Радьяр Киплинг: Моти-Гажд, козголоңчу

  • 25.08.2021
  • 3904

АҢГЕМЕ

Бир мезгилдерде Индияда чер токойду тазалап, тазаланган аянтка кофе дарактарын отургузгузгусу келген плантатор жашаган экен. Токойдогу чоң дарактарды кыйып, майда бадалдарды өрттөгөндөн кийин дүмүрлөрү калат. Жардырып ийгенге – динамит кымбат, от менен жок кылыш көп убакытты алат. Дүмүрлөрдү жок кылыштын эң жакшы ыкмасы, бул бардык айбан аттуунун падышасы – пилди жумушка тартуу. Ал, эгер бивендери – азуулары соо болсо дүмүрлөрдү илип жерден сууруп, азуусу келбесе арканга байлап тартып чыгарат. Ошентип плантатор пилдерди бирден, экиден, үчтөн жумушка салып иштей баштады.

Эң кубаттуу, жакшы үйрөтүлгөн пил махауттардын – пил айдагычтардын эң акмагы деген адамдын пили эле, келбети келишкен пилди Моти-Гаж аташчу. Ал өзүнүн махаутунун менчик пили эле, жергиликтүү бийликтин мыйзамы менен караганда андай болушу мүмкүн эмес, Моти-Гаж падышалар гана ээлик кылганга татыктуу жаныбар, аталышын которгондо “пилдердин бермети” дегенди түшүндүрөт. Бирок өлкө Британиянын кол алдында болгондуктан, махаут Диас өзүнүн менчик пилинин толук кожоюну болчу. Ал анык кудай төбөсүнөн урган маңги баштардын бири. Пилинин жардамы менен дурус эле акча тапканы менен анын баарын ичкиликке жумшап, мас кезинде чатыр тиреген таяк менен пилдин талуу жери – алдынкы бутунун тырмактарына койгулап сабаганды адат кылып алган. Моти-Гаж ошондо Диасты таптап салбагандыгынын себеби: соолуккандан кийин Диас анын хоботун-тумшугун кучактап, анын жалгыз сүйгөнү, анын жаны экендигин, боор эти менен тең, ансыз жашоосу жоктугун айтып, былбырап ыйлап, анан ичимдик менен сыйлай турганын билчү.

Моти-Гаж спирттик ичимдиктерди өтө жакшы көрчү, айрыкча аракты, арак, башка дурусурак ичимдик болбой калганда пальмадан жасалган вино берсе деле ичип алчу. Анан Диас, адатта, чоң жолдун таманында, пилдин алдынкы эки бутунун ортосуна жатып алып уктачу, а Моти-Гаж, атчаныбы, жөөсүбү, араба болобу, жолдон эч кимди өткөрбөй аны кайтарып, Диас ойгонгондо гана жолдогу тыгын таркачу. Күндүз уктоого болбойт: жакшы төлөнүүчү акчадан ким кол жуугусу келсин. Диас Моти-Гаждын моюнуна отуруп алып башкарат, а Моти-Гаж эки азуусу менен илип же эки келбеттүү ийиндери менен арканга байланган дөңгөчтөрдү тартып коңторуп кирет. Диас болсо алаканы менен пилдин башын, кулактарынын артын таптап, пилдердин падышасы деп мактай берет. Кечинде Моти-Гаж жаңы орулган үч жүз фунт чөптү бир кварта[1] арак менен ичип, Диас да өз үлүшүн жеп бүтүрүп, уйкуга кеткиче пилдин алдына отуруп ырдай берет.

Жумасына бир жолу Диас Моти-Гажды төмөнкү дарыяга алпарып, Моти-Гаж ыракаттана суунун тайызында улам бир капталына оодарылып жатып берип, Диас болсо кокос швабра жана кирпич менен денесин жышып берчү. Моти-Гаж, катуураак урулган сокку менен “экинчи капталыңа оодарыл”, - дегенди билдирген алакан менен жеңил чабылган белгинин айырмасын жакшы билип, Диас каалагандай жатып берет. Андан кийин Диас жара болуп калбады бекен, көзү дартка чалдыккан жокпу деп анын буттарын, көзүн, килейген кулактарынын бүктөөлөрүн жазып, кунт коюп карап чыгат. Кароо бүткөндөн кийин экөө тең “ыр менен деңизден чыгып”, Моти-Гаж капкара болуп жылтылдап, тумшугу менен дарактан үзүп алган он эки фунт жалбырак менен желпинип, а Диас узун чачтарын төбөсүнө түйүп, жөнөп калышчу.

Тынч, натыйжалуу ушундай иш, Диас кезектегидей катуу ичип, тойлоп кеткиче уланчу. Маал-маалы менен бир нече күн эч нерсени элес албай, бугун чыгаргычакты мас болуп, тойлоп кетмей адаты бар эле. Жылма, боюна ченеп ичкен ичимдик аны ыраазы кылбай, көксөөсүн гана күчөтчү.

Ал плантаторго келип:

- Энем өлүп калыптыр, - деп ыйлап жиберди.

- Энең мындан эки ай мурда, мурунку аянтты тазалап жатканда эле өлбөдү беле, андан да мурда, былтыр, сен менде иштеп жүргөндө да өлгөн, - деди жергиликтүүлөрдүн амалдарын жакшы билген плантатор.

- Бул атамдын карындашы, ал адам мен үчүн апа ордуна апа болгон, - Диас андан бетер өңгүрөдү. - Биринен бири кичине он сегиз бала жээрге наны жок, жетим калды. Аларды тойгузуш менин милдетим, - деди Диас башы менен полду койгулап.

- Аны сага ким айтты?

- Почта менен келди.

- Почта келбегенине бир жума болбодубу. Тур, көп келжиребей өз аянтыңа бар!

- Менин айлымды тумоо каптап, катындарымдын баары өлүм алдында! – Диас көз жашын көлдөттү.

- Чиханды чакыргылачы, - деп буюрду плантатор, - ал Диас менен бир айылдан эмеспи, Чихан, бул адамдын аялы барбы?

- Кимдин? Ушунунбу?! – деди Чихан. – Жок. Биздин айылда муну бир да аял карап койбойт. Буга тийгенден көрө пилге тийгенди артык көрүшпөйбү.

Чихан мурдун чүйрүп, бышкырып койду. Диас ого бетер өңгүрөп коё берди.

- Дагы бир мүнөт, анан көргүлүктү көрөсүң, - деди плантатор. – Тур, жөнө жумушуңа.

- Болуптур, чынын айтайын, - деди Диас улутунуп. - Мен эки айдан бери жакшы мас боло элекмин. Мен ушул бейиштей болгон плантациядан алыс барып, жакшылап бир мас болгум келет. Ошондой кылсам, бул жердегилерге зыяным тийбейт эле.

Плантатордун жүзүндө күлкү пайда болду.

- Диас, - деди ал, - сен чыныңды айттың, эгерде сен жокто Моти-Гажиң бирөөгө баш ийсе, мен да сага уруксат берет элем, бирок өзүң билесиң да, аның сенден башка эч кимди укпайт.

- О, Ааламдын Жарыгы, кырк миң жыл жаша! Мен кыска эле, он эле күнгө кетем. Өзүм туткан диним, кадыр-баркым, жан-дүйнөм менен ант берем, он күндөн кийин кайтып келем. А ушул кыска мезгилге кеткенде эмне кылыш керектиги боюнча, о Теңирден жаралган, мен Моти-Гажды бул жерге чакырганга уруксат этиңизчи?

Улуксат берилди. Диастын кыйкырыгына жооп катары, кожоюнун күтүп, көлөкөдө өзүнө чаң чачып турган пил, азууларын аркайтып, келберсип чыга келди.

- Менин жүрөгүмдүн толтосу, мастардын коргоочусу, тоодой күч-кубаттын ээси, кулагыңды тозчу, - деди Диас пилдин алдына келип.

Моти-Гаж кулагын Диаска тосуп, учурашып жатканын билгизип тумшугу менен сылап койду.

- Мен кетип атам, - деди Диас.

Моти-Гаждын көздөрүндө учкун ойноп кетти. Ал да сейилдегенди жактырчу. Сейилдеп жүргөндө, жол боюнда өскөн даамдуу нерселерди үзүп жегенге болот да.

- Бирок сен, каңкайган кежир чочко, бул жерде каласың да иштейсиң.

Моти-Гаж бул кабар жакпай калганын билдиргиси келбегенге аракет кылса да, көздөрүндө учкун өчө түштү. Ага дүмүрлөрдү коңторгон такыр жакчу эмес. Бул иштен анын азуулары зыркырап ооруйт эле.

- Мен он күнгө кетем, о менин шириним! Мобу алдыңкы бутуңдү көтөрчү, мен өзүмдүн сага деген буйругумду бекемдеп коёюн, сасык чөөттөн чыккан гана курбака.

Диас чатырдын таягы менен он жолу Моти-Гаждын тырмагын чапты. Моти-Гаж күрүлдөп, буттарын солбуп алды.

- Он күн, - деп сөзүн улантты Диас, - мобул Чиханга баш ийип, дарактарды тамыры менен жулуп, ташып иштейсиң. Ал! Чиханды көтөрүп моюнуңа отургуз!

Моти-Гаж тумшугунун учун ийирип тосуп берип, Чихан ага бутун коёру менен мойнуна серпип мингизип койду. Диас Чиханга оор анкушту – пилдерди айдаган темир таякты тапшырды.

Чихан жол салуучулар ташты уруп жаткансып, Моти-Гаждын кашка башын чаап койду эле, Моти-Гандж тумшугун көтөрүп, айкырык салды.

- Акырын, түнт токойдон чыккан каман! Чихан он күн сенин махаутуң болот. Болду, эми коштошолу, жүрөгүмдүн ээси. О менин кожоюнум, менин падышам! Бардык пил тукумунун асылы, пил үйүрүндөгү гүл, өзүңдүн ден соолугуңа сак бол, бейбаштык кылба! Кош!

Моти-Гаж тумшугу менен Диасты ороп алып эки жолу көтөрүп койду. Ал кожоюну менен дайыма ушинтип коштошчу.

- Эми бул иштей берет, - деп ишендирди Диас плантаторду. – Мен кете берсем болобу?

Плантатор башын ийкеп, Диас түнт токойго карай жылт койду. Моти-Гаж кайрадан дүмүрлөрдү жерден суурганга киришти.

Чехан ага абдан жакшы мамиле кылса да, пил өзүн жалгыз калган бир байкуштай сезип жүрдү. Чекан ага татымалдар алынгандан калган ширенди менен багып, жумуштан кийин Чихандын баласы аны менен ойноп, а Чихандын аялы аны сүйүктүүм деп атап жүрдү. Бирок Моти-Гаж Дияс сыяктуу эле бой жашоону жактырган айбан эле. Ал үй-бүлөлүк сезимди түшүнчү эмес. Ал өз турмушуна – чала кызуулукка, чала кызуу кезиндеги түштөрүнө, ооруганча таяк жегени, жан жыргаткан, орой эркелеткени бар турмушту самады.

Ошентсе да плантаторду таң калтырып, ал жакшы иштеп жүрдү. А Диас жолдо тентип жүрүп, бир күнү өзүнүн кастасындагы адамдардын үйлөнүү тоюна кабылды. Бүттү. Мастыгы тарабай, бийлеп, ырдап, убакыт деген эмне, эсине келбей тойлоп кетти.

Он биринчи күндүн таңы атты, бирок Диас келген жок. Моти-Гажды жумушка салыш үчүн байлоосунан бошотушту. Пил силкинип, эки жагын карап, ийиндерин куушуруп тескери кетти, жумушу ошол жакта болгонсуп.

- Хай! Хо! Артка, эй сен! - Чихан кыйкырып атты. - Кайрыл эй, чириген котур дөңсөө, отургуз мени мойнуңа. Кайрыл, о тоодой болгон асыл. Индиянын сыймыгы, мени мойнуңа ал, болбосо тултуйган алдыңкы бутуңдүн тырмактарын бүт кагып салам!

Моти-Гаж жумшак күрүлдөп койду, бирок кайрылган жок. Чихан артынан аркан ала чуркап, кармады. Моти-Гаждын кулактары калдайа түштү, Чихан бул эмне деген белги экенин билчү, - ошентсе да сөгүнүп урушуу аркалуу, өзүнүн көздөгөнүнө жетем деп ойлоду.

- Жинденбе! Көрсөтөм сага жинденгенди! – деп кыйкырат Чихан. – Кайт артка желмогуз, кашаага кир!

- Хррамп! - деп койду Моти-Гаж, калдайган кулактарын эсепке албаганда, бөлөк эч нерсе деле кылган жок.

Моти-Гаж тиш тазалоого колдонгон бутакты чайнап, жаңы эле ишке киришкен башка пилдерди келекелеп, эч кимди тоготпогон түр менен тазаланып жаткан аянтта ары-бери басып жүрдү.

Чихан плантаторго эмне болуп жатканын айтты эле, ал үйүнөн ит кубалаган шапалак ала келип, оңду-солду тарсылдатып шилтеп калды. Моти-Гаж өзүнүн “хррамтары” менен ак адамга урмат көрсөтүп, аны тазаланып жаткан тилке аркылуу чейрек миллдей кубалап, үйүнүн верандасына кире качканга аргасыз кылды. Анан ошол үйдүн жанына туруп алып, бардык эле пилдер күлгөндөй, бүт денеси сүлкүлдөп, өзүнчө күлүп атты.

- Аны сабаш керек, - деп чечти плантатор. – Сабаганда да мурда бир да пил сабалып көрбөгөндөй сабаш керек. Кала-Наг менен Назимге он эки фут келген чынжырдан бергиле, ар бириң жыйырмадан ургула деп айткыла!

Кала-Наг – которгондо Кара-Жылаан менен Назим ушул аймактагы эң чоң пилдерден эле, пилдерди жазалоого ушул экөөнү колдонушчу, анткени адамдын сабаганы пилге чымын чаккандай да эмес.

Алар пилдерди жазалоого атайын жасалган чынжырларды тумшуктарына илип шыңгыратып, эки жагынан тороп алуу үчүн Моти-Гажга карай жөнөштү. Моти-Гаж өзүнүн отуз тогуз жыл басып өткөн жашоосунда бир да жолу сабалып көргөн эмес, жаңы тажрыйба алганды деле каалаган жок. Ошондуктан ал башын оңдон солго чайкап, Кала-Нагдын семиз капталынын кайсы жерине азуусу терең кирерин болжоп, күтүп турду. Кала-Нагдын азуусу жок эле, анын бийлиги – ал кармаган чынжырда; бирок акыркы мүнөттөрдө ал Моти-Гаждан алыс болууну чечти, а чынжырды тамаша иретинде эле алып алгандай түр көрсөттү. Назим тескери бурулуп, шаша-буша үйүнө жөнөдү. Ушул таңда ал бирөөлөр менен согушканды каалаган жок, ошондуктан Моти-Гаж кулактарын калдайтып жалгыз туруп калды.

Мындай жорук плантаторду оюнан баш тартууга аргасыз кылып, а Моти-Гаж тазаланып жаткан тилкеде сейилдеп жүрөт. Пил иштегиси келбей, байланбай бош жүргөндө аны баш ийдириш, болжол менен, кемеде катуу толкун учурунда ордунан жулунуп кеткен сексен бир тонналык замбиректи баш ийдиргендей эле кеп. Ал аркы-терки басып, эски досторун жонго таптап, дөңгөчтөр жеңил эле суурулуп жатабы деп сураган болуп, иш, пилдердин укугу, түшкү дем алууну узартуу тууралуу болбогон эмелерди айта берип, кечке жетпей эле бардык пилдерди дүүлүктүрүп таштады да, кечинде, тамактанганы өз акырына келди.

- Иштеген жоксуңбу, демек, тамак да жебейсиң!, - деди ачууланган Чихан. – Сен тарбия көрбөгөн, жапайы пилсиң. Кет өзүңдүн жунглиңе!

Кепеде эмгектеп жүргөн Чихандын кенедей кара-тору баласы эшиктеги калдайган көлөкөгө быртыйган колдорун созду. Моти-Гаж Чихан үчүн бул дүйнөдө ушул баладан артык эч нерсе жогун абдан жакшы билет. Ал өз тумшугунун учун баланы кызыктыргандай түрүп сунду эле, кара тору бала сүйүнгөндөн кыйкырып кучактады. Моти-Гаж аны тез ороп алып өйдө көтөрдү, кичинекей атасынын боюнан он эки фут бийиктикте, сүйүнгөндөн чыйылдап атат.

- Улуу өкүмдар! - жалынып жиберди Чихан. – Ундан жасалган, туурасы эки фут, ромго жумшартылган он эки эң жакшы нан азыр эле сеники болот, андан бөлөк, эки жүз фут жаңыдан орулган жаш кант тростнигин аласың. Ушул акылсыз баланы, менин жүрөгүмдү, менин жанымды акырын жерге түшүрүп койгонго ыракым этчи!

Моти-Ганж наристени Чихандын кепесин тиш тазалагычка чейин таптап салганга кубаты бар эки алдынкы бутунун алдына ыңгайлуу жайгаштырып, тамакка киришти. Ал тамакты жеп бүтүрүп, бала кепеге эмгектеп кетти. Анан Моти-Ганж Диас жөнүндө ойлоп үргүлөп жатты. Пилдерге тиешелүү көп жабык сырлардын бири – ушул зор жаныбарлардын башка жандыктарга салыштырмалуу аз уктай тургандыгы. Алар түнкүсүн төрт же беш эле саат уктайт: жарым түнгө чейин эки саат бир капталында, түнкү саат бирден кийин башка капталына оодарылып, дагы эки саат. Болду. Калган мезгилде тамак жеп, түйшөлүп, өзүнө өзү күбүрөп, сүйлөнүп жата берет.

Түн жарымында, Диас токойдо мас болуп жатып калып, аны карап, жардам берген бирөө жок деген ой башына келип,Моти-Гаж кашаадан чыкты. Түнү бою чакырык салып, кулактарын калдаңдатып токой аралап жүрдү. Төмөнгө, сууга түшүп барып, Диас аны киринткен жерде кыйкырык салды, жооп болгон жок. Диасты таба алган жок, бирок аймактагы пилдердин баарын козгоп, токойдо жолугуп калган цыгандардын жүрөгүн түшүрүп койду окшойт.

Таң эртеде Диас плантацияга келди. Бугу чыккыча мас болду, эми убадалашкан күндөн кечиккени үчүн жаза күтүп жатты. Бирок плантатордун үйү бүтүн, плантация эч зыян тартпаганын көрүп, жеңилдене улутунуп (Моти-Гаждын мүнөзүн жакшы билет эле да), келдим деп айтканы кирди. Анын актануу аракетиндеги укмуштуудай калп сөздөрү көптөгөн жүгүнүүлөр менен коштолуп жатты. Моти-Гаж түнү бою токой аралап ачка болуп, эртең мененки кешигин жегенге кашаасына кеткен эле.

- Чакыр өзүңдүн айбаныңды, - деп буюрду плантатор.

Диас түшүнүксүз, пилдердин сырдуу тилинде кыйкырып калды. Бул тил, кай бир малахуттардын ишениминде Кытайда пайда болуп, бул жакка дүйнө каймактаган мезгилде, дүйнөдө адамдар эмес, пилдер кожоюндук кылган мезгилде тараган экен. Моти-Гаж чакырыкты угуп келип калды. Пилдер атка окшоп чуркай албайт. Алар бир жерден экинчи жерге түрдүү ылдамдык менен бара алышат. Эгер пил курьердик поезди кууп жеткиси келсе, ал атка окшоп чуркабайт, бирок поезди кууп жетет. Андыктан, Моти-Гаж Чихан анын кашаадан чыкканын боолгологуча эле, плантатордун үйүнүн алдында пайда болуп калды. Пил сүйүнгөнүнөн айкырык салып Диастын кучагына жыгылып, экөө тең адам жана айбан – көз жаштарын куюлтуп бири-бирин баштарынан буттарына чейин жалап-жуктап, дене баштары соо экендигине ынаныш үчүн бири-бирин сылап-сыйпап атышты.

- Эми иштейбиз,- деди Диас. - Көтөр мени, менин кубанычым, менин уулум.

Моти-Гаж аны мойнуна серпип, экөө эң оор дөңгөчтөр жаткан аянтка жөнөп калышты.

Плантатор абдан таң калып, ачуусу да тарап кетти көрүнөт.

Орусчадан которгон Марсел ИСАКОВ

 

[1] Кварта- 1,1 литр

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз