ПОВЕСТЬ
Супатайдын энеси Уултай — казак кызы. Казак болгондо да кайсы жердин казагы экендиги белгисиз. Аны Уултай өзү да билбейт.
Атасы Түкө түбү тууган, ары бай, ары эл башкарган манап Байзактын колунда оту менен кирип, күлү менен чыгып, кырк жыл өмүр сүргөн. Кырк жыл ичинде Түкөнүн көргөн ар бир күнү бири-биринен айырмасы жок эле. Турмуштан, жашоонун ыракатынан жедеп түңүлүп, күдөрүн үзүп калган Түкөгө — жоо чаап, жортуулдан келген айлындагы бир «баатырдан» жанагы Уултайды Байзак соогатка сурап берген. Уултай ал кезде он беш жаш курбалдагы кыз болучу. Түкө Уултай менен бар болгону он жыл жашап, анан түбөлүккө көз жумган. Андан жалгыз эркек Супатай калды. Түкө өлгөндө беш-алты жашар болчу.
Уултай өзүнө теңтуш, ыктуу бирөө менен кол кармашып, Супатайды жетимсиретпей, өгөй да болсо аталуу кылып асыраса болмок. Антейин десе, колунда жок бечара, эркек мүнөздүү, өңү серт, этегин тартып ээрчиген жаш баласы бар аялды ким деген даап алат?..
Супатай кагылып-согулуп адам катарына кошула баштаганда Байзак өлүп, анын ирегесинен куйрук үзүп бөлүнүп чыгышты. Супатай улам бой тарткан сайын туруктуу, эстүү, токтоо, турмушту бат үйрөнгөн жигиттерден болду. «Жер адамдын эмгегин жебейт, байдын көзүн карап жүрүп жарыбадык уулум, эми дыйканчылык кылып көрөлү» деди Уултай Супатайга.
Ошондон баштап «жатакчы Супатай» атыгып, мурункуга караганда куру дегенде курсактары жармага кенелип, ирдене башташты.
Супатай жыйырмадан ашканда, Калыйча аттуу жетим кызга үйлөндү. Калыйча тың келин болду. Этегинен жалгап эркек төрөдү. Мурун өз баласынын атын өзү койгон Уултай, небересинин атын да Суртай деп өзү койду. Ошондон тартып Уултай эненин үшкүрүгү басылып, өткөнүнө өкүнбөй: «Элим, жерим, калдайган казак журтум, акем, шешем, Супатай, Суртай баурум» деп боздогонун токтотуп, муунбагандай жакасын кармап, каниет байлап калды.
* * *
Илгери Уултай Байзактыкында жүргөндө жалаң отун алып от жакпастан, көнөк алып бээ да саачу. Жайкысын кудайдын куттуу күнү таң үрүл-бүрүлдө туруп, жыңайлактанып эки этегин кайра салып, белин жип менен буунуп, жайлоонун чучукка жеткен шыргалаң суусун кечип, кар аралаш шүүдүрүмдү басып, өрүүнү өрү дебей өйдөлөп капталдап, жүрөгү түрсүлдөп, көкүрөгү ачышып, өлө-тала күйүгүп олтуруп төрдүн кылда башына чачырай жайылып кеткен жылкыларды, атчан жүргөндөй тобу менен дүбүрөтө сүрүп, кыйкырык салып желге айдап келчү да, алдынан чуркап чыккан Супатайдын колунан нокто-чыктаны алып, кулундарды чап дедире ыйык жалдан сермеп козудай жетелеп келип желеге байлоочу. Ошондо Супатай энеси менен кошо кулундарды кармашып, эки жагында эки мамысы бар кериле тартылган желеге кулундарды ноктосунан тээктешип, андан кийин да тынбастан керели кечке желе боодон алыстап оттогон бээлерди тызылдап чуркап чогултуп, жыңайлак бутун кулундардын курч туягы сыйра басканына карабастан бээлерди саадырчу. Уултай көзүнө үйүр алган жалаң байдын жылкысы эмес, ошол айылдын жылкысын бүт (бирин калтырбай), ал түгүл конуп кеткен коноктордун, суусун ичкени түшө калган ары-бери өткөн жолоочулардын аттарын да, жоготуп жиберип чала таанып бүшүркөп турган адамдан бетер, көпкө чейин тиктеп калчу. Кай бир учурда Супатай көнөктү карысына илип күбүрөп басып келаткан энесинен:
— Апа, ким менен сүйлөшүп баратасыз? — дегенде:
— Ким менен сүйлөшөйүн, каралдым. Байдын жылкыларына көз чаптырып.
— Арасында жорго, күлүгү барбы?
— Болсо сенден жашырат белем.
Ар жыл сайын байдын бээлери кырк-элүүдөн ашып тууйт. Жылыга Супатайга бир кулун энчилеп коюп, тай бөлүнгөндө аягын созуктуруп кетет. Супатай бири-бири менен тиштешип оюн салып, энесин тегерене чуркап жүргөн татынакай кулундарды көрсөтөт:
— Апа! Бай кулунду ал десе, момунусун алайынбы?
Уултай шашпай, кебелбей туруп:
— Күлүк кайда-а балам... Байдын өрүшүнөн анчалык атанып чыкчусун көрө албадым. Жөнөкөй гана саны өсүмдүү бодур жылкылар, — деп койду.
* * *
Кеч күз болуп, дың сууп, суук түшүп, жылкычылары кыштоодогу журтуна көчөөрдүн алдында Байзактын байбичеси Уултайды чакыртты. Демейде «беркелчи» дебеген байбиченин оюна кандайча түшүп калдым. Деги бир чагым болбосо экен! Балдарыма залалы тийбесе эле болду». Дал ушундай ойду ойлонгон Уултай туталанып, жүрөгү опколжуп, бүткөн боюн калтырак басып жедеп көп кагуу жеп жүрүп жилкини түгөнгөн шордуу, байбиченин ирегесине араң баш катып, баягы-баягы жылдарда (ушул үйдүн оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрчү жылдарда), өзү отуруп от калап, күл чыгарчу коломтонун жээгиндеги эски ордуна кылмыштуу кишидей басырынып жатып араң жылып жетип, көйнөгүнүн этегин кымырынып, жүйүртө басып отурду.
Байбиче Уултайды жылуу кабыл алды.
Кылы күбүлүп калган кундуз ичигин желбегей жамынып, чыгданына жакын олтурган байбиче эки этегин кымырынып оң солуна күйшөлгөн болуп тамагын жасады:
— Уултай балам! Өрүм чачтарың жана элек, саамайчан кыз экениңде колума келдиң. Тукө бечара да байымдын учугуна кара санабай пейли, ак дили менен кызмат кылып жүрүп өлдү.
Эми кудайга шүгүр де. Сен да азыр жаман болгон жоксуң. Балалуу болдуң. Келиндүү болдуң. Дагы бир жаман чүрпөлүү болупсуң. Боосу бек болсун! Кечээ түйдөк чач кичинекей жүдөгөн келин кезиңде сени менен тезекке бирге барган курбуларың: «улуу тоонун ары жагын тиктеп, мойнун созуп улутунуп ыйлай берет» деп айтып келишчү. Эми ал ыйыңды ташта. Ургаачынын эли-журту башка, эли жериңди эстебе унут, — деп акыл насаат айта баштаганда Уултайдын эдени эзилип, байбичени ажарлуу жүзү менен карай берди.
— Бүгүн сени чакыртканым Уултай, бай жарыктык өлөр алдында «Супатайга бир тай бергиле» деп керээз кылып кетти эле. «Өлгөндүн сөзүн тирүү сыйлабайт» болуп, ошондон ушул күнгө чейин бере албай келатабыз. Ал, сан кара боз коюнун четинен бөлүп алдына салып айдап, ортосу чуңкурайып күтүрөгөн саралалуу сан жылкысынан бирин минип, бирин коштоп, көз тайгылткан көрктүү асыл дүйнөсүнөн кош атанына сылай артып кеткен жок. Жалган дүнүйө деген ушул экен, Уултай?! Адам өлгөндө бул куураган куу дүнүйөнүн пайдасы тийбейт тура. Өлгөндөн кийин баарыбыз ошобуз да. Мына, сени чакыртып олтурган себебим ушундай, Уултай. Өткөн-кеткенди айтып, тирүүчүлүктө ыраазылашалы, кечиришели. Кудай арбакты эске алып, байдын оозунан чыккан карызынан кутулайын. Баягы Супатайга берем деген тайын берейин. Уултайымды баласы менен ыраазы кылайын, бизге бала-бото болуп калбады беле деп чакырып олтурам.
Байбиче Уултайды тиктеп бир аз буйдала түштү да, сөзүн кайра жалгады:
— Эртең жылкы кыштоого кеткен жатат. Супатай экөөң эртең менен эрте келип, жылкы ичинен бир тай кармап кал.
Уултайдын эки бети анардай кызарып, чекесинен чыпылдап тер чыгып кетти. Кайра-кайра алкышың айтып, кайра-кайра башын уруп жүгүнүп жатып, байбиченин үйүнөн чыкты. Эртеси күндүн нуру жерге чачырай электе, нокто колтугуна кыскан Супатай, энеси экөө ээрчишип байдын жайнаган жылкысынын четине келишти. Укурук сүйрөткөн үч-төрт жылкычы жылкыны имерип турушат. Ар жактан кундуз ичигин желбегей жамынып, буттарын аярлап шилтеп, чарчысы чыгып очойгон байбиче жылкынын жанына жакындап, жылкычыларга жең учун булгады.
— Мынабу, бечараларга баягы жээрде тайды кармап бергилечи, өткөн түнү бай түшүмө кирди, арбагынан айланайын жарыктыгым. Уултай менен Супатайды оозанып жатыптыр. Таң супа салып калган экен. Касиетиңен айланайын жарыктыкка багыштап куран окудум.
Жылкычы жээрде тайды бет алып маңдайынан түптүз басып барып, мойнунан кучактап кармады. Жылкы кыялданып моюн буруп, көчүк салган жок. Уултайдын тайдан эки көзү өтүп, жылкычы жанына жетелеп келгенче: туягынан тумшугуна чейин, куйругунан жалына чейин, бат-бат көз жүгүртүп жиберди. Супатайдын ою чүрөктөй кооз тайларда болчу. Ичи күйүп энесине тыбырчылады:
— Апа, башкасын сурайлы.
Уултай баласын чыканагы менен акырын укуп койду.
— Унчукпа!
Байбиче Уултайдын жанына кышылдап басып келди;
— Уултай, балам. Байдын өрүшүн өмүрүндө эч бир жан: жайыттан жылкысын, желеден уюн, короодон коюн аралап, малынан мал тандап кармаган эмес экен. Аны сен менден да жакшы билесиң, балам. Таалайына буюрганын ал.
— Ооба, байбиче! Байдын өрүшүн аралабай калайын Бергениңизди алам.
— Ошент, Уултай балам. Үйүнө барганда байдын арбагына атап куран окуп койгун?
Уултай тайды алып келери менен эшигинин алдына мамы кагып орноттурду. Төрт аягын араң кыбыратып келген жээрде тай бийик мамыга аса байланды. Келини Калыйчаны, эс тартып чоңоюп калган небереси Суртайды чакырып, Супатайын маңдайына каратып олтуруп, жээрде тайдын жөн-жайын айта баштады.
— Балдар, кудай бизге берди! Баарынан да бул жээрде тайдын ургаачы болгону жакшы. Бул тай байдын өз жылкысынын тукумунан эмес. Сөөк тамырдан аза-бата жентекке келген малы көрүнөт. – Уултай бир аз токтоло түшүп, анан маңдайындагы мамыда турган жээрде тайга кол сунду: — Муну байкагылачы, баш сөөгүндө бир кесим эт жок, кийик баш, как элес. Анык күлүктүн башы. Эки көзүн кара, булактын көзүндөй туптунук, ботонукундай жайнайт. Жаныбардын ак жолтой болчу маңдайы бар экен. Жалын кара, азырынча уяң жал. Бала жүнү түшө элек. Мунун жалын эки жылдан кийин көр. Кундуздун кылындай жалтылдап чыга келет. Далысы билинбей келип өркөчкө жабышканын. Таза, нукура күлүктөрдүн далысы өркөчкө жабышып турат.
Уултай эне сөзүн бүтүрдү. Өмүрүндө кыл куйрук күтүп көрбөгөн келин-уулу өрүшүнө миң жылкы салгандай кубанычка батып, чечекейлери чеч боло жээрде тайдан көзүн алышпады.
* * *
Эки жыл өттү. Жээрде тай кунанынан быштыга карады. Сөөктүү, чалышынан келген шадылуу заңкайган зор бээ болду. Ошол жазда Уултай эненин айтуусу боюнча Супатай бээни Мүсүраалы байдын карагер айгырынын үйрүнө кошуп, жайлоого чыгарып жиберди. Келерки жазда туңгуч байтал эркек карагер кулун тууп берди. Кулундан кыйтың-куйтун жүрүш чыкты.
Торолгондон тартып Суртай жоошутуп, үйрөтүп минип алчу болду. Неберисинин бул жоругуна Уултай эне жетине албайт. Эртели кеч көрүп кубанат. Анан кайра-кайра эркелетет.
— Карааныңдаң кагылайын, карааныңдан! Каралдым! Тай мингенге жарап калган тура, кулунум...
* * *
Экинчи жылы жазда Уултай бээни Калыгулдун жээрде кашка айгырынын үйрүнө коштурду.
Калыгул анча бай эмес — оокаты өз алынча адам эле. Калыгулдун жээрде кашка айгырынын башы кайдан келгени белгисиз. Уултай муну жакшы жылкынын тукуму дечү.
Кыш өтүп, кийинки жазда, маңдайындагы кашкасын кол менен боёп жасагандай, төрт буту ичке шыйракка чейин апаппак, адам кирдүү колу менен сыйпагыс, таптатынакай чабдар кашка эркек кулун тууп берди жээрде бээ.
Жээрде бээден чабдар кашка кулун туулгандан тартып, Уултайдын мүнөзү өзгөрдү. Үшкүрүнүп, басса-турса өзүнчө күңгүрөнүп, жалгыздап кобурап сүйлөй берчү болду. Эки-үч маал жээрде бээнин кулунунун жанына келип, анын эмгенин, оттогонун, оюн салганын далай жерге чейин жүгүрүп кетсе, артынан кишенеп, жээрде бээнин чуркаганын көрүп, анан өзүнүн энесин эске түшүрөт. «Байкуш энем! Мен жоголгон күнү далай жерге чейин буту-бутуна тийбей, жүрөгү жарылганча артыман ушинтип жүгүргөндүр ээ?!. Качан буттары ирмелбей калганда бети менен көмөлөнүп жер кучактап жыгылгандыр... Жедеп, жетпей өксүп, менден биротоло ажырап калганын билгенден кийин өксөп-өксөп, боздоп-боздоп, беттерин апчып, чачтарын жулгандыр ээ».
Буркурап боздоп, бакырып-бакырып алар эле. Бирок бул жоругун балдарына билгизчү эмес Уултай. Ушундай ойго чөмүлгөндө эки көзүнөн жаш мөлт-мөлт тамчылап кетчү.
Кийинки жылы да жээрде бээни кулунун ээрчитип Калыгулдун кашка айгырынын үйрүнө кошуп жиберишти. Эл жайлоодон ылдый тартаарда; уу коргошун, ай балтыркандардын башына күчү чыгып калган мезгилде жатакчы Супатайга жайлоодон: «Кара-Колдон Калыгулдун кашка айгырынын үйүрү бүт ууланып, ошончо жылкынын ичинен баягы куюшканы жок, Супатай жатакчынын жалгыз бээси өлүп, кулуну жетим калыптыр» деген ачуу кабар келди.
Бул кабарды Супатай эгин сугарып жүргөн жеринде укту. Алыштын жээгинде тушалуу турган карагер тайын токунуп минип, кетменин такымына кысып, үйүнө капалуу келип түштү.
— Балам, жакшы мал жанга аралжы болот. Башың аман болсун. Бала-бакыра аман болсун. Жээрде бээ эмес, ага-тууган эл журт, ата-энемен ажырап, мен деле кулак угуп, көз көрбөгөн чоочун эл, чоочун жерге келип жан сактап, минтип силерди таппадымбы? Бээ баштан садага. Андан көрө тайыңды мин да, түнү менен болсо да жайлоого жете кон. Кулунду алып кел. Жайлоонун чөбү катып калды. Ал жерде сүт эмбегенден кийин жетим кулун жүдөп калат. Бүгүн-эртеңден калсаң энесин издеп аяксып жоголот же ит-кушка жем болот.
Уултай ушундан акылын айтып, Супатайды жайлоого шаша жөнөттү. Кара-Кол, Чоң-Таш алыс жайлоо. Карылуу, жүрмөл жакшы аты бар кишиге бул жерден күндүк жок. Ошого карабастан үйүнөн бешимде бастырган Супатай тердиктин энинен чыкпаган муштумдай тайы менен Чоң-Ташка элдин алды жатар ченде жете келди. «Жарыбагыр» карагер тай не деген бышык тай. Жолду жолдото чоң аттарды артка калтырып, жарышса чыгып, кууса жетип жүрүп олтурду. Өрүдө аркалуу аттан бетер желе басып, түзөңгө келгенде кадимки жорголорчо жүрүп кетет. Жайлоого келаткандар Супатай жатакчынын карагер тайынын бүгүнкү жоругуна таң калышты.
Эртең менен сабаалуу үйгө чогулган жайлоодогу бекерпоз эл Супатайдын карагер тайынан башташып, анын кечээки жол келаткандагы кыял жоруктарын айтып түгөтө албай жатышты. Жайлоонун шернесинин эти менен кымызына мас болуп магдыраган көпкөн «мырзалар» Супатайды эрмектешип:
— А байкуш, жатакчы. Жалгыз бээң ууланып өлүп, кудай сени төбөңдөн төрт колдоп уруп салды ээ?! Эми кулунуңду жетелеп жөнө?!
— Кымыздан көп ичпе, кудай урган кара курсак жатакчы?! Бул сага жакпайт!
— Үйүңөн ичиңе үйүр алган жармаңды байлана келсең болмок.
— А... кургур! Болду, чакта! Көп ичсең ыксырап жолдо мас болосуң.
— Кымызга чактырып уктап калып, бээси аз келгенсип тайын жоготот эмеспи!.. Бул шордуу!
— Кой... жөн койгулачы ичип алсын байкуш! Жардынын бир тойгону — орто байыганы деген!
— Дагы бир чөйчөк куйсунбу? Берчи?.. Көңүлдөнүп турат!..
— А кымыз көрбөгөн байкушум?!
Айтор эриккен көпкөндөрдүн бүгүнкү тамашасы Супатай жатакчыны ит талаган түлкүдөй тытып коё бербей жатышып, түшкө жакын араң бошотушту.
* * *
Кашка кулун канча кылган менен бир уяда жатып бир эненин эмчегин бирге соргондук кылды. Ал карагер тайга бат эле үйүр алды. Экөө бири-биринен ажырашса токтобой кишенешип, кайра жолугар замат окуранып, жытташып, тип-тик туруп эки бет боло калышып анан тизеден, ыйык жалдан тиштешип, кубалашып оюн салып ойноп калышат. Супатай эртең менен карагер тайды топойто токуп сугатка жөнөгөндө кашка кулун кошо ээрчип жөнөйт.
Карагер тай аркандалып калган соң анын жанынан эки чалып, бир чалып, анан көк арпаны аралап барып, кадимки чоң жылкыларча дандын башын сыдырып оттоп кирет. Жарыбагыр десе! «Жетимдин курсагы жети кабат» деген чын, жаагы тынбайт. Арпа, сулунун камыр-сүт болгон дүмбүл башын тырсылдатып үзүп, бырсылдатып чайнап турат. Деги ушул тайдын керээли кечке бир жуушаганын Супатай көрө элек. Таң калат. Тайды тиктеп туруп: «Ушундайынан энесин жуткан тура, каапыр!» — деп ойлоно кетет.
Кечинде келээр менен энеси Уултайга кашка кулундун жоруктарын Супатай кобурайт. Уултай эне баласынын сөзүнө анчалык назар салбай, курсагы жер чийип карагер тайдын артынан ээрчип келаткан кашка кулунга көз жиберип: «Ал ошондой тойбогон жылкы болот, канча кылган менен жетим эмеспи?» — деп ар жагында бирдемени билип турса да, Супатайга айткысы келбей, эч нерсе түшүнбөгөн адамдан бетер оюн бош гана таштап коёт.
Супатай күз башынан жем, чөптү мол камдап алган. Кыштын катаал, жаздын катуу кармаганына карабастан карагер кунаны менен кашка жабагысын көккө өңдүү жеткирди. Даакысын эрте түшүрүшүп, көк тиштей электен мурун жылтырап түлөп, татынакай болуп жылкы сынына чыга түшүштү. Эртели-кеч карагер кунанын Супатай өзү минип, кашка тайды баласы Суртайга мингизип коёт. Балада ооз жарма тай мингенден артык кандай кызык бар? Кашка тайдын жооштугу башкача. Суртай аягынан чуркап өтсө да былк этип койбойт. Ал үзөңгүгө буту жетпей, ээрдин кашынан кармап тырышып жатып эки бутун салаңдатып, сүйрөлүп олтуруп зорго араң жерге түшөт. Ошондо да кулагын жапыруу деген кашка тайда жок. Суртай кашка тайды минген сайын кубанып, тайы желип кетсе кыткылыктап борсулдап күлүп, үстүнөн жерге түшкүсү келбей, ары-бери чаап чуу коёт. Далай жерге чейин узап кетип көптө анан кайрылып келет.
Уултай эне небересинин жоругун көргөндө жүрөгү чыдай албай:
— Кокуй!.. Каранкүн! Супатай!.. Чакыр баламды! Эригип турган тай сүйрөп өлтүрөт! — деп чебелектейт.
Анан бат эле тайдын үстүнөн Суртайды илип алышат. Суртай көпкө чейин өжөрлөнүп жатып араңдан зорго жазылат. Тайга үйрөнүп калган Суртай күн сайын чоң энесинин мазесин алып, убара кылып кыйнай берчү болду.
Бир жагынан өзүнүн дээринде бар жылкы, экинчи жагынан багуусу жарашкан кашка тай жетим тайдай болбой бат чоңойду. Баягы жер чийген курсак тартылып, жазында кунандарды жаңылткан чоң тай болуп чыга келди. Супатай он жашка толуп ат үстүндө машыгып калган уулу Суртайга мингизип, кээде кунан чабыштарга кошуп жиберет. Бура тарткан жерден алда кайда келет. Быш этип чарчап койбойт. Күнүгө эки чапса эки, үч чапса үч чыгат. Кашка тайдын даана күлүк болоруна Супатайдын да көзү жетип калды.
Кашка тай кашка кунан болду. Жазгы көктөм менен агытмак болгон Супатайдын оюн Уултай бузду.
— Чытырга бышыр! Куу мамы кылып үйрөт.
Жылкынын табын андан артык биле албаган соң, Супатай энесинин оюнан кыңк этип чыга алган жок. Анын үстүнө Уултайдын кашка кунандан үмүтү чоң да. Муну да Супатай байкай турган. Карагер быштысын бычтырып жайлоого кеткен аттарга кошуп агытып келди да, кашка кунанды жайкы сугат жумушуна минип калды. Ушундан тартып Уултайдын эси-дарты кунанда болду.
Кунан эт алып семире түшкөнүн билер замат: «Балам, кунаныңдын ичин тарт. Суут», — деп Супатайга буйрук бере салат. Ар жумада эки күн таңашып туруу кашка кунанга өнөкөт болуп кетти. Кай бир күнү кечинде Уултай өзү минип алып түн ортосуна чейин жок болуп кетет. Таңга маал Супатай туруп караса кунанды жайдактап, булоолонтуп жетелеп жүргөн энесин көрөт: «Жарыктык! Кайда барып келди экен? Ушинтип жүрүп»... Супатайдын бүткөн бою дүр дей түшүп анан, «койчу бизди кантип таштан кетсин» — деп эсин жыйып, жайлана калат. Уултайдын кунанды түнкүсүн, айсыз караңгыда суутуп жүргөнүн кийин өзүнөн угуп, анан санаасы тынды.
Көрсө, Уултай жаш күлүктү түнкүсүн жер таанытып жүргөн тура.
Кашка кунан таңашкан сайын эки көзү жайнап, сынына чыгып, көзгө толо түшөт. Кунанды таңашырган күнү, Уултайда тыным болбойт. Эл бир уйкуга кеткенче кыбыратып жүрүп, терин кургатып, түнкү сыдырымга этин муздатып, качан гана керилип, чоюлуп, силкинип, оозун ачып эстегенде илките жетелеп келип мамыга аса байлайт.
Күз кирип келди. Бул маалда ат чабыштын күчөп турма адаты бар эмеспи. Ак-Жардагы Айчубак айлында биринчи атка жүз козу сайган чоң ат чабыштын боло тургандыгы бат эле угулду. Супатай Уултайга кеңеш салды.
— Апа? Ушул ат чабышка кашка кунанды кошуп көрөлүбү?
Уултай эт-бетинен кетти:
— Ээ, айланайын. Ошол чабышка кошпой кунаныңды анан кайсыга кошосуң?
— Жаштык кылабы дейм да.
— А жаман... Жакшы ат болчу кунан, жакшы адам болчу улан жаштык кылбайт. Эртеңден баштап кунаныңдын этин тартып жемин азайт. Күлүккө ак көңүлдүк кылба. Ат чабыш чукул калыптыр го! Ага чейин үч гана суут. Жашына толо элек күлүк көп суутуу жебейт. Арпаны алты кочуштан ашырба. Тазалап, чаңын кетире жууп, сууга салып көптүрүп бер. Чабыла турган аттын таз карынына барып арпа көпсө чуркатмак түгүл ичин жарат.
Ушул жылы жазда кандуу бут болуп кеткен карагер бышты жайлоосу келишип, кенен басып, кенен оттоп жал куйругу төгүлүп, сынына чыгып суналган карагер ат болуп өзгөрүлүптүр.
Уултай «эртең ат чабыш» деген күнү кечинде карагер жоргону өзү токунду. Супатай кашка кунанга минди. Алар үйүнөн бастырып Күмүшайдын Сайынан өтүп, Бечелдин бейитине келгенде, күн эриген кыттай көлкүлдөп Сөөктүн тоосунун ар жагына кылт этти. Баратышта жай, таскак менен барышты. Бечелдин кырындагы кара дөбөнүн түбүнө Уултай баласы экөө шашпай түшүп, токумдарын оңдошуп басмайылдарын бек тартышты. Көп турбай кайра атка миништи.
Уултай адегенде акырын, жайыраак жүргүзүп келип, төмөнкү түздөн баштап, кашка кунандын оозун бир аз создурду. Анан өзү чапанынын эки этегин тизеге бек кымтынып, карагер жоргонун тизгинин куушура жыя тартып, эки үзөңгүнү тең тээп, Супатайдын соңунан түтүндө созула жөнөдү. Капырай, шумдук!.. Кашка кунан го күлүк, Карагер быштыга эмне жок. Ой тобо-ой!
Карандай жоргосу менен кош таноосун барылдатып таптагы жаш күлүккө жете келет. Ооздугун тиштеп башын чулгуп, бирде жанылып тоңкочуктап тизгинин тарттырбай жолдон чыгып кетип, кайра жоргосун таап, таштак как жолду жер соголору менен тарсылдата уруп олтуруп күлүктү алыс узатпады.
Супатай артына бурулуп бир жагына кыйшайып карап, чукул кирип келген энесин көрүп, анын ат үстүндө бекем олтурганын эки тизгинди сол колго тең кармап, оң колу менен камчы сүйөп, ошончолук катуу келе жатса да, аялдык кылып өйдө-ылдый кыйшайып кетип тизгин жыя койбогонуна таң калат. Анан энеси жөнүндө ойлонуп: «Апам байкуштун ургаачы болуп калганын карачы?!» — дейт ичинен.
Уултай бир кезде карагердин оозун жыйып, озуп бараткан Супатайга үн чыгарды. Жайлап калган Супатайдын артынан дуулдата жете келип, ат үстүнөн эңкейип ыйык жалдын алдына кол салып, кашка кунандын моюн терин сылады. Андан кийин уулу экөө желе бастырып тең жүрүп олтурушту.
— Кунаныңда чопколонгон сасык тер калбаптыр, балам. Жайлата суутууну көп жеп, ачуу терлеринен ажыраптыр. Бүгүн көп кыйнабай сууталы. Таң атканча кезектешип, өзүбүз да уктабай, кунанды да уктатпай жетелеп чыгалы. Күлүк ат чабылар күнү үргүлөп кетсе эти жашый түшөт да, мууну бошоп, каруусу кетип, эртеси кара тер басып чуркабай калат.
Калыйча кайненеси менен күйөөсү келгенче көк жампадан алоолонто чоң калап, чайын кайнатып дасторконун жайнатып койгон экен.
Уултай отурар менен чечилип сөз баштады:
— Кудай аман коюп бала-бакыраңар менен эл ичинде эсен болсоңор, эшиктеги эки ат корооңорду койго, желеңерди уйга, өрүшүңөрдү жылкыга толтурат. — Уултай эки колун жазып бирде сыртын, бирде ичин күйүп жаткан тезектин табына кактап манчаларын бири менен бирин укалап сөзүнүн аягын созду. — Бул аттар силердин таалайыңарга жараша табылган мал болуп калды. Кудай кут кылсын, балдар? Экөөнү тең бүгүн толук сынадым.
Ошол түнү Суртайды жаткырып коюп алачыгына отту чоң калап салып, улам бири келип бири кетип, кезектешип, отко колдорун кайсашып кашка кунанды үргүлөтпөй жетелеп жүрүп таңды атырышты. Анан алдына бир боо чөп таштап ооздугун чыгарып отко коюшту. Уултай кунандын жанына, ээр токумду жазданып жамбаштап кырдана кетти. Кашка кунан чарчаганын чаалыкканын, кыйналганын билбей, кургап калган ор чөптү карс-карс эттирип күрсүлдөтүп кирди жаныбар. Асыйы толук жылкыдан бетер күпүлдөтө чөп чайнаганына кубанып, бир чети анын карылуулугуна ичинен ыраазы болуп таң калып жатты Уултай.
Айчубактын айлы. Үйлөр тоо таяна тигилген. Айылдын ылдый жагындагы кашатта элдин тилингени билинбейт. Улам үстү-үстүнө агылып келип жаткан көпчүлүк. Ырчысы ырдап, чоорчусу чоордоп жүрөт.
Күлүк аттардын куйрук жалы шүйүлүп үстүндөгү балдары шымдактай жепжеңил кийинип, баштарын ар түрдүү өңдөгү жука жоолуктар менен буунуп, биринин артынан бири чубап «Качан айдаар экен» дегенсип, илкитип бастырып турушат. Келген аттарга Супатай көз жүгүртө баштады. Тыягы Ат-Башы, Нарындан, быягы Кочкор, Жумгалдан кулак угуп, көз көргөн атактуу күлүктөрдөн калып жарыбаса керек.
Супатай баласына күлүк аттардын жайын түшүндүрдү:
— Тетиги кызыл көйнөк бала минип бараткан күрөң ат атактуу Дегенбай дегендин аты. Өмүрү чабылгандан бери байгеге Илинбей кала элек. Анын төмөн жагындагы үч аттан кийинки кызыл атты көрдүнбү? Айчубактын баласы Султандын өз аты. Былтыр Көлдө чабылып төө баштаган тогузга чыкты деп уккам. Ал эми тетиги жыландай сойлогон сары тору атты карачы? Үстүндөгү баласы сары чыптама кийип турбайбы? Бул Карачтын Сары-Кызыл деген күлүгү. Бул да атыккан ат. Бура тарткан жерден чыгып, «жылт» эттирбей жүрөт. Саяпкери мыкты көрүнөт, кыл табында экен. Кудай билет, бүгүн ушул чыгат. Анын артындагы белине жоолук курчанып, боз мата көйнөк кийген бала минип турган карагер — Кашеңчинин Карагери. Карагер ат асылчыл. Карылуу жылкы. Барганча ат айдоочуну убара кылып жолдо баспай, укурук менен сабатып олтуруп барат. Кашеңчи Карагерин да этине келтирген экен. Жер алыс болсо биринчи байге Карагердики. Жумгал менен Ат-Башы, Нарындан да күлүктөр келсе керек. Алардын күлүктөрүнүн бирин да тааныбай турам. Бул аттардын ичинде не сонундары жүрөт, балким ошолордукунан го?
Супатай тиги күлүктөрдү көргөндөн кийин кунанын кошкусу келбей, ала көңүл болуп калды. «Байгеге илинбей калса уят болуп каламбы», — деген ойго түштү. Суртай өзүнөн-өзү туруп, атасына дем берди:
— Тобокел кылалычы, ата?! Көп болсо калып калар. Чаппасак үйгө барганда энекемен тил угабыз.
Суртайдын сөзүнө Супатай демөөр байлап, жетине албай делебеси кызыды. Анан «Бар тобокелге» салды да баласынын оюна кошулуп, макул болду. Суртай кашка кунандын үстүнө чыкыйып олтуруп, тиги чубатуудан өтүп жаткан аттарга кошулду да шуулдаткан бойдон кетти.
Ат кетээрдин алдында атактуу Калмырза ырчы жар чакырды. Курманкул кыякчы «Ат кеттини» кыл кыяк менен тартты. Жарчынын ырынан улам аттар Кескен таштан коё берилерин уккандан кийин Супатай: «Жаш кунан зоругуп, жинигип калбагай эле» — деп өз ичинен дагы бир бушайман болду.
Ат айдоочу текирең таскакка салып аттарды катуу айдады. Улам четке чыккан балдарга сөгүнүп-сагынып укуругун кезейт:
— Ой, жашабагыр?! Төбөңдү муздата чабам. Түз бастыр!
Ат айдоочуну орой, ырайымсыз адамдан тандап коёт. Анткен себеби да бар. Атты көп чапкан кээ бир кексе балдар өлчөгөн жерге жете электен мурун бура тартып качышат. Мындай балдарга ат айдоочу укурук менен сес көргөзүп улам шыкап, күш-күштөп айдап олтурат.
Аттардын артында камчы үстүнө камчы уруп Кашеңчинин карагери баратат. Ат айдоочу аны көргөн сайын улам ызырынып кыжыры кайнап сөгүнөт:
— Ушуну күлүк деп чапкан, — укурук менен сооруга бир салып баласын сөгөт. Териси өгүздүкүндөй калың карагер аны сезип койсо экен, араң эле чочко текирең, желгени бөрт-бөрт.
Аттар Ак-Жардан ылдый Күржү-Булуңга жакындаганда алдынан бет маңдай үч атчан жолоочу чыкты. Алардын бирөө чоң жал, чоң куйрук, сүттүү бээдей болгон чоң курсак жалпак карагер ат минген, тегерегин тегиздеткен бөдөнө куйруктуу сакалчан, оң көзүнүн алдында бармак басым кызыл калы бар, кара көрпө тебетейин баса кийген, пыязы боз чепкенчен толук кара киши ат айдоочуну жандап, көп жерге чейин ээрчиди. Кетип бараткан аттардан эки көзү өтөт. Карагер аттын үстүндө кош үзөңгүсүн каз тамандап тээп тура калып ээгин созуп жогору көтөрүлүп, улам бир аттан бир атка көз жүгүртүп кыдыратып суктанып карайт. Бул киши кыргыздын атактуу ат саяпкери Шергазы болчу. Ал учурда кыргызда Шергазыдан мыкты күлүктү таанып, табын билген адам чанда бирөө болбосо, көп жок. Аттар чубатууга түшкөндө токтоно албай жеңи желеп, этеги элеп болуп, аттардын тыяк башына бир, быяк башына бир чаап, жаны жай таппай тынчы кетип, тыбырчылап турма Шергазынын башынан адаты. Качан гана аттардын баарын бир сыйра көргөндөн кийин, башынан жыккан суудай жоошуп, бир орунга токтой калып, анан чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып, чекесинен мончоктоп аккан терин сүртүп эс ала түшчү. Ат кошкону да, кошпогону да, тепсетип кетчүдөй үймөлөктөшүп Шергазыдан эки көзү өтүп, үстөккө-босток аттарын теминип, «Кана Шеке? Алтын шилекейиңди чачыратчы?» дегенде, Шергазы баркылдап сүйлөп, аттардын ичине кирип чыккансып токтолбой шар айтчу:
— Бүгүн баланчанын аты чыгып келет. Андан кийин түкүнчөнүкү, андан кийин бастанчаныкы.
Катары менен жети атка чейин айтып коюп:
— Калган аттар байге аты каралдаш, опур-топурга кошулуп коюу чаңга аралашып келе берет.
Дагы кошумчалайт:
— Баланчанын аты күлүк экен, ал суутуусунан кеткен. Түкүнчөнүн атынын бир тери калган. Бастанчаныкын атынын эти семиз...
Бул эле дейсиңби? Кайсы аттын кай жерге чейин чыгып келерин, анын артынан кимдин аты жетип басарын кошо сүйлөчү. Кээ бир ат кошчулар Шергазы тигинтип какшап айтып олтурса да, анын тилин албай:
— Эмне? Шергазы олуя болуп калыптырбы? Кудай билет, — дешчү. Далайлар анын тилин албай ээлигип, аттарын кошуп жиберип жиниктирип өлтүргөндөр да болгон эмеспи. Ошол Шергазы ушул. Шергазы Чүйдөн Кубакынын белин ашып Нарынга жолоочулап бараткан.
Алдынан айдалган күлүк аттар туура чыккан соң, өмүрү ат менен көз ачып, ошого шыгын койгон саяпкер аларды таштап бастырып кете албай, ээрчиген себеби да ошол.
Шергазы илең-салаң тарткан эки жолдошун камчысынын учу менен имерип булгалап чакырды. Чоң сууну бойлоп чычырканак, жапан тал аралаш чыккан токойдун жээгине түшө калып, өлөң сазга аттарын чалдырышып көк шиберге кырдана кетишти. Шергазынын жанындагы эки жолдошу биринен сала бири суроону үстөмөндөтүшүп:
— Аттарды байкадыңызбы Шеке?
— Кайсы ат чыга турган?
— Көп ат экен го?
— Элүүчө бар го?
— Кескен таш дейби?..
— Андан тиги Шамшынын кашаты.
— Аттын далайы жолдо жинигет эмеспи.
— Малдын убалынан коркпогон эл да.
Шергазы аттар кеткен жактан көзүн албай, сүйлөгөндө да ошол жакты карап берки жолдошторуна жооп берди:
— Бул аттардын ичинде күлүктөр бар экен.
— Деги Шеке, айтчы, кайсы ат чыгат?
— Ичинде бир чабдар кашка кунан баратат. Даана күлүк. Көзүм ошого түштү. Саяпкери да мыкты окшойт, саал үстүндөгү баласы кичирээк экен, жаштык кылып үзө чаап койбосо ошол кунан чыгат.
— Койчу Шеке! Жарыктык... Аттан кантип кунан чыксын?
— А... балдар, кунандын кунаны бар. Аттын аты бар. Күлүккө айла жок. Бир аз күтө туралык.
Ушерге келгенде аттар бириндеп калат.
— Койчу Шеке, бастыралы?.. Бараткан жерибиз узак.
— Жок. Кичине күтөлү? Эмгиче Кескен ташка жетип калды.
Шергазы жолдошторунун шашканына болбой, көшүп олтуруп алды. Кескен таштан бери Шергазылар күтүп олтурган жердин ортосу да өзүнчө бир ат чабым. Ал эми мара кайда? Шамшынын кашаты. Аңгыча болбой төмөнкү Арсы тараптан асманга созулган чаң чыкты. Оң колун чекесине алган бойдон Шергазы ордунан ыргып турду:
— Ат келатат!
Үч жолоочу шапа-шуп аттарына минип, жолдун четине чыгып чаңдаган жакты карап калышты.
— Аттар экен?
— Келатат!
— Атаңдын көрү ээй... Бирөө алыс чыгып алыптыр!
— Тору ат экен!
— Жок, күрөң ат көрүнөт.
Үч жолоочу, жолоочу алын билбей желденип кетишти. Ал эми ушу тапта ат кошкондор кантип атат болду экен?
Аңгыча болбой Шергазылардын алдынан бай Карачтын сары торусу биринчи болуп куйругун узун таштап суналып өттү. Артынан удаа Байбучактын өзүнүн Кызыл аты баратат. Бу да күүлүү. Үчүнчү болуп Дегембайдын Күрөңү. Анын артынан Супатайдын Кашка кунаны.
Шергазы кунанды көргөндө токтоно албай кыйкырып, куйрук улаш кошо чапты:
— Айланайын балам!? Кунаның күүлүү экен, тизгиниңди жыя тарт! Каруусун кетирип аласың! Үзө чаппа?!
Өз оюнда да ушуну ойлоп келаткан Суртай Шергазыны жалт карап алып, тизгинин мурункудан да жыя тартты.
Шергазынын балага кыйкырган гана үнү угулду. Ал Кашка кунанга жетип, бир камчы чаап көңүлүн ала албай калганга өкүндү. Атынын тизгинин тартып, арттагы аттарга аралаша дабыратып келаткан эки досун токтотуп, Жоон-Арыкты бет алып Нарынды карай жолго түштү.
Жолдо карата Шергазынын жолдоштору шылдыңдаган мүнөздө какшык сөздөрдөн билгизбей жылдырып олтурушту:
— Шеке?
— И...
— Чыгат деген кунаның өзү менен төрт ко?!
— Чыгат! Акыры ошо чыгат!..
— Ой жарыктык, алдынкы үч атка бүгүн жылкы жетпейт.
Шергазы аларды кагып койду:
— Балдарсыңар!? Ат эмес силер, сайрап турган менин тилимди билбейсиңер! Мара кайда? Дагы кенен ат чабым. Кунан чапкан бала бышык экен. Өлчөп баратат. Тизгинин ээрдин кашына ороп алыптыр. Шашпагыла, антип-минтип Долондун капчыгайын өрдөгөнчө тиги ат чабыштан тараган элдин алды бизге жете келет. Кайсы ат чыкканын ошолордон угабыз.
Аңгыча арттан жете келген ат чабыштан тарагандар кашка кунандын чыкканын айтышты.
* * *
Кашка кунан Айчубактагы чабыштан чыккандан кийин чоң күлүктөрдүн катарына кошулуп, эл топтошкон жерде сөзгө алынып ооздон-оозго таралып жылдызы көтөрүлдү.
Кашка кунандын Айчубактагы чабыштан чыгышынын жагынан зыяны да болду. Супатай жана анын үй-бүлөсүнүн тынчы кетти. «Кунанды сатсын» деп күнүгө бир «мыкты» жигиттерин жиберчү болду. Акыры бербесе тартып да кете турган. Санда жок кишинин ат чапканы да курусун! Андай неме байгесине да ээ боло албайт тура. Баягы Айчубактагы жүз козудан Супатайга бешөө гана тийип, калганын ошердеги журт башкаруучулар соогатка деп талап кетишкен.
Бир күнү Уултай эртең менен эрте туруп, Суранчыныкына басып барды. Суранчы Байзактарга жакын, Түкө менен болсо негизи түбү кошулган тууган. Бирок Түкөнүн аталары жөн чыгып, аягы кулга айланып кеткен. Суранчынын аталарынын тукумунан мыкты үзүлбөй келатат.
Акыркы мыктысы Суранчы. Суранчы бирде болуш, бирде бий. Ат жалын тартып мингени мансап колунан кете элек. Сүйлөсө таңдайынан чаң чыккан чечен. Тыягы Сары Өзөн Чүй, быягы Көл айланасы, Ат-Башы, Нарындан бери кадыры жетип, сөөк-тамыр күтүп, даңкы алыска учкан адам.
Уултай эшик ачып кирип барганда Суралчы төшөктөн жаңы туруп кийимин кийинип жаткан экен. Кичи аялы жүк жыйып, үйдүн ичин иреттеп жүрөт. Коломтодо каланган тезек карабашыл болуп күйүп, кумгандагы суу ызылдан үн чыгарып турат. Канча кылган менен кул да болсо тууганчылыгы бар агасынын аялы эмеспи, Уултай кирип барганда, Суранчы нары митайымчылыгы бар, нары эл аралап жүргөн адамкерчилиги бар, түгөнгүрүң:
— Келиңиз, Уултай жеңе? Быякка чыгыңыз, — деп төр жакты көрсөтө берди.
Уултай төргө чыккандан кетеби? Жылып барып ашкана чийдин аяк жагына жүйүртө басып олтурду. Суранчы маасысын тартып кийип жатып, токтоно албай сөз баштады:
— Уултай жеңе, келчү эмес элеңиз, үйдөн эрте баскан экенсиз?
Уултай оюнда болгон ишти ачык сүйлөгүсү келди:
— Келчү эмес элем. Келдим, кайним. — Өмүрүндө жеңе дебеген Суранчы жеңе дегенде, Уултай кайним деди.
— Сөзүңүз болсо айта бериңиз? — Суранчы Уултайдын эмне айтаарын да билип турат.
— Жакшы киши эле болсо, жакшы боло бербейт. — Уултай сөзүнүн башын мактоо менен баштамак болду. Анткени тигилердин тукумуна мактоо жагат. — Бир уруудан бирөө чыгат. Бардык адамга жакшы жетеби? Супатай деле сенин жат-жалааң эмес. Распы?
Суранчы башын ийкеди.
— Түбүңөр бирге аталаш туугансыңар. Илгертен бери эскиден калган сөз бар. «Жакшы элчил болот. Эл коргойт. Жаман үй күчүк болот, күл коргойт». Супатайдын аталары жөн чыгып калыптыр. Арманын кудайга айтсын. Өз атасы Түкө өмүрү өткөнчө Байзак агаңдын малын багып, ийни бүтүн кийим кийбей, карды толо аш ичпей жүрүп, бул жалган дүйнөдөн көзү өтүп кете берди бечара.
Уултай саал жашыгансып кетти. Анан үнүн каргылданта чыгарып:
— Кайним! Атасы Түкө кул болсо, уулу Супатайдын жакшы чыгар чамасы барбы? Анын жорго минип, күлүк ат чаба албасына кимдин болсо да көзү жетип турбайбы? Ошондой болгондон кийин, — деп алоолонуп күйүп жаткан отту тиктеп козголуп Уултай сөзүнүн аягын улады, — мындан ары жанагы биздеги эки атка өзүң ээ болуп, өзүң баш көз болуп көздөп ал. Биз жөн гана багып берүүчү малайың бололу. Эки жактан суроочу көбөйүп кетти. Ал аттар сеники болуп калса, биздин да кулак-жаныбыз тынчый калчудан. Кезегинде кимисин минем десең ошонусун минип тур.
Суранчы митаам, бүркүтү бөрү алгандай түгү жымырылып, жадырап-жайнап эрди башы кыбырап, өз оюнда тартып алсамбы деп жүргөн аттар өзүнөн өзү келип колуна нак тийгенге кубанычы койнуна батпай, бүткөн бою чымырап ичи ысып кетти.
— Жакшы болот, жеңе, жакшы болот. Супатайым менин бир тууганым. Түкө абамын баласы. Жат-жалаа жок. Тууганбыз. Супатайдыкы меники, меники Супатайдыкы.
Дегеле кой, жапалактайт кайран эр. Мындан мурда кайда жүрдү эле. Баштатан эмне үчүн ыба карабайт Уултайларга?!.
Уултайдын санаасын тындырып «ак пейилин» айтып, ишендирип жолго салды. Ошондон кийии Кашка кунанга көз арткан адамдардын аягы тыйылып, тумшукка чапкандай кайтып жатышты.
Айчубакта Кашка кунан жүз козуга чыкканда «Бул менин атым. Байгесинде эч кимиңердин акыңар жок» — деп жүз козуну өз алаканына салып, ар кайсы мыктыларга бадырактай чууртуп, өңүн өңдөп, түзүн түздөп, калганын өзү алып, үйлөп ийсе учкандай беш кебээсин «Мынабу сага жетет. Көрүп турбайсыңбы, тетиги эл башкарып, журт үстүндө жүргөндөрдүн да көз акысы бар», — деп Супатайга ээ кылбай күрсүлдөп-тартып жиберген көзөлдүн бири ушул Суранчы болчу. «Кашка кунан кандай гана болбосун меники болот. Мен барда алар эч кимге бере албайт. Берген жеринен да алдырып алам. Супатай аттан айлансын», — деп өз ичинен ойлонуп жүргөн Суранчы. Карагер быштынын катуу жорго болуп баратканын билген эмес. Бүгүн Уултайдан «Эки ат экөө тең сеники болсунду» уккандан кийин, тартып алгандан бул иш оңой болгонун билип, эгиз эркек балалуу болгондой сүйүндү.
Уултай Суранчыныкына эмнеге барды дейсиң? Ал деле Суранчынын оюн билчү. Анын көзүнүн тетир кыйырын байкап жүргөн ичинде. Айрыкча Айчубактагы чабышта кашка кунан жүз козуга чыкканда байгесин Суранчы бырыксытканын, «Бул ат меники» деп көпчүлүктө кыйкырып, атка Суранчынын ээ боло калганын Уултай байкуш эчак эле билип, эчак эле уккан. Укмак түгүл бармагын тиштеп ичинен сызган. Баласы Супатайдын бул шум заманда күлүк ат, чыгаан жорго эмес, өз башына өзү ээ болбосуна да Уултайдын көзү жетип турат. Супатайдын акылы, адамгерчилиги, чечендиги, кебете-кепшири, сын-сыпаты, өңү-түсү Суранчыдан өйдө десе өйдө, акыры ылдый эмес. Жалгыз гана айыбы — кулдугу!
Жаркырай жаз келди. Мындай жаз Кочкордо чанда бир жылдарда болот. Жумгал менен Чүйдө чын куранда кош чыгып, бугуда мал көккө карк болуп калган кезде, Кочкор заарын бетине алып, булуттар кубаңдап, тоо-тоонун башы менен туз сураган төөлөрчө топтошуп локулдап желип, эки-үч күн мурун күн жылт эткенде жазды чакырып аккан сары сууларды чор кайната тоңдуруп, тору этинен ажыраган арык-торуктарды ого бетер тоголотуп кетчү эле.
Быйыл жаз эрте да башталды, жылуу да болду. Кун чыгаары менен илеби мемиреп, үп этип жел сокпой, майда балдар алыштагы сууда жылаңачтанып киринишип, капталдары чамбыл ала баткак болуп, өзүлөрүн өзү май куйрукка алакандарын шапалак кылып «чак» эттире басып алып, кулун тайларды туурап баштарын чулгуп, татырактап жүрүшөт.
Күн жааган сайын жамгырлап, арты жылуу ачылып, жөө тумандап жер боргулданып бууланып тердеп, кадимкидей көктөй баштады. Адегенде шыбак жарылып чий дүңгөлөдү. Анан биринин артынан бири жабалактап көк чыгып олтуруп бир жумага жетпей ой-тоо дебей жашыл бачайыдан көйнөк кийгендей кулпунду. Жутамчылыкта козусунан качып тыбырчылаган койлор, азыр өзүлөрү издеп мекиренип, чуркап жүрөт. Жаткан-жаткан, турган-турган жеринде дегендей жан жаныбарлардын баары жаз жыргалына бууланып ыракаттана түшүп жаркырап жайнап маашырланып калышты.
Чын куранда Кочкордо буурусун чыкты. Байлар бугу жаңырары менен жазгы көктөмдү төтөлөп көчө башташты. Жакада баягы Супатай баш болгон он чакты түтүн жатакчылар калышты. Кашка кунан Айчубакта чыккандан бери Супатайдын зоболосу көтөрүлүп, өйдөкүлөр теңине албаса да, жатакчылары кадырлап, алар Супатайды караан тутушат.
Уултай эне бир күнү Супатайга кайрылып мындай деди:
— Кашка кунан үч маалына жетти. Бышты болду. Мындан ары мунун кунан, бышты аты өчөт. Ат деген атка конот. Эми муну былтыркы Карагер жоргодой бычтырып, Кара-Колго коё бер. Сөөк-саагы түзөлүп мындан да жакшы оңолуп келет. Карагер жоргону жайкы жумушуңа минип кал. Жайлата биз аны менен алек бололу.
Супатай ат жагынан Уултайдан кеп талаша алчу эмес. Энесинин айтканын айткандай, дегенин дегендей орундатчу. Эне-баладан бул экөөндөй бөтөнчө ынтымактуу жок эле. Кашка бышты жөнүндө энесинин акылын «лам» дебестен кабыл алды да, иштин баарын Уултайдын оюндагыдай аткарды. Кашка бышты жайлоого кетти.
* * *
Уултай жаш кезинен тартып эки ооз сөзүнүн бирөө жорго менен күлүк жөнүндө болор эле. Илгери келин кезинде жаман кара алачыгында оттон чоң калап алып, коломтого бутун салып олтурган Супатайга: дулдул, тулпар, аргымак, тобурчак, күлүк, жорго жөнүндөгү жомоктордон көп айтып берчү. Супатай ошондо эле күлүккө шыктуу болчу. Энесинин жомогун жантыгынан жата калып ынтаа коюп укчу. Түкө болсо өмүрү жылкы үстүнө чыкпай, жайдак өгүздүн жонунда жайлап-кыштап жүргөн байкуш, жомоктун баш жагын угуп келип, керели кечке кой артынан чой-чойлоп чарчаган неме, бат эле үргүлөп уйкуга кетчү. Уултайдын жомогун кээ бир күндөрдө Байзактын көпкөн келин-кыздары да келип угушчу:
— Биздин жер бөксө-бөксө адырлуу чабыр келип, жайкысын таш күйгүзгөн чөл, күзгүсүн керимсел жел жүрүп, мунарыктап куму көчүп турган жер эле. Атам анчалык ашынган бай эмес, алынча оокаты бар, анан ченемсиз саяпкер болчу. Атамды эл кадырлашчу. Айыл мыктылары күлүк болчу аттарын жашынан сынатып, анын табын сурап атамды колмо-колдоп турушчу. Көбүнчө атам тулпар чапчу. Тулпар деп күнү-түнү чапса да чаалыкпаган, айлап жол жүрсө азбаган, ач-тогуна кайыл малды айтат. Балдары токтобой жүрүп, мени улгайганда көрүп: «Эми ушул кызым аман болсо болду. Уулум жок болсо да уул катары көрөйүн» деп, атымды өзү Уултай коюптур. Мен эс тартып чоңоюп, алты-жети жашка барган кезде, энем эгиз эркек бала төрөп берди. Эгиздин атын уйкаш коёт тура. Мурун жерге түшкөнүн Супатай, кийинкисин Суртай койду. Мен чоңоюп бой тартып он төрт, он бешке келгенче атам эркек кийимин кийгизип, «кыз» деген сөз оозунан чыгып кеткендер менен урушуп жүрдү. Атам кайда барса мени ээрчитип, жанынан чыгарчу эмес. Жорго мингизчү, күлүк болорун атаман үйрөндүм. Атам бир жылы кумдан энеси тууп таштап кеткен балким үйүрү бир нерседен чочулап үркүп кетсе керек жетим көк кулун таап келди. Бээге жагызып, кээде өлүү сүт берип жүрүп, багып чоңойттук. Баладан бетер атамды, көбүнчө мени кайда барсам да ээрчип алчу. «Талаадан таап алдык деп эч кимге айтпагыла, кудай аман койсо бул көк кулун, көк тулпар болот» деп жүрдү атам. Кулунунан тартып колдон тамак жеп үйрөнгөн неме, кийин чоңойгондо кайсы жерден бошонсо, ошо замат сызган бойдон үйгө келип бир тийчү болду. Анын бир кыялы бизге жакчу. Тулпар жашка толуп, тулпар-тулпар болуп калган кезде бир жылы күзгө жуук казактын түндүк чети бекен, кудай ай, кай жеринен экенин обол акы толук биле албайм, баш байгесине миң жылкы сайган атактуу бектин ашы берилери жөнүндө кабар келип калды. Атамдын күн-түнү тынчы кетип, уйкудан безип, көк тулпарды ошол ашка даярдай баштады. Кош тизгин катып суутуп бир тизгинин үзөңгүнүн алдынан алып келип басмайылга бекитип, жумасына үч-төрт жолу таңашырып, өзү отко коюп, өзү терип кырып өзүнөн өзү тулпар менен убараланып жүрдү. Кай бир учурларда атамдын эки-үч күндүк жолго чыгып кетип, ат үстүнөн тамактанып, тулпарга тал чөп үздүрбөй, тамчы суу таттырбай чаалыктырып келип жатып калган күндөрүн көрчүмүн. Көрсө, а киши тулпардын чыдамдуулугун сынап жүргөн тура. «Тулпарымды Уултайыма чаптырам. Муну башка бала чаба албайт», деп энеме атамдын айтып жатканын угуп, «чапсам экен» деп дегдеп калдым. «Эртең жөнөйбүз» деген күнү кечинде мага мингизип, айылдан төмөн обочодо камыштуу башат бар болучу ошого «сугарып кел» деп жиберди. Супатай, Суртай бөбөктөрүм чоңоюп, үч-төрттөргө чыгып калган. «Жакелеп» жүгүрүшүп, артыман ээрчип чуркашканда энем чакырып аларды алаксытып калды. Эки баласын эки колуна жетелеп баратып, эмнегедир энем мени кылчайып карап көпкө чейин тиктеди. Ал менин тулпардын үстүндө олтурганымды көрүп, «Эркек болуп эмне калбады экен, байкушум» деп ойлоду го?! Мен аны энем айтпаса да көз кырынан билдим. Ошентпедиби, айланайын энекем. Менин кыз болуп калганыма өкүнбөдүбү?.. Байкуш энекем... Башатка барып, тулпардан түшүп, ооздугун бошотуп, чылбырынын учунан кармап, оюма эч капар албай сугарып жатканымда артыман камыш шуудурай түшүп, бир балбан кол келип туура сыга кучактап оозумду тумчуктура басты. Тулпардын үстүнө чыга албай калып колго түшкөнүмө көзүм жеткен соң, чылбырды коё бердим. Тулпар ойноп кетти. Аңгыча болбой биздин айыл тараптан «жоо тийди» деген чуу чыгып калды. Мен жоонун колуна түшкөнүмдү ошондо билдим. Колу-бутум байланып, эки көзүм таңылып көп күн, көп тун жол жүргөндөн кийин мени чечип коюшту. Кайсы жол менен, кайдан келгенимди билген жокмун. Андан кийин да далай күн, далай түн жол басып ушул Кочкорго келдик. Нечен бел аштык, эсепсиз суу кечтик. Алда Супатай, Суртай боорум ай!.. Алда айланайын, апам ай! Мени эмне ошондо телмире карады экен? Мени эмне ошондо көпкө чейин тиктеди экен? Көрсө акыркы жолу коштошкону тура. «Сени мындан кийин көрбөйм, сен да мени көрбөйсүң» деп тиктеген тура. – Уултай көпкө чейин тынчтана түшүп, анан: – Ошондогу энемдин эки баласын эки колуна жетелеп бараткан элеси, күнү бүгүнкүдөй көзүмө карааны көрүнүп турат! – деп сөзүн бүтүрчү.
Уултай ушул өзү жөнүндөгү жомогунун аягына чыкканда көзүнүн жашын көл кылып, колу-башы, бүткөн бою калтырап, Супатай, Суртай боорун айтып, атасын, энесин козгоп боздоп-боздоп, буркурап-буркурап кетчү. Анда Супатай бала эмеспи, энесин көрүп кошо ыйлачу. Кийин Супатай Калыйчага үйлөнүп, Суртай төрөлүп, чоңоюп тестиер болуп калганда да ушул жомогун Уултай небересине айтып берип жүрдү. Анда келини Калыйча ал да башынан жетимдикти өткөргөн муңдуу, шордуу да кошо ыйлачу болду.
Байзактын көпкөн келин-кыздары Уултайдын жомогунан кийин үйлөрүнө тарап бараткан жолдо шаракташып, бөйрөктөрүн эки колдоп таянышып, жин тийгенсип эки алакандарын чапкылашып күлүшүп:
— А байкуш, Уултай күң!.. Тулпар чапчу тура. Мактанат, андай эле тектүү жердин кызы болсо, ошончо жылдан ушунча жылга чейин ың-жыңы жок таштап койбой, атайылап бирөө издеп келбейт беле?
— Болбосо, ошо жоо тийген күнү артынан баатырлары кууп жетип, ажыратып калбайбы?
— «Эл башкарган көсөмү жок, жоо бетине чыкчу берени жок», чөл кыдырып эчки, төө саап каңгып көчүп жүргөн томаяк казактардан да.
— Кур мактанганын кара байкуштун?!
— Антпегенде кантет байкуш күң?! — Ха... ха-халап, үрккөн субай жылкылардай шатырашып шылдыңдап кетишчү.
«Ата-энем болсо өлгөндүр. Мен ошол эки эгиз бир тууганымдын атын эстеп жүрөйүн деп, балдарымдын атын Супатай, Суртай койбодумбу?! Ошол эки бир тууганымдын эсендик кабарын угуп өлөр күнүм бар бекен?!» деп Уултай ар качандан бир качан ботосунан ажыраган ингендей боздогондо адам жанына туралчу эмес. Анын экинчи арманы көк тулпарды миң жылкы сайылган ашта бир чаппай калганы болчу.
Карагер жоргого Уултай кылдат мамиле кылчу болду. Бир күнү баласына:
— Балам, сен мунун көзүнө караба. Бул күлүк ат эмес, бир кыйналса, эртеси курчу түгөнүп, чуркабай калгандай. «Эркенин жашы, жоргонун тери кургабайт» деген. Жоргонун иши жорго. Жүргөндө көзүн карап аяба, катуу жүр. Кунан тайында бөжүп жоргологон жылкы чыгаан жорго болбойт. Ал кур гана шым жыртар болот. Жорго болчу мал быштысынан тартып арбытат. Ага чейин улам жаңылып, даана таба албай, ооздугун тиштеп тоңкочуктап алабарман салып жүрө берет. Жоргону үйрөткөндө жазгысын айдоого салдырып үйрөтүш керек. Колтугу керилет. Жанылууну унутат. Өмбүл-дөмбүл, аң-дөңгө салдырган түзүк болот. Буту-колу жер таанып бат машыгат. Эки күндүн биринде кыйнап келип суутуп, таң ашырып турган жакшы. Жөн гана жүрүштүү ат катарында минип жүрө берсе, жорго болбой жоон-жолпу ат болуп калат.
Мындай акылын Уултай Супатайга нечен-нечен айтчу. Уултай карагер жоргону өз ою менен таптатып, өз ою менен сууттуруп жүрдү. Улам барган сайын мүчөсү чыгып, сыртына тартып чыңалып, чатырап жооноё баштады. Соорулары казанбактай көмкөрүлүп, жал, куйрук төгүлдү. Буту-колу түзөлдү. Кийин күзгө маал жоргосуна аттын аты жетпесе, жөнөкөй чобурлар артынан самсып, алда кайда калчу болду. Ошончосуна жараша жеткен аймаңкы. Канча чөп салсаң тал калтырбайт. Акырына куурай таштасаң да аймайт. Мейлиң чий жулуп келип салып кой, түбүнөн бери жейт. Арпадан бир чоң чака илсең чай кайнамда эчтеке жок. Кайра таңашкан жылкыча окуранып ээсин карайт. Таң каласың. Жылкынын меши. Мунун сыры белгилүү болуп калды. Бул өтө карылуу ченеми жок малдын алпы.
* * *
Өзүкбай болуш Суранчы менен ага-ининин баласы. Жети атасынан бери элге үстөмдүк кылган манаптын тукумунан. Болуш болгусу келсе болуш болот, бий болгусу келсе бий болот. Ал өмүрүндө мал күтпөгөн адам. Аны «үрүп чыгар ити жок томаяктын бири экен» деп ойлоого болбойт. Кар жаабаган кара Кочкор өрөөнүндөгү бай жардынын малы бүт бойдон Өзүкбайдыкы. «Малга ээмин» деп багып жүргөндөрдүн курулай убарасы. Алар малга ээ эмес.
Малдын ээси Өзүкбай. Жайкы-кышкы согуму өзүнөн өзү келип, эшигинин алдында даяр. Эл жайлоого чыкканда Өзүкбай кошо чыгат. Кочкор ичиндеги кайсы гана жайлоо болбосун ошонун бирине Өзүкбай барып конду дегенче, ал жердеги элдин тынчы кетти дей бер. Аны кой дээр кожо, ай дээр алла жок.
Жайлоого Өзүкбай жалгыз өзү көчүп барса эмне? Анын кызматын кылып, жайды жайлата малын союшуп, конок келгенде күн-түн дебей каралашып, аларды аттантып-тондонтуп узатып туруш үчүн да киши керек ко. «Ошондой ишине жарайбыз» деп кошо ээрчий көчүп жүргөн кошуна-колоңдору өзүнчө бир айыл журт. Мына алардын да ичкен-жегени, сойгон согуму ошол Өзүкбай барган жайлоодогу элдин жонунан болот. Өзүкбайдын чамгарагы көтөрүлүп, үйү журтуна тигилер менен алды тай, аркасы кой-козу болуп, биринен сала бири, бир чети кошоматка, экинчи чети коркконунан өрүлүк деп алпарып бере берет. Келген малдар күнүгө союлуп турат. Анан өрүлүктүн малы түгөнүп, конок аяк көп келип карбаластап, шашылып калганда Өзүкбай болуш туш-тушка киши чаптырат. Тай союлчу коноктор келсе тайга, кой союлчу коноктор келсе койго чабат жигиттери. Бир бечаранын жалгыз баласына энчилеген жорго тайы болсо да алдырып келип сойдуруп таштайт. Өзүкбайга кыңк эткен жан болбойт.
Ачуусуна тийгенин өлтүртүп коёт, тамаша кылгысы келсе урдуртуп таштайт. Өзүкбай болуш бээ байлап, саан саабайт. Анын жүз баштуу ак ордодой үйүнүн бир капшытында кереге башы кур эмес. Кып-кызыл ышталган он чакты эркеч чанач кымыз чымчып буулуп, ичке бучкактары дердейип, түпкү жазы булуңу ылдый карай салаңдап жерге тиер-тийбес болуп, илинүү турганы турган. Болуштукуна кымызды кыйгыл алып келгендерде да жан жок. Чаначын тилдирип, кымызын төктүрүп, өзүн токмоктотуп коё берет. Экиден төрт жигит тиги тизилип турган чаначтардын улам бирин чечип алып, бирөө түпкү бурчунан, бирөө оозун толгой кармап, бирин көздөй бири лүк-лүк эттире уруп, кара терге түшкөнчө кымызды чайкашат. Антпесе аларда да жан жок. Кымыз бал татыбаса кордук көрүп калышат.
Мына ушундай дөөлөтүнө мас болдубу, же кудай теңирин тааныбай көөп кеткендиктенби, же жаш кезинен тартып болуш бий болуп ата-бабасынын сыймыгы учурдубу, айтор эмнеден себеп болгону белгисиз, Өзүкбай болуш апийим ичкенди наз кылып, анын бүткөн бойду эрите көшүлтүп термелткен ыракатына маашырланды да, жан дили менен ошого берилип кетти.
Болуштукту да таштады, бийликти да таштады. Жалаң гана апийимди кууп ичип, ошонун артынан түштү да калды. Апийими жок ал бир күнгө да чыдай албай турган болду. Ошол жылы Өзүкбай болуштун айлы Сарала-Саз жайлоосундагы «Айтаке-Чуңкур» деген конушта олтурушкан. Өзүкбайдын аялдарынын сарамжалы жоктугунан эстерине «жара чыгып», болуштун апийиминин түгөнүп калганын билишпейт. Бир күнү эртең мененки чайда Өзүкбай: «Апийим бергиле», — деп аялдарына ишаарат кылса, апийим жок. Жокту күн мурун эскертпегендиги үчүн аялдарынын жаны чыгып кетет. «Эртең кечтен калса Өзүкбай өлдү» дей бер. Аны аялдары эмес тегерегиндеги коңшу-колоңу, жигит-жалаңы, ага-тууган, ага-иниси бүт билет. Анан айлалары кетет. Эмне кыларын билишпей далдайып туруп калышат.
Токмокто Өзүкбай болуштун Ажы имам деген өзбек досу бар. Апийимди жайы-кышы жетерлик кылып, ар жыл сайын ошол Ажы имам досу даярдап берчү. Кокус түгөнүп баратса жугун үзбөй күн мурун ошондон алдырып турчу. Мына эртең Токмокко киши чаптырыш керек болуп калды. Өтө шашылыш. Буга бир күндүн ичинде кандай ат, кандай киши чарчабай-чаалыкпай жетип барып келе алат. Токмоктон жакын бул Кочкор аймагынан апийим табылчу бир да жер жок. Токмок менен Сарала-Саздын аралыгы нечен катмар тоолор, ортосун Шамшынын бели туура тартып комдонгон атандай бөгөп жатат. Буга канаты бар жылкы болуп учуп жетип барып келбесе, башка мал барып келе алчудан эмес.
Аркы бети да, берки бети да деген аттарга эки күндүк кере жол. Анан дагы түз болсо эмне? Барчу жолдун ою-кыры, кокту-колоту, тоо-торпосу көп. Агыны катуу суусу бар. Капталдары кыямат кайым бийик жар. Пай-пай, пай-пай! Муну ойлогон адамдын азат бою тик турат.
Өзүкбай иниси Суранчыны чакыртты. Абалды уккандан кийин иштин чатак экенин түшүнгөн Суранчы тизгин учу менен чаптыртып Супатайдын карагер жоргосун алдыртып келди. Жоргонун артынан Кашка атты минип Уултай да кошо келди. Болуштун ага-иниси чогулуп акыл токтотушту. Токмокко күнүн жетип барып келгенге Карагер жоргодон башка жарачу жылкы жок. Бир жараса ушул гана жарайт. Муну минип ким барат? Кеп ошондо калды.
Кокон Өзүкбай болуштун өзүнө жаккан бирден бир жигити. Бөрк ал десе баш кескендерден. Өзүкбай дегенде өлөр тирилерине карабайт. Бирөөнү тап берип кой десе, төбөсүн жара чаап жибергендин бири. Ал барган жерде жумуш чийки бүтпөйт. Алып кел дегенин алып, жулуп кел дегенин жулуп келет. Өлтүрүп кел дегенин өлтүрүп келет да, уруп кел дегенин уруп келет. Ошондоюнан Өзүкбайга жагып жүрбөйбү Кокон. «Токмокко ким барат» дегенче эле, «Ага менден башкаңар жарабайсыңар» — деп элдин арасынан атылып чыкты Кокон. Кокондун барышын эл туура тапты.
— Кокон жарайт. Кокон барсын!..
Кокон ошол күнү кечинде Карагер жоргону суутуп таңга маал жөнөмөк болду. Уултай ичинде: «Башка бирөө минсе болот эле» деп кыйылып турат. Айласы канча, атка ээ болуп калыптырбы Уултай. Ал Карагер жоргонун бир күнкү терин аяган жок. Жалгыз гана корккону: «Тиги Өзүкбайдын арткан тамагына семирип, кой дээр, ай дээри жок көпкүлөң тартып кутуруп турган «арам» өйдө-ылдыйды ылгабай курч жылкыны бардыктыра жүрүп, жиниктирип өлтүрбөгөй эле» деп ошондон коопсуп, ошондон шексинип жатат.
— Кокон, — деди Уултай, — Болуштан аттын күчүн эмес башын аябайбыз, ошентсе да «ат кадырын билбеген минип өлтүрөт, адам кадырын билбеген уруп өлтүрөт» кылбай этият бол. Ары баратканда да, бери келатканда да белдин ар жак, бер жаккы бийик капталдарынан жай чыгып, жай түш. Андан аркысын өзүң бил. Жалгыз гана айтарым Токмокко жакындаганда көк бедеге чай кайнам чалдыр. Токмокко жеткенде Чүйдүн суусунун ирим жерине жетелеп барып көлбүтүп ал. Анан суу жээгиндеги жумшак кумга оонат. Ажы имам бир боо кек беде же беш, алты кочуш жемин аябас. Ошону чайнаткандан кийин кайра тартасың.
Өмүрү сиз-бизди билбей, Өзүкбайдын айдыңы менен башка жат адамдан кагуу жебей, оройлугу ашынган Кокон, Уултайды кабагын салып теше тиктеп туруп ага тумшугу менен корс этип бир тийди:
— Ээ шерменде, сенин оюң менен болсом күнүн барып күнүн келе аламбы? Мага жоргоңдун өлүү-тирүүсүнүн кереги эмне? Жорго эмес өзүм өлсөм да Өзүкемин «дарысын» бир күндөн калбай тез алып келишим керек.
Таң ата, таң ата Сарала-Саздагы Айтаке-Чуңкурдан сыздырып Карагер жорго менен Токмокту көздөй Кокон жол тартты. Шамшынын белинен Кочкор жаккы багытындагы торпусуна чейинки катар-катар мойнок жолдор, кокту-колот, жыбыт-жылга, салаа-салаа белестер биринен сала бири артта кала берди. Таңга маал чабытка чыккан таптагы кара барчындай кайкып, катмар-катмарлардан ашып, үстүндөгү локуйган Коконду оорсунбай, сом туяктарын таштан-ташка уруп Карагер жорго баратат. Күндүн эртең мененки биринчи нурлары бийик тоолордун учтуу кыл чокуларын аймалаганда Кара-Кыянын кырына чыкты Кокон. Көзгө алыстан жакын көрүнгөн менен Шамшынын бели дагы бир ат чабым. Өр.
Мына бул Кара-Кыя дегендин жалгыз аяк кыясынан жайчылыкта ары өткөн, бери өткөн жолоочулар түшүп алышып атын жөө жетелеп басып, баабединин айтып жатып «а кудайлап» араң түшөт. Ошол кыяда кетип баратып эңкейип, ылдый жагыңды карасаң бийиктигинен башың айланып, бүткөн боюң калтырап-титиреп, жүрөгүң опколжуйт, араң ойго түшчүдөйсүң. Өтө бийик. Тиги өлөрман, жанкечти Кокон алдындагы атка ишендиби же өлүм ага жөнөкөй гана уктап тура калгандай тамашабы, ошол бийик капталдагы кылычтын кырындай, жүлүндөй созулган тасма жолдон жоргонун оозун жайган бойдон өтсө болобу?! Кутурган Кокон.
Торпулардагы ар кандай чубалган ийри-буйру кыялардын бирине да токтолбостон жоргонун кош таноолорун барпыратып, өрдө желе басыгына салып жүрүп олтуруп белге чыкты. Жоргодон көл-шал төгүлүп тер кеткени менен каруусунан тайыган жок. «Сага жандын кереги жок болсо, мага да кереги жок» дегенсип туу белге чыкканда тура калып бир аз эс алып алуунун ордуна, кайра күчөп, оозун тарттырбай ооздугун качырата тиштеген бойдон ылдый карай соёлонуп, кумду эшилте-эшилте басып Коконду кокту ылдый алып жүрүп кетти Карагер жорго.
Өйдөдө чарчабаган ат ылдыйда чарчайбы. Баягы каадасындай таштуу секиртме жолдордон арыштап түйүлүп аттап өтүп, түз жерге түшө калса оозун жыйып жөнөдү. «Жоо базарды көчкү алган», «Кожоянды көчкү алган», «Кара-Сайды көчкү алган» деген белгилүү дөмбүл-дөмбүл, капчыгай кокту-колоттор жорго күчөп жүргөн сайын аңтарган барактай артта калып жатат.
Күндүн жарыгы тоо капортолоп түшүп келгенче башкы карагай, ой карагайларды аралап ашпозчу Мырзабайдын устундук жыгачтан каршы-терши аштап жасаган үйүнө жете келди.
Эрте турган Мырзабай ашпозчу жоргонун оозун керип саламга келбей жанынан шуулдап өтүп бараткан Коконду көрүп, «эр өлтүрүп келаткан канкор, же болбосо жоргону минип качкан ууру» деп ойлоду. Кыйкырып токтоткусу келди, бирок Мырзабай ага чыдап бара албады. Тигинин түрү суук. Баш алгандан кайра тартчудай эмес. Илеби кынынан суурулган муздак кылычтай курч. Өз жанынан коркуп, чочуй түштү Мырзабай.
Антип-минтип чоң шашке болгончо шак этип Шамшынын капчыгайынын аркы оозуна чыгып Токмоктун дүмүрөйүп карарган топ багынын караанын алыстан көрдү Кокон. Түзгө түшкөндө жорго ого бетер күчөп эңиштеген сайын катуулагандан катуулады. Арткы эки бут жазы боорго чак-чак тийип алдыңкы эки такыр колтукту туяктын учтары жетер-жетпес болуп илеп тартып ирмеп келатат. Жолдон жолуккан кишилердин бирөөнө да салам бербейт, бирөөнө да баш ийкеп койбойт. Зуулдаткан бойдон жүрүп кетет. Кокондун түрүн көрүп алар да даап учураша алышпады. Кокус алдынан туура тарткан жан болсо өлгөн тирилгенине карабай койдуруп кетүүдөн кайра тарта турган Кокон жок. Ой оңбогон Кокон, оой!
Баягы Уултайдын сөзүн эстедиби же өз акылына келе калдыбы, урдуруп кетип баратса жолдун оң капталындагы тармалданып коюу чыккан ыргалган быжыгыр көрпөдөй көк беде көзүнө чалдыга түштү. Ошону көздөй жоргонун ийиктей имерилген элпек оозун шак бурду.
Түшө калып жүгөндүн сагагын бошотуп, ооздугун шапа-шупа чыгарып жиберди да, тизгинин жаагына түрө салды. Анан чылбырдын учунан кармап туруп бедени топ-тобу менен киши тутамдап жулгандай жулуп, шарт-шарт чалып күрсүлдөтө чайнаганына кызыгып таңыркап карап турду. Жаак эттин булчуңдары муштумдай, муштумдай болуп түйүлө-түйүлө түшөт жаныбардын. Муздак көрпө беденин ширелүүлүгүнөнбү же жумшактыгынанбы мурун буга чейин эчтеке көрбөгөндөй болуп өрүп кирди жарыктык. Заматтын ортосунда үй ордундай жерди аймап таштады. Керээли кечке оюна койсо жаагы тына турган эмес. Беденин ээсин убара кылбай башынан аягына чыга Карагер жорго чаап таштачудай бул кейпи менен.
Ысыкта суусап келаткан адам бир чоң аяк муздак суусунду шак тартып жибергендей жоргонун ичи ысыганы басылып, эки көзү чанагына толуп, маңдайынан аккан мончок терлер көл-шал болуп жерге төгүлүп жатты. Кокон токтоп турчу беле. Ооздугун салып, шып атка ыргып минип жана сызып жөнөдү. Көз ачып жумганча Токмокко кирип барды. Көчөнү көчө деп билбей, көчөдөгү көп элди көзүнө илбей, учуп-күйүп келаткан адамды көргөн калың топ тең ортосунан жарыла берип, көчөнүн эки жаккы капталдарына жабыша-жабыша калышып, жол бошото берип жатышты. Кокон ошол бойдон токтобой Ажы имамдын короосунун дарбазасына жеткенде аттын оозун тартты. Үзөңгү теппей ат оюнчудан бетер жерге кош аягы менен тик секирип түштү.
Кокон бул жумушка далай келген. Бул жолу өтө шашылыш экенин түшүнгөн Ажы имам «дарынын» белен экенин айтты. Самоор кайнап чай даяр болгончо Карагер жоргону калаанын аркы четиндеги күпүлдөп агып, күркүрөп кирип жаткан Чүйдүн суусунун жээгине жайдактап туруп Кокон жетелеп барды. Карагер жорго тиги күркүрөгөн сууну көргөндө көздөрү жайнап, Коконду сүйрөгөн бойдон иримге алып кирип келди. Кокондун колунан чылбырдын учу чыгып кетти. Кокон сууну чала-була кечип кокойгон бойдон жээкте калды. Жорго суунун тереңине чейин кирип барып, чабак урган кишиче ары бир, бери бир кайра-кара аласала берди. Анан бир оокумда суудан суурулуп секирген бойдон жээкке чыкты. Жээктеги сапырылган майда жумшак кумдардын үстүнө буту колун бүгүп жата калып, оонап кирди. Кайра секирип барып, сууга түштү. Экинчи жолу жээкке чыгып келатканда Кокон чылбырдын учунан кармай калды. Антпесе деле качмак эмес. Жедеп жаштайынан колго өскөн мал да. Качкысы келсе суунун аркы өйүзүнө чыга качпайбы. Аида Кокон эмне кылмак? Аңырайып өйүздү карап коюп туруп калмак.
Короого кирери менен бастырманын көлөкөсүндөгү жыгач акырга байлап, жоргонун алдына бир боо көк беде таштады Кокон. Анан Ажы имам менен кобурашып эки-үч чыны чай ууртап, кайра чыкканча эчак эле бедени кайсап таштаптыр жорго. Андан кийин алты кочуш ак сулуу илип жиберди. Аны да алеки саатта күйшөп койгонсуду. Кокондун издеп келген «зарылы» колуна тийгенден кийин Токмокко токтоп турабы. Ал ошол замат тыз койду. Карагер жоргонун да, Кокондун да барар жери басар жолу белгилүү. «Кош бол, Токмок» деп кайра тартышты.
Келген жол менен кетер жол бир жол болгону менен айырмасы бар болчу. Анткени, Сарала-Саздан Токмокко чейинки аралык тиги белди эсепке албаганда эңкейиш. Ал эми кайра Токмоктон Сарала-Сазга жеткенче далай жери өрлүк кылат. Өр менен эңкейиштин айырмасы асман менен жердей да. Муну Карагер жорго билгени менен Кокон билбейт. Ал ичинен «Мейли өр болсун, мейли эңкейиш болсун аттын оозун жыйбайм. Өлсө өлгөн жерде калсын» деп ойлонуп баратат. Кокус белдин ар жак, бер жагында жорго бардыгып өлө турган болсо аны ошол жерге мууздап таштап андан ары Кокондун жөө чуркай турган мүнөзү бар.
Токмоктон чыкканда Карагер жоргону жаңы кармап мингендей оозун коё берди. Эңкейишке караганда аттын үстүндө катуу жүргөн адам үчүн өрдө жүрүш бир аз ыңгайлуу, жеңилирек болот эмеспи. Өрдүн атка тынчы жок болгону менен Кокондун өзүнө тынч. Жоргонун эмнесин аясын. Өлсө Кокон жооп бербейт. Супатай менен Уултай да атын доолап Өзүкбай болуштун эшигин ачып башбага албайт. Муну Кокон билбесе Кокон болобу. Карагер жоргону шуулдаткандын үстүнө шуулдатып, зырылдаткандын үстүнө зырылдатып баратат.
Жорго да өз күчүнө өзү ишенет окшойт. Кокон жоргого эрегишсе, жорго Коконго өчөшүп бараткансыйт. «Мындай узак жол, мындай бийик дабандан бирөө эмес дагы экөө болсун мага кеп эмес. Кимибиз чыдаар экенбиз... Менин үстүмдө жүргөн сенби, же сени учуруп алып бараткан менби? Аны барганда көрүшөлү» дегенсип Карагер жорго улам жерди түрсүлдөтүп ургулап, улам даңгыл жолду үстөккө-босток дүпүлдөтүп муштагылап баратат. Арткы эки бут боорду чапкылап жүн сабаган сабоодой шым-шым. Улам катуулаган сайын сан эт менен карчыттын булчуңдары оор жүк көтөргөн балбандардын булчуңдарындай бултуюп-бултуюп түйүлө-түйүлө түшөт. Ушул турпаты менен Карагер жорго чарчаганды, кыйналганды билеби? Билчү түрү жок.
Мына аяң-буяң дегенче болбой Шамшынын оозуна да жете келишти. Ошондо түш кыңкайып, күн батышты көздөй кыйшайып бараткан. Мындан ары түгөнбөгөн капчыгай, улам өр тарткан сайын жер өр. Бел кайда дейсиң? Дагы көп бар. Көкө кулусун. Жүрүп баратат, жүрүп баратат Кокон. Бел. Алдынан чыккан жолоочулар тигинин түрүн көрүп, жолдун четине бура тарта беришет да, анан ат үстүнөн кыйшайып аны карашып, көпкө чейин таңыркап калышат:
- Мас ко? Же жинди болгон немеби? Алыс жерден келаткан качкын болуп жүрбөсүн? Жок ууру го. Атаңдын көрү, алдындагы аты ат эмес бекен. Ай, бул жүрүшү менен жүрүп олтурса кайран атты өйдөлөп барганда жиниктирип өлтүрөр бекен!
Кокон улам жогорулап өр тарткан сайын жайлап, түзөңчө боло калган жерде баягы, муруңку калыбы менен жүрүп олтурду. Мына баягы ой карагайга дагы келди. Мырзабай ашпозчунун жыгач үйү көрүндү. Чүй багытынан бараткан адамдарга Мырзабай ашпозчунун үйү оң тарапта, Кочкор жактан келаткандарга сол тарапта. Ошол учурда Мырзабай дагы эшикке чыгып турган. «Баягы эртең мененки киши экен. Кудай урду! Мына кызык. Бул каякка чейин жетип барып келди. Бир күндө белди эки ашабы? Бул качкын да эмес, ууру да эмес экен. Бир зарурат иш менен жүргөн адам. Болбосо куугун кууп жетпей калган. Жок. Куугун кууса азыр жай өтөт эле. Бул эмне деген киши болду экен?» Мырзабай токтотуп Кокондон жай сурагысы келди.
«Ой жигит, бери бурула кет», — деп Мырзабай үн катты эле. Кокон кылчайып да караган жок. Шып өтүп кете берди. Мырзабай таң калып делдейе түштү. «Атаңдын көрү, аты ат эмес бекен! Бир күндө бийик дабанды эки жолу ашат деген эмне шумдук?!»
Кокон токтобой жүрүп олтуруп карагайдын башына жете келди. Андан аркы жылаңач капчыгайлар, баягы көчкү жүрчү жерлер даана көрүнүп калды. Алардан өткөндөн кийин белдин түбүнө жетет. Белге чейин тектир-тектир торпулар, ийри-буйру жолдор. Канча кылган менен өр эмеспи, каптал кыяларда карагер жорго мурункусундай болбой желе басып жайлап калды. Ошонусуна да артында ат болсо жакындай турган эмес. Эки кең таноодон чыккан ысык дем ак бууга айланып, үстөккө-босток удаа-удаа асманга атат. Кайнап жаткан казандын капкагын ала койгондой бурулдайт.
Күндүн нуру тоо-тоонун капталдарына жетип, акырындык менен өйдөлөп, ал эми жапыз дөбөлөр эчак эле жоголуп, бийик чокулар терең деңиздин түбүнө чөгүп бараткан зор кемедей болуп улам ылдыйлап баратканда Кокон туу белдин жонуна чыкты. Жоргонун тизгинин жыя тартып бир аз көкүрөгүн бастырды да, ээрден эңкейип төмөнкү кумдуу кыяларды, быржыгый-быржыгый торпуларды, эки жагы чубалжыган бийик тоолор менен узата кырданып созолонуп кеткен терең капчыгайдын өрөөнүн карады. Анан күн батыш жакка жүзүн буруп, тээтиги алыстан-алыстан аркайып көрүнгөн Кара-Кол, Сөөктүн бийик тоолорунун аркы багытына жылмышып түшүп бараткан алтын табактын четиндей жылтыраган күндүн арткы жээгинин кыры менен коштошту.
«Кокуй ушул тапта Өзүкемин алы эмне болуп жатты экен!»— деп Кокондун көзүнө чыдай албай эси ооп, орто жолдо жаткан Өзүкбайдын элеси келе түштү. Кош ооз менен кур дүрмөт аткансып эки таноосунан буу бүркүп жаткан Карагер жоргону колтукка согончогу менен кысып, типтик ылдый бурулдаткан бойдон оозун коё берди.
Ошол тапта Өзүкбайдын шайманы бошоп, шылкыны куруп, кайта-кайта жол каратып, утур Шамшынын бели тарапты тиктетип: «Тур карагыла! Келатабы! Көрүнөбү? Караан чыктыбы?» —деп кургакка серпилген балыктай туйлап, үстөккө-босток чабалактап ары-бери оонап аласалып, чыдай албай сөөгүнөн жан тери агып мончоктон айласы кетип жаткан учуру болчу. Суранчы баш болгон эстүү баштуу ага-иниси бүт чогулуп, чый-пыйы чыгып, улам Кокон кечиккен сайын: «Алда эмне болду» дешип, бир орунда тынч алып отура алышпай дүрбөлөңгө түшүп шакалактап жатышкан.
Бир кезде Суранчынын оюна бир нерсе кылт дей түшүп, Коконду утурлатып курч ат менен алдын тостуруп: «Кокондун аты жүрбөй көзүнөн караан учуп, бизге жете албай келатпасын? Чү де! Арты кийнине кылчайбай чап. Алдынан тосуп учкан бойдон тез жет да Коконго карабай «дарыны» алып кайт!» — деп шашылыш киши чаптырды.
Күндүн кызылы түрмөктөшкөн жүндөй болуп самсаалаган асмандагы ала булуттарды өрттөп бара жатканда Кара-Кыянын жылаңач кырына чыга калган Кокон чабарман жигит менен беттеше түштү.
— Эмне?
— Келе апийимди?!
— Эмне болду?!!
— Өзүкем чыдай албай жатат?!
— Атаңдын башы, — деди кара мүртөз Кокон. — Мен жердин түбүнөн бери жанымды оозума тиштеп, жан этимди жеп, учуп-күйүп алып келатсам. Анан Өзүкеме «дарысын» өз колум менен тапшырбай сага бере коёмбу? Бастыр былжырабай! Бирди көрүп каласың?!
Экөө жарышкан бойдон жөнөштү. Сарала-Саздын артууларында тиги жигит минген сөөгү тынч курч ат Карагер жоргого теңдешип барды да, анан бузулган суунун сайынан өтүп Айтаке конушту көздөй кеткен түз жолдо жоргонун караанын көрбөй самсып кала берди.
Эшиктин алдында тышка чыгып жол карап турган топтошкон эл күүгүм талаш дигер шамдын ортосунда жоргону дирилдетип келип Өзүкбайдын үйүнүн эшигине Токтогон Коконду ат үстүнөн көтөрүп түшүрүштү. Үзүлүп кете жаздап көзү аңтарылып өлүү тирүүнүн ортосунда жаткан Өзүкбай болуш Кокондун колунан «кара дарысын» алаары менен оозуна салды. Энесин эмген музоодой эки ууртунан шилекейи чачылып ак көбүк агып, эки көзүнөн чылпак аралаш шоросу куюлуп какап-чакап, койдун корголундай апийимди таңдайына басып соруп кирди.
Кокон дагы бир аз чай кайнамча кечиккенде «кайран апийимкорок маңчы болуш» тиги дүйнөгө карай көздөрүн акшыңдаткан бойдон жол тартып кете бермек экен. Жаны калды. Ой, анда Өзүкбай болуш өлсө элге кандай тынчтык болот эле. Жаткан-жаткан жеринде, турган-турган жеринде дегендей журт жай-жайында боло түшпөйт беле? Өлбөй калганын карачы?
Болуш эс алып, чогулган ага-тууган, ага-иниси үй-үйлөрүнө тарагандан кийин кайчы өтүп кетип калган кишиден бетер баягы алдын тосо чапкан чабарман жигит салпактап жүрүп араң келсе болобу?!
Карагер жоргону күтүп жаткан Уултай аты колуна тиери менен ээр токумун сыйрып таштап, таң атканча акырын илките жетелеп жүрүп, таң нык салып чыгыш жак шоолаланганда жүгөнүн шыпырып алып отко коё берди. Карагер жорго жашаңдан эки чалып, бир чалып, чайнаган болду да анан куйругунун сыртына кайрып соорусун булгалап секирип оюн салган бойдон бузулган суунун төрүнө чыгып кетти. Ал кечээ кайда барып, кайдан келгенин билбесе керек.
Чарчап-чаалыккан менен жумушу жок окшойт. Өзүнчө бир башкача мал экен да жаныбар! Ал эми Кокон болсо Карагер жоргодон жеңилди. Ат үстүндө сөөк-саагы жанчылып, кыбыраарга дарманы калбай катуу кыйналып калган эме, үч күн бою шишип-көөп, күнү-түнү менен төшөктө жатып, төртүнчү күн дегенде араңдан зорго элдин катарына кошулду.
Кокон менен Карагер жоргонун кабары ошол жайда Кочкор өрөөнү эмес, Жумгалдын элине чейин угулду. Деген аттар менен ара конуп барып, ара конуп келчү, ортосунда бийик дабаны бар алыс жолду кыскартып, күнүн барып, күнүн келет деген эмне? Анан Кокон менен Карагер жоргого кимдер гана кызыгып, кимдер гана таң калбайт.
Уултай Кашка атты казы байлай элегинде жайлоодон эрте күздө алдырып келди. Аттын баштагы сыны дейсиңби? Сабагы чыгып, мойну ичкерип, башы элик баштанып, кыскасы күмүштөй жаркырап, куйрук-жалы кулпунуп, көкүлү кундуздай жалтылдап, эки кулак камыштай типтик, эки көзү бышкан кара алчадай мөлтүрөйт. Уултай Кашка атты көрүп ичи ысып, «бөтөн көзгө чалдыкпаса экен» деп жыйрыла түштү. Жайлоодон келгенден тартып жашаңдатып, көк чытырга байлап, таптоого киришти.
— Деги бул Уултайда бир кеп бар?
— Бул бирди кылганы жүрөт.
— Карыган катын ат байларбы?
— Ата көрү ээй, жаман Түкө кулдун селсаяк казак катыны...
— Буга эмне жок. Башта кайда жүргөн?
— Бул кечээ эле Айчубакта кунаны чыккандан бери кутуруп калды!..
— Ой эл журт! А андай эле кыйын экен, баягы Байзактын ирегесинде жүргөндө ошонун миң жылкысынын ичинен бир күлүк тандап чаппайбы?
— Кокус бир аттуу-баштуу кишинин катыны болсо, ааламды пыр кылмак ко бул шуркуя?
— Ата кудай гана бардыр а, жаман казак күңгө.
— О жанакы Түкө кулдун уулу Супатай жатакчы кадимки ок саадактуу киши өңдөнүп атка толтура бастырып калыптыр?!
Көрө албаган кээ бир колу жетиштүү айылдын «мыкчыгерлери» Уултай менен Супатай жөнүндө колунан келген күңүчүл чеки сөздөрүн аяшкан жок. Биринен сала бирин удаа-удаа жаадырып, мөндүрдөй дабыратып жатышты.
Кашка ат ошол жылы күзүндө Кочкор, Жумгал, Нарын аймагында көп чабылды. Кандуу бут жаңы бышты болгонуна карабастан, алдыңкы байгени берген жок. Байгенин ээси да аттын ээси да Суранчы. Суранчы Супатайга ит жеминдей бирдеме берсе берет, бербесе жок. Өзү билет, өзү таратат. Буга Супатай катуу нааразы. Ичинен бугу кайнап, ызасын сыртына чыгара албады. Бир күнү энеси Уултайга арманын айтты. Уултай муну билбейт бекен? Ал баласын «дың» дедирбей басып койду. Ошондон кийин ичтеги көк түтүнүн тышка чыгара албай, думуккан куштай дым болду да калды.
Карагер жоргону Суранчы бир күнү алдырып кетип, үстүнө чыккандан кийин жоргосуна кызыгып, кыштата ит агытып куш салып, бербей койду. Суранчынын бул кылыгына да Супатай жаталактады.
Жазында эл жайлоого көчөрдүн алдында дубан-дубандагы болуштарга кат келди. Ал каттын мазмуну мындай эле: «Быйыл күз казакта Кожомберди султандын ашы болот. Ат чабыш, жорго салыш болот. Казак-кыргыз болгон жери — эки бир тууган эл бүт чакырылат. Биринчи аттын байгеси миң дилде, биринчи жоргого миң кой сайылат. Атактуу күлүк, чыгаан жоргосу бар эл күзгө чейин даярданып келишсин».
Бул кабар чагылгандан бат тарады. Калк дүрбөп калды.
Суранчы бир күнү кечинде Карагер жоргону өзү жеткирип берди. Ал казакта боло турган чабышты алгач уккан. Анын үстүнө Карагер жорго менен Кашка ат Суранчынын өзүнүкү өңдөнүп, эл да «Суранчынын аты, Суранчынын жоргосу» оозанып калган. Суранчынын аркасы болбосо бул эки ат экөө тең чабылбайт. Чыкса байгеси Суранчыныкы. Чыгып келе жаткан үстүндөгү бала Суранчынын аталарынын арбагын чакырат. Ошондой болгондон кийин Суранчынын аты, Суранчынын жоргосу экендиги кашкайган чындык эмеспи? Казакта боло турган эки эл беттешкен жерде же Кашка ат, же Карагер жоргонун бири чыгып калса, Суранчыга жаман наамбы? Зоболосу көтөрүлүп, даңкы жер жарып, мурунку дөөлөтүнүн үстүнө кошула берет. Ошон үчүн жоргону өзү алып келип олтурат. Уултайдын саяпкер экенин Суранчы билет эмеспи.
Супатай казактагы ат чабышка Кашка атты алпаргысы келбей көңүлсүз болуп жүрдү. Аны Уултай билип баласын чыйралтты.
— Арам жаман! Сен Кашка аттын жал-куйругун чындап шүйө турган кезиң келди. Ушунда чыкса сенин атагың чыгат. Кашка атка бүткүл Кочкор, Чүй, Көл айланасындагы күлүктөр тең эмес. Бул жердеги чыккандыгы үчүн сен аны күлүк деп эсеп кылба. Чаптың-чаптың, ошо казактагы чоң байгеге чап. Ошерден калк көзүнө көрүн.
Уултай ушинтип уулун нечен жолу кагып-силкип, нечен жолу дем берип, нечен жолу кайраттантып Супатайдын демилгесин көтөргөн. Ошондо да Супатай:
— Казак-кыргыз жыйналган жер болсо, ага капкайдан чогулуп канаттуу аттар келет да. Кудай билет, ошончо элден, ошончо көп аттан биздин Кашка аттын чыгарын.
Күркүрөп күз келди. Супатай менен Уултай Карагер жоргону да, Кашка атты да кыл табына келтиришти. Эл дүрбөп, казактагы чабышка алды жөнөй баштады. Суранчы күнүгө бир маал келип эки аттын жайын сурап, ары жак бери жагына чыгып тегеренип карап кетет. Уултай Суранчыга:
— Бул эки ат менин колуман чыгып бүттү. Жер казыгынан сактаса элдин намысын алып берет. Калк казына. Балким булардан да кыйын күлүктөр бар чыгар. Аны бара көрөрсүңөр. Менин бир силерге айтаарым, ошол ашка Шергазы да барар. Шергазыга атыңарды күн мурун көргөзүп алгыла. Мен билбеген кемчиликти ал билет. Шергазынын алдынан озгон кыргызда саяпкер жок.
Эртеси эртең менен Супатай, Суртай казакты бет алып жолго чыгар алдында мамыдагы байланган аттардын жанына келип жыйылган ээр токумдун үстүнө көчүк коюп, Уултай эки атты тиктеп олтурду. Канчалык кадалганы менен Кашка аттын турпатынан өөн таппады. «Ичи тышында эч кидирет жок. Бири чыгаан күлүк, бири талбас жорго эр азаматтын колуна оңой менен тие койбойт да. Супатайымын кул аты өчпөй, таалайы ачылбай турганын карачы?»
Уултай Супатай менен Суртай аттана берерде Суртайды эңкейте тартып, кулагына шыбырады:
— Ошент, садага кетейин каралдым, ошент!
Атка минип жуп шарт бурулуп жөнөөрдө Супатай энесинен бата сурады.
— Кудай ак жолуңарды ачсын. Зоболоңор көтөрүлүп атыңар байгелүү болсун! Тилеген максатыбызга жетели!
Уултай эки баласынын элеси бүл-бүл болгончо, кол кирпиги талыганча тиктеп, көзүнүн кычыгынан, бетинин жылгасына аккан жылуу жашын жоолугунун учу менен улам-улам аарчыды. «Мени ала кеткиле! Силер казактын жерине бара жатасыңар, казактын жери менин жерим, казактын эли менин элим! Мен казактын кызымын! Мен ал жакта өскөм. Ата-энемдин колунда тайрактап эркелегем. Менин балалыгым, жаштык жыргал жылдарым ошол өз жеримде — чөлдө калган. Күлүк ат чапкам, тулпар сууткам. Супатай, Суртай — эгиз бир тууганымды аймалап өөп, боорума кысып, мойнума мингизип, кучактап көтөргөм. Мени ошолорго алып баргыла. Мага ошолордун жүзүн көргөзгүлө....» — дегиси келип, ичи уйгу-туйгу болуп, бугун чыгара албай, буркурап ыйлап, «баа» деп бакырып жибере жаздап, кайта-кайта үшкүрүнүп, алачыгына жөлөнүп кала берди.
Бир аздан кийин алардын караанына Уултайдын көз кубаты жетпей калды.
* * *
Айылдан чыккандан алты күн дегенде казак жерине араң жетишти. Суранчы баш болгон Кочкор, Жумгалдын залкарлары Кожоберди султандын айлында атайын бир үй тиктиришип, ырчыларын ырдатып, чоорчуларын чоордотуп, шатыра-шатман куруп жатышкан экен. Супатай, Суртайлар Суранчы күн мурун дайындаган үйгө келип жайланышты. Супатайга шаан-шөкөт, ырчы-чоорчунун кереги жок. Ал Карагер жорго, Кашка ат менен алек. Тиктегени, эрмеги ошол.
Мындан башка казак жеринде Супатайдын иштей турган иши барбы? «Күлүктөр эртең чабылатты» угуп Шергазынын тынчы кетти. Жапалдаш карагер атын жабуулап минип, баязы чепкендин арткы этегин ат соорусуна чейин жая таштап өскүлөң тарткан кара көрпө тебетейдин арткы жарты кырбуусун түшүрүп, жарты кырбуусун маңдайына түрө кийип, боргулданып тердеп, казак-кыргыздын чоң байге сайылган ат чабышына токтоно албай жетип келген. Кыргыздын кайсы бурчунан, кандай ат келгенин улам бир кишиден сурап түкшүмөлдөп, жаны жай таппай, жамбашы жер жыттабай безеленип жүрөт шыгы ашып кеткен саяпкер. Ал улам астынан чыккан кишиден: «Баланчанын аты келдиби, бастанчанын аты келдиби» деп кыргызда болгон атактуу аттардын дайынын сурайт. Суранчы улам бул топтон, улам тиги топтон табам менен олтуруп Шергазыга өлө-тала араң жетти. Шаша-буша салам айтып, ал жай суроого да чамалары келишпей, ызы-чуу түшкөн топтун ичинен кыйналып-кысталып жатып Шергазыны бөлүп чыкты.
— Шаке, менин атымды көрүп бериңиз?
— Атың кайда?
— Тиги четте...
— Кандай ат?
— Чабдар кашка. Сиз билген аттардан эмес. Жаңы күлүк.
— Кочкор, Жумгалдан мен билбеген ат жок. Чабдар кашка болсо мурдагы жылы күзүндө Айчубакта чыккан чабдар кашка кунан болуп жүрбөсүн?
— Ооба, ошол. Анда сиз болгон жоксуз? Уккан чыгарсыз? Көрө элексиз?
— Кермек түгүл жолдон мен сүрөгөм. Ал ат сеники болсо быйыл жаңы асый. Токто, мен Кара боорго шашып баратам. Кайра келип сенин атыңды көрөм.
Шергазы чабагандап андан ары кетти. Суранчы таң калды: «Ошондо жолдон Шергазы көргөн экен го?.. Көрмөк түгүл сүрөгөн тура» деп күңгүрөндү өз ичинен. Суранчы өзүнчө кобурап, Супатай, Суртайлардын жанына келди. Шергазынын келерин, атты көрөрүн айтты. Ага чейин көңүлү ылайланып, ичинен жипкире түштү. «Шергазыга көргөзгөнүм кандай, көргөзбөгөнүм кандай?.. Ал солто Чолпонкул болуштун жээрде кашка аргымагын таптап келсе. Бизге оң сөз айтабы? Өз атын чыгарыш үчүн Кашка атка тескери тап айтып бузуп салбасын?» Бул оюн Супатайга да билдирип акылдашымыш болду. Супатай Суранчыга шар жооп кайтарды:
— Мүнүшкөр, саяпкер сынчы элчил болот. Эл үчүн кызмат кылат. Калыстыгынан танбайт. Калыстыгынан танса эл алдында кадыр-барктан кетет. Сыймыгы качат деген Шергазы да ошолордун биринен. Көргөзөбүз.
* * *
Шергазы Кара боорду барып көрдү. Кара боор мүлдө казакты баскан, шамалдай учуп, желдей сызган, «Чаң жукпас» деп атанган Кожомберди султандын өз аты. Боору кара, сырты сары тору жылкы. Казакта азырынча мындан ашкан ат жок. Кара боорду байгеге кошуп чапканда анын деми басылып, тери кургагандан кийин арткы аттар келип жүрчү. Кийинчерээк Кара боорду казак жеринде чоң байге болбосо, майда-чүйдөгө кошчу эмес. Кара боорду чабабыз десе, күлүктөргө кошуп чуркатпай туруп ага биринчи байгени ыйгарып беришчү. Бул жолу да ушундай кылмак. Бирок казак-кыргыз беттешкен жеринде дубан-дубандан күлүктөр көп келип, чаппай коюуга мүмкүнчүлүк болбой калды.
Шергазы Кара боордун даңкын көптөн бери эл оозунан угуп жүргөн. Аны бир көрүүгө өтө ынтызар эле. Кара боорго атайылап өзүнчө ак үй тигилген. Аны элге көргөзбөй ошол үйдүн ичине жалгыз багышат. Саяпкер менен чапчу баладан башка ал үйгө жан каттабайт. Шергазы шаша барганы менен күлүктү көрмөк эмес. Кокус анын саяпкер экенин билсе казактар атты үйдөн чыгарбайт болчу. Кара боорду саяпкери оонатканы жетелеп баратканда Шергазы карп-курп алдынан чыгып калды. Шергазынын кыргыздан чыккан атактуу сынчы экенин Кара боордун саяпкери мурун тааныбагандыктан капарына алган жок. Эч нерсе оюна албай атты астынан туура жетелеп өттү. Шергазы атка көз жүгүртүп, кылчак-кылчак мойнун буруп, артынан ээрчий бастырды. Ал «Жылкыдан да ушундай асыл туулат экен го» деп тамшанып-тамшанып алды.
Кара боордун күлүктүгүнө анын сындуу турпатына, ошого жараша табына келтирген саяпкердин эмгегине, билгичтигине суктанды. Ал казакта өзүндөй белгилүү саяпкер жок деп жүрсө керек. Мурдагыдай делбетап болбой өзүнөн жогорураактардан кагуу жеген адамдан бетер бастыга түштү: «Эртең муну менен тең таймашчу кыргызда ат бар болду бекен? Ай жок ко?!»
Кара боордон узап бери бастырганда жылдызы жерге түшүп, салаңдап келаткан сынчы тиги Кашка атты көргөндө умачтай эки көзү ачыла түштү. Бирок Кара боордун турпаты көзүнүн карегине сүрөтү түшүп калгансып туруп алды. Шергазы өз ичинде бушайман болду: «Бул эки ат эртең кантээр экен?..» Ага Кара боор менен Кашка ат кош ооз мылтыктын ичиндеги дарысы тең салынган эки жуп октой болуп элес берет. Шергазы Кашка аттын жабуусун кайрып соорусун ачтырып кайра ордуна байлатты.
Чогулган эл Шергазынын оозунан дилде чууруп жаткансып аны кадала тиктешет:
— Супатай, — деди Шергазы көпкө чейин ойлонуп туруп. Супатайды Суранчынын саяпкери катарында эсептеди окшойт. — Атыңда эки айып бар. Биринчиси, көп суутуу жеп уйкудан калган. Карачы, кирпиктерин ирмөөгө зар болуп катып турат. Экинчиси, дайым тер алганда эки желдиктин орду кургак калып келген. Ошо да чарчагандыктын белгиси болот. Бүткөн боюн балбыратып кенен таштабай, сууткан сайын чыйралтып, этин жыйып жүргөндүктөн ошол эки желдиктин ордунан тер чыккан эмес. Ал оңой. Аттар болсо эртең чабылат. Сага бүгүнкү тамашанын кереги эмне? Таптаган аты чыгып элдин намысын алып берсе, саяпкерде эмне арман? Азыр уулуң экөөң ызы-чуудан алыс, окчун ээн талаага баргыла да, атты жайдактап коё бергиле. Казактын чыбыр түзүнүн аймагы кенен. Эзилген бетеге, боз от таптагы атты бузбайт. Уйкудан калган ат бетегеден көп деле оттобос. Эки чалып, бир чалып анан жуушаганга кирер. Качан уйкусу канганда, ордунан туруп керилип, адамча оозун ачып эстеп, кайра жатып оонап, кайра туруп силкинет. Анан кургак бетегени аймап кирет. Ою менен тойгуз да, кечинде катуу кыйнабай текирең-чокураң менен келип суутуп кой, жем бербе. Кочкордун жылаңач арпасынан ала келгендирсиң, бетегенин үстүнө жем берсең атың катуу бузулат. Бул жердин чөбү жемден күчтүү. Бүгүн кечкисин суутканыңда уйкусу канган эменин эки көзүнүн чарасы ого бетер толуп, бүткөн бою жибип, кетпеген жеринен тер кетет. Эки желдиктин алдын ошондо көр, көл-шал болот. Анан эртең менен өлбөгөн жерде калышып жанын үрөйт. Катуу салгылашат.
Эл дуулдап жиберди:
— Деги, Шеке! Кара боорбу, Кашка атпы ачыгын айтчы?
— Кудай билет. Кара боор да оңой ат эмес экен. Күлүгү күлүк. Табы тап. Жолдо кандай кырсык болорун ким билсин. Экөөнүн таалайлуусу чыгат.
Кашка атты тегеректеген эл тарады. Шергазы токтоно албай андан ары да жүрүп кетти. Улам бири кетсе, бири келип күлүктөрүң көрсөтө албай «Шекелеп» жүргөндөр андан көп.
Супатай менен Суртай элден окчундап бастырышты. Бетегеси жууркандай жумшак, апай бет, түзөң тайпакка келгенде алдыда бараткан Супатай Карагер жоргонун тизгинин тартты да, артында камчысын тегерете имерип, эки жагын айлана карап, ат үстүндө ичинен ыңылдап ырдамыш болуп, ойноп келаткан Суртайды карап, «Ушул жерге токтойлу» дегендей кол булгап койду. Суртай атасына жете келди да, жолдо ойлонуп келатканбы, унутуп эми эстегенсип сөзүн шаша баштап сүйлөдү:
— Жанагы Шергазы деген кишини мен эми тааныдым, ата?!
— Кайдан тааныйсың, мурда көрбөсөң?
— Көргөм.
— Качан?
— Айчубактагы ат чабышта ушу киши мени сүрөгөн...
— Таанысаң, биз жөнөрдө энекең айткан атактуу ат саяпкер Шергазы деген ушул киши.
— Туура, туура, ошол!.. Оң көзүнүн алдында калы бар болучу. Эми билбедимби!? — Суртай жогун тапкансып чебеленди. — Ошондо мага жакындап келип: «Тизгиниңди жый» деп кыйкырган ушу киши.
Аттарды жайдактап бетегеге коё беришти. Ээр токумдарын жазданып, өзүлөрү да кырданышты. Кашка ат Шергазы айткандай бетегеден эки-бир чалып, жумшак жерге бүк түшүп жата калып, ары бир, бери бир аласалып оонап, анан тынч алып үргүлөп, адегенде тумшугун жерге сайып, бир аздан кийин төрт бутун төрт жакка тартайта кере сунуп таштап, кадимки кишиче коңурук тартып уйкуга кирди. Кайда?.. Оо... бир оокумда күн батарга жакын ойгонуп, ордунан силкинип адамча оозун ачып эстеп, буту-колун сунуп керилип, анан түп-түп бетегени каадасынча оруп кирди. Супатай эбак ойгонуп, Карагер жоргону откоруп жүргөн баласы Суртайды чакырды. Аттарын токушуп, артын карай жол тартышты.
Көргөнгө чын, көрбөгөнгө калп, жолдо бир кызык окуя болду. Супатай Кашка ат менен кошо суутуш үчүн Карагер жоргонун оозун коё берип жүрүп олтурду. Чыбырдын коктусун өрдөгөн жалгыз аяк жол менен ата-бала экөө тең бара жатышкан. Кашка ат бута атым алдыга узай түшкөн. Капталдан топ кекилик Суртайды көздөй туура учуп калды. Суртай ошол кекиликтерге аралаша түшкөнсүдү. Бир кекилик атка урунуп, топ этип жерге түшкөнүн артында келаткан Супатай даана көрдү. Суртай да тизгинин жыйып, токтоду. Супатай жете келип оозунан шүүшүн чыгып, эки канатын диртилдетип жаны чыга албай жаткан кекиликти аттан шып түшө калып ала койду. Туурасынан кудуган кекилик учуп өткөнчө, таптагы аттын канаттуудай келип урунганын кара.
Кашка атты да, Карагер жоргону да кечки суутуусунда Супатай өзү жетелеп турду. Экөөнөн тең аккан суудай тер кеткен. Баягы Шергазы айткан эки желдиктин ордун мурун капарына албаган Супатай эми сыйпалап карап жүрөт. Көл-шал түшкөн. Супатай ичинен: «Биздин билбегенибиз көп экен го? Шергазы жылкыга калганда башка киши тура» деп күңгүрөнүп сүйлөндү.
Эл ордолуу кумурска. Бирин-бири таппай адашып кыйкырып жүргөн андан көп. Атын жоготуп сүйүнчү айткан, ээр токумун алдырган, өзүнүн кошунун өзү таппай сандалып кара тер баскан, топтун ар жаккы четине бир, бер жаккы четине бир чыгып чапкылап, шашкалактап, карбалас уруп жүргөндөр андан кеп.
Көпчүлүктү жөнгө салыш үчүн анча-мынча солдат коюлган экен. Алардын эл менен жумушу жок, «дөө-шааларды» тегеректешет. Супатай баласы экөө чаба турган аттарды тизмеге түшүрүп жатышкан улуктар топтолгон өкүлдөргө барышты. Демейде атка ээ болуп жүргөн Суранчыдан дайын жок. Ал Кочкордо гана «Суке» болуп жүрүптүр.
Чабыла турган аттарды: кимдин аты, кай жерден келген, өңү-түсүн кагазга түшүрүп, ээрдин арткы кашына мөөр басып белгилешти. Супатай да Кашка атты каттатып, чокмороктогон элдин арасынан тердеп-кургап араң суурулуп чыкты. Бир кезде көпчүлүккө карап кол серпип кыйкырып суусар бөрктүү, кара кыл торко бешмантчан арык чырай, ак жуумал казак жигит ат үстүнөн туруп улуктардын буйругун окуду:
— Бардык чабыла турган аттын саны жүз элүү. Ат сүрөлбөйт. Кимде-ким атын сүрөсө, жолдон кат-чотто жок ат кошулса, чекке жетпей беритен тартса үч жыл абакты берилет. Мал-мүлкү казынага алынат.
Буйрукту уккандан кийин тиги кайнаган суудай атырылып турган көпчүлүк оту дымыган казандай мелтирей калды. Мурункусундай сапырылбай, табын-табын болуп, өзүлөрүнүн кош-кошторуна барып сиңип кетишти. «Ат сүрөймүн» деп кош басмайыл тартынып, жеңил кийинип, өрүмдүү камчысын имерип, жалаңдаган, бирден курч аттарынын үстүндө үзөңгүсүн кысып, ыкыс берип учуп кетчүдөй болуп турган жигиттердин супсуну сууй түштү.
Супатай Кашка аттын ээр токумун, басмайылын, куюшканын үзөңгү боолорун дагы бир сыйра кез жүгүртүп чыгып, көкүл куйругун шүйүп, жетелеп келип чубатуудагы аттарга кошту.
Кашка аттын үстүндө кадап койгондой отурган баласына Супатайдын ичи элжиреп карап турду. Баягы буйрукту окуган казак жигит дөбөчөгө атчан бастырып чыга келип, экинчи буйрукту окуду:
— Аттар Чулунун көпүрөсүнөн коё берилет. Күлүк ат ээлеринен кимде ким атын ээрчип түпкө чейин кошо барам десе уруксат...
Ат айдаганга эки тараптан бештен он киши дайындалды. Ат айдоочулар аттарды көрсөтүлгөн чекке жеткирбей, же беритен, же арытан коё берсе, жолдон келишип ат качырса, алар үч жылга набактыга салынып, мал-мүлкү казынага алына турган болду. Эл арасын дуу-дуу аралап кетти:
— Пай-пай-пай... Кандай гана ат ушул жерге чейин чуркайт?
— Далайы жинигип өлөт.
— Бул жерге текирең-таскак менен келген ат — тулпар.
Ат ээлеринен, саяпкерлерден Супатай өңдөнгөн түпкө чейин жетип барып келе турган тың аттуулардан он чакты киши күлүктөр менен кошо кетишти.
Шергазынын жеңи желеп, этеги элеп. Чубатууда бараткан аттардын биринен сала бирин тиктеп, эки үзөңгүсүн каз тамандап тээп обдулуп тура калып, мойнун созуп, ышкысы ташыйт.
Чубатуудагы нечен сонун көз тайгылткан күлүктөрдү карабай алайып, тилин бултайтып Шергазынын оозун тиктеп жүргөндөр андан көп. Байге отуз атка чейин сайылды. Кайсы аттын артынан кайсы ат келерин Шергазы билип турат. Айтпайт. Анын айтпаганынын да пайдалуу жагы бар. Ат чапкандар күнүчүл келет. Чыгып келаткан атты чукул бурулуш, татаал имерилиштерден аңдып туруп карылуу ат менен капталынан койдуруп жыгып салып, анын үстүндөгү баланын өлүү-тирүүсүнө карабай өз атын өткөрүп жиберүүчүлөр ал кезде аз болгон эмес.
Шергазы ичинен жоромолдойт: «Кашка ат биринчи болсо, Кара боор экинчи. Кара боор биринчи болсо, Кашка ат экинчи. Чоң-Кеминден келген Кыпчактын көк быштысы да опурталдуу аттын бири. Чүй өрөөнүндө алдына ат чыгарбай жүргөнү ырас. Көк быштыны этине келтирген экен, бирок жер алыс болуп калды. Чулудан бери кырой камыштын тушунан коё берсе Көк бышты чыкмак. Көлдөн Моюттун Чал-Куйругу келиптир. Көл айланасы боюнча Чал-Куйруктан күлүк ат, Моюттан мыкты саяпкер жок. Моют аттын табын менден кем билбейт. Чал-Куйруктун бир айыбы түндө жабуусу жука болуп үшүп калыптыр. Жүнү түктүйүп күптү болгон экен, териси жука жылкы да, жел өткөн көрүнөт, аттын ичи куркурап баратат. Жемин толук сиңирген эмес экен.
Муну дале Моют билди, билбей койгон жок. Таңкы зыркаарга алдатып таштаганын кара, бармагын тиштеп калгандыр. Бул аттардын ичинде Таластан келген Күрөң ат да оңой эмес. Күлүк. Атаганат?! Бир ай мурун менин колума тийип калса эмне? Саяпкери жөн экен. Кайран аттын этин оодарып, арытып жиберген тура. Болбосо Кара боор, Кашка аттардан тизгин талашмак. Адам, мал болгон жеринде түрдүү сонундар болот экен го? Жанагы чаар ат эмне деген ат? Мен муну тулпар десем жаңылбайм! Чулунун көпүрөсүндөй дагы эки жер болсо да бүгүн Чаар ат чыкмак. Чоңунан да, күлүктүгүнөн да келген. Эти оор экен. Ичинде бери болгондо бир жоон эли казы бар. Мунун саяпкери барып турган акмактын бири көрүнөт. Согумга соёбу? Күн мурун ичин тартса болмок?! Алматы дубаны боюнча байге бербей жүргөн дейт, мынчалык алыс айдалбай карандай күлүктүгүнө салып чукул жерден чыгып жүргөнү да. Кайран аттын бүгүн соорусу жарылат. Жер капортосуна чейин алдыңкы аттар менен келер. Баласы эстүү болсо ошерден оозун тартат. Болбосо Чаар ат жинигип өлөт. Жаныбар жылкыдан мындай коозду көргөн эмесмин. Туягына чейин теңге чаар».
Айдалган аттар элден узай баштады. Казактын бетегеси төшөктөй жумшак, мелтиреген түз талаасы кандай сонун. Кырт эткен ташы жок. Чөбү көгүлтүр килемдей кулпунуп, деңиздин бетинде кетип бараткансып адамдын көңүлү чайыттай ачылат.
Ат айдагандар атты катуу сүрүп олтуруп Чулунун көпүрөсүнө келди. Чектин дал өзү. Айтылган жер ушул. Күн мурун бул жерге да киши коюлган экен. Адатта ат айдоочулар болжогон жерге келгенде күлүктөрдүн үстүндөгү балдарды түшүрүп, бир аз эс алдырып, басмайылдарын бекиттирип, ээр токумдарын оңдоттуруп токутуп, «алдоого» чейин жакшы даярдашат. Качан гана «алдоону» айтардын алдында балдар текши атка минишип, тамдын кырына конушкан таранчыдай тизилип калышы керек.
Аттар менен кошо келген Супатай Кашка аттын ээр токумун өз колу менен оңдоп, басмайылын бекитип, куюшканын саал узартып, чылбырын чечип алып жалаң каат тизгин менен коё берди. Супатай менен кошо келген он чакты киши да өз аттарынын камын жеп, шаша-буша аракеттенип жүрүшөт.
Ат айдоочулардын бирөө окчун бөлүнүп, бир колу менен башынан калпагын ала коюп, катар тизилген күлүктөргө карап, оң колтугун өйдө бийик созуп, анан ылдый шилтегендей болду. Топтуу көгүчкөн капилеттен үркүп уча качкандай шатыр-шатыр табыш чыгып, андан кийин чаң асманга көтөрүлдү.
Мындан бир аз мурун жээгинде шурудай тизилип турган жүз элүү күлүгү бар Чулунун көпүрөсү баарын учуруп жибергендей жайдак калды.
Супатай кыл чылбыр менен белин бекем курчанып, кош тизгинин жыя тартып аттардын артынан Кара кер жоргонун оозун коё берди. Чаң. Караңгы түн түшкөндөй көзгө сайса көрүнгүс.
Карагер жорго өйдө ылгабай кайыктай сызып, желдей учуп буттарынын жерге тийген-тийбегени билинбей, арткы эки бутту кулактан ашырып барып таштап, сом туяктары менен даңгыл жерди тарсылдата уруп, муштагылап келатат. Улам өр тарткан сайын чытырап күчүнө алып, эти жаңы кызып, моюндан чамбыл буурул тер чыгып, жал куйругу сапырылып, кош таноосунан аба жарып атылган буу, көк түтүндөй бурулдап асманга атылып, жан-жагынан ителгинин канатындай шуулдаган табыш угулуп баратты. Карагер жорго суулугун канчалык чалкалата тартып, кош тизгинин алдыңкы кашка кайра-кайра ороп, кайра-кайра чырмаганга карабай ооздукту качырата тиштеп, башын жерди көздөй сүңгүтүп күчөгөндөн күчөйт. Туяктын даңканынан ыргыган майда таштар томпой тийген ордонун чымбытындай зыңкылдап үн чыгарып, зырылдаган бойдон алда кайда учуп барып түшөт. Ушунчалык узак, ушунчалык ээн, түз талаага мурун салдырып көрбөгөн Супатай, Карагер жоргонун эмне деген мал экенин эми байкап, эми чын ыкласы менен ыраазы болду.
Супатай бириндеп чубалган күлүктөрдүн артынан жетип, бат эле аралашты. Карагер жорго улам жогорулаган сайын топ-тобу менен аттарды артка таштайт. Туяктарынын жер соголору сом, чулу келген алп жылкы, жерди түрсүлдөтө муштагылап артынан чукул кирип келгенде алдыңкы аттар өзүнөн өзү сүрдүгүп жолдон четтей берип турду.
Жер капортолоп калган. Таасын күлүктөрдүн таманы жаңы кызып, көп аттардын тобунан учкул канаттуулардай болуп бириндеп бөлүнүштү.
Кара боор тарткан жерден жалгыз. Арткылары алда кайда алыс. Үстүндөгү баласы жедеп күлүк ат чаап машыккан. Ат үстүндө төрөлгөндөй артын кылчак-кылчак карап, Кара боордун оозун жыйып «Ай эми чыктым го» дегенсип санаасы тынып демин басып алды.
Кара боордон башка он аттын артында Кашка ат келатат. Алдыңкы аттардан анчалык алыс эмес — удаа. Улам жакындаган санын төрт аякты тең таштап, бүктөлө түшүп кайра жазылып эликтей түйүлөт. Арыштуу, чалыш жылкынын жер арбытканы үнөмдүү келет эмеспи? Башка аттардын үч аттаган ордун, Кашка ат эки аттагандай болуп көрүнөт. Секирген сайын куюшкан өзүнөн өзү чакчак этип, сооруга камчы болуп тиет.
Күлүктөрдүн келаткан караанын, асманга созулган чаңды көргөндө, жол боюнда жашаган эл жабалактап чуркашып, эски дубалдын, там-тамдардын, үйүлгөн чөптөрдүн үстүнө тырмышып чыга калып карап жүрүшөт. Жолду көздөй топурак кечип туура чуркаган кичинекей балдарды жүгүрүп келип билектен алып көтөрө качып, жол боюндагы жайылган бирин-серин малды четти карай сүрүп жергиликтүү калк күлүктөрдүн жолун ачышат.
Кашка ат Кара боордон башкасын улам бирден таштап олтуруп, он аттын онун тең басты. Кашка ат, Кара боорго жакындагандан жакындап барган сайын арышын арбытып келатат. Кара боор да андан күүлүү. Ага бүгүн жылкы жетпейт. Ал жандатпайт. Тайгандын күлүктүгүнө жараша чуркаган кыйды түлкүдөй болуп, арткы аттын өлчөөсүнө жараша жүгүрүп, каруусун кетирбей ченеп келатат. Жакындаса арышын жаят, алыстаса оозун жыят.
Суртай Кара боорго жетем менен көз кайыткан мейкин түздөрдө Кашка аттын оозун үч жолу жайып, үч жолу жыйды. Кара боорго жеткидей эмес. Баракелде Кара боор. Күлүк болбосоң коё кал. Жылкыдан да ушундай асыл чыгат экен го?
* * *
Супатай улам жолдон чыккан кишиден Кашка аттын Кара боорго жакын, удаа баратканын уккан сайын баабедин айтып кудайлайт.
Сары талаанын дөбөсүнө чейин дагы эки «Төө тыныш» деген жер бар. Аяккы Төө тыныш, башкы Төө тыныш. Ар биринин аралыгы өз-өзүнчө ат чабым. Экөөнүн коктусунан тең анчалык чоң эмес шар суу агат. Аттар ошол эки төө тыныштын суусун кечип өткөндө, Сары талаанын дөбөсү бүлбүл көрүнөт. Андан ары Сары талаа, андан ары мара. Дагы көп жер. Дагы учу кыйыры түгөнбөйт. Аяккы Төө тыныштын кечүүсүнө келгенде, Кара боорго Кашка ат куйрук улаш удаа кирди. Көчүгүнүн берки кырына экөө тең чыкты. Башкы Төө тыныштын суусуна чейинки түздө Кашка ат менен Кара боор катуу салгылашты. Жолдун таманын талашып, бирине-бири эрегишип, бирине-бири сүйөнүп чуркайт. Үстүндөгү балдардын тизелери тийишип, үзөңгүлөрү кагышат.
Алда айланайын балдар ай?! Аттан да ошолор күлүк бейм!? Болбосо эмне чарчабайт, эмне күйүкпөйт. Оң колунда камчы, сол колунда тизгин. Алдын карай өбөктөп, аттын кулагы менен тең ойноп, ээрдин үстүнө жата калып чабышат. Кашка ат менен Кара боор кош тилим көктөй сызылган ичке тасма жолдун ар кайсы жерине бир тийип келатса, туяктарынан урунду жеген топурак-чаңдар көптөн кийин, аттар узаганда барып бурт этип ууштап ыргыткандай болуп асманды карай созолонот.
Башкы Төө тыныштын кечүүсүнөн кечип, кашаттын үстүндөгү секиге чыкканда Кара боордон Кашка ат моюнча озду. Туура жолду кесип өткөн толор-толбос чакан суусу бар эски арыкка келгенде эки ат жээктин берки өйүзүнө тең аттады. Суртай Кашка ат арыктан аттаарда ою менен эркинче секирсин деп тизгинди бошото узартып коё берди. Кашка ат арыктын аркы өйүзүнө аркарча так түйүлүп, илинбей барып, төрт аягы менен тең түштү. Кара боор аттаганда чыга бериштеги жээктин кемерин кемтий басып, арткы эки буттун кабайлары сууга малынып, чалкалай түшүп барып очорула калды. Кашка ат ошерден бөлүнүп түтүндөй созулду. Узагандан узады.
Эгерим алдына жылкы салбаган күлүк Кара боор, Кашка ат өтө бергенде, чыңырып, кишенеп жиберди, жаныбар!
* * *
Супатай билсе Кашка аттан да Карагер жоргого ыраазы болгондур. Жердин түбүнөн ийиктей имерилип үстүндө киши бар-жок экенин билбей, чапкан аттардан калышпай Супатайды өзү менен кошо учургандын үстүндө учуруп жагалмайдай сыздырып келатат. Кээде айбан мал эмес адамдын да жакшылыгы унутулат эмеспи. Балким, Супатай Карагер жоргонун кызматын бүгүн билген менен эртең унутар?..
Супатай жол жээгинде ичи көөп жинигип жаткан далай күлүктөрдү көрдү. Башкы Төө тыныштын кечүүсүнүн чыга беришиндеги түзөңдө соорусу жарылып кетчүдөй тарсайып, эки капшыты карчытынан ашып, сүбөсүн керип оозунан кан-жин аралаш түтөктөп, жыгылам деп жыгыла албай темтеңдеп, үстүндөгү баласы түшө калып ээгинен жөлөп жаткан Чаар атка жолукту.
Башкы Төө тыныштын секисине чыкканда Супатай Карагер жоргонун оозун тартып, жол жээгинде өгүзчөн турган, сакалын буурул чалган карыяга бурулуп, алактап шашып суроо берди:
— Кайсы ат чыгып баратат, карыя?
Келаткан күлүктөрдөн жазганып жол четиндеги жайылтып жаткан койлорун аркы кабакты эңкейтип, жапырып таштап коюп кайра шашпай жол боюна келип улам чубап өткөн күлүктөргө ышкысын артып, өгүзүнүн мурдун чүйрүйтө тартып ыңырчактын алдыңкы кашына боортоктоп сүйөнүп олтурган койчу обдула калып:
— Осу арыктан, — деди камчысынын өрүмүн сабы менен кабаттай кармап. — Кара боор менен бир Шабдар каска ат тең аттады. Арыктын аркы өйүзүнө Кара боордон бурун каска ат барып түстү. Сонон соң сол ат алдыга узап кеткенсиди.
Супатай бакырып ийди:
— Оозуңа май, карыя! Ошол чабдар Кашка ат меники эле!..
— Сеники болсо атың шыкты гой карагым, — деди карыя.
* * *
Көптөн бери чогулуп мындай күрдөөлдүү тамаша кура элек эки бир тууган эл, мына бүгүн ойдогудай чер жазып, ойдогудай от боорун керишти. Бирин-бири чабышып, бирин-бири талашып, качан болсо эрдин кунун, эрегиштин айыбын доолашып чыр-чатак, жалаа менен жүргөн казак-кыргыздын мындай ынтымакка келишип баш кошкону акыры түбүн кут кылса алгачкы жаңылык болду.
Күлүк ат кошкондордун өңгөлөргө караганда бөтөнчө тынчы кетти. Бир орунда чыдап тура албай улам төмөндөн эрбең караан көрүнсө кыйпычыкташып көздөрүн албай, ошол өзүлөрү чапкан аттын дүбүртүндөй болуп, жүрөктөрү түрсүлдөп согуп жатты. Баарыдан кызык: бүгүн төлгөчүлөр менен бал китеп ачкан «көзү ачык» дубакөйлөрдүн күнү тууду. Аларга ала-шала той түштү. Кай жерде үймөлөктөшсө ошерде төлгөчү, бал китепчи. Ким эле болбосун, «сенин атың чыгат» дейт. Төлгөчүнүн айтуу боюнча бир ат артта кала турган эмес. Ак урган думаналарга «кудайы» деп ырым бере койсоң, «омийин балам, сенин атың чыксын» деп бата берет. Ал ат кошконбу, кошпогонбу аны менен думананын иши жок. «Куйрукка чапса бытпылдык, төбөгө чапса ит болдук» болуп самындай эзилип келген байкуш эл, ошого дале ишенип, балчы, думана, төлгөчүлөрдүн оозунан эбиреп чыккан сөздөрдү анттай бек кармашып, кудайдын өзүнөн көзмө-көз, оозмо-ооз уккандай болушат.
Ат күтүп олтуруп зарыккан элдин арасынан бөлүнүп, утурлап бастырган жалгыз-жарымды солдаттар астынан тосуп, атын башка-көзгө чапкылап соорулап, дайра топко айдап кошот. Төмөнтөн созулуп чаң чыкса «ат келатат» деп, олтургандар ордунан ыргып, үрккөн койдой «дыр» дей түшөт. Ал чаң аттардын чаңы эмес, бери жакындап келгенде тай-кунан минип кабакка далдаланып, аттарды туурап жарышып жүргөн майда балдар болуп чыгат. Аларды да солдаттар дырылдатып, элди аралата кубалап, көпчүлүккө кошуп колун кезеп кайра тартышат.
Бир кезде Боронбай баш болгон «залкарлар» чогулган дөбөдөгү топ, камыштан учкан калың өрдөктөй дүрүлдөп, этек жеңин каккылап ордунан тура шатырай түштү. Көпчүлүк аларды көрүп дүрбөп калды. Бирдемеден шек алгандай «мыктылардын» тобу жапырт атка миништи.
Алардын көбүнүн колунда дүрбү.
— Жалгыз келатат!
— Качкан ат ко?
— Жолдон кошуп жүрбөсүн?
Чолпонкул болуш колундагы дүрбүсүн ат үстүнөн улам оңдой кармап:
— Менин жээрде кашка аргымагым экен, — деди.
Артында чукул турган Шергазы кесе айтып салды:
— А, жээрде кашка болсо, Супатайдын Тайкашкасы.
Чолпонкул мойнун буруп кылчайып, Шергазыны жаман көзү менен акырая карады. Аңгыча жанагы көрүнгөн жалгыз караан элдин аягына жете келди.
— Кашка ат экен... Кашка ат экен!
— Кыргыздын аты экен.
— Көк көйнөк (Казактын ат чапкан балдарына ак көйнөк, кыргыздыкына көк көйнөк кийгизишкен).
Тартипке мурун көнбөгөн көлдөй толкуган көпчүлүк бири калбай тегиз атка миништи. Солдаттар келаткан күлүктөрдүн жолун ачып, тартип бузган бейбаштарды кылычтын сырты менен жазгап, сабап да жүрүшөт. Суртай чогулган элдин эң аяккы тобуна жакындаганда, күчүн жыйнап келаткан күлүктүн оозун коё берди. Кашка ат ого бетер күүлөнүп сызды. Адатта ал кезде күлүк чаап чыгарып келаткан балдар өзүлөрүнүн аталарынын атактуусунун атын атап кыйкырып келчү. Ал аттын үстүндө эриккен жалгыз адамдан бетер камчысын көкөлөтө булгалап, чикит ойногон балдардай чыңылдап үн чыгарды:
— Супатай... Суртай... Уултай! Супатай... Суртай... Уултай!
Кашка ат Чулудан жаңы коё бергенсип, көпчүлүккө аралашканда куйругун сыртына салып, жолдун тыяккы четине бир, бияккы четине бир чыгып ойноп, шүйүлгөн көкүлүнүн алдындагы кашкасын жаркылдатып өтө берди. Ошондо да менменсинген курч аттар мытыраң-мытыраң этип төрт аягы тыбырап Кашка атка илээшпей артта калды.
Суртай марадан өтүп, калың элдин аягынан башына чыкканча:
— Супатай... Суртай... Уултай! Супатай... Суртай... Уултайлап... – кайра-кайра чаңырып, кайра-кайра кыйкырып жүрөт.
Ушул ат чабышка Кашка аттын атасы Кашка айгырды минип баягы Калыгул да Торсо балбан менен келген. Ал Супатайга негизи жакын тууган. Ак пейил, ак тилеги менен: «Ушу Супатай байкуштун Кашка аты чыкса экен? Уултай жеңемдин мээнети талаага кетпей, эмгеги кайтса болду. Казак-кыргыз чогулган жеринде атынын кашкасындай таанылып, арбагы көтөрүлүп, бактысы ачылып, кул наамы өчүп, эл катарына кошулуп калышса, жаман болбос» деген ойдо болчу.
Торсо балбан болсо бечарачылыктын айынан атайлап бул ашка күчүн алып келген. Ал жеринен сайыш же күрөштү эңсеп чыккан. Анын үлүшүнө кечээ сайыш тийди: «Бул адам эмес эле, өзүнчө жылып жүргөн дөө турбайбы?» — деп казактар турпатынан чочуп беттеше албай байгесин беришкен. Ал Калыгулдун Кашка айгырын минип, найзасын ийнине арта салып, кыл чайнап ары-бери бастырып турганда казактарга опол-тоодой көрүнсө керек.
Канча кылган менен туугандын иши тууган да. Кашка ат чыгып, анын үстүндө Суртайдын ураан чакырып, чаңырып баратканын өз көзү менен көргөндөн кийин баягы Калыгул байкуш сүйүнгөнүнө чыдабай ыйлап жүрөт. Жанында турган Торсодон улам: «Келе, Токе, насывайлап» олтуруп (насывай өз чакчасында дале бар болчу) Торсо балбандын кончуна сойлоткон өгүз мүйүз чакчасындагы насывайын үстөккө-босток шыкап улам оозуна куюп жатып, боркогу булганган балдардай, тегерек кара сакалы бүт ботала. Көпчүлүк баарыдан да ошол Калыгулдун кейпине боору катып жатат.
Калың эл «чыккан атты көрөбүз» менен азан-казан. Биринин үстүнө бири үймөлөктөшүп, Кашка атты ортого алышып, тегеректеп жолду бууйт. Ырчылар Калмырза менен Найманбай Кашка атты мактап жаагын жанат:
Калмырза: Арпаны жара чайпаган,
Аркардай көзү жайнаган.
Найманбай: Буудайды жара чайнаган,
Бугудай көзү жайнаган.
Калмырза: Кунанынан курч чыгып,
Куу мамы кылып байлаган.
Найманбай: Атактуу күлүк Ай кашка,
Алдына жылкы салбаган.
Биринчи аттын байгесин Боронбай кармаган. Миң дилде... Боз калта менен чымчып буума болуп шыгырап, сызма боосунан эки-үч имерилип Боронбайдын ээринин кашында оролуп турат. Койго чакканда бир дилде эки кой. Эки миң кой... Уултай байкуштун балдарынын колуна тийсе бул жаман оокат эмес ко?
Дилдени көргөндө Суранчы колго түшүп, боз калтадан эки көзү өтүп, сук иттей тилин чыгарып, эрди башын жаланып ичи ысып өлүп баратат. Ой, дүнүйөң менен куруп кал оой...
Боронбай мындан бир аз мурун бирөө капилетинен келип төбөгө шылк эттире муштап кеткенсип, кабагын чытып Суранчыны суз карады:
— Ат сеники беле?!
— Ооба.
— Мен сага эмне деп айттым эле?..
— Сиз...— деп Сурачы сөзүнүн аягын улай албай кетенчиктеди.
Боронбай буркуйду да:
— Байге жок, — деди.
Суранчы кеңилжерден ары бир жегендей кайра тартты.
Ал эми Боронбайга эмне болду? Аны кайсы кудай таз төбөсүнөн урду? Ал эмне буртуят? Же ошондой чоң жерде кыргыздын аты чыгып намыс алганы Боронбай үчүн өлүмбү? Ал ат чабылардын алдында Суранчыга эмне айтты экен?
Суранчы Боронбайдан кагуу жеп келгенден кийин, көпчүлүктү көзүнө илбей, жазганбай туруп, Супатайды камчы менен төбөгө басып-басып алды.
— Акмак! Кул! Ата-бабаңдын оозун! Сага байге түгүл атаңдын башы жок! Мен эмне деп айттым эле?! «Супатай, Суртай, Уултай!» Урааныңарды!..
Ай-кой деген киши болгон жок. Өзү урду. Өзү сөктү. Өзү басылды.
Көрсө ат чубатардын алдында кыргыздан келген күлүк ээлерин бүт чакыртып алып Боронбай: «Кимде кимиңердин атыңар чыкса Атакелеп ураан чакырсын. Балдарыңарга айтып койгула» — деген экен.
Атаке Боронбайдын чоң аталары, сарбагыш элинен уругу башка бирөөнүн аты чыкса да «Атакелеп» ураан чакыртчу. Ал эми казак-кыргыз беттешкен жерде кыргыздын аты чыкса «Атакелеп» ураан чакыруу керек. Боронбайдын Атаке тукумунан экенин казактар жакшы билет. Ошон үчүн «Боронбайдын аты чыкты» болуп даңк калсын деген Боронбайдын ою тура. Мына, Боронбайыңдын кырсыктап отурганы. Ал ансыз деле кыйкым таппай араң турган. Жанакы боз калтадагы миң дилде шилекейин чуурутуп, напсисин агыттырып, кулкунун кургатып бараткан.
Кантип өзү алып каларын билбей бир жок шылтоо керек болуп турганда, эми ага шынаа кагыла түшпөдүбү?
Суранчы: «Кудай берип Кашка ат чыгып калса, Атакелеп ураан чакырсын» — деп Супатайга эскерткен. Кайра-кайра такыган. Супатай да буга макул болгон. Бул иш жалгыз Суртайдан кетти. Иштин жөнүн териштирбей туруп Суранчы аксымдык кылып: «Баласына өзү үйрөтпөгөндө ким үйрөттү» деп Супатайды уруп олтурат. Супатай бул иштен ак. Ал баласынын «Супатай, Суртай, Уултайлап» ураан чакырарын билбегени чын.
Кашка ат мурун да нечен чыккан. Анда Суртай Суранчынын аталарынын арбагын чакырып «Абайдылалап» келчү. Чунак баланын бүгүн казак жерине келгенде «Супатай, Суртай, Уултайлап» келерин ким билиптир?!.
Суранчынын кошоматчылары деле кой, ээ-жаа бербейт. Супатайдын ого бетер жүрөгүн түшүрүп чүнчүтүп салды.
— Санда жок кишилер келип санга кошулуп, казак-кыргыз тобун жарып ураанга кирип турса...
— Айтылуу Боронбай, Суранчылардын аталарынын аты ушундай жерде оозго алынбаса...
— Жашабаган Суртайды эртең казактын чегинен өткөндө көрүп ал. Боорун жарып өтүн алат!
Суранчы эми чындап Суртайды кысмакка алды:
— Эмне үчүн мурун оозуңа албаган, оюңа келбеген ураанды чакырдың, муну сага ким үйрөттү?
Бала чынын айтып таштады:
— Үйдөн аттанып жатканда, кокус атың чыгып калса элдин аягынан башына чейин ушинтип кыйкырып өт деп энекем убадамды алган...
* * *
Супатай эми Кашка атка анчалык назар салбай: «Эмнеси болсо да бир туу сайып берди» дегенчелик кылып, Карагер жорго менен алек болду. Аттар менен жарышып тең келип кыйналган эмени түн ортосуна чейин жетелеп жүрүп, анан таңашырды. Биртике кырданып, кийимчен, аманат жата калып, куш уйку салды да, анан бирөө тартып ойготкондой ыргып туруп жерге жарык киргенде жоргону отко койду. «Кечээ мен кайда бардым, миндиңер беле, жок беле?» — дебестен кыйналганын, чарчаганын билбей жем издеп окуранат Карагер жорго.
Супатай жоргонун жабуусун шыпырып, терин кырып, төрт-беш кочуш арпа чайната салды да, жорголор топтолгончо кайра токуп, Суртайга мингизип ары-бери бастыртып койду. Суртай чогулган элден окчунураак барып, жутунган сайын жерден бетеге үйдүрүп кайра оозун өйдө тартат. Анын үстүнө кечээ ат чаап ээрге жанчылып кыйналган Суртай шылк этип үргүлөп, башын ээрдин кашына уруп ала таштап, кайра эки жагына элеңдеп карап коёт. Ошентип турган кезде кайдан чыга калганы белгисиз, Суртайдын жанына улгайган эки окшош казак пайда боло калды. Экөөнүн аты тең келишимдүү, кийген кийимдери жарашыктуу, салабаттуу адамдар экен.
Алар биринен сала бири Суртайга суроо бере баштады:
— Кимдин баласысың?
— Кай жерликсиң?
— Атың ким?
— Кеше Каска атты шапкан бала сенсиңба?!
Суртай кагылып калган чоң кишиден бетер алардын суроолоруна салмактуу жооп берди:
— Атам тетиги Кашка атты минип келаткан. — Камчы кармаган колун өйдө көтөрүп, ары жактан бастырып келаткан Супатайды көрсөттү.
Супатай баласынын жанына келип буйдала калган эки кишини көрүп алда кандай немелер? «Боронбайдын жигиттериненби?»— деп жүрөгү опкоолжуп бастырган. Анын үстүнө көпчүлүктө башаламан опур-топурдан пайдаланып, ат уурдап кетме, ат минип турган кичине балдарды алаксытып, ээрдин үстүнөн алып ыргытып ийип, болбосо ат-маты менен ала качма сыяктуу жаман адаттар кычап турган. Супатай чукул келип калса да, эки киши кебелбестен, Суртай менен сүйлөшө беришти.
— Сен эмне кешээ Каска аттын үстүндө «Супатай, Суртай, Уултайлап» ураан шакырдың?
Бала эмеспи, Суртайдын кечээ Суранчынын сөзүнөн кийин жүрөгү түшүп калган. Атасынын жанына жакындап калганы жакшы болду. Супатайды көрүп эрдемсинип кетти, болбосо «баа» деп бакырып аттын үстүнөн түшө калмак. Казактар баланын корккон түрүн биле коюп жалпак тилге салышты:
— Коркба, карагым. Биз сага тиймеймиз. Аншейин ак таанысканы келип олтурмуз.
— Супатай атаңдын аты, Суртай өз атың экен гой. А Уултай нең болады?
— Чоң энем.
— Чоң энем.
— Чоң энеңдин төркүндөрү барма?
— Жок.
— Неге.
— Кичине кезинде казактан колго түшкөн экен. Төркүнү кайда калганын билбейт.
Эки казак аттарынан кандай кулап түшкөнүн, Суртайды Карагер жоргонун үстүнөн жерге кантип илип алышканын өзүлөрү да билбей калышты.
— Баурум ай ...ооб-баурум ай...
Ээк астыда болуп жаткан окуянын эмне экенин түшүнбөй, Супатай Кашка аттын үстүндө катты да калды. Бир кезде чачылган оюн жыя коюп, аттан ыргып түшүп казактардын колунан бошоно албай эси ооп боругуп, чырылдап жаткан баласын колдон тартып талашты. Эки казак Суртайды коё беришип, эми Супатайды кучактап бакырып жыгылышты.
* * *
Күн аркан бою көтөрүлүп, ысык илеби менен жерди жылыта баштады. Бүгүн да асман киргили жок, уйкусу канган көздөй тунук. Сары талаанын күн чыгыш жагынан батышты карай чубала созулган узун капчыгайдын өндүрүнөн дың суугандан тартып тынымсыз жүрүп туруучу арылдаган шамалы, эртели кеч эки беттин отун, кулак-мурундун учун жалап-жуктаган ызгаары кечээтен бери бул жерди таштап, шашылыш жумушу бардан бетер бир жакка кетип калгандай жым-жырт. Анда-санда оолоп чычкан аңдыган насвайчы күйкөлөр бирөө далысын ушалап кытыгылап жаткансып, эки канатын эпилдетип ийкеңдеп далайга чейин бийлеп туруп, анан лып басып калчудай телп этип жерге түшөт да, бетегенин түбүндөгү чычкандын ийнинин оозунан чөп илешкен чала-була бирдемени сермеген болуп, кайра сепеңдеп асманга көтөрүлөт. Лакыя тоюп алган эмедей күнгө төшүн тосуп, айланага көз кырын чаптырып, бир дөбөдөн учурсаң аркысына ыргыткан ичмектей далдайып барын конгон бирин-эки ак сарылар жүрөт.
Алыстан караганда көмкөргөн көрдөн чыныдай апаппак кырка тигилген боз үйлөр, ошол боз үйлөрдүн тегерегинде байланыштырылган токулгалуу топ-топ аттар, табак көтөрүп меймандарга эт тартып, жүгүрүп жүргөн уландар, кайнаган самоорду бууланта колдошуп бараткан келин-кыздар, бири аттанса бири түшүп жаткан ашка келген эл, көзгө алда кайдан дап-дайын... көрүнүп турат.
Тамаша болчу жерге эл карааны, калың, этектүү чогулду. Байкоодо кечеки ат чабыштан да бүгүнкү жоргонун кызыгы укмуш болчудай. Таң атканча ырчы ырдатып, комуз черттирип, кыяк тарттырып шатыра-шатман салтанат курган «мыктылар» элдин зарыгып күтүп калганы менен иши эмне. Алар качан гана уйкусу кангандан кийин козголуп керилип-чоюлуп кулач жайып, шашпай чайланып, анан келте оорусу бардай ыңгырана ныксырап, түнү бою тепки жеп чыккансып ат үстүндө бүткөн боюн жыя албай шылкыйтып бош таштап, илең-салаң болуп: «барсакпы, барбасакпы» дегендей жигит-жалаңы менен каалгып келип түшүп жатышты.
Эл чогулуп, «улуктар» келгенден кийин кечээки буйрук окуган казак жигит бүгүн да топтон бөлүнүп, баягы дөбөгө атчан бастырып чыкты да, тизгинин жыя тартып тура калып, бешмантынын чөнтөгүнөн бир барак кагаз сууруп чыгып элди карап буйрук окуду:
— Байгеге кошулган, тандалган жорголордун саны сексен беш. Жоргону эки тараптан төрттөн сегиз киши айдайт. Мындан тышкары экиден төрт киши «деген» аттар менен орто жолдон тосуп, жорголор менен кошо келет. Булардын милдети: Кимде ким жоргосун жорголотпой чаап келсе, жолдон кошкон же түпкө жетпей качкан жорго болсо ошого көз салат. Ээси тарабынан кылмыш болсо үч жыл набакты, мал-мүлкү казынага алынат.
Казак жигит андан ары жорголордун байгеси эмне экендигин, канча жоргого байге сайылгандыгын, даектерди кимдер кармагандыгын кошо окуй кетти. Казак-кыргыздын ичинде мындан башка кат билгени болбосо керек. Буйрукту дайым эле ушул жигит окучу болду.
Супатай Карагер жоргону өзү минди. Ал жоргосунун өлчөөсүн да, ыгын да жакшы билет. Колуна салмактуураак камчы алып, үстүнө жука бешмант, башына калпагын кийбестен, топу кийди. Жорголор элден бөлүнгөндөн баштап айдалды. Анткени ат айдоочулардын айтуусуна караганда улуктардын тапшырмасы ошондой көрүнөт. Жорголор менен келаткан экиден төрт киши, ат тизгинин буруп орто жолдо калышты.
Жорголор белгилүү жерге жеткенден кийин, ат айдоочулар аларды катарга тизди да, жапайы канаттуулардын танабын тарткандай шарт эттирип коё беришти. Адегенде үрккөн жылкыдай бири-бирине урунуша кетишти. Андан кийин кимди ким көрсүн, коюу туман уюп тополоңу тоз болуп жер дүңгүрөдү да калды. Көптөн кийин барып алдыңкылары топтон бөлүнүп, желе тарта учкан каркырадай чубалжышты. Карагер жорго каадасынча Супатайды алып учуп тарткан жерден бута атым бөлүндү. Казак-кыргыздын булуң-бурчтарынын далайынан шыпкалып көп жорголор чогулса да, байкоодо Карагер жоргого теңдеш бир да жорго жок көрүнгөнсүйт. Супатай ээрдин үстүнө нык олтуруп, эки үзөңгүнү алдын көздөй учкай тээп, тизгинди жыя кармап, урдургандын үстүнө урдуруп зыркыратып баратат. Бирөө качып, калганы кууган эмедей, артынан жабалактаган калың жоргонун дүбүртү мөндүрдөй дарбыйт...
Алыстан-алыстан, жолдо тосуп турган баягы төрт кишинин карааны майда нокот сыяктуу бүл-бүл көрүндү. Улам жакындаган сайын ошолор экени даана болду. Супатай аларга бат эле жете келди. Ал төртөө да аттын оозун ченебей коё беришип, Карагер жоргонун артынан сая түшүштү. Салган жерден курч аттар жоргого жабыша калды. Барган сайын өксүй беришти.
Супатай казак-кыргыздын чогуусунда Карагер жоргону эл көзүнө көзүктүргүсү келдиби, ошондон марага чейин оозун жыйган жок. Марадагы элдин аягынан «деген» курч аттар менен кууп жоргого куйрук улаш илеше албай коюшту. Эл катуу дуулдады:
— Баракелде!
— Мал болбосоң коё кал...
— Жорго деп ушуну айт!
— Жок. Бул тегин мал эмес — канаттуу жылкы!..
Дуу-дуу басылгандан кийин, баягы Суранчы барып дагы кур келди. Биринчи жоргонун даеги миң кой экенин, аны казак-кыргыздын «улуктары» соогатка талап кеткени угулду.
Тамаша бүттү. Эл тарай баштады. Ат менен жоргонун байгесинен ырымга бир тыйын албай Супатай, Суртайлар бозоруп кайтышты.
* * *
Эл тарары менен Сары талаа өзгөрдү. Мунарык түшүп, ак куюн жүрүп шамалдай баштады. Бир пастын ортосунда тоо-тоонун башын булут чүмкөдү. Бирде үзүлүп, бирде кошулуп тынчы кетти. Түрмөктөлгөн кара булут канатын жайып нөшөрлөп төгүп жиберди. Кечетен берки «улуктар» олтурган дөбөнүн дал өзү да карарып-түнөрүп калды. Ал жерди мөндүр, жамгыр аралаш катуу сел каптап кетти окшойт. Обору кеткен зулумдардын отурган ордунан жийиркенип, Сары талаа өз бетин өзү тазалап жууп жатса керек.
Чагылган жаркылдап, оттугун чагып, куусун тамызды. Жанагы «улуктар» аттанган дөбөдөн, жалыны алоолонуп, кызарып өрт чыкты. Түйдөктөлө буралган кара кочкул коюу түтүн көкөлөп, жалындын илеби асмандын бооруна жабыша түштү. Сары талаа жууп кетире албаганын шыркырата куйкалан, жалындатып өрттөп жаткан көрүнөт.
* * *
Супатай менен Суртай күндөп-түндөп жүрүп олтурушуп Токмокко келишти. Алар бая күнү казактагы ат чабышка баратып, шаардын чет жакасындагы жапыз салынган боз тамдардын бирине конуп кетишкен. Шаардын ошол казак тарабындагы чоң суу жаккы жээгин дунгандар ээлешкендиктен «дунган көчө» аталат. Ошол көчөнүн дал орто ченинде, чатырынын үстүн камыш менен бойролоп жапкан жарашыктуу чакан эки бөлмөлүү татынакай там бар. Малы жок болсо да дубалынын бир жак капталын илгери үмүткө бастырмалап койгон. Оокатка бүйрөө, короосунун артында өзүнө тиешелүү үй ордундай жерге сабиз, пияз, калемпир аралаш түркүн жашылчалардын баш-баштарынан калтырбай айдаган Губар деген дунган жигит ушул тамдын ээси. Жанагы жашылчалардын жетилгендерин четинен үзүп, эртели кеч базарга алпарып сатып, аялы экөө эки-үч жаш балдарын багып оокат кылышат.
Губар Супатай менен жакшы таанышып, ошол казакка аттанган түнү экөө тең башынан өткөргөн азап-тозокторун, бечарачылыктарын калтырбай жерине жеткире муңдашып, таңкы тоок чакырганга чейин укташкан эмес. Эртең менен аттанаарда достошуп ажырашкан. «Сиз кайра «өтөөрдө келмей коймоң» — деп Губар какшап калган.
Губар бая күндүз ат чабыштан келаткандардан Супатайдын дайынын сураган. Жоргосу да, аты да чыкканын уккан. Ошол замат соодасын таштап, үйүнө чуркап аялына сүйүнчүлөгөн.
Базардан он чакты боо беде сатып келип, эчак аттарга даярдап койгон. Губар үй-бүлөсү менен тынчы кетип улам казак тоо жаккы жолду тиктеп жатканда, Супатай уулу экөө анын короосун имерилип дарбазасына жакындай түштү. Губар бала-чакасы менен чуркап чыгып досун кубанычтуу тосуп алды.
Супатай менен Губар бул түнү да укташкан жок. Атка көптөн бери урунду болуп жүргөн Суртай башы жаздыкка тиер менен көшүлдү. Супатай төшөк үстүндө чыканактап жатып, уккан-көргөнүн чыпчыргасын коротпой айтып берди. Мындай абал дунгандарда да оор экенин айтып, Губар Супатайдын сөзүн улады. Ал өмүрү өткөнчө аялы менен Илирдин кулу болуп калганын, Илир жыл бою иштетип, акысына тоголок дан, кокон тыйын төлөбөгөндүгүн айтып, сөзүнүн акырында жаш балача бышактап жиберди.
Губардын аялы Фюхер, көрбөгөн аяшы Калыйча белек-бечкек арнап Супатайдын куржунуна салды. Супатай менен Суртай эртең мененки насипти Губардын үй-бүлөсү менен чогуу татышып, камчыларын сүйрөп эшикке чыгышты. Артынан Губар менен Фюхер узатып кошо басышты. Жуп аттанаарда сомодой-сомодой болгон, аттары шайдоот, камчылары өрүмдүү, канга тойгон даңгыттардан бетер уурттары салаңдаган, далдайган-далдайган он чакты жигит ат үстүнөн обдулуп, дубалдын кырынан моюндарын созо: «Ушунда экен, ушунда экен» деп кобурашты. Буларды жалт карай салып, бир жамандык жышаанды сезгендей Супатайдын жүрөгү «шуу» дей түштү. Бүткөн бою титиреп, колу-башы калтырап кетти.
Алардын ичинен бирөө өкүм кыйкырды:
— Ой, алдагы эки атты бери жетелеп чык!
Супатай апкаарып калды. Жооп кайтарганга күтүшкөн жок. Короонун каалгасын талкалашты. Губардын илинип араң турган дарбазасы тиги жигиттердин балбан колдоруна туруштук бере албай качырап кыйрады. Баары аттарын жүткүнтө теминип, тепсетип өлтүрчүдөй короого кирип келишти. Эки жигит аттан түшө калып, бирөө Кашка атты, бирөө Карагер жоргону жетеледи. Супатай жүгүрүп барып Карагер жоргонун суулугуна асылды. Губар Кашка атты тизгинден алды. Атчан тургандары Супатайды да, Губарды да өрүмдүү жоон камчылар менен чоку талаштырып басып-басып алышты. Супатайдын төбөсүнөн тебетейи ыргып жаак эти жарылып, башы эки-үч жеринен айрылып, көзүнөн от чагыла түштү. Суртай чыңырган бойдон кулачын жайып бетинен кан шоргологон атасын кучактап жыгылды.
Супатайдын колунан тизгин чылбыр чыгып кетти. Көздөрү ымыр-чымыр болуп, жер караңгылай түштү. Демейде бир боо сабиз талашып «таа» дегенде чогула калчу дунгандар, Губар он жолу «тааласа» да карап туруп бирөө басып келген жок. Алардын да келбегени туура. Тигилер белгилүү Боронбайдын жигиттери. Кокус аларга кол салса, Илир менен Булардын жигиттери Боронбайдын жигиттерине болушат. Бөөдө таяк жешет. Губардын «таасы» талаага кеткен «таа» да.
* * *
Шамшынын бели. Бул атактуу дабан. Кимдер гана ашпады дейсиң. Төрт түлүк малын чубатып санжыргалуу салтанат менен байлар да ашкан дабан. Таманын ташка тилдирип, кар менен музду жыңайлак кечип шыймылчагын какшатып, жилик сөөгүн сыздатып, согончогун канатып мал артынан темтеңдеп малайлар да ашкан дабан. Найза, кылычын жалаңдатып, тулпарларын бургутуп, кумду эшилте бастырып, ташты омкортуп каздырып, өрүдөн секиртип, ылдыйдан түйүлтүп, нечен-нечен баатырлар да ашкан дабан. Каргаса кар жаап, жалгаса жамгыр жаап, кара бетине алганда жайдын чилдесинде да жол бербей, бороон-чапкын түшүп, булут ойноп, куюн кутуруп, будуң болуп өңгүрөп жатып алмасы бар дабан. Короосу менен койду, үйүрү менен жылкыны, кызыл-тазыл жасалгасы менен көчтү, бойго жеткен нур жүздүү кызды, болуп турган жылдыздуу уулду, капталдан музу чарт этип, көз ирмегенче «шып» дей түшүп көчкүсү басып жок кылган дабан.
Мына ушундай көчкүсү жүрүп, тоодон ташы кулап, капчыгайынан суусу үйөрлөп, кар муз аралаштыра агызып, бетине алып турган күнү Супатай баласы экөө жөө-жалаңдап жаралуу кийиктей ээрчишип келатат. Супатай, Суртайдын Токмоктон чыкканына эки күн болот. Эгер ат менен жүргөндө бул белди кечээ эле ашып кетишмек.
Күн төбөгө келгенде «Карасайды көчкү алган» жылганын аягына келишти. Жолдун оң жаккы жээгиндеги сандык ташка көчүк басып бир аз эс алышты да, куржундун оозун чечип, Губардыкы берген тузу жок момодон, шылдырап аккан мөңгүнүн суусуна ымдап эки-үчтөн жешти. Суртай кечетен бери атасынан калышпай келатат. Ал катуу чарчады. Улам токтогон жерде колу түшкөн кулундай чалкасынан түшүп асманды карап жата калат. Ал азыр да момону кырданып жатып чайнап олтурат:
— Токмокко токтобой, түн катып жүрүп олтурсак болмок, ата?
Супатайдын камчы жеген башы салмактанып, оң жаккы кашынын үстүнөн шүйшүн аралаш чыпылдап аккан суу жарага жабышып, таңылган жука чүпүрөктүн сыртынан сызылып тамчылап турат. Ал өзүнүн кабелтеңинен туруштук берип эрдин кесе тиштеп, тырышып араң басып келатпайбы? Баласынын айрым суроолоруна жооп бербей да калат.
— Кыбырайлы. Тур. Көтөр тиги баштыгыңды. Ал таягыңды. Баары бир алар жолдон да тосмок. Ээн жерде өлтүрүп да коюшмак. Экөөбүз үчүн ким өч алат? Апамбы? Апаңбы? Губардыкынан алганы жакшы болду. Эми алардын бизде атасынын акысы калган жок! Алчусун алды, Мен Боронбайдын кыязын көрүп, казак жеринен эле алат ко дегем. Жүр кеттик.
Супатай Карасайды көчкү алган жерден тез өтүп кеткиси келди. Бул жердин сыры белгилүү. Бир күн мурун жаш кар түшүп калса эски карын кошо шилеп көчкү жүрөт. Кечээ кар түшкөн. Бүгүн да дал ошондой болгон турат.
Мындан он чакты жыл мурун ушул жерде кайгылуу окуя болгон. Карасай деген бай Чүйгө мал төлдөтүп көктөп, кайтып Кочкорго келатканда, анын көчүн ушул жерден көчкү баскан. Тигине... Тээтиги капталдагы кашааланган кар жер кыртышы менен «шып» жылып келип ушул коктуну бууп, дөмпөйүп дөбө болуп туруп калган. Анда эмнелер гана жердин алдында калбады дейсиң? Бойго жеткен эки кызы, жаңы үйлөнгөн келин-уулу, бала-бакырасы болуп жыйырмадай киши, атан төө, айгыр аттарга артылган көз тайгылткан дүнүйөсү менен алеки саатта жок болгон.
Супатайдын жүрөгү солкулдап, Суртайды билектен алып, ылдамдап энтелеп шашып өттү. Өтө бергенде кар жарылып чарт этти. Көчкү. Мөңгүгө толуп, кум-таштар кошо жылып, эпкини капчыгайдын аркы бетине серпиле түштү. Кар-кум аралаш коюу куюн чаң тумандай уюду.
Тарткылыгы жок байкуштар аман калбадыбы...
Супатайдын бүткөн бою титиреп жүрөгү опкоолжуду. Суртайга коркконун билдирген жок. Артынан көчкүнүн дабышы «шуу» дегенде «Ата-а» деп бакырып, Суртай Супатайдын этегине жабышты.
— Коркпо айланайын. Бул жер. Кудай өзү сактады.
Белге жакындашты. Дабан көрүнүп калды. Бороон. Борошо аралаштырып кум учуруп, кар бурганактап туу белдин өзүн уюлгутуп боройлото келип уруп турат. Соккон бороон аркы өйүз, берки өйүздөгү жалама зоолордон тайлактын боздогонундай созулган жаңырык үн чыгарат. Үстөкө-босток бороон. Майда кум менен кургак карды аралаштырып асманга ак куюндатып учуруп барып, анан кайра жерге топурак төккөндөй себелейт.
Күнү кечээ ушул белди булар Карагер жорго, Кашка ат менен ашпады беле? Анда бул бороон кайда жүргөн? Ал күнү күн чайыттай ачык болуп, мемиреп жылуу тийбеди беле. Анда аттуу-жөөлүү жолоочулар да үзүлбөй каттап жатпады беле. Кана алардын бири? Бүгүн мындайда...
Туу белге канчалык тырышса да Супатай баласы менен чыга албады. Жол тайгак. Көк жалтаң муз. Белдин өзүнө көтөрмө бою чукулдаганда бороон улуп, кар аралаш борошолор ышкырып келип экөөнү кайра таңылчактай томолотуп учурат. Супатайдын этегинен тартып, Суртай жылдырбайт. Супатай төрт аяктап дагы эмгектеп жылып жөнөйт. Эми бүгүн түнгө калса, бүттү. Супатай, Суртай жок. Аталуу-балалуу экөө эки жерге, төгүлбөгөн уйдун карынындай томпоюшат. Мына бу дуулдап турган бороон кимдин жанын койсун? «Тилсиз жоо» деген ушул.
Жалынганыңды билеби? Качан гана Супатай, Суртай экөөнү тоңдургандан кийин күн чайыттай ачылып бороон токтоп, шамал басылар. Мунусун ким билсин? Эртеси күндүз жору-кузгунга той түшүп капкаяктагысы чогулбайбы? Болбосо түнкүсүн топтошкон бөрүлөр жыт алып, ар кимиси ар кайсы жондордон улуп, бирин-бири чакырышып тарпын калтырбай кийимине чейин тытып-талап кетишеби, ким билет?..
Супатайдын жан тери келип, акыркы кайратын топтоп, төрт аяктап тырмышып, улам эки колдоп тырмактап кар чапчып, Суртайды чыргадай сүйрөп олтуруп, өлө-тала белге чыкты. Эки бети албырып, кара көк тартып түтөгүп, жүрөгү жарылып кетчүдөй сокту. Туу белге токтошкон жок. Кайра бороон учуруп кетчүдөй чочулашып мас кишидей тампалаңдап, чыкыйга койгондой сендиректей түшүп, белдин берки багытын көздөй эңиштеп жөнөштү. Суртай улам эңкейиштеген сайын атасынан алыстай берди. Качан гана Супатайдын карааны үзүлүп баратканда «ата-а» деп чыйылдап ый аралаш үн чыгарды. Супатай артып жалт карай салды.
Суртай телчиккен козудай чайпалып, араңдан зорго аяк шилтеп, атасынын бутун кучактай жыгылды. Узунунан түшүп эчкирип ыйлап жиберди.
— Эмне болду, тегеренейин?
— Бутум...
Супатай шашкалактап баланын буттарын карады. Чокойдун таманы түшүп манчалары кызарып турат. Бала качыраган кар аралаш тоң жерди далайдан бери жыңайлак басып келаткан экен. Эки бутунун беш манчалары менен согончокторун эчак эле үшүк алыптыр. Бармактары барсайып ыйлактанып турат.
Супатай чокоюн сууруп жиберип, баланын эки бутун эки колтугуна, жылаңач этине кысты. Акырында сай-сөөгү какшап, кылгырган көз жашы эки каректин кычыгын айлана тегеренди. Узун кирпиктерин удаа-удаа ирмеп-ирмеп алды эле, жиби үзүлгөн мончоктой жылуу жаш чубурду...
* * *
Калыгул менен Торсо балбан, жорголор келгенден кийин, көпчүлүктө кымкуут, ызы-чуу түшкөн опур-топурдан адашып, Супатай менен Суртайды таппай калышкан. «Алдыда болсо жете барарбыз, артта калса бизди табар» деген ой менен озунуп жүрө беришкен. Алар ошо бойдон Супатайларга жолукпай Кочкорго мурун келишти. Торсо менен Калыгул тигилерди кырсык чалганын кайдан билсин, келери менен ат үстүнөн түшпөстөн Уултайды сүйүнчүлөштү.
Уултай, келини экөө акмалап жол карайт. Балдары улам кечиккен сайын чый-пыйы чыгып, Шамшынын белинен көздөрүн айрыбайт. Бир күнү намаз дигер менен намаз шамдын ортосунда артынан ээрчиген эрбеңдеген баласы бар, мойнунда асынган баштык-уштүктүү эки караандын үйүнө жакындап калганын алачыгынын кырчоосуна сүйөнүп олтурган Уултай даана көрдү.
Уултай аны Суранчынын айлы тараптан куугунтук жеп, конорго үй таппаган кайырчылар деп ойлоду. Уултайдын көз алдына Карагер жорго, Кашка атты минип алчактата бастырып келаткан Супатай менен Суртайдын элеси келип турган. Эшик төрдөн жакын ээк астына келгенде, алдыңкысы Супатай экенин тааный коюп, ордунан тура калам деп, Уултай эки-үч мүдүрүлүп көмкөрөсүнөн жыгылды.
Бери жактан бутун араң шилтөөгө жарап келаткан Супатай, энесин кучактай жыгылды. Калыйча үйдөн жүгүрүп чыгып Суртайды басып калды.
Уултай эсин жыйып, үйдөн чөйчөккө суу куюп чыгып балдарынын башынан имере айландырып ырымдады. Анан баары үйгө кирип коломто тегеректешти. Калыйча отту калап алоолонткон экен. Ала-сала көргөндө эстери чыгат деди окшойт, Супатай башынын жараатын, бетинин айрылганын анчейин үшүккө алдырган өңдөнүп, оттун жарыгынан далдаалап, караңгылаткан болуп, Калыйча менен Уултайдан коомайланып олтурду. Отко жылыган сайын бүткөн бою жибип, энеси тынчын алган суроолорго жооп бере баштады.
Өмүрүндө мындай сүйүнүч бактылуу көп адамдардын турмушунда болгондур, бирок Уултайдыкындай болгон эмес чыгар. Бул Уултай үчүн биринчи сүйүнүч, биринчи бакыт. Уултайдын жүрөгү кабына токтобой, мойнуна чалма түшкөн азоодой түрсүлдөп сокту. Бүткөн бою титиреп, колдору карышты. Жаагынан ылдый жылуу тер суудай агып көл-шал түштү. Ысыганына чыдабай караптап кетти. Келини, балдары чурулдап үстүнө түшө калып, бетине муздак суу чачышты. Уултай көптө барып эс алды. Ал солуктап, өпкөсү көөп уйкусу чала канган жаш балача оозун кере-кере ачып эстеди. Анан акылын топтоп, эсин жыйды.
Үй ичи көз ирмемге тынчтана калды. Башында тозулуп бараткан кош бүктөм бөз жоолугунун бир учун жазып, маңдай терин шыпырып, бетин сүрттү. Кайра оңдоп салынып, балдарына бир сыйра көз жүгүрттү Уултай. Оор улутунду. Бардык күчүн жыйып туруп эки капшытын кере дем алып, катуу үшкүрүп жибергенде нечен жылдан берки ичинде сакталып, чел байлап үй тигип, жедеп кычып калган ачуу күйүттүн үйү бузулуп кетип, оозунан оттун илебиндей ысык буу чыкты. Уултайдын өндүрү коолдоп илдетинен ажыраган дартмандай жеңилип, ичи ачыла түштү:
— Кудайга эч арманым жок, — сөзүнүн башын ушундай баштады, — мал да болсо Кашка ат, Карагер жоргого ыраазымын. Акыбетими кайтарды. Эмгегимди жеген жок. Мен ал экөө аркылуу ойлогон оюма, тилеген тилегиме, көксөгөн максатыма жеттим. Күйүтүмдү күбүдүм. Бугумду чыгардым. Ал эки аттын байгесин талаган улуктар тойбогонун тойгузуп, жыртыгы болсо бүтөп, жылаңачын болсо кийиндирип алсын. Башыңар аман болсун. Мал табылат. Таякелериңди таяп берген эки атта эмне арманыңар бар, садага кетейиндер...
Уултай сөзүн токтотуп, эки жагына күйшөлүп бир аз тынч ала түштү. Суртай чөнтөгүнө кол салып бетаарчысын сууруп чыкты да, учундагы түйүнүн чечип, жылтыраган бир тегерек нерсени Уултайга сунду.
— Энеке? Ушул шакекти өз колуң менен чоң энеңе бер деп таякелерим аманат тапшырышты эле.
Уултай шакекти ала коюп, оң алаканына салып оттун жарыгына тиктеп-тиктеп туруп, эки колун уучтаган бойдон бооруна кысып, эчак оюнан чыгып унут болгон казак тилинде бакырды:
— Ше-шема-у-бу ше-ше-м...
* * *
Малдуулар жайлоого тегиз көчүп, жакада баягы Супатай жатакчы баш болгон үч-төрт түтүн, ар кайсы эски тамдарды маанектешип олтурушат. Эгиндин алды баш алып, жаз жайга айланып, үркөр чыгып айгыр агызчу Кара-Кол, Сөөктүн суусу эчак тартылып, шалбаанын чөбү кара кочкулданып дүүлүгүп калган.
Супатай быйыл жалгыз эмес. Суртай кол араага кирип, атасы менен кошулуп кулак байлап, суу жайып, ала терет. Жайдын ачуу тийген кактама күндөрүнүн биринде Супатай, Суртай экөө этин күнгө каарышып боргулдана тердеп арпа сугарып жүрүшкөн. Алар өстөн алыштан эңкейишти көздөй тик аккан урма кулак сууга чым токтотуп, тогоонду байлай албай убара болуп жатышат. Супатай улам ар жактагы алыштын жээгиндеги кыртыштан казандын оозундай чымдарды кетмендин уңгусуна чейин батыра чаап кучактап көтөрүп келет. Суртай атасы койгон чымды сууга бекем басып токтотуп тура албай, улам суунун шарына жулдуруп жиберет.
Ошентип эки жагын карабай суу менен алагды болуп убараланып жаткан Супатай менен Суртай, коштоо аттары бар, маңдайына келип чукул тура калган үч-төрт кишини, качан гана салам бергенде көрүштү.
— Казактар!.. Таякелер!..
* * *
Супатайдын кара алачыгынын түндүк жабуусу үч күндөн бери тартылбайт. Тегерегинде кыбыраган жан жок. Жадаганда эртели-кеч шырп алдырбай добуш салып турган Ала мойнок кара ити да көрүнбөйт. Үйүнүн тушунан обочороок үйүлгөн эки-үч каптай тезеги турат. Тезектин жанында жамаачылуу шырымал кара таар, түбү жыртык кабырылган эски дагырасы жатат.
Үйдүн ичинде казаны менен тулгасынан башка тиш чукуур калбаптыр.
Бул кабар жайлоодогу элге дуу тарады.