Валентин Распутин: Кемпир

  • 13.08.2021
  • 4219

АҢГЕМЕ

Ал ичээр суусу түгөнө жаздап, көргө буту салаңдап турган кемпир болучу. Жүзүн каптаган бырыштардын терең кеткен катмарлары желеленип, ичинде болуп жаткан кубанычтын да, кайгынын да жышаанын билдире албай калган. Мындан ары бырыша турган деле жери жок эле. Андыктан мелтейип, бир калыпта кыймылсыз жүрүүчү. Ошол кыймылсыздыкты көрүп туруп, ушу бешенеде дале кан жүрүп, жашап атканына акыл жетпей кетет.

Кызы андан кырк жашка кичүү эле, бирок, анысы деле кунары кайткан кеч күздүн күндөрүн кечирип жашап жаткан, эгерде муну жашоо деп эсептей турган болсо. Ал күлкүсүн да, ыйын да эчак шыпкап, какшыта түгөтүп койгон сымал аял эле. Ошондон болсо керек, өтө сейрек күлчү, ыйды болсо биротоло унутуп койгон. А кокусунан күлүп калган учурда анысы күлкүгө окшобой, күлгөнгө да шайманы калбай калган жан сыяктанып кетет.    

Кыз али кичине болучу. Ал жыгылбай турган куурчакка окшоп, шыңгырак үн чыгарып, секирип ойной турган. Бирок, эртең менен мектепке кетүүчү. Окуганды да, жазганды да билип алган.

Алар айылдын эң четиндеги кичинекей үйдө өздөрүнчө жашашчу. Үйдө эркек жан жок эле. Кемпирдин абышкасы атам-заманда эле өлүп калган, а күйөө баласы беш жыл мурда Тайгада курман болгон. Ошентип, кыз бир туугансыз жалгыз калган.

Алар бири-бирин толуктап жашап келе жатышкан: аял кемпирдин кызы эле, а кыз болсо аялдын кызы, кемпирдин небереси болучу. Булардын түпкү теги куурап калган дарактай элестеп, ошол дарактын кылда учунда гана элдир-селдир дирилдеген жашыл жалбырактай көрүнө турган.

Тээ качандыр бир эчаккы заманда бул кемпир бакшы болгон. Андан бери бакшы аттуулардын бардыгы өлүп-житип, жалгыз гана ал калган. Ага адамды сактап кал, баштаган иштин жолун ачып бер, бугуларга жабыша турган ылаңды буруп жибер деген өтүнүчтөр менен кимдир-бирөөлөрдүн келбей калганы качан.

Кемпир адамдарга таарынбай деле калган. Анткени, азыр башка мезгил, заман өзгөргөн. Бакшыга келүүнүн түк да кажаты жок, сыркоолоп калышса ооруканага барышат, керектүү нерсени колхоздун дүкөнүнөн сатып алышат.

Кемпир өзү да отуз жыл бою кара жанын карч уруп, бугу багып, булгун кармады. Өзүнүн оо качаңкы бир убакта бакшылык кылганын анда-санда гана эстеген болот. Анысы ага эч майнап берген эмес. Анан эрден бак айтпаган, андай жашоого көпкө чыдай албаган аялга окшоп, бакшылыгынан баш тарткан.

Абышкасы сибирдик тофалар улутунан болучу, анын эсинде болгон-бүткөнү ушу гана калды. Дале ал көп нерсени эстеп, көп нерсе жадында эле. Бирок, анын келбети, бешенеси туманданып отуруп, акыры биротоло унутулду. Кудум көлмөгө ыргыткан таштай ың-жыңсыз. Ошондой эле делбетап болгон абалда оттун кызыл жалынын аралай чуркап, андан секирип өтүп, куштун чаалыккан канатындай алсыраган колдорун туш-тушка сереңдете, жинди немедей жээликкен учурунда кандай сезимдерге кабылганын да эстей албайт.

Мына эми, качан гана буту көргө салаңдаганда кемпир бушаймандана баштады. Кагыйдай катып калган жүзүнөн мурдагыдай эле эч нерсе билинген жок. Бирок, ошо жансыз ыраңдын алдында эч кандай күч баса албаган азап жашынып жаткан. Ошо нерсе кемпирдин жүрөгүн кысып сыздатып жаткан. Ал өлүмдөн корккон жок, себеби андан арачалап кала турган арга жок экенин билчү. Өзүнүн адамдык вазыйпасын аткарды: өлгөндөн кийин артында, бу жалган дүйнөдө анын кызы калат, анан небереси калат, кезеги келгенде ал да эне болот. Анын тукуму үзүлбөй, уланып келди, мындан ары да улана берет. Мына ушу тукум улоо чынжырында ал маанилүү бөлүк болуп берген, ага башка бөлүкчөлөр чырмалыша кете берет.

Ал өзүнүн соңку бакшы экенин, өзү өлгөндөн кийин бир да бакшы калбай каларын ойлоп, кыйналып жатты. Анын аталары, чоң аталары, алардын аталары, чоң аталары жүздөгөн, ал тургай миңдеген жылдар бою сырдуу күчкө эгедер болуп келишкен. Аны дайыма улуу нерсе деп санашкан. Кемпир да ошого эгедер болучу. Эми анын бардыгы жок болуп, житип кеткени турат. Өз тукуму уланбай, үзүлүп калган адам - шордуу адам. Ал эми өз элинин байыркы кенчин уурдап алып, аны эч кимге үйрөтүп, таштап кетпей өз көрүнө ала жаткан адамды эмне деп атоого болот?

Кемпир өзүнүн мыртыйган кыска буттарын алдыга сунуп, керебетте отурду, анан акырын улуп жатты. Керебет терезенин жанында эле. Андан кемпирдин аталарынын, чоң аталарынын, алардын аталарынын, чоң аталарынын бардык жаманчылыктарын, касирет-кырсыктарын көтөрүп келген жана көтөрүп келаткан жер көрүнүп турат. Улуганын токтотпогон кемпир ошо жерди, талааны карап отурду. Көкүрөгү зыркырап кетти. Буга чейин болуп көрбөгөндөй кырсык басып, андан кийин бу жерде эч нерсе калчудай сезилди ага. Ал болгону карылыгы жеткен, өлүмдүн босогосун аттаганы калган жөн-жай гана бир кемпир. Анан эмелеки сезимине кайып өткөн коркунуч эми сөзсүз боло тургандай сезилди.

Сырттан кызы келгенде, кемпир басылып калды. Таштай каткан жүзү менен аны карап отурду. Ал кемпирге көңүл бурбай, ашканада күйпөлөктөп, идиш-аяктарын калдыратып жүрдү.

Кемпир бир бүтүмгө келди.

- Эй, бери бас! - Ал кызын чакырды.

Тиги керебеттин жанына келип, туруп калды. Кемпирдин көөдөнүнө келип калган өлүм өзүнө жармашчудай коркуп, керебеттин чекесине отуруга даабай турду.

Кемпир акыркы дымагын жыйнап, сыймыктана айтты:

- Мен - бакшымын.

Кызы муну билчү.

- Мындан ары бакшы жок, - кемпир ичиндеги акыркы бугун, кусасын чыгарып, күч менен сүйлөп жатты. - Мен жалгызмын. Биздин эл бакшысы жок калууга болбойт. Кырсык басат.

- Эмне деп дөөрүп жатасың, - деп сурады кызы.

Кемпир кызы кетип калат деп коркуп, тез-тез энтиге сүйлөдү:

- Бакшылык кылганга болбойт. Кереги жок, кереги жок. Мен көптөн бери бакшылык кылбайм. Бакшы бойдон калуу керек. Мен өлөм, андан кийин эч ким бакшы болбойт. Бирок, бакшы калуу керек.

- Жинди болгон го бу, - кызы ачуулуу түрдө күңк этти да, ашканага чыгып кетти.

Кемпир кайрадан терезе жакка оодарылды да, дагы улуп кирди. Бир калыптагы үзгүлтүксүз кусалуу, аянычтуу үн анын мелтейген жүзүнө тийбей, көөдөнүнүн түпкүрүнөн сызылып чыгып жатты.

Ашканадан чыккан кызы кемпирге ойлуу карап турду. Бирок, эч нерсе айтпады. Кемпир кандайдыр бир сезилбеген ырахат менен улуй берди. Ушу сезимди дирилдеткен үнгө кусаны жана коркунучту кошуп жатты. Адамдар анын эң акыркы ишенимин талкалап жатышкан, азыр ошонусу менен коштошуп атты. Өзүнүн акыл-эси жоголо электе өзү менен өзү коштошуп жатты. Муну - өзү менен өзү коштошуу укугун андан эч ким тартып ала албайт эле.

Ушул учурда үйгө кичине кыз чуркап кирди.

- Токтот! - деп кыйкырып койду кыздын энеси.

Кемпир дароо басыла калбады. Өзүнүн улуган үнүнө акырындык менен сиңип, аны менен кошо алыстап бараткансыды. Анан үзүл-кесил үндү көмөкөйүнө катты, аны эч ким укпады. Башын бери буруп, кызды көрдү.

Ал босогодо кабагын түйүп, таң калган түрдө кемпирди карап турган.

Экөөнүн көздөрү бири-бирине чагылыша түштү. Ошондо кемпир улуганын биротоло токтотту, эми анын зарылдыгы деле жок болучу. Эми анын болгон-бүткөн күч-кубаты башка тарапка багышталды. Ал - бул кыз энесинен кыйла көп жашайт деген ой эле.

- Ай, бери келчи! - деди ал башын ийкей кызды чакырып.

Кыз жакын келди. Ашканадан энеси чыгып, катарлаша туруп калды.

Кемпир каруусу качып, териси менен сөөгү калган колун кызга сунуп, анын энесинен жалооруй өтүндү:

- Бул кыз бакшы болсун.

- Токтот! - Аял тигинин сөзүн чорт үздү.

- Кырсык болот, - деп күйүттүү күбүрөдү кемпир. - Менин көзүм өтүп кетсе, кырсык болот. Бакшы керек.

- Эне, бул эмнени айтып атат? - Коркуп кеткен кыз энесинин артына ыктады.

- Мен - акыркы бакшымын. Башка жок. Мен өлсөм - кырсык болот. Бул бакшы болушу керек, - кемпир кайрадан ый аралаш күбүрөдү. 

- Чоң энең өлүп баратат, - энеси ашыга сүйлөдү. - Ал абдан карыды да.

- А бакшыларчы?

- Ал качандыр бир убакта бакшы болгон, ошонусун азыр эстеп жатпайбы. Сен коркпо. Ал абдан карыды...

- Ой-е-е, - кемпир кайра кошуп кирди.

- Жетишет! - Аял кыйкырып жиберди.

Кемпир жаагын басып, көздөрүн жумду.

Энесине жармашкан кыз кемпирди кылчактай карап, ашканага чыгып кетти. Ушундан соң эч ким үн каткан жок.

Кемпир көздөрүн жумган бойдон былк этпей жатты. Тээ илгери, качандыр бир кезде - ал жаш чагында, тофалар түспөлдөш адам келип, анын колун сураган эле. Негедир азыр ошону эстеди, мындан башка эстей турган эч нерсеси жок калган. Биринчи кечте ал экөө жанаша олтуруп алып, кальянды чопулдатып бир мүштөктөн тартып, анан бирин-бири ийинден түрткүлөй беришкен. Ошону эстеди. Эгерде кемпир күлө алаар болсо, күлүп жибермек. Ал кезди эстөө ага жагымдуу эле. Андан аркысын эстеп жатты.

Ал түнү кемпир көз жумду.

Эки күндөн кийин жерге берилди.

Акыркы сапарга узатууга кыштак эли түп көтөрө келишти. Адамдар жай кыймылдап, эңкейе берип, кемпирдин таштай каткан кыймылсыз жүзүнө карап өтүп жатышты. Ошо кыймылсыздык акыры өз маанисин тапкан эле. Четке чыга берип, шыбыраша калып жатышты, эмнегедир үн чыгарып сүйлөгөн жан болбоду. Кемпир бу жалган дүйнөдө көп деле жерди ээлеген жок, эми бейитте дал ошондой кичинекей, төмпөйгөн жаңы моло пайда болгондо колхоздун башкармасы сөз сүйлөдү:

- Кемпир жакшы киши эле, - деп бардыгы уксун үчүн үнүн бийик чыгарды. - Мына жакында эле эркектерден арбыныраак булгун кармаган.

Кыз энесинин катарында турган эле. Ал айтылып жаткан сөздөрдүн туура экенин далилдей, адамдардын баш ийкеп жаткандарын көрүп турду.

- Биздин өкмөттүн казынасы көбөйсүн деп, согуш кезинде башкалардан көп зайым сатып алган, - деп башкарма сөзүн улады.

Кызга жакын турушкан эки кемпир шолоктоп ыйлап жиберишти. Башкарма унчукпай калды.

- Бизге таарынба, байбиче, - деди кимдир-бирөө эл арасынан.

- Бизге таарынба, - деп кайталады кемпирдин кызы.

- Мен бул байбиче менен үйүрдө бирге иштегем, - күтпөгөн жерден кандайдыр бир аял катуу сүйлөп кирди. - Мен аны менен дайыма бирге иштегим келчү. Бугуларды жана жумушту ал кишидей жакшы көргөн, берилген бир да жан жок.

Мында да адамдар туура дегендей баштарын ийкешти.

Кыз энесинин жанында турду. Анын көкүрөгүндө азыр кимдир-бирөө бул кемдирдин качандыр бир кездерде бакшы болгонун айтып жиберет деген коркунуч пайда болду, дени үшүп аны күттү. Бирок, ал жөнүндө эч ким ооз ачкан жок.

Адамдар тарай баштады. Кемпирдин тээ мурда, качандыр бир кезде бакшы болгонун эч ким эстеген жок. Бул жөнүндө алар унутуп калышкан.

- Эне... - Кыз энесин токтотуп, ага карады: - Эне, тигилер жанагы сөздөрүн чоң энем тирүү кезинде эмне үчүн өзүнө айтышкан жок? Ал өзүнүн бакшы экенин билбей калмак. Ал өзүнүн башка адам экенин билип алмак да.

Энеси жооп берген жок.

Кечинд кыз кемпирдин мүрзөсүнө жалгыз келди.

Күн али бата элек болучу, кемпирди көмгөн борпоң топурак күнгө какталып, тез эле бейиттин боз, каткалаң топурагына айланып бараткан.

Кыштакта короздор кыйкырып, иттер үрдү.

Кыз тамагын кыра жөтөлүп алды, анан кыштак тарапка бурулуп, экзамен берип жаткан окуучудай дирилдеп, катуу да, даана да айтты:

- Кемпир мурда, качандыр бир кезде бакшы болгон, бирок, кийин анысын таштаган, оңолгон. Согушта бардыгынан көп зайым сатып алган. Согуштан кийин эркектерден кем калбай, көп булгун кармаган, ал эми бугу бакканда бардык адамдар аны менен чогуу иштегиси келген.

Ушул тушка келгенде кыз унчукпай калды, анткени айтар сөзү түгөнүп калган эле.

Кыз өзүнүн айткан сөзүн тастыктагандай, башын бир нече жолу ийкеп койду. Ушундан соң гана кыштакты көздөй жөнөдү.

1980

Которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз