Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын кыяматы – Маңкурттук

  • 22.07.2021
  • 3025

Элибиз эзелтен эле адамдын астейдил «акыл» жөндөмүн баалоо менен бирге (акылдуу, акылгөй), анда арсыз сапаттардын, каалоолордун, мүдөөлөрдүн да болорун далил түшүнгөн: «Мал аласы тышында, киши аласы ичинде», «Беш кол тең эмес» ж. б. Ошондой эле адамда «эс» жөндөмү болору да белгилүү.

Бул уңгудан жасалган сөздүн бардыгы (эс тартуу, эстүү, эстелик ж. б.) адамдын аккараны ажыратып, ар нерсенин алды-артын ойлой билүү, өткөндү унутпоо жөндөмдүүлүгүн сыпаттап көрсөтөт. Акыл, көбүнесе ой дүйнөсүнө, эс-сезим дүйнөсүнө жакын турат. Ошондон улам адамдын бири – тентек, бири – жөнтөк, бири – алаңгазар, бири – сабырдуу... Айтор, ар бири өзүнчө дүйнө, өзүнчө жомок. Ырас, адамдагы терс сапаттарды оңдоо өтө кыйынга турат. Мунун татаалдыгын түшүнгөн соң, «Бири кем дүйнө», «Ак-карасы аралаш дүйнө» деген тыянак чыгарылган.

Адам баласы өз түйшүгүн өзгөгө оодара салып, ага кастарын тиккен кыйноонун, эзүүнүн, зордук-зомбулуктун да не бир үрөйдү учурган ыкмаларын, түрлөрүн ойлоп тапкан, колдонгон, өркүндөткөн. Адамды акыл-эсинен ажыратуу – маңкурт кылуу ушундай жазанын бири болгон. Ал – бир жагы, арзан жумушчу күчүнө ээ кылса, экинчи жагынан, кун кууган, сөөк өчтү душмандыктын кегин азайткан.

Эл эсин аздырбай-тоздурбай сактоого көркөм өнөр ээлери эзелтен эле эбегейсиз эмгек сиңирип келишет. Ч. Айтматов белгилүү романында «Манас» жомогунда баяндалган маалыматты көркөм иштеп чыгып, «Маңкурт баяны» аркылуу жоокерчилик замандарда колго түшкөн туткундун кара күчүн катыра пайдалануу үчүн анын акыл-эсин соолутуп, эрк-жигерин майтарып, аны айтканды үндөбөй аткарган макулукка айлантып, адамды адам касиетинен ажыратуунун сыналган каражатын таасын сүрөттөө аркылуу «эрксизден» маңкуртка айланган атуулдун көркөм образын жараткан.

Бирок образдын күчү, проблеманын мааниси жеке адамдын трагедиясын таасын сүрөттөөдө гана эмес эле. Ал реалдуу коомдун өзүндө, бийик идеологиялык жоболор менен шөкөттөлүп, шардана жүрүп жаткан реалдуу процесстердин акыр-түбү адамдарды «эрктүү» түрдө да маңкуртка айланып кетүү коркунучуна алып барышы мүмкүн экенин эскерткендигинде турган. Сүрөткер адамды адам кылып турган туу дөөлөттөр, асыл сапаттар болорун, алардан ажыроо адамдын жеке өзүнүн же анын жакындарынын гана кейиши эмес, бүткүл жамааттын, улуттун, жалпы элдин, атпай адамзаттын трагедиясына айлана тургандыгын алдын-ала таасын сезген.

Тилекке каршы, маңкурттук тууралуу көркөм-адабий багытта гана көбүрөк жана бир беткей кеп болуп (Жоломан, Сабитжан), ал эми анын реалдуу социалдык-педагогикалык көрүнүштөрү, практикалык-психологиялык залакасы тууралуу азыраак айтылып келүүдө. Алиге «манкурттук» («манкуртизм») кубулушуна этикалык-философиялык илимий аныктама бериле элек. Ал арада анын тамыры улам тереңдеп, кулачы улам кеңири жайылып баратат.

Психология илиминде «аң-сезим» («сознание»), «жансезим» («подсознание»), «маңсезим» («бессознательное») деген түшүнүктөр бар. Алардын өзөгүн «сезим» деген түшүнүк түзөт. Сезим – жан бүткөндүн баарына таандык, кубаттуу ички күчкө ээ, табигый касиет. Анын табиятын казак акыны Мухтар Шаханов: «Эч бир байлык алалбаган сатып, \ Эч бир бийлик алалбаган тартып. \ Сезимдер бар...,\ Бул не деген бакыт!» -деп таасын аныктаган. Эгер аң менен сезим бириксе (аңсезим), адамдын жаңы жөндөмү (акыл-эс) жаралат. Жан менен сезим бириксе (жансезим), карандай акыл-эс менен кабылдоо кыйын болгон сейрек дөөлөттөр жаралат. Ал эми маң менен сезим бириксе (маңсезим), анда акылды айран кылган көрүнүштөр келип чыгат.

Маңкурт – күч менен жөн гана кара күчкө айландырылган жармач, аянычтуу пенде эмес. Ал – баарынан мурда, өзүнүн үч ыйык дөөлөтүн: ата-энесин, ата мекенин, эне тилин жоготкон урпак. Ал: 1. Ата-энесин тааныбайт; 2. Эне тилин түшүнбөйт; 3. Ата мекенинен ажыраган. Бул үч түшүнүктүн негизин «ата» жана «эне» деген сөздөр түзөт. Өмүрдүн ээси – ата-энелер, тилдин ээси – энелер, мекендин ээси – аталар. Бул Табият-Адам-Маданият интеграциялык системасы бузулса, анда Акыр-кыяматтын келгени ошо.

Айталы, бүгүн төрөлүп, ата-энеси таштап кетип жаткан балдар – эртең «эрксиз» маңкурттардын катарын толуктайт. Ал эми наристе жаратып, аларды таштап кеткен ата-энелерди бүгүнкү күндүн «эрктүү» маңкурттары десе болот. Себеби, алардын өздөрү гана эмес, балдары да ушул үч ыйыгын билбей, акыл-эси, жан дүйнөсү жаралуу болуп, аларды сыйлабай өсөт. Мындай адамдар көбөйсө, анын натыйжасын айтуу кыйын. Ч. Айтматов дал мына ушуну талбай эскерткен!

Ата-эне, Ата мекен, Эне тил. Негизинде «ата»жана «эне» деген ыйык сөздөр жаткан ушул үч түшүнүк комуздун үч кылы сыңары өз ара айкалыша жаңырып, эл турмушунун бардык тарабын бирдей камтып, кыргыз элинин кылымдаган акыл-ой кеменгерлигин толук чагылдырып көрсөткөн туу дөөлөттөр болгон.

Ата-эне. Кыргыз тилинде бул сөздөр жаңы баш кошкондорго эмес, жаңы өмүрдү жараткан, балалуу жубайларга карата айтылат. Бул сөздөр өзүнчө турганда да, бирге алынганда да түпкү маанисин өзгөртпөйт. «Ким?» деген суроо адамдарга карата колдонулгандай эле, «ата-эне» деген сөз да адамдарга гана тиешелүү айтылат. Демек, ата-эне – өмүр башаты, адам тукумунун үзүлбөстүгүнүн тиреги.

«Жакшы бала тарбиялоо – эң башкы иш тура» деген тыянак чыгарат Абуталип, Сабитжандын кылыгын көрүп туруп. Бул каармандын ысымын Ч. Айтматов тегинден Мухаммед пайгамбарды тарбиялап өстүргөн адамдын атынан албаган болуу керек. Ч. Айтматов өзү атасыз өскөндүктөн, ата-эне кадырын бөтөнчө билген. «Ак кеме» повестинде ал балага ысым бербей, жөн гана Бала деп койгон. Себеби, ысымды ага ата-энеси бериши керек эле. Ал эми алар буга жараган жок...

«Кассандра тамгасы» романында никесиз төрөлгөн баланын аты-жөнү бар – Андрей Крыльцов. Ал – эшик алдындагы текчеге (крыльцого) ташталган бала. Крыльцов космосто жүрүп, өзүнө өзү «Космостук монах Филофей» деген ысым тандап алат. Ошондой эле ал өтө оор күнөөгө батып, өз жанын кыюуга барат. Кандай болгон күндө да, булар адаттан тыш, аргасыздыктан жасалган кадамдар.

Мунун баары – адам өзү жаратпаган нерсеге ээлик кылууга, баарын өзү ойлогондой аныктоого болгон «акылдын азабы» десе болот. Балким, дүйнөнү кайра куруу жөнүндөгү революционерлердин күрөшчүл дымагы дал ушул өздөрүнүн ата-энеси азан чакырып койгон атын «чанып», өздөрүнө өздөрү «мыкты» ысымдарды тандап ала баштаганда (Костриков – Киров, Бронштейн – Троцкий, Ульянов – Ленин, Жугашвили – Сталин ж. б.) тамыр байлап жүрбөсүн? Биздин аты-жөнүбүздөгү -ов, -ев, -ович, -овна деген көрүнүштөр да кайсы бир деңгээлде маңкурттуктун залдары болбосун?

Атаганат, аты-жөнүңдү ата-бабаң аныктагандай айтып, жазып, ардактап алып жүрсөң канакей!

Бүгүн балдарын таштаган сезим ата-энелерде эмне үчүн өрчүп баратат? Эмне себептен мындай бейтаалай балдар кийин чекилик иштерди жасоого көп барышат? Эмне үчүн биз наристелердин тагдыры үчүн күнөөнү энелерге гана ыйгарып, аталардын жоопкерчилигин унутуп коёбуз? Минтип биз жазуучунун жогорудагыдай эскертүүсүнө жакындап бараткан жокпузбу?

Бүгүн чоңдорду окутуу, жаштарды үй-бүлөлүк турмушка даярдоо маселеси өтө актуалдуу болуп барууда. Тилекке каршы, азыр «Үй-бүлө педагогикасы», «Бешик педагогикасы», «Ата-эне, урук-туугандык педагогика» сыяктуу баалуу дөөлөттөр унутта калды. Бүгүн Сары-Өзөктөгү Дөнөнбай куштун үнү ушуну эскертип жатпасын: «Эсиңе кел, сен кимсиң? Кимдин уулусуң? Өз атың ким? Атың, ысымың? Сенин атаң Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай!». Бул чакырык – өз атыңды, ата-бабаңдын атын, элиңдин тарыхын унутпа деген чакырык!

Ата мекен – адамдын киндик каны тамган жер. Ал калкка азык тартуулаган жайыл дасторкон гана эмес, ал – адамдын өмүр бешиги, ата-бабалардын сөөгү жаткан ыйык жай. «Мекен» – кыргыз түшүнүгүндө аялуу зат, ал – аталарга таандык жер. Ошондуктан, мекендин бейпилдиги, толукшуган көрүнүшү, анын бүтүндүгү, баарынан мурда, эр жигиттердин, аталардын, башкача айтканда, эркектердин мойнундагы ыйык парз. Элдик педагогикада уул балдардын таалим-тарбиясы дал ушуга ылайык келген.

«Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо», «Жайнаган малы болбосо, жетимсиреп жер карып». Бул элдик накыл сөздөр адамдар ага уулундай, кызындай мамиле жасашын нускап турат. «Ушу жерим ооруп турат», – деп денесин көрсөтүп сүйлөйт кыргыз. Демек, жер – адамдын денеси менен тамырлаш. Андыктан, жерди сатуу гана эмес, аны менчиктөө акылга сыйбас иш. «Эл-жер» деген түшүнүк бири-биринен ажырагыс, түгөй түшүнүктөр.

Жер планетасы бүгүн жетимсиреп турат. Себеби, адам баласы өзү ойлоп тапкан нерселерге баш-оту менен ишенип алып, Жаратуучу аныктаган акыйкатты унутуп койду. Ал Жаратканды танып, «жок» дегенде, жаратылышты да кошо танып жатканын таназар алган жок. Себеби, рухий, диний, элдик окууларда Жараткан адегенде жаратылышты, анан жаранды жараткан делет. Анан барып жаран коомду түптөгөн. Демек, Жараткан – адамдын гана эмес, жаратылыштын да жаратуучусу. Адамдар бул улуу акыйкатты четке кагуу менен эле чектелип калбай, анын ордуна өздөрүнүн жаңы Колдоочусун – Акчаны (ак+ча, акка окшош нерсени) ойлоп табышты. Акча: «ак» – таза, аруу деген маанилерди билдирген уңгу сөзгө окшош, түспөлдөш деген маанилерди билдирген «ча» мүчөсү уланып жасалган сөз (мисалы, кызыл+ча, жашыл+ча). Демек, акча – акка (чыныгы дөөлөткө, байлыкка) окшош нерсе, бирок, ал накта дөөлөт эмес.

Бүгүн акчанын артынан сая түшкөн, жиниккен жашоо акыры жаратылышты да чаалыктырып, жалпы адамзатты глобалдуу экологиялык проблемага – жаратылыштын табынын айнышына алып келди. Ч. Айтматов эскерткен жер планетасын тегиз каптаган «Алкак» («Обруч») программасы ишке кирип, ал бүт ааламды курчап алды. Бүгүн адамзат жер планетасынын башына шири кийгизип койду.

Ал ширинин аба өткөрбөй думуктурган ысыгына чыдабай жер планетасынын кан тамырлары көөп, жер-суунун деми кысылып, алка-шалка түшүүдө. Суу ташкындары, жер титирөөлөр, жанар тоолор, жер көчкү, сел-кыяндар мунун айкын далили. Кеп, бүгүн табияттын «жылышын» кантип адамдардын, элдердин, диндердин, мамлекеттердин ортосундагы жылуулукка айландыруу керек, мына ушунда туруп калды...

Эмне үчүн элибиз өз ара пикир алышуунун каражаты болгон тилди энеге ыйгарып, эне тил деп атаган? Себеби, элдик идеалда эне, аялзаты, баарынан мурда, рухий башаттын ээси. Тил менен дил – анын энчиси. Ал адамга ак сүтүн берип эле тим болбойт. Эгер кимде-ким кыргыз зайыбынын бешик ырын эшитип, муңканган кошогун тыңдаган болсо, буга жаземдебей ишенет. Албетте, кыз балдарды тарбиялоонун жол-жоболору да дал ушул максатка ылайык келген.

Ч. Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романынын башкы каармандарынын биринин ысымы анын тагдырына үндөш – «Руна». Бул сөз байыркы Скандинавия элдеринин тилинде «сыр» дегенди билдирет. Бул сөз Ата-Бейиттеги 137 маркумдун ичиндеги аты-жөнү али белгисиз, сыр болуп келаткан жалгыз аял затынын аянычтуу тагдырын эске салат.

Жогорудагы Космос монахы Филофей орбитада 137 күн болот. Ал космоско «Восход-27» орбиталык станциясы менен учуп барат. Эгер 2001-жылы Америкада болуп өткөн кайгылуу окуяны эске салсак, анда жогорудагы сандардын суммасы: 1+3+7=11 жана 2+7=9, башкача айтканда, 11-9 (11-сентябрь) деген санды бериши бир жагы таңгаларлык, бир жагы сырдуу факт?

Ошентип, тилдик жана маанилик жактан туруктуу, таасын жана чулу ушул үч ыйык символ-түшүнүк жалпы эле адамзаттын табият, адам, маданият жөнүндөгү бирдиктүү, чалкар акыл-оюн туюндурган туу сөздөр болгон. Буларды бир эле учурда кыргыздардын педагогикалык пансофиясы деп да кароо керек. Себеби, элдик таалим-тарбиянын таасирдүүлүгү, анын турмушундагы не бир керемет, өрнөктүү көрүнүштөр дал ушул үч сөзгө байланып, ушул үч түшүнүк менен ченелген. Алар болмуштун кайталанма өрүш жолунда ар бир муун үчүн түбөлүктүү да, түшүнүктүү да, таалимдүү да, таасирдүү да осуят, насаат катары кызмат кылган. Ал эми буларды жоготуп койгон күн акыр кыяматтын дал өзү болмок!

Бул үч дөөлөт-символду элибиздин рухий-маданий байманасын кайра жаратуу жагындагы «Үч башат» деп аталган бирдиктүү концепцияга негиз кылып алса болот. «Ата мекен» деп аталган экологиялык программа өлкөнүн эл чарбасын, бүтүндөй материалдык-өндүрүш чөйрөсүн өз ичине камтып, кыргыз жергесинин байлыгына, жаратылышына анын өз уулундай, кызындай аяр, камкор мамиле жасоо маданиятын калыптандырууну талап кылат.

«Эне тил» деп аталган гуманисттик, патриоттук программа эл турмушунун рухий-маданий, интеллектуалдык, илимий-иликтөө, чыгармачылык чөйрөсүн эне тилинин негизинде жаңы баскычка көтөрүүнү көздөйт.

«Ата-эне» деп аталган демократиялык программа адамдардын ортосундагы мамиле чөйрөсүн (үй-бүлөлүк, урук-туугандык ж. б.) толук камтып, элибиздин эң жөнөкөй жүрүм-турум эрежелеринен тартып бийик моралдык-этикалык дөөлөттөрүнө чейин кайрадан калыбына келтирүүнү, улуттук үй-бүлө тиричилик маданиятына таандык болгон бардык өрнөктүү салттарды текши өнүктүрүүнү максат кылат.

Бүгүн глобалдуу дүйнө глобалдуу да, локалдуу да чараларды талап кылып турат. Бул үчүн:

1. Маңкурттук – эл аралык деңгээлде жалпы адамзаттык моралдык-этикалык, социалдык-педагогикалык проблема катары таанылышы керек. Жогоруда аталган фундаменталдуу дөөлөттөрдү кастарлап сактабаган өлкөлөрдү «кара тизмеге» киргизүү керек. Мамлекеттин бакубатчылыгын аныктоочу экономикалык көрсөткүчтөр рухий-ыймандык, социалдык-педагогикалык парадигмалар менен алмашылышы зарыл. Балдар үйлөрү, карылар үйлөрү, ажырашуулар, кылмыштуулук, баңгилик – насилинде маңкурттуктун залдары. Булар – мамлекетти арына келтирчү көрүнүштөр болушу керек. Маңкурттук ашынган өлкөлөргө ишенимсиздик вотумун жарыялоо зарыл.

2. Бүгүн жаштарды гана эмес, чоңдорду, ата-эне болуучу адамдарды тарбиялоо системасы өтө зарыл. Бул үчүн таалим-тарбиянын этнопедагогикалык багыттагы Табият таламдуу – Адам таламдуу – Маданият таламдуу интеграциялык системасын калыбына келтирүү зарыл. Билим берүү системасында ата-эне, ата мекен, эне тил үч тарамы болуш керек. Ата-эне тарамы – адам таануу, этика, эстетика, психология, адабият, тарых ж. б.; Ата мекен тарамы – география, физика, химия, биология, математика ж. б.;

Эне тил тарамы кыргыз тили, түрк тили, англис тили, информатика ж. б. сабактарды камтыйт. Окутуу-тарбиялоодо этнолингвистикалык метод кеңири колдонулууга тийиш.

3. Ар бир өлкө Элдик педагогиканын улуттук музейин түзүүсү зарыл. Алардын өз ара пландуу чыгармачылык жана ишкердик байланышы болушу кажет. Бул ишти Ч. Айтматов атындагы Түрк калктарынын элдик педагогикалык музейин түзүүдөн баштоо туура болор эле. Азыр тарых музейлери бар, тарбия музейи жок. Алар адамды тарбиялоо боюнча ар бир эл иштеп чыккан өрнөктүү тажрыйбаны жана табериктерди: 1) жыйноо жана сактоо; 2) изилдөө жана окуп-үйрөнүү; 3) колдонуу жана жайылтуу боюнча зор иштерди аткарышы зарыл. Булар биздин дээр-сезимибиз менен акыл-эсибиздин чама чаркын көрсөтөт...

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз