Насирдин Байтемиров:  Кирпи

  • 30.08.2021
  • 4199

АҢГЕМЕ

Адам болсун, айбан болсун, ар кимдин сыры, кулк-мүнөзү, ал түгүл эмнеге жакын экени, колунан эмне келери бара-бара билинет.

Момун болсо Арпачыны жегенден кийин алпарып талаага таштаса, аз эле убактын ичинде жапайы мышыкка айланып кеткени белгилүү. Кандек дале жүрөт. Анын зыяны жок. Пайдасы бар. Пайдасы бар дегеним, короого чоочун киши болсун, ит, ал түгүл мышык, мал болсун, такыр киргизбейт. Өзгөчө мал кирсе жаман да. Заматтын ортосунда кылгылыкты кылбайбы. Кыйла жылдан бери көгөртүп алган огороддун ишпалдасын чыгарат. Сындырып, бүлдүрүп кетет. Жегенинен да ошонусу жаман. Кандектин короого келген малга үрүп, короону коруп турганы да чоң жардам.

Эмесе ошо Кандек туурасында азыраак айта кетейин.

Бирдеменин шегин билип, же короого чоочун көз келип калганда гана үрөт. Анын үстүнө ал чоочун көздүн баарына эле үрө бербейт. Адамды түрүнөн, кийиминен баамдайт. Өзгөчө көзүнөн баалайт. Жакшы кишиге, жакшы итке деле үрбөйт. Жаткан жеринен баш көтөрүп бир карап алат да, кайра санаасын бөлбөй жата кетет. Жаман көргөнүнө башкача мамиле кылат. Ордунан атып туруп, качырып сала берет. Үнү да бөтөнчө ичке эмеспи, чырылдап-чыркырап тыягына бир чыгып, биягына бир чыгып үрөт. Тыштан уккандар тим эле балаа болуп кеттиби дегендей. Неси болсо да ошентип жатып көчөгө айдап чыгат. Ошондо да кетип калбай, башын бир жагына улам кыйшайта берип, дал кичинекей капканын чоко ортосуна тепейип отуруп алат, маал-маалы менен ууртун жаланып коюп. А болбосо, Кандектин бары да, мында болгону, болбогону да билинбейт. Таң аткыча үйдүн каалгасынын жанында, таң аткандан кийин тиги огородго, каалаган жерине барып жатып алат. Кааласа ал бир жалбырак астына деле батып кетет эмеспи.

Ошондой күндөрдүн биринде кокусунан кырсык болду. Добул түштү. Добул жаман, анан, өзгөчө сел жаман. Экөө тең — тилсиз жоо.

Жай айы эле. Көптөн бери жаан жаабай, жер кагырап катып калган. Ысыктан чыдай албай каршы-терши ча-арт жарылып кеткен. Андай чакта суу азаят. Суу жетпей эле чапкылап жүргөн кишилер. Эгин түгүл, бак-дарак куурап баратат. Өзгөчө жүгөрүлөргө кыйын болду. Жалбырактары бүрүшүп, бүрүшүп, түтүктөлүп келип шылкыйып калды. Эгиндер саргайып кетти. Ошентип турган кезде бир күнү күн бүркөлдү. Көздү ачып-жумгуча дегендей, апачык турган асманга капкара булут пайда болду да, ана-ан шамал келди. Ду-у, ду-у, качыр-кучур, калдыр-шалдырт этип, какчыйдай каткан жердин чаңын асманга сапырды. Кээ бир үйдүн чатыры аңтарылып барып делп этип түшүп калып жатты. Ошо жылы жемиш багы көп мөмө салган. Шагын көтөрө албай турган дарактардын көбү шамалдан жапа тартты. Туруштук бералбай кыйрап калды. Жолдо келаткан машиналар ордунан жылбай калды. Карыш жерди көргөзбөй бырыксыган чаң. Талаада суу сугарып жүргөн сугатчылар чоң арык ичине, же эрбейген бак түбүнө жашынышты. Болбосо шамал жөн эле учуруп кетчүдөй болуп, ары-бери темтеңдетип айдады. Анан бир маалда шамал басыла түштү. Артынан азыраак жаан тамчылап келип, о-о, бир маалда добул урду дейсиң... тим эле жер бетин кызыл камчыга алып сабады. Ушунчалык чоң, ушунчалык коюу, жыш түшкөн мөндүрдү мен угалек болчумун көрмөк түгүл. Пай-пай-пай, ошондогунун жүзүн ары кылсын. Тышта калган адам түгүл, мөндүрдүн сабаганынан киши бакырып ыйлап, уй мөөрөп, жылкы кишенеди, байлоодо турган жеринен төрт аяктап жер чапкылап. Ансыз да суусап шүмүрөйүп турган жүгөрүлөрдүн мулжуюп, мулжуюп эле дүмүрү калды, дүмбөгү калды. Буудай, арпа, кызылчасы болсун, ал түгүл бедеси болсун, жөн эле мүлжүлө түштү бир паста.

Же туман экени, же буу экени, же булут экени билинбейт, боз чаңгыл тартып сабап жатат. Асмандан эле бирин бири койгулап келип жерге түшкөндө мөндүр чачырап, чачырап кетет. Ары-бери ыргыйт. Тим эле миңдеген муздак, муз жумурткалар ыргып, сабашып жаткансыйт. Жер бетин тоголок, тоголок муз каптады. Ысык жерге тийген соң бат эле эрип кеткени көп. Шыркырап ага баштады. Арыктар толо мөндүр акты. Эңкейиш тандап кетип жатты.

Тышка чыгууга мүмкүндүк болбой калды. Адику атасы экөө бая шамал сого баштаганда эле үйгө жетишкен. Болбосо, тышта калса бул добул оңдурмак эмес.

Тиги там артынан кандек тынбай үрүп жатты. Кээде үрүп, кайта басыла калат. Аздан соң кайта эле үрөт. Адикулар билчү. Бирдемеге боору ооруганда, жардам сураганда ушинтип үрчү.

Балта эки ирет эшикке чыгууга аракет кылды эле, эки-үч кадам шилтегиче мөндүрдөн уулугуп кайра үйгө кире качты. Ал чакта Кандек үнү да басылып калган.

Добул жарым сааттан көбүрөөк түштү окшойт, ошол аз убактын ичинде эле бул аймакты курутуп салды. Кандай келсе, ошондой эле басылып калды. Асмандан булут сыйрылып, күн көрүндү. Ысык аптап жай күнүн кышка айлантып, жер бети аппак эле болуп калды. Ошондо гана Балта тышка чыкты. Жемиштен, огороддо айдалган андай-мындайдан эчтеме калбаптыр. Капуста, помидор, кулпунай, пияз, сабиз дегендерди мөндүр алып кетиптир. Аны терип-тепчип айтуунун кереги не, кыскасы, эң жаман болду.

Жаратылыштын сыры укмуш ээ? Кийин белгилүү болду, ушул эле жерге, аз эле аймакка түшкөн экен добул. Башкалар жабыр тарткан жок.

Балта үйдүн арт жагына басса, ары жак шыбырт-шыбырт этет. Карай калды. Э-эй кызык, баягы Кандек. Тумшугу менен түрткүлөп бир чоң кирпини, кирпинин бир баласын дагы үйдү көздөй апкелатат. Улам түртүп коёт да, азга карап калат. Кирпинин чоңу да, кичинеси да топтоголок болуп кыймылдабайт. Майда-майда кылкандары гана көрүнөт.

Балтаны көрүп, Кандек кыңшылап жиберди. Жардам сурады. Байкуштар музда үшүп өлүп калат. Алып кетчи үйгө. Жылытчы. Бирдеме берчи дегенсиди. Чуркап келип Балтанын бутуна жыгылды. Бутун жалап жиберди.

Балта барды да, эне кирпи менен бала кирпини көтөрүп үйгө келди. Тамдын бурчуна койдун жүндүү терисин таштап, үстүнө тиги экөөнү койду. Ошо бүрүшкөн калыбында, өлүү экени, тирүү экени билинбей, эки кирпи көпкө жатты. О-о, бир маалда кыбыр-сыбыр этти. Экөөнөн тең асты менен карарган, ичке тумшук, жылтыраган көз көрүндү. Анан мыйтыйган, сулуу буттары чыкты. Көз алдыда аларга жан кирди. Калтырай башташты. Бияк-тияктан бирдеме издегендей болушту. Тамак жегилери келип жатканын Адику да түшүндү.

Аларга жакын эле жердеги бир колхозчунун ую бар болучу. Күн сайын ошолордон сүт апкелип коюшчу. Сүт бар эле. Кичине табакка сүттөн куюп, тиги эки «меймандын» астына тартышты.

— Ич, ич. Сүт. Таза сүт. Ириген эмес.

Кирпилер адамга жакын келет. Бат көнөт үйгө. Канчалык көп сүйлөшө берсе, ошончолук бат кулактары канып, ар кимдин үнүн тааныйт. Ал түгүл эмне деп жатканын деле баамдап түшүнөт.

Кирпи меймандар сүткө тоюп алышты. Биер аларга жагып калды окшойт. Энеси баласын ээрчитип алып үйдүн ар бир жерин көрүп чыкты. Анан Адикунун керебетинин баш жагындагы бурчка барып укташты. Андан соң алар күндө өз эркинче болушту. Кааласа сүт ичишет, кааласа тышка чыгып келишет ээрчишип. Татынакай көрүнөт. Бакма кирпилерге айланып калышты. Кээде ал экөө тышка чыкса, кызыгып отуруп алысыраак кетип калышса, жоголуп кетет деген коркунуч жок. Кандек бар да. Ал көз кырынан кетирбейт. Алардын жанына туруп алып, жаагын жанып үрө берет, үрө берет. Кийинки кездерде анын эмне үчүн үруп жатканын Адикулар даана билишчү болду. Ит үрүп атканда ойлоп турбай эле барып кирпилерди алып келишет, Андан соң Кандек басылып калат. Бир чоң иш бүтүргөндөй болуп, өзү да ыраазы.

Күндөр зымырап өтө берди. Бала кирпи чоңоюп калды Энесинин артынан калбайт. Тамак жаатынан кам санашпайт. Адику сүттү дайым куюп коёт. Деле алардын табагы бөксөрбөйт. Тышка өздөрү чыгат, кечинде өздөрү келет. Баягы ордуна жатып алышат.

Балта огород сугарып жүргөн. Күн ысык болчу. Чак түш. Адику кеч жатып, кеч турган. Көз ачса, атасы үйдө жок. Ордунан лып турду. Ыйлачу эмес. Атасы тышта эле жүргөнүн билчү. Каалганы ачып тышка чыкты. Алардын үйүнүн килийсасы чоң болчу. Астын тактайлап, татынакай сырдап коюшкан. Ошо тактайды карап эле кандек үрүп жатыптыр. Ала-сала анын эмне эле күйүп-бышып үрүп жатканын билген жок. Ит эми Адикуга жетип келип, бутун жыттап каңшылады. Чуркап ары кетти, кайта келди. Караса, тактайда бир жылтыраган сулуу, узун нерсе жатат. Сааттын боосу жатат. Адику сүйүнүп кетти. «Алтын тура. Муну мен таптым, өзүм алам» деп ойлоду. Бирок ал кармаганы баратып токтой калды. Кыймылдап жатат, ал түгүл... Бою жыйрыла, шекший карады. Ооба, ал сааттын боосу эмес эле... Көзү да бар экен. Ал түгүл.. тилин чыгарып жатпайбы. И-ий, бул... ооба, атасы көп айтчу, ошо.

Адику кармаганы баратып артка чегинди. Чын эле, ошол экен. Жылан экен. «Этият бол. Жылан болот жерде. Чөп аралап басканда, бирдемени жерден алганда жакшылап кара. Түбүндө жылан жатса чагьш алат. Жылан чакса, өлтүрүп коёт» дечү. Ошол тура. Анын минтип килийсанын тактайында жатышын кайдан көрүптүр. Ушундай болот экен ээ? Э-эй, жылып баратат. Сойлогону ушу го. Буту жок экен, кантип жылып баратат. Такыр дабышы жок. Кышылдайт экен ээ? Ал эмнеси? Урушуп, ачууланып жатканыбы? Тийбе дегениби? Тийсең чагам деп жатат ко? Мен тийбедимби. Неге чаккан жок? Мен билбей кармадым да. Ал ошону түшүндүбү? Билип кармасам чагат беле? Чагат дегени кандай? Тиштейби? Тиши кандай болот? Кандектин тишиндейби?

Жылан сойлоп так эле алардын килийсасынын бир бурчуна кирип кетти. Ошо жерде ийни бар экен. Ийинге киргени да башкача. Акырын жылып, уламдан улам азайып, кыскарып отуруп, анан куйругунун учу эле калды. Титиреп жатты. Үшүдүбү? Эмне үчүн үшүйт?

Тактайда күнгө кактанып жатканбы? И-и, ал жерге кирип кетпедиби. Жерде суук ко. Үшүгөндө жылынганы тышка чыгат ко.

Кандек жыландын ийининин жанына келип, ал кирип кеткенден кийин деле көпкө үрдү. Абдан ачууланып калыптыр.

Эмнегедир бала эми коркту, эми атасына карай чуркады. Өңү кумсарып, таноосу кыпчылып алыптыр.

- Атекоу, атекоу! Мен жылан кармадым, жылан. Тирүү жылан кармадым. Узун экен. Сулуу экен. Нымдалышып туруптур.

- Эмне дейт? Кайдан кармадың?

- Мен сааттын боосу экен дегем. Сенин саатыңдын боосуна окшойт экен. Жылтылдап турат экен. Ошону кармадым.

- Кайдан дейм?!

- Башы бар экен. Көзү бар экен. Жылтырап турат экен көзү. Тили бар экен. Жалмаңдап турат экен тили. Капкара болот экен. Мени көздөй башын бурду.

- Ой, кайдан? Качан?

- Эми эле деп атпаймбы. Килийсада деп атпаймбы. Супсулуу, узу-ун жатыптыр. Анан мен барып кармадым. Сааттын боосу экен деп, өзүм алайын деп.

Атасы чындап эле коркту. Кайдан көргөнүн сурап, баласын колунан жетелеп алып жөнөдү. Көрсөтүүсүн сурады. Көрсөттү, Адику, кайдан көргөнүн, кантип көргөнүн атасына айтты.

Эки кирпи аябай үйрөндү. Үйгө кирип, кайта чыгып, чар тарапка чабытташат. Чабыт ойдогудай. МөнДҮРДҮн жараты азыраак айыгып, огород көгөрүп калган. Анчалык болбосо да, дурус. Суу эмеспи, жердин жаны. Эки жолу суу бергенде жандана түшкөн. Анын үстүнө кийинки күндөрдө эки жолу күнү-түнү менен жаан төктү. Жакшы төктү. Көл-шалдап кетти. Тоо, токой, талаа кулпура түштү. Ырас да, жердин жаны суу да, жамгыр да. Жамгыр менен жер көгөрөт эмеспи.

Ит түгүл кирпи деле көнөт. Кандектин кандай үрүшүн алар да билип алышты. Ал дүрбөлөңгө түшүп, бир коркунучту сезгендеги үрүшүн алар сая көтиришпейт. Келип калышат, кайда жүрүшсө да. Аны чакырып, жардам сурап жаткандай сезишет. Балким алар деле билишер. Алардын башына катуу күн түшкөндө ит куткарып калганын унуткан эмес чыгар.

Кандек үрдү. Катуу үрдү. Килийсанын жанынан чыкпай, ары-бери жүгүрүп, какап-чакап жатты. Огороддо жүрүшкөн экен, эки кирпи жетип келишти. Көрсө, баягы зөөкүр жылан бар экен. Килийса ага тардык кылгансып, ал эми ачык турган эшикти карай, үйдүн ичин карай сойлоп баратыптыр. Бул жаман да. Үйгө кирип алса, аны кантип чыгарат? Анын киргенин билишпей калса эмне болот?

Кирпилер карап турган жок, түз эле жыланга жетишти. Энеси түгүл баласы да корккон жок. Энеси кыйын экен. Түз эле жетип куйруктан тиштеди. Жылан мөңкүй баштады. Анын мөңкүгөнүнө караган жок, кирпи катуулап кирди. Жылан бүткөн бою менен кирпини ургулады. Урмактан урсун. Андан кирпи коркуп калмак беле. Канчалык урган сайын, жыландын өзүнө жаман. Жүздөгөн өткүр ийнелерге сайылат. Ал өзү жыландын чакканынан кем эмес. Сезсин, түшүнсүн, чагуу деген кандай болорун. Бирөөгө жабыр тарттыруу эмне экенин билсин!

Жылан чапкылап жатып шайы кетти. Акыры аны эки кирпи сүйрөп жөнөштү. Адику атасы экөө эми келишкен. Буларды көрүп таң калышты.

- Ушу беле баягы жылан?

- Ооба. Так ушу. Көрдүңбү жылтылдап турганын?

- Ырас кылган экен. Кирпилер жыланды оңой эле кармап алышат. Чагам десе, ийнесине сайыла берип куруйт. Тийбейли. Өзү билсин. Кирпилерге да мындан мурун бир ыдык көрсөткөн болуу керек. Өчү бар го.

- Өчү бар бекен?

- Ошондой болуу керек. Кирпинин баласы бирөө эле тура. Балким башкасын жылан чагып өлтүргөндүр.

- Кирпини да чагабы?

- Кичине баласы маңыроо да. Билбей, сага окшоп тумшугу менен жыттагандыр. Анан чагып алгандыр. Турмушта эмнелер гана болбойт.

- Мен деле кармап албадымбы. Чаккыча биле койдум. Колуму тартып алдым. Кирпинин баласы колун тартып алган эмес ээ?

- И-и...

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз