Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы – 1

  • 07.09.2021
  • 4827

Үрөй учурарлык жана таң калыштуу жомоктой реалдуу турмушта ишке ашкан Жарандык согуштун тарыхын алгачкы жолку баяндаган эмгек бул. Анда не бир таң каларлык тагдырлар, болуп көрбөгөндөй шумдук окуялар, аруу кыялдар жана деңиз болуп аккан кан бар. Китептин тилинин жеңил жатыктыгы, түшүнүктүүлүгү, какшык аралашкан тамашалуугу жана чынчылдыгы «Россия» деген сөздү уккан ар бир окумал адамга табылгыс азык болуп бере алат.   

М.ВЕЛЛЕР, А.БУРОВСКИЙ

Акылга сыйбас жарандык согуштун кыскача тарых курсу

Тарых — бир келесоо бузук телефон аркылуу айтып берген сырлардын түйүнчөгү. Демейде тарыхты маанилүү окуялардын ырааттуу улануусу катары баяндоо кабыл алынган. Ошол эле маалда бул окуялардын ички процессинин логикасы жана психологиясы демейде эсепке алынбайт — алар алкак сыртында, тарыхчынын кызыкчылыгынан тыш калат. Натыйжада, тарыхчы башынан аяк эң эле маанилүү окуяларды катардагы эле кадыресе окуялардан айырмалай албай калат. Андай болгон соң окурмандын колуна эптеген бир «шылдыр сорпо» тиери бышык эмеспи.  

— Булар майда-барат бирдеме эмес, менин кымбаттуу Айсманым! Булар дегеле майда-чүйдө эмес! — деген экен адам пенделердин кылык-жоругун кыймылдаткыч мотивдеринин болот жиптери кээде таптакыр байкалбаган майда мыктарга бекилерин мыкты түшүнгөн гестапонун атакеси Мюллер!

Тарыхты жеңүүчүлөр жазат. Бирок ал командирдин айтканы боюнча жазмакер жазган рапортко айланат, анда биздин эрдиктерибиз, көргөн азаптарыбыз, душмандын бетпактыгы айтылат. Бул баарын таразалай турган келечек муундар жана начальниктер үчүн жазылгандыктан, айтылгандын баары эле бири бирине төп келише бербейт. Ошентсе да дымакты асманга көкөлөтүп, көөдөндү өрөпкүткөн мактаныч жаратат. 

Мен каргыш тийгир саткын аталган аскердик чалгындоо кызматынын аналитик офицери Владимир Резун жана атактуу жазуучу Виктор Суворов туурасында айтпай эле коё турайынчы. Алар ошол майда-бараттарды чогултуп бир бүтүн мозаикага айлантышты эле, андан кандай сүрөт келип чыкканын көргөн дүйнө дүңк этип, тарыхчылар онтоп жиберишкен. Жо, биз андан да тереңирек казып көрөлү. 

Гомер менен Шлимандын айтуусу боюнча гректер трояндыктар менен согушкан экен. Муну элдин баары билет. Ошондойбу? Деги бул согуш эмнеден келип чыккан? Парис деген неме грек падышаларынын бири Менелайдын айжамал катыны Елена Сулууну ала качып кетиптир. А эмнеге ала качат? Иштин жайы мындай: мурдарак гректин эң башкы үч аял кудайы Афина, Афродита жана Гера келбети келишкен жаш жигит Паристи тандап, биздин талашыбызды чечип бер деп чакырышат. Үчөө Париске бир алма беришет да кимибиз сулуу болсок ошого бер дешет. Парис алманы Афродитага берет да сый акысына Грециянын эң сулуу аялынын сүйүүсүнө татыктуу болот. Ал аял так жогорудагы Елена болчу. Бул бир. Эми жалпыга белгилүү экинчи факты: Кичи Азиянын жерортолук деңиз жээктери – Түркиянын азыркы Анадолу жээги – гректердин мекени болгон. Ошо замандарда Эфес да, Милет да, жана башка аты анчалык таанымал эмес көптөгөн шаарлар ошол аймакта жайгашкан. Гректер негизи эле чыгыштан батышка көчүп-конуп жүрүшкөндүктөн, Эгей деңизинин эки жээгине жана ал жердеги бүт аралдарга отурукташып калышкан. Фалес  Милетте жашаган. Герострат Эфесте, ал эми Парис Трояда жашаган!!! Ал жерде Менелай сыяктуу грек да, башка гректер да болушкан. Троянын тургундары бүт эле гректер болушкан!!! Ошондо эмне, грек аял кудайлары талашыбызды чечип бер дешип варварды чакырышканбы?! Же Троя гректердин аймагындагы варварлардын анклавы болгонбу? Же грек кудайларынын бир бөлүгү трояндыктарга жан тартып турганбы?! Айырмасын жөнөкөйлөткүсү келген Гомер жайнаган аралдардан келип чабуул койгондорду — «гректер» деп атап салган, бирок «трояндыктар» деле кошуна спартандыктар, итактар, фивандар сыяктуу эле гректер болушкан эмеспи. Бул жанагы Иван Грозныйдын аскерлери жалпы жонунан «орустар» деп аталган «новгороддуктар» сыяктуу эле да. Карагыла: «трояндыктар» да, «гректер» да бир эле кудайларга сыйынып, бир эле тилде сүйлөп, окшош жашоо образы менен жашап жатышпайбы! Ачыктан ачык көрүнүп турган бул чындыкты негедир эч ким көңүлгө албайт. Гомер «гректер жана трояндыктар» деп айтып койгонбу, бүттү, башкага баш оорутуп кереги не.

Ой жүгүртө албаган, көрө жана түшүнө албаган адам тарыхчы эмес. Жөн эле бир маалыматты бурмалоочу. Өзүнүн чама-чаркына жараша фактыларды тизмектеген бирөө. Тарыхты тизмектөө эч бир мааниси жок иш. Тарыхты түшүнүү керек.

Калптын саясый себептери мезгил өткөн сайын психосоциалдык себептерге алмашылып жатканын эске алганда, бул ого бетер мүшкүл иш болуп калды. Адам пендеси оюнда улуу бир нерселерге: бакубат элдин, улуу илимдин, гениалдуу футболдук команданын бир бөлүгү болсом же ошолорго катыштыгым бар экенин сезсем дейт. Күзгүгө карап сулууланып жаткан адамдай эле, тарыхтын күзгүсүнө караган адам да өз жүзүн «жакшы көрсөткүсү» келет окшобойбу! Койчу, бул майда нерсе, мобул жагын бир аз буруп койсом болот да, кал жакпай турабы, аны сыйпап коём, ээгимди бир аз көтөртүп алсам ким не дейт деген мамиле тарыхка да жасалып жатпайбы!

Ошентип атып тарыхтын темир логикасы, андагы акылга сыйгыс кокустуктар жоголот да үстүндө калкып мааниси жок бир нерселер калат. Мындай тарыхты окуган окурман таң кала суроо салат: эмне, бул ишмерлердин баары келесоо болгонбу? Алар эмнеликтен оозуна келгенди оттогон, мен түшүнүп, көрүп турган нерселерди көрө алышкан эмеспи? Анда аларың кол башчылар, саясатчылар эмей эле кайдагы бир итпай чотпайлар болушкан тура! Жо досум... Чынында алардын иштеринин мотивдери менен айкалыштарын сенден жашырып гана коюшкан. 

Андыктан тарыхты изилдейм дегендер эстеринен чыкпай тургандай кылып алаканына моминтип чегип жазып алышса болмок:

1. Качан.

2. Кайда.

3. Эмне.

4. Ким.

5. Ким менен.

6. Канча.

7. Эмне үчүн.

8. Кантип.

9. Эмнеден улам.

10. Эмнеге.

11. Кайсы түпкү максат менен.

Мына ушул он бир суроого жооп бербей туруп тарых болбойт. Себеби чындыкты айтпай коюу калпка жатат. Ал эми себептердин системасын билбей коюу акмакчылык. Өзүңдү алдатпа, өзүңдү акмак кылууга жол бербе. 

1. Аалам тарыхында масштабы, көп окуялуулугу жана болуп жаткан окуялардын ылдамдыгы боюнча россиялык Жарандык согушка тең келе ала турган окуя болгон эмес. Жер шарынын алтыдан бир кургак бөлүгүн ээлеген аймакта төрт жыл бою ондогон мамлекеттер пайда болуп, кошулуп, бөлүнүп же кыйрап турду. Ондогон элдер эгемендикке жетип, ал үчүн жакынкы жана алыскы кошуналар менен күрөшүп, эгемендигин кайрадан жоготуп да жатышты. Ондогон саясый партиялар уюшулуп, биримдиктерге биригип, бири бирине тыюу салып, акыры алар да биротоло жоголуп тынышты. Коомдогу кечеки он миңдеген шүмшүктөр башкаруучу тапка айланышты, ал эми кечеки билимдүү, иштей билген адамдар мамлекеттик кулчулукка кабылып, болгон укуктарынан ажырашты. Миллиондор качышты, миллиондор жок кылынды, ырайымсыздык акылга сыйгыс мүнөзгө ээ болуп, атуу «административдик чара» катары сыпатталды. Гиганттык империя эч бир тыш душмандын таасирисиз заматта канабайран болуп чачырады да бирок ошол эле замат ойлонулганы жана күтүлгөнү боюнча фантастикалуу социалдык эксперимент катары мурдакы чен өлчөмүндө кайрадан калыбына келтирилди.

Жер бетинде орустар жашап турганда — алар улам кайра эле өзүлөрүнүн кандуу жана жылдыздуу саатына – өзүлөрүнүн Жарандык Улуу согушуна жетүүгө умтула беришет жана андан өзүлөрүнүн эрдиктерин даңазалап, күнөөсүз аккан канга кайгыруу үчүн улам жаңы шылтоолорду таба беришет.

Империялардын күнү бүтүп, далай элдер жер бетинен жоголот, бирок өтмүштөн созулуп келаткан улуулукка умтулуунун тамыры урпактарга башын бийик көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган ширелер менен азыктанып турат. Тарых – бул өлбөстүк.

2. Жарандык согуш ойдон чыгарылган жана алгачкы жолу аны тутандыруу 1914-жылга пландаштырылган. Жыл аяктап, Европадагы чоң согуш болсо создугуп бараткан. (Аны кийинчерек Улуу деп аташып, аяктагандан кийин Дүйнөлүк деп атай башташкан, ал эми II Дүйнөлүк согуш башталган соң ал I Дүйнөлүк болуп калган.) Владимир Ильич Ульянов тезистерин так ушул мезгилден тарта жылдыра баштаган. Кырк төрттөгү Ленин карылуу, кайраты ашкан адам болуп, партиялык компанияда өзүн лидер катары жан алы калбай тастыктай билген. Үлпөттөштөр Швейцарияда отуруп алып, анын көз жоосун алган кооздугуна суктана пийвадан шимирип отурушчу, жол башчы да тунугунан бир күрүшкө алып койгонго куштар эле. Тезис болсо мындай эле, кийинчерек аны Ленин социал-демократтардын басма сөзүнө ылайыктап: «Импералисттик согушту жарандык согушка айлантабыз!» деген аталыш менен башкача тариздеп берген. Анын маңызы: кара таман пролетарий найзасын башка өлкөлөрдөгү аскер кийимчен кара тамандардан кайрып, атамекендик буржуазияны көздөй сунушу керек! Элге жапырт мынтык карматып, армия уюштурушкан. Оо! Мындай армияны социалисттик максаттарга колдонсо кандай болор эле!

Швейцариядагы жашоо албетте жайлуу, коопсуз болгону менен кишини эриктирип жиберчү. Анүстүнө Лениндин да жаш курагы өтүп калган, үстүндө үйү, жагаарга отуну жок дегендей, айтор, кыйраткан эч бир иш бүтүргөн эмес. Коопсуздук менен бекерпоздукту айкалыштыра келгенде революционерлер — дайыма кыялкечтер болушкан. Андыктан жол башчынын да кыялданганы – куралдуу эл түп көтөрүлүп, большевиктер көрсөткөн багыт менен барса, буржуйларды, жеке менчик ээлерин, эзүүчү атмайды талкалап, анан баарын ортолукка алып, социализм курса дечү. 

— Ошентип согушуп жаткан бардык армияларга! Бардык европалык өлкөлөрдөгү буржуазияга каршы тургула! деген ураан айтылды да, баары жоктун баары дүрт этти!

— Бул гениалдуу учур! Капитализм пролетариатты уюштурат, аны чогултат, аны болгон өндүрүштү, андан ары мамлекетти башкарууга даярдайт. Ал эми капитализмдин жогорку стадиясы катары империализм бул пролетариатты эбегейсиз чоң армияга айландырат, аны тартипке салып туруп өз көрүн казуу үчүн куралдандырат!

— Жолдоштор. Маркс адилеттүү көрсөтүп, Энгельс жүйөлөштүргөндөй, баарыбыз түшүнүп турабыз, социализм адегенде саны көп жана аң-сезимдүү пролетариаты бар, өнөр жайы эң өнүккөн өлкөлөрдө жеңишке жетиши керек. Бирок жалпы согуш башка да мүмкүнчүлүктү берет. Аскерий төңкөрүш бир эле маалда пролетардык да, революциялык да төңкөрүш болуп калат. Бүгүн армия — бул пролетариат! Эң башкысы — бийликти алуу! Ошондо жалын чыгат! Муну өзүбүздүн өлкөдөн баштайлы.

— Түз эле Швейцариядан да баштасак деле жаман болбос эле, жолдоштор!..

Төңкөрүшкө, жарандык согушка, дүйнөлүк революцияга багыттоо бул революционерлердин, кыялкечтердин, кара тамандардын, бекерпоздордун, фанатиктердин, жашоодон жолу болбогондордун, жатып ичерлердин, дымактуулардын, элге күйүмүш этип, акыйкат издемиштердин мээлерине сиңдирилип турган.

— Арийне, башкаруучу тап өз позициясын эч убакта күрөшү жок эле бошото койбойт, жолдоштор. Капиталист эч качан өз оокатын ме деп бере салбайт, аны ырайымсыз каршылык көрсөтүп болсо да сактап калгысы келет. Ошондуктан бул каршылыкты басуу керек.

3. Швейцария — кудай ургандай кымбат өлкө. Профессионал революционерлердин болсо иштейин деген таптакыр ою жок болчу. Биринчиден – буржуйларга иштеп кереги не, экинчиден – болгон күчтү алдыдагы күрөшкө сакташ керек эле. Дагы жакшы, социализмге ылым санаган айрым көк мээ демөөрчү капиталисттер (карачы!?) да бар эле, атап айтканда, абадан акча жасоонун генийи аталган Парвус деген неме булардын пийвасына акча ыргытып коюп турчу. Бирок согуш башталары менен акчанын агымы кан буугандай токтоду. Ошентсе да пальто, велосипед, батир акысына, «анчалык кымбат эмес ресторанчиктерде» тамактанганга акча табылып турду, анын баарына пулду кайдан алып жатышты булар?

Демек. Германиянын Швейцариядагы элчиси Мирбах болчу. Ооба, 1918-жылы Германиянын Советтик Россиядагы элчиси болгон так баягы граф Мирбахчы. Кийин аны ким жоготкон? Блюмкинби? Коё тур, ал чекист эмес беле?

Швейцариядагы элчинин кызматы — маанилүү пост эле! Европалык саясаттын жана чалгындоонун бардык түйүндөрү! Жолго салынган байланыштар, каналдар! Согуш жүрүп жатпайбы! Күтпөгөн жерден Москвага бурулган. Ооба. Өзүбүздүн большевиктерге. Сүйлөшүүлөр, акча агымы Мирбах аркылуу гана өтүп калган!

Келесоо деле түшүнөт да, эчак эле жазылып да калган: большевиктерге Россиядагы бийликти алуу зарыл болуп турат – немистер болсо Россияны согуштан чыгарып салышы керек. Максаттардын минтип төп келишкени ар кандай саясый биримдикке жагымдуу кыртыш болуп бере алат эмеспи.

Большевиктер немистерге: Бизге акча бергиле! Ошондо биз силерди эки фронтко согушуудан арылтабыз! Алтургай, карыздарыбызды ашыгы менен кайтарып беребиз! Себеби бийлик биздики болот дешкен. Тигилер болсо: Гут. Биз силерге акча беребиз. Силердин революцияңарга да жардам кылабыз. Бирок жеңишке жетишкенден кийин силер бизге төлөп бересиңер... анда азыр эле биздин келишимдин пункттарын такташып, сүйлөшүп алалы дешет.

Большевиктердин колуна немистерден тийген акчаларга саясат, ачыктан ачык айтылган сырткы согушту ички жарандык согушка айлантуу иши каржыланган.

4. Жарандык согуш деген эмне? Бул убакытка жана мейкиндикке созулган куралдуу чыр-чатак. А революция деген эмне? Бул бийликтин саясый-социалдык түзүлүшүн алмаштыруу, сокку уруу менен чечилген көптүр же аздыр куралдуу чыр-чатак.

Башкача айтканда мындай: силер социалдык революцияны баштачу болсоңор, анда көп нерсесинен ажырап калар адамдардын ага сөзсүз каршылык көрсөтүүсүн алдын ала көрүшүңөр керек. Андай адамдар көп болот. Силер революцияны процесстин биринчи этабы катары баштайсыңар, ошол эле учурда процесстин экинчи этабы катары жарандык согушту да баштаган болосуңар.

Баары силердин программага көз каранды. Маселен, силер канча нааразы адамдарды өзүңөргө каршы коё аласыңар. Жашоо калыбын жана аң-сезимди канчалык көбүрөк сындыра алсаңар, канчалык көлөмдүү реформаларды пландаштырсаңар жана өз максатыңарга тез жетиш үчүн зомбулукту канчалык көбүрөк колдоно алсаңар – силер жарандык согушту ошончолук ырайымсыз жана сөзсүз боло тургандай кылып программалаштырасыңар.

Жарандык согуш — бул убакыт мейкиндигине созулуп кеткен Октябрь төңкөрүшү. Жарандык согуш — бул силердин буйруктарыңарга баш ийүүнү каалабагандык, силердин программаңарды аткаруудан баш тарткандык, силер жарыялаган мыйзамдар боюнча жашоону каалабагандык, силердин бийлигиңерди мыйзамдуу деп таанууну каалабагандык.

5. Октябрь революциясы жарандык согуштун биринчи актысы болгон деп айтууга болот. Жарандык тынчтыкты бузуу десе болот. Бул жарандык ымалага келишүүдөн принципиалдуу түрдө баш тарткандык. Жалпы жарандык келишим мүмкүнчүлүгүн четке кагуу. Жалпы жарандык келишимге баруудан баш тартуу. 4-июлдагы куралдуу төңкөрүштү эсептебегенде, силер каалаган жашоону каалабаган өзүңөрдүн жарандаштарыңар менен боло турган куралдуу күрөштүн башталышы.

Эми большевиктер тарабынан пландаштырылган Жарандык согуштун чоо жайын аңдап билгенден кийин – анын эң башкы пункттарын карап көрөлү. Мындай көз караштан демиң кыстыгып, ээгиң түшүп калат. Детектив, триллер дегендер жөн эле баланын оюну болуп көрүнөт, бул накта мина көмүлгөн талаадагы акробатика жана мык үстүндөгү секстей.

ОКТЯБРЬ ТӨҢКӨРҮШҮ

1. Улуу сыр да бул. Төңкөрүштүн тарыхый октябрь түнүндө пролетариаттын гениалдуу жол башчысы Ленин кашка башына чачкап кийип, жаагын байлана жасалма паспорту менен юнкер сакчылардан жана казактар кайтарып турган жерлерден эптеп өтүп Смольныйга таңкы саат беште гана жеткен. Аткарылчу иш эчак бүткөн маал эле: Кышкы сарай колго тийип, өкмөт камакка алынган, телеграфтар, вокзалдар бүт бойдон ээленген. Мунун баарын «саясый сойку» (Сталин кийинчерек ушинтип атаган) Троцкий башкарып жүрдү.

2. Жол башчы заматта «Жер жөнүндө декретти» жазат: анда мүлктүн баары жалпыга тегиз менчикке таратылсын дейт. «Владимир Ильич, бул эсерлердин агрардык программасы эмеспи! Биз коммуналарды түзмөк эмес белек!» дегендерге: «Биз, атакеси, мужиктерди эч кандай эсерлерге бербейбиз!» — дейт көөнү куунак Ленин.

3. Борбордук гарнизондун солдаттары, тылдагы запаста турган солдаттар фронтко барууну түк каалашкан эмес! Солдаттар (жана матростор) депутаттарынын кеңештери: «Капиталист-министрлер жоголсун!», «Басып алууларсыз жана акча өндүрүүлөрсүз тынчтык үчүн!» (Алар жакында кандай «тынчтык» болорун, Германия Россиядан акчасын кантип кайра сыгып алаарын көрүшөт…) деп токтом кылышат.

4. Флотто эң таасирлүү делингендер анархисттер эле. Армияда болсо — эсерлер үстөмдүк кылышкан. Төңкөрүштүн жана совет бийлигин орнотуунун жана Жарандык согуштун баштапкы мезгилинин кыймылдаткыч күчү мына ушулар болду.

5. Ал эми куралдуу жана уюшулган, кийинчерек катары качкын дезертирлер менен толукталган жумушчу жоочулар – Кызыл Гвардиянын отряддары жай мезгилине карата большевиктердин жетекчилигинде уюштурула баштаган. Кызыл гвардиячылар германдык казынадан большевиктер аркылуу акча алып турушкан.  

6. «Большевиктер зарылдыгы туурасында көптөн бери айтып келатышкан социалисттик революция ишке ашты!» Социалисттер — булар: социалист-демократтар — большевиктер жана меньшевиктер, социалист революционерлер — оң жана сол «эсерлер», алар кесиптештери «эсдектерге» караганда алда канча басымдуу да, таасирдүү да болушкан. Мындан тышкары, элдик башкарууну үгүттөгөн анархисттердин бардык түрлөрү болуп, алар социалисттерге жан тартып турушкан: алар дегеле ар кандай мамлекеттен баш тартышкан, бирок кулатылган мамлекет буржуазиялык эмес беле, ошенткени менен «карапайым элдин» мамлекетин жактап чыгышкан.

Уландысы мында >>>>>

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Михаил Веллер, Андрей Буровскийдин «Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы» китебинен

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз