Дилазык: Король менен маскарапоз жөнүндө икая

  • 08.09.2021
  • 2795

Король өзүнүн падыша сарайындагы маскарапоздун колуна калпак берип, жолдомосун айтат:

– Сенден да өткөн эси жок бирөөнү кезиктирсең, бу калпакты ошого кармат!

Көп өтпөй королду ажал тооруп турган кезде маскарапоз ага көз көрсөтүп кирет.

– Король, сен келбес жайга кетер болдуң. А кайда барарыңды билесиңби?

– Жо, билбейм!

– Ал жактан сени ким тосуп алаарын билесиңби?

– Билбейм!

– Эх, король, эң маанилүү эмне экенинен камсанабадың да. Сен эми түбөлүк жайдан келбесиңди да, ал жактан сени эмне күтүп турганын да билбейсиң. Менден өткөн аңкоо, бу калпакты сен ал эми, өзүңкү!

Арийне, адамзааданын жашоосу көп учурда жалган ариет менен өтө берет тура: көңдөй башты көрктөчүдөй калпак кийип жүргөндү унутпаганы менен, андан да маанилүү – рухий дүйнөсүн сактоону – капарына да албайт. Чын-чынында адамдар Кудайдын кудуретин чындап ойлонушпай, керт башынын гана камын жеген майда-барат кызыкчылыктардан баштары бошобой жашайт.

В.С.Рягузов

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз