- Үйдө суу калбаптыр, - деген чоң эне чоң чаканы алып сууга жөнөдү. Ал кетери менен неберенин да сууга баргысы келип, өзүнө чак чаканы алып чоң эненин артынан түштү.
Үйдө жалгыз калган короз эриккиси келбей, өз чакасын алып аны ээрчиди. Үй ичи жымжырт боло түшкөндө жылчыктан баш чыгарган чычкандын да сууга баргысы келип, бармак башындай чакасын алып, көпчүлүктөн калбай жөнөп калды. Ошентип баары өз чакаларына дарыядан суу сузуп кайтып келатышты.
Ушул учурда жел жүрүп, жол жээгиндеги алма бакты ыргаганда анын түбүндө уктап жаткан коёндун үстүнө үзүлгөн алма түштү. Чочуп кеткен ал туш келди качып, бирок түптүз барып чоң энеге урунду. Чоң эне чалкасынан кеткенде чакасы кулап, жолго суусу жайнады. Катуу корккон ал “Кудай сактады, аюу аз жерден жеп коё жаздады! - деп тобо келтире жакасын уучтап отуруп калды.
Ого бетер корккон коён эми неберени барып сүздү. Чакасы оолак ыргып, суусу төгүлүп, өзү чаңга оонаган небере тура калып күбүнгүчө чоң энесине кыйкырды: “Чоң эне, мени аз жерден карышкыр көтөрүп кете жаздады!”
Жанагыдан да катуу качкан коён түз эле барып корозду коюп өттү. Көмөлөнүп түшкөн короз катуу какылыктап, түз качырган түлкүдөн аман калганын айтып сүйүндү.
Өзүн карай катуу келаткан коёнду көргөндө чычкан чакасын ыргытып бадалга кире качты. Бүткөн боюн калтырак баскан ал кара өзгөй мышыктын чеңгелинен аман калганына тобо келтирди.
Бул учурда буту-бутуна тийбей чуркаган байкуш коён токойго кире качып, калың бадалга жашынып, калчылдаган боюн эптеп токтотконго сүйүндү: “Өөх! Аюусу да, карышкыры да, түлкүсү менен мышыгы да удаама-удаа кол салып, шорум жок экен, күлүктүгүмө салып эптеп качып кутулдум”.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ