Айдарбек Сарманбетов: Акшакалдар!

  • 25.06.2021
  • 3500

АҢГЕМЕ

- И, баягы кудай алгыр чыкты, тигине, түз эле бизди көздөй келатат!- деп кол жаңдаган Осмондон улам олтургандардын бардыгы ал жаңсаган тарапка чочулай жалт карашты. Ал, Калыс экен. Тажатма Калыс, төмөнкү көчөдөн бери бурулуп, бул тарапка оолжуй басып келатыптыр. Эригип олтурушкан бул шериктерин көргөн шекилдүү. Көрөгөч эмеспи.

- Тим эле кой, дегеле, каадалуу эле киши...

- Тумшугуна “бирдеме” илинип калган го, чайпалат...

- Ушунун мурду дегеле жытчыл! - деди Муктар не суктанганы, не жактырбаганы билинбей, - Эми келип мазгибизди чагат, кой, мен кеттим...- деп олтурган жеринен чапчаң тура калып, шымынын көчүгүн күбүнө үйү тарапка жөнөй берди.

- Келсе эмне экен, ой! Корколубу, андан...- бу, тултук бет Турат болчу, дегеле эч качан эчтемеден кенебейт.- Ушу, жалгыз Калыстан качалыбы, төртөөбүз туруп! Же ал эмне, машаяк бекен?!

- Тантырап, баягысындай, баарыбыздын башыбызды оорутат дегени да...- кийинки кездери  намазга жыгылып, молдочалыш болуп жүргөн Акмат Муктарга жан тартымыш этип койду, артынан карап, экөө бөлө эмеспи.- Чын эле ошентет...

- Ошентсе эмне экен? Биз да ошентпей жаныбыз жокпу?! - Турат кара күчкө бакылдамыш этти. Өзү деле эмне кыларын билбей турган. Үйүнө барып, катынынын кажылдагын укканча Калысты эрмектегени жакшы эмеспи. Башка барар жер жок. Калгандары деле ошол, унчугушпады.

Күн шашке таяп калган. Ысык. Аңгыча Калыс да келип калды. Баарыга жакшы тааныш ачыткы жыт бур-р этти.

- И, кайрандар, олтурасыңар, катын ушактан айтышып! - Саламдашканга да жарабай кажылдай келип, түз эле жанараакта Муктар олтурган ташка оор энтиге олтура кетти. Бронхити бар болчу, басканда эле кышылдап, күйүгүп калат. Ага болбой тамекини үстөккө-босток тартат. - И-и, дагы эле президенттен баштап, мени менен бүтүрдүңөрбү кебиңерди? Улабайсыңарбы? Кана, кимде тамеки бар?

Ал жооп күтпөстөн Тураттын көйнөгүнүн төш чөнтөгүндө чети кылайып турган “Полёттун” көк кутусун шып ала коюп, бирин сууруп алып, ширеңке чагып кирди. Ансыз да кызыл жүзү күйүккөндөн ого бетер кызарып, чыңалып чыгыптыр. Уурулук үстүндө кармалгандай эч кими үндөгөн жок. Чынында эле ошентип олтурушкан, тиги баарын билет, сырдана эмеспи.

- Ой, неңди-и, сурап койбойсуңбу, жок дегенде, - Турат күйүнүмүш этти,- Тим эле кожоюн... өткөзүп койгонсуп...

- Эк, койчу, ушу сасык тамекини аяйсыңбы, эрте өлтүргөндөн башка пайдасы жок көк түтүндү аяп...- Калыс күйүккөнүнө карабай тамекиден чоң соруп, оозунан, барбайган таноосунан буркурата көк түтүндү үйлөдү,- Өх-х! Андан көрө уланткыла кебиңерди?..

Баары бири-бирин кирпиги алдынан астейдил карап алышты, эч кимисинин көңүлү жок, Калысты жактырбай турушту. Жакшы маанай менен жай олтурушту эле, баарын бузду.  Кете да алышпайт, биринчи туруп кетүүгө эч кимисинин эрки жетпеди. Антсең эле Калыстын кажылдагынан өлдүң дей бер! Жеп салат.

- Эмнени улантмак элек, баягы эле өткөн-кеткендерден кеп салып олтурдук  да...- деди арык Осмон көңүлсүз.- Баарыбыздын башыбыз ооруп калыптыр, жаза турган киши көрүнбөйт. Баш жазган – көр жазганга тете дешчи эле...- Өзүнүн баш оорусун жалпыныкы кыла айтты. Жанындагылары унчукан жок. “Баш жазмай” табылып калса эч кимисинин   качпасы белгилүү.

Калыс көк түтүндү буркурата үйлөп, адатынча кекээрлеп кирди:

- Ии де. Ушу силер.. мына, алдыңар сексенди таяп калдыңар, деги кимсиңер? - Баарын олурая карап, каадалуу суроо бергенсиди. Тигилер кептин төркүнүн түшүнбөй көз алдынан тиктешип, лам деп ооз ачышкан жок. Турат гана тил кайырганга жарады:

- Ким болмок элек, карыябыз, аксакалбыз...

- Ыя де, аксакалбыз деп, муну кара, каадалуу кишидей, акшакалсыңар силер! - Калыс жөндөн жөн эле жарылып кетти, жанындагы Туратка, баарына кол салып жиберчүдөй опурулуп. Чүкөдөй, сарычийкил Акмат жүлжүк көздөрүн кыбыңдатып:

- Ыншалла-а,- деп жиберди коркок билиш.- Кайсыл кара теке сүздү, ой, сени?

- Эмне, калппы?! Аксакалдар тетигил көк дөбөдө акыл айтып, санжыра, тарыхтан саймедиреп олтурушчу эмес беле каадалуу, өзүңөр көрүп-билип калдыңар...- Калыс кажылдагын баштады.- Силерчи?! Кара ташты минип алып, катын ушактан башка айтар  кебиңер жок! Кара башыңардан башканы ойлобойсуңар. Ким, канча акча тааптыр, “баш ооруп калыптыр” деп... Тим эле жанында көрүп-билип жүргөнсүп бу президент жеп кетти, качып кетти, тиги депутат, министир тигинтип сүйлөдү, минтип коюптур, баланча миллион доллары, билгизбей ээлеп алган жери бар экен деп... алардын баарын өзүңөр шайлабадыңар беле! Кайсыл депутат канча берет экен деп жабыла чуркап жүрбөдүңөр беле, дагеле ошентесиңер силер. Анан эмнеге аларды жамандайсыңар, жерден алып көргө салып... Эшегине жараша тушагы деген ошол! Кеп, өзүңөрдө!

- Биз эле бекенбиз, баары эле...- Осмон аны жактырбагансып, мурду алдынан күңкүлдөп, сөзүнүн аягын жутту.

Калгандары шылкыйып, үн чыгарганга жарабай жер тиктешти. Калыс канчалык кажылдаганы менен чынын айтат дегендердики туура. Опурулуп, кээде кепти таап айтат.

- Ошол! Баарыңар тең ошондойсуңар! Кеп ошондо болуп жатпайбы! Элди ойлосоңор боло, деги?! - Калыс кызууланды,- Заман бузулду, жерибиздин баары четинен чет элге кетип жатат, карызга батып, итке минип калдык, жаштарыбыз маңкурт болуп кетишти кыргыз тилин, салтты билбей деп, оозду куру чөп менен сүртүп олтурасыңар... Ой, ошонун баарына өзүңөр күнөөлүүсүңөр да! Элге акыл айткандын ордуна кимиси качан аш-той берет, эмне соёт экен, тигинин баласы, келини минтиптир, кайдан устукан, арак, акча чыга калар экен дегенден башка кебиңер жок. Аш-той десе дароо эмне союптур деп сурайсыңар. Анан кайдан оңолобуз?! - Калыс элирип, чындап алды. Манжаларында жанатан кыпчылып, өчүп калган тамекисинин түбүн да демейдегисиндей күйгүзүп алганга чамасы жетпей калды, - Карыялар акыл айтып, баарына жол көрсөтөт, элди тарбыялайт, ошондо эл оңолот, эл оңолсо бийлиги да, жашоо-турмуш да оң болот... Эл деген ар бир айылдан башталат. Айылга акыл айтпайсыңарбы! Кыргыздын жолу илгертеден ошондой. Элге берген тарбыя жок! Аны айтар аксакалдар жок! Мурда акыл алган гезит, китептерди күнүгө окушчу эле, азыр колуна бекер карматсаң да окушпайт, акыл айтсаң жаа бою качышат...

Такыр эле элирип кеткен Калыстын эми оңой менен токтобосун жакшы билген Акматтын чыдамы кетип, акырын ордунан турду, ошону эле күтүп жатышкансып калгандары да тура жөнөштү. Баары сумсайып, кулагын жапырып алышкан.

- Баарын былгытып коюшуп, анан тыңсынып калышат. Элдин кадырын, кунун кетиришкен өзүлөрү!..- Калыс аларга көңүл бурбай өзүнчө кыжынып, сүйлөнө берди. Чын эле элирмеси кармады, - Өздөрүнүн өлүмтүк жан экенин билишпей... тим эле аппак... Айылдагылары минтип, Бишкектегилери телевизор, гезиттерден тантып, карыганына карабай акча, бийлик, сыйлык талашып... Жол көрсөткөн бирөө жок. Буларды көргөн эл, жаштар эмне кылышат? Баарын бузуп бүтүштү, бу, акшакалдар!..

Ээрчишип, саал узай бергенде:

- Бул эми токтоно албай калды,- деди тыңсынгансып Турат,- Далайга чейин барат...

- Дегеле кой, бизге акыл айтып... өзүнө өзү айта берсин...- деп аны колдой кетти жандай басып бараткан Осмон.

- Эй, акшакалдар, кайда качтыңар?!.- деген Калыстын кекээр үнү арттан чыкты...- Менден качканыңар менен, өзүңөрдөн кача албайсыңар! Оңолгула!..

Эч ким ага батынып, сөз кайырган жок. Аны баары ич ара жамандап, жемелеп кетип баратышты...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз