок. Атты жакшылап карай баштады.

Жанына жакын барып күтүлбөгөн жерден аттын көзүнө, кулактарынын ичине үйлөп, көздөрүн кысып, таңдайын шыкылдатып жатты, башын аттын тумшугуна жакындата бир эки курдай чулгап да алды, айтор, момун чобурдун жүрөгүн түшүрдү, жанатан бери былк этпеген шордуу кашаң акырындан, бирок Егор Ивановичке тийбегидей кылып тебине баштады.

Атты көрүп бүткөндөн соң Егор Иванович бутунун баш бармагы менен өтүгүндөгү акчаны дагы бир жолу сыйпалап алып, сатарманга көз кыса мындай деди:    

— Демек сатылат экен да... ат?

— Сатса болот, — деди тиги бир аз капалангансып.

— Ошондой дечи… Баасы эми канча болот? Аттынчы?

Тиги баасын айтты, анан соодалашмай башталды. Егор Иваныч өтүгүнүн кончун улам чапкылап коюп, аны эки жолу чечип акчасын алып чыкты, эки жолу кайра кийди, улам чокунуп коёт, көзүнөн жашын агыза алты жыл бою саман жегенин, атка абдан муктаж экенин безилдеп айтып турду. Ага жибиген сатарман болсо бааны аз-аздан ылдыйлата берди. Акыры наркын бычышты. 

— Мейли, алсаң ал, — деди саткан неме. — Ат жакшы. Сөөктүү, өңү да сонун, карасаң, тимеле кишини өзүнө тартып турат.

— Өңүбү… Ушул жагына, аттын өңүн айтам, менин шегим бар, — деди Егор Иваныч. — Өңү анчалык деле эмес… Дагы бир аз ылдыйлата түш.

— Өңүнүн сага не кереги бар? — деди ат саткан неме. — Эмне, өңүн ишке салмак белең?

Мындай жүйөөгө жеңилген Егор Иванович эмне дээрин билбей атты алактап бир карады да анан шапкесин жерге чапты, аны таманы менен тепселеп туруп бакырды:

— Мейличи анда, макул!

Анан ташка отура калып өтүгүн чечип, акчаны сууруп чыкты. Көпкө чейин кыйыла кайра-кайра санады, анан тескери карап акчаны сатарманга сунду. Анткени тигинин тарбайган манжалары анын акчасын санап жатканын чыдап карап тура албады.

Акыры сатарман акчаны санап бүтүп, аны шапкесине катты да эми сиз деп сылык кайрылды:

— Мына атыңыз… Жетелеп кете бериңиз…

Егор Иваныч атты жетелеп жөнөдү. Салтанаттуу, шаңдуу баратты, тилин таңдайына шыкылдата атты улам Маруська деп чыкырып коёт. Аянтты аралап өтүп, капталга кеткен жолго жеткенде гана анын жашоосунда бүгүн кандай чоң окуя болгонун түшүндү. Бир оокумда өзүнүн абдан билгичтик менен соодалашканын эстеп кетип, шапкесин башынан жулуп алды да жерге чаап, кубанганынан терисине батпай тебелеп кирди. Анан сүйүнгөнүнөн колдорун ары-бери шилтегилеп өзүнчө кобурай жолун улады:

— Алдым!.. Атты… Туй ата... Жанагы саткан неменин мээсин заматта айланттым ээ…

Өрөпкүгөн кубанычы кичине басаңдаганда Егор Иваныч мыйыгынан жыртайып ары-бери өтүп бараткандарды сатып алган атымды көргүлөчү дегендей ымдап чакырып, көз кыса баштады. Бирок адамдар ары-бери кайдыгер агылып өтүп жатышты.

— Көңүл улай турган деги бирөө жолукса экен… Жок дегенде бирди жарым тааныш-билиш чыга калсачы, — дегдеп турду Егор Иваныч.

Анан эле күтүлбөгөн жерден алыскы кыштактык өң тааныш бирөөнү көрүп калды.

— Дос! — кол булгалап кыйкырып жиберди Егор Иваныч. — Дос, бери келе калчы!

Аптапка күйгөн капкара киши жактырбагансып басып келди да саламдашпай эле атты карап туруп калды.

— Мына… Ушул атты сатып алдым! — деди Егор Иваныч.

— Атпы, — деди тиги анан эмне деп сурарын билбей кошумчалады: — Демек, сенде ат жок беле?

— Иштин баары ошондо болуп атпайбы, ардактуум, — деди Егор Иваныч, — атым жок болчу. Болсо жанымды жеп калп айтып не кылам… Жүрү, сага майлап бергим келип турат.

— Кылт этет экенбиз да? — ырсайды тиги. — Болот. Мунуң жакшы иш. Боло тургандын баары эле жакшы… «Ягодкага» кире калалыбы?

Егор Иваныч башын ийкеп, кончун тарс дедире чаап койду да атты жетелеп жөнөдү, жердеш болсо алдыга түшүп басты.

Бул дүйшөмбү күнү болчу. Ал эми шаршемби күнү эртеси Егор Иваныч кыштакка кайтты. Жетелеген аты жок эле. Жанагы капкара мужик аны немистердин айылына чейин узатып келди. 

— Сен капа боло бербе эми, — деди ал. — Атың жок болчу, аттай деле кебетеси жок болчу жанагы кырчаңгынын. Ичип коюпсуң, ошо да кеппи. Бирок дос, ошенткен менен бир жакшылап бастырып алдың да. Эстеп жүргөнгө жетеби.

Егор Иваныч сары шилекейин кылт жутуп коюп унчукпай баратты. Жердеши айыл четине жетип коштошо баштаганда Егор Иваныч эсине келгендей болуп акырын минтти:

— Мен, алтыным, эки жыл бою жалаң саман жедим эле... бекер кылыпмын...

Тиги ачуулана колун шилтеп, артка кайрылып кете берди.

— Токто! — күтүлбөгөн жерден бакырып жиберди Егор Иваныч. — Токто! Байкеси... алтыным!

— Эмне болду? — өкүм сурады тиги.

— Байкеси… ардактуум… үкөм, — деди Егор Иваныч кирпиктерин ирмеп. — Бул кандайча болуп кетти? Эки жыл бою бекер эле саман жептирмин да… Эмне үчүн... тиги... Эмне үчүн сатышат ушу вино дегенди?..

Жердеш колун шилтеди да шаарды көздөй жөнөдү.

Кыргызчалаган Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз