Жетиген Асанбек: Талашкыс так тараза бар

  • 15.07.2021
  • 3295

Жакын адамыңдын дайынсыз жоголушун башка салбасын, ойлогондо үрөйүң учат.

Турмуштун так ушундай катаал сыноосун баштан кечирип жаткан Рейхан Инанды айымдын көздөрүндөгү түпсүз санаага чөккөндүк менен ошончолук кайрат, ошончо үмүт күрөшүп атканын ошол эле көздөрдөн көрүүгө болот.

«Орхан бейдин башка жакка кетүүгө шарттары бар эле, бирок ал бул жакты көп сүйдү да, көп кызмат кылды. 26 жылыбыз ушул жерде өттү, төрт балалуу болдук... Бирок ушундай болду, Кудай көрсүн, Кудай таразаласын».

Журналисттин суроосуна жооп берип жатып, ал мына ушуларды айтты. Кудайдын таразасынан өткөн так тараза болобу. Рейхан Инандыны кайратынын булагы кайда экенин ушул сөздөрдөн баамдоого болот. Мен дагы көз ирмебей карап турган Кудай көрсүн дедим, адилетсиз, алкымы араандай мансапкор, бийлик кумарпоздорунун мерез, таш боордугунан запкы тартып аткан адам тарапта экенимди Кудай көрсүн деп, чындыкка деңиздин тамчысындай болсо да үн кошоюн дедим.

Жалпыга маалым, талашкыс учурларга көңүл буруп көрөлү.

Расмий булактардын маалыматына таянсак, Эрдоган Орхан Инандыга террордук ишмердиги үчүн деп, чындыкка дегеле коошпогон айып тагып атат. Орхан бейдин террордук ниети болсо, 26 жылдын ичинде бир шек-шоораты билинет эле да?

«2003–2014-жылдары Эрдоган Түркиянын премьер-министри болуп турган. Ачык маалыматтарга ылайык, Орхан Инанды 2011-жылы (Эрдогандын Түркиянын Өкмөт башында турганынын 8-жылы! – Ж.А.) педагогика боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Анда ал кыргыз-түрк лицейлеринин тажрыйбаларын илимий-педагогикалык көз караштан жалпылаган» деп жазылган tengrinews.kz сайтында.

Жакында Орхан бейдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова фейсбук баракчасына жарыялаган Эрдоган менен Орхан бейдин сүрөтүндө 02.02.2011-жыл көрсөтүлгөн. Андай эле коркунучтуу болсо, ишмердиги дээрлик кол алдында жүргөн Орхандын террордук ниетин анда эмне ачык айтып далилдеп, кыргыз-түрк коомчулугун мындай “коркунучтан куткарган” эмес? Ага илимий даража берип аткан биздин мамлекетке эми эмне болду? Деги биздин бийликте акылга сыйган уланмалуулук болгон күн келсе экен деп көз катты го...

Балээ Түркиянын эки лидеринин ортосундагы чатакта экени азыр жалпыга маалым. Анын ийне-жибин иликтөөнү башкалар кылсын. Бизге талашкыс маалым болуп турган чындыктар ансыз да жетиштүү.

Саясый атаандашынын таасирин жоюу үчүн гана бир мамлекеттеги орун алып, жемиштеринен жакшы жыйынтыгы көрүнүп, калыптанып калган мыкты билим берүү мекемесин иштеткендерге акылга сыйбас жалааларды жабуу үчүн адам канчалык карөзгөй болушу керек? Окурман, өзүң тыянак чыгар...

Адам деген түрдөгү жандыктардын бийликке кошоматчы, жүгүрүк, кол бала болчулары, дээрлик баардык жерде бар эмеспи. Эрдоган ошолордун жардамы менен бүгүн бийлигине салып атканы айдан ачык болуп турат. Бийлик алмустактан, адамзат тарыхынан бери эч кимге түбөлүк болбогонун түшүнүүгө чамалары жок азыр, көздөр туман.

Эми биздикилердин “эрдигин” айта кетели. Орхан Инанды жоголгону издей башташкан, ажосу баш болуп тапшырма берип, капырай, миңдеген кызматчылар тартылып. Атургай ажо өзү да чыдамы жетпей “тергөө” иштерине катышып, расмий жолугушууда Эрдоганды да “суракка” алып ийгени бар, Орхан Инандыны көрдүңүзбү деп. А киши “жок айланайын” дептир болчу, ажонун пресс катчысынын айтымында.

Ал ортодо Түрк маалымат булагы бул чуулгандуу окуя тууралуу каттамадай “майлуу, даамдуу” кабар жарыялашты. Орхан Инандынын кармалышы Жапаровдон Түркияга ажонун расмий сапарынын алдындагы тартуу болгон имиш... мына ушундай... 

Көп өтпөй эле ажо Орхан Инандыны кайтарабыз деп жарыялады. Эмне калп айттың эле дейт окшойт ко, Эрдоганга.

Дагы көп өтпөй биздин урматтуу Укымыкынын башчысы Ташиев Орхан Инандыны кылмышкерге чыгарды.

Эр болсоң эки өлкөнүн өкмөтүндөгү ушул алкеш-чалкешти түшүнүп ал... Ушулар эле Орхан Инандынын кармалышы барып турган абийирсиздик болгонун түшүнүүгө жетиштүүдөн да көп.

Бир солк эттирбес сооронуч, ушул тапта Рейхан Инандынын үмүтүн жандырып турган чындык – Кудай көрүп турат, Кудай таразалайт... Дүйнөдө мындан бийик, мындан анык чындык жок. Көөдөнүбүздүн көзү кашайып калбаса эле, аны баарыбыз көрөбүз.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз