Всеволод Гаршин: Эч жерде болбогон окуя

  • 24.07.2021
  • 3418

АҢГЕМЕ

Июндун укмуштуудай бир күнүндө – а укмуштуу болгону, абанын температурасы Реомюрдун шкаласы менен жыйырма сегиз градусту көргөзүп, бул кереметтүү июндун күнүндө бардык жерде аябай ысык болчу, ал эми бакча ичиндеги жакында эле чабылып жыйналган чөмөлөнүн жанында андан да ысык эле, анткени ал жерди тегерете өскөн алчалар шамалдан коргоп турган.

Дээрлик бардыгы уктап: адамдар курсактарын тойгузуп, жамбаштап жатып алып, түшкү тамактан кийинки уйкуга кетишкен; канаттуулардын сайраган үндөрү угулбай жымжырт, ал тургай айрым курт-кумурскалар да ысыктан качып көлөкөгө жашынып алышкан болчу.

Үй жаныбарлары жөнүндө айтпай койсо да болот: майда, чоң жандыктар бастырманын алдына корголоп алышса, ит уясынын алдында көздөрүн чала-була ачып, кызарган тилин жарым-аршин салаңдатып, жер тырмалап казып жиберген чуңкурчада акактап жаткан, бир кезде эритип жиберчүдөй ысыкка чыдабай жаны кейип кыңшылап жиберди; чочко, он үч торопойдун энеси, балдарын ээрчитип алып жээктеги кара балчыкка барып жатышты, балчыктан торопойлор чимкириктерин улам тарткан сайын коркулдаган тумшуктары, узунунан келген ылай жабышкан томолок жондору менен ылдый салаңдаган делдегей кулактары гана көрүнүп калды.

Тооктор гана ысыктан коркпостон, бир дагы дан таба алышпасын билишсе да эшик алдындагы чаңы сапырылган кургак жерди тамандары менен тепкилеп эптеп убакыт өткөзүп жүрүшкөн; короз деле жыргап кетпесе керек, анда-мында келесоо болгонсуп башын көтөрө калып тамагы айрылгыча “кандай гана чоң жаңжал!” деп кыйкырып жатты.

Мына, эми биз бардык жерден ысык аянтчадан чыгып кеттик, баса, ал аянтчада уктабай ойгоо калган мырзалардын бир коому олтурган. Жок, бардыгы олтурган десек жаңылышабыз; мисалы арабакеч Антондун шапалагынан жалкатой болуп бүткөн, капталын чөмөлөгө жөлөп алган карган тору ат, бардык аттардай эле олтура алчу эмес; куурчакчадан жаңы эле чыккан кайсы бир көпөлөк курту да олтура албагандыктан боортоктоп жаткан: бирок кеп кандай сөз менен сүрөттөп айтканда эмес да.

Алча дарагынын алдында кичинекей, бирок олуттуу компания чогулушту: үлүл, бокчу коңуз, кескелдирик, жогоруда эскерилген көпөлөк курту. Аңгыча секирип чегиртке да жетип келди. Алардын жанында тигилер тарапка ичинен кара-күрөң кылдардын учу көрүнүп турган бир жак тору кулагын жапырып, тигилердин сөзүн тыңшап карыган тору ат турду; а анын жонунда эки чымын конуп алышкан эле.

Компания сылык, бирок бир топ кызууланып бир нерселерди талашып жатышты, ар дайым боло жүргөндөй эле бири дагы башкалардын пикири менен макул болгон жок, анткени ар кимиси өз ой-пикирин жана мүнөзүнүн көзкарандысыздыгын жогору баалоочу.

– Менимче, – деди бокчу коңуз, – акыл-эстүү ар бир жаныбар эң алгач өз тукуму жөнүндө кам көрүшү керек. Жашоо деген – бул келечек муундарга арналган эмгек. Кимде ким өзүнө жаратылыштан тагылган милдеттерин так аткарса, ал туура жолдо турат: ал өз ишин жакшы билет, кандай гана окуяга кабылбасын өз жүзүн жоготпойт.

Мени эле карагылачы: ким менден көп эмгек кылат экен? Ким эле мага окшоп күн бою эс албай оор шарды, – өзүм боктон чеберчилик менен жасап алган шарды, өзүмө окшогон бокчу коңуздардын жаңы муундарын өстүрүп чыгуу деген улуу максат коюп алып түртүп жүрүптүр? Бирок жаңы бокчу коңуздар жарык дүйнөгө келишкенде, мен сыяктуу чын жүрөгүнөн, эч кимден уялбай “ооба, мен колумдан келгендин баарын жасадым” деп айта алгандар болобу, аны биле албайм. Мынакей, ак эмгек деген кандай болот!

– Бир тууганым, сен өз эмгегиңди айтпай коё тур! – деди бокчу коңуз сүйлөп жатканда күндүн ысыгына карабай өзүнөн бир топ чоң кургаган сөңгөктү сүйрөп келип калган кумурска. Ал бир мүнөткө токтоп, арткы төрт бутуна олтура калып, алдыңкы колдору менен оор жумуш менен ысыктан кыйналуунун изи бадырайып көрүнгөн жүзүнөн куюлган терди сүртүп алды.

– Керек болсо, мен сенден көп эмгектенем. Бирок сен өзүң үчүн же өз коңузчаларың үчүн гана иштейсиң; бардыгы эле сендей бактылуу эмес... мен сыяктуу казынага иштесең көрмөксүң. Мени ушундай ысыкка да карабай акыркы күчүм калгыча ким зордоп иштетип жатканын да билбейм. Мага эч ким рахмат деп да айтпайт. Биз бактысыз кумурскаларбыз, тытынып иштегенден башка эмне жыргал турмуш көрүп жатыптырбыз? Тагдыр!...

– Сен бокчу коңуз, жашоого өтө эле салкын, ал эми кумурска сен өтө эле кайгылуу көз караш менен карап жатасыңар, – деп аларга каршы чыкты чегиртке. – Жок, коңуз, өзүң билесиң, мен чырылдап, ары-бери секирип жүргөндү жакшы көрөм, анын эмнеси бар экен! Эч кимден уялбайм! Абийирим таза! Силер эмнегедир кескелдирик айымдын койгон суроосуна жооп берген жоксуңар, ал: “Дүйнө деген эмне?” – деп сурады го, а силер кайдагы бир боктон жасалган шарик жөнүндө сөз кыласыңар; бул өтө эле орой угулат.

Дүйнө – дүйнө, менимче эң сонун нерсе, жаш чөп, күн, мээлүүн соккон жумшак жел, ушулардын бар экендиги эле кандай керемет. Анан анын кеңдигин айтпайсыңарбы! Силер бул бактардын арасында олтуруп, анын канчалык кеңдигине түшүнүгүңөр да жетпейт. Мен талаага чыгып кээде бийик, бийик секирип калам. Ошондо бул дүйнөнүн чеги жок экенин көрөм.

– Сен туура айтасың, – анын айтканын тастыктады көптү көргөн тору ат. – Бирок силер менин бул жашоодо көргөндүн жүздөн бирин да көрө албайсыңар. Тилекке каршы, чакырым деген эмне экендигин түшүнө албаганыңар өкүндүрөт... мындан бир чакырымдан кийин Лупаревка деген кыштак бар: мен ал кыштакка күн сайын барып бир челек суу алып келем. Ал жактан мага эч качан тамак беришпейт. А башка тарапта Ефимовка, Кисляковка деген айылдар жайгашкан: ал жерлерде чоң коңгуроолуу чиркөөлөр бар. Андан кийин Ыйык-Троицк, андан соң Богоявленск. Богоявленскийде мага чөп беришет, бирок ал жердин чөбүнүн даамы жок. Ал эми Николоевде – бул мындан жыйырма сегиз чакырым алыс турган шаар, – мына ошол шаардын чөбү мыкты, ал жерден мага арпа да беришет, бирок мен ал жакка барганды жакшы көрбөйм. Анткени, ал жакка биздин кожоюнубуз да барат, ал шаштыра бергендиктен арабакеч кайра-кайра шапалактап, жонумдан жон калтырбайт ко чиркин... аны азыр эстегим да келбейт. Андан башка Александровка, Белозерка, Херсон деген шаарлар бар... Аларды силер кайдан түшүнмөк элеңер!.. Мына ушунун баары дүйнө деп аталат; бул эми бардык дүйнө эмес дечи, мындайча айтканда анын бир топ эле чоң бөлүгү.

Тору ат унчукпай калды, бирок алдыңкы эриндери дагы эле бир нерселерди шыбырап жаткансып кыймылдай берди. Бул анын карылыгынан болчу: ал он жетинчи жашын жашап жаткан, а аттар үчүн бул адам жетимишке чыккандай эле кеп.

– Мен, уялбай эле моюнума алайын, сиздин атка тиешелүү акылмандыгыңызга түшүнө албайм, түшүнгүм да келбейт, – деди үлүл. – Мага төө жалбырак болсо эле болду, ал эми ал дайыма жетиштүү: мына төрт күндөн бери сойлоп келатам, аягына дагы эле чыга элекмин. Анын ары жагында дагы бир төө жалбырак өсүп турат, андан аркысында мага окшогон дагы бир үлүл олтурса керек. Мына ушундай. Эч кандай секириштин да кереги жок, – анын бардыгы ойдон чыгарылган болбогон нерселер; тынч олтуруп алып жалбыракты жеп бүт да, андан ары жыл. Сойлогондон жалкоолонбосом силердин болбогон сөзүңөрдү укпай небак эле кетип калмакмын; мындай сөздөрдөн баш ооруганы эле болбосо, эч пайда жок.

– Жок, коё туруңуз, – анын сөзүн чегиртке бөлдү. – Чырылдап ырдаган аябай жагымдуу, айрыкча чексиздик сыяктуу жакшы нерселер тууралуу. Албетте, сизге окшогон же тиги сулуу көпөлөк курту сыяктуу кара курсагынан башканы ойлобогон жандыктар жок эмес...

– Ах, жок, сизден суранам, мага тийишпей эле коюңузчу! – деп жалдырап жиберди көпөлөк курту, – Мен бардыгын келечек жашоом үчүн гана жасайм, келечек жашоом үчүн гана...

– А сен кайсы келечек жашоо тууралуу айтып жатасың? – деп сурады тору ат.

– А силер эмне мен өлгөндөн кийин кооз канаттары бар сулуу көпөлөккө айланарымды билбейсиңерби?

Тору ат, кескелдирик жана үлүлдүн бул жөнүндө түшүнүктөрү жок эле. Бардыгы унчукпай калышты, себеби келечек жашоо тууралуу алар эч нерсе дей алышмак эмес.

– Бирөөнүн калыптанып калган ой-пикирин сыйлаш керек, – чыркырап жиберди чегиртке. – Дагы ким эмне дейт? Балким силер бир нерсе айтып жүрбөгүлө? – деп кайрылды ал чымындарга.

Алардын улуусу ага мындай жооп кайтарды:

– Биз жашообуз жаман деп айта албайбыз. Мына азыр жаңы эле ашканадан чыктык: жаш айым мискейге варенье кайнатып, банкелерге куйганга даярдап койгон эле. Биз анын капкагынын ачыгынан кирип алып, тоюп чыктык. Биз кудайга ыраазыбыз. Апакебиз гана вареньеден чыга албай, ошол жерде калды, айла канча? Ал бул жарыкчылыкта бир топ эле жашады. Бизде капачылык жок.

– Мырзалар, – деди кескелдирик, бардыгыңардын айтканыңар туура! Бирок башка жагынан карасак...

Бирок кескелдирик башка жагынан караса эмнени көрөрүн айтканга үлгүргөн жок, ал куйругун бир оор нерсе жерге кыса басып алганын сезди. Уктап калган жеринен туруп, тору атты алганы келген арабакеч Антон болчу; ал байкабай өзүнүн чоң өтүгү менен сүйлөшүп олтурушкан компанияны тебелеп алган эле.

Аман калышкан Чымындар гана вареньеге чыланып жаткан энесинин өлүгүн соруп жегени учуп кетишти, а кескелдирик куйругу жок калды. Антон тору атка жүгөнүн катып, арабаны чегип сууга баруу үчүн бакчадан жетелеп жөнөдү. Жөн эле жетелебей кобурап баратты: “Бас, ылдамыраак бас, мактанчаак!”, – ага тору ат Антонго угузбай шыбырап жооп бергенге гана жарады.

Кескелдирик куйругу жок калды. Көп өтпөй куйругу кайрадан өсүп чыкты дечи, бирок анын учу кандайдыр бир томолок тартып, карайып калды. Андан куйругуңа эмне болгон деп сурашканда ал уялыңкы жооп берчү:

– Мен өз оюмду ачык айтууга батынганым үчүн куйругумду кесип алышты.

Анын айтканы карандай чындык болчу.

1882

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз