Белек Солтоноев: Чыңгызхан заманындагы кыргыз

  • 08.09.2021
  • 3352

Адам жана жер (Человек и земля) деген орус тарыхында Чыӊгыз хан өзү түрк болгон дейт. Мусулман тарыхында айтылганы: Мурунку угуз түрк хандары насилинен кыйат аталып биздин эранын 794-жылында Кытай жери Шамодо тиричилик кылып жүргөн бир түрк урууну монголдордун арасынан келип, аларды бийлеп келген. Бул тукумдан келген хандар ар түрлүү элди бөлүп алып сурап келген.

Чыӊгыздын бабасы Бартам баатыр менен бир тууган Хотоло хан заманында XII кылымдын ортосунда (1150-160-61) жылдар да бул моголдор Кытай императорун коркутушуп турган. Чыӊгыздын атасы Эсугей баатыр заманында бул кубаты кемиген, мунун колунда бир нече уруу эл гана калган. Булардын көчүп жүргөн жери Онон суусунун бойу болгон.

1162-жылында ушул Онон суусунун бойунда Дилигон — булак деген жерде Эсукенин катыны Олонаке бир эркек бала тууп, атын Темучин койгон. Бул бала он үч жашында атадан жетим калып, өгөй атасы Меӊлик менен дин баштык Көкчөнүн тарбиясында чоӊойуп, жардылыктан энеси жана 3-4 жаш инилери менен балык жеп оокат кылып жүргөн; эр жеткен чагында мунун кайраттуу экенин билип, Кытай каканы колго түшүрүп кетип, айда он жыл чамалуу жүрүп калып, акыры качып кутулган. Келген соӊ, түрк-татар, могол элдери менен согушуп, баарын жеӊип, 1206-жылы (барс жылы) өз кол алдында кырк алты уруу элден курултай чакырып (мунда кыргыз болбосо керек) Жеӊгис хан (Непобедимый, жаки Чын Угуз — Истинный угуз) атак алган.

Чыӊгыз канкор 1207-жылында (коён жылы) мага карасын деп кыргызга элчи жиберген. Кыргыз ал кезде Энисейдин башында болгон. Кыргызда хакан эмес, улугунун титулу «инал» болгон; кээ бир түрк элинде такка минип хан болордун тукуму ошондой болгон, не да болсо «Инал» титулу кагандан төмөн, кебетеси ал чакта кыргызда эки инал болу керек, бири — Еди инал, бири - Урус инал; Чыӊгыз канкор бул эки иналга элчи жибергенде, алар макул алып, Чыӊгыз ханга карамакчы болуп элчилерине кошуп элчи жиберген. Бир кабарда кыргыздын элчилери эки киши, бир кабарда үч киши болгон. Тартуусунун баштыгы көзү ак ак шумкар болгон, Йу-Аншенин тарыхында кыргыздын жеринде ак жана кара шумкар болгон. Кыргыздын Чыӊгыз ханга караган тууралуу тарыхчы Аблгазы кан мундай дейт:

КЫРГЫЗ КАЛКЫНЫН ЭЛ БОЛГОНУ

Чыӊгыз хан Алтан менен Турамышты мага карагын деп элчиликке жиберген, ал кезекте, кыргыздын ханы «Ырыс инал» деген киши эле; кыргыз кайта көп тартуу менен жакшы кишилерин жиберген, тартуусунун башы буту, мурду, көзү кызыл ак шумкар эле дейт. Кыргыздар монголго согушсуз караса да, 1218-жылында, барс жылы, кыргыз менен Чыӊгыз хандын ортосунда согуш болгон, ошондо монголго каршы, Байкал көлүндө туручу Тумет жана Байлук эли[1] көтөрүлүш кылган, булар кыргызга каршылаш тургандыктан, көтөрүлүштү басуу үчүн кыргыздан аскер сураганда, алар аскер бермек түгүл өздөрү каршы чыкканда, кыргызга каршы Чыӊгыз хан өзүнүн улуу баласы Жочуну баштык кылып аскер жиберген.

Булардын эроол (Авангард) аскеринин баштыгы Бука деген киши кыргызды кайта кубалап жиберип, өзү кайта сегизинчи сууну басып келген. Мунун соӊунан Жочу өзү келип муз баскан суу «Кемкем-жутту» (Энисейди) басып келип, кыргызды каратып, кайта кеткен. Монголдордун кыргызды каратканы жөнүндө алар XIII кылымдагы баатырдык эпосунда: «Жочу 1207-жылы кыргызды караткан» дейт. Бул кабарда Жочу Ойротту каратып, андан кыргызга барып аны каратып, анын баштыгы Эди-инал тартууга ак шумкар, ак ат, кара булгун (соболь) алып келип Жочуга багынган. Кыргыздан он миӊ аскер алып, жана башка токойдогу элден бир миӊден аскер алып, атасы Чыӊгыз ханга Жочу келди деген.

Ушул 1218-жылында болсо керек, кыргыз үчкө бөлүнгөн[2] «Жеӊилген хакас» мамлекети үчкө бөлүнүп, биринчиси Саян тоосун аша түн жагына кеткен. Экинчиси кыргыз аталып Абакан өзөнүнө түшкөн. Хакастардын көбүрөөгү күн жүрүштүн күн батыш жагына ооп, күн батыш Тянь-шандан жай алган.

Жогоруда жазылган Абакан өзөнүнө түшкөн кыргыз болсо керек. Чыӊгыз хан алгандан соӊ 1220-жылында кыргыз хандарынын Мамык хан уулу Тойбука, Эртиш, Тобол, Эшим, Тура суулары боюндагы жерлерди сураганда кабыл алып, ал тегеректеги жерди Тойбукага багыштаган.

Чыӊгыз канкор, залим бүткүл Кытай, Манжу, Корей, Могол, Түрк, Татарды каратып 1219-жылда Орто Азийага чабуул кылып, 1224-жылдарга жете Орто Азийаны каратып, Индустанга кирип, жалгыз Орто Азия Кытайдан 36 миллион (Кытайдан 18 миллион, Самарканд чөлкөмүнөн 11 миллион, Балык, башка шаарлардан 7 миллион) кишини өлтүргөн. Карача, Жебе нойон баштык аскери Кавказ Аша барып 1223-жылында Калькада Орустан бир канча княздары баштык 70 миӊ аскерин өлтүрүп, андан өтүп Кыпчак хандыгын кырып жоюп, элин бытыратып таратып Волганы (Эдил) кечип кайта кеткен.

Чыӊгыз залимдин 13 нойону 10 бийи болуп, бийлеринин баштыгы — Матыгы бий казак болгон нойондорунун баштыгы Соботой өмүрүндө 75 мертем зор согуш кылып, барында бирдей кыйратып жеӊген. 1220-25 жылга жете күн чыгыш Корейден тартып, күн батыш Азов дайрасынын түн жагы күн жүрүшү Индустан болуп, эки ортодогу элди кызыл канга бойоп, өрт талоон салып, кан дайрадай аккан.

Чыӊгыз канкор 17-августа 1227-жылыпда 65 жашында өлгөн. Бир кабарда жашы мындан илгери тарыхчы Жубейнинин кабарында 1251-жылында Тулуйдун улуу баласы Чыӊгыздын небереси Мөнкө хан болгондо, могул мемлекетинде бузук болуп, Мөгү нойонду баш кылып, 20 миӊ аскери менен кыргызга жиберген. Мунун натыйжасынан кабар жок.

Иулн-ше кабарында Кытайга хан болуп турган Кубулай хан улук кылып Муахол деген кытайды жиберген, бул кыргызга улук болуп турганда Кытайдан өнөрпоз алдырып, кыргызга маданият жайган. Бул Кубулай хан 1293-жылы бир далай көп кыргызды манжурлардыгы Нойон деген жерге оодарып жиберген. XIII кылымда Энисейден Якуттар «Лена» суусуна ооп кеткен. Балким ушул йакуттар ошол оодарылган кыргыз, жаки болбосо, кыргыз менен кошо оодарылган эл болмогу керек. Чыӊгыз канкор Бухарды алганда мечитине атчан кирип, элге айткан сөзү: «Мен Теңири тарабынан жиберилген баламын» — деген.

Чыӊгыз канкордун Кытай менен урушкан чакта айткан сөзү: «Небо отвергало Китай, за его чрезмерную гордость и роскошь хвалился неистовый Чингис. Я же обитая в северных степях не имею в себе распутных наклонностей; люблю простоту и чистоту нравов; отвергаю роскошь и следую умеренность; у меня одно платье, одна пица; я в тех-же лохмотьях и тоже ем, что коровьи и конские пастухи; я смотрю на народ, как на детей; забочусь о талантливых как по братьях; мы в начинаниях согласны, взаимная любовь у нас издавна; в обучении тем я, впереди других; в ратных тоях не думаю озаде»[3].

Чыӊгыз канкордун бир канча катыны жана күндөрү болгон. Беш катынынын улуусу — Бирта Кучин, экинчиси — кытайдын Алтан канынын Гүнжү деген кызы, үчүнчүсү - Найман каны Тайан хандын Көрүсон деген кызы, төртүнчүсү — Жанка буданын кызы, бешинчиси — Тайырсундун кызы Кулан деген кызы.

Чыӊгыз хан тууралуу тарыхтан алынган кабар кыскача жазылды. Чыӊгыз жөнүндө кыргыз арасындагы сөз Чыӊгыз хан туулганда колуна жин аралашкан кан уучтап түшкөн экен; жерге түшкөндө колу карысынан жерге кирип кеткен экен. Чыӊгыз хан алтын менен күмүштүн чайкандысынан, темир менен болоттун ширендисинен бүткөн экен дейт. Ырчы-комузчулардын сөзүндө Чыӊгыз хандын баласын кулан тепсеп өлтүргөндө, Бука деген бир ырчы Чыӊгыз ханга айткан экен дейт: кээ бири Айкандын жалгыз уулу Сатыбалды өлгөндө айтылган экен дейт:

Алтын боолу ак шуӊкар,
Алтын боосун, тытыпты,
Айды карап сызыптыр.
Күмүш боолу көк шуӊкар,
Күмүш боосун тытыптыр,
Күндү карап сызыптыр.
Ал эмине болуучу?

Туу түбүндө көк бука,
Күндү карап өкүрөт.
Алчагай мүйүз, ак эркеч,
Айды карап бакырат.
Бул эмине шумдугу?

Асмандан булут сөгүлөт,
Аяктап мөндүр төгүлөт.
Көктөн көкала булут сөгүлөт,
Көнөктөп мөндүр төгүлөт.
Бул эмине шумдугу?

Чыӊгыз хандын жообу:

Алтын боолуу ак шуӊкар,
Алтын боосун тытканы,
Айды карап сызгамы.
Ал кулунум ботом болгону.
Күмүш боолу көк шуӊкар,
Күмүш боосун тытканы,
Күндү карап сызганы,
Бул кулунум ботом болгону.
Тултук мүйүз көк бука,
Туу түбүндө өкүрсө,
Ал атасы болгону.
Алчагай мүйүз ак эркеч,
Айды карап бакырса,
Ал энеси болгону.
Асмандан булут сөгүлсө,
Айактап мөндүр төгүлсө,
Көкала булут сөгүлсө,
Көнөктөп мөндүр төгүлсө,
Көзүмдүн жашы болгону, - деп Чыӊгыз хан ачууланып:

Кет, кет, кет Бука,
Кеби жаман ит Бука.
Сенини айтар кебин бул эмес,
Менин угар кебим бул эмес, — деп Бука ырчыны багылуу арстан, жолборско таштап жиберерде Бука ырчынын айтканы:

Кыздар соккон кыялдай,
Кылыгы жакшы Айканым,
Келиндер сайган кечтедей,
Кеби жакшы Айканым.
Элчи менен ырчыга,
Хан алдында кай өлүм, — дегенде Чыӊгыз хан ачуусунан кайтып, ырчыны өлтүргөн эмес.

Чыңгыз хан өлөрүндө балдарын, нойондорун жыйып алып айтканы:

Кулалы таптап куш кылдым,
Куйуккан таптап туш кылдым.
Телкуш таптап куш кылдым,
Тентиген таптап журт кылдым.
Эгерде мен өлгөн соң,
Бирлигиңер болбосо:
Кулалы кетер кушуна,
Куюккан кетер журтуна.
Телкуш кетер жерине,
Тентиген кетер элине, — деген.

Бул тууралуу тарыхта[4] мундай деген: «Жочунун өлгөнүн нойондору Чыӊгыз ханга «лукма» сөз менен угузууга «Улук ырчыны» каалаганда Улук ырчы айткан:

«Деӊиз баштан булганды,
Ким тундурар ай ханым.
Теректер түптөн жыгылды,
Ким тургузар ай ханым?

Чыӊгыз:

Деӊиз баштан булганса,
Тундурар уулум Жолчудур.
Терек түптөн жыгылса,
Тургузар уулум Жолчудур.
Көзүн жашын төгү
Көӊлүӊ толды болгому.
Жериӊ көӊүл үркүтөр,
Жочу алды болгому.

Улук ырчы:

Сүйлөмөккө эрким жок,
Сен сүйлөдүӊ Ай ханым.
Өз жарлыгыӊ өзүнө жап,
Ый ойлодуӊ Айханым.

Чыӊгыз ыйлап:

Кулун алган кулундай,
Кулунумдан айрылдым,
Айрылышка аӊкоодой,
Эр уулумдан айрылдым, — деген.

Чыӊгыз хан төрт баласына (Жочу, Өгөдөй, Жагатай, Толу) энчи кылып бөлүп берген. Жочунуп Бату деген баласына Россияны сыртынан эле энчилеп койгон. Бату ошол себептем 1242-жылында Россияны каратып, андан өтүп, азыркы Венгриянын борбор шаары Будапешт шаарын алып, андан Албанияга барганда Мөӊкө кагандын өлгөнүн угуп, кайта тарткан. Орто Азия Жагатай деген баласынын энчисине тийген. Энисей кыргызы айланасындагы башка элге кошулуп, кенже уулу Толунун энчисине тийген. 1253-жылында, нойабр айында, Жетисууну аралап Рубрукс өтүп бара жатканда Иле суусун кечкенде балчыктан согулган талкаланган коргон көргөн; бул коргондун жанында эгин болгон. Андан нары өткөндө эли фарсыча тил менен сүйлөгөн мусулмандын чоӊ шаары болгон. Бул шаар Иле балык аталса керек. Кытай тарыхында бул шаар көп айтылат.

Армяндын ханы Гайтон 1255-жылында келгенде бул шаарды «Илан-Балык» деп атаган. Кийинки күнү «Рубрукс» Кичине тоону ашып, далаага түшкөндө, тоодон Балхашка куйган нечен жакшы сууларды көргөн; бул жерде кеп бай Баркайалык деген чоӊ шаарды керген; бул жерде башка дагы көп шаарлар болгон экен. Моӊголдор тарабынан баары талкаланып, мал жайытына айланган; кыскасы, дыйканчылык маданийаты бул тегеректен калып, жердин көбү мал жайытына өтүп кеткен дейт.

1259-жылы какандын Алакүгө (Алооке. — О. С.) элчи болуп бара жаткан. Чандо деген кытай Иле менен Чүйдү (Иди) — «idi» деген; бул жерде эл көп болуп, шаардын талкаланган чалдыбары өтө көп деген.

Чыӊгыз хандын Өгөдөй деген баласынын Кайду деген небереси Орто Азияда чоӊ хан болуп турган. Рашиддин сөзүнө караганда Кайду торой киши болуп, ээгинде 9 кылы болгон; арак менен кымызды ичпестен, аскерлик ишине артыкча билимдүү болгон. Орто Азийа — жана Синтсизийанда Чыӊгыз тукумунан болгон хандар арасында эки беттүү чатактыктан пайдаланып, 1269-жылы көктөмдө хандар тарабынан талашта курултай курулуп, ошондон соӊ Кайду Сырдайра менен Жетисуу өлкөсүнө хан аталган; мунун турган жерин кайсы жер экени маалым эмес. Бирок Кайдунун өлүгүн Иле менен Чүйдүн ортосуна көмгөнүнө караганда, борбору Жетисууда болсо керек. Чыгыз хандын жолун кубалап Кайду аскеринин башына өз балдарын койгон. Өлөр алдында Кайду балдарына мемлекеттин чек арасын сактоого дайындаган.

Кытай чегине Урус деген баласын, Жочу (Бату) тукумунун мамлекетинин чегине «Байгечерди койгон. Ооганстан чегине Сарбан деген баласын койгон. Соӊунда Ооган чегине Кайдунун аскери Алакүнүн (Толуйдун баласы) аскерин сүрүп чыгарган. Кайдунун улуу баласы Чабардын кандай болгону тарыхта кабар жок. Кайдунун заманында Чүй өзөнүндө кыштак көп болгон. Кайду какандын аскерин жеӊип, кайта тартканда, 1301-1302-жылдарда, сөөгүн үйүнө алып келип, Иле менен Чүйдун ортосундагы «Шивлик» бийик тоого койгон (Кыргыздын ичинде Кайду, Урус, Байгечир, Сарман, Чабар аттуу кишилер али да көп).

Бул Кайдудан соӊ Орто Азийада көзгө көрүнөрлүк хандар болбостон, арада уруш-талаш көп болуп, эл-журт начарланып, хан-бектерден жадап турганда, анын үстүнө кан ичер Темир чыга келген. Чыӊгыз хандын Кубулай хан деген небереси 1290-жылдарда көп кыргызды Манжу жери Найанга сүрүп жиберген.

[1] Киргизы (Исторический очерк) Бартольд, 1927, стр. 30-я.

[2] Энциклопедия №24 гранат.

[3] История Китая, Сафарова. 1933г. стр. 151.

[4] Tyrk-tatar tarixi. 1915-........42-бет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз