О`Генри: Жүрѳктѳр жана колдор

  • 03.08.2021
  • 3051

АҢГЕМЕ

«Жүрѳктѳр жана колдор» алгач 1902-жылы жарык кѳргѳн. Ал О`Генринин ѳз жашоосунан алынган. Ѳзүнүн чыныгы аты-жѳнү - Уильям Сидни Портер. Ал банкта иштечү, банкта акча (853 $) жетпей калып, изин жашырып Гондураска кетип калгандыгы үчүн беш жылга кесилген. Ал түрмѳдѳ үч жыл, тѳрт күн жаза мѳѳнѳтүн ѳтѳгѳн. Жаза үйүндѳ лицензиясы болгондугу үчүн фармацевт болуп иштеп, аңгемелерин жазган. Бул аңгеме жарыяланганга чейин эркиндикке чыгарылган. Оригиналдуу сюжеттери үчүн аны адабий сынчылар америкалык Киплинг, америкалык Мопасан, америкалык Гоголь, америкалык Чехов деп аташкан.

Денверде Б. & М. экспресс каттамдары менен чыгышты кѳздѳй жүргүнчүлѳр агылып турат. Автобуста тажрыйбалуу жолоочуга керектүү бардык шарттар менен камсыздалган, келишимдүү кийинген, абдан сулуу, жаш аял отурган. Жаңы киргендердин арасында эки жаш адам, бирѳѳсү – келбеттүү, ачык-айрым, тайманбас, ал эми экинчиси – одурайган, маанайы суз, толугунан келген, жупуну кийинген киши эле.  Экѳѳнүн колдору кишенделүү болчу.

Алар автобустун отургучтарынын ортосунан ѳтүп келгенде, сулуу, жаш аялдын маңдайындагы орундуктар  гана бош эле. Ушул жерде кошоктолгон экѳѳ орун алышты. Жаш аял аларды кѳңүлкош карап койду; анан жамалын жаркыткан жагымдуу жылмаюу жана жаактарына тегеректете коюлган кызгылт эндиктери менен, боз колгапчан колун сунду. Ал сүйлѳп жатканда, анын коңур, жагымдуу үнү ээсинин сүйлѳгѳнгѳ жана кунт коюп угууга кѳнгѳндүгүн  маалымдап турду.

- Жакшы, Истон мырза, мени биринчи сѳз баштасын деп турсаңыз, ошентейин. Батышта кезиктирген эски досторуңузду тааныбай каласызбы?

Анын үнүн укканда селт эте түшкѳн жашыраагы эсине келе түштү да, анын сунган колун сол колу менен кармады.

- Бул  Фэрчайлд бийкеч, - деди ал жылмая. – Тиги колум үчүн кечирим сурайм, колум азырынча бош эмес.

Ал жанындагысынын сол билегине жаркыраган «браслет» менен бириктирилген оң колун бир аз кѳтѳрүп койду. Кыздын жүзүндѳгү кубаныч акырындан табышмактуу коркунучка айланды. Анын жүзүндѳгү сүйүнүч жок болду. Анын боору ачыгандыктан, оозу ачылып калды. Оюн зоокто отургансып,  ыржайган Истон эми оозун ачып келатканда, тигиниси озунду. Одуракай киши кѳрѳгѳч, акылдуу кѳздѳрү менен кыздын кебетесин байкап турган эле.

- Сѳзүңѳргѳ аралашканым үчүн кечирим сурайм, бийкеч, шериф менен тааныш экендигиңизди кѳрүп турам. Түрмѳгѳ жеткенде  мен тууралуу эки ооз жакшы сѳз сүйлѳѳнү сурансаңыз кана, ал менин ишимди жеңилдетмек. Ал мени Левенуэрттеги түрмѳгѳ алып баратат. Жасалмачылыкка жети жыл берилет эмеспи.

- Аа, –деди кыз, терең дем алып, ѳңү ѳзгѳрѳ түштү. -  Ушинтип жүрѳбүз деңизчи? Шериф! 

- Урматтуу Фэрчайлд бийкеч, - деди Истон жайбаракат. –  Бир нерсе менен алектенишим керек эле. Акча деген аккан суудай, Вашингтондо элден кем болбош үчүн да акча керек дегендей. Батышта ушундай мүмкүнчүлүк болуп калды, албетте, шериф элчи сыяктуу жогору кызмат эмес, ошентсе да...

- Элчи, - деди кыз жылуу, - бизге келбей калган. Келиши керек деле эмес болчу. Ушуну билишиңиз керек эле. Эми сиз батыштын жулунган каармандарынан турбайсызбы, ат минип алып, ок чыгарып, ар кандай коркунучтарга дуушар болот экенсиз да. Вашингтондун жашоосунан башкача.  Эски тааныштарыңар сизди сагынып жатышкандыр.

Кыздын айлакер, бир аз алайган кѳздѳрү жылтылдаган кишендерге такалды.

- Бийкеч, кабатыр болбоңуз, - деди тигиниси. - Шерифтер туткундар качып кетпесин деп кишендеп алат эмеспи. Анын үстүнѳ Истон мырза иш билги.

- Вашингтондо жакын арада кѳрүшѳбүзбү? –кыз сурады.

- Менимче, жакында эмес, - деди Истон. - Бейкапар күндѳр бүттү го деп корком.

- Мага батыш жагат, – деди кыз орунсуз. Жалжылдай түшкѳн кѳздѳрүн автобустун терезесин кѳздѳй ала качты.  Жылмалап отурбастан, кадимкидей, агынан жарылып сүйлѳй баштады: - Апам экѳѳбүз Денверде жайды ѳткѳрдүк. Атам бир аз сыркоолоп калгандыктан, апам бир жума мурун үйгѳ кетти. Мен батышта жашап, бактылуу болмокмун. Сѳзүмѳ аба да күбѳ. Акча эң негизги нерсе эмес. Бирок адамдар дайым туура эмес түшүнүшѳт да акылсыздык кылышат.

- Шериф мырза, айтыңызчы, - одуракай киши кырылдады. - Ушундай да акыйкатсыздык болобу? Суусадым, күн бою тамеки тарта элекмин. Кѳпкѳ сүйлѳштүңүз окшойт. Тамеки тартуучу жайга алып барасызбы? Мурдум курттап баратат.

Кошоктолгон жүргүнчүлѳр ордуларынан турушту, Истон жылмаюу менен:

- Мындай суранычты канааттандырбасам болбойт, - деди. Коштошуу үчүн колун сунду.

- Чыгышка барбай тургандыгыңыз кандай жаман, - деди ал абалкыдай тартиптүү таризде. – Бирок сиз Левенуэртке барбасаңыз болбойт да.

- Ооба, - деди Истон, - Левенуэртке барышым керек.

Экѳѳ тамеки тартуучу жайга ѳтүү үчүн капталдап басып кетишти.

Коңшу отургучта отурган эки жүргүнчү алардын сүйлѳшкѳндѳрүн угушкан болчу. Бирѳѳсү айтты:

- Тиги шериф жакшы жигит окшойт. Кээ бир батыштагы балдар дурус болушат.

- Мындай кызмат үчүн ѳтѳ эле жаш кѳрүнѳт, андай эмеспи? - башкасы сурады.

- Жаш! – биринчиси кыйкырып жиберди, эмнеге? – түшүнгѳн жоксуңбу? Айтсаң, кайсы шериф оң колун туткунга кишендемек эле?

Англисчеден которгон Алтынай ТОКТОМАТОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз