Михаил Зощенко: Байкуш Лиза

  • 31.07.2021
  • 3548

АҢГЕМЕ

Кара торусунан келген, сулуу сымак, өзүн акылдуу санаган жаш келин ушул жылы сөзсүз бай болом деген  максат койду.

Эми бай болгондо тиги капиталистик өлкөлөрдөгү миллионер кызыл кулактардын айрымдарында болгондой,  жомоктогудай деле байлык эмес.

Жок, арийне, ал андай көп байлыкты каалабайт деле. Мындайча айтканда... эми... дегинкиси... так эле ошондой байлыктын ээси болсо кана, ата ганат! Бирок ага кантип жетүү керек, ага жакшы түшүнө албады. Ошондуктан мүмкүн болушунча аракет кылып,  болгондун баарын алууну чечти.

Көздөгөн максаты деле анча көп эмес: шоопуру менен кичирээк  эле көгүш түстөгү форд машине, элдикиндей чакан дача, банкта биртике акчасы, анан да бардык жерге барып катышууга, бардык нерсени көрүүгө шарт түзгөн  мансаптуу күйөөсү болсо.

Азыркы күйөөсү  – болгону катардагы инженер. Мындайча айтканда, гидролог болчу. Алардын иши сууга байланыштуу болсо керек. Иши ошодой болгондон кийин арийне,   жаңы идеяларды, жаңы ачылыштарды  жаратып, көп акча, сыйлык, мансап, атак-даңк  алып келүүчү долбоорлорду жасоочу эмес.

Кыскасын айтканда, айына жети жүз сом алып күн кечирип жүрчү. Өз ишин жактыргандыктан ошого эле ыраазы. А колуктусу үчүн мындай сумма жетишсиз.

Шаан-шөкөттү жакшы көргөн, жеңил ойлуу, аң-сезими анча өнүкпөгөн  бул келин жомоктогудай байлыкты жана дагы... дагы... башкаларды самачу.

Ага кимдир бирөөлөр:

- Жазуучулар абдан эле жакшы жашайт окшойт,  алардын айрымдарынын жазуучу  машинкасы, өзүнчө квартира, дача, ал эмес автомашинасы да бар дейт, ошол катмардан өзүңө ылайык бирөөнү издеп көрбөйсүңбү,- деген экен.

А Лиза аларды кантип издөөнү билбейт эле. Ошондуктан шашылыш эле биринчи жолуккан автор менен кошулуп алды.

Чынын айтканда, тилекке каршы, ошол “адамдардын жан дүйнөсүнүн инженери”[1] ,  болбогон эле неме болуп чыкты. Анын үстүнө аракты да жанындай көргөн эме экен. Бир ай өтүп өтпөй сөзсүз бир жерге ишке орнош деп чыкса болобу. Анткени, ушул жыргал заманды жеткиликтүү даңазалай албаган маанисиз, начар чыгармаларынан улам, өзүнө өзү ишенбей аткан көрүнбөйбү.

Ошентип, жазуучу анын үмүтүн актай алган жок, ошону менен келин адабиятка жана анын кубаттуу күчүнө болгон ишенимин жоготуп, өзүнүн тапкан “сасыткысын” таштап баса берди.

 Мурдагы күйөөсүнө кайрадан келди. Бирок, келген менен өзүнүн үмүтүнөн баш тарткан жок, эртерээк эле... бир нерсе болуп кетсе экен деп самап жүрдү.

Так ошол күндөрү аны бир чет өлкөлүк менен тааныштырышты.

Ага ресторандан жолуктурушту, интурист экен деп айтышты. Ал отелде жашайт экен, бирок ага алымсынбай менчик үйдөн эки айга бөлмө издеп жатыптыр. Андай мүмкүнчүлүк болор бекен.

Андай мүмкүнчүлүк жок эле. Ошого карабай ал абдан сүйүнүп, отелдеги  тынчы жок ызы-чуудан, тынчыбаган коңгуроодон, жеңил баа кыздардан тажап, анда жашагысы келбеген эрке-талтаң чет өлкөлүктү колунан чыгаргысы келбей, энекесин эки айга бир жакка жиберип турууну чечти.

Ошону менен ошол кераяк аристократ -  интуристи өз квартирасына – апасынын бөлмөсүнө киргизип алды. Күйөөсү жакшы эле каршы болду, Лиза айтканынан кайтпай, көк беттенип атып максатына жетти. Анан интурист өзүнүн кычыраган кийим кечеси, атыры, фотоаппараты, шым илгичи жана башкалары менен апасынын бөлмөсүнө көчүп келди.

Лиза өмүрүндөгү эң маанилүү учур келди деген ишеним менен, ошол чет өлкөлүккө  жагуунун аракетин  көрдү.

Ал дагы аны жактырып, колун сурады. Лиза макул болмок турсун ушунчалык кубанычта болду, аны сөз менен жазып түшүндүрүү да кыйын.

Ошону менен ал эски күйөөсүн таштап, жаңы күйөөсү менен энекесинин бөлмөсүндө жашай башташты.

Чет өлкөлүк орусча дээрлик сүйлөй албайт эле, а Лиза тескерисинче, орус тилинен башка тил билчү эмес. Ошондой болсо да мындай абал экөөнүн эл аралык бактысына тоскоол боло алган жок.

Лиза бактыга бөлөнүп, Париж, Жер ортолук деңиз жана башкалар тууралуу кыялданып жатты.

Бирок бир айдан кийин, өз пикирин орусча анча-мынча билдиргенге жарап калган интурист, тиги-бу жөнүндө  сүйлөп жатканда Лиза ал Европага кайтайын деген ою дегеле жок экенин боолголоп калды. Тескерисинче, ушул жакта калгысы келет экен. Тигил жакта иштери кыйындап, иштеген ишканасы жабылып, ал турмак ишсиз калган көрүнөт. Ошондон улам өз адистиги боюнча иш табылып калабы  деген максатта Союзга келиптир.

Лиза кубарып кетип, тиги-бу жөнүндөгү орой угулган орус фразаларын кайталоону өтүндү. Ал кайрадан эле ошол сөздөрдү айтып, өзү газдалган, жана минералдык суу боюнча адис экендигин, ошондуктан бул жактан иш табыларына үмүтү чоң экенин кошумчалады. А Союзда ошондой суулар бардыгына керек окшойт. Эгерде ишке орношуп калса, бир жылдан кийин ошончолук эле көксөп аткан Парижиңе да бара алышат.

Лиза ачуусу келип, какшык аралаш:

- Анда эмнеге ошондой ишсиз, жаман абалда болсоң, интурисмин деп кержейбей, өзүңдүн кераяк адаттарыңды таштап, арзан отелде жашай бербейт белең. Болбосо өзүңдүн жасалма түрүң, жүрүм-турумуң менен башкаларды адаштырып, чоң нерседен үмүт эттирип койбодуңбу, - деди.

Анда ал ага камырабай туруп кана, отелден анын бөлмөсүнө арзаныраак болгону үчүн келгенин айтып салды.

Лиза байкуш ыйлап, андай болсо анын ансыз да иштебеген башында бул дүйнөдөгү калыптанган нерселердин бардыгы чаташып калгандыгын айтты. Интуристер жөнүндө тап-такыр башка пикирде эле.

– Алар сенчилеп далдырабай, көпкөнүнөн эмне кыларын билбей саякаттап жүрүшөт деп ойлоптурмун. Мага ишсиз галдырбайга турмушка чыккан эле жетишпей жатты эле. Ишенип кой, андай келесоолор бизде жок. Бир эле мен ошондой келесоо экемин. Андан көрө башка бирөөгө тийгиче, жарды болсо да кантордо иштеген бирөөгө тийип, жүз сомун алып жүрө бергеним артык.

Лиза алданып, кор болуп  калганынан үч күн ыйлады. Интуристи отелине кетирди, энекеси көчөдө калган эле да.

Ошентип “интурист” менен ажырашты, анын үстүнө кийин гезиттерден белгилүү болгондой, биринчи күйөөсү өз кызматында экономика жаатында бир чоң ийгилик жаратып, он миң сом сыйлык алган экен.

Бирок күйөөсү аны кайрылып келбейт деп ойлоп, ал акчасын курулушка берип коюптур. Ал өз ишин жанындай көргөн менен,  акчага көңүл кош мамиледе болчу. Ошон үчүн алган сыйлыгынын бардыгын мамлекетке берип коюп атпайбы.

Лиза келип аны уккандан кийин ушундай бир жаман абалда болду, күйөөсү жинди болуп кетеби деп, чочулап да жүрдү. Бир аз өзүнө келди, бирок түзүгүрөк бир нерсе табуу тууралуу чечимин көңүлунүн бекем жерине түюп жүрдү.

Ал бирөөнүн оозунан, баягы өзү турмушка чыгып, бирок бакыт таппаган кешиги жок жазуучу сөрөй, азыр атак-даңкка бөлөнүп калганын укту. Баягыдай начар нерселерди жазбай күтүүсүздөн эле пьеса жазган экен, анысы Борис Шекспир дейби, айтор ошондой бирөөдөн кем эмес дешет. Азыр акчага көмүлүп турган кези экен, - дептир.

Лиза байкуш ошол жакшы жагдайды күтө турбаганына капа болуп, драматург менен кайрадан кошулгусу келди. Бирок драматург бир эмес эки аял менен жашап, өзүн бактылуу сезет экен.

Анан Лиза, ошол тааныштыктын аркасы менен театрдын ишин жакындан билип, ушул жакта мүмкүнчүлүк көбүрөк экенин байкады. Анын үстүнө театрда бир эстрада куудулу менен тааныштырышты. Айткандарына караганда кудай ургандай көп акча табат имиш.

Лиза ошол замат куудул менен кошулуп алгысы келди, бирок акыркы мүнөттөрдө, дагы адашып калгандан же жанагы интуристей болуп куудул тарабынан алдамчылык же ошого окшогон бирдеме болуп кетеби деп чочулап жүрдү.

Ошону менен ага тийбей калды, андан көрө өзү артистка болууну чечти.

Ал мүнөздүү бийлегенди үйрөнө баштады, эстрадага бийлеп чыгып, башкалар сыяктуу эле акча табууну чечти.

Бирок акыркы кездердеги интурист, жазуучу жана башкалар менен болуп өткөн окуялар текке кетпептир, докторлор жүрөгүндө невроз бар деп чыгышты. Денесин да кызыл темгил басып кетчү болду. Ошондуктан ал ырдаганды эле үйрөнмөй болду.

Азыр ырдап жүрөт. Эс алуу үйлөрүндөгү жана жабык концерттерден дурус эле акча таап калды.

А күйөөсүнө болсо эми сени менен гана жашайм, мен акчага, үй-бүлөлүк милдетке эскиче көз карашта жүрүпмүн. Азыр болсо ырдаганым үчүн миңге чейин, андан да көбүрөк акча таап жатып пикиримди толук өзгөрттүм, ал эмес ушундай турмушту жактырам жана аялдардын иштегенине, өз алдынча оокат кылышына да каршы эмесмин деди.

Анын “жактырган турмушу” интурист жөнүндө бирөөлөрдөн угуп калганча уланды. Көрсө анын ошол чет өлкөлүгү бул жерде өзүнүн сейрек кезигүүчү адистигине карай, айлык акысы абдан көп  жакшы ишке орношуп,  жаш кызга үйлөнүп, мурдагы иштерин жөнгө салууга жана машине алып келүүгө мекенине кетиптир.

Ушундай сонун мүмкүнчүлүктү колдон чыгарганың, балким анын орусча айткандарына жакшы түшүнбөй калгандан болсо керек деп айтышты.

Бул жаңылыкты ал абдан жаман кабыл алды. Ал эмес бир топко чейин үнү бүтүп калды.

Бирок эки жумадан кийин өзүнө келип, азыр ырдамыш болуп жүрөт. Бирок денесине чыга калган кызыл темгилдер дагы эле кетпей атат.

Мына ушундай аялдар жолугат. Оңой жашайм деп, ушундай окуяларга туш болушат.

Ушунун бардыгынан кийин артистка болуп калышы, Лиза үчүн го жакшы, бирок угуучулар үчүн анча эмес болсо керек.

Ошондой болгондон кийин ырдагандан көрө, бийлеген эле дурус болуп жүрбөсүн. Жаш аялдар элдин ушул каалоосун биле жүрсө дээр элем.

1935-ж. жазылган.

Которгон Марсел ИСАКОВ

 

[1]“Инженеры человеческих душ” – жазуучулар тууралуу И.В.Сталиндин аныктамасы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз