Бярне Рейтер: Принцесса, Күн, Ай жана жылдыздар

  • 06.07.2021
  • 2696

Эчендеген жылдар мурда Кытайда байманасы ташыган бир император жашайт. Анын алтын-дилдеси менен көөхар-берметине асмандагы бардык жылдыздарды сатып алса да түгөнбөйт экен.

Императордун акчадан да кымбат дүйнөсү - Шан Вай Пан деген кызы бар болчу. Ал өз бөлмөсүнөн күнүнө эртең менен жана кечинде гана чыкчу. Кытайлыктардын айтышынча, принцесса сыртка чыкканда, анын сулуугун көргөн Күндүн жүзү таң эми аткандагыдай же уясына конгон кездегидей ач кызыл болуп  калчу экен.

Бир күнү император кызына кайрылды:

- Сен, Шан Вай Пан, жакында турмушка чыгууң керек. Мен өткөн түнү түш көрдүм. Түшүмдө сенин колуңду сурап келген бирөө сага дүйнөдөгү эң кымбат затты тартуу кылды.

Атасынын сөзүн уккан айчырайлуу принцесса башын салып, жер карады. Ордодогу бийкечтер менен айымдар императордун сөзүн угуп, кыткылыктап күлүштү, а мырзалар тамак кырып жөтөлдү.

Ошол эле күнү императордун кызы күйөө тандайт деген кат-кабар мамлекеттеги бардык жигиттерге жөнөтүлдү. Сынакка бактысын издеген бири экинчисинен ашкан сымбаттуу жигиттер алыстан да, жакындан да, өлкө кыйырынан да келишти. Алардын баары ордодогу эң чоң сарайга чогулганда килейген коңгуроо “каңк” урулуп, император жан-жөкөрлөрү менен пайда болгондо топтолгон эл күбүрөнүп-шыбыранып, бир толкуп алды. Бирок, принцесса Шан Вай Пан сарайга киргенде калайык-калк демин чыгарбай, тунжурап жымжырттык өкүм сүрдү. Мындай сулууну мурда эч бир жан көргөн эмес эле да.

Император алдыга бир кадам таштап, жалпыга суроо салды:

- Силер менин кызыма эмне сунуш кыласыңар?

Жигиттер кезектешип өз сунушун айта баштады. Бир жигит миң алтын теңге, экинчиси он эки сандык күмүш жамбы, үчүнчүсү Кытайдагы эң мыкты деген уздар соккон жүз даана таза жибек килем сунуш кылды. Император түшү чын чыкканын көрүп, өзүнө батпай сүйүндү. Ошол учурда сырт жактан колунда кат кармаган жоокер көрүндү. Императордун катчысы жоокерден катты алып, үнүн бийик чыгарып окуду. Жердин кыйырындагы өлкөдө жашаган бир бай айчырайлуу принцесса жөнүндө уккан экен. Эгер император кызын колуктулукка берсе, принцессага Айды сатып берерин билдириптир.

Журт таңдайын кагып, күбүрөнүп жатты: “Айды сатып берет экен!”

Босогодон принцессанын колуна үмүт арткан башка жигиттер да көрүндү. А император колун ушалап, өзүн Айдын ээси элестетип жатты. “Ай бардык тартуулардын эң кымбаты болот!”

Император түндө уктай албай, ак сарайды айланып басып жүрдү. Ал көлдүн боюна барган сайын сууда жакуттай жаркылдаган Ай нуруна телмире тиктеп турду. Жакында бул жакуттун баары Шан Вай Пандыкы болот!

- Жанагы бай киши кайда жашайт? - деп сурады император. Жоокер төбөсү жерге тийгенче ийилип:

- Жердин кыйырындагы өлкөдө, улуу урматтуу Өкүмдарым! - деди жана айчырайлуу принцессаны көрүп селейип калды.

- Жердин кыйырындагы өлкөгө токтобой жетип, жанагы адамга айт: менин кызыма ээлик кылаар ошол!

Жоокер атын ыкчам токуп, чапкан бойдон жөнөдү. Эчендеген тоолорду ашты, санаксыз дарыялардан өттү. Жайдын түнү Жер кыйырындагы өлкөгө жетейин деп калганда атынан түшүп, алчанын түбүнө эс алганы отурду.  Айдын көгүлтүр нурлары алчанын гүлдөрүнө чагылышып, айлана мамыр уйкуда эле.

- Мейли, бул бай киши Айды сатып алсын дейли, - деп ой жоруду жоокер.- Ал кайсы бир түндө Айды таш чырактын билигин өчүргөн сыяктуу өчүрүп салса эмне болот?

Жоокер байдын үйүнө жетип, ага Императордун катын тапшырып болуп мындай деди:

- Принцесса көздөрү – ай нурунан сүйкүмдүү.

Принцесса эрини – күн нурунан ажарлуу.

Принцесса чачтары – жылдыздардан жалтырак.

Принцесса муруну – жай күнүнөн упузун:

- Императордун ордосу сиздин чесиз бак-таалайлуу болушуңузду каалайт.

Бай жоокерге кадала тиктеп:

- Сен принцессанын мурду жөнүндө эмне дедиң? - деп сурды.

- Өкүмдарым, эч нерсе деген жокмун. Мурду анча узун дегенден башка эч нерсе дебедим.

Бай үн-сөзсүз ойлонуп турду. Анан:

- Жок. Принцессанын узун мурду үчүн Айды берген арзыбаган иш, -деди.

Байдын мындай жообун угуп, өзүн бактылуу сезген чабарман-жоокер Императордун ордосуна кайтып келди. Кабарды угуп, император абдан нараазы болуп, миң алтын теңгеси бар жигитти чакырууну буйруду. Бирок, миң теңгеси бар жигитке чабарман жеткенче башка бирөөдөн кат келди. Император жөкөрү келип катты ачканын күтпөстөн өзү желим суургучун сындырып, катты ачып окуй баштады.

- Баракелде! - деп кыйкырды император.- Эй, жоокер! Атыңды тез току! Жердин аркы четиндеги өлкөдөгү мырза менин кызыма асмандагы жылдыздарды сатып бермек болуптур. Жылдыздарды сатып берет! Көз алдыңа элестетип көрчү?!

Император өз сөзүнө маашырлана күлүп, колдорун ушалап жатты. Ал демейде уктай албай кыйналганда балконго чыгып, таза абадан кере-кере дем алганды жакшы көрчү. Бул ирет да ошентти. Түнкү асманга суктана карап, өзүн ааламдын бир кыпынындай сезди. Бирок, жылдыздар ага дүйнөдөгү эң баалуу заттай көрүндү.

Жердин аркы четиндеги өлкөгө бараткан чабарман-жоокер жолдо учу кыйырына көз жетпеген кара токойго кез келди. Токойдогу бардык карагайлар менен бадалдар бири бирине аябай окшош болгондуктан, көп узабай жоокер адашып калды. Чыгышка барабы, батышка барабы, түндүккө жүрөбү же атын түштүктү көздөй бастырабы? Билбейт. Түн да кирди. Жоокер чайыттай ачык асмандагы жылдыздардын жардамы менен жаңгак токойдо туура жолду тапты. Ал тез эле бай кишинин сарайына жетип, тепкич менен өйдө көтөрүлүп баратып, асмандагы кооз жылдыздар жөнүндө ойлонуп жатты. “Белгисиз бай кооз жылдыздарды сатып алып, өзүнүн алтын-дилделерин сактаган сандыкка салып койгонбу? Учу-кыйырсыз токойдогу адамдар туура жолду кантип табышат? Адамдар бети акак таштардай жылтылдаган көл жээгинде кыялданып турганда назарын эмнеге буруш керек?”

Бай тамактанып жаткан экен.

- Сиз принцесса менен бактылуу болушуңузду каалайм, - деди чабарман-жоокер башы жерге тийгенче эңилип.- Принцессанын мурду узун экенине көнүп кетесиз деп ойлойм.

Бул сөздү укканда жеп жаткан оокаты байдын тамагына тыгылып, какатып жиберди.

- Императордун кызынын мурду жөнүндө эмне дедиң сен? - деди бай чыркырап.

- Мен эч сөз кошподум, өкүмдарым. Акындын төрт сабын гана айттым.

Принцесса көздөрү – ай нурунан сүйкүмдүү.

Принцесса эрини – күн нурунан ажарлуу.

Принцесса чачтары – жылдыздардан жалтырак.

Принцесса муруну – жай күнүнөн упузун.

Катуу ачууланган бай:

- Мени эмне, императордун кызынын узун мурдун өлгөнчө көрүп отурам деп, ага асмандагы жылдыздарды сатып берет деп ойлойсуңбу? Императорго айтып бар: кызын албаймын! - деди кедейге каары кайнап бакырып.

Муну уккан император он эки сандык күмүш жана таза жибектен жасалган жүз килем сунуш кылган жигиттерди чакыртты. Алар ордого келип түшөр замат чабарман-жоокер кат алып келип калды.

- Оо, жараткан! Бул катты Жердин кыйырындагы өлкөнүн принци жазыптыр. Ал Шан Вай Панга Күндү сатып берем дейт. Менин түшүм туура чыкты, - деди император катты окуган соң.

Өкүмдар уйкусу качып, уктай албай калган күндөрү көбүнесе аксарайын айланып, таң атканча басып жүрөр эле. “Күн чыгыштан көтөрүлгөн учурдан кооз эмне бар? Чындыгында эле Күн дүйнөдөгү эң кымбат зат эмеспи?”

Эки жигит көп узабай босогодон көрүндү. Чабарман-жоокер Кыйырдын кыйрындагы өлкөнүн принцине токтобой жетип, анын сунушу кабыл алынганын кабарлаганга жөнөтүлдү.

Буга жоокер абдан капаланды. “Күн! Элдин баары Күндү жакшы көрөт: Күн суукта адамдарды жылытат; өңдөрдү кулпуртуп көрсөтөт; жарыкты караңгыдан бөлөт жана жаандан кийин асманда асан-үсөндү жаратат.

Бирок, жоокер принцтин сарайына келгенде жүздөрү жайнап, айтчу сөзүн камдап алган эле. Ордодогу айымдардын бири жоокерди ээрчитип, принцке алып баратканда узун тизилген кызматчылар шам жасап жатышыптыр.

- Силерде бош убактыңар жок турбайбы! - деди жоокер.

- Ооба, биз күнү-түнү иштейбиз. Жакын жуукта бизге ар бир шам керек болот,- деп жооп берди бир кыз.

Алар ээрчишип күрүчтүн кагазынан панар чырак жасап жаткан жоон топ кызматчылардын жанына келишти.

- Силердин да бош убактыңар жок турбайбы! - деди жоокер кайра.

- Ооба, биз күнү-түнү иштейбиз. Жакын жуукта бизге ар бир панар чырак керек болот, - деди кызматчылардын бири.

Акыр аягында жоокерди принцтин алдына алып барышты.

- Менде императордун ордосу жиберген кат бар,- деди жоокер башы жерге жеткенче ийилип. Принц арстандай аркырады:

- Ии... Менин сунушума император эмне деди?

- Улуу урматтуу принц обол Күндү сатып берсин деди. Анан улуу урматтуу принцессага жана анын узун мурдуна ээ болот, - деди жоокер зыңгырап.

Баары демин ичине алып, принц эмне айтат деп күтүп калышты.

- Сен принцессанын мурду жөнүндө эмне дедиң? - деди принц айкырып.

- Мен укканымды гана айттым, - деп жооп кайтарды жоокер сыр алдырбай.

Принцесса көздөрү – ай нурунан сүйкүмдүү.

Принцесса эрини – күн нурунан ажарлуу.

Принцесса чачтары – жылдыздардан жалтырак.

Принцесса муруну – жай күнүнөн упузун.

Принц ээгин колу менен таяп, бир аз ойлонуп туруп, анан жоокерге кайрылды:

- Анын мурду узун болсо эмне экен? Мен Күндү сатып алгандан кийин Кытай караңгылыкка батып, ким анын мурдун көрөт дейсиң?

Жоокер колунан эч нерсе келбесин түшүндү да башын шылкыйтып сарайдан чыкты. Ал Кыйырдын кыйырындагы өлкөдөн кайтып баратканда тоо-таштар менен бак-даратардын көлөкөлөрү узарып, акырындап айланага караңгы түшө баштады. Көп өтпөй бүтүн Кытайды караңгы түн каптады.

Императордун сарайы тойго камданууга буйрук берген болчу. Чабарман жоокер сарайга жеткенде айлана түндөгүдөй караңгы эле. Ал бөлмөдөн бөлмө, залдан зал калтырбай жүгүрүп жүрүп, акыры принцессанын бөлмөсүн тапты. Ал эшикти ачып, ыйлап жаткан үндү укту. Принцесса биринен экинчиси өтүп кайгырган курбуларынын ортосунда отуруптур.

- Эмнеге принцесса кыйкырып жатат? - деди жоокер.

- Себеби принцесса караңгылыктын принцине турмушка чыкканды каалабайт? Ал күндү, жарыкты жана жылууну сүйөт, - дешти ордонун перидей сулуу кыздары жабыла.

Бул сөздү уккан жоокер бөлмөдөн бөлмөгө, залдан залга жүгүрүп жүрүп, акыр соңунда императорду тапты.

- Менин өкүмдарым император. Келип айланага бир көз чаптырыңызчы, - деди жоокер таазим этип.

Экөө ээрчишип балконго чыгышты. Жоокер императордон сурады:

- Сиз гиластар гүлдөгөнүн токтотуп койгонун көрүп жатасызбы?

- Жок, көргөнүм жок, - деди император караңгыга үңүлө карап.

- Сиз тоолордун чокуларындагы карды көрүп жатасызбы? - деп сурады жоокер.

- Тоолордубу? Жок… Мен аларды көргөнүм жок,- деди император күңгүрөнүп.

- Жакында биз эч нерсени көрө албай калабыз, - деди жоокер. - Сиз бир аз тыңшасаңыз, принцессанын кыйкырганын угасыз.

- Принцесса кыйкырып жатабы? - деп бакырды чочуган император.

- Ооба, принцесса кыйкырып жатат. Ал караңгылыктын принцине күйөөгө чыкканды каалабай кыйкырууда. Себеби, ал күндү, жарыкты жана жылуулукту жоготту, - деп акырын жооп берди жоокер.

- Оо, жараткан! Мен жанагы жигиттерге кайрадан сунушумду айтам,- деп үшкүрдү жаны сыздаган император.

- Мырза, мага уруксат берсеңиз, кызыңызга өз сунушумду айтайын, - деди жоокер императорго.

- Сенби? - деди император. - Бечара жоокер! Менин кызыма Күндү, Айды жана жылдыздарды убада кылышууда. А сен эмнени сунуш кылмак элең?

- Жүрөгүмдү, - деди жоокер. - Менде бар эң кымбат дөөлөт - жүрөгүм. Менин жүрөгүм ааламга көрк берген Күндү, Айды, жылдыздарды жана принцессаны ушу турпатында сүйөт.

Император кызына кабар айттырды. Шан Вай Пан жоокер аны сүйгөнүн угуп, ага турмушка чыкканга макулдугун берди.

Принцесса менен жоокердин үйлөнүү тою башталганы жатканда чыгыштан Күн да көрүндү. Күн батыштагы уясына конгончо асман чайыттай ачык турду. Күн уктаар алдында асмандагы тегерек жүздүү Айды жана жайнаган жылдыздарды жоокер менен принцессага тартуу кылды.

Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз