Кыргыз эл жомогу: Хандын букасы менен жардылардын букаларынын сүзүшкөнү
- 16.07.2021
- 3715
Илгери-илгери бир заманда эмне кыларын билбей башы ооруган хан:
– Менин букам менен ким букасын сүзүштүрөт? – деп бардык элге жарыя кылат.
Биринен бири угуп, кай бири бир табак дилдени алганга умтулат. Кээ бири менин букамды хандын элирген букасы жыга сүзсө, бир табак дилдени кайдан табамын, жөн эле оокат кылайын деп, букасын жашырганга аракеттенишет. Бирок хандын буйругун эки кылбай, букасы барларды бүт жыйнаганга вазирлер аябай күч жумшашат.
Букасы барлар жана тамашаны көргөнгө кызыккандар көп келишет. Жерди тегерек чийип белгилеп:
– Кимдин букасы сызыктан сүрүп чыгарса, мөрөйдү ошол буканын ээси алат, – деп калыс жар салат.
Эл эки жаныбардын сүзүшүн чыдамсыздык менен күтөт. Хандын жакшы багылган, элирип көпкөн букасы жардылардын букасын коёбу, мүйүзү менен ары челип, бери челип, жардылардын тартайган букасын чийинден сүрүп чыгарат.
Хандын көңүлү жай, табак-табак дилдени казнасына салат. Көшөкөрлөр хандын букасын мактап, боорукерлер жардыларды аяп, жүйөөлүү сөз курушат. Көбү букаларын кайра жетелеп, тарай турган болушат. Вазирлер аларды кетирбей, жолдорун торошот. Бир жардынын букасына кадимкидей тил кирип, ээсине мындай дейт.
– Эй, дос, сен мени арык, чабал деп түңүлбө, мени мелдешке түшүр. Маселе арык менен семиздикте эмес, маселе кайраттанып туруп качырып салышта, сен дилде жок деп жүрөк заада болбогун, мен букамдын өз башын саямын дегин да, сынап көр. Мен өз ыгыма ишенемин, – дейт.
Жарды букасынын айтканына ыраазы болуп, тобокелге салат. Хандын алдына барып таазим кылып мындай дейт:
– Ханым, сиздин букаңыз менен букамды сүзүштүргөнгө макулмун. Бирок менде бир да дилде жок. Мен букамдын өз башын саямын.
Хан жардынын сөзүнө күлүмсүрөп, макул деп башын ийкейт. Чогулган элдин көпчүлүгү жардыны аяп, байкуш жөн эле койбой, жалгыз букасынан кол жууйт экен. Мындан ары кандай оокат кылат деп өз ара күбүрөп-шыбырашат.
Бир убакта жарды букасын жетелеп келип, чүлүгү менен:
– Зеңги баба колдосун, бар жаныбарым, абийир алып бер! – деп агытып жиберет.
Эл карап, көзүн айырбай турушат. Хандын букасы бир аз тарткынчыктап ортого келет. Бирок калчылдап бир жерге тура албаганы байкалат. Жардынын букасы жер чапчып, катуу өкүрүп, хандын букасын качырып сала берет. Хандын букасы сүзүшкөнү мындай турсун, хандын дарбазасын талкалап, короого кире качат. Отурган эл аябай таң калат. Хан эмне кыларды билбей, аябай шаштысы кетет. Вазирлерине букасын мурдунан кан акканча сабатат. Жарды бир табак дилдени алып, кубанып үйүн көздөй жөнөйт.
Жолдон көбү соогат сурап, жардыга ак баталарын беришет. Жарды жарык маанайда букасы менен жүрүп отурат. Жолдо келатып жарды букасынан бир сыр сурайт:
– Сага өлгөнүмчө ыраазымын. Мени уятка калтырбай, дүйнөгө карк кылдың. Сен мага чынын айтчы, хандын букасы сени көрүп эмнеге качты? Же сенде кандайдыр сыйкыр барбы,сен мага жооп берчи? – дейт.
– Досум, хандын букасын качырганыма таң калбай эле кой, эч кандай менде сыйкыр жок. Аны мен музоо кезинде эки-үч жолу эсинен оодара сүзгөн болчумун. Ошол мезгилди унутпай, мен жерди чапчып өкүргөндө дарбазага кире качканын оңой эле түшүнүүгө болот, – деп жооп бериптир бука.
P.S. Буудайбек Сабыр уулу тарабынан түзүлгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.