Динара Бейшеналиева: Төртөө

  • 06.09.2021
  • 5129

АҢГЕМЕ

Күн айланасын кыпкызыл жалынга боёй алоолонуп батып баратты. Жанагы  куйкалаган аптап жоголуп, аба салкын.

Шарпылдап жээкке урунган толкундар кайра тартылып, эзелки жападан-жалгыз ырын ырдай жаагын жанышат.

Көлдүн так түбүндө отурган бу кызга толкун бирде мойнуна чейин жете келип, бирде  буттарын жайпап өтөт.

Ал жанына келген адамды байкаган да жок. Бир караса ак көйнөкчөн келин атынан түшүп атыптыр. Аны бир карап коюп, кайра көлдү тиктеди. Келин атын жээкке ээн коё берип көлгө көйнөкчөн эле кирип кетти. Желкесине түйүлгөн олоң чачы жазыла берип, толкун менен чубалжып кошо толкуп калды. Аппак  мойнун  койкойтуп шукшурулган куш сыяктуу  агым менен тең жарышып сүзүп, бирде чалкасынан түшө чабак уруп, каалгып калат. “Кудайымдын калыстыгы жок, бирөөлөргө ушундай сулуулукту берип”. Кыз өзүнүн мыртыйган колу-бутуна, чүйтөйгөн денесине бир көз жүгүртүп алып, кайра келинге тигилди. Келин суудан чыгып келатты. Укмуш! Ал жанагыдан да сулуу көрүндү. Жыгач уста оюп отуруп жасагандай денесине көйнөгү чыпташып жабышып, кум шилеген чачынан суу шорголоп тамчылайт. Келин кыздын жанына отура кетти.

- Көл ушул маалда сонун болуп калат да, чыккың келбейт, - деди көл тарапты караган калыбында.

Кыз “ооба”, же  “жок” деген жок.  Келин анын жана эле бир мандеми бар экенин байкаган, бирок дит багып жанына келе алган эмес. Сууга түшөбү деген, түшкөн жок.

- Үшүгөн жоксуңбу? Суук тийет, көптөн бери отурат окшойсуң?

- Суук тийсин. Суук тийип, өлүп калайын деп отурам, - деди тигиге карап. Жанагыдан кебетеси жандана түштү.

- Кой антпе, ошондой кантип болсун, тур.

Келин кызды колунан тартып, ары жетеледи эле, тигил да араң отурганбы, шап эле ордунан тура ээрчип жөнөдү. Келин тигини кургак жерге отургузуп, атынын жанында жаткан жоолугун күүп, кыздын үстүнө жапты. Экөө тең көлгө тигилишти. Шарпылдап жээкке урунган толкундар кайра тартылып, эзелки жападан-жалгыз ырын ырдай жаагын жанышат.

- Күн да батып кетти, мен кетейин.

Келин ордунан тура ары басты. Тигини таштап кетмек эмес, эмне дейт, артыман басабы дегени го. Бирок тиги неме  жанагы калыбынан  былк этпеди.

- Ай, сиңдим, тур, турагой, сен да кет. Үйүңдөгүлөр кабатыр албасын.

- Үйүм жок, эже. Үйүм ушул ачык асмандын асты... өлүп эле калбасам... Өлсөм асман да кууп салат.

Келин кайра келип, тигинин жанына көчүк басты.

Бетин жык эле сепкил баскан  бу чаар кыздын көзү да шишимик экен. Же ыйлай берип шишип чыкканбы, ким билсин. Ээктери чарт-чарт жарылып, кубарып чыгыптыр. Келин атына арта салынган кичине баштыкчасынан жарма, бир туурам эт, кичине нан алып чыгып кыздын алдына койду.

- Ич, тамактанып ал, калган көйгөй болсо анан чечээрбиз.

Кыз жарманы челеги менен көтөрүп кылкылдатып жутуп кирди. Анан нандан бурдай сугунуп, кайра жарма жутту. Курсагына бирдеме баргандан кийин гана этти эки колдоп кармап, ширесин таткансып шашпай жеп кирди. Келин андан көзүн алган жок. Бир топтон кийин гана өзөгүнө түшүп кеткен сыңар шалдырап отуруп калды.

- Менин атым Асыл. Асыл эже десең болот. Сенин атың ким? - деди келин кызга кайрылып.

- Калбү.

- Калбү, бу жерде эмнеге отурасың?

- Өгөй энем үйдөн кууп чыкты.

- Эмнеге?

- Боюмда бар. Мурда бөбөктөрүмдү каралашып, батып жүрчүмүн. “Сени багамбы же балдарымды багамбы, жоголуп кетчи”, - дейт.

- Атаңчы?

- Ал согуштан кайткан жок.

- Канчадасың?

- Он алтыга чыгам ушул күздө.

Асыл унчукпай калды. Экөө тең көлдү тиктешет. Шарпылдап жээкке урунган толкундар кайра тартылып, эзелки жападан-жалгыз ырын ырдай жаагын жанышат.

Асыл өзүнүн жети жылдан бери төрөбөй  жүргөнүн ойлодубу же согуштан кийинки ушул каатчылык күндөрдө баласы менен бу бала неме каякка барат, кандай жан багат дедиби, айтор, үнсүз мелтиреп отурду бир ордунда.

Бир убакта ордунан турду.

- Жүр, жүрөгой, сиңдим, үйүбүзгө кеттик.

Калбү да үн чыгарбай ордунан туруп, Асылдын атына учкашты.

- Калбү?

- Ов, эже?

- Сенден менин бир эле өтүнүчүм бар, боюмда бар деп эч кимге айтпа. Мен уктум, анан Кудай билсин.

- Макул, эже.

*     *     *

Чачы-башы жуулуп, таралып, курсагы тоюнуп, уйкусу тынчый түшкөн Калбүнүн көзү кадимкидей жалжылдап, жүзү нурданып калды. Асыл аны күйөөсүнө көрсөтпөй өзүнчө бир үйдө багып атты. Кичине өзүнө келип алса анан көрсөтө берет. Бул ортодо Асылды ой басты.

Асылдын бир буту жок төкөр күйөөсүнүн ачуусу да бир топ. Камчысын ала жүгүрмөйү бар. Согушка чейин экөө бир-эки жолу кыз оюнда жолуккан. Андагы кебетеси кандай эле, ким эле – эсинде калбаптыр. Бирок Алымбек аны жактырып, акылынан адашып калган имиш. Өзү айтат: “Сени ойлоп жүрүп согуштан аман келдим” деп. Немистер мизинен кайтып, согуш ортолоп калган мезгил эле Алымбек келген маал. Жаштык кылдыбы, же мунжулугун аядыбы, же үйүндөгүлөрдүн сөзүнөн чыга алган жокпу, айтор, ага турмушка чыкты.

Айылда эркек жок, бригадирлик милдет Асылга жүктөлгөн. Күнү-түнү чапкылап тыным албайт. Согуштан кийин деле өзүң иштей бер деп болбой коюшту. Колу жок, буту жок келген эркектер жардамчылык милдетти аткарышат. Күйөөсү  колхоздогу мал-салдын жем-чөбүн көздөйт.

- Мен сага төрөп бере албадым, аял алып берейин, - деген бир курдай көкүрөгүндө уюп жүргөн оюнун чет-жакасын чыгарып.

- Эмне? Энеңди гана урайын канчык, оюң бузулуп, кеткиң келип калдыбы, ыя? - деп кепке-сөзгө келбей эле камчы салган ушул эри. Андай таяктын канчасын жеди.

Эл-журт Алымбекти сөз кылганда эле аялын кошо кошуп сүйлөшөт.  Асылдын сулуулугуна шайкеш тазалыгы да бар эле. Ичинин тазалыгын бир айтып, сыртынын тазалыгын миң айтып түгөтө алышпайт. Талаа-түздө эл менен чаң-чуңда эле жүрөт, боз ала болуп иштеп. Эртең менен эле баягы ак көйнөгү аппак, ак шалысы шуудурап. Эл уйкуга киргенде көйнөгүн чечип-жууп, бир-эки кыз-кыркын менен от жага коюп, жалынга кактап кургатып, эртең менен иштебеген, жүдөбөгөн аялдай койкоюп чыга келет. Бир тал чачы сапырылбаган музсулуу неме, маңдайын бырыштыра бүшүркөп же бетин алаканы менен баса калып күлүп, бетин алаканы менен баса калып ыйлаган аял кылыктардан алыс баатыр кебетеленген маңкайган асылзаада жан. Ошон үчүн да ага анча-мынча эркектер оңой менен сүйлөй алышпайт. Күйөөсү эле кыйың-пыйың деп бирөөлөрдү жабыштырып калат...

Кандай кылып Калбүнүн кабарын билдирет ага?

Бүгүн жума. Асыл күйөөсүнө жакшылып даамдап тамак жасады. Дасторкон жайды. Жыт чыгарып, боорсок кылды.

- Эмне, үйгө бирөөлөр келеби? - деди дасторкон четинде отурган күйөөсү жаздыкка чыканактаган калыбында.

- Жок, айда-жылда биз деле өзүбүздү сыйлап туралы да.

Асыл күйөөсүн карап жылмайып койду. Аялына ичи элжиреген Алымбек жүзүнө кызыл жүгүрүп, чайдан ууртады Асылдан көзүн албай...

*     *     *

Аялдын чаңырыгынан улам  кошуна-колоң үйгө топтолушкан. Асылдын кулак тушунан шүйшүңдөп кан агып атты.

- Алымбек, акмак турбайсыңбы, ыя! Асылдай аялды төбөңө көтөрбөйсүңбү. Өзү төрөй албагандан кийин, аял алып берип атса сүйүнбөйсүңбү,  сен акмак! - деген Жумаалы аксакал албууттанды Алымбекке.

- Камчы чапкан кандай болот экен, мен да чабайын, - деп атты ал чындап күйүп.

- Асыл кетип калат.

- Кетип калса жакшы болмок сенден. Бирок Асыл акылдуу жан турмушун бузбайт.

- Кетпейм мен. Мен сенден эч жакка кетпейм, - деди  Асыл күйөөсүн жекире тиктей.

- Ой, Алымбек, арбак урган, камчы көтөрөрдөн мурун сөзүн укпайсыңбы биринчи, өлтүрүп коё жаздапсың го! - деди Төрөбай аке.

Келген кемпир-кезек да, бир-эки каарып, акырын айтканы акырын айтып, айтор, жөн туруп калышкан жок.

Алымбек тагдырына макул болгондой жер тиктеди.

Келгендер бака-шака дасторкон четинде шаңдуу. Согуштун кесепетинен айылда шаан-шөөкөт деле азайган...

Бөлмөнүн ичине түшкөн Айдын шооласынан улам  эки тизесин кучактап үңкүйүп отурган ич көйнөкчөн аялдын элеси даана көрүнөт. Бул, Асыл. Оюна эмнелер келип, эмнелер гана кеткен жок.

Ооба, мен аялмын дейт Асыл шоола түшүп турган терезени тиктей. Мен да тирүү жанмын, мен да  күйүп-жанып жашагым келет. Согуш болбосо ушундай күндү көрөт белем? Тагдыр экен деп турмушумда кездешкен жамандык, жакшылыктын баарын кабылдадым. Баш ийдим. Баш ийбеске аргам жок. Бирок тирүү жүрүүнүн өзү өлүм менен өмүрдүн күрөшү экенин, ушунчалык тытынмай, жүгүрмөй экенин  али да болсо аңдабапмын... Минтип... Мындай болорун ким билиптир... Барибир ал менин бала кезде баш кошкон өмүрлүк түгөйүм эмеспи. Таш эле болбосоң ичиң тызылдайт экен...

Ооба, мындайынан караганда төртөөбүз тең бактысызбыз. Кыргын алып келген согуш апаатына такаат жол-жашоо. Адам тукуму уланыш керек. Келечектеги бала үчүн дагы, ал баланы балам деп алданып калчу эриме да, жалгыз калчу мага да, талаада калчу Калбүгө да башка жолдордун эң жакшысы ушул. Тирүүлүк. Биздин, төртөөбүздүн тең ошол жолдо өлбөй өмүр  улаганыбыз – жеңишибиз. Бирок амандыгыңды адамдыгың менен кошо сактап калуу азап экен... Азап экен...

Асылдын көзүнөн аккан жаш ээ-жаа бербей куюлуп атты....

*     *     *

Калбү жети айлык кылып төрөп койду. Бирок эркек бала болгонгобу – балканактай тимеле. Сүйкүмдүүсүн айт. Асыл баланы бооруна кысты. Эмизбесе да көкүрөгү балкып, энеликтин чексиз бактысын туюп атты.

- Биздин уулубуз, атасы.

- Ээ, Кудай, ушу көрсөткөн күндөрүңө шүгүр. Алымбек кубанычтан жашып турду.

- Уулум менин, Тилегим. Уулумдун аты Тилек. Элиме аман келсем, балалуу-чакалуу болсом дечү элем. Мына, тилеген тилегиме жеттим.

Алымбек ымыркайдын чекесинен шуулдата жыттады. Асыл баланы алып, Калбүгө берди.

- Сүт жакшы эле келип атабы? Өзүң жакшы элесиңби?

- Ооба, эже, жакшымын. Баары жакшы, - деди Калбү маңдайы жарыла сүйүнүп.

- Мейли, уулуң экөөң жакшы эс алгыла. Мал сойдук, ысык-ысык шорпо ичсеңер бат эле ирденип кетесиңер, - деди  жүзү жаркырай.

Эне-баланы бөлмөдө ээн калтырып, күйөөсүн жетелеп сыртка чыкты.

- Сен ушу кыз байкушка жакшы мамиле кылган жоксуң. Байкуш кыз сенен коркуп жүрүп айына жетпей төрөп койду.

Асыл көзүнүн кыйыгы менен күйөөсүн астыртан карады. Алымбек бу сапар да күнөөсүн сезгендей жер тиктеди...

*     *     *

Тилек баладан башкача акылдуу чыкты. Шаардан билим алды. Эмгегимди элиме арнайм деп дилгирленген немени районго чоң кылып жөнөтүштү. Ал кезде билимдүүлөр тартыш эле. Чу дегенде эле өзү окуган жепирейген мектептин ордуна заңгыраган мектеп салдырды. Токой чарбасын өнүктүрдү. Элдин баарын ишембиликке чыгарып канча миң көчөт тигишти айылга. “Куураса отун, өссө курлуш ишине жарайт. Отурбагыла, тургула, иштегиле”,- деп өзү кошо чуркап, дегеле жаны жай албайт.

Алымбектин баласы деп эл оозуна алынды.  “Ата сыйлаган Алымбек төкөрдүн баласындай болор  атаганат, атасы өтүп кетпейин алдынан кыя баспайт” -дешет тамшанышып. Алымбек да уулунун артынан мыктыларга улагалаш. Каэрде жүрсө да орду төрдө.  Уулума көз тийбесе экен деп корчолоп  Асыл жүрөт.

*     *     *

Асыл өткөн күндөрүн таразага салып, күнчубактап отуру эшиктин астында. Кай кылыгын айтат Алымбектин.  “Чаар катынды көргөндө, дене боюм дүркүрөп турат”- дечү. “Ок, антип айтпа, жаш неменин көңүлү ооруп калбайбы. Кантсе да сага бала төрөп, бир башыңды эки кылды. Бар, жанына бар, чочуп калбасын” деп өкүм-зордук менен жөнөтүп турар эле. Кээде Калбү байкуш эмне жакшылык көрдү деп,  өз акчасына белек-бечкек алып, “Муну сага Алымбек алып келиптир”- деп көңүлүн көтөрөт. Күлгүн жандын гүлү бат эле күбүлүп түшүп, күндөрдүн шуулдап өткөнү кызык. Жердин үстү сындан өтө турган, сыйлыгы акыретте болору кызык. Бири-бирин сүйөп таябаса кең дүйнө да тар болмогу бар тура.  Ооба, болсоң эле жакшы бол... Башка кармап калары жок пенде турбайсыңбы...

Кийин эки эне тең  уулунан бирдей белек алышып, бактылуу болуп жүрүштү. Бирок ал күндөр көпкө узабай, Калбү дүйнө сала бербедиби. Төрөп-түшүп турган неме ошо боюнча төрөгөн жок. Өзү деле төрөй турган аял болчу, согуштун каары го. Күнөө күйөөсүндө экенин Асыл жакшы билет, бирок унчукпайт. Баласы бар, буга да шүгүр деш керек.

Асыл, Асыл бир жолу катуу ооруду. Алымбек кемпиринин баш жагында отурган. Калбү сырттан кыйкырып ыйлап кирди.

- Асыл эже, сиз өлгөнчө мен өлөйүн. Кудай сиздин ордуңузга мына мени алсын. Сизден айланып гана кетем, - деген Калбү Асылдын жаткан төшөгүн үч айланды. Айланып жатат,  буркурап ыйлап да жүрөт. Бир убакта Асылдын аягына барып, жылаңайлак буттарын кучактады.

- Сиз бар үчүн мен адамдай жашадым. Сиз бар үчүн Тилегим туулду... Болбосо... Ошондо, көлгө сүзүп кетмекпиз...

Алымбек жашыды. Бу чаар катын деле акылдуу тура. Бул менин баркыма жетиптир. Асылымдын баркына жетиптир. Ооба, Асыл болбосо, мага алып келбесе, каяктан балалуу болуп, очор-бачар болот эле...

*     *     *

Ошондон туура бир ай өткөндө Алымбек дүйнө сала берди. Жарым жылдан кийин артынан Калбү кетти.  Алымбекке анча ичи эңшерилген жок, Калбүгө күйдү эмнегедир. Көрсө, жалгыз сырдаш, муңдашы ошол экен. Асыл Калбүгө көйнөк-көнчөгүн белек кылса, ал байкуш тамагын жумшактап жасап берип, кийимин үлпүлдөтө жууп, үзүлүп-түшүп сыйлап турчу эле. Адамга жөлөк керек тура.  Ошондо, кызды ажалдан куткарбай эле, Асыл өзүн кунарсыз жашоодон куткарган тура. Жашоомду бапыратып майрам кылган ошол чаар кыз болбодубу. Көзүн карап турсаң да камчысын сүйрөй чуркаган күйөөм менен күндөрүм суз болмок беле, билбейм. Бала да жок болсо....

 Өмүр ушунчалык тез өтөт экен, кечээ гана буралган жан эмес беле чиркин...

*     *     *

Тилек эки апасын тең жакшы көрөт, бирок улуу апасына жакын чоңойду. Улуу апасы бакты да өнтөлөп жүрүп. Болгон акылды да ошол апасы айтчу.

“Уулум, жакшы бол, эл адамы бол. Эмне иш кылсаң да жүрөгүң менен кыл, талаада калбайсың”. Кулагына куюлуп, бүт кан-жанына сиңип кеткен ушул сөздөр.

 Неберелерин жетелеп, Тилектин жумуштан келишин утурлай чыкты Асыл.

- Апа, жакшысызбы? Кандай отурасыз? Неберелериңиз кыйнаган жокпу? Эч-жериңиз ооруган жокпу? - деп уулу тээтиги жактан эле жаркылдап ал-жай сурап келет.

- Жакшы, уулум, жакшымын. Өзүңдүн ишиң жакшыбы?

- Баары жакшы, апа. Сиз бар, менде баары ойдогудай.

Эне-бала жетелешип үйгө кирет. Дасторкон четинде жакшы кептен сүйлөшүп, бала-чака менен бапырашып...

Бир жумадан бери Асыл төшөктө жаткан.  Бүгүн кичине жакшы. Ошого баласынын кубанып жатканы.

- Уулум.

- Ов, апа.

- Уулум.

Асыл тээ көкүрөгүндөгү эски бир нерселерин карап аткандай, оор бир нерсе айтчудай болуп унчукпай калды.

- Ов, апа, апажаным, айта бериңиз.

- Көл жээктеп келсек, жыт чыгарып, куран-пуран окусак дедим эле.

- Ой, апам, ай, коркуп кеткенимчи.

Тилек жыргап күлүп калды.

- Ошол элеби? Эртең эртең менен чыгып келебиз.

Тилек апасынын көкүрөгүнө башын койду.

- Садага болоюнум, мен сага ыраазымын, өмүрлүү бол.

Тилек көзүнүн жашын апасына көрсөтпөй аарчып атты...

Түндө түшүндө эки апасы тең  ээрчишип, көлдүн аркы жээгине сүзүп кетишти... Көл болсо эч нерсе болбогондой баягыл эле калыбында шарпылдап жээкке урунган толкундары кайра тартылып, эзелки жападан-жалгыз ырын ырдай жаагын жанып атышты...

(Басмага берилген “Бар” прозалар жыйнагынан)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз