Бери караң: Эки мүнөт ичинде уктоо ыкмасын үйрөнүп алыңыз

  • 14.07.2021
  • 4038

Кыргызча түшүнүктө муну куш уйку дейбиз. Кандай шартта болбосун, мындай ыкма америкалык аскер учкучтарынын турмушта колдонулуп, ишке ашкан ийгиликтүү ыкмасы экенин эскертебиз!

Уйкусуздук менен чала уктоо эч кимге пайда алып келген эмес. Эгерде эртеңки болор-болбос иштерди ойлоп, сансыз санаада төшөгүңүздө чабалактап, ары-бери ооналактап жатсаңыз, анда америкалык аскер учкучтарынын ыкмасын байкап көрүңүз, жардам берип калса ажеп эмес. Бул ыкманы колдонгондор эки мүнөткө жетпей, эмчекке тойгон наристедей мемиреген таттуу уйкуга кетет.

Бад Винтердин ыкмасы

Дүйнөлүк экинчи согушта америкалык аскер кызматындагылардын чукул арада уйкулары канбай, чала уйкуда жүргөндүктөн уйку-соо ортосунда көп жаңылыштыктар кетип, өлүмгө дуушар болгонун байкашкан. Ошондуктан учкучтардын толук кандуу эс алуусун камсыз кылуу муктаждыгы чыгып, бул көйгөйдү чечүү максатында уйкунун илимий ыкмасын табуу ВМС лейтананты Бад Винтерге тапшырылат. Ал согушка чейин футбол клубунда мыкты психологдор менен бирдикте оюнчуларды стресс абалынан чыгаруу боюнча иш жүргүзгөн тажырыйбалуу машыктыруучу болгон.

Винтер иштеп чыккан ыкма өзүн тез эле актады: алты аптадан кийин эле машыгууга катышкан учкучтардын 96% ти кофеден тоё ичип алышса да, чуулдап учкан окко, аскер техникасынын, согуштук куралдарынын түрдүү дабыштарына карабай, олтурган жерлеринде эле 120 секундда уйкуга кете баштаган.

Анда эмесе кандай кылышты билип алыңыз.

1. Ыңгайлуу абалды тандаңыз

Эгерде сиз күндө жатчу сүйүктүү керебетиңизде жатсаңыз, бул кеңешти укпай да коюңуз. Бирок башка жактарда жүрсөңүз, эң ыңгайлуу абалды тандаңыз (мисалы, машинеде болсоңуз олтургучтун жөлөнгүчүн түшүрүңүз, конференция өтүүчү залда болсоңуз жатканга ылайыктуу олтургучту тандаңыз).

2. Жүзүңүздөгү булчуңдардын чыңалуусун бошотуңуз

Адам бетинде 43 майда булчуң жайгашкан, так ошолордон сиздин денеңиз, учурдагы стресстик абалыңыз же тескерисинче, бардыгы жайында, уктаса болот деген физиологиялык сигнал-кабарды алат. Ошондуктан, көздү жуумуп, чекеңиздин бырышын жазып, жаагыңызды карыштырбай, тиштенбей, жүзүңүздөгү бир да булчуңду чыңалтпай бошотуңуз. Сиз дароо эле дем алууңуз тереңдеп, жай боло баштаганын сезесиз. Көзүңүздө 6 булчуң бар, ошонун бири да чыңалууну сезбесин.

3. Ийиндерди ылдый түшүрүңүз

Ийинден баскан жүктү ички туюм менен сезиңиз да, аны бутуңузду карай “түшүрүп” жибериңиз. Желкеңизди тырыштырбай бошотуңуз. Терең дем алып, демди шашпай чыгарып, калган чыңалууну алып салыңыз (көпчүлүк адамдарда чыңалуу ийинде, моюнда жана жаагында болот).

Эми колдоруңузга келиңиз: алар оордоп, бошоңдой баштаганын сезиңиз. Сологойлор сол ыптадагы, оң колдуулар оң ыптадагы булчуңдарга көбүрөк көңүл бурганы эп. Эгерде булчуңдарды бошото албай жатсаңыз, адегенде катуу тырышып, анан коё берип көрүңүз. Андан кийин дал ушундай эле ыкманы билектериңиз, манжаларыңыз менен жасаңыз.

4. Буттардын булчуңдарын бошоңдотуңуз

Оң жак жоон саныңыздын булчуңдарын бош таштап, анын оордогонун сезиңиз. Анан оң балтырыңыздын, тамандарыңыздын булчуңдарын бошотуңуз. Ошол эле нерселерди сол жак саныңыздын, балтырыңыздын жана таманыңыздын булчуңдары менен жасаңыз.

5. Мээңизди 10 секунда эс алдырыңыз

Денеңиздин бардык булчуңдарын бошоңдотуп алган соң, эми мээңизди эс алдыруу эле калат (бул сиздин  “iPhone» бардык процесстер бир нече секундага толугу менен токтогуча өчүрүп салганга окшош). Эң маанилүүсү, бир нече секунда кыймыл-аракетке байланыштуу эч нерсе ойлобогонго аракет кылуу керек (эртең химчисткадан кийимдеримди алыш керек... деген сыятуу), андай ойлор кээ бир булчуңдардын кыскарышына алып келет).

Винтер мээни сергитүүнүн бир нече ыкмасын сунуштаган. Мисалы: жаздын мемиреген ачык күнүндө, мемиреген тынч көлдүн үстүндө кайыкта жатканыңызды элестетиңиз. Асманда каалгыган аппак булуттар жылып барат. Же чоң асма тордо термелип жатасыз, айланаңызда көзгө сайса көрүнгүс караңгы түн. Бул элестөөлөрүңүздү башка ой кирип бузуп кетүүсүнө бөгөт коюңуз. Ал элести бүт дитиңизди, эркиңизди жумшап, 10 секундга чейин сактаңыз. Дагы бир ыкма – жөн гана “ойлонбо... ойлонбо... ойлонбо...” деп кайталай бериңиз. Бул ыкмада деле 10 секундга чейин ошол абалды эсиңизге башка нерселерди киргизбей сактап калганга аракет кылыңыз.

Болгону ушул: эгерде денеңизди бошоңдотуп, мээңизди сергитип алсаңыз, 10 секундада сөзсүз уктап каласыз. Уйкуңуз таттуу, түнүңүз бейпил болсун!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

https://incrussia.ru булагынан алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз