Көчкөн Сактанов: Экинчи раунд

  • 26.08.2021
  • 2967

АҢГЕМЕ

Рингге чыкканда Фронт толкунданып кетти. Тренер аны куду жаш баладай сылап-сыйпап, бир нече жолу айтылган насаат сөздөрүн кайталап жатты.

- Штраф алып калуудан этият бол... жаздым урба, маданияттуу ойно!..

Рингдин бурчундагы жип тосмого жөлөнгөн Фронт бет алдынан жүздөгөн көздөрдү көрдү. Мындай зор аудиторияга, жардаган көздөргө ал көнүп калган эле.

- Тү, ата... түк да камырап койбойт! — деди Асанкан.

- Өзүнө-өзү ишенет,— деди Омо.— Анын оң колу мыкты иштейт. Өткөн жолку анын беттешүүсүндө болдуңар беле?

- Чын, оң колу мыкты иштейт...

- Бир аз гана арыгыраак, буттарын көрбөйсүңбү шилбийип...

- Фронт менен беттешүүчү экинчи бурчтагы Эдуард тапталган күлүктөй кайпактап, оозуна суу ууртап чайкап, керилген арканга жөлөнүп, булчуңдарын чулчуйта күшүлдөп, кезектеги беттешүүгө даярданып жатты.

- Дароо чабуулга өтпө,— деди тренери.— Көрдүңбү тигинин турушун... Оңой менен накаутка жыгалбайсың. Аны сен дал маңдайга таамай уруп, шаштысын албасаң, капталынан уруп эч нерсе кыла албайсың!

Ышкырык берилди. Экөө эки бурчтан келишип, судьянын жанында кол алышты, анан дароо бири-бирин мелжей тиктеп, качырып сала беришти. Эдик утуру аны оң колу менен жазгап өтүп, мерчемдүү учурду издеп, өтө кылдат ойноп жатты. Экөө тең так ушул ыкма менен бири-бирин өңүп гана рингде ары-бери тегеренип жай жүрсө оюн такыр кызымак эмес. Деги Фронт башынан эле ыңгайлуу учурду күтүп, көбүнчө коргонууга өтүп, муштумга муштум менен жооп берип гана тим болбостон, тескерисинче, каршысындагысы кандай техника, ыкма менен куралданса дагы дароо чабуулга өтүүчү. Азыр да оюнду кызуу баштады.

- Фро-онт, биз бул жердебиз! — Оң колуңду иштет! — деди кимдир-бирөө. Бул үн аны такыр селт эттирген жок. «Менин оң колум иштебей жатабы?» — деп ойлоду ал. Ушул учурда ээгине мээлей күтүлбөгөндөй катуу тийди. Эдик өтө тажрыйбалуу боксёр эле. Фронттун көз ирмемчелик алагды болуусунан дароо пайдаланып кетти. Мына... экинчи муштум дагы тийди. Карбаластап барып рингдин жибине артыла түштү.

- Эдик!.. Эдик... Азамат! — деген үндөр туш-тараптан чыгып, Эдуардды күрөшкө аябай шыктандырып жиберди.

- Байкуш бала, селдей каптаган соккунун алдында калды! — деди кимдир-бирөө Фронтту аяп.

«Күрөш али алдыда,— деп ойлоду Фронт.— Бул биринчи гана раунд... Күрөш али алдыда!»

Биринчи раунд мына ушундайча аяктады. Ордуна келип түнөрүп отурган Фронт оозун чайкаганга араң алы келип, демиге дем алып жатты.

- Сен аны үчүнчү раундда накаутка жыгасың... мен аныңа ишенем,— деди тренер сүлгү менен Фронтту желпип жатып.— деген менен тигил мыкты боксёр, бирок сен андан артыкчылык кыласың,— деп тренер бул сөздү Фронттун көңүлүн көтөрүш үчүн гана айтты.

Фронт үндөгөн жок. Судъянын ышкырыгы аларды кезектеги беттешүүгө чакырды. Бардык күчүн үчүнчү раундга сактоо максатындабы, Эдуард кайрадан коргонууга өттү. «Муну бир бурчка кысып, шаштысын алайын, анан өзү эле чабуулга өтөт» — деп ойлоду Фроит. Ушул максатта, ал, аны баш көтөртпөй чабуулга өткөн сайын алдыңкы орунда отургандар тура калышып, кыйкырып жатышты.

Фронт тигини экинчи раундда эле накаутка жыгам деген ойдо бурчка кысып барып, шалкылдата сабап кирди. Эдик рингдин тосмосуна эт-бети менен кетип, бирок кайра эле коргонууга өтүп жатты. Мурдунан кан кетти. Эдуард бир түзөлүп алып, селдей каптаган соккунун алдында эптеп рингдин ортосуна суурулуп чыкты.. Анын эриндери бек кымтылып, артына мышыктай жеңил секирип өтүп, анан аны качырып кирди. Мээлейлер бири-бирине тарса-турс ыргып, рингдин бурчунда колтукташып калышты. Судьянын ышкырыгы аларды араң ажыратты.

Эдуард орунтукта чалкасынан сулап, тренери аны чый-пыйы чыгып сүлгү менен желпигенче минтип шыбырай коюп жатты:

- Сен анын бир жерин байкадыңбы? Оң колу мыкты иштейт... Бирок, сол колу, айрыкча сен чабуулга өткөндө коргонууга таптакыр жараксыз... Колун төмөн таштап жибергенин өзү да сезбей калып жатат. Сен так ушул учурдан пайдалан... Угуп жатасыңбы?

Судьянын ышкырыгы аларды кезектеги беттешүүгө чакырды. Эң акыркы раунд...

- Фронт, биз бул жердебиз! — деди Асанкан.

- Кайран баланын таманы кызып калган экен! —деди Омо.— Карачы, дароо эле чабуулга өттү!..

Демейде эч нерсеге солк этпеген Фронт бул ирээт эмнегедир болуп көрбөгөндөй толкундап кетти. Жолдоштору аны жеңишке үндөп жатты. Акыркы раунд... Алды-артына жеңил секирип, сол колу менен Эдуардга утуру тап берип, оң колу менен таамай урууга ыңгайлуу учурду издеп жатты.

- Кайран көк жал десе! — деди Омо.— Карасаң... кыймылында түк да чарчоонун белгиси жок!

- Көп мактабасаңчы! — деди Асанкан.— Тигинин далысын көрдүңбү?.. Күржүйөт тим эле... Жалп дедире койбосун!

- А койсоңчу! — деп жиберди Омо.— Аның жеткен коркок көрүнөт! Көрүп турбайсыңбы» коргонуп жүрүп өмүрү өтмөк болду. А Фронтту көрдүңбү... шилтеген муштумун көр... Ана, дагы! Ох, ата, таамай сокту ээ! Айтпадым беле, оң колу мыкты иштейт деп!

- Эй, отурчу! — деди арт жактан кимдир-бирөө.— Де бир тынч албаган неме экенсиң!

Оор мээлей баш көтөртпөй тийген сайын, Фронт кээде араң коргонууга өтүп, кээде жаза-буза тигини уруп калып, бирде рингдин бурчунда, бирде рингдин ортосунда темтеңдеп жүрдү. «Мына... мына азыр учуп түшөт» деп жүздөгөн күйөрмандар аны нары аяп, нары анын далдырап, же жыгылбай, же койбой жүргөн чыдамкайлыгына таң калышты.

- Деги буга эмне болду, ия? — деди маанайы пас отурган Омо.— Анын мындай иттиги жок эле!..

- Кап десең!.. Пай, пай, пай!.. Аябай таяк жеп калды!

- Бирок, бул бала оңой эмес көрүнөт,— деди орто жаш киши.— Түк жыгылгыдай эмес. Балээ экен!..

Фронттун минтип күтүлбөгөндөй катуу соккуда калышы капысынан болду. Каруу тарамыштары тырышып, эмнегедир колдору дароо талып калганын өзүнөн бөлөк эч ким сезген жок. Ондогон рингдерде салгылашып, бирок эч качан бүгүнкүдөй абалды башынан өткөргөн эмес. Түйүлгөн тарамыштары эки мүнөтчө анын бүткөн боюн куруштуруп турду. Мына ушул учурда ал кайтадан соккунун астында калды.

Ринг... Фронт кетенчиктеп баратып, анан күтүлбөгөндөй бир ордунда токтой калды. Колдорун шып өйдө алып, төмөн бүкчүйүп, сол колу менен Эдуардды жазгап өтүп, оң колун бар күчү менен таамайлап туруп тигиге шилтеп калды. Түйүлгөн тарамыштары жазылып, каруусуна күч келери менен дароо чабуулга өтүшү оюнду ого бетер кызытып жиберди. Фронттун аябай шаштысы кетип, алсырап калган учуру эле. Бирок, ал акыркы раунддун акыркы минуталарында бардык болгон күчүн жыйнап, тигинин шаштысын алмакка, сол колунан оң колу, оң колунан сол колу өтүп, пружинадай ыкчам ыргып, көздөрү тереңинде ойноп кетти. Эдуард рингдин бурчуна чегинүүгө аргасыз болуп, айласыз коргонууга өттү.

Каары келип, күч менен таамайлап урганда Эдик рингдин тосмосуна шалак этип артыла түштү. Дагы урду. Эдик мээлей менен жүзүн жаап бүкчүйө түштү. Анын сол көзү дароо шишип чыкты. Оюн укмуштай курчуп, кимди ким жеңерине түшүнүп болбой калды. Эдик Фронтту эми кучактап алып, күрөшүп жыкчудай темтеңдеп калды. Судья араң дегенде Фронттун кучагынан сууруп чыкты.

Оюн дароо курч мүнөзгө алмашып, чабуулга өтүштү. Фронт күтүлбөгөндөй ычкынып барып чөгөлөй түштү. Оор мээлей кай жерине тийип, кантип чөгөлөй түшкөнүн күйөрмандардан эч кимиси байкоого үлгүргөн жок.

Фронт ордунан акырын козголду. Көздөрү тигинин көздөрүнөн өтүп, ыкшоо өйдө болуп келатканда Эдик кезектеги соккуга даярданып турду. Фронт ага качырып кирип, сол колу менен коргонуп, оң колун шилтээрде Эдиктин оор мээлейи озунуп барып дал ээгине тийди. Бул ирет ал артына шалак этип темтеңдеген жок, турган ордунан камгактай учуп түштү. Эки колу канаттай жазылып барып чалкасынан сулаган Фронт селт эте көзүн ачып, бир ордунда турган кечки булуттарды гана көрдү. Судья эсептеп жатты.

- Бир... эки... үч... төрт...

«Күрөш али алдыда,— деп ойлоду Фронт,— Сегиз дегенде ыргып турайын, дагы төрт секунда...

- Беш... алты...

«Күрөш али алдыда» — деп ойлоду ал.

- Жети, сегиз... тогуз...

Ал турган жок. А түгүл былк этүүгө чамасы келбеди.

Судья Эдуарддын оң колун жогору көтөрөрү менен тренер анын халатын ала чуркап, сүлгү менен бети-башын бапестей арчып, жар сала куттуктаган элдин арасынан Эдуардды сыймыктана колтуктап баратты.

*      *      *

Демейдегидей эле, айрыкча кечинде заводдун ашканасында жүздөгөн жаш жумушчулар бака-шака түшүп тамактанып жатышты.

Мына ушул учурда сырттан Фронт кирди. Ал өзү жалгыз эле. Тамак алчу тарапка жай бурулуп, эч кимди тиктебей түптүз жөнөдү.

- Фро-онт, кел бери! — деди төрдөгү столдо отурушкан Асанкан менен Омо.— Ой, келсеңчи эми, тамакты биз эле алып келели!

Фронт аларды көздөй бурулганда, толмоч келген орто жаш киши ордунан туруп, анын алдын торой кол узатты.

- Берчи колуңду? — Ал пивого кызып калганы сүйлөшүнөн байкалды.— Жеңилип калсаң дагы мыкты ойногонуңа, укмуштай чыдамкайлыгыңа мен абдан ыраазымын. Берчи... ушул колуңду өбөйүн?

- Болду эми, бир эле сен күйүп-бышып кетсең дагы! — деди Асанкан.— Кел, Фронт, отур!..

Фронт алардын жанына келип отурганда, бир топ жигиттер туруп келип кол беришип, Фронттун жинин аябай келтиришти.

- Кызыксыңар, - деди ал акырын унчугуп.— Жеңилген кишини да куттуктайбы? Силер ушу мени шылдыңдап жатасыңар го...

- Жеңилсең дагы кечээ мыкты ойнодуң! - деди кимдир-бирөө.— Сөзсүз эле жеңиш керекпи. Жеңилсең дагы сенин бүткүл ыкмаң, ойноо манераң элге абдан жакты. Жеңилип калдың... бирок, сен үчүн сыймыктанууга болот!

- Ишенсеңер жүрөгүм күйүп турат. Ачууну ачуу басат дечү эле... Ошон үчүн бир аз ичип койсом эч нерсе болбос!

- Ичпейсиң! — деди Омо.— Эмдиги беттешүүгө чейин эч нерсе ичпейсиң.

- Эмдиги рингге чыкпай калдым го сыягы...

- Эмне үчүн?..

- Эгер рингге чыксам, биринчи раундда эле тигини накаутка жыгышым керек, ал эми оюн экинчи, үчүнчү раундга созулса, анда мени сөзсүз сулады дей бергиле!

- Кантип?.. Эмне үчүн ошондой болмок?

- Мен мурун анчейин маани бербей жүрчү элем. Эмнегедир жакындан бери беттешүүнүн кызуу учурунда беш минутача колдорумдун каруу тарамыштары тырышып калчу болду. Врачтарга көрүнсөм, алар эч нерсе билишпейт. Көрдүңбү, кандай бактысыздык... Эгер рингге чыксам... ай эми, чыкпай калдым го... эгер рингге чыксам, тигини биринчи раундда накаутка жыгышым керек, бирок биринчи раундда накаутка жыгуу өтө сейрек болот. Биринчи раундда жыгыш үчүн профессионал болуш керек, деги өтө кыйын!..

*      *      *

Эртеси Фронт күнү бою машыгууда болду. Канчалык кийинки рингге чыкпайын дегени менен айрыкча Тинатинге жолугушкандан кийин кандай да болсо рингге чыгууну чечти. Кыздын мончоктой тунук көздөрү, татынакай келбети көз алдынан такыр кетпей койду...

*      *      *

Бир мезгилге чейин уктай албай жатты. Санаа... Опсуз ушул санаадан кантип кутулууга болот. Кыялың менен бүткүл дүйнөнү кыдырып чыгасың. Кыялың менен максатыңа жетесиң, кол жеткис кимдир-бирөөнү сүйөсүң, бирок бул санаа гана...

Ринг... Күнү-түнү опсуз ойлонуп, кечээ кечке жанчыла машыккангабы, рингге чыгары менен ал өзүнүн мурун болуп көрбөгөндөй тынчсызданып жатканын сезди. А түгүл рингге чыгып, желбегейленген халатын чечерде, эмнегедир болор-болбос калтырап да кетти, бирок ачкалыктан көзү катып, өз көлөкөсүнө бийиктен боюн урууга даяр турган жаш барчындай катуу салгылашууну укмуштай ачыга күсөп турду.

Аны менен беттешүүгө рингдин экинчи бурчуна мына азыр эле чыга келген сымбаттуу Чанчар, Эдуардга караганда да бир топ ийгиликтүү рингдердин автору эле. Чанчарга караганда Фронттун арык экенин көрүп, Тинатин аны абдан аяп кетти.

- Ай, ата... Чанчардан сөз жок жеңилет! — деди Асанкан.

- Кап десеңчи! — деди Омо.— Чын эле бүгүн чындап таяк жейт экен. Мен башка менен беттешет ко деп ойлодум эле...

Биринчи раунд аяктаарга жакын жүрөгүнүн үшүн алып коёюн дедиби, Чанчар Фронтту рингдин тиги бурчунан бу бурчуна камап, күйөрмандарынын моокумун кандыра таамай урганда Фронт артын көздөй темтеңдеп барып, аз эле жерден учуп түшпөй калды. Аңгыча судьянын ышкырыгы угулду.

Алар өз орундарына келип отурушту. Фронт жаактарынын карышып калганын сезди. Ал тигини биринчи раундда жеңүүнү ойлогон эле, тескерисинче, аз-аз жерден өзү жеңилип кала жаздады.

Демиге чалкалаган ал, капысынан алдыңкы орунтукта отурган Тинатинди көрдү. Тинатин ага ынтыла жылмайып, кол жазгады.

Фронт дароо кайратына келип, Тинатин күчүнө күч кошконсуп кайрадан катуу чабуулга өттү. Үчүнчү раундга күчүн сактамак кайда. А түгүл экинчи раунддун аягында тарамыштарым түйүлүп калабы деп чочулады. Анын мээлейи таамай тийген Чанчар түзөлө калып, ичинен «Көп эле тыңсынбасаңчы, үчүнчү раунд деген да бар» — дегенсиди. Бирок, Фронт болгон күчүн үрөп Чанчардын шаштысын алып жиберди. Эки ирет таамай тийген муштум, анын атаандашы оңой эмес экенин айгинеледи. Оор мээлейлер бири-бирине топтой ыргып, күрөш болуп көрбөгөндөй курч мүнөзгө айланды. Фронттун оң колунан сол колу, сол колунан оң колу өтүп, таамай тийген муштумдар Чанчардын шаштысын кетирди, ызалана түшкөн Чанчар сол колу менен таамай уруп калды. Фронт эки чимирилип барып, кийинки муштум тийгенде учуп түштү. Судья эсептей баштады.

- Бир... эки...

Ал ордунан дароо ыргып турду. Көздөрүнөн от чачырап, эриндери бек кымтылып, сол колу менен титиреңдей жазгап өтүп, анан оң колун күчөнө таамай шилтеп калды. Дагы бир... дагы, дагы, дагы...

- Мына-а! — деп Омо кыйкырып жиберди.— Көрдүңөрбү... анын оң колу бир иштесе, мына ушинтип гана сулата коёт!

Чанчар ыкшоо өйдө болду. Башы кеңгиреп, колдорун зорго көкүрөгүнө алды. Бул учурда Фронт аны камынта койбой үстөккө-босток сабап кирди. Мына... экинчи ирет Чанчар тосмого ала салып кетти. Колдорун жайып барып, чалкалай түшкөндө, оор мээлей дал ээкке тийди. Чанчар денесин тосмого таштап, такыр түзөлө албай жатты.

- Ох, ата, боксто мынчалык моокумум канган эмес! — деп Асанкан алаканын шак коюп, аябай толкунданып кетти.

Чанчар өйдө болду. Сол колун төмөнтөн кыска шилтеп, оң колу менен урарда, Фронттун мээлейи озунуп барып дал маңдайына тийди. Чанчар турган ордунда бир тегеренип алып, анан бүкчүйө түшүп, мээлей менен бетин басты. Фронт анын ушул учурунан пайдаланып дагы урууга умтулду, бирок оюндун заматта мындай болушун күтпөгөн судья:

- Урба... ал ансыз деле азыр накаутта! — деди.

Чанчар араң дегенде кайрадан түзөлө калып, рингдин ортосуна чыкты. Көл-шал терге түшүп, биринчи раунддагы спорттук сымбаттуу манерасын ал азыр таптакыр жоготуп койду. Бирок, ошого карабай, колдорун дале көкүрөгүнө ишенимдүү алып, акыркы ирет өзүнүн мыкты ыкмасына өтөрдө, анын сол колун Фронт дароо төмөн кагып салды да, оң колу менен Чандарды дал маңдайга уруп жыкты.

Судья саноого өттү:

- Бир... эки... үч... төрт... беш...

Ал канчалык өйдө болууга аракеттенсе да, шайманы келбеди.

- Алты... жети... сегиз... тогуз...

Чанчар тура алган жок.

Судья Фронттун колун жогору көтөрдү.

- Аа-а-а! — деп күйөрмандар бир ооздон кыйкырышты.— Азама-ат!.. Ойносо, сендей ойносун... азамат!

Фронт рингдин бурчуна келип турду. Жаны жер тартып, азыр жыгылып түшчүдөй алсырап, тосмого жөлөнүп туруп, өзүн көздөй жүгүрүп келе жаткан Тинатинди көрдү.

Анын колунда бир тутам гүлдестеси бар эле...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз