Еврей эл жомогу: Көп түрдүүлүктүн көркү

  • 20.08.2021
  • 3172

Балдарым, жер жүзүндөгү ар бир эл жалпы адамзат үчүн кандайдыр бир жакшы нерсе тартуулаган. Көптөгөн элдер пирамидаларды, айкелдерди, храмдар менен шаарларды тургузса, кайсы бир эл улуу Сөздөн урабас, эскирбес эстелик тургузган. Еврейлер болсо адамзатына көп кылымдык кеменгерлигин Библиядай ыйык китеби, көптөгөн үгүт-насаат кептери жана тарбиялык мааниси бар икаялары аркылуу берген. Балдарым, азыр мен силерге ошолордун бирин айтып берейин:

Персиянын кайсы бир шаарындагы мечиттин имамы баш болгон жамааты башка Кудайга сыйынган еврей коомчулугуна каршы чара көрүүгө шаар акимин чакырат. Алар исламдын атынан бул чоочун ишенимдеги “каапырларды” Мухаммеддин ыйык динине мажбурлап киргизүүнү талап кылышат. Булардын мындай кысымына туруштук бере албаган аким еврейлерге тезинен исламды кабыл алуусун, эртеңден калбай бул буйруктун аткарылганын билдирип, алдына келип жыгылууларын бүткүл еврей коомуна буюрат.

Акимдин каары катуу болсо да бөтөн динге өтүүнү ойлобогон еврейлердин эмне кыларды билбей айласы кетет, эч кимиси мындай зомбулукка каршы түзүк акыл ойлоп таба албайт. Токтоону билбес убакыт зымырап, билинбей түн өтүп, таң атып, күн чыкканда түнкү акылдан таңкы акыл артык болуп, башына жакшы ой келген еврей коомчулугунун башчысы эки килем алдырып, шаар акиминин алдына барып:

– Оо улуу өкүмдар, дайыма ооматыңыз артып, бак-таалайдын үстүндө жүрүңүз! Мен сизге атайы белегим менен келдим. Мынабул эки килемдин жакканын тандап алыңыз, – дегенде кызматчысы бири абдан кооз, экинчиси өтө жупуну килемди шаар акиминин алдына жая салат. Кооз килемди көрүп жүзү жадырап, жупунусун карап кабак чытыган аким:

– Бул эмне, мени сынаганыңбы?! Эмне үчүн менин алдыма мага татыктуу да, татыксыз да оокаттарды алып келесиң?! – деп ачууланат.

Ошондо ого бетер чөгөлөй түшкөн коом башчысы сөз кыябы келгенден пайдаланып, акыйкатка таянган кебин айтат:

– Сиздики туура, өкүмдарым! Улуу урматыңызга татыксыз килем алып келген күнөөм үчүн ырайым сурайм. Бирок бул жупуну килем болбосо тигил кооз килемдин көркү анча байкалмак эмес. Жараткан да дүйнөнү жаратып жатканда көп түрдүүлүктөн көрк жаралышы үчүн заттарды ар кандай жараткан. Ошол сыңары адам ишенимин дагы ар кыл кылган. Өкүмдарым, еврейлерди исламга өткөнү ошол көп түрдүүлүктүн көркүнө доо кетирбейби? Сиздей улуу урматтуунун жалгыз гана дини бар шаарды башкарганы жакшы эмес ко...

– Жетишет! – деп анын сөзүн бөлөт аким, өзүнүн еврейлерге адилетсиздик кылып жатканын дароо түшүнүп, анан мындай деп кошумчалайт: – Бара бергин да, элиң менен буга чейин өз Кудайыңа кандай сыйынып жүрсөң, ошондой эле сыйына бер.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз