(Фантастикалык аңгеме)
Табылды толкунданып экрандан көзүн албай ол турду... Ал конструктордук бюродо иштечү. Алардын институту өзүн аң-сезимдүү башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, алыскы жапайы планеталарга чалгындоо жүргүзүүчү роботторду даярдашчу. Бул жагынан институт арымдуу баскычтарга кадам шилтеген. Бирок роботтор канчалык акыл-эстин жемиштери менен сугарылса да, алыскы жапайы, же өнүккөн метагалактикаларда - программаланган инструкциялардын запасынан башка, белгисиз, көрсөтүлбөгөн кыйынчылыктарда эмне иштээрин билишпей ойлоно беришип, акыл-эстен ажырап, келесоо болуп, катардан чыгып калчу.
Ошентип, алыскы сырдуу дүйнөлөр менен катнаш жасоо мүмкүнчүлүгү ар дайым чектелип турган. Себеби, алыскы галактикаларга учууда адамдардын өмүрү биологиялык жактан чектелгендиктен, жөнөкөй космикалык учуу мүмкүндүк берген эмес. Ал эми субжарыкты ондогон эсе басып өткөн «Аннигилятордук улуу кыймылы» деп аталган аспектидеги чексиз коэффициенттүү ылдамдык менен учууда адамдар мүрт өлүп турушкан. Ушул себептүү аң-сезими жагынан адамдай функцияга ээ болгон роботторду түзүү проблемасы Жерде дүркүрөп өнүгүп жаткан.
Ар кандай типтеги, структурадагы роботтор жердеги сыноолордо өздөрүнүн мыкты сапаттарын көрсөткөнү менен, ааламдагы белгисиз аң-сезимдер менен кездешүүдө жана аларды таанып-билүүдө түшүнүктөрү тарып, аларга ажайып сезилген сырдуу дүйнөлөрдө акылдан ажырап турган.... Роботтор өлүп баратканда Борбордук Байланыш түйүнүнүн коррекциялык лампочкалар чычаладай кызарып туруп өчүп калчу...
...Бул жолку сеанс башкача болду. Анткени - конструктор Табылдынын үлгүсү боюнча түзүлгөн. «Тибальд-РООО 7115» тибиндеги - ааламдын 707° 23 координатындагы А-17 жылдызынын М-00001 планетасына жиберилген роботтун - белгисиз акыл-эс менен кездешүүсү алиге өчө элек болучу. Робот Тибальддын Жерден чыккандан тартып ылдамдыктан ФА-6Э1 касиети менен аалам мейкиндигин көзөп жүрүп олтуруп, жогоруда аталган координатка жеткенге чейинкиси, андан кийин А-17 күнүнүн М-00001 планетасына орношуп, жергиликтүү турмуш-шартты кабыл ала башташы үзгүлтүксүз Жерге берилип турду. Анткени роботтун бүткүл турпаты телеметрикалык эфирэкспресс-иллюзия закону боюнча түзүлгөндүктөн, анын ар бир кыймылы Жерге түздөн-түз чагылуу жөндөмүнө ээ эле.
Жаңы жерде Тибальд-роботтун биринчи таң калганы эле - биерде жашоочулар кислород эмес, гелий менен дем алганы болду. Алар кислородду атайын ишканаларда иштешип, кооздук үчүн пайдалануучу каражат катары карашат экен.
...Тибальд организминин бир механизмине «X- 41» деталын бир саат бою каңдап жатып, гелий менен дем алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болду. Анан анын экинчи таң калганы - жергиликтүүлөр тамак ордуна музыка угуп, бий бийлешет экен. Ошентип, Робот-Тибальд запас азык-түлүгү түгөнгөндөн кийин ачка боло баштады. Эмне кылуу керек? Ал ар кандай ойго чөмүлдү...
Бул убакта Табылды жана анын институтундагылар: «Мына эми, робот акыл-эстен ажыраар стадияга келип жетти»,— деп корко баштады.
Жок!
Алар жазылышты.
Робот таза сезим, тунук акыл менен ойлоно берди... Көп убакыт өттү. Ачка болгонунан роботтун башы айланып, көзү тумандады. Кыйынчылык учурунда гениалдуу ойлор жаралары белгилүү эмеспи. Бир убакта Тибальддын башына кызык ой түшө калды. Ал Н20 - 12 менен фторду реакциялаштырып, коюу солидол сапатындагы жаңы «Космос-ХХV» деген элементке ээ болду. Бул жегенче жарактуу болуп, робот-Тибальд ушунчалык табити тартып тамактанды. Ошентип, космос доорунун каарманы жана улуу Робинзону - Робот Тибальд ааламдын 707°23' координатындагылардай өмүр сүрө баштады. Ал жергиликтүү эл менен каны-жанын сиңирип кетти.
Робот — робинзон туш келген планеттин эли цивилизациянын критерийинде эле. Бардык жашоочулары монументтик архитектура жана живопистин үстүндө иштөө менен «Бүткүл ааламдык космогониялык энциклопедия» түзүүгө киришип жана ааламдык жаралуу процессинин эволюциялык формасын (формуласын) издеп жатышкан.
Тибальд бул улуу ишке, ыйык изилдөөнүн жыйынтыгына өз салымын кошууга белсенип киришти. Буга кошумча, жергиликтүүлөрдүн ою боюнча робот Күн системасынын галактикасы боюнча табылбаган адис деп эсептелинип, ага «Педель» деген жогорку өкмөттүк наам беришти. Бул жергиликтүүлөрдүн лексикасында «үйрөтүүчү» деген түшүнүктү билдирет. Ошентип, Тибальд жергиликтүү эл менен ак буудайдын унундай аралашып, улуу космостук ишке белчесинен батты да калды. Ал «Күн системасынын аймагы» деген темада тарыхый-илимий трактат жазуу менен бирге, далай жогорку окуу жайларында Күн системасындагы планеталардын биологиялык физикалык жана ядролук структурасы; ошондой эле техникалык космогониялык жол-жоболору боюнча; искусство, адабият жагынан да спецкурстан сабак берчү...
...Ушинтип күн өтүп, ай алмашып, жыл жылышып, убакыт өтө берди... Жердегилер «Тибельд-Р0007115» тибиндеги роботту унута баштаган кезде, ал үчүнчү таң калуунун формуласын ачты...
Робот-Тибальддын жашы улгайган сайын, кайсы бир учурларда күндөлүк турмуш ага супсак сезиле баштаганын туйду. Бул кубулуш коңшулаш К-711 деген бийкечти көргөндө жок боло түшчү.
Демек, ал аны сүйүп калган экен.
Бирок мындай болууга мүмкүн эмес эле... Себеби, жергиликтүү элдин салты боюнча, эркек сүйгөн бийкечине жүрөгүн сууруп берет. Бийкеч ал жүрөктү өзүнүн жүрөгүнүн оң жагына коюп коёт да (алар эч качан ажырашпайт) бир жашашып, түбөлүк бактылуу өмүр сүрүшөт.
- Робот анте алабы?!?
- Антүү анын инструкциясында көрсөтүлгөн эмес!
...Ошентип Тибальд өз сүйүүсүн өзү жашырып, көзгө көп чалдыкпоого тырышты. Себеби, бийкеч К-711 кайсы бир ыйык күнү өз сүйүүсүн билдирип, жүрөгүн көөдөнүнөн сууруп алып (биерде бул көрүнүш кыздар үчүн уят деле иш эмес, анткени кыз эркекти сүйүп калса, өз жүрөгүн тартуулоого акысы бар) Робот-Тибальдга сунса кантет? Жердеги институттагылар аны түзгөндө келечектеги аялынын жүрөгү үчүн кошумча орун жасашпаптыр. Ал эми сунулган жүрөктү албай коюу - ушунчалык маскаралоо болуп эсептелет болучу да, жергиликтүүлөрдүн салты боюнча, демек, анда кыз сунган жүрөгүн албаган эркекти өлтүрөт...
Робот канчалык өз сезимин жашырса деле, бийкеч К-711 көргүсү келип, аны эңсей берчү болду. Бара-бара ал аны көрбөсө жашай албай турган абалга келип жетти.
Кайсы бир ажайып күндөрдүн биринде ыйык чечимге келген Тибальд бийкеч К-711ге салтанаттуу басып барды да, кыйналып турганына карабай, өзү ар дайым кастарлап, ыйык сактап жүргөн жүрөгүн сууруп алып, ушунчалык урматтоо менен таңкы шүүдүрүм чайыгандай мөлтүрөгөн колуктуга сунду.
Бийикеч К-711 даңктуу сүйүүнү татыктуу түрдө кабыл алып, Робот-Тибальддын жүрөгүн өз жүрөгүнүн жанына койду. Эки жүрөк бир денеде согуп турду.
Бирок экинчи дене муздап бараткан эле...
Бийкеч күйөөсүнө карап алып чочуп кетти. Робот өзүн тиктеп, кыймылсыз туруптур. Кыз аны кучактай имерди да, анын - булардын эмес, белгисиз Адамдар дүйнөсүнөн келгенин, аң-сезимдин башка категориясындагы макулук экендигин сезе койду.
Кандай кайгы!
Биерликтер бир гана жолу үйлөнүшөт. Ал эми мунун күйөөсү жүрөгүн берип, өзү өлүп калыптыр. Үй-бүлө даамын татпай, түбөлүк кара кийип алуу кандай өкүнүч!..
Эсин жыйган бийкеч К-711 өмүрдү коргоочуларга кабар кылды. Ошол эле замат «тез жардам» жетип келди. Кашка баш профессор К-711 олуттуу көңүл айтты:
- Кайгырып, денеңизге көп күч келтирбеңиз. Азыр сизде эки жүрөк бар экендигин эсиңизден чыгарбаңыз. Биз сиздин күйөөңүздү ашып кетсе 119 сааттан кийин жандандырып беребиз!
...Профессордун калган сөздөрү угулбай, экран тилкеленген сызыктарга толо баштады. Жердеги Табылдынын институтундагылар элес-буластын арасынан үч буттуу, алты колдуу көк жашыл бир топ адамдар «Тибальд-РООО 7115» тибиндеги роботту машинага салып жатканын көрүп калышты...
Лампочкалар кызарып, экран өчтү...
Конструктордук бюродогулар оор улутунушту. Табылды көз жашын аарчып:
- Бүгүн роботтун туулган күнү! - деди сыймыктуу...
Бул сөздү айтууга ал гана акылуу болучу!
1969-ж.