Райкан Шүкүрбеков: Жолборс менен айгыр

  • 17.08.2021
  • 4191

(Болгон окуя)

Бул окуя 1952-жылы Ой-Кайыңда болду. Ой-Кайың Таластагы атактуу жайлоолордун бири. Ой-Кайыңга башынан мөңгү кетпеген, азыраак ачылып, көбүрөк түнөрүп туруучу түз ашуу, Карагыр ашууларын ашып барып жайлайт. Ал ашууларды ашаарда ыктоого конуп, эртеси күнү таңга маал көчүп, шашкеге калбай наркы багытына ооп кетпесе, ашуу мүмкүн эмес.

Түз ашуунун белинде Бурана өңдүү бийик чочокой таш бар. Ал кантип, качан пайда болгонун эч ким билбейт. Өткөн, кеткен жолоочулар жаратылыштын кубулушуна таңдануу менен карап тим болот, чындыгында ага таңдана карап да көпкө тура албайт, анткени, мөндүр төгүп жибереби деп коркушат. Күн чайыттай ачык турса да ишенүү кыйын, азууларын аркайткан айгыр, аттын сөөктөрү, куураган атан төөнүн жонкону сизди Ой-Кайың жакка бара жатсаңыз тезирээк Кара-Баткакка түшүп кетүүгө, бери Киров району жакка келе жатсаңыз, токтоосуз Кашка-Суу багытына жетүүгө аргасыз кылат.

Биздин «Чолпонбай» колхозунун малы ошол Ой-Кайыңды жайлайт. Менин атам жылкычы болгондуктан быйыл кошо бардым. Түз ашуудан таңга маал чү коюп, күндүн нуру тоо-тоого себиле баштаганда Кара Баткакка түшүп кеттик. «Байке, мен талаада жүргөндө жер жүзүндө чөп көп го дечү элем. Түз ашуунун наркы жак, бери жагын көргөндө таш көп го деп калдым», — деп Кумарбек мага карады, мен баланын өзүнүн чыгарган тыянагына күлдүм.

Өзүмдүн да бир кездеги балалык ойлорум эсиме түштү. Чоңойгондо киши өзү күлө турган балалык жаңылыш ойлор ар кимде болот эмеспи. Мен бала күнүмдө жайлоодон өлгөн кишини өтө айаар элем, анткени, бетегелер сары сойгок болуп, тоо чымчыктары сайрабай, жайдын базары жабылып, тоо ичи аңгырап суз тарта баштаганда, өзүң көрүп жүргөн кишинин мүрзөсүнүн, эл көчүп кеткенде, ээн суук тоодо калышы мага өтө оор тиер эле. Ал эми талаада өлгөндөрдү анча көңүлгө калтыруучу эмесмин, дал азыр ошол оюма келди. Баланын сөзүнөн улам, Ой-Кайың жайлоосун көз алдыма кинодой элестеттим...

Мына... Чукур-Суунун сол жээгиндеги аска менен койлор чубап бара жатат. Ал жерди Кой-Жол деп атайт. Чукур-Суунун оң жагы менен көч кетет, ал жагы Кызыл-Кыя деп аталат. Чукур-Суу эл жайлоого бара жаткан кезде мал эмес ит агызып өлтүрүүчү суу, эл жайлоодон кайтаарда улак агыза албай калат. Анткени, ал аскадан куюлуп түшөт да типтик тоодон ылдый агат, суу өтө кууш эки асканын орто жеринен өткөндүктөн тегирмендин ноосунан аккандай көрүнөт. Анын баш жагында илгери кандайдыр бир камбыл киши салган арча көпүрө бар, арча сууга чирибейт, ошондуктан ал көпүрөнүн турганы турган. Кызыл-Кыядан көч түшүп мөңгүдөй өтөт.

Алды күркүрөгөн чоң суу, үстү мөңгү, кокус мөңгү оюлса, Чукур-Суу тез гана Ой-Кайыңдын дарыясына алып барат, ал зор дарыянын агышы караган жандын зааресин учурат, ташты ташка уруп күңгүрөнүп күкүктөп жатат. Ошондуктан аккан малды, ат эмес пил минген киши да кармай албас эле.

Анчалык азап чегип, коркунучка учурабай эле колхозуңар Кашка-Суу, Кууганды, Дандыр, Күрүчкөлдө эле болбойбу, бетегеси белден буралган сонун эле жайлоолор эмеспи деп кээ бирөөлөр ойлошу мүмкүн. Бирок андай кишилердин тилин ким алат? Кыргызды тоого чыкпа десең, бүркүттү учпа дегендей эле көрөт. Эл өз жайлоолорун сүйөт, жайкы мал жайлатканын көргөн аңдарын, ашууларын, сууларын айтып кубанат. Жаз чыкса, колхоз, совхоздорунун малын дагы жайлатып баргысы келет.

Маселе, анын жолунда эмес, ошондой кыйын жолдон кылдаттык менен өтүп малын жайнатып, жайлоолордо чардап жаткандыгында. Ой-Кайыңга барба десең, койчулар да урушат. Анткени, анда карышкыр болбойт. Себеби: шашыр деген чөп болот, ошонун касиети деп эсептейт. Анысы чынбы, калппы билбейм, деги эмнеси болсо да, карышкыр болбойт. Аюу, илбирс, тоо эчки өтө көп. Көк-Көл деген сууда балыктардын ойногонунан көл шатырайт. Кыскасы, көргөн эңсей турган, уккан барсам дээрлик жайлоо...

Мына, ошол жайлоодо жолборс менен айгырдын кармашканын мен силерге айтып берейин.

Күн тоо артына кетип, айылды ала көлөкө басты. Көлөкө уламдан улам тоо таянып бара жатат. Кимде-ким тоодо жүргөн болсо билет, өзгөчө көңүлдүү мезгил ошол мезгил. Чымын, көгөндөрдөн жадап көлөкө талашкан иттер да ошол убакта ойноого киришет. Бири-бирин кубалашат, жата калышат, эң эле ынтымактуу болуп, өмүрү бири-бирине ырылдабаган немелерче чөптөрдү уйпалашат. Кечке чейин саздан сазды тандаган, жагымдуу жакшы чөптөргө тойгон уйлар, капталдай жайылышып келип, үйлөргө жакын дөбөчөдө бири жатып, бири туруп, үргүлөшүп, сагыз чайнагандай жабыла ооздорун кыбыратышат.

Энелери музоолорунун маңдайын жалап сулуулайт. Өз мойнуна өзү ыраазы болгон бука казандай чымды мүйүзүнө илип алып, эки жакты карайт, тоо жаңыртып өкүрөт. Койчулардын үнү, кой-эчкинин маараганына аралашып өтө жагымдуу угулат, малсыз жайлоо да көңүлсүз дегенди ойлоносуң.

Жонго чөккөн эки төөнүн өркөчү бара-бара билинбей алыстан караганга чоң ташка окшой баштады. Суу бойлоп кечки салкын жели сокту. Үй-үйдөн оттор жылтылдап арчанын жыты түтүнү менен кошо аңкыды. Баятан бери дөңдө отурган Бийназар карыя тонун желбегей жамынып үйүн көздөй жөнөдү. Ар бир үйдөн кечки бышкан сүттүн жытын сезип, күрпүлдөгөн сабалардын үнүн укту. Коңшу үйдөн чертмек черткен бирөө, Алымкул ырчынын Талас жөнүндөгү ырын ырдап коё берди. Бийназар карыя, өзү көрүп бирге чоңойгон жердеши Алымкулдун ырын угуп, Алымкулду көптөн бери көрө электигине өкүндү.

Алымкул келип ырдаганда дал ушул журтта элек, ошондо да жаңы чыккан ай тигинтип тоодон башпаккан, азыр да тигине жаркырап келе жатат. Жер, суу карыбайт экен го деген ойго чөмүлдү... Сырдуу чертмек үнүн өмүрдүн тез өтөрүн жана кайрылбастыгын назик сыр менен кайталап безелене берди. Бийназар эшикти ачып туруп: «Келе, камчымды!» — деди.

Атасына окшош кара бала, камчысын атасына берди да, чертмек черткен үйгө карай жүгүрдү.

Алдындагы тоого көнгөн камыш кулак кара бээсин жорголотуп айылдан узай берди. Бара-бара айылдан оттор жылтылдап көрүнбөй, өзү ээн коктуну өрдөдү, оң кол жагындагы Баркырак суусуна бура тартып кечип өттү да, Ташатарга көз салды. Жаңы чыккан ай нуру, бийик аскадагы мөңгүнү кылычтай жаркыратып, көлөкөлөрүн сүрдүү жана сырдуу көрсөттү: Бийназар бээсин «башкарбайт», кара бээ жылкыны өзү эле таап барат. Анда мүдүрүлүү, үркүү деген жок. Үстү жел кайык.

Көп узабай көк бетте жаткан жылкыларга Бийназарды кара бээ жеткирди. Жылкыларга жетери менен бээ окуранды, жылкычы да келди дегенсип, окуранышып жайыттагылары да бири-бирине кабарлашкансыды. Бийназар бээден түшүп, басмайылын бошотту, бээ ооздугун шылдыратып силкинди, асыл тукум тору айгыр атайы келип, тигиндейрээктен ормоюп карап турду. Айгырды жылкычы өтө жакшы көрүүчү, бул тору айгыр майрамдарда байгеден чыгып «Чолпонбай» колхозунун даңкын далай көтөргөн. Көкбөрүдө да кош аңдан кошу менен таштап кеткенин эстеп, жылкычы айгырга барды, жоош айгыр «эмнеңиз бар?» дегенсип, колу-башын жыттагылап, «тамашалап» жеңинен тиштегиледи. Бийназар мойнун кашып, жал куйругун колу менен тарап эркелетти...

Айгыр жылкычыны карап-карап коюп, байлаган немедей былкылдаган жок. Качан гана мойнунан кош колдоп түртүп, соорусун алаканы менен чаап, «Бар, бар, жаныбарым!» дегенде түшүнгөн немедей мойнун жерте сала чулгуп оюн сала жөнөдү.

Ай нуру ой-тоого тегиз жайылды. Сай таманында түнкү суу күркүрөйт. Сай ичи көлөкө, сай чытырман токой, кучак жеткис кайың, карагай, арча, бадал. Ууру келе албайт, карышкыр өмүрү болбойт... Эмне үчүн уктабаска деп, жылкычы тонун жамынып чалкасынан жата кетти. Өзү да «жылкычы» болуп көнгөн кара бээ Бийназардын жанында адетинче бетегени быртылдатып орууга киришти.

Жылкычы жылдыздардын эпсиз экенин, алар көп замандардан бери дал эле бүгүнкүдөй кымыңдашып турушкандарын ойлоп, жылдыздарда эл бар дешет, болсо кандай болду экен деген учу-түпсүз ойлор менен алек болуп жатып, эң акырында, асман алыс, бул жаркырагандар көздөрү жымыңдаган менен өздөрү суук болуу керек деп башын көтөрдү. Ой-Кайыңдын тоолору өзү соккон коргондой ысык көрүндү. Асманды карагысы келбеди, жерди жыттап жатып уктап кетти.

Жылкычыны калың дүбүрт жана күркүрөгөн үн ойготту. Айдын жарымы тоо артына жамынып шыкаалап, таң болор-болбос супа салган убак экен. Муну эл арасында таң каракчысы деп коёт. Бийназар чочуп башын көтөрүп, эки жакты элеңдеп карады, бирок катуу уйкудан чочуган неме, эмне болуп, эмне койгонун түшүнө албады, шашып калпагын кийип тура калганда, тору айгырдын кишенеген үнүн жана уйгу-туйгу калың дүбүртүн дагы укту. Минип жатып кара бээнин калчылдап турганын сезди. Канчалык камчылансам да бээ жылкы жакка басар эмес. Токтоп тура албай, бээден ыргып түшүп укуругун сүйрөп катуу кыйкырык менен быт-чыты чыгып үркүп жүргөн жылкыларды аралады.

Жылкычынын үнүнөн улам кайраттанган тору айгыр оң жаккы жылгадан кишенеген бойдон атырыла чыгып Бийназардын жанынан өттү. Айгырдын арткы бутунан ыргыган майда таштар ышкырып учту, такаларынан чакмак чагылып от жаркылдады, жылкычыдан өтө түшүп барып айгыр тикелеше түштү. Бийназар, айгыр, айгыр, менен алышып калган экен деп, ажыратууга чуркады, азыраак жерге өр талаша чуркаганда, бир оор нерсе күрс этип алды жагына келип түштү. Ошол күрс эткен добуш менен бирге эң коркунучтуу ыркыроо угулду. Ошол эле замат кара чаар неме эки аттап көздөн кайым болду. Бул алышуу, чуручуу, алиги көзгө көрүнгөн кара чаар нерсе, ушундай тез болду. Бийназар алиги күрс этип жерге кулаган эмне экенин да биле албай калды.

Көп узабай, тоодо жайдын таңы атты. Тоо торгойлору миң кубултуп сайроого кирди. Тиричиликтин... жайлоонун жарашыктуу, салтанаттуу жадатпас маршы тоо жаңыртып ойноло баштады...

Асман тиреген аскадан бүркүт шаңшып көтөрүлдү, гүлдөрдөн көпөлөктөр ойгонуп, ийинден суурлар чыгып аңкуштай баштады. Жайкалган көк бетте тору айгырдын өлүгү гана даңкайып көзгө суук көрүнүп жатты.

Айгыр эшик-төрдөй жерге ыргытылган сыяктанат. Айгырдын бир жаккы жаагы быркырата чайналган, жылкычы ошол ченден иттин таманына окшош, бирок өтө чоң жана курч шамшар сайгандай тырмак издерин көрдү. Ошондо гана өзүнө коркуу сезими пайда болуп, «Жолборс!» — деди.

Ошол жылы жайды-жайлай тору айгыр менен жолборстун сөзү болуп жүрдү.

Бул чоң жайлоонун суусу Өзбекстанга жетип, атактуу Сыр-Дарыяга куят. Ал эми Сыр-Дарыянын камыштуу жээктеринде илгери жолборс болучу экен... Балким суу бойлоп келген чыгар. Илгери Көк-Суудан тайлак ыргытып кеткен деп, карыялар уламадан укканын сөз кылат.

Бийназар болсо алкымына кайрылган теке сакалын быртыгый колу менен сылап, кымызга кызарган эки бети апорт алмадай тултуюп, карыялардын сөзүн тыңшайт. Өзү кымыз менен чанач жыттанат. Сүйлөбөйт. Бирок төмөндөгүдөй ойлойт: «Ажал жетсе, айгыр эмес адам да өлөт, өлүмдүн өлүмү бар, муунуп, же казыкка жата калып ичи жарылып өлгөн жылкынын этин далай жегенбиз. Тору айгыр болсо өзүнүн үйүрүн, кулун-тайын аман сактап калып, жолборстон өлдү»— деп мактангансыйт, бирок күлүктүгүн ойлоп ичи ачышып, жолборско кыжыры кайнайт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз