Валерий Карышев: Александр Солоник – мафиянын киллери (толук варианты)

  • 05.03.2021
  • 5011

Кириш сөз

Мен мындай адабий чыгарма жазам деп эч ойлобопмун. Бирок тагдырдын амири менен мага россиялык киллерлердин ичинен эң белгилүүсү жана табышмактуусу, кримавторитеттердин жана милиция кызматкерлеринин буюртма өлүмү боюнча айып тагылган Александр Солониктин адвокаты болууга туура келди.  

Камакка алынгандан соң «Матросская тишина» тергөө изоляторунун атайын корпусуна түшкөн А. Солоник өзүн толук коопсузмун деп сезе албай койду. Анан кантсин, төбөсүндө аз эмес, көп да эмес, өлүмгө буйруган үч өкүм асылып турат, биринчиси - соттуку, экинчиси – кесиптештеринен айрылган милиция кызматкерлериники, ал эми үчүнчүсү болсо кримавторитеттердин өлүмү үчүн мыйзамдагы уурулар чыгарган өкүм.

Кырдаалды реалдуу баалоо менен Солоник жеке коопсуздук системасын иштеп чыгып, анын бир элементи – күн сайын адвокат менен жолугушуп туруу эле.

Бирөөлөр Солоникти кылмышкер жана жаналгыч аташса (сот болбосо да), башкалар коомдун «криминалдык жараларын» кесип ыргытып турган Робин Гуд эле дешет. Кандай болгон күндө да Солоник башын тобокелге байлай билген Инсан. Чычкан жөрмөлөп чыгалгыс абактардан, «Матросская тишинаны» кошо эсептегенде, үч жолу качып чыгышы анын ысымын кримдүйнөнүн тирүү уламышына айланткан. 

Солоникке сандаган гезит-журналдардагы макалалар, документалдуу китептердин баптары, кинотасмалар арналган. Бирок аны адвокатынан башка – эркин дүйнөдөн келип-кетип көрүшүп жүргөн, ал өз тагдырын, ошондой эле непадам жан таслим болуп кетсе, аудиокассеталарга жазылган эскерүүлөрүн ишенген ушул адамдан башка ким жакшы билет? Мага Солониктин эскерүүлөрүн ал табышмактуу жагдайларда каза тапкан Грециядан берип жиберишиптир.

Мындай китепти жазып калтыруу идеясы алгачкы жолу А. Солоник тергөөдө жүргөн учурунда келген. 

Бир жолу Солоникке келээрдин алдынан теледен кайсы бир курч сюжеттүү тасманы көрсөтүшкөн болучу, ал ошол кинону жактырбай куйкасы курушуп, эгерде анын таржымалын киного тартышсабы, мына ошол супер курч тасма болот эле деп калды. Мен анда тамашага чалып, эмне тоскоол болуп жатат, өзүң жазбайсыңбы деп койгом. Ал башын чайкап, жок, муну ал өлгөндөн кийин гана ишке ашырса болорун, антпесе нечендердин каны суудай төгүлөрүн, өзүнүн да соо калбасын айтты эле.

Убакыт өтө берди, окуялар болсо абдан бат өнүгө баштады. Сотко чейин тирүү калбасын жакшы түшүнгөн А. Солоник «Матросская тишинадан» качып чыгып, дээрлик бир жарым жылдай чет мамлекеттерди башпаанектеп бекинип жүрдү.

Ушул окуя болгон соң бул иш боюнча менин өнөктөшүм Алексей Завгороднийди үйүнүн жанынан өлөсө кылып сабап кетишти, менин артыман болсо аңдымайлар күч алды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үйүмдү үч көтөрө тинтип, расмий түрдө эки жолу катуу суракка алышты. Опер кызматкерлерден болсо «саламаттыгыңды абайласаң боло» деген кеңеш алып турдум. Ошондой болгону менен менин кадыр-баркым кримдүйнөдө абдан жогорулап, «крутой клиенттеримдин» саны күн эмес, саат сайын өстү. Басма сөздө бул туурасында кеп козголгону мага «киллерлердин жактоочусу», «мафиянын жактоочусу» деген ылакап аттар жабышты. Бирок жашоо улана берди, бул ишке тийиштиги бар адамдардын бардыгы өз жашоосу менен жашап жатышты.

Анан күтүлбөгөн, жаңы окуялар болуп кетти: 1997-жылдын январь айынын акырында мага кокустан А. Солоник чалып, непадам каза тапчу болсо, тасмага жазылгандарды ачыкка чыгарып, жарыя кылышымды суранды. Көп өтпөй анын өлүмү туурасында кабар келди. Мен Грецияга учуп барып, анын калтырган эскерүүлөрү менен тааныштым. Грек мейманканасынын бөлмөсүндө ичинен жаап алып, Солониктин айткандарын бир нече күн бою башым эсеңгиреп уктум. Ооба, нечен адамдардын каны суудай агаарын, мафиоздук териштирүүлөр башталаарын ал көрөгөчтүк менен билип айткан экен. Башка жагынан алып караганда, мен Александр Солониктин ишенимдүү кишиси катары анын акыркы керээзин аткарууга милдеттүү элем.

Мына ушул себептерден улам мен ушу китепти жазайын деп чечтим, анда көп адамдардын ысымдарын жана окуяларды (кан төгүүлөр азыраак болсун дедим) өзгөртүүгө туура келди. Менин суранаарым - бул китепти адабий чыгарма деп эсептесеңиздер, анын мазмуну тергөө же соттук териштирүүлөрдө колдонууга болбосун эскерте кетейин.  

Бул китеп өз окурмандарын табат деген ишеничтемин.

Пролог

«Матросская тишина» деген таң каларлык аты бар Сокольники чөлкөмүндөгү москвалык көчөгө кирип калган ар бир адам мындагы бозоргон, кунарсыз имараттардын катар тутумуна аргасыздан көңүл бурса керек. Бул – борбор калаадагы номур биринчи убактылуу кармоочу жай, аталышы да көчөнүкүндөй. 

 Айтылуу «Матросская тишина» СИЗОсу… Калың кыш дубалдуу, темир тор капталган жайнаган терезелер, оор дарбазалуу бийик тосмосу бар бул жерге ичте отурган адамдардын туугандары же алардын жактоочулары гана кире албаса, башка жан кире албайт. Аталган түрмөгө кесилгендерди бул жердин жашоочулары негедир «блондинка» деп аташкан милициянын үстү чүмбөттөлгөн «воронок» машинесинде алып келип турушат.

СИЗОдо бир нече корпустар бар, алардын ичинен эң олуттуусу – ичкерки, Тогузунчу деп аталганы. 90-жылдардын башында бул корпус КГБ карамагында болчу, ошондуктанбы, бул жердеги тартип өзгөчө катуу эле.

1995-жылдын 2-июнунда бул жерге жапалдаш бойлуу, чымыр, суйдаң сакал, отуз жаштар чамасындагы жигит келип түштү. Аны аягы көрүнбөчүдөй сезилген узун коридордон ички кызматтын эки сержанты коштоп келатышты, бири алды жакта, колу сакалчандын колу менен кошо кишенделген экинчиси жанында келатты.

Тордолгон өтмөк, анын артынан дагы бир тепкич, кайрадан коридор менен басып отуруп акыры жетишти. Алдыда келаткан сержант эшикти ачып кабинетке баш бакты, анан өнөктөшүнө бурула карап айта жүргөн көнүмүш буйругун заңк этти:

- Алып кир!

Эшик тар болгондуктан, тергөөдөгүнү алдыга коё берүүгө туура келди, артынан коштоочу илеше кошо кирди. Темир кишендин бир учун өз колунан бошоткон сержант аны кайра полго бекем кагылган үстөлгө бекитти, мунусу непадам качып кетпесин деген этияттык эле. Дагы бир мүнөт, анан «рекстер» (сакчыларды ушинтип коюшат) кабинеттен чыгып кетишти.

 Алынып келинген адам кабинеттеги күтүп отурган неме экөө жалгыз калышты. Бою орто, көрүнүшү интеллигентүү, муруту кылдат тегизделген бул киши берки камакта отурган немеге сакайгыс ооруга чалдыккан, эч кандай дары, же операция жардам бералбас сыркоо сымал көңүл кош карап олтурду. Минтип жакын тууганың же адамың, тергөөчү да карай албас. Бир караса ушинтип кырдаалдын абдан оор экенин жакшы түшүнгөн тажрыйбалуу адвокат гана карай алаар…

СИЗОго келген киши чынында эле жактоочу, ал эми колдору отургучка кишенделген сакалчан болсо анын кезектеги кардары, болгондо да бул неме жөнөкөй киши эмес. Анын ысмы гезиттерден түшпөй, күнүгө теледен, РУОП, МУРдун кеңешмелеринде, СИЗОдогулар арасында, «жаңы орустардын» заңгыраган кан сарайларында тынбай  айтылып турчу, бул адам канына забын болгон курмандыктардын саны күн сайын өсүп жатты.

 Мунун ысмы – Александр Солоник эле.

 Бул ысым прокуратурадагы чачын бубак баскан тергөөчүлөрдөн тартып, зоналардагы мыйзам ууруларынын, аша чаба көпкөн, «отморозкалар» аталган жаңы авторитеттерден тартып кабат-кабат жансакчылары жанынан карыш жылбаган зыңгыраган банкирлердин, акчалуулардын үрөйүн учуруп, үшүн алып турчу. «Номур биринчи киллер», «мафиянын аёону билбеген жаналгычы», «Россиянын азыркы криминалдык тарыхынын эң табышмактуу фигурасы», анан калса «Александр Македонский» - колу бекем кишенделип, адвокаттын маңдайында отурган адамдын ылакап аттары ушулар эле.

Кепти адегенде адвокат баштады.

Кыра жөтөлүп, тамекинин шуудураган жаңы кутусун ачты да, өзүнө бирди тутантты, түтүнүн үйлөп туруп кепти алыстан  чубады:

- Түшүнөсүңбү Саша, Петровски-Разумовски базарындагы атышуу убагында бардык чыгарылган октор дээрлик сенин тапанчаңа таандык экени экспертизада аныкталды. Милициянын өзүнөн эле үч өлүк калтыргансың. Эми муну танып кетүүгө болбойт. Арийне, прокурорго арыз жазып, экспертизаны кайрадан өткөрүүнү сурансаң болот дечи, бирок пайдасы канчалык, баары бир муну убакытты созууга аракет катары баалашат.

Беркинин өңү-башы жыйырыла түштү, ал тамеки тартчу эмес, түтүндү жаман көрчү. Экспертиза туурасындагы сөздөр аны анчалык деле кызыктырбаганы таңгалыштуу. Адвокаттын жүзүнө тигиле карап жооп узатты:

- Бизде он пайыздан ашуун атпайт. Атууга чейин болсо… дагы жашоо керек.

Ондогон киши өлтүрүүлөр мойнуна коюлуп жаткан адамдан «атууга чейин али жашоо керек» деген кепти угуу таң каларлык эле. Адвокат ичинен ичиркене түштү.

 -Түшүнсөң,- деди ал тамекинин күлүн силкип,- мен сени коргошум керек… Муну кантип жасоонун тактикасын, стратегиясын иштеп чыгуу зарыл – эмнени моюнга алып, эмнеден баш тартуу керек, мунун баарын мен билгендей болушум керек да?

Солоник үшкүрдү:

- Э койчу… Мунун эми кимге кереги бар?

Алар бир жарым сааттай сүйлөшүп отурушту. Эң жогорку жазага кириптер болгону турган бул кишинин токтоолугу, өзүн ишенимдүү кармашы адвокатты таңдантты. Жылмая күлүп отурат, кептин нугун башка майда-баратка, маселен, анын турмушу туурасында кино тартса же китеп жазса мыкты чыкмагын айтып, тамашага буруп атканын кара…

Адвокат мунун баарын карап отуруп, же өзүнө абдан ишенген киши, же тагдырына биротоло кайыл болуп моюн сунган, же болбосо акыл-эси жайында эмес неме гана өзүн ушундай кармамак деп ойлоп турду. Бирок анын кардары экинчисине да, үчүнчүсүнө да түк окшошпойт, демек… Койчу, жети кабат темир тор артында, ана-мына атууга кеткени турган адам өзүнө кайдан ишенсин, эмнесине ишенет…

 Кабинетке «рекстер» келип аны алып жөнөрдө Солоник ордунан козголо берип суз жылмая айтып калды:

- Мейли эмесе…Дагы көрүшөбүзбү, жокпу, ким билет...!?

 Өзүнүн «БМВ»сы менен адвокат кечки Москванын машинелер кыйма чийме толгон көчөлөрүнөн баратты. Түркүн тагдырлуу канчалаган адамдар менен өмүрүндө жолугушту, санаса санап түгөтө албайт. Ал жөн гана өз ишин жасап жүрдү - түрмөдөн түрмөгө чапкылап, иштерди иликтейт, тергөөнүн кыйтырлыктарын же кемчиликтерин чукуп чыгат, сот отурумдарында чыгып сөз айтат, бүт өмүрү ушу менен өтүп келатат. Бирок бүгүнкү жолугушкан кардардай киши  анын практикасында али болгон эмес.

Александр Македонский деген деги ким? Уюшулган кылмыштуулуктун жалданма жаналгычыбы? Же кандайдыр бир жашыруун уюмдун агентиби? 

Машиненин моторунун жумшак дүрүлдөгү бейкуттуктан, коопсуздуктан кабар бергенсийт, ойлору болсо биринин артынан бири чубалат.

Алардын алгачкы кездешүүсүнө жарым жылдай болду окшойт, эми ал россиялык кримдүйнөнүн эң табышмактуу фигурасынын жактоочусу, демек, кай бир даражада белгилүү маалыматка эгедер. Андай болгон соң эртеби, кечпи бул да ачыкка чыгарын адвокат жакшы билет, ошондо…

«Матросская тишинадагы» дагы бир күн – 1995-жылдын 5-июну байкалбай аяктап баратты. Туткундагы күндөрдүн баары эле бири бирине коёндой окшош эмеспи: төшөктөн туруу, эртең мененки баланда, сурактар, адвокаттар менен кезигишүү, анан да бирден бир көңүл көтөргөн сейилдөө, телевизор жана гезиттер…

 Изолятордо отурган жарым жыл ичинде Александр Солониктин мындай күндөрү жетиштүү эле болду, бирок алдыда турган бир күн анын акыркы күнү болор…Ал күн качан келээрин ал билип да жүрдү…

 Мейли, ал туурасында ойдон чыгарылган уламыштарды гезиттер жаза беришсин, мейли, тележурналисттер өзүлөрүнүкүн өзү төгүндөгөн жасалма жоромолдорун айта беришсин, тергөөчүлөр Москвада акыркы жылдарда болуп өткөн буюртма адам өлтүрүүлөрдүн баарын анын мойнуна иле беришсин! Ким экенин жана кандай жумуш аткарып жүргөнүн ал өзү гана билет. Бүгүнкү мындагы өтчү күн анын биердеги акыркы күнү экенин да жакшы билет. Бул ойлорду ырастагандай анын «хатасынын» эшиги ачылып, босогодо коштоочу сакчы – анын кишиси турду…

- Сейилге даярсыңбы?- демейдегиден акырын сурады ал.

Камеранын тургуну жаткан жеринен үнсүз шып турду, үстүндө спорттук костюм, бутунда болсо кроссовка. Солоник билчү, качантан бери күтүп, кыялында багып келгени мына азыр, бир нече мүнөттөрдөн соң ишке ашканы турат…Түнкү саат бир жарымда кайдагы сейил!

Эшикке акырын жакындады – «рекс» ары боло берди да алдыга өткөрдү.

 -Коё тур…- сакчы колун чөнтөгүнө салды да карарган буюмду беркинин колуна карматты; туткун мунун сабы оор тапанча экенин колу тиери менен эле сезди.

- «Браунинг»,- деди сакчы,- кереги тийип калар…

Тапанчаны белине кыстыра салган Солоник сыртка баш бакты. Коридор ээн экен. Жадагалса жалпылдап турчу телевизиондук мониторлор да катып калгансыйт. Биринчи пост, экинчи, үчүнчү…Эч ким жок.

Камерадан чыккандан берки мүнөттөр узак сааттардай сезилет. Коридор бүтпөчүдөй, посттор, тепкичтер, басып бараткандардын дүңкүлдөгөн кадамдарынын добушу…

Бир маалда экөө колтойгон брондолгон дарбаза маңдайына жетип токтошту. «Рекс» жанын сыйпалап ачкычтарын сууруп чыкты. Килтейген асма кулпу тез эле ачылып кетти, артынан чаңдуу жана ысык аянтча, өйдө кеткен тепкич бар экен.

- Бол, ылдамдайлы…- алаңдаган сакчы шаштырат.

 Күтүлбөгөн жерден ал караңгылыкка сиңип кетти да, ошол эле замат кайра чыкты, колунда спорттук чакан сумке бар экен, оозун ачып жиберди да, брезенттин кесиндисин алып чыгып, аны тикенек зымдын үстүнө жаба берди.

- Кана, болбойсуңбу?!...- чый-пыйы чыккан «Рекс» демитти.

Адегенде Солоник, артынан коштоочусу сумкесин тосмодон алыс ыргытып, өзү ашып түштү. Александр Македонский ылдый жакты караса, жарык чачкан көчө таптакыр ээндей көрүндү. «Рекс» кайра сумкесин чукулап, альпинисттердин оролгон бышык арканын сууруп чыкты. Шаша-буша жандырып жиберди да темир илмегин соройуп турган мамыга илди,  арканды бир-эки силкип көрүп, бекемдигине көзү жетти окшойт, ошондо учун ылдыйга ыргытты.

- Кана эмесе, кудай колдосун!

Качкын аркандын учун кармады да, чатырдын кырына тура калып, акырындык менен ылдый түшө баштады. Буттарын жөн эле салаңдатып бош койсо болмок, ал эсине келбептир, тизеси менен бир эки курдай катуу дубалга урунду, бирок оорууну сезген жок.

Жай түшүп келаткандай сезилди, ичке кыл аркан алаканын сыйрып баратты, буттары тарталаңдап, денеси сааттын жебесиндей калдалаңдайт, жердин болсо көрүнөр түрү жок.

Бешинчи кабат, төртүнчү, үчүнчү…

Экинчи кабатка жетти – ылдыйда дагы бир нече гана метр калды, дагы бир аздан кийин арканды коё берип секирип түшсө болот.

Секирип жиберди эле, жепирейген, темир тунуке чатырлуу тамчанын үстүнө дүңк   тийди. Тең салмагын кармоого үлгүрбөгөн Солоник ылдый шыпырылды, жерге буту тийгенде гана эсине келди.

Чын эле качып чыктыбы?!

Башын көтөрсө «Рекс» да ылдый түшкөнгө камданып калган экен, шеригинин түшкөнүнө жеңилдик жасагысы келди, аркандын учун тартып турду. Солоник камерадан чыккандан бери канча убакыт өткөнүн эсептеген жок, бирок убакыт чексиз созулуп, бир ордунда туруп калгандай сезилди.   

Ылдыйда аларды эчак эле күтүп турушкан: анчалык алыс эмес жерде карарып турган иномарка машинеге жан киргендей болду, чырагын бир жолу жалпылдатып койду эле, качкындар ошол замат түшүнүштү – бул аларга келген машине экен.  

Көп өтпөй качкындар – СИЗОнун атайын корпусунун тургуну жана анын жардамчысы машиненин жылуу, күңүрт салонунда отурушту, акырын дүрүлдөп от алган машине жарык күйүп турган ээн көчөгө жай бурулуп чыга берди. 

Жыйырма мүнөттөй жол жүрүп, кандайдыр бир кичинекей короого кирип токтошту. 

- Чык да тезинен тетиги «Тез жардам» машинесине отур,- айдоочунун кыска, өктөм буйругу угулду, кыябында буйрук ага гана тиешелүү экенин Солоник ошол замат түшүндү.

 Окчунураак жерде чын эле «тез жардам» туруптур, бозомук кара тарткан дубалдын фонунда анын боору агарат, пардаланган айнектеринде баягы көнүмүш мала кызыл кресттер.

 Ал арткы эшик тушка жакындаары менен эшик шарт ачылды да, караңгылыктан сунулган колдор качкынды ичкери тартып алышты.

 -Тезинен чечин да замбилге жат...

 Качкын чечине кетти, бирок көзгө көрүнбөгөн куткаруучулары аны шаштырып жатышты, алакташканына караганда тигилер Солониктен кем эмес чыдамы кетип атышканы көрүнөт.

 Акыры качкындын кийимдерин өзүлөрү сыйрып жиберишти да, замбилге жаткан Солоник адегенде муздак шейшептин жылаңач этине тийгенин, аба жуткурчу масканын башты айландырган жыты бетине жаба бергенин сезди…

Сиренасын чыңырткан машине асфальтка жана тамдардын боорлоруна жалпылдаган көк кара шооласын чачырата, түндүн көөдөй караңгылыгына сиңип кетти…

Боору кызыл кресттүү машине анда-санда сиренасын чаңырта Москванын көчөлөрүнөн сызып баратат, качкындын башында болсо бүтпөгөн көнүмүш ойлор биринин артынан бири чубалат.

Өзүнүн буга чейин ким экенин жана кандай ишти бажарып жүргөнүн сырдуу суперкиллер бир гана өзү билет; артында ким турганын, эмнеге ага чычкан өткүс темир тор артынан качууну уюштуруп беришкенин да бир гана өзү билет…Өзүнүн бул жарык дүйнөгө Александр Македонский деген ысым менен эмнеликтен, кай максат менен кайра жаралып келгенин да саналуу адамдардан тышкары бир билсе өзү гана билет…

1-глава

1988-жылдын 15-майы күнү кечки саат беш жарымдарда Москванын чок ортосундагы таасирлүү таанымал коммерциялык банктардын биринин офисинин жанына жылтыраган көгүш-кара, айнектери күңүрт «Мерседес» келип токтоду. Шек жок, машиненин кожоюну таасири бакыбат, дөөлөттүү адам экени көрүнүп турат, демек азыркы кымгуут түшкөн опуртал заманда өзүнүн кара жанынын коопсуздугун ойлогон жан окшойт. Андыктан оор салмактуу «Мерседес» сыртынан карап баккан көзгө брондолгону байкалып турат. Көз жоосун алган бул машинени жепирейген көзгө комсоо, боз түстөгү «тогуздук» Жүгүлү артынан калбай ээрчип алган, ошондой болгону менен бул жөн машине эмес, ичинде араң батышып, тишине чейин куралданган сакчылар отурушат. 

Алдыда келип токтогон машиненин эшиги ачыла берди, жарашыктуу кийинген зыңгыраган мырза түшүп келатат: үстүндө алтындан топчулуу, келишкен пиджак, колунда кымбат баалуу «Ролекс» сааты бар, мойнуна салынган жүз долларлык галстугунун алтын кыпчууру күңүрт жылтылдайт, өңү текебер-ишенимдүү, кыймылынан дөөлөтүнө маашырланганы байкалат, иши кылса, банктын бул кардары накта байбача мырза экени анык.  

Кычыраган мырза бирдемени эстей калды шекилди, басыгын жайлатты, артка кайрылып сакчыларына кол булгады: ушул жерде күткүлө, бат эле кайра чыга калам деди шекилди. Анан бензин, күйгөн чакыч жыттанган абадан жийиркенгендей өңү түсү жыйрыла түшүп, айнек каалганы түрттү да ичкери кирип кетти.

Чынында эле куралдуу сакчылар көпкө күтүшкөн жок: он беш мүнөт өтүп өтпөй кожоюн банктан бат эле кайра чыкты. Бирок офистен бирөөнү ээрчите чыгыптыр, анысы ызаат көрсөтө жанында коштоп алган, куркуйган узун болсо да кожоюндун кадамына карап, майдалап басып келатты, кебетесине караганда жөнөкөй эле клерк окшоду. Ал бирдемелерди быдылдап айтып келатты, бирок берки аны уккандай деле түрү жок, баш ийкемиш болгону менен ойлору таптакыр башка жакта жүргөндөй.

 Экөө «Мерседеске» бир нече кадам жетпей токтошту. Ээрчий келген неменин кебетеси аянычтуу эле, дагы бир нече мүнөт берсеңиз, али баарын айта элекмин деп жалдырап сурангандай түрү бар.

«Мерседестин» кожоюну ага бурула берди, бирок күтүлбөгөн жерден башын кескин буруп, башка жакты карап калды…

 Баса тебилген тормуздун чыйылдаган үнү жапжакын эле жерден угулуп, көчөнүн арткы четине эскилиги жеткен, номуру чамбылала ылайланган, жашыл түстүү «копейка» зуулдап келип токтоду. Арткы эшигинин терезеси шак ылдый түштү да ичинен «калаш» автоматынын үңүрөйгөн оозу көрүндү. Тынч, ээн жаткан көчөнү автоматтын татырата буулуккан үнү үч көтөрүп, жанагы кычыраган мырза колун абага бир серпти да замата октон илме тешик болгон денеси бетон плитага шалак этти. Дагы бир нече ок атылды, башынан ок жеген берки коштоочу жаш жигит «Мерстин» алдыңкы дөңгөлөгүнүн астына төбөсү менен сайылды.

 Окуя көз ачып жумганча ирмемде болду. Кырдаалды баалай албай абдырап калган сакчылардын колунан эч нерсе келген жок. Дагы бир нече секундадан соң жанагы «тыйын» Жүгүлдүн ичинен дагы бирдеме дүңк этти, мындай добуш демейде аскердик гранатомет атылганда чыгат. Сакчылардын ак түстүү «тогуздугуна» жалбырттаган от келип урду, бир ныптасы капталына кыйшайган машине ошол замат дүрт этип тутанды да, көп өтпөй ичиндеги адамдары менен дүң эте жарылып, күлү асманга сапырылды.

Жаналгычтар ишин жыйырма секунтка жетпей бажарышты да, машинесин асфальт бетинен чыйылдата буруп, көздөн кайым болгонго шашышты…

 Таң каларлыгы – кечээ күнкү Москванын айтылуу банкынын жанында атактуу банкирдин кандай атылганын жана сакчыларынын машинесинин кантип күлү көккө сапырылганын кокусунан видеотасмага тартып алууга мүмкүн болгон экен: анткени сыртка орнотулган бир нече жашыруун видеокамералар каргашаны башынан аягына чейин бүт тартып калышыптыр, тергөөнүн негизги буюмдук далилдери да ушул кадрлар болду.

 Улгайган киши кассетаны кайра-кайра башынан түрүп, террордук акцияны кунт коюу менен нечен жолу кайталап тасмадан көрдү, кандуу окуянын кымындай болгон майда-барат жерлеринен өйдө атайын токтотуп, көзү талыганча изилдеп карап жатты. Эң негизгиси –аткаруучулардын өң-түспөлүн көрүүгө ынтызар эле, бирок канчалык тикирейип үңүлө карабасын, анысынан майнап чыкпады. Көз талытып караган менен тартылып калган тасмада эч бир колго илинеерлик илинчек жок: болгону көзгө комсоо жашыл «копейка», терезеден сунулган автоматтын оозу, канга чыланган бетон плиталар, «девятканын» жалбырттап күйгөнү…

- Нагыз профессионалдар иштеген экен,- улгайган киши өзүнчө кобурап үшкүрүп койду жанатан бери кармалап отурган телевизордун пультун ордуна коюп жатып. Туруп кабинетинин ичинде ары-бери басып жүрдү, ойлору биринин артынан бири чубалат. Кокусунан китеп шкафтын маңдайындагы күзгүдөн өз түспөлүн көрө койду, карып бараткандай, бирок аскерчесинен зыңкыйган сыны баягыдай эле.

Кочкул жашыл мата жабылган, төрт телефондуу жана кымбат баалуу калемсаптар салынган кутулар тизилген үстөлүнүн үстүндө Дзержинскийдин килейген портрети илинүү. Терезелерде калың пардалар. Бурчта сейфи, изилденип бүткөн кагаздарды жок кылчу атайын машинкеси, эки мамык кресло, бир нече отургучтар…

 Бул адамдын маанайы бүгүн чынында эле пас эле. Бир жума мурда ага СССР КГБсынын Борбордук аппаратынын начальниги, генерал-майорго уюшкан кылмыштуулуктун жалпы абалы жана криминогендүү кырдаал туурасында маалымдама даярдап, корутунду чыгаруу тапшырылган болучу. Негизи «орган» деген жүрөктүн үшүн алган аты бар курам мындай иш менен алектенчү эмес, бул милициянын озуйпасы эле. Бирок эң жогорку жетекчилик ушундай бүтүмгө келиптир, акыркы кездерде мода болуп кеткен чет элдик тил менен айтканда, «мафия» аталган ата мекендик криминалитет олуттуу күчкө айланып, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтире баштады. Ошондуктан стратегиялык маселелер мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкер структуранын карамагына өткөрүлүп берилди. Мындан башка да себептер бар эле: басма сөздө, Жогорку Советте советтик чекисттерди илгерки кесиптеши Олег Калугинден тартып, мектептин пол жуугучтарына чейин аянбай шыбап атышты. Эмне кыласың, ушундай заман келген экен, буга табигый кырсыктай мамиле кылбастан башка айла жок. Ырасы, мындай күргүштөгөн, жөндүү да, жөнү жок да сынга Лубянканын жетекчилиги куйкасы курушуп жүрдү; коомдогу дүрбөлөңдөн улам тийиштүү жыйынтык чыгарылышы керек эле. Андыктан кандай гана болбосун, «конторанын» азыркы абалында ал дагы эле коомго, мамлекетке керек экенин далилдөө зарылдыгы турду. Комитеттин жетекчилиги «уюшкан кылмыштуулукка» темир чеңгели менен жабышты: бул штаттарды, каржылоо көлөмүн жана ошондой эле «органдардын» эл арасында бошоңдой түшкөн баягы кудуреттүү кадырын сактап калуунун бирден бир жолу эле.  

Ири тажрибалуу чекисттик аналитиктер окуялардын мындан ары кандай нукта өнүгө тургандыгын алдын ала эсептеп-чоттоп коюшкан: дагы саналуу гана жылдардан соң ата мекендик мафиянын лидерлери бандиттик башаламандыктын айлампасы оп тартып бараткан өлкөдөгү эч кимдин алы келбес коркунучтуу күчкө айланышы турган кеп.

Лубянкада Координатор деген оперативдүү лакап аты менен таанымал КГБнын бул генерал-майору өтө жашыруун документтерди жана видеотасмаларды дыкаттык менен иликтеп чыгып, алар туурасында Комитеттин төрагасынын наамына кеңири маалымат -меморандум даярдоого тийиш эле, ошонун үстүндө колунан келишинче жанталаша иштеп атканы.

 Документтер, видеотасмалар, аналитикалык прогноздор Координатор тарабынан узак жана дыкат иликтенип жатты. Жалпы картина канчалык ачык көрүнгөн сайын кырдаалдын ошончолук кунарсыз экени байкалып турду, «өтө жашыруун» деген мөөр астында бекем сакталып турган бул документтер непадам жалактаган жазмакер журналисттердин колуна тийип калчу болсобу, анда ааламды сапырган чоң жаңжалдын чыгышын күтө бер.

 Бандиттердин колунда баардыгы жетиштүү экен: эң акыркы үлгүдөгү атайын техника, транспорт, курал-жарактын түрү, акча, ИИМдин жана прокуратура кызматкерлеринин арасында жайнаган байланыштары, жалданма жаналгычтарына чейин бар, баса, алардын көпчүлүгү бир кезде өзүлөрү иштеген «компетенттүү органдардан» криминал тарапка өтүп кетишкен…

Бандиттерди колго түшүргөн сейрек учурларда деле аларды отургузуу бир топ көйгөйлүү иш. Мындайда күбөлөр бар болсо да аларды жакшылап коркутуп коюшат, далил буюмдар дайынсыз жоголуп кетет, акча дегенде атасын да соодалап жибергенден кайра тартпаган милициянын тергөөчүлөрү ишти чеберлик менен талкалайт, итке минген соттор менен прокурорлор оңдоп-түзөөчү мекемелердин башкы Башкармалыгынын жетекчилиги менен кошо сатып алынат. Төрт режимде иштеген бардык зоналар (жалпы, күчөтүлгөн, атайын жана абак) кесипкөй кылмыштуулуктун мектебине айланганы качан: өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келип абактарга түшкөн кримдүйнөнүн авторитеттери отурган учурун бош кетирбей иш «тажрыйбасы» менен бөлүшөт, алтургай, тикенек зымтордун артында отурган булар тышкы эркин дүйнөдөгү иштерди тескеп турганга да үлгүрүп турушат. Келишимдин жумушчу варианты да түзүлүп бүттү, ал үрөй учураарлык эле. Бирок анда негизги нерсе – кантип күрөшүүнүн олуттуу жолу жетишпей турду. Координатор мына ушуну таап бере алган жок.

Пенитенциардык системаны күчөтүү керекпи?

Мындай кесипкөй кылмыштуулуктун арааны анын тамырын биротоло соолтом деп оолуккан Хрущев тээ алтымышынчы жылдардын башында кулачын жайбады беле. Ошо кезде Соликамскиден анчалык алыс эмес жерде абак режиминдеги эксперименталдуу зонаны – азырга чейин аты денени дүркүрөткөн «Белый лебедь» түрмөсүн (баса, ал жерде биздин Рыспек Акматбаев да отуруп чыкканы маалым – котормочу Б.Ш.) ачышкан. Колу менен жасаганын мойнуна албагандарды биротоло сындыруунун аёосуз иштеген кынтыксыз ыкмасы так мына ушул жерде иштелип чыккан. 

Жака белдеги лагерлерде отурган тыңчыкма авторитеттерди ташып келишип, обочо жайгашкан бир нече барактарга бөлүп салышкан. Албетте, мындайда пахандар өзүлөрүнүн арасынан эң сабаттуу жана таасирлүү адамды ана башы кылып шайлашкан. Зонада пахандын бийлиги орноору менен аны БУРга, же чечмелеп айтканда, күчөтүлгөн режимдеги баракка которушкан да анын ордуна башка «жүлүктөр» жана «торпедалар» (ууру чөйрө ушундайча аталат) менен кошо башка паханды отургузушкан. Жаңы келген пахандын бийлиги орногондон соң аны достору менен кошо эски пахан өкүмүн жүргүзүп жаткан жогорудагы БУРга алып келип кошушкан. Бийлик үчүн айыгышкан күрөштүн жүрөр жери мына ушул жер эмеспи эми. Эски жана жаңы пахандын ортосунда жүргөн адамдын каны суудай аккан аёосуз кармашта, Дарвиндин мыйзамы боюнча, эң күчтүүсү жеңген, өлүктөр болсо зонанын көрүстөнүнө көмүлгөн. Ал ортодо жеңишке жетишкен паханга «торпедалары» менен кошо кезектеги паханды эчак даярдап турушкан...   

Координатордун бир нерсеге акылы жетип турду – социализм доорунда маселени жүз пайыз чечкен ыкмалар эми, токсонунчу жылдардын башында жарабай калды, анткени Горбачев баштаган коомду «гумандаштыруу» багыты жана аны менен байланышкан кылмышты жазалоо системасынын алсызданышы арааны жаңыдан ачылып келаткан «жапайы капитализмдин» шарттарында жана «капитал топтоонун баштапкы этаптарында» ГУЛАГдын ырайымсыз коммунисттик нормаларына кайтууга жол бербей калды, ошондуктан жаңы чечимдерди табыш керек болуп турду.

Жогоку Кеңеште буга чейин сунушталгандай, «өздүк коргонуу максатында» жалпыга эркин курал алып жүрүү жөнүндө мыйзамды кайрадан киргизсе кандай болор эле? 

Россиялык коргошундай кунарсыз, ойрону чыккан жашоо-турмуштун шарттарында бул деле огожо боло алмак эмес, тескерисинче, баары жердин баарында мыкаачылык менен коштолгон жапайычылык башталмак: үйдөбү, коммуналдык ашканадабы, же түгөнгүс кезектерде болобу, адамдар бирин бири аткылап кирмек. Непадам жаңы мыйзам кирип калса, анда мындан биринчи кезекте мыйзам дегенди уруп ойногусу келбегендер дароо пайдаланмак.

Балким, Кылмыш-жаза кодексин америкалык система боюнча кайрадан реформалап чыгуу керектир? Бул да болбойт, анткени мамлекетте анчалык каражат жок, болору да күмөн...

Кабинеттин кожоюну жазайын деп алдына жайган ак кагазды нары сүрдү да ордунан ыкчам туруп, терезеге басып келди. Сыртта терезени черткилеген жаан себелеп турган экен. Москванын борборун калың туман каптаптыр, Лубянка аянтынан арылдаган шамалдан баштарын каткан жүргүнчүлөрдүн сороктогон сейрек караандары ары-бери өтө калып жатты. Ушулардыкы эле жыргал деп койду ал ичинен. Анан терезеге тартылган ак пардага далысын сала бурулду да жанынан тамеки алып чыгып түтөттү, сигареттин жумшак фильтрин жылдыра чайнагылап атып, көзү кокусунан үстөл үстүндөгү дубалда илинип турган Дзержинскийдин портретине түштү.   

Оо, кызылдар менен актар кырчылдашкан ошол кандуу террор-тирештин жылдарында баары айдан ачык жана так эле: соту, тергөөсү жок эле дубалга коюп туруп аткан «Губдезертир»; революциялык өктөмдүк менен кандай маселе болбосун, согуш мезгилинин мыйзамы менен шарт ордунда чечкен ЧК кандай эле; «силерден жүз кишиге бизден бир киши» деген барымтага алуу системасычы...  

Баса, ал ыкмалар толугу менен өзүн актаган, РСФСРды каптап кеткен бандитизм кыска жылдар ичинде орду менен соолтулган эле. Эми болсо бандит экени маңдайына жазылып турса да аны отургузуш үчүн тоодой кагаз жазып, жайнаган күбөлөрдү сурап, наркы кымбат ондогон экспертизаларды өткөрүп, адвокаттар койгон кыйтыр тоскоолдуктардын баарын талкалап жүрүп отуруш керек. Ал отургузган бандитиң да саналуу жылда мөөнөтүнөн шарттуу бошотулуп же амнистияга туш келип эркиндикке чыга келет, чыкканда да алда канча ызырынып, тажрыйба топтоп, акылдуу болуп чыгат.

Тамекинин түтүнүн силкип түшүрүп атып Координатор илинип турган казыналык портретке дагы бир жолу тигилди да, башынан кыязы өлкө ичинде унут калган ошол ыкмалардын айрымдарын кайрадан кайтарсак жакшы болмок беле деген ойду сыдырып өттү.

Тышкы чалгын менен алектенген Биринчи башкармалык ошол эле ыкмалар менен иштеп атпайбы дагы эле? Булардын чет өлкөлөрдө да колу узун: машине менен кан-жинин балжырата сүзөт, ууланган зонтик менен сайып кетет, шахтанын лифтине түртүп жиберет,     керек болсо авиакырсыкты да уюштуруп жибере алат.

Бул мыйзамсызбы?

Конституцияга каршы ишпи?

Мыйзам менен мыйзамсыздыктын анык чегин ким эми аныктай алат? Ар кандай эрежеде кыйшаюу деген болот эмеспи, анын мисалдары толтура.

Гуманизмдин жана демократиянын бийик идеалдарын сүйбөйт деп айтканга ооз барбаган ошол эле француздук Төртүнчү республиканын лидери Пуанкаре бир жолу Париждеги бардык кылмышкерлерди чогултуп, шаар сыртына алып чыгып туруп жөн эле ит аткандай атып салганга буйрук берген.

Латынамериканын айрым өлкөлөрүндөгү «өлүм эскадрондору» деп аталган аёосуз чараларычы?

Же жаңы мисал – Түштүк Кореяны алалы. Бийликтердин борбор шаарды кылмышкерлерден кандайча тазалагандары укмуш. Баары жөпжөнөкөй болду: укук коргоо органдарынын шалаакылыгына жана кылмыштуулуктун күч алып кеткенине кыжыры кайнаган президент Чон Ду Хван Сеулду үч күн ичинде бандиттерден тазалоого буйрук берген. Айтылган буйрук кынтыксыз аткарылган – түштүк кореялык майда ири пахандардын баарын терип кармап туруп, токтоосуз атып салышкан. Натыйжасы да, чуулгандуулугу да шумдук иш болгон бул кадам. Канткенде да Сеул азыркыга чейин дүйнөдөгү криминогендүүлүк эң төмөн шаарлардын катарына кирет. Сот-сопкуту жок эле атып салуу күнөөсүздүк презумпциясын, процессуалдык формалдуулуктарды жана конституциялык башка укуктарды одоно бузса да мунун натыйжасы кандай мыкты болгонун айтпайсыңбы! 

Каражаттар максатка жарашкан вариант дал ушул болсо керек. 

Координатор тамекинин калдыгын шак басып өчүрдү да ордуна кайтты. Терезени дыбырата черткилеген жаан эми анын итиркейин келтире баштаган эле. Кыязы, ал бирден бир туура жолду ачык түшүндү шекилди. Ойлору так жана анык иштеп кирди, керектүү сөздөр, формулировкалар өзүнөн өзү табылып жатты. Аны оор аскер учагы бетондон үзүлө абага көтөрүлүп, учкучу болсо муну болгон турпаты менен сезип – учуп баратам, учуп баратам, баары жайында, азыр эми максатка бурулам, анан көрүп алгыла дегендей чалкар сезим тулку боюн бийлеп алды...

Галстугунун түйүнүн бошотуп, термостогу кофеден куйду, чыныга ыргытылган эки чакмак кантты күмүш кашыкча менен шашпай аралаштырып жатып, креслонун жумшак мамыгына чалкалай кетти. Коомду арааны ачылып келаткан кылмыштуулуктан арылтуунун бир гана хирургиялык жолу бар экендигине дагы бир жолу ынанды, андан башка жол жок, болушу да мүмкүн эмес эле.

Ооба, мына бул уурулардын, пахандардын жана авторитеттердин баарын бир гана туура жол – атып салуу менен гана өлкөдө тартип орнойт. Соттор, тергөө, абак маселени чече албайт. «Душман багынбаса, анда аны жок кылуу керек» деп Максим Горький туура эле айткан. Бул жерде болсо душмандардын баш ийип бергенге даяр эмес экени айдан ачык.   

Үстөлүн жайнаган кагаздан тазалап, телефондорунун баарын өчүргөн Координатор эми отуруп алып дыкаттык менен эң жогору жакка меморандум даярдай баштады. Жумушчу вариантын жазып бүттү да ар бир сөздү эжелеп кайрадан окуп, салмактап чыкты – документ тиги жогору жакта отургандарга түшүнүктүү жана ынанымдуу болууга тийиш эле. 

«...уюшкан кылмыштуулук экономикалык реформалардын ишке ашышына тоскоолдук гана жаратпастан, күч түзүмдөрүн, тагыраак айтканда, мамлекетти коомчулук алдында жаманатты көрсөтүүдө...»

«...белгилүү болгон себептерден улам КГБнын мыкты, тажрыйбалуу кадрлары ишке салынбай жатат, же толук кубаты менен иштей албай жатат...».

«...ИИМдин жогорку жана орто чынжыры, ошондой эле прокурордук кызматкерлердин басымдуу бөлүгү кыйла коррупциялашып кеткендиктен уюшулган кылмыштуулук менен болгон күрөш натыйжа алып келет деп айтууга негиз бербейт...». 

«...өлкө экономикасы рынок жаатына кескин өтүп жаткан шарттарда эски ыкмаларды колдонуу өзүн актабай калды...».

«... коомдук тездик менен криминалдашып баратканын эске алып, тезинен чукул чараларды көрүү сунушталат...».

Эң башкысы:

«Маселени күч менен чечүү гана кырдаалды өзгөртө алат. Атамекендик уюшкан кылмыштуулуктун эң таасирлүү лидерлерин күч менен четтете турган эксперименталдык курамды түзүү зарыл».

Жазып бүттү да үнүн пас чыгарып кайра бир жолу кунт коюп окуп чыкты, кыязы, ишендире тургандай эле жазылды окшойт.  Эми муну каттатып туруп, анан кайра бир жолу окуп чыгып, оңдоп, КГБ төрагасына киргизиш керек, болду...

Жумуш күнү аяктаганга чейин документ толук даяр болду. Чынында, мунун аткаруучуларына келгенде бир аз көйгөй маселе чыкты – буга «күч түзүмү» эсептелген Жетинчи жана Тогузунчу Башкармалыктардын (атайын бөлүк жана БКнын, өкмөт мүчөлөрүн кайтаруучулар) офицерлерин тартуу кыйла кылапаттуу көйгөй иш эле, бирок тубаса дипломаттык шыгы бар Координатор бул ишке Ооганстанда өткөн, текшерилген балдарды сунуштоо менен мунун да эсебин тапты. Анткени булар чынында эле кримдүйнө менен жытыгышууга барбаган, мыйзам алдында таза адамдар эле. Дагы бир ишенимдүү вариант – бул ишке кезинде криминал менен тыгыз жүргөн, кийин кандайдыр бир себептер менен андан алыстаган, бирок кайсы бир даражада мыйзам алдында «булганып» алгандарды тартса максатка ылайык болмок. Мына ушул экинчи варианттын ыңгайлуулугу – «булгангандарды» башкарууга да жеңил эле, болбой баратса шантаждоого да ыңгайлуу эле.   

Терезенин артындагы түн коюуланып, «Лубянка» метросунун кире беришиндеги азыр эле кесилген эттин канындай кыпкызыл болуп «М» тамгасы күйгөндө күн бою бажарган ишине канааттанган кабинеттин кожоюну гараждан кызматтык машинесин чакырды, плащын каруусуна илди да кетип баратып, жанагы кассетаны дагы бир жолу коюп карады.

Бул ага көрө берип жат болуп бүткөн кассета болчу. Тротуарга бурулуп келип токтогон кара-көгүш «Мерседес», эскилиги жеткен жашыл «копейка», автоматтын үңүрөйгөн оозу, офистин маңдайындагы канга боёлгон бетон плиталар, агыш «девятканын» үстүнөн жалбырттап чыккан от...

- Ошондо биздин булардан айырмабыз кандай болуп калат?- деп үн чыгара өзүнө өзү суроо узатты ал. Анан кайра эле өзүнө жооп берди.- Эч кандай айырмабыз деле болбойт...

Координатордун сунушу жетекчилик тарабынан бир аз күмөн саноо менен кабыл алынды – канткен менен бул сага «кызыл террорлуу» 1919-жыл эмес, мындай алабармандык менен аракеттенүүгө болбос эле. Анан калса кандай сыр болбосун, акыр аягы бир күнү келип ачыкка чыгат эмеспи. Ошондо отко май тамызган бетпак басма сөздүн кызытуусу менен коомчулуктун ызы-чуу түшкөнүн көрүп ал...

Ошенткен менен жетекчилик макулдугун берди – кыязы, меморандумда жакшылап баяндалган абал чынында аларды ойго салды окшойт да. Көп өтпөй Координаторго тикелей баш ийген «С» деп шарттуу аталган күч бөлүгү пайда болду. Азырынча бул кагаз жүзүндө гана болду – алдыда финансы, материалдык база, кадрлар менен байланышкан толгон-токой маселелерди чечүү турду. Кандай болгон күндө да жай ортолоп калганда аталган бөлүк кадимки күжүрмөн бирдик катары жашоосун баштады. Кырдаалды жакшы билген Бешинчи башкармалыктын (идеология жаатына жооп берген) кадыр-барктуу аналитиктери, Жетинчидеги тажрыйбалуу интсрукторлор, экономистер, айтор, кадрлык тандоо «өлүм эскадронунун» алдына коюлган милдеттер ыкчам жана сабаттуулук менен чечилет деп айтканга негиз берип турду. Эми Координаторго милдетти түздөн-түз аткара турган адамдарды тандоо гана калды, муну жыл аяктаганга чейин бүтүрүш керек эле.

Бирок маселени теориялык жактан чечкен менен аны реалдуу ишке ашырган эки башка иш эмеспи. Какаганга муштаган болуп иш жаңыдан кызуу башталып келатканда жаш курагы келгендигине байланыштуу Координатордун өзү Лубянканын борбордук аппаратынан резервге чыгып калбаспы.  

Таң калыштуусу – атайын кызматтын генерал-майору өзүнүн жаңы статусунун өзгөргөнүн эч бир ооруксунбай кабыл алды. Башка кесиптештеринен айырмаланып, ичип да кеткен жок, атылып өлгөнгө да аракет кылбады, «ысык точкаларга» тартылганга да далбас урбады. 

Жанын жай алдырган себептер көп эле – биринчиден, кызмат кылып жүргөн жылдары түзгөн байланыштары олуттуу бизнес менен шугулданганга мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, жетишерлик турмуштук тажрыйбасы да бар: ким-ким, бирок Координатор эртедир-кечтир өзүнүн жыты сиңген мекемеге керек болорун мыкты билчү. Үчүнчүдөн, бул эң башкысы! - «С» бөлүгүнүн ооздук чылбыры толугу менен анын колунда эле. Анткени жашыруун атайын бөлүк анын өзүнүкү, боор этинен жаралган өз баласындай эле.  Анүстүнө, ордуна келип анын кабинетин ээлеген башка кишиге туура саясат жүргүзүүгө аныкындай сабырдуулук, акыл жетишеби да жокпу, муну генерал-майор жакшы түшүнүп турду, анан калса, жетекчилик жаңы келген кишиге мындай кычыктуу ишти бере да салбайт болчу.    

Бирок канчалык тажрыйбалуу, интрига дегенди мыкты билген Координатор деле айдан ачык бир нерсени толук түшүнгөн жок: токсонунчу жылдардын башында органдарга таандык болуу баягы жылдардагыдай чексиз бийликти бере албай калган. Эми Москвада гана дейсиңби, кең Россиянын бүт аймагында идеология менен мамлекеттин кызыкчылыктары арткы планга сүрүлүп, баары жоктун баарын калчаган, чечкен акча гана болуп калган эле. Демек, Лубянкада жарыкка келген «С» курамынын мамлекетке дээрлик тиешеси болбогондуктан, ага көз каранды болбогондон кийин эртедир кечтир өз жанын өзү баккан өздүк каржылоого өтөрү турулуу иш эле. 

Мунун жолу да оңой эле табылды: Координатор аны күзөт фирмасы кылып жалданма адамга дароо каттатты да кыска мөөнөт ичинде мурдакы кесиптештерин чогултуп алды. Начало формы

Конец формы

Баарын башынан дагы бир жолу саресептеп чыккандан кийин ага дагы бир нерсе ачылып чыга келди: жөн эле акыйкаттык үчүн пахандарды, ууруларды жана кримавторитеттерди жок кылуу менен шугулданган ишкана болуу келесоонун иши эле. Эми мына бул «жапайы капитализмдин» доорунда буларды тыптыйпыл кылуу криминалитеттин акчасын мыйзамдуу бийликке кайтаруу менен гана өзүн акташы мүмкүн эле.

Учурда Россияда кайсыл бийлик мыйзамдуу экенин Координаторго айтып түшүндүрүүнүн да кереги жок, анткени ал бийликти сактоого жана кызмат кылууга ал өзүнүн жыйырма беш жылдык өмүрүн сарптабадыбы. Телевизордон күн сайын түшпөгөн азыркы бийликти бийлик деп атоого оозу барбады. Акылдуу кишилер эч качан төш койгулап ачыкка чыкпайт, бул чындыктын аныктыгы ушунчалык – аны далилдеп отуруштун кажети жок. 

Мына ушундай ойлор менен ал өзү иштеп кеткен Лубянкага келип, жогорку начальникке жазылып, анын кабыл алуусунда болду. Резервдеги генерал менен кийинки генералдын ортосундагы сүйлөшүү төрт сааттан ашуун убакытка созулду.

Координатор кабинеттен чарчап талыкшып чыкканына карабай маанай көтөрүңкү жана кабагы жарык эле, жылмайган кожоюн өзү эшикке чейин узатып келбедиби – анын жүзүнөн экөө баарысын макулдашканы ачык байкалып турду.   

Баса, кабинетте отурганда лубянкалык начальник катчысын бир жакка жумшап жиберди да куулук менен суроо ыргытты:

- Бул идеянын бир кезде барып тескерисинен аңтарылып, ачыкка чыгышынан чочулабайсызбы?

- Кантип?- сурады келген конок бул суроону эчак күтүп атса да.

- Сиз ойлоп тапкан бул курам негизи... мыйзамсыз жана антиконституциялык эмеспи. Муну өзүңүз деле жакшы түшүнүп турасыз да.

Сукбатташ ырастагандай баш ийкеп койду:

- Арийне.

- Бирок иш-аракеттердин мыйзамсыздыгы жетекчиликтин жана аткаруучулардын ишинде табигый өзүм билемдикти туудурат. Маалыматты жашыруу мамлекеттик чектен чыгуучулукка алып келет – бул болсо бандиттердин чектен чыкканына караганда алда канча коркунучтуу, - кожоюн эми так аныктама берди. – Андай болгондо силер кайсы бир люберцилик топтон же айталык, солневолук топтон эмнеңер менен айырмаланып каласыңар?

- Эч нерсебиз менен айырмаланбайбыз. Максатты аныктаган каражат эмеспи. Кулак баштан садага дегендей эмеспи. Анан калса акча деген жыттанбайт да, - деди мыкты келтирилген афоризмдер дайыма ишенимдүү таасир этерин жакшы билген резервдик генерал. 

Чын эле акыркы афоризм катуу таасир этти окшойт – Координатор 90-жылдардын башталашында бул коммерциялык гана эмес, эми лубянкалык курамдар үчүн да актуалдуу болуп калганын жакшы билчү.   

2-глава

Россиянын сары-жашыл евразиялык картасында нокоттой белгисиз, автомобиль жана темир жолдордун чырмалышып чиеленишип кеткен кара-көк артериясында жайгашкан анчалык чоң эмес Курган шаары дээрлик эч нерсеси менен көзгө урунбайт. Тобол дарыясынын киргил көк суусу, абаны ууландырган заводдордун соройгон куурлары, шаардын четирек жагына кара таман пролетарларга арналып салынган бир кылка бозмолтой куту өңдөнгөн үйлөр, таң заардан деминен арак жыттанган, өзү иштеген заводдорго ашыккан жумушчу табы чымындай үймөлөктөшкөн, анда-санда бир кезикчү автобустук аялдамалар...

Шаар эмес – болгону областтык борбор, административдик бирдик. Мындайлар Россияда ондоп саналат жана алардын баары бири бирине коёндой окшош.  

Кудай бетин салбасын, эгерде ушул жерде туулуп жашап калчу болсоң, анда аркы жолуңдун кандай болорун бир кудай билет. Мындай шаарларда негизи жашоо деген жок, эптеп күн көрмөй.

Бетон кысмактаган мейкиндикте жашоонун сценарийи көп жылдарга алдыга аныкталып калган: мектеп, ПТУ, улуп-уңшуган дискотекалардагы жарым жылаңач кийимчен, оозу-башын киши жийиркенгенче боёгон арзанбаа жалаптарга жабышмай, андан кийин армия, үйлөнүү, эч кимге кереги жок болсо да өлкө үчүн маанилүү бирдеме чыгарган завод, майрамдар, мончо, жекшемби сайын кошуналар, достор менен өлөрчө ичип гүүлдөө, анан чырдашып, кан төгүлчү ырайымсыз мушташмайлар... Ичер, көрөр күнүң бул шаарларда ушундай. 

Чет бучкакта күн көргөн бул шаарларда эл сезим же ой менен эмес, караңгы жана алдын ала билип болбогон инстинкттер менен жашайт. Ошондон улам мындай шаарларда милиция өзгөчө ырайымсыздыр. Балким, мунун да адилет жагы бар чыгар: милициядан коркпосо жашабай жатып шишенин ичине түшүп кеткен кечеки птушниктер, кара күчүн кайда жумшарды билбеген дени-карды соо жаш жигиттер тооктун уясындай батирлеринен туш-тушка чачырап жайылып, алдынан чыккандын баарын өрттөп, кыйратып, каныбайранын чыгарып талкалап кирсе эмне жашоо болмок...  

Кыскасы, караңгы жана билип болгон ышкыга баткан, башкарып болбос адамдардын үйүрүн катуу камчы астында кармабаса болобу... Ошондуктан менттерден жана прокуратурадан турган укук коргоо органдары – тарбиялоочулар да, койчумандар да, жазалоочулар да ушулар – аныктоочтордун байлыгы эле маселенин канчалык курч экенинен кабар берип турбайбы.  

Кыязы, так ошол чайыттай ачык күнү бастек бойлуу жаш жигитти суракка алып жатып Курган шаардык прокуратурасында иштеген тергөөчү аял укук коргоо органдарынын жазалоо функциялары туурасында ойлонуп жатса керек.  

Аял сүрдүү жана орой эле – бул аялдарга туура келбеген ушул кесипке куп жарашкан керектүү сапаттар. Кесиптик бетпактык жана кылмыштуулукту ачуунун планы адамдардын тагдырына түкүргөндү бат эле үйрөтөт. «Прокуратура» деген казыналык сөзгө куп жарашкан, жынысы жок бул макулук өзүнүн кунарсыз сырткы келбетин да кыязы, папкеси, телефону жана ушул тар иш кабинети менен кошо алгандай.  

Суралып жаткан неме болсо тескерисинче токтоо эле, суроолорго да сылык, ойлонуп жооп берип жатты: өзүнө бекем ишенген адам гана мына ушундай көрүнөт. Бир аз калдыңкы кулактуу, кыска кыркылган кара чачы, күрмөнүн астынан даана байкалып турган булчуңдары мунун кадыресе кургандык экенин айгинелеп турду. Бир жерге токтобой ары-бери ойноктогон көздөрү гана болбосо, бул неменин шойкому деле жоктой.   

- Ошентип айталык, жабыр тартуучунун арызы менен сиз таанышып чыккансыз да? - деди ага кудум бөлмөдөгү эмеректин майда бир деталындай караган тергөөчү аял. – Зордуктоо фактысын сиз мойнуңузга аласызбы?

Тергелип жаткан неме ийин куушурду.

- Жок.   

- А бирок интимдүү жакындашуу фактысы болгонун сиз моюнга аласызбы?

- Албетте, - жай жооп узатты жаш жигит. Ошол замат шашкалактап кошумчалады: - Бирок бул эчак болгон иш эмеспи... Бир жыл мурдараак өз ара макулдашуу менен болгон иш. Мен унутуп да калгам эчак...

- Бирок жабырлануучунун арызында ага күч колдонулган деп жазылган, - албетте прокуратуранын тергөөчүсү - жабырлануучу да аял болгондуктан ага тилектеш болгусу келдиби же кесиптик түшүнүктөн уламбы - жигитке ишенген жок. – Бир жыл мурдабы же кечээби, бул берене боюнча мөөнөт деген болбойт.

- Жолдош тергөөчү, мен өзүм милицияда кызмат өтөгөнмүн. Бул атайын жасалган иш. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү кана? Медициналык күбөлөндүрүүнүн маалыматтары кайда? Эмнеге мен бул туурасында эми гана билип жатам?

- Демек, зордуктоо фактысын сиз мойнуңузга албайт экенсиз да? - тигинин жүйөөлөрүн кабыл алгысы келбеген тергөөчү саатына карап койду, бир жакка шашылып атканы билинип турду. – Жакшы. А мындан тышкары сиздин үстүңүздөн ушул эле берене боюнча дагы үч арыз түшкөнүн сиз кандайча түшүндүрөсүз?

- Карап көрүүгө уруксат этиңиз, - ишенбегендей эриндерин кымтыды жигит.

Кожейкенин өңү уйкусурай баштады.

- Мына, караңыз. Начало формы

Конец формы

  • Бирок ---- ----

Бозоргон ак кагаз, жантайыңкы тамгалар – бирөөнүн айтканы боюнча жазылганы көрүнүп эле турат.

«...Аны менен парктан тааныштык, жарым саат өткөн соң ал мага интимдик жакындушууну сунуштады. Мен баш тартканда мага орой күч колдонулду... Бузуку формадагы жыныстык катнаш жасалды...

Тергөөдөгү неме кагазды ары жыйнаштырды:

- Карандай калп. Булардын ким экенин да билбейм.

- Сиз билбеген менен алар сизди билишет экен го, - кагаздарды шак папкеге каткан аял кекээр унчукту. – Демек, моюнга албайт экенсиз да?

- Ооба.

-А күбөлөрдүн көрсөткөндөрүн кантесиз? Мына баса, алар.

Кыскасы, «жабырлануучулардын» арыздарындай эле ыкма менен жазылган буларды деле окуп отуруунун кажети жок эле. Бир гана нерсе – эгерде аны шойкомдуу 117-берене менен тыккылары келип атышкан болсо чын эле отургузат окшоп калды. Ушундай да болобу – төрт жолу зордуктагансың деп атышса... Баарын бир эле убакытта деп айтышса да болмок экен мынчалык кетишиптир...

Кабинеттин кожейкеси кайрадан саатына көз чаптырып, отурган жеринде ойдолой түштү. Папкени ачты да:

- Тергөө сиздин анкеталык маалыматтарыңызды дагы бир жолу тактап алышы керек, - деди.

- Жакшы,- аны жек көрүү менен караган жигит жооп узатты.

- Фамилияңыз?

- Солоник.

- Атыңыз, атаңыздын аты?

- Александр Сергеевич.

Тергөөчү колундагы окуучунун арзан уручкеси менен пакеге бирдемелерди белгиледи.

- Демек, мектепти аяктагандан кийин техникумдан окугансыз, андан кийин Советтик аскерлердин Германиядагы тобунда кызмат өтөгөнсүз, андан соң техникумдун сырттан окуу бөлүмүнө которулгансыз, милицияда иштегенсиз, ал жактан аморалдык жүрүм-турумуңуз үчүн айдалып кеткенсиз... Андан кийин – автоколоннада иштегенсиз, анан күзөт кызматына орношконсуз, ал жактан бошонуп кеткенден кийин атайын комбинатка киргенсиз. Туурабы баары?- тергөөчү аны баштан аяк карап койду.

- Ооба, - анткеталык маалыматтар ушуну менен нечен жолу кайра текшерилип жатты.

- Анда жакшы экен, жаран Солоник, - ордунан шак тура калды тергөөчү. – Башка суроолор жок, сизге ыракмат, сиз бошсуз.

- Кечиресиз, бетме-бет кезиктирүү деген кайда, медициналык күбөлөндүрмөлөрчү? Мына бул үч арыз кайдан чыкты?- тынчсыздана түштү азыр эле жаран Солоник деп аташкан неме. – Мен өзүм милицияда иштегенмин, мыйзам эмне экенин жакшы билем. 

- Тергөөнү кандай алып барууну прокуратурага үйрөтпөңүз, - шарт кести аял. - Сиздин милицияда иштегениңизди биз эсепке алдык. Мындай айып менен сизди эч жакка кетпөө тууралуу тил кат эмес, убактылуу кармоочу жайга киргизип койсо болмок. Болду, бошсуз. Сотко чакыруу боюнча келесиз, антпесеңиз күчкө салып алып келинесиз.  

Маек бүттү дегендей кайдыгер бурулду тергөөчү катын. 

Суракка алынган жигит абасы ным жыттанган жер төлөдөн сыртка чыгары менен:

- Аа, Солониксиңби? – деген үн күтүлбөгөн жерден так кулагынын астынан жыңырды.

Жигит бурулуп карады, аны көздөй арыкчырай жапалдаш неме келаткан экен.

Жаагы шылыңганча кырынып алыптыр, кыска чачы, терең отурган кичинекей көздөрү бул неменин опер-мент экенин айтып турду.

Опер жигитке мылжыйып ачык эле өөдөсүнүп карап турду.

- Ии,кандай иштериң, - деп ал тамекинин чылымын асманга үйлөй.

Арзан «Приманын» жыты мурунга урду, прокуратурага келген киши жийиркене бырыша түштү.

- Менде сенин кандай жумушуң бар?

- Жардамым тийип калар... Балким келишип жүрбөйлү?

- Жогол ары, бачабыз, сени менен келише турган эч нерсем жок, - чын дилден кеңеш  берип калды жигит.  

Иштеген көп жылдар ичинде бул мент өз дарегине мындан да ашкан ысык каалоолорду, керек болсо күн сайын укса керек, ошондуктан бети чым деп койгон жок, таарынган да жок, жедеп көнүп да калса керек.

Андыктан жигиттин бетине чылымынын түтүнүн үйлөп, мылжыйып гана койду.

- Бекер кыласың...Эч нерсе эмес, зонадагы блатнойлор бир жериңди айырганда мени ошол жакка айдап сөккөнүңдү ошондо эстейсиң...

Бул жашоодо каалооң менен мүмкүнчүлүгүңдүн дал келбей калганынан өткөн жаман кусаматтуу нерсе жок, айрыкча каалооң ээ жаа бербей турса. Болгону жашың жыйырмага араң келсе, армиядан жаңы эле келип, ал-күчүңдү кайда жумшаарыңды билбей ары-бери урунуп турсаң, алдыда не деген пландарың жылоолонуп азгырып турса, бул табигый көрүнүш эмеспи.

 Алдыдагы мейкиндик чексиздей сезилет, төбөңдө таза, чайыттай ачык асман. Жатып алып кыялыңда эмнелерди гана элестетпейсиң; өзүңдү кайдадыр бир алыс жактардан көрөсүң, чөнтөгүң толо шуудуруган жашыл акча, жылтылдаган кымбат машине астыңда, не деген келишкен айжаркын сулууларды жаныңа отургузуп алып шаардын көчөлөрүн ызгыта кыдырып жүрсөң, сенден башка бактылуу, сенден башка кудуреттүү, күчтүү ким бар...  

Куураган шаар Курганда жатып алып дагы эмнени кыялданмак элең?

Ошентсе да чет чөлкөмдөгү жашоо саңырсып жыттанып кеткенсиген шаарда мойну узун «Портвейн -72» шараптан баса ичкен, алдыңан чыкканды дайыма торойто чаап сансыз мушташта эч кимге алдырбасаң бул жердеги жашоонун падышасысың, бул жердеги жашоо турмушта мындан өткөн жетишкендик болбостур.

Арийне, мындай ой жорумдан төбөсүнөн таманына чейин кургандык Саша Солоник да четте эмес эле. 

Темир жолчу менен медайымдын көргөн жалгыз перзенти Саша куракташтарынан эч нерсеси менен деле айырмаланчу эмес. Кадимки эле карапайым мектептен таалим алды, боордош ГДРда аскер кызматын өтөп келди, техникумга кирди, анда деле Саша кыйратып окуп ийген жери жок эле. Андан кийин тагдыр жолу аны милиция кызматына алып келди...

Милицияга деле арзан романтикага азгырылып кокусунан келип калды, буга жанагы телевизордон тынбай берилген, советтик духтагы «Тергөөнү билармандар жүргүзөт» деп аталган мыйзамдуулукка кызмат кылууга үндөгөн, бардыгы бирөө үчүн, бирөө баардыгы үчүн жан кыюуга даяр экенин ашкере даңазалаган романтика чалыш киносериал түрткү болду. Кирерин кирди да милициядагы чыныгы турмуш жанагы кинодогудай эмес экенине жалындап турган жаш кызматкер бат эле ынанды. Бара-бара анын кадыресе турмушуна аралашып да кетти, бош калса эле убактысын шарапка жумшап же кечке карта чабышмай менен өткөрүп, ыңгайы келе калганда жергиликтүү арзан тотуларга барып коюп жүргөндү көнүмүшкө айлантты. Ментовкада качан караба үч кабат ашата сөгүнүү, оройлук өкүм сүрүп турар эле, анан да кошматчылыктын чеги жок, начальниктер тарабынан тымызын колдоого алынган бирин бири акырын сатмайдын да арааны катуу болуп чыкты, баарынан өкүнүчтүүсү, бул жерде жанагы кинодогу майор Томиндей же капитан Знаменскидей кадыр-барктуу, ишин мыкты билген чыныгы кызматкерлер таптакыр жок экендиги болду.

Мусурлар элди көрсө жини кайнайт, эл болсо анысына тең баа менен жооп кылып, аларды киши ордуна көрбөйт: погончон киши кандай кылса да баары бир ыйманына камчы чабууга аргасыз болот, бул элдин баарына айдан ачык. Кетип баратып артыңан: «карачы, мусор, пидар кетип баратат» деген жылаандын ышкырганындай ызырынган шыпшынууну угасың, аргаң жок, бул сенин капа болсоң да, болбосоң да өмүр бою көтөрүп жүрүүгө аргасыз адилет кресиң.    

 Бирок пенде дегениң, керек болсо менттин формасын кийип жүрсө да баарына көнөт, ыңгайлашат. Эгерде адамдын ичиндеги кайнап-ташып турган энергия жакшы жакка (карьера жасоого, окууга ж.б.) жумшалбаса, анда ал дайыма тешикти тапкан суудай, башка жактан чыкканга жол табат. Мына ушундай жолду милициянын сержанты Александр Солоник да тапты - бул аялдар эле. Баса, анын курагында бул табигый эле көрүнүш да эмеспи.

Анын чимирген аялдары толтура боло турган – он десек аздык кылар, эсептин учу жүздөн ашса ашаар, бирок андан кем эмес эле. Кургандын айжаркын, жаш «кунаажындары» анчалык деле бааланганды билишчү эмес, москвалыктарга караганда алда канча арзан да турушчу. Эми бир айныгыс чындык бар да: эгерде аял өз баасын билбесе анда аны сатып алуу текейден арзан иш, башкысы – наркын билсең болду. Россиялык провинциялардагы баа болсо өнүккөн социализмдин шарттарында стандартка ээ эле: дасторкон жайып, күчтүрөк ичимдиктен коёсуң, улам ичкен сайын ичи ысып бараткан ургаачыга сүйүү, аялдын сулуугу, сезимдүүлүк жана башка ушуга окшогон былжырактан сого түшөсүң, ал ортодо мындай үлпөт акыркы эмес экенин да сездире ишара кылып коёсуң, болду, андан кийин аны эмне кылсаң ошонуңа макул. Маа демектен чарчап, суй жыгылып калганга моокум кандыра бер.   

Булардын арасында сатылбаганы дээрлик жок болгондуктан Саша бара-бара аларга арзан эле сатып ала турган макулуктай мамиле кыла баштады, аларды жек көргөнү ушунчалык эле, бирок аларсыз жашоосу да кызыксыздай сезилчү, ургаачылар ага баары бир керек болчу. 

 Жашоо өз агымы менен жай ага берди: ментовкага барып нөөмөтүңдү өтөп келесиң, анан кайра эле катындарга чуркамай.

 Ал ортодо үйлөнүп балалуу да болду, анан ажырашты, кайра үйлөндү, кайрадан перзенттүү болду... Жыргал сезилген мындай жашоонун бир күн аякташына ишенбеген жаш кызматкер алдыда анын төбөсүнө кандай чокмороктошкон кара булуттар айланып турганын кайдан билсин.

Балакеттин башы Горькийдеги милициянын жогорку мектебине киргенден тарта башталды. Сашада офицер болсом деген тилек күч эле – анүстүнө быкшыган шаардагы көкөйүнө көк таштай тийген турмуш да жанына айда батып кетти. Горький чоң болбосо да маданий жактан өнүккөн, анан да анын ышкысын дайыма ээ жаа бербей ээлеп турган – аялдарын да четинен көрүүнү эңсеп турду, үй-бүлө, жетекчилик дегендер алыста, кой дегенге кожо жок чоочун шаар аны ириде мына ушунусу менен азгырып өзүнө тартып турду. 

Нижегороддук айымдар жадатып бүткөн кургандыктарга караганда алда канча жаңыдай да, көп урулбагандай да көрүндү, баскан-тургандары да ээн эркин экен. Жаш курсант ошентип жаңы жерге келери менен ургаачылардын айлампасына оп тартылды да кетти. Төшөктөн бир жалап туруп кете электе эле кире бериштеги бөлмөдө башкасы чечинип турду. Ургаачылар заводдон чыгып жаткан жапжаңы «Волгалардай» ылдамдык менен алмашып жатты. Акыры бул жоругу жаңы начальниктерге да жеткен экен, бир жолу кабинетке чакырылып, катуу тил угуп чыкты.   

 «Мында угуп атабыз, сен аялдарды четинен тырпыратып атыптырсың», - деди жаш жигиттин көзүнө сайган улгайган начальник. Жаш курсан да мукактанып отуруп берген жок, шак эле кайра суроо узатты:

 «Анан эмне, мен онанизм менен алектенмек белем, же эркектерге секирейинби?»,- курсанттын айтканы бир четинен эп эле. – Мен дени сак-саламат жаш жигитмин, жыныстык багытым да жайында...»

Албетте, кеп жок, Сашанын айтканы өзүнө туура эле, бирок начальниктин айтканы менен да эсептешиш керек да, канткен менен советтик милициянын офицери деген моралдык бийик сапаттарга ээ болууга милдеттүү эмеспи. 

 «Анда мыкты экенсиң, бирок өзүңдүн Курганыңа бар да катындар менен каалаганча чер жаза бер», - деп койду, ошону менен иш бүттү. Мекенге кайтууга туура келди. Арийне, моралдык жактан бузулду болуп кайткан Саша милициядан кетүүгө тийиш эле. Анүстүнө кургандык чоңдору булар жиберген суроо катка баланча аттуу силер сураган адам милиция органында мындан ары иштебейт деп Горькийге олчойгон рапорт да уруп жибериптир.  Бирок милициядагы кызматы менен коштошууга бекер эле шашылган экен, автоколоннада бир аз иштегенден кийин эле аны кайра милицияга – бул жолу күзөт кызматына чакырышты. Ошентип ал менттер өзүлөрү МАИге кошуп жек көргөн бул курамда ал бир аз эле иштеп калды, бул жерден да аялдардын артынан кайра кызматынан кол жууду. 

 Бул иш мындайча болду. Ал эки кесиптеш кызматкери менен жумуштан кийин универмагдан эптеп ийитип кармаган жапжаш келинди «хатага» алып келишип, чогуу отурушат. Алардын эсебинде ичилген ичимдиктин көлөмү жаш ургаачынын ышкысын козгоп, дароо эле жигиттердин каалоосун аткарганга көндүрмөк. Үчөө үч жактан киришмек. Бирок абдан ыймандуубу же арак азыраак болуп калдыбы, айтор селки баарыңар менен жатайын, бирок бир бирден кезек менен киргиле деп суранып калыптыр. Анткени абдан уялчаак имиш. 

 Көздөрү тунарган мент достору да, Солоник өзү да буга көнөбү, карашса кыздын көнөөр түрү жок, эптеп тынчтандыралы дешсе айкырык салып, долуланып ыйлап, ачык турган терезеден оор вазаны көчөгө ыргытат. Түзүк иш болобу, ызы-чуу чыгып, кошуналар, ары-бери өткөндөр баары аңкайып чогула калышат. Сатуучу кызды тынч гана коё берүүгө туура келет. Бирок ичимдигин ичерин ичип алып, ыраазы болбогон ал шуркуя булардын начальнигине катыра сабаттуу арыз жазып, анда башкы уюштуруучу деп батирдин ээсин - Солониктин атын атап салат. Сашаны эми биротоло кайрылгыс кылып милициядан кууп чыгышат. 

Ошентип күлү бир жерге додолонбогон Солоник ар кайсы жакта каңгып жүрүп акыры шаардык көрүстөндөгү көркоонун жумушуна илинет. Мындай өзгөрүүдө кыязы жашыруун маани, азырынча акырына чейин түшүнүксүз тагдырдын тамашасы катылып турду: кызмат парзы боюнча кечээ эле адамдарды өлүмдөн сактоого милдеттүү болгон адам эми минтип адамдардын өлүмү менен жанын мыйзамдуу багууга киришкенин кара... 

Кыйшайган крестер, муңду ичине каткан бейит башындагы таштар, учтуу тосмолор, зыйнаты ашык ритуалдык гүлчамбарлар, «Унутпайбыз, сүйөбүз, эстейбиз» деген сөздөр адамдын жүрөгүн муздатып, кайгы муңдуу саптарды ойготкон, элегия чакырган убактар эчак артта калган. Адамдын мээ сөөгүн колуна кармаган ханзаада Гамлет менен кошо аза зыйнаты жашоонун опаасыздыгы, түйшүк экенин туюндурган философиялык ойлорго түртчү. Күнү бүткөн өнүккөн социализмдин жана арааны ачылып келаткан жапайы капитализмдин доорундагы заманбап көрүстөн эми мыйзамдуу акча табуунун бир жолу болуп калды.

Андыктан көр казган россиялык көркоо классикалык шекспирлик көркоодон алда канча алыс эле, мунун туруш турпаты эле ага сөзсүз жүз грамм куюу керек экенин айтып турат. Көр казгычтар социализм доорунда эле алда канча тың жашаган катмар боло турган. Шаардын көчөлөрүндө «Жигулинин» улам бир жаңы маркасын тепкендер да, жайкысын Болгариянын же Чехословакиянын курортторунда эс алгандар да мына ушулар эле. Көр казган киши аны кышта казса, төлөчү акысы ошончолук асмандап кетерин, маркумду тезирек жайына бериш үчүн туугандарынан канча акча сыйрып алганды, маркумду барктуу жерге жашыруунун наркы канча турарын мыкты билчү. Аны менен эч ким соодалашканга да даачу эмес. Эзели андай болуп да көрбөгөн.        

Жаңы кызмат Солониктин купулуна толуп турду: акча көбөйдү, колдон болсо да машине сатып алды, андай болсо эмне экен, өзүнүкү болуп атпайбы. Аялдар болсо машинелүүлөргө качырып турушат. Эми баягыдай чуру-чуусу жок, акырын гана баш менен ойлонуп иш кылыш керек алар менен. Артыкча жаңжалдын кереги не... Бирок пенденин жаратылышы ошол экен, ал күчү бар, тиши таш чайнаса жарар жаш жигиттин мээсин оңой акча айлантпай коёбу... 

«Атайын комбинаттын» жаңы жумушчусунда философиялык абстракттуулукка азгырылуу деген дегеле жок болчу, бирок кургандык көрүстөндө иштеп жүрүп ал чукулдуктай жөнөкөй, арзан табыттай эки нерсеге анык көзү жетти – өлүм деген кандай гана болбосун, акча турат экен. Кай бир учурда жашоонун өзүнөн да кымбат пулга турат экен өлүм дегениң. Андан да башкысы! – Солоник аны курчаган чөйрө – анын өзү жана калгандар болуп экиге бөлүнөрүн жакшы түшүндү. Андай экен, демек, бир келген жашооңдо дуулдап ал, майнапсыз бош өткөн жашооңо анан түкүрүп же жер муштап өкүнбөйүн десең, сага пайда апкеле турган нерсенин баарын башкалар билбегидей, туйбагыдай кылып колдон чыгарбай кармап кал. Солоник үчүн болсо колдон чыгара койбой кармап кала турган жеке пайда бир гана аялдар эле.    

Ошондуктан ал мурдагыдай эле аялдан аял тандап дуулдай берди. Ал кезде Саша адамга үстөмдүк кылуу, аны коркутуп болсо да толугу менен эркине баш ийдирүү эч нерсе менен салыштырып болбос ырахат тартуулай турганын билчү эмес. Солоник сокур сезими менен каалоо жана мүмкүнчүлүк ортосундагы тең салмактуулукка умтулчу. Бирок чынында бул тең салмактуулук абыдан эле кубулма жана морт боло турган...

Ал катындарды көрүстөндөгү замбилдерге караганда алда канча бат алмаштырып турду, бирок замбилдер да жетишерлик эле. Эч кандай коркунуч, опурталы жок жашоо тынч мемиреп жай агып атты, бирок бул убактылуу экен көрсө. Алгачкы кооптуу коңгуроо бир нече айдан кийин кокусунан шыңгырады, бирок ага Солоник маани берип да койгон жок.

Милициянын офицери болбой калган ал аптасына эки жолу сөзсүз машыгуу залына барып турчу: аракты азайтты, тамеки дегенди башынан эле жолоткон жок, айтор, саламаттыгына тыкан карап жүрдү. Бир жолу машыгуу аяктагандан кийин ага балпайган тегерек көчүгү аялдыкындай, таш болуп каткан мерез көздүү, кара чач, жапалдаш бой киши келди да тыштагы ээн калган кайсы бир бурчка ээрчитип чыкты. Өзүн Владимир Иванович Пантелеев деп тааныштырган бул неме милициянын ага лейтенанты, улук опер болуп чыкты. Анан дароо эле кепке өтүп, милициянын штаттын тышкы кызматкери, башкача айтканда, башкаларды тымызын сатып турчу - стукач болуп иштеп берүүнү сунуштады.

- Бул сендей болгон ИИМдин мурдагы кызматкерине көрсөтүлүп жаткан чоң ишеним, билсең, - деди мусур мурдакы кесиптешинен аңкып турган жыттан мурдун чүйрүп. Андан кийин кебин улады.- Бизге силердин ишканадан финансылык тартип бузуулар болуп жаткандыгы туурасында сигнал түштү. Сенин милдетиң мында...

- Көчүгүңдү түйрү да жогол ары, покпасар, - шарт эле үч тамгага айдаган кеңеш берди Солоник. – Ментовкадан мен колумду эчак үзгөм, ошондуктан, сен пидар, жакса бокту өзүң чукуй бер...

  Мындай жаман ат менен аталган милийса Пантелеев жини келип барып, бирок тигинин таштай чың булчуңдарын карап туруп бул оюнан ошол замат кайтты, азырынча коё тургусу келди.

- Мейли анда, каалабасаң арга канча, - демиш болду ал көңүлкош мылжыйган арам күлкүсүн бетине чыгара. – Бирок кара, этиет бол өзүңө, достум, непадам кырсыктап калып жүрбө...

Чын эле айткандары туура, болчу кырсык арийне жүз берет, анүстүнө мына мындай милициянын оперинин оозунан чыгып атса буга бөркүңдөй ишене бер. Так ошондой болуп чыкты...

Ошондон канча өттү белгисиз, бир жолу ал досу экөө эс алуу паркына кыз уулап барышты, каалаганыңды ошол жерден тапсаң болот. Көп деле күтүшкөн жок – адегенде эле колго илинген, бой келбети келишкен эки тотуну заматта эле торго түшүрүштү. Кыткылыктаган секеттер каалаганыңарды аткарууга даярбыз дешти. Мурдагы мент менен анын шериги буларды “жигулиге” салышты да бай турган көр казгыч Сашанын бир көмүттүү батирине алып кетишти.     

Демейдегидей эле меймандостукка тасмал жайылып, ортого ичимдик коюлду, кыздар сабаттуулук менен ичирилип, бат эле мас болуп калышты да адилеттүүлүк менен экиге бөлүндү. Доско Таня дегени тийди, Саша болсо Катяны имерди.   

Катя ага эмнеси менен жакканы белгисиз, балким, ал кадыресе төшөккө жатмайдан башка кандайдыр бир көөлгүгөн романтикалык сезимге баткысы келдиби, айтор, жаш жигитти жипсиз байлап алды. Ошол күндөн тартып Солоник мурдагы эрежесин өзгөрттү, ар ким менен жатканын токтотуп, Катяга гана берилип калды. Байкуш Катя болсо эми каалаган убакытта зымырап жетип келчү “тез жардамдын” кейпин кийип, урук сыгып алып туруучу накта машинеге айланды.   

Анан эле бир күнү кыз тараптан айтыла турган ыйык касиеттүү сөздөр айтылды: «Мен сени сүйөм, кел чогуу жашайлы», - деди эчак бышып бойго жетип, эрге чыгар маалын чыдамсыздык менен күтүп жүргөн бечара кыз.

Эмне дээрин билбеген Саша күңк-мыңк этип, макул жашаса жашайлы деген болду, бирок үчүнчү никеден да жолу болбосуна көзү жеткен соң ач кенедей жабышкан бул шуркуяны тартынбай этпей эле орой ашата сөгүп, келген жагына айдады. Кыз капа болду, бирок жооп кайтарып айтышкан жок, унчукпай чыгып кете берди. Баса, Катя жалгыз калган жок, бат эле узун бойлуу, басты-кааматы келишкен, бул жердеги ургаачылар «укмуш жигит» деп суктанышкан участкалык милиционерди шап эле чимирип алды да, көп өтпөй баш кошуп, татыктуу жубай катары жашоосун улантты. Ошенткен менен ысык махабатын тепсеп кеткен Сашаны унута албай тымызын сүйүп да, жек көрүп да азапка батып жүрдү. 

Жаш жубайларга чын пейлинен бакыт-таалай, көөнөрбөс бир өмүрлүк сүйүү каалаган Саша бир үшкүрдү да шак эле Катянын жан курбусу Таняга  ооп кетти. Бул жанагы батирге чогуу келип досунун моокумун ойда кандырып кеткен кыз эле.

Таня таптакыр келесоо, тоок мээ ургаачы болуп чыкты – күн сайын белгилүү максат менен паркка чыгып турган аялзаты үчүн бул эми таңгалыштуу деле эмес эле. Бир түн Саша менен жатып кеткендин эртеси эле ал Катяга чуркап, болгон иштин баарын ийне-жибине чейин төкпөй чачпай жеткирип барды, дил түпкүрүндө анын алган ырахаты менен өзүнүкүн салыштыргысы да келди. Эмне айтаарын билбеген Катянын унчукпаганын айткандары жагып аткан деп эсептеген көкмээ Таня бастек бойлуу бул баланын астында он жолудан «бүтүрөрүн», Катянын төшөктө аракети начар эр сөрөйүнүн алдында алда канча мыкты экенин бир айтып бир койбой, сагызгандай шакылыктайт. Өз калпына өзү чындап ишенип маашырланган Таня келесоо андан ары токтоно албай Саша экөө никеге турууга арыз беришкенин кошо урдуруп, алтургай Катяны тойго да чакырып жиберет.  

Катянын абалын көрүп ал эми. Ичинен жини шакардай кайнап чыккан ургаачы эми аны менен жүрөрүн жүрүп, үйлөнбөй, каратып туруп таштап кеткен эркектанадан эмнеси болсо да өч алууну көздөйт. Ага үйлөнүүнүн ордуна анын эң мыкты курбусун артык көргөн немени катыра жазаласам деген ою бар советтик жалаптын өткөн коркунучтуу нерсе жок...

 Бир нече күн өтпөй Катя зордуктоо туурасында прокуратурага арыз жолдоп салат, эч нерседен кабары жок Солоникке күтүүсүздөн айыпталуучу катары прокуратуранын чакыруу кагазы келгенине айран таң калганы ошондон эле. 

 Ошентип жаркыраган жаз күндөрүнүн биринде стукач болуп иштеп бер деп аны көңдүрө албай, анысы аз келгенсип сөккөнүн да угуп кеткен жанагы мылжыйган кытмыр арам опер кокусунан алдынан чыга калган киши болуп аны менен карпа-күрп жолугушуп калып атпайбы. Кыпыңдаган кытмыр салтанат менен караганынан улам чакыруу кагазына кам көргөн да ушул экени байкалып турду. «Зонада блатнойлор жумшак куйругуңду айырганда менин айтканымды эстейсиң» деп кекээрленген опер Пантелеев билгендей айткан экен.

 Шек жок, жанагы «зордукталгандардан» келген үч арыз жана ага кошо «күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү» мусурлар тарабынан кынтыксыз, профессионалдуу уюштурулган жайма тор экен. Махабаттан бактысын таппаган шордуу Катя болсо буга себеп гана болуп бериптир.

Советтик соттун дат баскан механизми кыйчылдап ордунан жылдыбы, анын дөңгөлөктөрү айлана баштадыбы, демек, бул механизмди токтото турган дүйнөдө эми эч кандай күч жок...

Александр Солониктин соту адилеттүүлүктү орнотуунун салтанаты катары эмес, ит куугандай тездик менен заводдогу конвейердин шакылдап иштегениндей эле бат өттү: Саша чакыруу кагазы менен келди, залдагы муздак отургучка отурду да айыптоону баштан аяк укту. Жарым бош залдан бир нече жакын достору, мурдагы жана алам деп аткан экинчи аялы, картаң ата-энеси гана болбосо башка киши деле жок эле. Отургандар ооздору ачылып, бир сотту угуп, бир айыптоочуну угуп, эч нерсеге түшүнбөй алактап калышты.  

Былкылдаган семиз, олбурлуу, кебетесинен кишиге жакшылык кылар дегеле түрү жок, арыс чычкандыкындай майда тиштери бар, уйкусураган сот катын биринен бири өткөн келесоо чалыш суроолорду бере берди. Кааласаң жооп бер, кааласаң жооп бербе, айбың баары бир эчак далилденген. Сашада алиби деген жок эле, бир жылдан кийин кайдагы алиби, кечээ күнү эмне иш кылдың деп сурачы, ошону эстей алаар бекен деги...

Иштин бүткөнү ушул турбайбы...

Прокуратуранын тергөөчүсү анын айыптуу экенине көзү жетип турду, башкы көзүр – күбө Катянын ойго келгенди жазган тантырактаган каты да тиркелүү, тийсем деген эрине жетпей калып, ичине катуу кек сактап калган жалап ушуну кылмак.  

Ошентип демейде аткарылуучу кадыресе көндүм сот отуруму аягына чыгып баратты. Көз айнегин оңдогон сот аял көнүмүш дүжүр суроосун узатты:

- Соттолуучу Александр Сергеевич Солоник, өзүңүздү күнөөлүүмүн деп мойнуңузга аласызбы?

- Жок, - деди берки өктөм.   

Башка суроо болбоду, бере турган суроо да жок эле, ансыз деле баары айдан ачык болуп турбайбы... Он беш мүнөттөй кеңешимиш эткен соттор залга кайтышты да орундарын ээлешти, анан көп өтпөй өкүм окулду: «Россия Советтик Федеративдүү Социалисттик Республикасынын атынан» деп окуп баштап, Александр Сергеевич Солоник сегиз жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөгө өкүм кылынды.

- Баш чарасы өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу... Сот залында кайтарууга алынсын,- деп аяктады сот айым, даттанууга укугу бар экенин кошумчалап. 

Адегенде уккан кулагына ишенген жок: мунун баары өзү жөнүндө айтылып жатабы? Сегиз жыл?! Кайтарууга алынсын дейби?

- Кайсы күнөөм үчүн? - деген эсине келгендей суроо жаңырды. Бирок сот ага кайдыгер эле, эми анын маңдайында эркин жаран эмес, кылмышы үчүн абакка кесилген кылмышкер гана турду.

- Канчык... – деген гана басмырт ызырынган сөз чыкты анын оозунан. – Мен жашыраак, өңдүү-түстүү болгонуңда сенин да болгон тешигиңди айрыр элем...

- Мунун баары опузалоо катары протоколго кошуп коюуну суранам, - деди ошол замат сот аял, анан азыр эле өзү сегиз жылга темир тор артына айдаган немени унутуп да калды.

Эми баары пайдасыз эле – беш мүнөтү кем зек Александр Солоник конвойду бир карап эле абалдын канчалык ишенимсиз экенин түшүндү: азыр анын колуна кишен салышат да астына салып айдап кете беришет. Андан ары алып барып шаардык изоляторго тыгышат, ал жакта болсо мындай бетпак статья менен кесилген ментти кучак жайып тоскон эч ким жок.

Өз күчүнө өзү ишенген жаш жигитти эркиндиктен болгону бир нече гана кадам бөлүп турду. Ойлору сааттай так иштеп кирди да бирден бир туура чечим өзүнөн өзү келе калды: качуу керек! Түз эле ушул жерден качып кетиш керек...  

Жийиркенгендей чарчооңку сакчылар жакындап келатышты. Мына эми...

- Кечиресиздер, аялым менен коштошуп алсам болобу? – дей салды кесилген неме андан аркы аракеттерин ойлоп...

 - Эмне кыласың анан, мейли коштошсоң коштошуп ал, - деди боор тарткансыган мурдагы кесиптеш опери ийнин куушуруп.

Алиге дейре эч нерсе мээсине жетпей турган аялын өпкөн болду да көз кырын арыраак турган күзөтчү сержантка таштады – ал эч нерседен бейкапар эле. 

 - Кана болду, коридорго чык! - Солониктин ийнине колун койгон мент заңк этери менен түшүндү – маал келди!

 Коридорго алып чыгышты, ал жер ээн экен, качам деген соттолгон немени кармап бергенге каалоосу бар демилгечилер деле чыга койбос керек...Бир кадам, эки кадам, дагы...

Отура калып батинкесинин боосун байламыш болду. «Рекстер» шекшинип да койгон жок. Жанында турганды ичке өзөртө сокту, ал арзан макидей бүгүлүп калганда, маңдайлаш келе калган экинчисин так кокого муштап калды эле, ал кыйылган теректей турган жеринде шалк этти.  

Андан ары – өзүн эшикке урду короонун ар жагына атып чыкты, ал жактагы дубалдан жеңил каргыды да үйлөрдүн короолорун аралап заматта житип кетти. Он мүнөт ичинде сегиз жылга эркинен ажыратылган неме шаардык соттун имаратынан алда канча алыстап кеткен эле... 

3-глава

Колдо бар алтындын баркы жок деп туптуура айтылган.

Болгону бир нече күн мурда Солоникте баалай турган нерселердин баары бар эле: өз батири, машинеси, акча, жакшы маяналуу иши, башкысы – каалоолору менен мүмкүнчүлүгүн айкалыштырып жашаса болмок.

Эми мунун бири да жок.

Эми ал киши эмес, ал сегиз жылга соттолгон, анүстүнө бүткүл союздук издөөдө жүргөн кылмышкерге айланды. Өткөн жашоосун биротоло чийип салса, алдыдагы келечеги саздан көтөрүлгөн тумандай бүдөмүк, белгисиз эле.  

Издөөдө жүргөн киши эркин кишиден абдан эле айырмаланып турат. Ал эркиндикте жүргөнү менен түрмөнүн темир тору анын жүзүндө байкалгыс элес болуп турганы турган. Мындай шордуу менттердин көзүнө чалдыккандан коркот, документтерди текшерчү адамдар котологон жерлерден алыс карманат, мындай пенде жашоонун кенедей кубанычын да көрө албайт.

Мындай пенде арга жоктон коңулга качат, өз атын, фамилиясын да унуткусу келет, көнүмүш адаттарын, кызыгууларын өзгөртүүгө мажбур, күлсө күлкүсү окшошпой, караганы дайыма шектүү. 

Мындай шарттарда адам психикасы бат эле бузулат, ал жанындагы кишилердин баарынан шек санай берет, аргасыздан башына баары бир күн менттер кармап барып тыгат, өмүр бою ушинтип качып-бозуп жүрүүгө мүмкүн эмес экенин түшүнгөн ой келет. Жанагы «өкмөттүн укуругу узун» деп айтылган кеп абдан туура, адилет айтылган: шору каткан бул качкын жашоого тойгондордун арасында акыры чыдабай, өзүлөрү ыктыярдуу түрдө менттердин колуна түшүп бергендер толтура. 

 Издөөдө жүргөн киши жашоонун баасын абдан сонун түшүнүп калат, анын ичинде башкы нерсе – бул эркиндик экенин жон тери менен сезет.

 Шаар сотунун имаратынан ошондогу тайманбас капылет качуудан кийин зэк Солоник  да эми таптакыр жаңы жашоо башталып келатканын туйду. 

 Ал ойлогон ошол жашоо да башталды...

 Жергиликтүү ШИИБ бутуна тик тургузулду: мындайды Курган али өз тарыхында көрө элек болчу. Күзөттүн начальниги катуу жазага тартылды, бирок андан абал жакшырып кетпеди, качкындын изин суутпай кармоо ишке ашкан жок.

Издөө мындай учурга ыңгайлаштырылып иштелип чыгылган атайын «Кармоо» операциясынын бардык эрежелери боюнча жүрдү, өз үйү, тууган-уруктун, дос тааныштардын турган жерлеринин баарына буктурма коюлду, прокуратуранын санкциясы менен телефондор тыңшоого алынды, штаттык кийимчен патрулдар темир жол, аэропорт, вокзалдарды шимшилеп жер-сууга батпай өрүп жүрүштү. Качкындын сүрөтү «Алар милициянын издөөсүндө» маалымат тактасына илинди.  

 Бирок мунун баары куру аракет эле: качкын жер житип кеткендей эч жерден табылбай да, байкалбай да койду. ИИМдин жергиликтүү башкармасынын начальниги офицерлерин четинен кууруп жеп, тигилер болсо жиндерин кол алдындагылардан чыгарып, биринин канын бири ичип, бирок натыйжа болбоду. Чыны, качкынга түспөлдөш бирин-экин кайсы бир шордууларды кармаган болушту, бирок алардын ким экени аныкталган соң коё берүүгө туура келди. Кургандык РИИБилердин начальниктери кармалгандын кимисин болбосун Солоник деген ушул деп генералды өлө-тала ишендиргенге даяр эле...

Май айынын бажырайган жылдыздуу көгүлжүм кара асманы ээн трассанын үстүндө асылып турду. Анда-мында алыстан күүлдөп келип өтө түшкөнү болбосо ары-бери зуулдаган деле машине жок. Тигине, көөдөй караңгы түндү жарыгы кескен оор фуралуу “КамАЗ” келатыры. Мотордун үнүн угаары менен Курган-Тоболь шоссесинде жөө-жалаңдап кетип бараткан жапалдаш бой караан өзүн четке урду, антпесе жарым түндө, шаардан элүү чакырым алыс, трасса бойлоп бараткан неме кимдин болбосун шектенүүсүн жаратмак.

Азырынча иштин баары ал ойлогондой болуп турду. Мунун планы жөнөкөй эле: мүмкүн болушунча ага капкан болуп калган шаардан алыстап кетиш керек, бактыга жараша коюлган капкан чабылганга үлгүргөн жок, ал убагында шаардан чыгып кетти.

Качкындын иши курусун, мергенчиден качкан жырткыч  да буга караганда абалы алда канч жакшы эле, анткени жырткычтын азуусу, тиши, тырмагы бар, мунун жадагалса, калем учтаганга жараар макиси да жок болчу. Мындай болорун ким билиптир дейсиң...

Саатына карады – колундагы жебелери күйчү “Командирский” түнкү үчкө ооп кетиптир. Бир арга табыш керек.

Саша түндү ынтаа коюп шыкаалай тикирейип карады – элүү кадамдай арыраакта бир нече чубалжыган фура тартып алган, боорунда “Совтрансавто” деген жазуусу бар  “КрАЗ”, “КамАЗ” жана “МАЗ” турат. Айдоочулар кимисинде эмне болсо бар тамагын ортого чыгарып, ар кайсыны бажыраша кеп уруп тамактанып атышкан экен. Чеккен тамекилеринин кескин жыты мурунга уруп, каңылжаарды кычыштырып жатты.

Пенденин жаратылышы ушул – оорчулук башка түшкөндө дайыма адамдарга ыктап турат. Ошондон болсо керек, качкын да дальнебойщиктерге жакындап барууну чечти, анүстүнө түн бир оокумда булардын арасында менттер кайдан болмок эле... 

Жакын барып дагы бир жолу карады, эми шоопурлардын баарын даана көрүп турду. Жайбаракат ар нерседен кеп уруп отурушат, бирөөсү трассадан илип кеткен арзан жалаптарды божураса, башкасы “сол” жүктү айтып, үчүнчүсү өзүлөрү минип жүргөн мына бул машинелер дүйнөдөгү эң сапаттуу, ишенимдүү унаа экенине жетине албайт, айтор, жанрдын классикасы деп койсо болот: бул шоопурлар эс алып аткандагысы. Машинелердин номерлери да жалаң тюмендик, сверловдук, омскилик экен, анан булардын арасында менттер кайдан болсун...

Сыртынан камырабаган жай киши болуп көрүнүмүш этип Саша машинелерге жакындап барды, бакылдашып отурган ээлерине салам айтты:

- Кайырлуу кеч, жигиттер, - жөнөкөй салам берди. – Силерге кошулууга уруксат бекен?

Ай талаада, караңгы түн жапкан асман астында аткарган эмгегине арзырлык эс алып отурган эркектер дайыма ак көңүл, меймандос келишет. Булар да ошондой болуп чыкты. Түн катып ээн жолдо калган жолоочуну жайма дасторконго чакырбай коюу, жети түндө кандай себептерден улам сапарга чыкканын сурамжылап, ал-акыбалын сурабай коюу ыңгайсыз.       

Ошентип аларга арашып кеткен Солоник ачкалыктан өзөгү катып турганын билдирбей жайбаракат тамактанып, ойдон чыгара салган аңгемесин айтып отурду. Ал вахталык ыкма менен геологиялык чалгындоо тобунда иштейт, жумуштан кийин поселоктогу убактылуу үйүндө эс алып жаткан болот, анан эле Тюменде калган кош бойлуу аялы телеграмма урган экен, – жубайы эркек балалуу болгонун сүйүнчүлөптүр! Ошентип түнгө карабай аялын көздөй жолго чыгып, жөө уруп баратканын айтат. Мындайда жөө болсо да жетип барып жанында турбаса кандай... Кечки рейстеги автобуска үлгүрөм го деген, бирок ага жетишпей, эми минтип кетип бараткандагысы...

Ойдон чыгарылган окуя ушунчалык ишенимдүү эле, ал кабылган кырдаал шоопурлардын сезимин козгоп, шектенүүнү таптакыр жоготту, жоготмок тургай, тигилердин баарын суктантып, жетине албай барбалаңдаган шоопурлар муну урматтап, кимиси болбосун, кабинасына сала кеткенге даяр эле. Ананчы, түнгө карабай уулунун туулганын угуп, алыс жолго коркпой этпей аялына жөө жөнөгөн чыныгы эркектин иши эмей эмине...

Сезимдери коргошундай балкылдап эриген шоопурлар мындай жакшылыктын урматына аз-маз суу кошулган таза спирттен да сеп этпесең болбойт ко деп сунуштап калышты, бирок жолоочу ыраазылыгын айтып, андан ошол замат баш тартты: кызуу болуп алып төрөтканага кирип барса, ал жактагылар эмне деп ойлойт?.. Чын эле дешти ага болгон урматы ого бетер арткан карапайым айдоочулар. 

Килейген каралжын жашыл “МАЗ” бир сааттан кийин күрүлдөп от алып, сапарды улаганга даяр турду. Жолоочуну абдан сыйлап калган айдоочусу аны Тюмендин как ортосуна, керек болсо, төрөт үйүнүн дарбазасына чейин алып барып таштап коёрун айтканда, көктөн издегени жерден табылган Саша буга жан дили менен макул болду. 

Эми башкысы, Тюмень облусунун чек арасына чейин жетип алса болду. Издөө жарыяланганы менен ал азырынча Курган облусунун чегинен тыш чыга электиги анык. Жергиликтүү милициянын чоңдору буга шашылбайт деле болушу керек, анткени ким эле өзүн табалаган ха-ха шылдыңга салып берсин. Камайм деген кишиси түз эле сот залынан качып кетиптир, ооздорун ачкан күзөтчүлөрү кай жакты караган деп башкалар күлбөйбү.

Анчалык чоң Салобаево аталган кыштакчага жетип жетпей тюмендик менттердин бийлиги башталат, алардын болсо коңшулаш Кургандын милициясында эмне болуп атканын уруп да койгон жери жок. ИИМдин мурдагы сержанты муну эң сонун билет.

Солярка, махорканын, кургатылган колбасанын, саланын жана керосиндин жыты аңкыган “МАЗда”эптеп чыдаган Саша Тюменди көздөй кетип баратты.

- Тууган, сен непадам укпадыңбы, эмне болгон бандит качыптыр? - деп күтүлбөгөн жерден оюнда эч нерсе жок шоопур барк эте сурап калды.

- Кайдан качыптыр? - камырабаган түр көрсөткөн жолоочу кайра суроо ыргытты.

- Шайтан билеби, абактан качкан го. Мен таң атпай Кургандан чыкканда мусурлар эки жерден токтотуп текшеришти. Сен эч нерсе уккан жок белең? – шоопур тамеки алып чыгып тутантты.

- Кайдан, качкан бандиттерди ойлогонго чолом да жок, башка иштерим ашып-ташып атат...

- Түшүнөм...

Бир нече убакыт унчукпай барышты. Түн пардасына тикирейип тигилген Солоник облустардын кошулган чегинде милициянын кордону бар же жокпу деген сар-санаага батып баратты, эгерде ал жакта мусурлар чыкчу болсо бирдеме кылыш керек...

Айдоочу болсо өзүн кызыктарган жанагы темага кайрадан бурулду:

- Мен жигиттер менен качкан кылмышкер туурасында сүйлөштүм, алар айтып атышат, качкан неме эки күзөтчүнү жайлап, автоматтарын огу менен алып кетиптир дешти.

- Мүмкүн, болсо болгондур, - көңүлкош ийин куушуруп койду Саша. – Азыр заман ушундай болуп калбадыбы...

- Качып кайда бармак эле, баары бир колго түшөт, - далнебойщик тамекинин күлүн ылдый силкип койду. – Кандай дейсиң?

- Ким билет, кармай албайт ко, - деди Солоник күтүлбөгөн жерден.

- Эмнеге?

- Автомат менен качкан болсо – балээниби, кармаш кыйын. Беш-алты мусурду ала жатат. Тирүү колго түшпөсү да ыктымал, анын ордунда мен болсом так ошентмекмин, - чын пейлинен айтты Солоник.

- Оор “МАЗ” жайбаракат, саатына элүү чакырым ылдамдык менен кетип баратса да Тюмень облусунун чек арасы жакындагандан жакындап келатат. Чын эле ал жактан менттер тосуп турсачы?..

- Бул биринчи балаңбы?

- Эмне? – өз ойлоруна алектенген жолоочу түшүнбөй кайра сурады.

- Биринчи балаңбы деп атам, - шоопур суроосун кайталады.

- Аа, ооба, - деп койду жылмайган Саша айдоочуга бурулуп.

- Эми барып алып кубанганыңдан бир ай бою согот болушуң керек, - деди үнүнөн суктанганы ачык байкалып турган шоопур. – Эсимде, менин Ванькам туулганда автоколоннадагы балдар менен көз ачылбай ичкенбиз. Арак түгөнсө самогонго өтүп, ал да калбаганда эки акуммуляторду спиртке алмаштырып да жибергенбиз!

Мындай окуяга карата мыйзамдуу араккорчулук туурасындагы кеп куткара турган ойго түрттү качкынды.

- Уксаң достум, менин аталаш бир тууганым МАИде сержант болуп иштейт. Мыкты жигит, бирок кемчилиги - арак дегенде тимеле шишенин түбүнө түшүп кетмейи бар, - деди жашоосунда туура эмес жолго түшүп алган тууганына кейимиш эткен Саша.- Кыязы, ал ушул жакта дежурстводо болсо керек. Балким бизди токтотуп да калгысы бардыр.

- Токтотсо эмне экен?- ишенимдүү айтты рулду жайбаракат тегеренткен шоопур, анын бекемдиги Сашага да өткөндөй болду.

- Айтайын дегеним, менин балалуу болгонумду туугандардан уккан болушу керек, эми көрсө жабышат да калат, анан аны менен кеминде үч күн ичиш керек. Өзүң билесиң, ансыз да ыткытып араң турган мындайлар оңой менен коё береби.

- Жабышса ичпей кой да!- деди түк каамырабаган шоопур.

- Аялыма ыңгайсыз болуп турам – бечара атайын медсестраны чуркатып телеграмма урдурса, а мен жууйт элем деп жарым жолдо эки-үч күн кармалып калсам, капа болбойбу?

- Ичкиң келбесе ичпей кой да.

- Мындай кылбайлыбы, кокус менттер токтотчу болсо эч ким жок, жалгыз баратам деп айтып коё аласыңбы? – реакциясы кандай болор экен деп анын жүзүнө тигилген Солоник. – Мен болсо тетиги жата турган жериңе чыгып бекинип алайын. Тюменге жеткенде ойготуп койсоң болду, макулбу?

Дальнобойщик сөз кайтарбай ийнин куушуруп койду,

- Макул, жаткың келсе чыгып жата бер, жеткенде ойготуп коём.

Бир мүнөт өтпөй Саша орундуктун артындагы бийигирек уктоочу жерге жатып алып, алды жакты теше карап баратты.

Чын эле жыйырма мүнөттөн кийин алдыда милициянын посту көрүндү: ак портупея асынган МАИчилер патрулдук “уазиктин” жанында турушкан экен.

Сороктогон ала таяк сунула берди да, оор “МАЗ” кыйчылдап жолдун оң четине бурулуп токтоду.

Солоник төшөк менен төшөк болуп жабышып калды, абага сиңип көздөн кайым болуп кетсе кана...

Шоопур айтып салбас бекен?

- Милициянын ага сержанты Кириленко, документтериңизди көрсөтүп койсоңуз, - деген үн кулагына жетти.

Шоопур эшикти ачып жерге секирип түштү.

- Мархамат...

Көз жүгүрттү да:

- Келатып эч кандай шектүү кишини учуратпадыңызбы? – деп сурап койду МАИнин чарчап турган сержанты.

- Жок.

- Эч кимди отургузган жоксузбу?

Качкын так ушул маалда приборлорго көз чаптырды. Машиненин ачкычы ордуна сайылган бойдон турат, алдыда болсо ээн жол. Непадам шоопур айтып салса же кыраакы сержант салондун ичин тинтип калса, анда бир эле жол калат - аны жолго ыргытып салып, “УАЗИКти” талкалай сүзүш керек да, айдап кете бериш керек, кете бериш керек... Куугун жетпегидей алыс барып машинени таштап, андан ары кайра жөө кете бериш керек. Эми ага баары бир, жогото турган эч нерсеси жок.

- Эч кимди салган жокмун, - шоопурдун ишенимдүү үнүн уккан Саша ичинен аны айтканына бектиги үчүн ичинен алкап жиберди.

- Жолуңуз шыдыр болсун, анда.

Оор фура акырын жылып кайра трассага чыкты да Тюменге карай жолун улады.

 - Бул жерде дегеле турчу эмес булар. Кыязы жанагы качкан бандитти издеп атышат окшойт, - тамеки түтөткөн шоопур күңкүлдөп сүйлөнүп алды. – Кызык, кармай алышаар бекен?

“МАЗдын” айдоочусунун түшүнүгүндө эки кызыл шапкени жан тындым кыла жыга чаап, автоматтарын көтөрө качкан кылмышкердин бою жанагы жомоктогу балбан Илья Муромецтей эки метрден узун болсо керек, көздөрү да ичине тартып канталап турса керек, андайды дароо эле тааныса болот да.

Мына бул ыркыйып артта жаткан кичинекей неме кылмышкерге дегеле окшобой турду. Үй-бүлөм дегенде эт бетинен кеткен, даяр турган аракты да ичпей бараткан бул неме кайдан жүрүп коркунучтуу кылмышкер болсун? Качмак тургай өзү араң басат ко...

- Жанагы тоскон мент сенин агалаш тууганың эмес бекен? – кызыгып сурады айдоочу.  

- Бардык адамдар эле бири бирине тууган эмеспи, - тиги түшүнбөгөн философиялык жооптуу узатты качкын. – Тюменге дейре дагы алыспы?

Бүткүл Сибирде ушул Тюменден өткөн таңгалыштуу шаарды таппайсың. Өнүккөн социализмдин тушунда күрдөөлдүү комсомолдук жаштар курулушу жүргөн бул жер жок эле дегенде үч нерсеси менен айырмаланып турчу – биринчиси, бул чөлкөмдө нефти менен газдын кенине эсеп жок эле, экинчиси, опурап-топурап каттап турган эл арбын эле, анан үчүнчүдөн, криминал араанын ачкан опурталдуу да жер боло турган. 

Саша убактылуу баш калкалап турар жай катары ушул Тюменди бекеринен тандаган эмес, анткени топурап эл батпаган калаада кайсыл тешик болсо да култ этип кирип кетсең болот.

Адегенде жергиликтүүлөр менен ымала түзгөн Солоник четирек жактагы жумушчулар жатаканасына орношту. Бул жерди жатакана деп айтканга деле ооз барбайт, акыр-чикир толгон, кудайдан жөө качкандын баары байырлаган ыпылас түнөк. Жашагандар да ар кандай: вахтага келип кетип иштегендер, геологдор, анан абактан бошонуп келген мурдакы зектер. Иши кылса ар кошкон элдин балга үймөлөктөгөн чымындай бул жерге ашыгып келаткандагы максаты эле акча табуу. Жатакананын оозунда вахтер деле жок экен, эшиги күнү-түнү аңкайып ачык, андай болгон соң түбүнө түшкөн араккорчулук, кудайды карабай уурдамайлар бул жерде кадыресе көрүнүш. 

Мындай жерде жашаган мүмкүн эмес эле, анүстүнө менттер каалаган учурда түн кирери менен бул жерди тегеректеп курчап, тос-тополоңун чыгара текшерип турушчу. Ары ойлонуп, бери ойлонуп башы маң болгон Саша акыры тынч жана коопсуз жашоонун бирден бир туура жолун тапты – өзүнүн батири бар жалгыз бой аялзатын таап, үстүнө кирип алышы керек эле.

Андай аял да бат эле табылды.

Кара чачтуу, сымбаты да келишкен, жашы жыйырма бештеги (өзү ушинтип айтты) эрден ажыршакан, баласы жок, жалгыз бой Анжелика шаардын так ортосунда бир көмүттүү батирде турат экен. Анүстүнө кесиби да бул чөлкөмдө башкаларга караганда интеллигенттүү болуп чыкты, жигитке өзүн «косметолог-мастермин» деп тааныштырды. Шашпай карап дурусураак башкасын деле тапса болмок, бирок буга убактысы жок эле, көчөдөн көргөн жеринен эле биин-экин комплимент ыргытып, шак таанышып, ансыз да эрсиреп араң турган ургаачынын жүрөгүнө чок салып койду.

Ургаачынын башын айлантыш үчүн ойдон токулган романтикалык уламыш да даярдап койду, ал мындай эле: Саша аялын ойношу менен, болгондо да мент менен жаткан жеринен кармап алган болот. Эрежеге ылайык, мент экенине карабай жакшылап төпөштөп салган. Анан эми минтип соттолуп кеткенден качып жүрөт. Аялы да жеткен албарсты, андан кечирим сурагандын ордуна үйүнөн да кубалап чыккан, жок дегенде кийим кечесин документтерин да бербей койгон.

Ойдон чыгарылган бул жомок Анжеликаны бат эле эритип, ага карата аёо сезимин козгоду, айтор, аял бул окуяга чындап ишенип, бойго бүтүрбөчү дарыны сугунгандай эле «жутуп» алды, жок жерден турмушунан кагуу жеп жолу болбой калган байкуш жигитке боор толгоп, дароо эле курсагын тойгузду, ага кошо көңүлүн жубатып таза арагын да куйду.

Шек жок, албетте, жыйырма бештеги, ажырашып кеткен бул аялдын Сашага карата тымызын ою да бар эле. Эмнесин айтасың, бу Тюменде кармай турган түзүгүрөөк эркек де жок болчу, алардын баары эле мамайдын көрүндөй кылка окшош – ичкичтер, же тула бою кештеленген  көгүш татуировка чегилген немелер. Алар де орусча сүйлөйт дечи, бирок тилине анча-мынча киши түшүнбөйт дагы. Мындайга жолуксаң барбы, айлыгыңды кан соргондой соруп, батириңен айрылып да калышың турган кеп. Мобул жигит болсо андайларга түк окшобойт, сүйлөгөнү да сылык, өңү да жагымдуу, эми шуркуя катынынын айынан минтип көчөдө башпанеги жок калыптыр, жашоодо кимдин башынан нелер өтпөйт...

Кыскасын айтканда, экинчи турмуш курганга боло турган жакшы вариант өзү келип турбайбы. Бирок Саша анын жакшылыгына жакшылык менен жооп кайтара алган жок, бат эле көөнү сууп, өзү качып бозуп араң жүргөнүнө карабай катындан көзү каткан неме дароо эле башкаларга ооп кетти.

Оогондо да анын жанында жаңыдан иштеп баштаган кечээ эле онунчуну аяктаган жаш кызды Анжелика иштеген жерден эле ээрчитип кетти, андан кийин анын курбусун көрдү, андан соң дагы канчалаган кыздар төшөгүндө түнөп чыкты. Бирок кандай сыр болбосун, эртедир кечтир ачыкка чыгат эмеспи, буга Саша үйүрү менен качырган Анжеликанын курбулары себеп болушту. Анжелика болсо мунун баарын эчак билсе да тымпыйып билмексен. Ошенткени менен жакшылыгын баалабай, чектен чыгып кеткен бул дөбөттү аялчасынан жазалап, өчүн алмакка бекем шерт кылды... 

Саша эч нерсени байкаган жок, баягыдай эле жадырап жайнап, ар ким менен сылык, бирок ошончолук аяр да, сак да эле, ар кандай шектүү суроолордон качып турчу. Анжела бир жолу ваннага кире калса анда Саша күзгүгө абдан тигилип турган экен. Эмнеге мынчалык өзүңдү күзгүдөн карабатасың деген табийгый суроого Саша да өзүнө жакпаган жерин өзгөрткөнүн каалаганын айтып табийгый жооп берди.

Мындай жоопту уккан аял ичинен муну таптакыр башкага жоруду – кыязы бул сулуу көрүнгүсү келип, ого бетер көбүрөк аялдарга жаккысы келип жаткан экен деген ойго жетеленди.

- Кел, анда мен сага жардам берейин, - деди аял жылаандыкындай жылмаюусун жашыра.- Мен косметологмун да... Эмнени жоготкуң келет, мына бул сөөлдүбү? Эртең келе кал мага, эки сеанстан кийин изи да калбайт...

Косметикалык кабинет шаардын так ортосунда эле. Апакай тегиз тиштерин көрсөтө жылмайган Анжелика аны тосуп алып, майда кабиналардын бирине ээрчитип кирип, жумшак креслого отургузду.

Отурганда эле Саша ойношунун колдору калтырагансып, эмнегедир толкунданып турганын дароо сезген, бирок маани берген жок.

- Эмесе баштай берелиби? – кургак сурап койду Солоник.

- Коё турчу, бир аз тура тур, бүгүн киши да аз,- деди үнү калтырагансыган Анжелика, анан аялчасынан сурап калды:

- Сен ыраймсыз адам экенсиң э Саша?

- Эмнеге? – таңгала сурады Солоник.

- Сен мени сүйөм деп айткың келбейби?- үшкүрдү аял.

- Аялдарга сүйүү эле болсо болду экен да... Баарыңар окшошсуңар, деги эмне болду?

- Аял деген кулагы менен сүйөт да...

- Эркектерчи? – ага кызыга тигилди Саша.

- Билбейм... Колу, анан...

- Дагы эмнеси менен?

- Муну сүйлөшпөй эле коёлучу, Саша.

- Мен сени бирдеме менен таарынттымбы?- деди окуянын күтпөгөн жерден башка нукка бурулуп баратканына таңданган жигит.

- Жо, Саша, сен мени таарынткан жоксуң. Билесиңби... мен... мени азыр ушул турган жерден эле сүйчү... Түшүнүп атасыңбы? Балким, бул биздин акыркы сүйүшкөнүбүз болор,- деди да барып эшикти ичинен илди.

Акыркы жолу дегени эмнеси, буга эмне болуп калган деп ичинен ойлоно түшкөнү менен Саша көп деле маани берген жок, анткени аялдын акылы бир жеринде деген кепти көп уккан, ошондуктан анын каалоосун орундатса орундатайын деди да жаткыра салып ишке киришти.

Бул иште андан өткөн чебер жок эле, аялды кайсы мүнөттө жыргалдын чокусуна жеткирүүнү ал жакшы билчү, анан аны туу чокуга чыгарып туруп, моокумун кандырган жагынан Саша алдына киши салбачу. Бул жолу да ошондой болду. Моокуму канып онтологон аял өйдө боло берип, жигиттин тизесин кучактап жабыша түштү. Тизесине тамган ысык жашты сезген жигит таң калып, сурады:

- Сага эмне болду, эмне ыйлап атасың?

- Эчтеке эмес, көңүл бурба, - деди аял, кийинип кирди. Саша кийинди да анан эч нерсе болбогонсуп, камырабай сурап калды:

- Сөөлдү кетирелиби эмесе?

- Ооба, барып колуңду жакшылап жууп кел, анан баштайлык.

Саша дааратканага кирди да күзгүдөн өзүн карап маашырлана жылмайып койду. Бу катындарды шайтан да түшүнбөйт деди ичинен. Муздак сууну ачты да колун жаңы эле салып жууп кирди... Анан...

Эшик күтүлбөгөн жерден тарс ачылып, кичинекей бөлмөгө эңгезердей болгон штаттык кийимчен экөө жулунуп кирип келди. Булардын ким экенин Саша айттырбай түшүндү. Бирөө артынан куушура кармады, экинчиси бирдемеге буйдала түштү да көз ирмемде анын колуна темир кишен илинди.

- Кана, качып бүттүңбү?- деди оозунан арзан тамеки жыттанган биринчиси.

- Бол, сыртка чык, кара бирок, кылт этсең ок кубалап жетет, - деди демиткен экинчиси.

Каршылык көрсөткөнгө шайы да келген жок. Чынында качып бүткөн экен...

Эми Александр Солоник өкмөттүн укуругу узун деген кеп чын айтылганын, катын жапа, ит оопа деген кеп андан бетер чын экенин бир ойлоп, бир коюп, эч ойлобогон жерден, болгондо да аялдын ырайымсыз айлакерлигинен улам кайрадан колуна кишен салынып темир тор артына кетип баратканына ишенип ишене албай дендароо баратты...     

4-глава

Каалоо менен муктаждык дал келбей калгандан өткөн кордук жок, эми муну Саша жон тери менен сезип турду.

Эркиндик деген кол сунса жетчүдөй жанында эмес беле, эми андан айрылганы ойдо жок акмачылык иштей сезилди. Кыялында дагы эле делөөрүп азат жүргөндөй болгону менен эми ал өткөн жашоого жакын арада кайтып бара албасына мээси жетип ого бетер куурады.

Колго түшкөн качкын күчөтүлгөн күзөттүн кайтаруусунда тергөө изоляторунун тар, сасып кеткен “хатасына” жеткирилди. Аерде болсо коридор кайтарган “рекс”, макулуктай болгон дагы бир кызыл шапке, шылдыраган супсак сорпо, анан да аягы көрүнбөгөн түнкү сурактар... Көпкө создуктурбай сот да болду, бети-башын бырыш баскан, өңү жердей купкуу төшүнө ордендердин планкасын кыдырата кадап алган абышка улам муштумуна жөтөлүп, майда-баратына чейин ар кайсыны сурамжылап, эми иттин да иши болбогон тергөөнүн версияларын тизмектеп жатты. Мунун баары таңгалыштуу эле, бир буту көрдө турган картаң неме жашоого тоё элек жапжаш жигитти жарга такап, аргасын кетире кысмактап турду...

Жактоочулардын колунан эч нерсе келген жок – тергелип жаткан неменин айыбы эч ким тана алгыс эле, анүстүнө прокурор менен сот да чечкиндүү турушту. Ошондуктан өкүм да ошого жараша катаал чыкты: он эки жылга эркинен ажыратылсын деген баягы эски 117-берене, анан да мунун үстүнө качкандыгы кошулду.

Эми соттолгон Солониктин иши тигилген папке узак мөөнөт бою кызыл чийин менен сыртынан атайын белгиленет, бул «качууга шыктуу» дегенди билдирет. Мындай жеке иштин ээлерин эреже катары сактыктын эң жогорку чараларын сактоо менен этапка айдашат. Лагерде болсо түнкүсүн кадам чыгарышпайт, буга тыюу салынган, зонанын чоңдору да көйгөйгө түртө салчу буларды жининдей көрүшөт, «вертухай» прапорщиктер буларды абдан тыкырлык менен текшерип турушат.  

Жаңы зекти Пермь областына жаза өтөөгө жиберишти, бул жерде деле Тюмендеги нефти менен газдай же Крымдагы санаторийлердей түрмө дегенге сан жетпейт. Мындай шерменде, бетпак берене менен соттолгон мурдакы ментке тартиби темирдей катаал абакта жашоо оңой болбос...  

Ошондой эле болуп чыкты. 

Россиянын бардык зоналары кан тамырлар сыяктуу этаптар, айдама сүргүндөр менен өз ара байланышкан – бирөөлөр кетсе, башкалары келип турат: абак тилинде «малява» деп аталган каттарды мына ошол жаңылар алып келип турушат, ал каттар зектерге гана тийиштүү, аларды абактагылар гана колдонушат. Ал каттарда жаңы келгендер туурасында бардыгы ийне-жибине айдан ачык жазылган: айдалып келген неме ким, абийири таза фраерби же канчыкпы, азаттыкта ким болгон, тергөөдө өзүн кандайча кармаган, масты кайсы, блатнойбу же...

Өзүң туурасында бүдүрдөй нерсени да ката албайсың, зек жөнүндөгү маалыматтар тергөөчүлөр тарабынан дыкаттык менен жазылат, менттер болсо «общактын» акырынан жем жеп турушат эмеспи. Кудай бетин салбасын, алдаганың билинип калдыбы, анда бүттү, сенин ишиң чатак. Зонанын телеграфы өкмөттүк телефондордон алда канча мыкты иштейт, маалыматтын тактыгы жөнүндө баш оорутуунун да кажети жок.

 Карантинде жүргөндө эле Сашага жергиликтүү кум – ички кызматтын тергөөгө жооптуу офицерин ушинтип атап коюшат - келип кеткен. Бастек бой, көздөрү тынымсыз ары-бери чуркап турган бул кызматкер ага бир көргөндө эле жаккан эмес. Келди да ар кандай суроолорду берди, кантип жашайсың эми деген. Анан анын жообун күтпөй эле штаттын тышкаркы кабарчы, башкача айтканда, канчык болууну сунуштаган.

 Албетте, Саша аны дароо эле үч тамгага айдап сөгүп салган, менттер менен мындан ары кайнаса каны кошулбасын билдирген. Зонанын оперативниги буга чым деп да койгон жок, мындай сөккөндүн далайын уга берип бышы кулак болуп бүтсө керек да. Болгону башын чайкап тим болду, анысы анан өкүнүп жүрбө дегени болду шекилди. Сен мурда мент болгонсуң, анүстүнө кесилген статьяң да анчалык жакшы эмес, отурар мөөнөтүң да узак. Карайлап калганда жардам сурап кайрылаар адамды таппай каласың, анткени сага окшогондорду бул жерде жактыра беришпейт. Кара, соттолгон Солоник, башыңа карантүн түшкөндө менин ушул айткандарымды эстээрсиң...

Жагымсыз иштер карантинден чыккандан бир нече күндөн соң эле башталды: «промкадан» башкача айтканда, иштеген жерден келери менен эле Саша блатнойлордун ыйгарым укуктуу өкүлү - «смотрящийдин» кашына чакырылды. Бул дене-боюн татуировка баскан ушул жердеги калктын тартибин «тууралыгын» көзөмөлдөгөн неме эле, бул тартип менттердин тартиби эмес болучу.

 «Смотрящий» көзөмөлдүн күзүрү ээлеген кызматына жараша чаң жугузбаган кампачы-каптерщиктин кызматын аткарчу, разводко, тизип алып текшерүүлөргө түк барчу эмес, жалпы казандан тамак жебейт, керели кечке кылган иши – кечке отуруп алып татуировкачан достору менен карта чабышмай.

Сырткы кебете кепширинен бул да биерде абактын башчысындай эле кожоюн экени сезилип турат, креске керилген пайгамбардын элеси чегилген, анын астында Кудай деген жазуу мунун каракчылык үчүн соттолгондугунан кабар берип турду.

Майкесинен шамгалаттанып көрүнүп турган жайнаган көгүш чиркөө куполдору, «блатной лейтенанттын» коюу гусарлык эполеттери, желкесиндеги сегиз бурчтуу жылдыздар, манжаларындагы шакектер, моюн кекиртегинин астындагы жолборстун ырылдап турган түспөлү, андан ылдыйраакта мышыктын тумшугу – мунун баары анын болгон абак университеттеринен эчак өткөнүн күбөлөндүрүп турду.  

«Смотрящий» деген жогорку даражасын акырегине чегилген «G» тамгасы ырастап турду. Жанындагы бош жашиктердин үстүндө эңгезердей экөө отуруптур.

Ал киргенде картасын ары жыйнап койгон зонанын авторитети ага бурулуп унчукпай тигилип карап калды. Караганы адамдын денесин тешип кеткидей эле.

- Кана, эмне айтасың? – деди ал Сашанын тигиле караганын уланта берди.

- Мен эмне айтышым керек? – бекемирек болоюн деген Солоник анын суроосуна суроо менен жооп кайтарды.

- Атың ким, мастың кандай? Эркиндикте эмне менен шугулдангансың?- шашпай тизмектеп сурай берди «көгүш». Мындан ары кантип жашайын деген оюң бар? Досторуңдун акчасына келемиштик кылган эмессиңби? Менттерге доскелериңди саткан эмессиңби? Көчүгүң менен ойноп жүрбө балким? Кайыш чоолордо ойногон эмессиңби? Кыскасы, кандай «касяктарың» бар?

- Атым Александр, - жайбаракат жооп узатты суракка алынган неме, - эркиндикте ким болгонмун... Баары эле болдум, мектепте окудум, анан армияга барып кызмат өтөп келдим, катып келип милицияга кызматка орноштум, анан көрүстөнгө кеттим... Көп эле жерде иштедим айтор.

Милиция дегенди укканда тулку бою атлеттикиндей күржүйгөн, бетинде тырыгы бар, кебетеси жырткыч өңдөнгөн «шестерканын» көздөрүнө кан толо түштү.

- Ооба, баары туура, - «смотрящий» эриндерин кымтыды. – Айтып жаткандарың жел сөз эмес. Милицияда кызмат кылгам дейсиңби? Биздин жумушчу-дыйкан милициясындабы?

- Ооба, - деген Саша азыр эмне болуп кетерин билип турду – андай болуп кеткенде көчүк айланбаган тар бөлмөдө булардан кантип коргонуунун жолдорун ойлоп кирди.

- Демек, мусурканада иштегенмин дечи... Чычкан өңдүү кемселди эми лагердин кийимине алмаштырган экенсиң да, - кекээр мылжыйды авторитет. – Жашоо дегениң тууганым, жинди катындай, кай жерден өйдө чыгып, кай жерден түпкүргө кулаарыңды билбейсиң. Кайсы статья менен келип жүрөсүң бул жерге?

- Жүз он жетинчи, - камырабай жооп берди Саша, анан кошуп койду: - Ак жерден соттоп жиберишти, атайын жасашты муну.

- Аны ким жасады экен анан? Менттер ошенттиби? - авторитет дагы зекигендей мылжыйды.

- Менттер, - чынын айтты Саша.

- Демек менттер дечи. Жадагалса иткана сенден жүзүн үйрүп атканына караганда сен ансыз да киши эмес булардын арасындагы эң эле барып турган кара санатай окшойсуң да?

Саша дым деп унчуккан жок.

- Туй ата, ушундай болот экен э? Мунун бири бирине жабышып калганын кара: мусур – анан «жүндүү сандыктардын» адиси,- деп кытмыр күлдү смотрящий деген неме көзүн ойноктотуп.

- Татууну жакшы көрөм дечи, анан да сага баары бекер болсо э? Эми бул жерде кантип жашайын деген оюң бар?

Ийнин куушурган жаңы арестант жайбаракат жооп узатты:

- Мурда кантип жашаган болсом ошентип жашай берем...

- Сен эмне Корзубый, бул гондон менен башты оорутуп атасың?- чыдабай кетти “шестерка”. – Муну корозканага айдап кирип, таажы чапташ керек!

 Лөкүйгөн берки Корзубый деп атаган авторитет ага сага эч ким сөз берген жок дегенчелик мааниде акырая карап койду эле “шестерка” ошол замат жаагы жап болду.

- Демек мурда кантип жашаган болсоң ошентип жашай берем дечи...

- Ооба.

- Ментовкадагыдайбы?- башын кыйшайта кекээр сурады Корзубый. – Бул жерде да “жүндүбайларды” талкалай берем дейсиңби? Бул жерде азаматым, катындардын жүндүү саны жок, бул жерде башка жыргал... Мусурум, сен бокту катуу баскан экенсиң. Мент болгом дейсиң, бирок жашоодогу башкы нерсени али биле элек экенсиң. Тышта менттердин мыйзамы иштесе, бул жерде темир тор артында уурулардын мыйзамы иштейт. Сен өз мыйзамыңды тепсеп бул жерге түшүп отурасың, демек эми биздин мыйзамдар боюнча жашоого туура келет.

- Силердин мыйзамыңар болсо өзүңөр жашай бергиле. Мага алар туура келбейт, - Саша артка бир нече кадам таштады, мунусу непадам бирөө кол салып калса коргоноорго кененирек жай калтыруу керек эле.

Ага баарысы айдан ачык болуп турду: сүйлөшүүнүн тактикасын туура тандаган экен, бул жыркычтарга кичинекей эле алсыздыгыңды көрсөтсөң, азыр эле баса калганы турушат. Башкысы - буларга коркконуңду көрсөтпөшүң керек, башка арга жок. Эмне болсо да башка салганын көрө жатат, ар бир башка бир өлүм...

 - Сен бл... дь, алиге чейин биздин ким экенибизди түшүнгөн жоксуңбу!?, - “смотрящий” кокусунан жарылды. – Сен деген менттердин саясый сабагында отурган жериң жок! Тиякта өзүңдү туура алып жүрүшүң керек болчу!- туталанган “смотрящий” тамеки алып чыкты да темир тиши менен фильтрин чайнап кирди.- Мусур экениң аз келгенсип, момундай шерменде статья менен отурганың аз келгенсип, сен бизге дагы кыр көрсөткүң барбы, ыя?! Атың Саша беле? Кооз ысым экен, мындай ысымды эркек да, аял да алып жүрө берет, мына эми сен бул жерде баарыбызга...

Жанында турган “шестерка” көзү чачырап, кожоюнунун кирпигин карап турду, азыр эми мобул немени...

- Сен азаматым, тиякта катындардыкын каалагандай айрып жүргөн болсоң, бул жерде бизге өзүңкүнү тосуп берип турасың, - блатной бир аз тынчтана түштү, кызуу кандуулук анын даражасына туура келбеген иш эмес экенин кыязы эстей койду окшойт. – Бул жашоодо адам баары үчүн жооп бериш керек. Мен айтканымды уктуңарбы баарыңар? Бар да даярдан...

Саша унчукпай эшикти жаап тышка чыкты. Эреже катары азыр эле болуп өткөн кеп ага чыгарылган өкүм, ага арыз менен даттанууга, адвокат жалдап коргонууга таптакыр мүмкүн эмес эле.

Бир жума күтүү менен өттү: Саша күн сайын баарына даяр болуп сак эле. Жадагалса түнкүсүн эс алып жатканда да баарына даяр болуп жатып жүрдү, кокустуктар каалаган учурда башталып кетери турган иш эле. Бул күндөрү ага эмнегедир эч ким тийген жок. Балким аны кантип сындыруунун жолдорун ойлонуп жатышкандыр. Балким кыраакылыгын алдайлы деп атайын убакытты создуктуруп жатышкандыр.

Оперативдик тергөө бөлүмүнүн начальниги, албетте, ага чыгарылган өкүм туурасында билбей коймок эмес, анткени анын мында өз кишилери бар. Негизи Сашаны коргоп калууга анын кудурети жетмек, бирок аны каалабай турду. Канчык болгусу келбейби, анда көтүнө шиш. Темир тор артындагы гомосексуалдык актылардан азырынча бир да зектин боюна бүткөн эмес.

Сегиз күндөн кийин өкүм бүгүн аткарыларын Саша түшүндү. Муну блатнойлордун ага атайын кайдыгер карамыш эткен көз караштары, калгандардын табалагансыган муздак мамилеси айтып турду. Өкүм бүгүн отбойго чейин аткарыларын баары билишти. Муну он эки жыл күчөтүлгөн абакка кесилген Александр Солоник да билип турду. Бирок өзүнөн башка бул жерде бир да ишенер кишиси жок эле...

Аны хозблоктон күтүп турушкан экен, тегеректе прапорщиктер да, сакчылар да жок ээн. Блатнойлордон он бештей киши чогулуптур, жаш курагы, кебетеси, уурулук даражасы, кеңкелестүүлүгү ар кандай деңгээлде болгону менен булардын башын бириктирген бир гана нерсе – баары жеткен бетпак, өзүн кыйын сезген, ар бири өз чындыгына ишенген немелер.

Иштин баарын башкарган жанагы “смотрящийдин” көлөкөсүндөй ээрчиген күржүйгөн неме окшоду.

- Кана, мусурча, дамбалыңды өзүң чечесиңби же жардам этеликпи? – мыскыл күлө ырсайды да жанына жакындап келди.

- Адегенде сенин сасыган көтүңдү ачып туруп анан калганын жасай беребиз. Былк этчү болсоң, “скрипка” тартылат...

Саша тишин кычырата басып унчуккан жок.

- Кел, алтыным, келегой байкелериңе, сени эркелетип, моокум кандыралы бир, - арт жагында турган неме каткырып калды. - Сенин кууруңду тазалап... сага бир караганда эле ашык элем! Коркпо, бул оорутпайт, жаңың тимеле бир жыргайт дейсиң...

Тээ Кургандагы мектепте окуп жүргөн кезде эле классма класс, районмо район болуп мушташып жүрчүдө Саша өзү онго татыр эле. Башкысы - атаандаштарга сыр алдырбай, алардан корккондой түр көрсөтүш керек, ошондо кыраакылыгы солгундайт, анан эң кыйынмын дегенин тандап туруп, эсин оодара согуш керек. Булар деле жырткычтан айырмасы жок, үйүрдүн алдыңкысы артка чегинсе, булар кайда бармак. Үйүр деген ошончүн үйүр эмеспи...

- Сен корозчо, бу кандай, сага айтышпады беле даярданып тур деп, көчүгүңдү жакшылап жууп тазалап, атыр самыныңды, анан да артыңды сүрчү жумшак сүлгүң кана?- бою бастек, кара чач, маңдайы бир эли неме киркиреди.

Саша бир кадам алдыга чыкты да...

Кулачын кербей туруп, маңдайында турган лөкүйгөн немени бет талаштыра уруп калды. Тиги болсо топтон бетер бир канча метрге учуп түштү. “Акробатка” талапкерден мындай кордукту күтпөгөн блатнойлор бир саамга далдырап калышты, анан үч кабат ашата сөгүп чуу көтөрүштү да, жапырт качкынга жүткүнүштү. Саша жалгыз, тигилер болсо көп, “көгүштөр” алдыңкы сапта, баары бири бирине жолтоо кылып топурап калышты, бул аз да болсо артыкчылык берип турду.

Бир соккуну ал коё берди, бул бетпактык менен капталдан урулду, кашынан ысык, илешкен жылуу бирдеме агып коё берди, жалт бурулду да жооп кайтарды – бул баягы аны короз деп атаган, маңдайы жапыс, үнү киркиреген неме экен. Сокку катуу тийди окшойт, тигинин тиштеринин карс этип сынганы жана онтоп жибергенин укту.

Ал ортодо сулап түшкөн биринчи зөөкүр полдон чыканактап өйдө боло берди, колунда бирдеме жылт эте түшкөнүн байкаган Солоник ошол замат учуп жетти да колунан толгоп туруп, артка күчүнүн жетишинче кайрып таштады, карс эткен үн чыгып, тигинин колундагы учтуу шиш шыңгыр эте жерге түштү. Артынан бирөө ийнине секирип жабышып минип алды, анын тарбайган колдору мойнун кысмактап муунтуп баратты, дагы бир нече ирмем муунтуп турса ошол бойдон муунтуп салмак. Солониктин боюнун жапыстыгынын жардамы тийди – отура калды да, үстүндөгүнү катуу силкип жерге оодарып түштү, тура калмакка жанталашканда Саша болгон күчү менен ооздон ары тээп калды, тиги жерге шалк этти да турбай калды.

- Энеңди!... – бирөө алынын келишинче өкүрдү. – Братва, “акробаттар” биздикилерди сабап атат!...

Дагы бир сокку жетти, кыйкырган неменин үнү ошол замат өчтү.

Иши кылса ага туш-туштан сокку жаап кирди, ким колуна эмне тийсе ошону менен урду. Айтор оор нерселер менен уруп атышты, алардын эмне экенин Саша көрө албаса да сезип жатты. Денеси барган сайын салмакташа алсызданып, баштагыдай соккуларга жооп бергенге шайы келбей баратты. Адам кейпинен кеткен немелердин бет алдында котолошкон элести гана көрүп турду, ошого карабай ал артка кайткан жок, кимиси жакындабасын муштай берди, муштай берди, коргонуп блок коёт, анан муштум менен согот, бирде ылдый, бирде оңго, бирде солго буйтайт, анан дагы урат, урганын учурат.

Канга боёлгон полдо бир топ адамдын денеси жатты, дубалга жабышкан кай бирөөлөрү колдору менен канын аарчып, адегенде жанынан учкур шиш алып чыгып аны сайганга умтулган жанагы килейген неменин денесинен тирүүлүктүн жышааны дегеле билинбейт.  

Саша алдан тайып баратты, соккулар барган сайын катуулап, эсин оодарды, реакциясы да баштагыдай ылдам эмес, мурдагыдай урулган соккуга жооп кайтаруу кыйын болуп калды. Солоник ошондо согушуу тактикасын өзгөрттү: топ ичинен эң бакыбат, алдуусун тандап алды да ошону төпөштөй берди, калгандарына көңүл бурган жок. Бекер кылган экен, артынан оор бирдеме менен урушту окшойт, көзүнөн от чыга түштү да кызгылт көк тегеректер калкый берди, ошол замат кандайдыр бир туңгуюктун түпкүрүнө кулап баратканын элес-булас сезди...

 Андан аркысы Солониктин эсинде жок, арадан канча убакыт өткөнүн, оңбогондой катуу сокку жеген соң бир күнбү же бир саатпы, канчага дейре эс учунан танып жатканын да сезген жок. Эптеп кан уюп калган көздөрүн ачты, агарган шып, парда тартылып, темир тор менен тосулган терезе, казкатар тизилген керебеттер турат, анан да аны үңүлө тиктеп тургансыган кимдир бирөөнүн жүзү көрүнгөнсүйт.

- Эсиңе келдиңби, баатыр... - Бейтааныштын үнү тээ бир туңгуюктан чыгып аткансып угулду. Үнү кандайдыр бирдемеге суктангандай. - Эч нерсе эмес, эми айыгып кетесиң...

- Сен кимсиң.. ки.. - эптеп эриндерин кыбыраткан болду жаткан бейтап.

- Мен сенин догдуруңмун, сени чаптап атам. Сендей эле шордуумун, бирок жалпы мөөнөттөгү иштерди аткарып отурам бул жерде.

Солоник дагы бирдемени сурамак болду, бирок сүйлөгөнгө алы келген жок, ошентсе да анын эмне деп айтайын дегенин тиги эриндеринин кыбырагынан эле билди окшойт.

- Башыңды он жети жеринен тиктик. Мээң да катуу чайкалган, соо жериң калбай бүт шишик. Башка бирөө болсо эчак тиги жакка аттанып кетмек, сен болсо... ичер сууң бар экен...

Абак доктурунун суктанганы, таң калганы айтканынан эле билинип турду.

Саша эч нерсе деп жооп кайтара алган жок, кандайдыр бир жылуу, оор, жумшак нерсе төбөсүнөн ныгыра басып келатканын туйду да, баарын унутуп, көшүлүп уктап кетти...

Бейтап бир жумадан кийин өзүнө келди. Башы дагы эле зыңылдап ооруп турат, соккудан, айрык тамтыктардан ооруган денеси зылдай оор, тиштери да ордунан жылып кеткенби, тамак ичейин десе зыркырап ооруйт, суюк кашадан башка катуурак тамакты дегеле жей алчудай эмес.  

Ошентсе да блатнойлор аны бул жерде да тынч коюшпасын сезди. Баары жоктун баарына ээлик кылган аларга бул жерде эч кимдин – режимдин да, керек болсо ИИМ министринин өзү да тоскоол боло албас эле.

Иш андан да татаалдашты окшойт, эми баштагы ойлогондорун ишке ашыра алышпаганы менен жөн эле уктап жаткан жеринен союп салуулары ыктымал.   Абайлаш керек деген Саша байкаса жымжырт, аны менен эч кимдин иши да жок, кыязы бирдеме ойдогудай болбой калган шекилди. Арадан көп өтпөй мунун сыры да билинди.

Муну ага жанында жаткан кечээки эле каршылаш душманы, блатной эмес, бирок андай болууга ниети бар, катуу кармаштан кийин ага карата аргасыздан урматтоо сезими ойгонгон неме баарын ачыктап айтып берди. Көрсө, Саша канга боёлуп эсинен тана жатып калганда блатнойлор жакындап келе алышпаптыр, аны калп эле эстен танымыш болуп жатат, шарт тура калып дагы эки-үчөөбүздү ала жатпасын деп чочулашкан экен. Анан демейдегидей сакчылар кечигип, отряддын начальниги чуркап келиптир. Иштин чоо-жайы албетте, Корзубыйды “смотрящий” кылып дайындаган абактын чыныгы “кожоюнуна” жеткен экен. 

 - Корзубый ит эле болду, - деди кечеки душман, бүгүнкү кошуна жанында жаткан Сашага. – Бир үйүр боло туруп бир кишиге алы келген жок. Тигилер абакты кармашат, сен эмнеси болсо да мурдакы милийсасың, кесилген статьяң да жакшы эмес. Бирок алар сени эмес, сен аларды “басып” салып атпайсыңбы. Эми пахандар жаңы “смотрящийди” дайындаганча сен акырын жатып алып айыга бер, сага эч ким тийбейт.

Эми баары айдан ачык болду – баягы окуядан ал жеңүүчү болуп чыгыптыр. Бирок кубанычтан айкырык салганга эрте эле: абакты былк эттирбей кармаган блатнойлор эртедир-кечтир аны жайлап салышы турган кеп, бул эми убакыттын гана маселеси болучу. Жеңүүчү ныпым эч нерсеге жетпей калган учур так ушул болсо керек.

Эки ай өтүп, куландан соо айыккан Солоник отрядга кайтып барды. Жаңылган эмес экен, жетекчилик аны башка абакка Ульяновскидеги 8-чи абакка которуу туурасында чечим кабыл алыптыр. Бул баарына жаккан, баарынын кызыкчылыгына төп келген бирден бир туура чечим болду. Мындай учур сейрек болот – абактагы блатнойлордун да, абактын жетекчилигинин да ойлогондору дайыма эле бир жерден чыга бербейт.

Бирок андан Саша жыргап кетпесин, бул которуу алдыда дагы кыйынчылыктар күтүп турганын туюндурган кадам экени айтпаса да түшүнүктүү эле...

5-глава

Москванын чок ортосундагы анчалык чоң эмес особняк анын кожоюнуна карата урматтоо сезимин ойготот. Анын ички жасалгасы, байлыгы, салабаттуулугу жана ыңгайлуулугу жагынан тышынан кем калбайт: жумшак италиян эмереги, көргөн көздүн жоосун алган, басканда үн чыкпайс жумшак килемдер, жайнаган компьютер, принтер жана башка техника мындагы эң аялуу сырлардын баарын катканга, сактаганга, иштеп чыгып көбөйткөнгө  мүмкүнчүлүк берет.

Кабинеттердин биринде кымбат баалуу телефондун туткасын кармаган улгайып калган киши отурду, кебете-кешпирине караганда бул имараттын эки тизгин, бир чылбырын кармаган киши кыязы. Ал буйрук берип гана көнгөн адам эле: кагазды окуганы, шыңга боюнунун аскердик турпаты кабинеттин ээси болгон бул адамдын узак жылдар бою мамлекеттин кызыкчылыгына иштегенинен кабар берип турду.

Чынында эле ошондой болчу. Бул киши биз жогоруда кеп кылган баягы Координатор. Лубянкада иштеп жүргөн жылдары ал өзүнүн мына ушул лакап атына ушунчалык көнүп калган экен, эс алууга чыккандан кийин деле аны ушул ат менен чакыра беришерин каалагандыктан, бир кезде жабышкан лакап аты анын чыныгы атын артка сүрүп таштагандай болду.

Адам пендеси улгайган сайын анын көз карашы эскиргенден эскире берет. Арийне, турмуштан алган тажрыйба деле оңой нерсе эмес дечи, бирок бир нерсеге жетишкен менен адам пендеси башка жагынан уттурат тура.

 Акыркы мезгилдерде Москвада көп нерселер өзгөрдү. Таң калыштуусу, бул өзгөрүүлөр россиялык атайын кызматтарга да желаргысын тийгизбей койгон жок. Анда иштегендердин бир бөлүгү бизнесмендер менен банкирлерге ооп, башка бирөөлөрү “ысык точкелерге” аттанып кетишти. 

Координатор башкарган күзөт фирмасы мурдагы комитетчиктерди, гручуларды, тажрыйбасы ташкындаган мурдакы тергөөчүлөрдү, тыңчыларды чогултуп, башын кайрадан бириктирди.  

Бир нече күн мурда кыркы аңгемелешүүлөрдүн биринде азыркы учурда иштеп жаткан генерал ага баягы аңгемени кайрадан эстетти, кыраакы Координатор иштин чоо жайын айттырбай түшүндү – кылмыштуулуктун арааны катуу жүргөн азыркы мезгилде криминалитеттин анабашыларын физикалык жактан жок кылуу кыязы өйдө жактагылар тарабынан түшүнүү менен кабыл алынган экен. Эми сөздөн ишке өтүү керек эле. Үстөлгө үңүлгөн Координатор анда жаткан иштерди жайбаракат барактап кирди, бул ликвидаторлук ролго талапкерлердин жеке иштери. 

 ИИМдин грифи басылган, атамекендик мафиянын келечектеги күрөшүүчүлөрүнүн кебете-кепширлери да сүрөттөрдөн жырткычтык жапайычылык менен карап турушкандай: үнкүйгөн жүздөр, сак көз караштар бул адамдардын жашоодо кубанычтан көрө кайгы кусаматты арбын тартканынан кабар берип турду. Анфас жана профилдеги (маңдайынан, капталынан) тартылган мындай сүрөттөргө нормалдуу киши эч качан өз ыктыяры менен туруп бербейт эмеспи. Мында таң кала турган деле эч нерсе жок болчу, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшө турган булардын баары абакта отуруп чыккан же азыр деле отурган немелер эле.

 Координатор деле кысылган жок – ал иштерди дыкаттык менен барактап, анда   сараң казыналык тил менен жазылган маалыматтарды шашпай окуп жатты: “Катуу тартиптеги колонияда жазасын өтөө менен жети жылга эркинен ажыратылган”, “администрацияны жана режимди жек көрөт”, “өзгөчө ырайымсыздыгы менен айырмаланат” ж.б.

 Кокусунан столдогу телефон шыңгырап калды.

- Алло, - деди трубканы көтөргөн Координатор нараазыланган үн менен. Чалып аткан катчы кыз экен, орун басар анын чакыруусу боюнча келип кабылдамада күтүп отурганын кабарлады.

- Кире берсин.

Бөлмөгө жапалдаш бойлуу, жашы өйдөлөп калган, муруттары мышыктыкындай тегерек бет  киши кирди. Бул борбордук кылмышкерлерди издөө тобунун мурдагы полковниги эле. Ал өлкөдөгү криминалдын кыбыр эткен кыймылынан өйдө жакшы биле турган.

Алдыда боло турган кептин негизги максаты – ойлонулган ишти аткарар талапкерлер туурасында болмокчу.

- Мен сиз сунуштаган адамдардын баарысынын иштери менен таанышып чыктым, - сөз баштады Координатор.

- Контигентти сиз мага өзүңүз буйрутма берген боюнча тандоого аракет кылдым, - деди тиги. – Мындай адамдарды башкарганга жеңил, баарынын психикасы талкаланган, коркуу сезими күч, тил албаганга аргасы жок, анткени мунун кесепети кандай болорун булар жакшы билишет.

- Ошондою ошондой дечи, - макулдук билдирди Координатор.- Бирок буларыңдын баары аша чапкан кылмышкерлер экен. Күмөн санап турам. Мен мындайлар менен иштеп көргөн эмесмин.

- Мында түк ойлоно турган эч нерсе жок. Темир тор артына отуруп чыккандардын баары менен эле каалагандай сүйлөшсө болот, эмне айтсаң да аткарууга даяр булар. Анүстүнө булардын криминалитетке болгон маанайы да терс.

 - Балким ошондойдур, - башын ийкеди кабинеттин кожоюну.

- Кечиресиз, мен мындай материалды колдонуунун ыңгайлуулугун түшүнүп турам, бирок бир нерсеге башым жетпейт. Бизде толгон-токой байланыштарыбыз бар, алардын жардамы менен бул ишке нукура профессионалдарды “Альфадан” же “Вымпелден” тартсак болор эле. Андай болсо эмнеге сырттан киши тартып убара болобуз, алардын баарын окутуш керек, даярдаш керек, анын баары акча. Бул куру убара эмеспи.

- Муну мен да ойлодум, - Координатор жайбаракат сүйлөдү. – Күч түзүмдөрүндө иштеген адамдар, спецназда кызмат кылгандар андан бетер, мыйзам алдында ныпым тагы жок таптаза адамдар, демек аларды тизгиндеп болбойт... Ар нерсени атынан эле айталычы. Алардын ичинен кимдир бирөө мыйзамга каршы иштегиси келеби, келбейт албетте. Бизге жүрүм-туруму башкача, өзүн абдан жакшы көргөн адам керек. Андайды болсо кызыл менен чийилген мына бул папкадагылардын арасынан тапса болот.

 -Эмне үчүн жүрүм-туруму башка болушу керек? Дегеле ликвидатордун ким болушу бизге ошончолук маанилүүбү, бизге натыйжасы болсо болду да? Айырмасы кайсы?

 - Айырмасы чоң. Эртедир кечтир “С-4” жашыруун бөлүгү туурасындагы маалымат ачыкка чыгат. Бул бир. Экинчиден, ызы-чуу чыкпай койбойт. Баса, сиз Гофманды окудуңуз беле?

- Жанагы неонацизмдин негиздөөчүлөрүнүн бири беле бул?- полковник тактап койду.

- Жок, немистин ушундай классик-жазуучусу болгон. “Крошка Цахес” деген мыкты китеби бар. Бизге да дал ошол Цахестей бирөө керек болуп турат – уюшкан кылмыштуулук менен аянбай, тайманбай кармаша турган идеялык күрөшкер. Жазалоочу кол. Уламышка айлана турган киши айтор. Атын укканда башкалар сийип жиберчү адам керек 

Ушул жерден орун басар жылмайып алды:

- Ал көзөмөлдөн чыгып кетет деп чочулабайсызбы?

- Мындай контигент менен иштенге оңой деп өзүңүз айтпадыңызбы эмеле.

- Аа, анда мына ушундай кишини табыш эле калган турбайбы, - полковник бул иш өзүнө жүктөлөрүн сезгендей. Жаңылбаптыр.

- Муну менен сиз алектенесиз. Фактураны, материалды менден жакшы билесиз. Мына мен маселен, мобулардын ичинен Солоник Александр Сергеевич дегенди сунуштаар элем. Милициянын мурдакы сержанты экен, 117-чи менен соттолуптур, иштин материалынан ачык эле жасалма экени, атайлап анын мойнуна илгени көрүнүп турат. Мындай статья менен айыпталып кесилген мурдакы милиция кызматкерин абакта эмне күтүп турганын билесиз да. Муну да сындырабыз деп аракет кылышкан экен, бирок колдорунан келбептир, баарын талкалаптыр. Чылым чекпейт, ичпейт, спорттук формасын кармайт. Башка зэктер аны жактыра беришпейт, бирок чочулап турушат. Лагердин администрациясы менен эч кандай байланышка түк барбайт. Бирок бизге бул негизги нерсе эмес, бизге маанилүүсү – жалпы билими тайкы, бирок дымагы бийик, жашоодон эмне кааларын өзү деле жакшы билбейт. Азыр анын абалы түзүк эмес, бурчка камалып, аргасы кетип турган чагы. Ахыбалынын чатак экенин өзү да жакшы билет. Учурда Ульяновск областындагы абакта отурат.

Аңгемелеш угуп турду да ийнин куушуруп койду.

- Макул, мен аны менен сүйлөшүп көрөйүн, жаныңды бизге бер деп айтайын. Мейли ал макул болсун дейли. Бирок чычкан жөрмөлөп чыгалбаган абактан аны кантип сууруп чыгабыз? УДОго да, амнистияга да илинбейт. Ишин кайра тергейбизби? Бул да мыйзамга туура келбейт, качканы – далилденген факты.

Координатор дымаксына жылмайып койду.

- Биздин ким үчүн жана эмне үчүн түзүлгөнүбүз, артыбызда кимдер турганы эсиңизден чыкпасын. Кептин ток этер жерин айтканда, биз мыйзамсызбыз. Бирок бизге укуктар да кенен берилген. Сиз өзүңүз милицияда кызмат өтөгөнсүз, кандай коркунучтуу абактан болбосун, качып кетүүгө болорун жакшы билесиз. Эгерде тыштан жардам болсо албетте. – Столдун кожоюну сөз бүттү дегенсип ордунан турду. Орун басар эшикке жетип калганда кошумчалап койду: - Ишке ашса жакшы, ашпаса корко турган эч нерсе жок. Убакыт күтө турат, бизде тандап алганга талапкер толтура...

Столдо отурган улгайып калган тегерек жүздүү киши абактын купайкесин кийген жапалдаш бойлуу зэкти кунт коюп карап отурду. Теше тиктегени ушунчалык, кишини эмей эле биолог микроскоптон кандайдыр бир майда курт-кумурсканы карап аткандай эле.

Абакта отурган неме сактанып, столдо отурган кшинин көзүнө тике карабаганга аракеттенип жатты. Турпатынан бул жерден бат эле чыгып кетсем деген каалоосу сезилип турду. Бирок антүү кайда, ага аргасы жок, анткени абакка кесилген адам үчүн азаттыкта жүргөн ким болбосун – баары начальник. Унчукпай теше тиктеп, сынап отурган мобул немеден эр болсоң качып көр...

- Кана, кел, отурчу, - акыры үн катты тиги.

Зэк бир буту сынык табуреткага көчүк басты.

- Чеккенге сунуштабайм, анткени тамеки тартпасыңды билем, - столдо отурган киши жанынан тамеки алып чыгып тутандырды. – Сен кыйын жигит экенсиң, Саша... Билесиңби, мен сага атайын, Москвадан иш боюнча келдим. Баса, документимди да көрсөтүп коёюнчу, - кеп баштаган неме чөнтөгүнөн кызыл мукабалуу күбөлүгүн алып чыгып көрсөтүп койду.

- Менден эмне керек, гражданин начальник?- атайлап орой сурады Солоник.

- Эч нерсенин кереги жок, - ийин куушуруп койду тиги.

- Эгер стукач болууну сунуштасаңыз, анда берер жообум – андайга өлсөм да барбайм, - зэктин добушу бекем эле.

- Туура кыласың, - жарк эте кашкайды москвич. – Кебетеңди карачы, сенден кантип сөз ташыгыч чыксын? Менттерден алыстапсың, бирок башка жээкке барып турбапсың. Анткени сендейди ким кабыл алмак эле. Анүстүнө көйгөйүң да толтура, алар алдыда андан бетер көп болот.

- Сиз атайын Москвадан мага ушуну айтайын деп келдиңиз беле? – деди зэк табалаган үн менен.

- Жалаң гана муну эмес, сага айта турган кеп толтура, - кызыл күбөлүктүн ээси тигинин үнүндөгү чакырыкты алдыртан сезгени менен түк капа болгон жок. – Сен туураңда, мындан ары кантип жашай турганың жөнүндө сүйлөшсөмбү деп келдим.

Саша кеп нугу кайда бурулуп баратканын туюп турду, аңгеменин мындай башталышы, “мындан ары кантип жашамакчысың?” деген жөнөкөй суроо баягы лагердин авторитети Корзубый менен болгон сүйлөшүүдөй сезилди. Ошондуктан берген жообу да так эле ошондогудай болду:

- Мурда кантип жашасам, ошентип жашай берем.

- Эми андай болбойт, - начальник мырза тамекисинин күлүн күбүп койду. – Эми аны көрө жатарбыз. Андан көрө сен туураңда сүйлөшөлү. Жоопту күтпөй эле андан ары улады: - Таржымалың чыгып баткан күндөй жөнөкөй. Жакшы шаарда өскөнсүң, балалыктын алтын доорун көргөнсүң, анан техникум, аскерге чакырылгансың. Дембель болуп келгенден кийин милицияга ишке киргенсиң. Анда эмне жоготтуң эле?

- Жаш экенмин, акмакчылык болгон, кылмыштуулук менен күрөшсөм деген ой болгон, - чынын айтты Солоник бул соболдо кандай сыйыртмак катылганын түкшөмөлдөп.  

- Анан эмне болду?

- Накта кутургандар ошол милициялардын өзү экен. Формасы гана болбосо, кадимки бандиттерден түк айырмасы жок, курал алып жүрүү да аларга мыйзамдаштырылып берилген экен да, - бул адам чын дилинен жооп берип атканы сезилип турду.

- Мына, мына, - макул болду аңгемелеш. – Алардын баары жеткен бетпактар, мусур деп бекеринен аташпаган да. Та-ак, сени ал жактан кууп чыгышкан, анан кайра алышкан, кийин биротоло кууп чыгышкан экен, туурабы? Катын зордуктады деген статьяны мойнуңа илишкен да темир тор артына айдашкан, туурабы? Эми эмне кылайын деген оюң бар?

- Эмне кылмак элем, отурам да, - деди Солоник кайдыгер, бул оюнду тиги эмнеге баштап атканын дагы эле түшүнбөй.

- Өзүңө крест коюп койгон экенсиң да?

- Крестти кабырыма коюшат.

- Мына, мына, ал күн деле алыс эмес... Бул жердеги абактын көрүстөнүнө көөмп салышат, өлүктү туугандарыңа беришпейт.

- Маалыматыңыз үчүн ракмат, - Саша жек көргөн көзү менен акырая карап.

- Ракмат айтканга али эрте. Мен сага башка иш менен келгенмин...Сунушум бар сага...

- Ал кандай сунуш экен? – сактана калды зэк, аңгеменин жетер жерине жеткенин сезгендей.

-... сенин жашооңду өзгөртсөм дейм, - жыйынтыктады начальник.

- Менин жашоомду Жогорку сот гана өзгөртө алат.

- Койчу, ар бир адамдын тагдыры өз колунда. Эркиндикке чыкканды каалайсыңбы?

Зэк мындай жапайы сунуш айткан адамга таң кала карады:

- Аны ким каалабасын...

- Мен сенден сурап атам, каалайсыңбы?

- Каалайм дечи, бирок... Мунун баары жөн эле эместир?!

- Акылыңа баракелде. Бекерге куш гана сайрабаса... Мен сага ишти айтып жатам. Анда жакшылап ук.

Ортодо узак сөз жүрдү, тагыраагы, бири сүйлөп, экинчиси угуп гана отурду.

Гражданин начальниктин сунушунун жөнү мындай эле. Камактагы Александр Солоник мында көпкө тирүү калбайт, тиш кайрап калган блатнойлор баары бир аны жан тындым кылышат, анын жолу толтура. Мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошонуп да кете албайт, амнистияга да илинбейт, ал жагы турган иш. Кыскасы, Солониктин көрөр күнү ушул жерден биротоло бүтөт. Узак саймедиреп сүйлөдү начальник, алдын ала баарын көрүп билип тургандай сүйлөдү. Анан акырында кыска гана айтып сөзүнө чекит койду:

- Сага бир гана нерсе жардам берет, бул жерден качып чыгышың керек.

- Бул жерденби? Кантип? Бул мүмкүн эмес, - зэк бир чети таң кала эриндерин кымтыды.

- Ойлонуп көрдүң беле?

- Качканды ким ойлобосун?

Кийинки суроо асман жер аңтарылып кеткендей күтүүсүз болду:

- Эгерде биз сага жардам берсекчи?

Зэк уккан кулагына ишенген жок.

- Жардам беребиз деп атам, мен чын айтам. Сен минтип караганыңды токтотчу деги!

Сашанын ойлору куюндап сапырылып турду. Бул эмнени айтып атат, чынбы деги, оюнда эмне бар, качкандын жакшы жагы канча болсо, жаман жагы да ошончо экенин туюп турду. Жакшы жагы бир эле да, эңсеген эркиндик эмеспи. Качырабыз деп аткан буларга кул болушу керек, анткени бул жерден качып чыгуу менен ал өзүн биротоло мыйзамдан тышкары коюп атпайбы. Ага эркиндикте кандай иш даярдап турушканы да белгисиз.

- Ойлонууга сага туптуура бир сутка берем, - өктөм айтты москвич, ным тактайга ныгыра мык кагып аткансып. – Ойлоно турган деле жөнүң жок. Бул тагдырдын сага берилип жаткан жападан жалгыз белеги. Мындай учур башка жолу болбойт.

- Мен эмне деп жооп айтарымды билбей турам, ойлонуп көрүшүм керек, - деди титиреген добушу араң чыккан Солоник.

 - Ойлон, ойлон... Анда бүттү. Биздин сүйлөшкөндү албетте, бир да жан билбесин, айрыкча администрациядан. Эсиңде болсун, мен аларга аскер прокуратурасынын тергөөчүсү экенимди, сенин армиядагы командириңдин иши менен алектенип атам деп айттым. Протоколдор түзүлүп коюлган, ме ал да көрсөтмө бербейм деп колуңду коюп кой. Туптуура бир суткадан кийин айтаар жообуңду камдап кой, - гражданин начальник саатын карап койду. – Убакыт кетти...

6-глава

Поволженин кара көк токой үстүнөн жайбаракат көтөрүлүп келаткан күңүрттөнгөн өлүм сарык күнү мунара башында соройгон күзөтчүнүнүн караанын даана көрсөтүп турду. Бул айыпталган Солоник эртең мененки разводдордо нечен жолу көрүп көнгөн көнүмүш: тегеректин баары чытырман темир тор, карарган бушлатчан сереңдеген зэктердин бозоргон жүздөрү... Буюрса, мунун баарын ал бүгүнкү ичиркенткен суук таңда акыркы жолу көрүп отурат, эч качан кайра көрбөстүр...   

Анткени кача турган күн так ушул күн. Баары сүйлөшүлүп чечилген, башкысы – ойдогудай өтсө экен...

Алтургай кача турган убакыт так дайындалып эсептелген. «Промкада» кимдир бирөө ширетүүчү аппаратты калтырып кетет, аны менен канализациянын капкагын кесиш керек, андан ары ылдый түшүп, коллектордун ичи менен жүрүп отуруп зонанын аймагынан чыгып кетиш. Ойго келбеген эч кандай кокустук болушу мүмкүн эмес, анткени жанагы борбордон келген чоң начальник баарын алдын ала байкаштырып койгон.

Жумуштун алдынан Солоник бригадасын чогултуп буларды айтты:

- Кечеки эптеп арыдан бери жасай салган жумушуңарды кабыл албайм. Эми дагы бир жолу муну кайталачу болсоңор анда иштен баш тартты же жумушка чыккан жок деп жазып салам.

Ульяновскидеги бул №8 абакта ага болгон мамиле тиги Пермьдегиден таптакыр башкача болчу. Анын блатнойлор менен өлө тала-согушуп, бир үйүр зөөкүрдүн бирин калтырбай талкалаганы абактын жазылбаган таржымалына кошул-ташыл болуп киргени качан, эми мужиктердин көзүнчө Саша уламыштан кем эмес баатыр болуп чыга келген: ал урганда баштар чирик дарбыздай туш-тушка чачырайт, колу-буттар ширеңкенин талындай сынат, бири эмес ону келсе да баарын жайлай турган алы бар. Ошондуктан аны менен эч ким талашып-тартышчу эмес, аны сыйлагандан көрө андан көбүрөк коркуп турушчу. 

Ошондуктан анын айтканы айткан, дегени деген. Мужиктер ичтеринен жек көрүп турушса да унчукпай айткан жагына – кечеки иш ордуна тарап кетишти.

Эки жакты карап алган Саша кичинекей туюк коридорчого кирди. Жүрөгү торго түшкөн куштай тырпырап согуп атты. Мына азыр... Тетиги эшикке жетсе гана болду... Андан ары канализациянын капкагы болушу керек... Жанагы москвалык начальник алдабаптыр...

Эшик күтүлгөндөй эле ширетилген экен, бирок анын жанында сварканын аппараты жатыптыр, алтургай маскасына, мээлейине чейин даярдап коюптур...Кичинекей лом да бар экен...

Кудай жалгап, капкак кол менен ача албагыдай кылып, эки жеринен гана карматылган экен. Тез эле капкакты ачты да ылдый эңкейе берди, ылдыйдан саңырсыган адам чыдагыс сасык жыт мурунга бур дей түштү. Бул абактын негизги канализациясы болучу.

Саша ойлонгонго чамасы жок эле, үстүндөгү бушлатын чечип ыргытты да, көкүрөгүнө терең дем ала аба толтуруп, бок-сийдик аралаш агып турган сасык агымга мойнуна чейин кирди...

Бул маалды боорунда «Рыбнадзор» деген жазуусу бар «УАЗ» машине бир айлампа жасап келип, бозомук дайрачанын жээгине токтоду. Эшиктери ачылып, ичинен эңгезердей бойлуу эки адам түштү. Булар абактан качып чыга турган Солоникти күткөндөр эле.

Резинке өтүкчөн бирөөсү жардын ным топурагына жылмыша ылдый түшүп, куркуйган темир трубанын оозун буту менен тээп көрүп:

- Омии-ий энең, сасыгы кантет? – деп койду бетин тырыштырып.

- Туура. Бул канализациянын сыртка чыккан коллекторлорунун бири эмеспи. Анан эмне дейсиң, бок деген майдагы розадай жыттанат дедиң беле?

- Көпкө күтөбүзбү? - деди берки.

Экинчиси колундагы аттиш менен трубанын оозуна жабылган темир торду кести да саатына карады:

- Ал зонадан беш же он мүнөт мурда чыкты, эгерде эч нерсе жолтоо кылбаса. Эсептик убакыт он мүнөт минус пилусу менен кыркы беш мүнөт. Башкысы, ал багытты алмаштырып албаса болду. Биз туптуура эки саат күтөбүз, андан ары күтүү кажетсиз.

Так ушул учурда кайдан жайдан келе калганын ким билсин, тыртылдаган мотороллер минген карыган абышка пайда боло калса болобу, берки экөө каткан жеринде катып калгандай болду. Жанына жакын айдап келип токтотту да купшуңдаган абышка экөөн шектүү карап суроо ыргытты:

- Кимсиңер, эмне кылып жүрөсүңөр бул жерде?

- Кете берсеңчи, абышка биз менен эмне ишиң бар?

- Бул машине силердики? Документиңер барбы? – кыраакы абышка кепке келе тургандай эмес.

- Абышка, көзгө көрүнбөй кетип кал деп атам го, - деди экөөнүн бири өктөм кайталай.

- Эй силер эмне?! Деги силер менин ким экенимди билесиңерби? Мен деген жыйырма жыл милицияда иштеген кишимин, азыр да ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөсүмүн! - деди ызасына туталанган абышка.

- Ой, биз Ульяновскиден келдик, «Рыбнадзордон» болобуз, браконьерлерди кармап жүрөбүз. Мына менин документим.

- Ошентпейсиңерби анан, - күбөлүктү көргөн абышка жоошуй түштү. - Кечирип койгула анда. Сылыгыраак болсоңор болмок корчоңдобой..

- Абышка эми кетип кал, антпесең браконьер деп өзүңдү кармап кетишибиз да мүмкүн. Ошондо сенин ДНДыңда арачалай албай калат сени!

Тиякта канализация ичинде болсо көрдөй караңгылыкты, бок менен сийдикти жиреп, сасыктан тумчуккан качкын эптеп жылып келатты. Төрт бурулуштан кийинки бешинчисинде солго кетиши керек, алмаштырып албаса болду. Бул шайтан алган канализациянын деги акыры көрүнбөчүдөй. Бир, эки, үч, он, токсон, жүз кадам...Тигине шаңгалат жарык көрүнгөндөй... Кайратына келе түштү, эми бир нече кадам, андан ары эркиндик...

Жарык улам чоңоюп, ага жеткенде кылайган көпкөк асмандын үзүмү көрүнүп, жогору жактан кимдир бирөөлөрдүн басып жүргөн дабышы угулгандай сезилди. Же бул дүкүлдөп соккон жүрөктүн добушубу?...

- Эй, сенби бул?

Качкын бирдемелерди күбүрөдү, ошентсе да тигилерге угулду.

 - Арканды карма да байлан, азыр сени өйдө тартып алабыз...

Жанталаша аркандын жылма учун кармап колуна ороп байлады да, акырындап тартып отуруп Солоникти сыртка чыгарып алышты. Качкын булар кимдер экенин, кантип чыкканын унутуп салып, суудан кургакка ыргытылган балыктай чабалактап, оозун улам ачып, көптөн эңсеген эркиндиктин чөп, топурак жыттанган таза абасын жандалбас соруп жатты.

  - Кана, эс алдыңбы? – деген добуш угулду кулагынын түбүнөн. – Келе, батыраак кийимиңди алмаштыра сал, убакыт жок бизде...

Абактан качкынды кечирек эстеп калышты: кечки текшерүүдө бригадир Солоник жок болуп чыкты.

Адегенде аны жайлап салышкан экен деген ой кетти баарына. Анткени ага тиш кайрагандар жетишерлик эле. Өндүрүштүк кырсык же коопсуздук эрежесин сактабай ушуга кириптер болду деген бүтүм чыгарышат да, өлгөн зэкти чийип салышат, ошону менен иш тамам.

Бирок бул жаркын үмүт акталган жок. Көп өтпөй промзонадан анын өлүгүн эмес, чечип ыргытып кеткен Солоникке таандык эски бушлатты таап келишти. Ширеткич аппарат маскасы менен, лом, айтор, качып кеткенге колдонгон бардык шайман куралды кошо табышты.

Абактын чоңдору тикесинен тик турушту, мындай шумдук бул жерде эзели болуп көргөн эмес. Дароо сапсыйган иттерин ээрчиткен кинологдор жетип келишти, бирок иттер жыт ала алышпады. Сасыган канализациянын оозуна жеткенде кыңшылап туруп калышты, мындай жерден ит кантип жыт ала алсын...

Изин суутпай кармашка деле болбочудай. Эми мындагылардын калаймакан түшкөнүн көрүп ал. Качуу жууса кеткис так болуп начальниктердин погонуна келип жабышат, топураган текшерүү туш-туштан басат, бул үчүн эч ким чекеден сылабайт, нечендердин башы ыргыр бекен... Нечендер наамынан, кызматынан кол жуур бекен..

Качкынды өз күчтөрү менен таба албагандан кийин ИИМдин областтык Башкармалыгына билдирүүгө аргасыз болушту. Кесепетин билип болбогон тоодой жаңжал ушул жерден чыкты. Режим күчөтүлүп, абак бир сыйра кайрадан тинтүүгө алынды, капкак атмайдын бирин калтырбай ширетип чыгышты, жадагалса, блатнойлорду да тегиз жумушка кууп чыгышты.

Область боюнча «Перехват» операциясы жарыя кылынып, жетекчилик канализациянын ар бир чыга турган жерине сакчы орнотту, болгон күбөлөр суракка алынды, бирок мунун бири да натыйжа берген жок. Качкын Солоник жер жутуп кеткендей күм жам болуп кетти. 

Анын бригадасындагылар ошол күнү шектүү эч нерсени байкашпаганын бир айтпай эки айтып, алакан жайышса да ичтеринен кыбыңдап кубанып турушту, анткени мурдагы мусурдун басмырлаган өкүмүнөн кутулушканына жетине албай турушту. Баса, Ульяновскиден келген тергөөчү «Рыбнадзор» деген жазуусу бар шектүү «УАЗиктин» ошол күнү абактын аймагына жакын жерде жүргөнүн айткан ППСтын старшинасын суракка алды, бирок мындан да майнап чыккан жок, чынында эле ошол күнү аталган машине жанагы айтылган жерде болгону аныкталды.  

7-глава

Жоокердин күнгө күйүп өңү өчкөн гимнастеркасындай төбөдө асман, кагырап күйгөн кургак талаа, ордунда катып калгансып дымыган үп аба, тиштин кычыгына илешип кычыраган майда кум – жайдын орто чениндеги Борбор Азия деген мына ушул.

Табы лаулдаган ысыктан баш калкалап качаарга жай жок, шалдыраткан ысыктан тилиң салаңдап, эмне кыларды билбейсиң.

Учу кыйырына көз жетпей талыган казактын даркан талаасы өзүнчө бир керемет. Мына ушул кереметтин чок ортосунда тегереги кунарсыз боз, бийик тосмо менен курчалган казармалык-административдик типтеги имарат көзгө урунат.

Бетон забордун ички чегин кыдырата байкоо салчу видеокамера деле жок, сымбаты заңкайган күзөтчү деле көрүнбөйт, тегеректин төрт бурчун тарткан параболикалык антенналар, кире бериште кымбат баалуу машинелер да жок. Болгону, караган көзгө комсоо алакандай тактайчадагы жазуу бул тосмонун артында баланча номурлуу чек ара кайтарган түкүнчө аскер бөлүгү бар экенин кабарлап турат.

Андан башка бул ээн талаада кыбыр эткен жан байкалбайт да көрүнбөйт. КППга алып барчу жападан жалгыз жол качан караба, ээн турганы турган.

Алматынын тегерек жакасындагы атайын машыгуучу лагерге келген Координатор адегенде мына ушуларды байкады.

Күндүн табы кантет, анын ысыгынан тынбай чимирилген жапондук желдеткич да куткара албачудай.

Куйкалаган ысыкка карабай борбордон келген конок - Координатор кыкыйта галстук байланып, расмий жолугушууларда кийчү боз кастюмун кийип алыптыр, анысы бул жерде түркүн-түс шорта, майкечен жүргөн курсанттарга, инструкторлорго түк коошпой турду.   

Бул жолугушуу таң каларлык эле, кырдаал да демейдегиден башка учурга эч бир окшобой турду. Кызматын аткарып жаткан полковник граждан кийимчен улгайган кишиге «конторада» саналуу адамдарга гана белгилүү нерселерди ачыктан ачык, аки-чүкүсүн калтырбай доклад кылып жатты. Тиги киши кээде баш  ийкеп, кээде тунжурап угуп, ара чолодо суроо ыргытып коюп атты.  

 - Жетишет, түшүнүктүү. Жаңы келген контингент кандай экен? – деп сурады мурдагы кгбэшник генерал желдеткичке жакыныраак отуруп.

- Дене чыдамкайлыгы жагынан кээ бири чабал, кай бири мыкты. Жомоктогудай баатырды кайдан табасың, - деди кабинеттин кожоюну кыска сүйлөп.- Көпчүлүгү абакта жатып ден соолугунан ажыраган, арасында бир нече түбүнө түшкөн наркоманы да бар, аны өзүлөрү да жашырбайт. Биздин адистер иштеп жатышат баарысы менен. Алгачкы дене тарбиялык даярдыктын нормаларын бири да толтура алган жок. Жок, баса, бирөө гана аткарды...

— Ким экен ал?

— Александр Сергеевич Солоник, алтымышынчы жылы туулган, милициянын мудагы сержанты, жүз он жетинчи статья менен анан ага качкандыгы кошулуп кесилген. Абакта отурган мурдакы милиционерге дегеле окшобогон кызык неме: чекпейт, ичпейт, анаша туурасында кеп да жок. Ой жүгүрткөнү так, бирок турмуштук багыты бүдөмүк. Адилеттүү, көйрөңдүк жагы бар, ичимден тап, саресепетүү. Лидер болсом деген умтуулуусу ачык көрүнүп турат, бирок аларды көргөзгүсү келбейт сыягы. Курсанттар менен бир кылка мамиледе, эч кимиси менен достошуп же коюн колтук алышып кеткен жери жок. Мунун таржымалы да кызык, - полковник сылыктык менен иш тигилген папканы алдыга түртүп койду. 

Мына ушул ирмемде мурдагы лубянкалык начальник Александр Солоник деген тааныш фамилияны эстей калды, - анткени жардамчысын жиберип, аны менен жолугуштурбады беле. Бирок мунун фамилиясы кандайча эсинде калды экен?

Кабинеттин кожоюну дагы кебин улады:

- Албетте, азырынча булардын арасынан колго илинери жок деңизчи, бирок мен айткан неме бул жердеги башка киши сөрөйлөрдөн баары бир айырмаланып турат.

Жеке маалыматтар камтылган папкени бир сыйра көз чаптырымыш эткен Координатор муну айтты:

- Албетте, азырынча бирдеме деш оор. Физикалык даярдык менен тест деген эчтемени билдирбейт. Кеп экстремалдуу кырдаалда ал өзүн кандай кармай алат, ошондо. Анүстүнө мындагылардын отуз пайызы табигый түрдө ыргып кетет, андан калса, өзүңүз билесиз...

Координатор ушул жерге келгенде кеп таппай мукактана түштү, катуу ойлонуп атканы сыртынан байкалып турду. Кабинеттин кожоюну да аны ыңгайсыз абалга калтыргысы келбегендей папкеге үңүлүп бирдемелерди окуп жаткандай түр көрсөттү. Ортого чөгө түшкөн тынчтыкты конок өзү бузду:

- Солоник дедиңизби?

- Так ошондой, Александр Солоник, - маектеш кайталады.

Бир топ ойго чөгүп кеткен Координатор акыры унчукту:

- Мен анда мына ошол, кандай дедиңиз, Александр Солоник менен жолугушуп сүйлөшсөм болор бекен?

- Азыр ал машыгууда жүрөт, он мүнөттө бүтөт, ошо замат чакырып келейин. Күтүп турасызбы, жолдош генерал?

Узун аралыкка кросстон маарага биринчи болуп келген Солоник бактын көлөкөсүнө кулап жата кетти. Саатына караса бир жарым экен. Аткыч болом деген кишиде дем алуу мына ушундай мыкты болууга тийиш. Кайдан күч кайраты ташкындап келип жатканына өзү да таң. Эртең мененки төрттө турмай, жеңил завтрак, анан үч чакырымдык кросс, экинчи тамактануу. Андан кийин спорт залга бармай, ал жакта инструкторлор кол менен салгылашуунун ыкмаларын үйрөтүшөт. Андан кийин он чакырымдык азыркыдай дагы бир кросс, кичине эс алгандан кийин окуу каналарга кирип кетишет да теориялык сабактар башталат. Атайын курс деген ушул. Кудайдын куттуу күнү кайталанган көнүмүш адат ушул.

Бул курстарга «Моссаддын», ЦРУнун, АНБнын агенттери, баарын кошо алганда, суктанарлык эле. Угуучуларга карабашыл адамды кантип жок кылганды (аны жасагандардын бири да табылбайт), дүкөндө эле сатылган кадыресе тиричиликке колдонулуучу химиялык заттардан кантип жардыргычтарды жасаганды, капустанын жалбырагынан, картон кагаздан кантип тапанчага глушитель жасаганды жана башка толгон-токой нерселерди үйрөтүшчү. Сабактардын көбү чеберлик менен тартылган фильмдер менен коштоло турган. 

Бирок мындай илимди үйрөнүү да оңой иш эмес.  Курсанттардын теңинен көбү узун кроссторго чыдабай оозунан өжөк-өжөк кан кусуп, жөткүргөн көк жөтөлдөн боо түшүп кулагандары канча. Булар мыйзам сыйлаган адамдар эмес экени ачык, анткени бутунан башына чейин чегилген көгүш татуировкалар алардын ким экенин айтып турат. Жогеле дегенде курсанттардын жарымы блатной дүйнөгө таандык адамдар.

Бир гана нерсе шексиз – булардын баары кай бир даражада «контора» менен кызматташ. Ошондуктан аларды кыңк дедирбей бийлегенге жеңил. Бул жер деле түрмө, бирок режими гана таптакыр башкача. Сыртка бир жан чыгарылчу эмес.

Кээде курсанттарды бирден тестке чакырып кетишчү. Көзүндө томпойгон калың көз айнеги бар, аппак халатчан жанда жок сылык абышка жайнаган суроолорду жаят да, четинен алып эч бир ойлонбой жооп бер деп талап кылат. Жооптор тыкырлык менен кагазга жазылат. Ал суроолор келесоо чалыш суроолор боло турган. Мисалы: «Ким болгуң келет, токойчубу же драмтургбу?», «Ким болгон жакшы, бай жана ооруубу же кедей анан аман-соо болгонбу?» жана башка толгон-токой апенди суроолор. Андан кийин абышка балдардын сүрөт дептериндегидей кызыл-тазыл шариктер тартылган кагаздарды жаят да, курсанттан муну карап туруп эмнени элестетесиң деп кыйнайт.   

Абышка ишин аткарып кеткенден соң кезек улгайып калган аялга келет. Ал лам деп ооз ачпай туруп, курсанттын денесине түркүн түз зымдуу микроскоприкалык датчиктерди тагат, анан кийин алар аркылуу алсыз ток жиберип, экранга үңүлөт да бирдемелерди жаза берет, жаза берет. Бул процедуранын эмнеге керек экенин курсанттардын бири да түшүнчү эмес, бул ачылбаган сыр бойдон калар эле.  

 Келгенден үч айдан кийин аларды окуу топторуна бөлө башташты. Саша түшүнгөндөй, аларды аймактык таандыгына карата бөлүштү, кавказдыктарды өзүнчө, ортоазиялыктарды өзүнчө, ал эми саны жагынан эң басымдуулук кылган славян тобун бир нече өзүнчө топторго бөлүп жиберишти. Топтор ар кимиси өз алдынча программалар менен окутула баштады, бул алдыдагы аткара турган милдетке жараша эле.

Бирок бул кандай милдеттер?

Бул суроону Саша да бир нече жолу өзүнөн сураган. Бирок «контора» аны бул жерге келип ден соолугун чыңдасын деп абактан качырбаса керек. Качканы үчүн да, башкасы үчүн да баары бир эсептеше турганы айдан ачык эле.

Ушул ойлорду көңүлүнөн сыдырган Солоникти бир маалда:

- Курсант Солоник, - деп заңк эткен, камчы менен чапкандай кескин үн чочутуп ийгендей болду. Караса, маңдайына дене чыңдоо жагынан даярдаган инструктор келип туруп калган экен.

- Мен, - уставка жараша жооп узатты ал.

- Административдик корпуска бар, ал жакта сени начальство күтүп жатат.

Эшикке жакындай берип Саша буга чейин өзүнө нечен жолу берип, бирок жооп табалбаган суроолордун баарына жоопту азыр ала турганын туйгансыды. Баарына болбосо да алардын көбүнө жооп алаар, балким...

8-глава

Даярдоочу борбордун начальнигинин кабинетинде эки киши отурган экен. Бири Сашага тааныш жанагы кожоюн, экинчиси андан улуураак, кирген кишини тимеле көзү менен ренгенден бетер теше тиктеген адам экен. Мындай көздөр соо кишинин көздөрү эмес, оңой киши эмес экенин дароо туйду. Ичиркене да түштү.

Ошентсе да какыя калды да көнүмүш адатына салып:

- Курсант Солоник сиздин буйругуңуз боюнча келди! - деди.

- Вольно, курсант. Кел, отур. Москвадан келген жолдош сени менен сүйлөшсөм дейт.

Ошентти да, ордунан шак туруп эшикти жаап коюп чыгып кетти.

Москвадан келген жолдош болсо кепти чаргытпай ток этеринен баштады:

- Демек, Солоник Александр Сергеевич, алтымышынчы жылы туулгансың, Курган шаарынын тургуну, ички иштер органдарынын кызматкери болгонсуң, он эки жылга эркиңен ажыратылгансың...

Саша аны астыртан сынай карады. Бул эмне эле менин таржымалымды окуп жатат же Москвадан ушуну окуп берейин деп келдиби, аны өзү деле билет да.

- Сиз үч айдан бери Мамлекеттик коопсуздук комитетинин атайын даярдоочу борборунда машыгуудан өтүп жатасыз. Сизге бул жердеги командачылык абдан ыраазы болуп атыптыр. Ошондуктан азыркы статусуңуз туурасында кандай ойдо экениңизди билүү мага кызык.

- Кандай мааниде?- абайлап, акырын кызыкты Солоник.

- Ошондойчо эле. Биз мыйзамды бузуп, канча акча, убакыт коротуп, эмне үчүн сизди камактан сууруп чыктык дейсиз....

Аны айтпаса да Саша ичинен туюп турду, бирок алдыда эмне милдет аткараары акырына чейин ага белгисиз эле.

- Кыязы кандайдыр бир күч акцияларына катышуу үчүн болсо керек, - жооп узатты курсант.

- Мм-да, - берки эриндерин түйрөйттү. – Бул божомол сиздин акылыңыздын мыкты экенин айгинелеп, куп жарашып турат. Эми так айтканда, ал кандай акциялар жана ким тараптан? Кимге каршы, кандай максат менен болушу ыктымал деп ойлосуз?

- Ал жагы сизге белгилүү болбосо... мага акча, убакыт коротуп аткандан кийин.

Саша мындай кишилер менен сүйлөшүп атканда кайсалактатып айткан өзүн актай турган нерсе экенин билчү. 

 - Эмесе, четинен кирелик, бирөөлөрдүн көзүн тазалаш үчүн дейлик...

- Ооба, ошондой го...

- Башкача айтканда, мен же биздин кишилердин кимиси болбосун, сөөмөйү менен көрсөткөн кишини жок кыла бересизби?

- Ошондой болсо керек да...

- А эгерде мен жаңылып калсамчы же сиз келечектеги курмандыкты жок кылгандан баш тартып койсоңузчу, анда кандай болот?

 Суроо ачыктан ачык эле провокациялык болгондуктан курсант жооп бергенге шашылбады.

- Бекер кыласыз унчукпай. – Москвалык начальник тамекисин өчүрдү да андан ары улантты. – Бул мейли, сиздин укугуңуз. Билесизби, сиздин башкы катачылыгыңыз эмнеде? Сиз аз нерсе коротуп, жашоодон көп нерсени алгыңыз келет. Баарына дароо эле жетише калсам дейсиз. Мындай болбойт, баарына акы төлөш керек. Мына азыр сизде жыргаган эмнеңиз бар? Милицияда жарыбаган кызмат өтөпсүз, бул бир дейлик, - маектеш манжаларын бирден ачып жумуп санап кирди. – Кесилип кеттиңиз – эки, сот залынан качып кеткенсиз – үч, дагы мөөнөт кошулду – төрт, дагы бир жолу качтыңыз – бул беш. Кыскача айтканда, жалаң минус, плюс деген жок. Эң башкысы – сиз өзүңүздүн амбицияларыңызды канааттандыра алган жоксуз жана азыркы абалыңыз өзүңүзгө жакпай турат. Бир нерсени кыялдангансыз, бирок баары теңирден тескери болуп чыккан.

- Силердин кишиңер мага муну өзү сунуштаган, -тигинин эсине салды Саша.

- Тагыраак айтканда, сизде тандоо мүмкүнчүлүгү болду, сиз аны кыя кетирген жоксуз, - маектеши негиздүү жооп узатты. – Каалайсызбы, сизди азыр эле абакка кайтарабыз. Сиздин бактысыздыгыңыз эркин болууну каалоодо эмес. Сиз мурдакы ментсиз, мурдакы. Өзүңүздүкүлөрдүн тобунан чыгып кеткениңиз менен башкаларга ошол бойдон кошула албадыңыз, эми эч качан кошула да албайсыз. Биз сизге шанс гана бердик. Бул бир гана жолу бериле турган нерсе. Александр Сергеевич, айтсаңыз, адамдардын сизден коркуп турганы сизге жагабы? – күтүүсүздөн сурады москвалык начальник.

Саша ийин куушурду.

- Балким, муну эч ойлобоптурмун...

- Чынын айтыңызчы....

- Балким, ошондойдур, - күңк этти Солоник муну дагы эле түшүнө албай.

- Эмнеликтен ошондой?- кайра такыды начальник.

- Билбейм...

- Сиз билбесеңиз мен билем. Мындан адамдын мартабасы баланттайт, сизди бир көзгө көрүнбөгөн бекем кабык курчап алгандай болот, андан улам башкалардын көзүнчө жогору көтөрүлөсүз, кадыр-баркыңыз ашат. Сиз атак-даңкка умтулган адам эмессизби, туурабы?

Саша унчуккан жок.

Кийинки суроо анын эсин эки кылды:

- Сиз блатнойлорго карата кандай мамиледесиз? Уюшкан кылмыштуу топтордун анабашыларыначы? Пахандар, авторитеттер, мыйзамдагы уурулар жана башка жөлүктөргө, иши кылса, түшүнүктөр менен жашагандарга кандай карайсыз?

- Аларды көрөйүн деген көзүм жок, - деди курсант кептин мындай күтүлбөгөн бурулушуна кызыккандай, бирок анысын байкаткан жок.

- Эмнеге?

- Анткени булар адамдарды экиге бөлүп карашат – блатнойлорго жана калган башкаларга - «фраерлерге», «карастарга», «терпилаларга» ж.б. Блатнойдун түшүнүгү боюнча алар өзүлөрү гана адамдар, ал эми фраерлер болсо алардын мыйзамдуу жеми, аларды каалагандай калчаса болот имиш. Бул алардын башкы мыйзамы, мага мындай мыйзам түк жакпайт.

- А кантип ойлосуз, эмнеликтен милициянын, прокуратуранын, башка органдардын олчойгон аппараты кылмыштуулуктун тамырын түбүнөн бир эле шылып, биротоло куурата албайт? Негизи ким күчтүү: мамлекетпи же кайсы бир кылмышкерлерби? Мамлекетте болгон мүмкүнчүлүктүн баары бар, тергөө аппараты, опер кызматкерлердин армиясы, пенитенциардык системасы бар... Логика боюнча мамлекет өзүн өзү коргошу керек. Эмне үчүн мамлекет өзүн коргой албай жатат?

- Анткени менттердин баары сатылып кеткен, - чын дилинен жооп берди Солоник.

- Ошондой деңизчи...- борбордон келген начальник курсантка жылуу ырай менен тигилип калды. Мына иштин чоо жайы анык боло баштады. Дагы башка себептери кайсыл?

- Не дегенде мыйзамдар чабал, аларды оңой эле аттап же айланып өтүп кетүүгө болот, бул текейден арзан иш. Анткени соттор аларды сот кылып дайындагандарга жага турган гана өкүмдөрдү чыгарышат. Анткени кайсы жагын алба, аларда баары бирин бири колдомой, карганын көзүн карга чукубайт дегендей акывал, - ушул жерден Солониктин өңү башы жыйрыла түшүп, Кургандагы тергөөчү катынды жана өзүнүн алгачкы мөөнөтүн эстеп кетти.

- Бул да туура. Демек, мыйзамдуу каражаттар менен кылмыштуулукту токтотууга болбойт. Андай болгон соң экинчи вариант чыга келет – бул мыйзамсыз жол менен күрөшүү варианты. Азыркы түзүлгөн шарттарда мафия менен анын өзүнүн ыкмалары – террористтик кара өкүмзордук менен гана күрөшүүгө болот. Башкача айтканда, мамлекеттик чектен чыгууну бандиттик беспределге каршы коюш керек. Түшүнүп жатасызбы? Биз силерди мына ушуга даярдап жатабыз бул жерде. Эми эң башкысы – москвалык начальник боюн түзөй түшүп, курсантка кайрылды. – Биз кимди көрсөтсөк, так ошону жайлап турасыз. Эч кандай өзүм билемдик деген болбошу керек, кандай айтылса, анын баары так ошондой аткарылышы керек. Андай болбойт экен, - бул жерде начальник бир аз бирок маанилүү тыныгуу жасады, - биз кайсы бир милиция эмес экенибизди сиз билесиз да. Сиз эч кайда качып кутулуп кете албайсыз, сизди жердин жети катмарына кирип кетсеңиз да сууруп чыгабыз. Ошондо «Черный лебедь» (атактуу абактын аталышы) сизге тимеле бейиш болуп көрүнөт. Айтор, биз сизди башыңыз өмүрү абактан чыкпагыдай кылып биротоло тыгабыз.

Ушуну айтты да, мунун баары кандай таасир этти экен дегенсип Солоникти тигиле карап калды.

- Түшүндүм, - акырын, кыска гана унчукту тиги.

- Жакшы. Сиздин парасаттуу экениңизди биз билгенбиз. Дегеле сиз туурасында көп нерселер бизге маалым, анын көбүн өзүңүз да билбейсиз. Анан баса, муну да айтып коюшум керек – аткарган ишиңизге абдан жакшы акча төлөнөт. Мында бири бирибизге нараазычылык деген болбойт ко деп ойлойм. Сизде биз ойлогондой киши болуш үчүн убакыт деген абдан кенен.

Солоник эшикти жаап чыгып кеткенден соң Координатордо ныпым шек же күмөнсүнүү калган жок – ойлоп табылып, жазылган ролго мына ушул киши гана жарайт, башканын кереги жок. Турмушуна нараазы, атак-даңкка умтулган, мыйзам алдында караланып калган бул адамда айтканга көнбөстөн башка арга деле жок.

Органдарда иштеген кызматынан улам бул генерал адамдарды жакшы билип калган. Лубянкадагы иши да кагаз менен алпурушуу эмес, адамдар менен иштөө. Ошондуктан аңгеме башталбай жатып эле Координатор анын маңдайында ким турганын илгиртпей билген – максатка умтула билген кайраттуу бул курсант жашоодон эмне кааласа ошону ала турганын, беттеген багытынан атсаң да кайтпас көкжал, өжөр, куру кепти эмес, накта ишти аткара билген, баарын саресепке салып тыкыр эсебин алып анан аракеттене турган нукура прагматик экенин бир караганда эле билген.  

Координатор Солоник менен сүйлөшүүнү дагы бир жолу кунт коюп укту да катаал жылмайып койду.

- Азамат, эч нерседен тайманбаган рыцарь деп ушуну айт, - деди үнүн чыгара. – Ликвидатор. Жазалоочу. Кудайдын алаамат камчысы. Аты уламыш – киши. Эч нерсе эмес, биз сени Мекенди сүйүүгө үйрөтөбүз... Үйрөтө албасак деле аны өзүң сүйө баштайсың.

Таң калыштуусу, Саша бул сүйлөшүү тууралуу кечке жетпей унутуп калгансыды, тагыраагы, ал туурасында ойлонгусу келген жок. Блатнойлорго же ким болбосун бирөөлөргө каршы аны КГБ штаттан тышкаркы жан алгычы катары пайдаланышат экен – айырмасы кайсы? Кылмышкер бар жерде желдет сөзсүз керек эмеспи. Ууруга караганда желдет болгондун эмнеси жаман деп бирөө айткан эмес беле.

Тирге барып тапанча атканга машыгууга киришкенде аңгемени унутуп койду. Атуу өнөрү ойду бир жерге топтогонду талап кылат, анткени бул абдан олуттуу иш.

Курсанттын башынын жарымын жапкан колтойгон кулакка таккычтар аны кинолордогу башка планетадан келген адамдай көрсөтүп турду. Карарган бута алыстан кичинекей чекит болуп көрүнөт, көрүнгөндө да болгону беш секундалык убакытка жылт этет, бул кыска аралык ичинде аны бир нече жолу аткылап калганга үлгүрүш керек.

- Ат! Дагы бир жолу, дагы бир жолу!

Тапанча кармаган колу калтырагансыйт үйрөнчүктүн. Ок бутага тийбей калды көрүнөт.

- Токто, токто! - кыска чачтуу, далысы кең жапалдаш инструктор ага жакын келди. – Начар, түйшүгүң көп, калтырап-титиреп алыпсың. Тапанчанын сабын бекем мыкчып алуунун кереги жок. Эмне, аны сындырып салайын дебатасыңбы? Ишенимдүү бол, жайбаракат, мына минтип акырын, жа-аай машаага манжаңды кой. Толкунданба, дем алууңду жөнгө сал деп үйрөтпөдүм беле. Кана, тапанчаны берчи.

Солоник тапанчаны ызаат кылып сабын алдыга суна узатты.

- Эми келе колуңду. Коркпо, манжаларыңды түздө. Куралды ал да аны сезип байка, салмагын салмактап көр, аны кармаганда жагымдуу болушу керек. Түшүнөсүңбү, куралды кармагандан тимеле сулуу катындын эмчегин мыжыгандай ырахат алышың керек. Эми тиги жакка, бута чыга турган жерге кара. Ии, туура. Эми бат, эч бир түйшүктөнбөй туруп колуңду шак көтөр өйдө. Бир калыпта, жайбаракат дем ал. Тапанчаны көтөргөн чакта сенде бутага жүз пайыз тийгизем деген ишенимдүүлүк пайда болушу керек. Сени менен тапанча жуурулушуп, экөөңөр бир бүтүндүккө айланышыңар керек. Тапанчаны кадимки эле өз колуңдун учу деп сез. Түшүндүңбү?

Саша баш ийкеди.   

- Дагы бир жолу кайтала.

Ошол кечте Саша тапанчаны колунан түшүрбөй, сөөмөй манжасы чор болуп кеткиче аткылады, «конторада» октон үнөмдөө деген жок эле, каалаганыңча ата бер. Адегенде «макаровдон» баштап, анан «ТТга» өттү, андан кийин эски, бирок далай жолу иште сыналган «СВД» мылтыгын колго алды. Оптикалык мээлегичи болгону менен андан атыш оңой иш эмес болуп чыкты. Бир нече абалда туруп атууга туура келди, тике туруп да, жатып да, тизелеп да, алтургай, секирип баратып да...

Солониктин аракетчилдиги жактыбы, сабак аяктагандан кийин инструктор дагы насаатын улады:

- Куралды аялды сүйгөндөй назик жана камкордук менен сүйүш керек. Куралдын жакшы жери, ал сени аялга окшоп эч качан алдап же сатып кетпейт... Ошондуктан аны туура тандап алыш керек, мисалы сага бүгүн кайсыл курал көбүрөк жакты?

- «Макаров», - деди Саша интсруктордун айткандарын кунт коюу менен угуп.

- Келесоо экенсиң. Сенде деген чыныгы куралга табитиң али жок турбайбы. «Макаров» жакынкы согушта жакшы. Эгерде венгрияныкы, польшаныкы же кытайдыкы болбой бизден чыккан болсо, эски «ТТ» алда канча мыкты. Бул жанагы 1903-жылкы үлгүдө чыккан атактуу «браунингдин» так эле өзү. 7, 62 патронуна чакталып жасалган. Зарядынын кубаттуулугу анан огунун ылдамдыгы ушунчалык, бир да бронжилет туруштук бере албайт. Чехтердин «шкодасы» деле түзүк, немистердин «зауэр», «магнумдары» да мыкты. Бирок баары биригип келип, чекистердин жана комиссарлардын сүйүктүү куралы «маузерге» жетпейт. Огу да ылдам кетет, алыстагы бутаны да ойлонбой туруп урсаң болот. Жаман жери – колтойтуп чөнтөгүңө салып жүрө албайсың, ката да албайсың. Сендейлерге кадыры артык эски курал жанагы эле «нагандан» өтөрү жок. Күчү шумдук, огу да ылдам, андан башка дагы не керек. Гильзаларын да чогултуп убара болбойсуң, барабанда кала берет, бир да гильзотека сага коркунучтуу эмес. Мына ушундай аткыч достум, эми казармага жөнө да, барып эс ал. Демиңди абдан машыктыр баса, ансыз сенден чыныгы мерген чыкпайт. Бул сенин наның да... 

Бүгүнкү күндүн тартиби боюнча курсанттардын «бош убактысы» эле. Чын чынына келгенде бул анча деле жагымдуу нерсе эмес, курсанттар бири бири туурасында эчак баарын билчү – таржымалы, көндүм адаттары, ким эмнени каалайт, сүйлөгөндөрүнөн бери маалым эле. Дегеле туюкталган бир мейкиндикте жашаган адамдар – абак болобу, же суу астындагы кеме болобу, бирин бири таптакыр кызыктырбайт.

Бирөөлөр китеп окуп, башкалар шахмат ойносо, дагы бирөөлөр унчукпай терезеге мелтирей тигилип турду.   

Чыны, бүгүнкү күндүн башкачалыгы – Солоник машыккан топто атайын курстун жаңысы башталып атканы болду, аны да жетекчилик так айтпай, тумандатып «психологиялык туруктуулук» деп атап койгон. Бул эмне экенин жан биле элек. Бирок ар ким бул машыгууну өз алдынча, индивидуалдык түрдө өткөрөт дегени кызыгуу туудуруп турду.

Биринчи кылып Сашанын кошунасы Александр Шаповаловду чакырышты. Башкаларга караганда Саша аны менен көбүрөк мамиле кылып, жакын тутчу. Шаповалов Питерден келген жигит. Сабакка кирип кеткен бир эле сааттын ичинде ал таптакыр башкача киши болуп чыкты, карасаң тимеле үрөйүң учат: көздөрү жансыз айнектен айырмасы жок, нес болуп, кол менен башкарган куурчактай болуп калыптыр.

Кийин дагы башкалар кирип алар да ошо кейпти кийип чыгышты. Эмне экен, тиги-бу деген суроолорго түк жооп айтпай, унчукпай барып керебетке кулап жатышты. 

Акыры кезек Сашага да келип жетти.

Кирип эмнени күтсө да муну күткөн эмес, тагыраагы, түшүнбөй калды.

Курсантты тиш догдурдукундай терең креслого отургузушту. Анын бет маңдайында килейген жапон телевизору видеомагнитофону менен коюлуптур. Саша мында телевизордун канчалык тиешеси бар деп ойлогучакты анын денесине датчиктер уланган майда зымдарды туташтырып коюшту. Андан кийин кандайдыр бир тыз эткирген ийне сайышып, кускусу келип, башы айлана түштү. Креслого кандайдыр бир эркек киши жакындап келип отурду. Саша аны буга чейин түк көрбөптүр.

Ал бирдемелерди сураганда, Саша жооп узаткан болду, бирок анын бири да эсинде калган жок.

Шумдуктун баары андан кийин башталды, бири биринен өткөн үрөй учурган тасмаларды четинен чубап көрсөтө башташты. Жардыруулардан ар кайсы мүчөсү үзүлгөн адамдардын денелери, араа менен кесилген адам баштары, ар жеринен үзүлгөн колдор, буттар... Мунун баарын бейтааныш үн коштоп, күнөөсүз адамдарды мындай тагдырга кириптер кылган, балдарды жетим калтырган, бүлөлөрдү карар багары жок калтырган кылмышкерлердин, бандиттердин аттарынан өйдө атап жатты. Телеэкрандагы чачты тик тургузган кадрлар болсо биринен сала бири улам кайталана берди, кайталана берди...

Акыры тасмалар аяктаганда Саша терең уйкуга кеткендей болду, тагыраак айтканда, бул уйку эмес эле, кандайдыр бир баардык нерсеге кайыл болгон абал эле. Жанагы бейтааныштын үнү кулагынан кетпей жаңыра берди...

 Курсант узак уйкудан ойгонгонсуп селт эте чочуп көзүн ачса, денесине туташкан жайнаган датчиктер жок экен, тынбай какшанган жанагы бейтааныш неме да көрүнбөйт. Болгону маңдайында даярдоочу борбордун начальниги гана койкоюп отуруптур.

- Кечиресиз, бул эмне деген шумдук болуп кетти? – Саша чекесинен чыбырчыктаган майда терин аарчына берип.

- Сиздеги психологиялык туруктуулукту калыптандырууга багытталган атайын курс, - жайдары жооп узатты начальник.

 Солониктин аң-сезими баягыдай эле тунук болсо да бирок анда кандайдыр бир өзгөрүү болгондой, эмне өзгөрүү экенин өзү да айталбай турду. Мээсине кандайдыр бир жат нерсе кирип кетип, эми аны чыгарып алууга такыр болбочудай.

 - Сиздин мындан аркы ишиңизде ар кандай күтүүсүз кырдаалдар болушу мүмкүн, - кебин улады начальник. – Ошондуктан сизди психикалык жактан бир аз тартипке келтирүү зарыл эле, программа ошондой. Эмне, өзүңүздү начар сезип турасызбы?

- Ооба, - деди Солоник.

- Эч нерсе эмес, сиз үйрөнүп жаткан нерсе бул да өзүнчө өнөр. Өнөр болсо курмандыкты талап кылат...

 Борбордун начальнигинин бул айтканы туура эле, бирок мунун да тескери жагы болчу, курмандыктар да өнөрдү талап кылышарын ал таназар албаса керек.

Адамдын жанын ар кандай ыкмалар менен: отко жагып, сууга чөктүрүп, майга күйгүзүп, бийик тамдан ыргытып, поюз астына ыргытып же атып, тирүүлөй көөмп же күкүрт кислотасына салып эритип жиберсе болот. 

Адамзат жаралгандан тартып өз тарыхында мунун не деген жолдорун тапты, таап да жатат. Жаналгычтарды (мындай ишти аткаргандар) ар кандай атап койсо болот: желдет, снайпер, азыркы модалуу тил мен айтканда – киллер десе болот, бирок мындан анын мааниси түк өзгөрбөйт.

Көп убакыт кордотуп окутуудан чыккан Саша Солоник дал ушундай адам болуп чыкты, кимдир бирөөнү жайлап бер дегенде эми ал колуман келбейт деген бир да иш калган жок. 

Бул анын борбордогу эң акыркы күнү эле. Казарма ээн калып, мында даярдалган «контингент» же тактап айтканда, мамлекеттик желдеттер алдын ала бөлүштүрүлгөн аймактарга тарап кетишти.  

 Ваннадагы күзгүдөн өзүн караса, баягы кургандык шок жигитче Сашанын дайны да калбаптыр. Күзгүдөн ага жапалдаш бойлуу, этинде кенедей артык майы жок катымал, бекем материалдан кынап куйгандай тулкулуу, көз карашы муздак неме тигиле карап турду... Чыныгы өлүм машинеси...

Эми кантер экен, каалоолору, ышкысы, кайгы-капасы бар тирүү адамдай жашай алабы же чоочундардын буйругун кыңк этпей аткарган жансыз машинеге айланабы?!

9- глава

—…колуңуз үстөлдүн үстүндө болсун. Менин сөздөрүмдү жазып алууга тыюу салынат. Ошондуктан кунт коюп угуп, эске тутуп гана калыңыз. Эмесе мындай: Ржавый ылакап аты, өзү Титенков Иван Иванович, элүү экинчи жылы туулган, Тюмендеги уюшкан кылмыштуу топтун анабашы. Эки жолу 218, 147-статьялар боюнча соттолгон, абакта жалпы жонунан алты жыл отуруп чыккан. Уурулук мыйзамдарын бекем карманат, криминалитет арасында кадыр-баркы жогору. Аймактык масштабдагы авторитет. Он беш, жыйырма адам такай карамагында. Ржавыйдын кишилери рекэт менен алектенишет, карыздарды өндүрүшөт, ишкерлерге «крышалык» кылышат. Нефти өндүргөн ишканаларды көзөмөлдөшөт. Жаран Титенковду кылмыш жообуна тартууга мүмкүн болбой жатат, анткени милициянын жана прокуратуранын көптөгөн таасирлүү кызмат адамдары анын «акырынан жем жешет», ага кандайдыр бир кылмышты илүү мүмкүн эмес.... 

Мунун баарын Саша Свердловскинин чок ортосундагы кгбшниктердин жашыруун батиринде кураторунан угуп отурду.

- Бош убактысын Титенков “Красный мак” ресторанында өткөрөт, - деп кебин улады куратор кофесинен ууртап коюп. – Бул тюмендик бандиттердин байырлаган жери, апта сайын ишембиде кечкисин ошол жерге чогулушат. Мына анын сүрөттөрү...

Саша аларды карап туруп жийиркенип чыкты, көзүн май баскан, богогу салаңдаган, текебер караган неме экен. Дагы бир сүрөттө эки жалапты кучактап түшүптүр, кебетелеринен ресторанда ар кимге көтүн саткан кадимки шуркуялар экени көрүнүп турду.

 Дагы бир сүрөткө жаңы сатып алынган ак «девяткасынын» капотуна кыңкая түшүптүр.

- Так, эми кезектегиси. Гаврилов Геннадий Евгьеевич, кылмыш ааламында Гаврила деген ат менен белгилүү. Элүү алтынчы жылы туулган, соттолгон эмес, алтургай милицияга да түшүп көргөн эмес. Бандиттик топтун лидери, айрымдардын айтымында, акыркы жылдарда башкарып болбос «отморозокко» айланган. Эч кандай авторитет дегенди тааныбайт. Кол астында жыйырма чакты мурдагы спортчулар бар, алар негизинен штангачылар, күрөшчү балбандар жана боксчулар.

Калашников автоматын кошкондо анын бригадасында жыйырмага жакын куралы бар. ИИМдин Тюмендеги башкармалыгынын, прокуратуранын коррупциялашкан төбөлдөрү менен тыгыз карым-катнашта. Көйрөңдүгү ченде жок, кооз жашаганды сүйгөн неме, бош маалын дайыма дачасында же казинодо өткөрөт. Ржавый менен көптөн бери таасир этчү аймактарды бөлүшө албай тирешип жүрөт, мунун акыры кан төгүлгөн согуш менен аяктары анык болуп калды.

Саша түшүндү, булардын кимиси өлсө да сөзсүз ага экинчиси күнөөкөр болуп чыга келет, жаатма жаат болуп кырылышып жатып калышат, бул болсо анын начальниктеринин оюндагыдай иш. Бандиттерди ким жантындым кылганы – ИИМби, КГБбы же алар бирин бири жайлап салабы, айырмасы кайсы? Башкысы - акыркы натыйжа эмеспи.

 - Жеке маалыматтарды дагы бир сыйра карап чыгыңыз, сүрөттөрдү, албетте, мен сизге бере албайм. Билишимче, сизде эсте тутуп калуу шыгыңыз абдан мыкты. Титенков мисалы, дайыма жанына эки-үч сакчысы менен жүрөт. Түшүнүктүүбү?

- Түшү-нүктүү, - созо жооп узатты Саша, эмитен алдыдагы ишти кандай бажарарын ойлоп. – Жок кылуунун ыкмасы кандай?

- Кырдаалга карап өзүңүз тандаңыз, - деди кгбышник өңү-башын жийиркене бырыштырып. – Максималдуу түрдө этияттык талап кылынат. Үч батирде жашайсыз. Бири негизги, калган экөө – запас варианттар. Бирдеме болуп калса дароо башкасына өтүп кетишиңиз керек. Эсиңизде болсун, сизди дайыма саксактап турушат жана туруктуу көзөмөлдө болосуз. Өзүңүз тууралуу уламышты билесиз, эгерде маалымат издеп башташса баары дал келет. Болуптур анда, ийгилик каалайм...

Кгбышник кеткенден жарым сааттан кийин анын столунда Тюменге чейин билет, көп суммадагы акча, батирлердин ачкычы жана Сашанын сүрөтү чапталган бирок жаран Максимовдун атына жазылган таптаза паспорт жатты.

- Кырдаалга карата дечи, - Саша тишин кычыратып эми эле кеткен кгбышникти эстеди. – Башкалардын колу менен чок шилегенди жакшы билишет.. Каз-зёлдор...

Тюмендеги «Красный мак» ресторанынын кадыр-мартабасы анчалык суктанарлык эмес эле. Бул жерде кеп ашпозчулардын жаман иштегенинде же тейлегендердин иши көңүл жылытпагандыгында эмес болчу. Тескерисинче, бул жерде баары ойдогудай, чүйгүн тамак-аштын түрү жасалчу, көзүңдүн ак-карасы менен айланган официанттардын сылыктыгын айтпа, гардеробщик болсо кирип келаткан коноктун алдын утурлай тосо чуркап, жампалаңдап кийимин ала коюп, алтургай, айрымдарына бүгүн ресторанда кандай сойкулар бар экенин, алар кымбаттуу конокту чыдамсыздык менен күтүп жатышканынан өйдө маалымат берип иер эле.

Ошого карабай жергиликтүү чен менен алганда акчалуу адамдар деле бул жерге айрыкча кечинде келгенден сестенише турган, анткени «Красный мак» жалаң бандиттер байырлаган опуртал жер эле.

Чынында, нефтичилер, геологдор гана чогула турган жайлар болсо, фарцовщиктер (алып сатарлар), эзели акчасы жок студенттер чогулуп отура турган жайлар болот экен да, анан бандиттер отурар жер болбой коймок беле... Кандай болгон күндө да бул деле кесип, мобуларга караганда алда канча оор болгону менен баары бир кесип да...

Күн ырайы бузулуп турган ошол кечте «Красный макта» киши аз эле. Жарым караңгы залда сыбызгыган музыка куюлуп, кардай апакай стол жапкычтар көзгө урунат, кыймылынан үн чыкпаган ак кийимчен официанттар баспай эле каалгып учуп калышкандай.

Саша чыга бериштеги терезенин жанында отурду. Анын «Красный макта» кимдир бирөөнү акыя күтүп отурганына бүгүн экинчи күн. Ээлеп алган орду да абдан сонун эле, жарым караңгылыктан ал башкаларга анча деле көрүнө бербейт, ал өзү болсо кирген адамдын баарын алаканга салгандай көрүп турат. Бирок кечээ күнү да, бүгүн да Ржавыйга окшогон бир да жанды жолуктура албады, жанагы куратор калкалайт деген адамдар деле көзгө урунган жок. Акырын басып официант келди маңдайына. Менюну барактамыш эткен Солоник минералдык суу, салат бифштекске буйрутма берди.

- Ичкенге эмне каалайсыз? – такып сурады официант.

- Айттым го боржоми деп.

Көрсө мунун түшүнүгүндө суусундук ичимдик эсебине кирбейт тура.

Ал ортодо музыканттар ойноп кирди, кимдир бирөөлөр «салкын жайдан жаңы эле бошонуп чыккан баланчага арнап» ыр буйрутма беришти, кыязы, анысы абактан жаңы эле чыкса керек.

Тамакты ичкен соң Солоник чалкалай отуруп кайра дагы залга тигилди, баягылар эле отурушат, жаңы келгендер да, чыккандар да болбоду.

Тар сахнада болсо электрогитара ойноп, кимдир бирөө боздоп атты:

«Салам жаным, Валям менин,
Менин мөөнөтүм абдан узак, мен уурумун...
Мени күткөн сыздак гана муздак көр болор...»

Күтүлбөгөн жерден Саша бирөө ийне сайып жибергендей боло түштү. Кимдир бирөө сени четтен абайлап, би

рок теше тиктеп турганын сезгениңде гана мына ушундай сезим пайда болот.

Дал ошол маалда кимдир бирөөнүн коркураган жоон үнү так кулак астынан заңк этти:

- Салам, братан...

Башын көтөрүп карады – маңдайында жашы жыйырма бештердеги чымыр денелүү, кулактары калдайган, кайыш курткачан, кыска чач, жону кызыл чийими бар спорт шымчан неме турган экен. Кыскасы, кадимки эле жергиликтүү бригадада жүргөн «букалардын» бири экени көрүнүп турду.

- Салам, - амандашты Солоник тигини отур дегенсип ишара кылып.

- Мен сени эки күндөн бери байкап атам, - деди тиги.

- Анан эмнени байкадың?

- Эч нерсе деле... Сен кызыктай мужик экенсиң. Жалгыз отурасың, арак ичпейсиң, жалаптарды да карабайсың... Командировкага деле келгендей түрүң жок. Сага бирдеме керек окшойт да, бул жерге минералка ичкенге келбесең керек?

- Балким, суу ичкени келгендирмин, эмне экен?

- Сүйлөчү мындай, - чап кенедей жабышты «бука».- Сен деги бул кандай жер экенин билесиңби?

- Билем, бул жерде тюмендик братва чогулат.

- Өзүң кайдан келген немесиң?

- Кургандан уккам, ошояктан келдим.

- Сен кимсиң, бизнесменсиңби же пацансыңбы?

- Сага эмне, адамдар бизнесмен анан пацан болуп экиге эле бөлүнөбү?

«Буканын» куйкасы куруша түштү, мурдун шуу тартып алды да өктөм сүйлөдү:

- Сен эми, кана, адегенде үстөл үстүн жайнат, сага бул жерде эмне керек экенин анан сүйлөшө жатабыз...

Саша официантты чакырды да жанынан таңгак акча алып чыкты. Анан жаңы кошунасына айтты:

- Кана, каалаганыңды буйрутма кыла бер.

Үстөлгө коньяк, жер-жемиштин түрү келгенде «буканын» маңдайы ачыла түштү. Баягыдай корстон болбой, сый менен сүйлөп калды. Саша болсо кепти ар кайсыл жакка чаргытып, бул жерге эмне үчүн келгенин ачыкка чыгарганга шашылбады. Тиги болсо өмүрү тамак жеп көрбөгөндөй, ар кайсыдан апылдата сугунуп, чалпылдата тамак жеп кирди, анан табакты түгөтүп кашыгын жалаган болду да армян коньягынан шоркурата ууртап кирди.

Тамакты жеп бүтүп кырт кекирди да кепти улады:

- Эми айта бер, деги мында эмне келдиң?

Саша кепти алыстан баштады, чыныгы атын атап, мурдагы мент экенин да жашырган жок. Подстава кылышканын, сот залынан качып чыкканын, кайра кармалып Пермдеги зонага отурганын саймедиреди.

- Анан сени кантип тапташкан жок? – чын дилинен таң кала сурады берки.

- Аракет кылып көрүштү, бирок колдорунан келген жок. Ал жакта Корзубый смотрящий экен, мени жайлай алышпагандан кийин аны ордунан алып салышты. Сен сураштырып көр, ал жакта кандай чуулган болгонун, анан өзүң угасың баарын, - кеңеш берди Солоник.

- Сураштырам, - деди аңгемелеши.

Саша өзүнүкүн урдура берди. Качып кургандык братваларга кошулганын, алар анын мурдакы мент экенине карабай абалын түшүнүп, кошуп алышканын айтты. Сөздүн ток этер жери, Сашаны мына ошол кургандыктар бул жакка өкүл кылып жиберишкен, жергиликтүү братва макул болсо ишти чогуу кылышарын, аның үчүн Саша Солоник менен кимдир бирөөлөр жолугушуп сүйлөшсө жакшы болорун айтты.

- Мен кадыр-барктуу адамдар менен гана базарить этем, - деп эскертип да койду.

- Андай адамдардын кимдир бирөөсүн дегеле уктуң беле? – сынай сурады тиги.

- Бул жерде Ваня Титенков деген бар экенин билем. Каймана аты Ржавый. Эгерде айта алсаң ошого айт. Гаврила туурасында да уктум эле, бирок анын иштерин билбейт экенмин.

- Макул, - тюмендик столдон козголду. Саша караса сопсоо экен. – Анда эртең кечинде мына ушул жерден кезигишебиз.

Ржавыйдын берген жообу супсунун суутту: менин иштерим ойдогудай, Кургандан эмес, машаяк болуп кетсе да сүйлөшөр сөзүм жок, анүстүнө мурдагы ментти көрөйүн деген да көзүм жок деп жооп бериптир.

Мунун баарын Сашага жанагы «бука» төкпөй-чачпай жеткирип келди.

- Ал мага дагы буларды айтып кой деди: Тюменде кургандыктардын кереги жок, бул жерде өзүбүздүн балдар толуп жатат. Иш кылгылары келсе өзүлөрү кыла беришсин, биздин ага тиешебиз жок деди. Гаврилага барчу болбо, аны менен өзүбүздүн иштер бар, анда сенин жумушуң болбосун деди. Анда эмесе кана, ментяра, бутка чалышпай келген жагыңа аман-сооңдо кетип кал. Анчалык эле Ржавыйга стрелка ыргыткың келсе, анда сага жакшылап туруп өзү ыргытып коёт, мына ошондон кийин сен түбөлүк мында калып каласың...  

Саша мунун баарын жай-баракат укту, шашылбай официантка акчасын төлөп, жокко сот да жок деп ийнин куушуруп, лам дебей сыртка чыга жөнөдү.

Кеч кирди. Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү шамдар күйдү, кабаттуу үйлөрдүн терезелери көгүлжүм нурга бөлөндү: жумуштан келген тюмендик калк жапырт телевизор кашына отурганы эле бул.

Ак түстүү «девятка» эскилиги жеткен «Москвичтин» алдын торой кесип өтүп, эски кирпич там жакка бурулуп кетти. Бурчта турган сержант каш кагып карап да койгон жок, кыязы, жол кыймылын каратып туруп орой бузган машине кимге таандык экенин ал жакшы билет көрүнөт. Ач кулактан тынч кулак артык эмеспи.

Айдоочунун жанында жапалдаш бойлуу, чоң ээк, мурду барбайган чымыр эркек киши отурду. Манжаларында жыш татуировка чегилген, теше тиктеген көздөрү кимдин болбосун жүрөгүн опкоолжуткан бул неме тюмендик авторитет. Бул чөлкөмдө Ржавый деген ылакап аты менен даңкы чыккан Иван Иванович Титенковдун өзү эле.

Рулду кармаган айдоочусу да жөн эр эмес, жан сакчынын да милдетин кошо аткарган пил билектүү, далдайган чары далылуу бул неме шефи үчүн өлүп бергенге даяр.

- Келдик, Ржавый, - деди айдоочу-жансакчы дүрүлдөгөн моторду өчүрүп.

- Ооба, - деди машиненин ээси, бирок машинеден сыртка чыккысы келбегендей ойлонуп отуруп калды.

- Түшпөйсүңбү?

- Текелердин мээсинин шыйпыры таптакыр чачылып калган экен, - сөгүндү кимгедир. – Кайдан-жайдан бир неме келиптир бул жакка. Кезигишкиси келет экен мени менен. Кургандык братва чогуу иш жасайлык дептир имиш, ошого жиберишкен экен муну.

- Эмне болгон неме экен анан? - бандиттин үнүндө кызыгуу бар эле.

- Ким болмок эле, жүргөн бир жылаңач козёл, чириген «фрайер». Анүстүнө мурдагы мент да экен. Сураштырсам, анын айынан Пермдеги сходняк Корзубыйды смотрящийден алып салыптыр. Анан бул мусур качып чыгып эми тайраңдап ээн жүргөн чагы экен.

- Түшүнгөн жокмун, биздин ага кандай керегибиз бар экен?- айдоочу жакасы өйкөп аткансып кыска мойнун ары-бери айландыра.

- Айтпадымбы, биз менен иш кылгылары келет экен. Бүгүн Москвадагылар менен сүйлөштүм. Балким ошол жактагы пахандардан кимдир бирөө бизди сынагысы келип атабы, билейин дегем.

- Анан Москва эмне экен?

- Эмне экен, эмне экен, уят болдум мен. Ал жактагылар мындай иттике барбайбыз дешти, угушкан да эмес экен. Мунун оюнда эмне экенин ит билеби. А балким менттердин атайын кылып атканы чыгар. Мында бир кыйтыр мандем бар, биздин чатырдын астына кирип алсам деген ою бар болуп чыгышы да ыктымал... Түшүнүп атасыңбы, Кубик?

- Ооба, - баш ийкеди берки, шефинин ойлорунун мынчалык тереңдигине жакшы мээси жете бербесе да.

- Мындай кыл, - Титенков эшикти ачып жатып. – Мен үйгө кеттим, сен жанагы Никитага чаап жет, кечээ жанагы неме менен сүйлөшкөн ошол. Шаардан жоголсун деп айт. Силер да карагыла, чыгып кеткендей болсун.

Титенков жашаган үй шаардын чок ортосундагы кадырлуу райондо эле, ошондой болсо да акыр-чикирге толуп турганы турган. Подъезддерге кирип болбойт, качан караба анын терезелеринде гитара кыңгыратып же беттерин сепкил баскан кызчалардын тияк-биягынан кармалап отурган саксагай жаш балдарды көрөсүң. Араккечтердин да сүйгөн жайы ушул жер, дайыма кирип жүздөшүп турганга маш. Өкүртө согуп алгандары болсо түз эле кулап түшүп уктай да беришет.

Мына ошондойлордун бири жаткан экен азыр да. Сасыгын карачы, киши чыдагыс, жылдыр-жулдур кийиминин чөнтөгүнөн барматуханын башы сороёт. Жүргөн бир бомуж да.

Авторитет өңү башын жыйрып алды да жалтыраган батинкесинин тумшугу менен жансыз жаткан денени түрткүлөдү.

- Шайтан алгыр, тур, бул жерден жогол!

Тиги эптеп өйдө болду да булдураган тили менен:

- Мужик, кечиресиң, мен жөн эле эс алып жатам, - дегенге араң жарап, бут алдына кайра кулап түштү. – Кичине уктап алайын анан үйгө кетем.

Ржавыйдын суру бузула түштү, мындай тон менен ага эч ким сүйлөчү эмес.

- Эй, азыр жоголбосоң өзүңөн көр, - деди өзүн араң токтоткон авторитет.

Аракеч күтпөгөн жерден жооп айтып калды:

- Өзүң жогол... Сен эмне, мага акыл айткыдай ментсиңби?

Өлө мас деген неме күтүүсүздөн шак өйдө тура калды. Татуировкачан авторитет буга түшүнүп түшүнбөй, бирок кымбат костюмга кир колу тийбесин дегенчелик кылып өзүн четке ала берди.

Экөөнүн көздөрү ошол жерден чагыла түштү, Титенков жанатан бери мас деп аткан бул кичинекей бомуж сопсоо эле, кадала тиктеген көзү Титенковду тешип кеткендей болду. Анын акыркы көргөнү бул болду, күүгүмдөнгөн караңгылыкта тиги жанынан узун бирдеме сууруп чыккансыды, анан эле балдардын шариги жарылгандай тырс деген добуш чыгып, кандайдыр бир эбегейсиз зор күч Ржавыйды дубалга чаба ыргытты: апакай көйнөгү кыпкызыл канга боёлуп, анын тагы улам барган сайын жайылып чоңоё берди, авторитет болсо кудум эле кинодогудай тепкичтин кырына жай каалгып барып отуруп калды да, капталына кулады.

Өз үйүнүн эшигине жетпей өмүрү менен кош айтышкан авторитет араккеч деген алиги неме үстүнөн эски кийимин чечип ыргытканын, анан жакындап келип анын мойнундагы күрөө тамырына бармагын баса текшергенин көргөнгө үлгүргөн жок. Жаналгыч болсо тапанчасын картондон колго жасап алган үн баскычы менен кошо анын үстүнө ыргытты да эки жакка көз чаптырып алган соң жайбаракат эшикти жаап чыгып кетти.

Сыртка чыгып он беш метрдей баскан соң киллер аны непадам бирдеме болсо калкалап кала турган дублерлорду издеген болуп эки жакты айланта карады, бирок көчө ээн эле.

Саатын караса бул иш, күткөнүн кошпогондо, болгону бир жарым гана мүнөттө бүткөн экен.

Бекер эле чочулап жүргөн экен, баары ойдогудай жана жөпжөнөкөй болду. Эч кандай сарсанаа, толкундануу деген болгон жок. Саша жылмайып койду, бирок бул жылмаюу азезил азуусун арсайткандай денени дүркүрөткөн жылмаюу эле.

Ржавый аркы дүйнөгө аттанып кеткенин уккан күн анын сөөк өчтү душманы Гена Гаврилов үчүн чексиз кубанычтын жана шаттыктын күнү болду белем.

Кымбат баалуу спорттук адидас кастюмга оролгон жүз жыйырма килограммдык сулп эт Гаврила шаардагы жалгыз казинонун төрүндө отурду. Демейде мындай мекемелерге спорт костюмчан киргенге болбойт, бирок сен авторитет болсоң, элдин баары сени алыстан таанып сыйлап турса, керек болсо, турсийчен деле кире берсең болот да. Кыкыйта галстук байлап кымбат баалуу костюм кийип, жанагы бизнесмен сөрөйлөр келе берсин мында. Нормалдуу адам деген өлүп баратса мындай кийим менен жүрбөйт. Капталында калың лампастары бар спорттук кастюм азыр бул өзүнчө эле визиттик карточка, ал канчалык кымбат болсо, ээсинин мартабасынан ошончолук кабар берип турат.

Гаврила ойнобой эле ичип отурду, ичип атканда ал эч качан ойночу эмес, анткени рулетка менен карта мас колдорду жактырбайт, ошондуктан авторитет кызуу болуп ойноп, уттуруп коюп тегерегинделерге келеке болбоюн дегени эле.

 Кубана турган жөнү бар: анткени Ржавыйдын өлүмүнөн кийин ал бүткүл Тюмендин бирден бир кожоюну болуп калмакчы. Ржавыйдын балдары «крышалаган» болгон фирманын баары эми анын колуна өтөт, акча суудай агат. Бирок адегенде мунун жолун ачып алышы керек, антпесе ансыз деле кожоюнунун өлүмүн тигилер Гавриладан көрөрү бышык. Балким, алар кан төгүүгө даярданып жатышкандыр, анткени авторитеттин өлүмү үчүн кимдир бирөөлөр жазага тартылышы керек да...

Мейли, даярдана беришсин, аларга каршы турганга Гаврилада акча да, жоокер күчү, курал-жарак да жетишерлик, менттер менен прокуратура болсо колдо. Албетте, Титенковду ким «кулатканы» Гавриланын өзүнө да белгисиз. Мүмкүн өз балдарынын ичинен эле бирөөдүр, не дегенде экинчи «ходкага» барганда Ржавый олуттуу, көп «касяктарга» жол бергени анык эле. А балким уралдык балдардын колунан келген иштир, алар деле тиш кайрап жүрүшкөнү белгилүү эле. Анүстүнө чылк нефти менен газдын үстүндө отурган адамга ким суктанбасын да, ким көзүн тазалоого кызыкпасын...

Кандай болгон күндө да мунун эми мааниси жок, өлөр Ржавый өлдү...

Мына ушундай оор ойлордун кучагында отурган Гаврилага жыйрма бештердеги сулуу кыз жакын басып келди, бул ургаачы ушул жердеги казинонун крупьеси. Кандай буйрук болот, казино ойнойсуңбу дегендей суроолуу көз карашы менен ызаат көрсөтө туруп калды кыз.  

- «Блэк Джэкке» кой! - барк этти Гаврила кызды башынан бутуна чейин көзү менен чечиндире карап.

Кыз жалгыз оюнчунун маңдайына тура калып атлас карталарын жайды.

Таң калыштуусу, Гавриланын багы бар экен, шак эле жолу ачылды, оюнчунун ставкасынын маңдайындагы чарчыга үч жетилик түгөлү менен түшүп калса болобу. Крупье кыз ошол замат жарыя кылды:

- Блэк Джек!

Так ушул учурда кире бериш эшиктин шамгалат караңгылыгынан жапалдаш бойлуу бирөө чыга келди, алактап эки жагын карап алыптыр, кимдир бирөөнү издеп жүргөн неме го. Издегенин тапты шекилди, ал отурган столго жакындап баратып, койнунан узунураак оролгон бирдемени сууруп чыкты...

Бири артынан бири чыгарылган үч ок азыр эле оңбогондой акчага маарыган жолдуу оюнчунун так башына кадалды, бир нече көз ирмемден соң Гавриланын жансыз денеси эми эле өзү чалкалап отурган жашыл алжапкычтуу үстөлдүн астына кулап жатып калды...

Бул иш көз илешпегенчелик ирмемде болду дейсиң, ал жердеги топураган калк кимдин атканын билбей да, түшүнбөй да калды. Кымгуут өткүчө аткан неме дайынсыз из суутуп кеткенге үлгүрдү. Болгону килемдин үстүндө оозунан дагы эле билинер-билинбес түтүн чыгып аткан, колго жасалган үн жапкычы бар «ТТ» тапанчасы жатты.

Кармай салган таксиде келатып, Саша азыр эле болгон иштин чоо жайын дагы бир жолу саресебинен өткөрүп келатты. Экинчи жолку акция ага биринчисинен көрө көбүрөк жакты. Ал ишти эч бир тайманбай, бетпактык менен заматта бажарганына маашырланып, өзүнө өзү ыраазы болуп баратты. Эч ким кармаганга да аракет кылбады, артынан куугун да түшкөн жок, таламандын тал тушунда авторитетти ит аткандай атып кулатты да, шашпай жайбаракат чыгып кете берди.

Коркуу сезими деген ныпым болбоду, тирге кирип мылтык аткандай келди да, бутаны көрүп тапанчаны суна берди, болгону ошол.

Мындан ары кайсы бир Гаврила, Ржавый деген акчасына чиренген авторитеттер, пахандар, уурулар жашоого кожоюндук кылып, өз өкүмүн жүргүзө албайт, анткени алардын тагдыры эми бир адамдын колуна байланган, анын ысмы – Александр Солоник.

Кокусунан оюна жанагы москвалык начальниктин «Александр Сергеевич, башкалардын сизден коркуп турганы жагабы?» деп суроо салганы эсине түштү.

- Билип айткан экен, - деп шыбырап алды киллер. Башкалардын тагдырына толугу менен кожоюндук кылуудан артык бийлик бул жарыкта жоктур...

10-глава

Кгбышник куратор кол алдындагы адамдын ишине абдан ыраазы эле. Мунусу Солониктин айткандарын кунт коюп угуп отуруп, ыраазы боло жылмайганынан көрүнүп турду. 

- Так мына ушул жерден кененирек айтып берсеңиз, Титенков менен Гавриловдун сары изине кантип түштүңүз?

Саша жооп бергенге ашыкпады, шашпай терезеге басып келди да парданы ачып, ылдый карап койду. Керек болсо күтө турат деди ичинен. Анткени кудуреттүү сезилген бул адамды өз эркине багындырганга каалоосу бар эле, ансыз да ал Сашаны тизелетип, анын калган өмүрүн бүт баш ийдирип, сценарий жазгандай жазып койбодубу, эми бир аз күтүп тургандан өлүп кетпес.

 - Сизди угуп жатам Александр Сергеевич, - эстетти куратор дагы бир жолу.

- Баары жөпжөнөкөй эле болду, - ага бурула жооп берди Саша. – Адегенде Ржавыйдын Никита аттуу баласы менен сүйлөштүм. Мага Тюменден аман-сооңдо чыгып кет дешти. Артыман аңдышабы дегем, вокзалга барып Курганга билет алдым да биринчи эле станциядан түшүп кеттим, байкасам артыман аңдыган киши жок экен...

- Анан, - деди куратор кызыга.

- Станциядан кайра Тюменге кайтып бардым да Космонавттар көчөсүндөгү запастык батириме көчүп өттүм. Эртеси Титенковдун артынан түшүп, качан, ким менен кайда барарын толугу менен аныктап алдым. Аны жансакчысы Кубик дегени тартып жүрөт экен, машинеден түшүрүп коюп эле кайра кетет экен, эч убакта Ржавыйды батиринин эшигине чейин узатып барбасын билдим. Калганын сиз жакшы билесиз.

Башка суроом жок дегендей баш ийкеди да:

- А Гавриловдун эсебин кантип таптыңыз?- деп кызыга сурады.

Саша аны карап муну түшүндү: аны кечеки опурталдуу иште чын эле калкалашканбы жокпу, азыр билсе болот. Аңгеме айтып жатып бир жерден атайын кенедей так эместикти кошуп айтат, ошондо тигинин реакциясына карап эле баарын билип койсо болот...

- Гавриловго келсек, - деп улантты бир аз тыныгуудан кийин Солоник. – бул жерде да баары эсептелген. Тюмендеги криминалдык карым-катышты мен деле жакшы билчүмүн. Титенков менен Гавриланын мамилесинин суук экенин өзүңүз деле айтпадыңыз беле. Шек жок, Ржавыйдын өлүмү анын бирден бир каршылашкан касы Гаврила колдуу болду катары кабыл алынды. Жетим калган Титенковдун балдары андан өч алууга милдеттүү болчу. Анткени алардын паханын элди каратып туруп көзүн тазалап атышса мындан өткөн кордук барбы аларга? Ошондуктан куула турган кун да эл көзүнчө болушу шарт эле.  «Беспределщиктин» өлүмү андай болбосо анда өч алуунун деги кандай мааниси бар?

Гаврила шаардагы жападан жалгыз «Корона» казиносунда эс алганды жакшы көрчү экен. Казинонун схемасы менде бар болчу. Ишти аткаруу анчалык татаал болгон жок, кирдим, көрдүм, анан...- киллер ушул жерден сөөмөйүн алдыга суна ишара кылып калды. Анан кураторго карады да абайлагандай акырын кошуп койду:

- Гаврила мени көргөн да жок, өлөрүнүн алдынан ал кайсы бир кыз менен сүйлөшүп турган.

- Баары туптуура, - көңүлү жай коштоду куратор кгыбшник анын аңгемесин угуп болуп. – Чынында сиз Александр Сергеевич, өлөрүнүн алдынан Геннадий Евгеньевич (эмнегедир кримавторитетти ушинтип атады куратор) эмне менен алектенгенин бир аз байкабай калыпсыз, башына үч ок жээр алдынан ал карта ойноп аткан. Жолдуулугун айтпайсызбы, Гавриловго Блэк Джек үч жетилик ачылып бербедиби...

Куратор кол алдындагы бул кишиге жылмая карап турду. Мунусу: сенин эмнеликтен бир жерден так эмес айтканыңды мен жакшы билип турам, же мени айттыргың келип турабы дегени эле. Жакшы, мен сага бир эки ашыкча мүнөт коротсом коротормун, андан бир жерим кемип калбайт. Анүстүнө мамлекет мага бул иш үчүн акча төлөп атпайбы. Бирок сени бизди текшербе, анын кереги жок... Мына ушундай ойлор сыдырылды куратордун башынан.

Ооба, Алматыдагы жанагы лагерде ага калп айтышпаптыр. Чын эле аны калкалап, көрсөтпөй башкарып турушкан экен. Бирдеме болуп жолу болбой калса аны сактап калышмак тура...

- Эмне дейли, алгачкы сыноодон сиз мыкты деген баа менен өттүңүз, - жыйынтыктады куратор тамекисин күл түшүргүчкө баса өчүрүп. – Эми башка иштер туурасында сүйлөшөлү. Эс алгандай болдуңуз окшойт, эми сизди башка жакка жөнөтүү керек деп ойлойм.    

 - Кайда?

- Москвага, - деген жооп айтылды. – Эми мени жакшылап угуп туруңуз...

Эртеси эле Солоник поездге отуруп жол тартып чыкты.

Терезени телмире тиктеп отуруп санаасы санга бөлүнөт. Тетиги сырттагы чексиз орус мейкиндиктеринде таптакыр башкача жашоо кайнап атканы, андай жашоодон Сашанын кеткени качан, эми ага кайрылып да бара албас... Ал жакта турмуштун казаны кайнап, адамдар сүйүшүп, кубанып, капаланып, жакындарына кабатыр болуп жатышкандыр...

Алардыкындай жашоо эми анда болбойт.

Сүйө турган кими бар? Күн сайын бир түнөгөнгө алып кетчү баланын жалаягын алмаштыргандай улам бирине секирген жалаптарды сүйөбү... Кубанары, кайгырары эмне... Таянары, эш тутары ким...

Ал эми бул кең ааламдар жападан жалгыз, ал – мамлекеттин кызматындагы айдактаган жагына барбаска аргасы жок ит, жашыруун, бетпак кызмат аткарган бир шордуу...

КГБнын чеберлери анын баш сөөгүн ачып мээсин алып чыгып, анын ордуна кыйтыр бир механизмди орнотуп салышкан. Мээси менен Саша жан дүйнөсүнөн да ажырады, акыркы кездерде кайда барбасын, эмне кылбасын, көөдөнүндө каңгыраган боштукту дайыма сезчү болду.

Минтип ойлонуп келатканда поезд чаканыраак бекетке токтоп туруп калды да, купеге бою бастек бейтаныш жолоочу кирип келди. Үстүндө кымбат, бирок табити жок тандалган кийими бар, корулдап сүйлөгөнү ишенимдүү, отуруп турганынан жасалма мартабалуулук байкалып турат. Кербезденген кебетесине караганда майдараак бир ишкер өңдөнөт. Болгон иши Москвага кетип баратат, ал жактагы чоң базардан жарыбаган бирдемелерди алат да анан апкелип райборбордогу дүкөнүнөн сатат чыгар, башка кылган иши эмне, ошол эле да.

Жолоочу андан бирдемелерди сурагандай болду, Саша жүүнү бош жооп берип, аны менен сүйлөшкөнгө куштар эместигин көрсөттү. Бирок ошол эле убакта аны кунт коюу менен тиктеди. 

Карачудай деле көркү жок экен, мойну жоон, шымынын илгичинен бир азы салаңдап турган курсагы бар, таз башында калган сейрек чачын аспеттеп тарап алыптыр, курагы кырктардын чамасында го кыязы, кышылдап-бышылдап алганына караганда саламаттыгы деле анча эместей.

Кызык, мына ушу кишини атып өлтүргөнгө буйрутма алса кандай болор эле?

Титенковдой кылып подъездден атып салар беле?

Же ваннага чөктүрөр беле?

Ээн жерден оор машине менен тебелеп кетеби?

Сашанын көздөрүндө кадимки жырткычтай кызыгуу пайда болду. Жок, муну ок коротуп атып олтурганга арзыбайт, тапанча менен атуу болсо чымынды гранатамёт менен аткандай эле кеп...

Мындай немени табыгий өлүмү менен өлдү дегенге эле жеткире салыш оңой болор эле. Мисалы, жүрөгү кармап же катуу инсульт болсо жарашмак. Же кадимки эле көчө мушташында хулигандардын колунан мерт кеткени оң эмеспи.

Саша ага ушунчалык кунт коё карап калган экен, андан тиги да чочуп кетти:

- Сен эмне...- коркконун жашыра кобурады жолшерик.

- Жөн эле, - деген жооп узатты анын кайсы жерине сокку урса ошол замат тынчырын да көз жаздымда калтырбаган киллер.

Терезенин сыртында түн коюуланып, узатуучу аял вагонго чай таратып өттү, көп өтпөй вагондогу жарык өчтү да шыптагы алсыз жарыгы үлдүрөгөн күңүрт чырак гана калды.

Эчак жатып алган Саша гезит окумуш этти, бирок тамгаларды гана көргөнү болбосо анда эмне жазылганына маани берген жок. Акыры гезитти ары таштады да оор күрсүндү. Мындан ары адамдар ага адамдардай болбой калганын түшүндү, алардын ар биринен келечектеги курмандыкты көрүп, аны кантип жантындым кылуунун жолдорун гана ойлоп калат деген эмне шумдук...     

Солоник Москвада мурда болгон, бирок тийип-качып эки үч күндөн ашык жүргөн эмес.

Бирок борборго кыска мөөнөткө келген башкача да, мында узакка калам деген ой жашаган таптакыр башка эмеспи.

Борборуң курусун, бир караганга үрөй учурган түштөй көрүндү: кыжылдаган элдин тынымсыз агымы, баары кайдадыр шашканы шашкан, бири бирине карышкырдай заар караган, түртмөлөшкөн эле адамдар. Албетте, Курган менен Тюменде деле адамдар ушундай дечи, бирок ал жакта сөгүнсө да жаман көргөндөн эмес, адатка айланып калган үчүн бирин бири аягандай аярлап сөгүнүшөт.

Мындай айырмачылык көзгө оркоюп көрүнүп туру, Кутузовдогу, Твердеги, Ленин, Жаңы Арбаттагы жылтыраган кымбат баа машинелерден көз тайгылат. Көчөнүн четинен болсо шелпилдеген, эптеп жан баккан карапайым салык төлөөчү калк агылат, бул шордууларда «мерс» минмек тургай, жадагалса метрого түшкөнгө да тыйыны барбы да, жокпу... 

Москвада болсо акча деген саман. Солоник кийин түшүнгөндөй, борбордун бардык жаманчылыгы мына ошондон тура.

Жолу болбой калган гыкычыпы жапайы капитализмге кенен жол ачып бергенден соң Москвада доллар миллионерлер дегениң жаандан кийинки козу карындай жайнап чыкты го. Банктардан, трастык компаниялардан, брокерлик кеңсе, чет элдик өкүлчүлүк, биргелешкен ишкана дегендерден баш айланат. Мында кара таман калктын түшүнө да кирбеген, өлкөнүн бардык аймактарынан - приморьелик балыкчылардан, Воркутанын шахталарынан, Урал менен Норильскинин металлургдарынан, Батыш Сибирдин газчылары менен нефтичилеринен келип турган шумдук акчалар айланат болушу керек... 

Мында мыйзам деген кайдан иштесин, баштапкы капитал чогултуу менен алек заманда кайсы мыйзам туурасында кеп болушу мүмкүн?

Саша алдын ала даярдалып коюлган батирге кирип жайгашкан күндүн эртеси эле ага шаарды көрсөтүштү. Таң калыштуусу, аны менен жанагы кебетеси серт кгыбшник Москвага кошо келиптир. Эгерде киллерди Айга жиберишсе аны да артынан ошол жакка кетиришмек окшойт.

 Адегенде Сашаны ар кайсыл көчөлөр менен тааныштырып алып жүрүштү: мына бул бензин куйчу жерди «долгоптун», башкача айтканда Долгопрудненскинин балдары кармашат, метронун жанындагы чакан базар болсо люберецкиликтердики, мына бул казинону болсо мазуткиндиктер «чичиктерден», чечендерден тартып алышкан. Тетиги жаркырап көрүнгөн Лужники, ири базары да жанында, бул солнцевскилер эзелтен байырлап ээлеп алган жер.

Андан кийин теориялык «сабак» башталды. Куратор кримтөбөлдөр туурасындагы менттердин иштерин түшүндүрмөсү менен окуп жатты: кимдин ким менен кандай мамилеси бар, дымагы кандай, табити, кызыгуулары, чеккен тамекисине, жакшы көргөн арагынын маркасына чейин тактыктап баяндап өттү. Тартып алынган оперативдик тасмалар айландырылып, сүрөттөр көрсөтүлдү. Айрым көңүл сатып алынган менттер жана прокурордук чиндегилер менен салт болуп калган байланышка бурулду, токсонунчу жылдардын башында Москвада алардын дээрлик бардыгы сатылып алынган болчу.   

Куратор болгонун болгондой айтып жатты: Башкы прокуратуранын өзгөчө иштер боюнча мына бул тергөөчүсү баумандык кылмыштуу топко сатылган, мына бул СИЗОдо жооптуу иштеген кызматкер подольскилик бандиттердин колунан жем жегенине эки жылдай болуп калды. А мобереки болсо... ооба, ооба, сен да билет экенсиң, апта сайын телевизордон түшпөй бакылдап келатпайбы! – айлык маянасын ореховскилик бандиттердин колунан алган неме.

 Уккан сайын көңүлү чөгүп баратты Солониктин. Борбор дегениң жалаң көмүскө структураларга, «крышаларга», «бригадаларга», «общактарга» айланып калган тура. Мунун баарынын как төбөсүндө мыйзамдагы уурулар – россиялык криминалитеттин каймактары, элитасы өкүмүн жүргүзөт экен. Баса, алардын арасы да тынч эмес дейт ушу тапта, эски, непмандык же босяктык муундан чыккан мыйзам уурулары коронациясын акчага сатып алышып, кийинкиле чыга калган «апельсиндерди» көрөргө көзү жок имиш. Түбү непмандардан же босяктардан тараган славяндар кавказдыктарды кысканга аракет кылышат дейт. Токсонунчу жылдардын башында Бутырка абагында отурган грузин мыйзам ууруларынын саны бүткүл Тибилисидегиден да ашып түшүптүр. 

Бизнесмендер кайтарымсыз кредиттер жана жасалма финансылык документтер менен банкирлерди уйдан бетер саап атышкан экен, банкирлер болсо карап турбай алар да жолу менен бири бирин жайлап атышса, МММ сыяктуу жалган пирамидалар катардагы кара тамандардын акчасын каратып туруп согуп атышыптыр. Баса, булардын баарын тегиз шылыган бандиттер болсо кудайын тааныбай кеткен ошол МММ кожоюну Сергей Мавроди дегенге гана тие албайт имиш, анткени аны калкалаган «конторанын» өзү дешти.   

 Ооба, салттуу «бригадалардан» тышкары Москвада дагы бир күч пайда болду: жаңы экономикалык саясаттын арааны жүргөн заманда тышкы жазуусун ФСБга алмаштырган КГБ криминалитетке оппонент гана болбой, атаандаш да болуп чыга келди.

Москвадагы бир жарым миңдей банктардын чейреги «контораны» калкалагыч катары пайдаланып атканда, калганына не дейсиң.

Борбордо эч кимге багынбаган, эмне кыларын алдын ала билип болбогон дагы бир күч – чечендер бар эле, аларды «чехтер» деп да атап коюшат, карамүртөздүгү, ырайымсыздыгы менен таанылган мына ушулар эле. Авторитет дегенди булар уруп да ойночу эмес, аларга албетте, тейпанын аксакалдарынан башкасын айтпаганда, авторитет деген жок болчу.

Мунун баары отузунчу жылдардын башындагы Чикагону элестетип турду. Жапайы капитализмдин үңкүр мыйзамдарына баш ийген, сатылгандын баары акча менен ченелип чечилген, бапыраган, дуулдаган ири бай калаада, иши кылса, алаамат жашоо өкүм сүрүп турду. Эбегейсиз акча чогулган, анан да ал акчалардын басымдуу бөлүгү криминалдык структураларда айлангандыктан опурталы артыкча кырдаал ар кандай учурда тарс жарылып кетиши турган кеп болчу...

- Александр Сергеевич, мүмкүн сизге бул жердеги кырдаал абдан чаташкандай сезилип жаткандыр? – деп суроо узатты куратор таанышуу курсун аяктагандан соң.

Солоник ийнин куушуруп, чекесин тырыштырды...

- Билбейм... Маалымат абдан көп экен, тимеле баш айланат.

Кгыбшник жылмайып койду.

- Коркунучтуу эчтеке жок мында. Бул жерде баардыгы бири бирин жек көрүшөт. Бир авторитет өлчү болсо анын ордун ону ээлегенге жүткүнүп турушат. Демек ар кандай өлүмдү атаандаштарга арта салса болот. Тюменде деле Ржавый менен Гаврила ушундай болбоду беле. Менин оюмду түшүнүп жаткандырсыз?

Аны айтпаса деле Солоник эң сонун түшүнүп турду, анткени мындай акчалар айланган шаарда кантип кан төгүү болбосун...

11-глава

Саша килейген эки кишилик диванда жалгыз жатты, жанындагы экинчи жаздык менен жуурканга караганда азыр эле бул жерден аял туруп кеткендей. Чынында ошондой болчу.

Саша кечээ кечинде буту узун сары чач тотуну кайырмакка илген, кыязы фотомоделмин же манекеншицамын деди окшойт өзү. Алка-шалка кара тер төгүлгөн түн болду экөөнө. Уйку көрбөгөн Саша эми бир гана нерсени – кана уктап алууну каалап турду. Бирок будильниктин шыңгыраганы уктаткан жок, анүстүнө бүгүн аткара турган да иштери көп. Шак тура калып төшөгүн жыйнады да ваннага кирейин десе ал жактан суунун шаркыраганы угулду.

- Наташа, сен дагы көпкө жуунасыңбы? – чыдамы кете эшикти черткилеп сурады Солоник.

- Азыр, азыр, мына...

Көп өтпөй эшик ачыла берди да ичкериден жапжаш кыз чыга келди. Бетине калыңдап чаптаган упа майы жок эле жүрсө алда канча сулуу экен деп койду ичинен. 

Жуунуп чыкса Наташа кофе кайнатып күтүп отурган экен. Сашанын адаты – түндө чогуу жаткан жалаптарды эртеси көрөйүн деген көзү жок. Бир жолу алып келип жаткан неме менен эмнени сүйлөшмөк. Апкелди, сокту, моокумун кандырды, тамам, бара гой деп эшикке чыгарып койгондон өтөрү барбы... Ургаачыларың деле мал эмес да, айрымдары муну дароо түшүнүп жолуна түшсө, башкалары көз жашын көлдөтүп дагы бир жолу кезигишкенге суранат, кимдир бирөөлөрүн орой күчкө салып эле батирден кууп чыгууга туура келет.

Наташа болсо тимеле Сашага өткөрүп койгондой келбээрсий сүйлөп койкоюп отурат, анысы менен ого бетер итиркейин келтирди. Анүстүнө тарткан тамекиси Сашанын чекпеген өпкөсүн кычышытырып, ого бетер итатайы кармады.    

 - Олег, - деди чоюлган сары чач (Саша эч качан өз атын айтып таанышчу эмес), - мени үйгө таштап коёсуңбу?

- Жо, сага таксиге акча берем, - деди Саша улам күчөп келаткан жек көрүүсүн араң тыйып. Кофесин ичти да уктоочу канага кирип кийине баштады.

- Кечээ ошентип убада бербедиң беле.

- Кечирип кой, убактым болбой калды.

- Биз дагы жолугабызбы? Сенин телефонуңду алсам болобу? – кенедей жабышты сары чач.

- Жок!- шарт кести Солоник. – Мен айтпадым беле, батир меники эмес, досумдуку деп.

- Телефончу?

- Телефонум да жок менин.

- Анда мен өзүмдүкүн таштайын...

- Кааласаң таштап кой.

Наташа алчу акчасын алып чыгып кеткенден кийин аны менен кантип таанышканы эсине кылт этти. Шаар көчөсүнөн жапжаңы кымбат машине «Альфа-Ромеосу» менен зуулдатып баратса аялдамада үшүп тоңуп турган кызды көрө калып токтоп, машинесине салып алган. Адегенде аны Борбордук телеграфтын атырабында айланчыктап жүргөн көпөлөктөрдүн бири го деген, бирок сүйлөшө кетип байкаса айылдан келген студент кыз болуп чыкты. Биринчи курста окуйт экен, бирок кебетеси айылдан келгендей болуп турганы менен чоёктоп, өзүн тимеле «крутой» кыз кылып көрсөтүп койгон... Фотомоделмин деп тимеле шумдук кызматта иштегенсип таанышып атпайбы.

Шак эле машинеге түшүп алды. Кымбат ресторанга чакырат ко деп ичинен кымылдап турган кызды батирине алып барарын айтканда, «фотомодель» калп эле кылыктана баш тартымыш этти, бирок машинеден түшүп кеткен жок. 

Кечээ күнү кайырмагына иле турган ургаачы фотомоделби, манекеншицабы же сатуучубу, ким экени ага баары бир эле. Апкелди да муздаткычта турган көбүргөн шампандан сыйлап ичирди да, түз эле ваннага айдап кирди...

Наташа орой, ачкөздүк менен айылдыктарчасынан «беришет» экен, иши бүткөндө кубанганынан тимеле тамагын бирөө устара менен кесип жаткансып акыштана кыйкырганын кантесиң. Саша оозун жаздык менен акырын жаап да көрдү, болбой эле бакырат шуркуя. Таң атканча неметсе уйкусу качкан кошуналар чуркап келип ызы-чууну ойда салышмак экен...

Ашканага кирди да кыз телефонун жазып кеткен баракты тытты да, челекке ыргытты.  

Сашанын Москвада жашап жатканына төрт айдын жүзү болду. Куратор менен аптасына бир жолу Ленин проспектисиндеги жашыруун батирден кезигишип турду. Сабактар тынымсыз уланды: Москванын криминалдык структураларын үйрөндү, атаандаш «бригадалардын» башчылары, алар көзөмөлдөгөн банкирлер, компаниялар жана фирмалардан өйдө маалымат алып жатты.

Аны анчалык түйшүккө салбай эркине коюшту, борбордун жашоосуна көзү канып, башкысы – өзүн жергиликтүү тургун катары сезсин дешти. Саша аптасына эки жолу спорт залга барып турду, ал жакта атлетизм, сүзүү, кол урушу менен машыгып жүрдү. Күн алыс үч чакырымдык кросско жүрдү. Жадагалса, аяз жыйырмадан ашып кеткен кечээ күнү да кросско чыккан. 

Эки аптада бир жолу шаар четиндеги тирге барып куралдын болгон түрүнөн атып машыгып жүрдү. Алар негизинен «ТТ», «ПМ», «зауэр», «таурус», «глок» тапанчалары эле, алардын ичинен айрыкча жакканы он жети заряды бар, батыш мамлекеттеринин полициясы колдоно турган тапанча болду, Саша андан эки колу менен тең атканга машыгып көндү.

 Инструктор тирге жаңыдан келе баштаган бул жигитке таң калып жүрдү, анткени ага чейин эч ким мынчалык атып машыккан эмес. Атуу ыкмасы да башкача мыкты, мындайды «македонскийчесинен атуу» деп коюшат. Жетимишинчи жылдардын ортосунда «Кырк төртүнчү жылдын августунда» деген хитке айланган шумдук тасма чыкпадыбы, ошондогу башкы каарман – капитан так ушундай ыкма менен атканды жакшы көргөн неме эле.

«Александр Македонский!» деп угуза айтып калды бир жолу өзүнөн өзү инструктор. Мектептеги тарых китебин, анан өмүрү жеңилүү дегенди билбеген кол башчынын ысмын эске салган бул сөз айкашы Солониктин өзүнө да абдан жакты. Анын «Александр Македонский» деген атактуу каймана аты ошол бойдон жабышат да калат.

 Машыгуулардан кийин колу-жолу бош, каалаганын кылат, ал негизинен аялдар. Наташага окшогон ургаачылардын көптүгүнөн баш айланат. Ошондуктан ал кылаң этип кыймылдаган ургаачынын бирин калтырбай четинен кыра берди, бир жолу бир айда канча катынды жайлаарына кызыгып аларды күндөлүк ачып, тизмелеп да жүрдү, кырк элүүдөн ашып кеткен соң жазгандан тажап таштап койду. Чын да, жаткан ургаачылардын саресебин алгандан көрө алар менен жатып кете берген алда канча жагымдуу эмеспи.

Чыны кээде кайсы бири менен жаткандан кийин маңдайындагы ургаачыга башкача кадала тигилип, кокус мына ушуну атып өлтүр деген буйрук болсо, кантип жайлаарын ойлой калчу. Мындай учурларда анын көздөрү кутурган иттикиндей ойноктоп, адамдан башкача болуп кетер эле, муну сезген катындар денеси дүркүрөп, акырын андан алыстап кеткенге шашышчу...

Туруп телевизорду койду. Алып баруучу Россияны мүңкүрөткөн көйгөйлөрдү айтып аткан экен. Уюшкан кылмыштуулук эң башкы маселе аталып, андан ары кайталана берип элди тажаткан баягы эле жалпы сөздөр чубурду.

- ИИМ менен ФСБнын басма сөз борборлорунун өкүлдөрү жакында эле маалымдагандай, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы милдетке айланды, ошондуктан укук коргоо органдары бул күрөшкө болгон күчүн мобилизациялоого жана улам арааны ачылып бараткан бандитизмди, криминалдык элементтерди ооздуктоого жумшоого тийиш, - деп билдирди диктор. – Мындан ары Президенттин жарлыгы боюнча милиция органдары башка күч түзүмдөрү менен биргеликте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен алектенмекчи...

Муну угуп жаткан Саша мыйыгынан мыскыл күлүп койду.

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш, күрөшпө – жөнөкөй каражаттар пайдасыз. Ким ким, бирок маалыматты толук билген Саша муну эң сонун түшүнүп турду. Ошондуктан аны мыйзамсыз каражаттарга үйрөтүп, эми бул жакка, Москвага алып кетип отурушпайбы.

Эми ал киллер экенин Саша толугу менен аңдап сезди.

Ал – желдет, профессионалдуу жаналгыч жана анын кесиби башкалардыкынан эч нерсеси менен кем эмес.

Анын иши деле кадимки бизнес. Кимдир бирөө нефти сатат, бирөө жашылча-жемиш сатат, ал болсо өнөрүн сатат, эмне экен...

Анын чече турган маселеси да опоңой, тимеле мектептин төртүнчү сыныгында өтүлчү арифметика сабагы. Мисалы, Х аттуу кримавторитетке эч ким жакын бара албайт, ал баарын сатып алып койгон. Жансакчылары, куралы бар. Анын сөөкөчтү душманы Ү аргасы кеткенде ага S деген киллерди жиберет. Бул чыныгы атаандаштык күрөштө кимиси жеңет? Болгону мына ушул. Аны даярдаган мекеме андан түк аянган жок, акча деген анда саман боло турган, каалаганыңды сатып ал да, каалагандай ойноп күл.

Чын-чынына келгенде тээ орто кылымдарда деле желдеттин ишине абдан жакшы төлөшкөн, анткени анын желкесинде өмүрү жууса кеткис иблистин мөөрү бар.

Саша кийинип чыга берейин дегенде телефон шыңгырап калды.

- Алло...

Куратор экенин үнүнөн тааныды. Бул таң калыштуу эле, анткени экөө шерттешкен: кураторго Саша гана телефон чалмак, чалганда да көчөдөгү телефондон, анык бир белгиленген маалда чалып турмак.

Демек шашылыш, пландан тыш бирдеме болгон экен да.

Кайра буйрутма бекен? Ошол эле да, андан башка эмне болмок...

- Жолугушуубуз керек, - маалымдады кгбышник. – Бүгүн кечки алтыда, үчүнчү номердеги точкеде.

- Макул.

Машинени от алдырып жатып Саша эртең мененки жаңылыктарды дагы бир жолу эстеди. Демек, күч органдары уюшкан кылмыштуулукка күрөш баштап атышкан экен да. Андай болсо демек, бул күрөштө негизги ролдордун бирин ага, Александр Македонскийге ыйгарышаарында шек жок. 

12-глава

Москванын чок ортосундагы эски особняк чакыйган ачык, аяздуу январь күнүндө жомоктогу үйдөй көрүнөт. Бала кездеги уккан жомоктордо мындай үйдө ак көңүл фея же колу март сыйкырчы жашайт, алардан каалагыңды сура, баарын аткара беришет. Бирок бул жерде таптакыр башка сыйкырчылар отурушчу, алар бирөөлөрдүкүн эмес, тескерисинче өз каалаганын башкаларга аткартып көнүшкөн. 

Атайын жыйын өткөрүүчү бөлмөдөгү айтыла турган кепти эч ким уга алгыс жана эмне болуп жатканын жан көрө алгыс кыйтыр техника менен жабдылган столдо үч киши отурду.

Негизинен бир эле киши – Координатор сүйлөп, берки эки офицер унчукпай гана угушту. 

- Маселенин майда-баратына алаксып отурбайын, акыркы окуяларды жакшы билесиздер, кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратат, - Координатордун кырылдаган үнү өктөм эле. – Өкмөт тарабынан ийгиликтүү башталган экономикалык реформалардын бир жаман жери – бүткүл Россия боюнча бандитизмдин толкунун жаратты. Жетекчилик түзүлгөн кырдаалга абдан кыжырданып турат. Президенттик, парламенттик шайлоолор ана мына башталганы турат, ошондуктан криминогендик кырдаал оппозиция тарабынан негизги күзүр катары пайдаланылышы мүмкүн. Сиздер да мен сыяктуу эле абдан сонун билип турасыздар, бул толкунду кадимки мыйзамдуу ыкмалар менен токтотуп болбойт. Иш жүзүндө «органдардын» курамынан чыгып калган «С» бөлүгү узак мөөнөттөн бери ишсиз калды. Биздин оюбузча мына ушул бөлүк гана кырдаалды түп-тамырынан өзгөртө алат. Муну өзүмө да көп жолу айтышты. Мен ким туурасында айтып жатканымды түшүнүп турсаңыздар керек. Баса, - Координатор офицерлердин бирине кайрылды, - биздин досубуздун ахывалы кандай?

- Мыкты формада, машыгууну улантып жатат, тирге тынымсыз барууда. Башка дублерлор менен эле чогуу.

- Дублерлор демекчи, - кабинеттин кожоюну тартманы тартып, бир нече кагазды сууруп чыкты, алардын бирин үңүлө карап чыкты да анан жылмайып кебин улады. – Ликвидациялана турган кримавторитеттердин баарын бир эле... ким эле ысмы, Солоникпи, ошол жайлоого тийиш эмес. Дублерлорду да ишке салыш керек, бирок алардын баары биздин каарманга гана илине берет. Мындай даражадагы адамдарды жок кылуу абдан чоң чуулганды жаратат. Андай болгон соң эртедир кечтир мунун сыры ачылат, бирок ал биз каалагандай ачылышы керек. Эми талапкерлер туурасында сүйлөшөлү.

Куратор айткан үчүнчү точка шаар четиндеги анчалык чоң эмес машине коюучу ээн жай эле.

Куратор жолугушууга кочкул-жашыл «копейка» менен келди, кебетесин карап туруп мындай машинени эчак темир таштандыга ыргытса болмок деп ойлойсуң. Бирок бул оперативдик машине эле, сыртынан өлөсө көрүнгөнү менен, ичинде керек болсо Солоник тээп жүргөн  «Альфы-Ромеонукунан» кубаттуу мотор орнотулган.

Машинени утурлап чыккан Солоник дароо эле анын ичине кирип кетти.

- Кандайсыз эми Александр Сергеевич, сизге жумуш чыгып атат, - саламдашкан соң дароо ток этер жайын айтты куратор, анан папке алып чыкты да Солоникке узатты.

Киллер үңүлө карады. Чынында атып өлтүрө турган кишиси жанагы Ржавый менен Гаврилага караганда алда канча олуттуу экен. 

Кримчөйрөдө Глобуз деген аты менен белгилүү Валерий Длугач Москвадагы эң таасирлүү адамдардын бири. МУРдун оперлеринин түзгөн рейтинги боюнча ал борбордогу мен-мен деген эң коркунучтуу жана кудуреттүү беш мафиоздун катарына кирген.

Далай жолу каракчылык, кол салуу сыяктуу олуттуу статьялар менен соттолуп, анын кесепети катары ар кайсы режимдеги темир тор артына «сапарга» барып келгени менен Длугач эч качан уурулук түшүнүктүрдү карманчу эмес. Ошондуктан ал мыкаачы «беспредельщик» катары атагы чыккан. Өзү көзөмөлдөгөн Наро-Фоминский районун борбордун ортосундагы башка соода жана финансы ишканаларындай эле өлө катуу кармачу, бирөө баш көтөрүп, мыңк этчү эмес. Акча төлөө кенедей кечиксе бүттү, жаза абдан катуу. Длугач кимдин фирмасы болбосун карачу эмес, түз эле капшыра кирип барып мойнуна акча жүктөп кете турган, мындан ары мага төлөйсүңөр деп койсо эле жетиштүү. Эгерде кимдир бирөө каршылык көрсөтсө дароо балдарын жиберет, автомат, тапанча менен куралданган балдар барат да баарын кырып, объектиге гранаталарды ыргытып, күлүн көккө сапырат.

Эгерде акчасы менен куралы көп болбогондо кесиптеш бандиттер Длугачтын акесин эчак Анжияндан таанытышмак да уурулук түшүнүк боюнча эсине келтиришмек. Бирок минткенге эч кимдин алы келбейт, Длугачта жоокери, куралы, анан акчасы эбегейсиз болгону менен таянган дагы бир кудуреттүү кожолору «лаврушниктер», башкача айтканда, кавказдык мыйзамдагы уурулар. Орустун «беспредельщигин» тымызын колдооо менен байкатпастан борбор калаадагы өз позицияларын да чыңдап атышкан болчу булар.

 Саша жаңы кардардын өздүк ишин он, он беш мүнөттөй изилдеп карап чыкты.

- Длугач көбүнчө жолугушууларын Селятино поселогундагы «Меркурий» кафесинде өткөрөт, - эриндерин үнсүз кыймылдаткан Саша окуп жатты. – Кафенин жанында машине коюучу жайды кайтарган «Стоик» күзөт кооперативи бар, бирок бул чынында Длугачка таандык бандиттик фирма, ал негизинен Длугачтын өзүн кайтарат.

- Мен сизге буйрутманы так ошол жерден аткарууну сунуштабайм, - кгбышник тамекисин тутандыра. – Поселок кичинекей, ар бир бейтааныш адам көзгө түшүп турат. Анан ал жерден из жашырып кетиш да кыйын, мүнөткө жетпей сизди кармап баса калуулары толук мүмкүн, анын «өгүздөрү» сизди ошол эле жерден тытып ташташат.

- Мени башка жерден басып калышпайт деген кепилдик барбы? – киллер суроо ыргытты.

 Чекист кытмыр жылмайды:

- Сиздин кабатырыңызды абдан жакшы түшүнүп турам. Албетте, сизди издешет, бандиттер милицияга караганда батыраак да издеп башташат. МУРдагылар болсо дагы бир бандиттен арылдык деп алакан ушалап кубанып отуруп калышат. Длугачтын өлүмүн анын кесибине такап коюшат, бүттү. А бирок бандиттер...

Ушул жерден куратордун кебетеси сурдана түштү – Солоник эч качан анын мындайын көргөн эмес.

- Бандиттер эмне экен?

- Билесизби, Александр Сергеевич, - деди куратор окуучуга жадыбал түшүндүрүп жаткан математика профессордой салабаттап, - биз баарын кылдаттык менен тыкыр эсептеп чыктык. Глобустун душмандары бар экенин, алар абдан эле көп экении сиз билесиз да?

Солоник кайра папкеге карап койду:

- Албетте. Мына бул жерде минтип жазылыптыр: олуттуу стрелкага (жолугушууга) кайсы бир жалаптарды кошо ала келип, тил угуптур. Общактын акчасына Парижге барып ойда кутуруптур. Жалаптарды вертолетко, анан кайыкка салып алып, аларга чочогун ошол жерден соргонго мажбурлаптыр!

Куратор муну укканда өңү-башы бырышат түштү:

- Анын душмандары да оңой кишилер эмес.

- Албетте, турган кеп...

- Азыр аны тегеректеп жүргөн адамдар адегенде аны ким өлтүрдү деп ойлошу мүмкүн?

Жооп күтпөй куратор уланта берди:

- Ким болбосун ойлойт да, орустардан чыккан, Длугачты көрөйүн деген көзү жок таасирлүү мыйзамдагы уурулар, анын пахандарды, авторитеттерди сыйлабай, алардын банктарын, ишканаларын тартып алганын эч качан кечирбей тургандар, кыскасы, кимдин жолунан кыя өткөн болсо ошолордун баарын ойлошот өлтүрдү деп...

 Куратор улам бир жүйөөлөрдү келтирип, аңгемесин бир калыпта уланта берди. Саша болсо аны карабай машиненин терезине үңүлө чурк этпей угуп гана отурду: сыртта, жайдак жайда бир нече жолбун иттер каңгып жүрүптүр. Алардын бири кокусунан кыңшылай отуруп калды эле калгандары ошол замат туш-туштан чеңгел салып, тытмалап киришти. Дагы бир аз болсо тирүүлөй жеп коюшмакпы, аз жерден курмандыкка чалынып кете турган шордуу эптеп жанталашып суурулуп чыкты да артын карабай качып жоголду.  

Ал жашап жаткан дүйнө деле ушундай жапайы мыйзамдар менен жашаган дүйнө эмеспи. Бирөө бирөөнү өлтүрөм, жок кылам деп кубаласа, башкасы курмандык болгонго аргасыз. Бирок кубалаган неме эртедир кечтир барып өзү да азыр эле сыртынан өкүм кылынган Глобустай курмандыкка айланат. Бул дүйнөнүн мыйзамы мына ушундай.

- Аткарыла турган объекти абдан олуттуу болгондуктан сизге даярдык үчүн жетишерлик убакыт берилет, - улантты чекист. – Төрт ай жетет деп ойлом. Длугачты апрелдин он бешине чейин көзүн тазалоо керек.

Саша сырттан көз албай башын ийкеди, жанагы качкан итти кубалашкан жок, жайына коюшту. Ушул учурда ага мээсинин тээ бир терең түпкүрүнөн кокусунан бир үрөй учурган ой ачылып чыга келди: желдет болгон неме, эртедир кечтир өзү курмандыкка айланат тура...

Бүгүн эртең менен ал кесибинин пайдалуулугун эсептеп, анын башка кесиптен айырмасы жок деп санаасын тындырып атпадыбы беле. Куюндай сапырылган ойлорун куратордун айтканы бузуп жиберди:

- Акча боюнча. Ишиңиз демейдегидей эле жакшы бааланат, - ички чөнтөгүнөн жүз долларлыктардын бир пачкасын сууруп чыгып столго таштады. – Бул даярдыкка гана. Ишти аткарганыңыздан кийин ушундан дагы экини аласыз...

Калыңдата тартылган парда, бөлмөнү күүгүмдөнткөн жарык, жумшак эмерек бул жердеги бейпилдикти көрсөтүп турганы менен чынында андай эмес эле.

Саша эки колун жаздана көз ирмебей шыпты тиктеп ойлуу жатты, дем алганы да билинбейт, бирок аны оор ойлор басканы жүзүнөн көрүнүп турду.

- Мен кете берейинби?

Бул үндү укканда Саша селт этип алды. Караса, керебеттин четинде кыз отурат, чын эле кечинде аны өзү алып келбеди беле, унутуп да калганына таң калды бир чети. Жапжаш кыз, жашы он сегизге да жете элек болсо керек. Көздөрү бакырайган бул кызды таң кала тиктегенинен кыз апкаарый да түштү.

Сойку эмес, көп жалаптын да бири эмес бул кыз. Кошуна үйдө турат. Кирип чыгып жүрүп таанычу, анан саламдашып калчу болушту. Чекист менен жолугушуудан кайтып келатып кызды шаардан жолуктурган, жеткирип коёюн деп машинесине салып алган эле.  

Куратор менен болгон кептен кийин маанайы абдан чөгүңкү эле. Кебетеси серт бул шүмшүктүн өкүмдүү үнүнө караганда ага дайыма сойкуга жасагандай мамиле болорун Саша түшүнгөн. Айырмасы кайсы сойкудан? Аны деле ишке жалдап, анан акысын төлөп атышпайбы. Аны да жөн бербей: «Ишиңиздин акысы жакшы төлөнөт» деп көзгө сая баса айтып атышпайбы. Анүстүнө жанагы ээн талаада ырылдашып согушкан иттер, анан желдеттин өзү барып бир кезде курмандыкка айланат, сенден күчтүү, сенден ырайымсыз  бирөө чыгат да артыңан түшөт деген өзүнүн ою эсине түштү. Ого бетер көңүлү чөктү. Кызды машинесине салып сүйлөшүп келатып, бул кечте жалгыз боло албасын түшүндү.

Эмне кылса, түнкү клубга барсабы же ресторангабы?

Кыжылдаган адам болсо деле баары бир жанды кашайткан жалгыздыктан ал жакта деле арыла албайт, ошондуктан кызды батирге алып келгени.

Кыз кылыктанган деле жок, унчукпай макул болуп ээрчип келе берди, отурушту, шампандан ичти кыз, анан саат он бир болуп баратканын, үйүндөгүлөр кабатыр болорун, эртең ишинде оор күн болорун айтып жөнөй берди. Бирок жигиттин маанайы пас, такыр эле үңкүрөйүп калганын көрүп боору ооруду кыздын, аялдык аёо сезими күчтүүлүк кылдыбы, жигитти жалгыз таштагысы келбей калып калды.  

Андан аркысы өзүнөн өзү эле болду: кыз төшөк салды, душка түшүп келди да акырын жанына келип жатып калды.

Бирок аял менен болгон кумарлуу жакындык деле Сашанын көңүлүн ачпады. Мындай өмүрүндө биринчи жолу болуп атканы. Жигит улам сапырылып келген оор ойлордон арыла албай түнү менен кыйналып чыкты...

- Олег, мен кете берейинби?

Жигит башын чайкады:

- Жок, бираз отура тур дагы...

Кыз көнгөн жок, бат эле кийинди да чачка такчусун оозуна тиштеген бойдон Сашага боор ооруй карап буларды айтты:

- Эмесе келишип алалы. Экөөбүздүн ортобузда болгон иш кокустук жөн гана. Сен мени издебейсиң, кезигишем деп тынчымды албайсың. Мен сени карап туруп боорум ооруганынан эле жаныңда калып калдым, өзүм да жалгыз болгум келбеди.

Саша таң калып карап калды, эмне деп атат бул кыз...

- Өткөн аптада менин тууганымды атып кетишти...- деп сөзүн улантты кыз. – Таламандын так тушунда, шаардын ортосунда атып кетишти. Ал бизнесмен болчу. Ага бирөөлөр келип мындан ары сени биз кайтарабыз, акчаны төлөй бер деп опузалашкан экен. Баш тарткан соң коркутуп үркүтө башташкан. Милицияга кайрылса уккусу да келбептир эч ким ал жакта.

- Ким атыптыр, табыштыбы?- кызыгып сурады Саша.

- Бандиттер да, ким атмак эле башка, - үшкүрдү кыз, анан кошуп койду. – Баары бир аларды да бирөө атат, кан коё бермек беле, дегеле андай болгон эмес.

Акыркы айтылган сөз анын денесин дүр эттирди. 

13-глава

Анын Москвадагы алгачкы кышы зуу этип өтүп кетти да, кардан арылган табийгат марттын жадырап жайнаган жылуу күнүндө кар менен кошо Сашанын санаасын саргарткан ойлору да эрип кеткенсиди. Абактан качып кеткен аны Москвадан деле издеген эч ким болбоду.

 Чыны жанагы кыздын кокустан айткан сөздөрү тырмак астына кирген тикенектей болуп эстен чыкпай жүрдү. Кан коё бербейт, жамандык акыры барып жазаланат дебеди беле. Бирок муздак акылга салып караганда канды кимдир бирөө төгүшү керек, сен аткарбасаң муну башкалалар аткарат, айырмасы кайсы?

Бирок бул жолду ал өзү тандап албады беле, эми артка кайтууга жол жок.

Ошентип Солоник өзүнүн алгачкы олуттуу буйрутмасын аткарууга машыгып жатты, күн сайын тирге барып тапанча атат, кросс чуркайт, сууга сүзөт, денесин чыңдайт, бош боло калганда келечектеги курмандыгы боло турган жерлерди акмалайт.

Ал Длугачты «Арлекино» кафесинен бир көргөндө эле эстеп калды. Анын ишин окуган башка да, минтип бет алдыңда отурган-турганын, сүйлөшкөнүн көрүү таптакыр башка.

 Апрелдин тогузу суук жана шамалдуу болду – жаздын орто чениндеги борбор калаада дайыма эле ушундай аба ырайы.

Кечинде куратор ага чалып, жолугушчу жерди мерчешти. Саша айтылган жакка - Красная Пресняга келсе аны отуз биринчи кара “Волга” күтүп турган экен, ага кирип отурары менен куратор кыска саламдашып, Солоникке музыканттар көтөрчү узун футлярды карматты. Бирок мунун ичиндеги музыкалык инструмент эмес эле, - куралга көзү каныккан киллер футлярда снайперлик “СКС” карабини жатканын ача электе эле сезди.

- Куралды ала кетиңиз, тирге барып колуңузду көндүрүңүз, - деген куратор дароо иштин ток этер жерин айтты. – Длугачты Селятиного барып отурбай эле “Арлекинонун” тегерегинен жайлаганыңыз оң. Коопсуздугуңузга да жакшы. Ал бул жакка күн сайын кечинде келип жатат, мыкты музыка, сапаттуу ичимдик, кол алдында жайнаган кыздар мунун баары аны бошоштуруп, коркунуч сезимин унуткарат. Сиз бир аз аны аңдыңыз, качан келет, коштоп жүргөн машинеси канча, качан артка кайтат, жанында кимдер болот жана башка жактарын караңыз. Сизге эки саат убакыт берилет, бул жетишерлик деп ойлойм. Анан мен сизди жеткирип коём.

Жарым сааттан кийин алар столдо отурушту. Таанымал эстрада ырчысы аял кыркыраган үнү менен модага айланган шлягер ырларды аткарып атты, курсагы, көөнү ток публика ныксырай кол чаап, стойканын артында турган жоон бармен болсо цирктеги көз боочудай чапчаң кыймылдап, ичкиликтин түрүн куюп турду.

«Арлекиного» жөнөкөй кишилер келчү эмес. Абдан кымбат бул түнкү клуб Москвада алгачкылардан болуп ачылган жайлардын бири эле, мында негизинен орто деңгээлден жогорку бандиттер, сөөлөттүү бизнесмендер, анан бул эки катмарды тең тейлеген сойкулар келишчү. “Арлекино” иштиктүү жолугушуулардын орду болуп, мында эч кандай разборкаларга жол берилчү эмес. Жазылбаган мыйзам ушундай. Бир эле кечте жанаша столдордо каршылашкан топтордун балдары деле көңүл ачып отура беришчү. Жаңжалдашуу чыгып кетсе улуулардын жазасы катуу боло турган. Ошону менен бирге күүгүм шаңгалат, жарым караңгы кабиналарда олуттуу сүйлөшүүлөр жүрөт, аларда кимге тийишүү керек, банктарга кол салуунун кесепеттери кандай болот, кайсы менттерди сатып алуу зарыл жана башка маселелер талкууланчу.   

Баса, менттер, ФСБдан, прокуратурадан деле “Арлекиного” келип турушчу. Бирок булар керекпи, керек эмеспи - манжаларын ийрелеңдеткен бандиттерден айырмаланып чурк этпей тынч отуруп, өзүлөрүнүн ким экенин билгизбей чыгып кетишчү.

Ал ортодо тамагы кургаган ырчы катын ырын аяктап, бирин-серин кол чапкандарга ийиле жүгүнүп кайдадыр кирип жок болду. Так ушул маалда куратордун телефону билинер билинбес зыңылдап калды. Кыскача сүйлөштү да Сашага бурулуп:

- Жыйырма мүнөттөн кийин ал бул жерде болот, - деди. Кыязы Длугачты сырттан да байкагандар бар экенин Саша ошол замат түшүндү. 

 Арадан көп өтпөй тигинин телефону кайрадан зыңылдады.

- Жакшы, азырбы?- деди да Сашага бурулду:

- Беш мүнөттөн кийин ал мында болот, подъездге кириптир, жанында сакчылары да бар. Мен азыр аны сизге көрсөтүп коём, калганын өзүңүз билесиз. Отура туруңуз, мен сыртка чыгып келейин.

Саша жалгыз калды. Тигине келатышат окшойт, залга сегиз киши кирди. Баарынын чачтары кыска кырылган, кийгендери кымбат баа, бирок жарашпаган кастюмдар экен, бетпак көз караштары, калжаң-кулжаң баскандары, эң башкысы, беттерине чыгып турган чогоолдугу буларды россиялык криминалитеттин дүйнөсүнө таандык экенин көрсөтүп турду. Глобус дегендери ушул сегиз бандиттин бири болсо керек.

Отурушту, официант дароо чуркап каштарына жетти. Булардын кимиси Валерий Длугач болду экен деп түкшөмөлдөп отурганда куратор кирип келди.

Отурду да тигилер жакты карабай туруп айтып калды:

- Балким, аны өзүңүз аныктап алат чыгарсыз?

- Ким билет, баары эле бир кылка окшош го, - ийин куушурду Солоник.

- Карап туруңуз, азыр аларга тетиги семиз катын келет, ал сутенерша. Кыздарды сунуштайт, сиздин объектиңиз буйрутма берет.

Чын эле: кебетеси киши карагыс, келесоо чалыштай көрүнгөн жоон катын жалжая күлүп басып келди. Отургандардын арасынан кара кастюм кийген жашы кырктардагы жигит дароо жандана түштү, өйдө боло берип сунушталган кыздарды тандагандай сыдыра карап  калды.   

- Ушубу? – деди Солоник ал тарапка башын ийкеп.

- Дал өзү, - тастыктады чекис. – Бирок сиз аны анчалык тигиле карай бербеңиз, шек санап калышы ыктымал. Абдан куу неме. Сиз таанып алдыңызбы, болду, эми акырын байкоо сала бериңиз, бирок абдан этиет болуңуз. Анын артынан да чыксаңыз болот акырын, бирок автомобиль турган жайдан алыс кетпеңиз. Болду, мен кеттим, саат түнкү экиде метронун жанында машинеде күтүп отурам, ишиңизге ийгилик каалайм.

Куратор шарт турду да сыртты көздөй жөнөдү.

Киллер анын айткандарын өзүнчө түшүндү: объектти так ушул жерден “аткаруу” керек окшойт. “Контора” ушундай чечсе керек – буйрутмачылардын пикиринде адам өлтүрүү чоң чууну жаратышы керек окшойт, ошондуктан иштин баары котологон эл чогулган жерде болгону оң го кыязы...

Эч нерседен бейкапар Глобус болсо үлпөттөштөрү менен жыргай берди. Ичкенди жакшы көргөн неме го, ичкен сайын жаалы да күчөп баратты. Жансакчысын да элдин көзүнчө жаактан ары тартып жиберди, кимдир бирөөсүнө кыйкырып, жанындагы эки жалапты кууп жиберип башкаларын чакыртты. Кыскасы, бандиттердин столундагы кырдаал чыңалгандан чыңалып баратты.

Карап отурган ишинен кокусунан бирөө алагды кылып жиберди:

- Эй сулуу жигит, эриккен жоксуңбу? – деген аялдын үнү угулуп, караса жанына мөлтүрөгөн жапжаш бийкеч келип отуруп калган экен. 

“Крутойлорду” тейлеген кадимки эле москвалык сойкулардын бири окшойт.

- Менин көңүлүмдү ачайын дейсиңби? – сураган Солоник ичинде анын наркы канчалык экенин эсептеген болду.

Аны карап туруп талуу жери табиятынан ургаачыларга жакын Саша баарын унутту, “аткара” турган объектини да, өңү серт кураторду да. Кызды жетелеп жогору алып чыгып, жан кумарын кандырып кайра келди да өңү дубалдай бопбоз боло түштү – Длугач отурган ордунда жок эле. Калгандары да житип кетишкендей стол ээн экен.

- Туй энеңди! – Солоник санын чаап алды да гардероб жакка басты.

Тек, Глобус алыс кеткен эмес экен, аны Саша авто токтотуучу жайдан тапты.

Длугач абдан кызуу эле – жип машиненин жанында туруп алып кайсы бир балага кыйкырып аткан экен. Апрель шамалы анын сөздөрүн кулагына жеткирип жатты.

- Кулагыңды өзүңө жедирем! Эртең же сени же тигини көмүшөт...

“Арлекиного” кайра барыштын кереги жок эле. Куратор менен келишкен жерге келди да кара “Волганын” арткы эшигин ачып отура кетти.

- Кандай, объект сизге жактыбы? – жылмая сурады куратор.

Сашанын өңү башы бырыша түштү.

- Кайдан... Өзүн тимеле кудай ойлойт сыягы. Баарынын жүрөгүнүн үшүн алган коркунучтуудай көрүнгөнү менен чынында малдан айырмасы жок неме экен...

Ошондон тарта Саша даярдыктын камын катуу көрө баштады. Бөлмөнү ичинен жаап алып карабин менен машыкты. “Арлекино” ээн болгон түшкө чейинки мезгилде анын айланасын акмалап, Длугачты жайлай турган ыңгайлуу точкаларды, өзү из суутуп чыгып кетер жерлерди тактады.

Он биринчи апрелдин таңында баары даяр болду. Куратор Глобустун кафеге кечки саат тогуздардан өтүп келерин маалымдады. Чекисттер объектинин телефонун эчак эле угууга алган болушу керек.

Куратордун толкунданып турганы сезилип турду, аны Саша мындай абалда бир да жолу көргөн эмес. Кыязы, иштин ийгилигине анын өзүнүн келечеги да көз каранды шекилди.

Экөө машинеде отурушту – Саша түнкүсүн көрө турган приборду көзүнө кармап, жарык түшүп турган автомашине токтоочу жайды карап жатты. Прибордун панелинде жаткан телефон кез кезде зыңылдап коёт: тышты байкап аткандар объектинин кайсы жерде жүргөнүн маалымдап атышты.

 - Болду, чыгыңыз, - куратордун үнү калтырай түштү. – Жолуңуз болсун...

- Айтканыңыз келсин, - жооп узатты Саша.

Мээси сааттай так иштеп жатты, эч кандай коркуу же толкундануу дегенди сезген да жок. Тийиштүү жерге бат эле жетти, эки жак ээн. Тез мылтыкты кабынан сууруп чыкты да астына ала келген кичирек төшөкчөнү жая салды, шамалдын ылдамдыгын жана багытын байкады. Жатып алып атканган ыңгайлуу болсун деп атайын алып келген эки кышты тизди да курмандык келе турган жакты дагы бир жолу изилдеп карап чыкты.

Глобусту ал көрөрү менен эле тааныды: авторитет сегиз адамдын курчоосунда жай теңселип келатты. Түнгө деп артынан ээрчитип алган эки-үч кыз да бар. Длугач кадамын жай таштап, сакчылар менен аны-муну кобурашып баратат.

Күтүлбөгөн жерден обочо турган узун лимузинден бирөө чыгып аны көздөй басты. Аны байкаган Длугач токтоп, сакчыларына бара бергиле, мен азыр дегендей кол жаңсап, тиги неме менен кол алыша учурашып сүйлөшүп туруп калышты.

Кудай мындай бербеспи, Саша бул ирмемди текке кетирбесин шак түшүндү. Патронго окту солой койду да мээлеп кирди. Клиентке чейинки аралык кырк кадамдай эле. Саша Глобусту бир эле ок чыгаруу менен жазбай “аткарарына” көзү анык жетти.

Объект болсо кокус жолуккан таанышы менен коштошуп, бирдемелерди айтып аны далыга таптап турган. Тиги да бирдеме деди окшойт, ага баш ийкеп жатты...

Үн бастагыч менен жабылып тырс эте атылган октон мылтыктын кундагы желкесине тебе берди, Длугач болсо көзгө көрүнбөгөн тосмону катуу сүзүп алгандай жалп эте асфальтка кулап түштү.

Ошол замат машине токтоочу жайдан кабатыр үндөр чыгып, аялдын чыңырганы угулду. Кайсы бир машиненин сиренасы өзүнөн өзү иштеп кетип, ал да чаңырып жиберди. Солониктин таң калганы - таптакыр башка жактан кимдир бирөөнүн жарадар болгондой онтогон үнү угулуп барып басылды.

Солоник көз ирмемде жарагын жыйнады да өзүн күтүп жаткан машинени көздөй урду.   

Куратор эми гана, чуулгандуу бул ишти аткаргандан кийин ага ичинен чындап урматы ойгонду. Эртеси анын батирине келген соң жаңыдан көрүп аткансып дагы бир ирет таң кала карап, сыртынан башкалардан эч нерсеси менен айырмаланбаган бул жаш жигит бир эле ок чыгарып, борбор калаадагы эң коркунучтуу мафиоздордун бири деп эсептелген авторитетти ит аткандай сулата атканына таң берип турду.

 - Кеп жок, абдан мыкты, сабаттуу аткарылган иш, Александр Македонский, - деди ал, ошол замат кайра атынан атады. – Александр Сергеевич, кофе коюңузчу, экөөбүз чайлашалы эми шашпай отуруп...

- Баарын ойдогудай мыкты аткардыңыз, - кайталады чекист дагы бир жолу, - бирок кокустан дагы бир курмандык болуп калды.

- Ошондойбу? – Саша ошол замат кечээ күнкү чет жактан кимдир бирөөнүн онтогонун укканын эстей коюп.

 - Глобустан башка дагы эки адам жабыр тартышты. Түндө стоянкада ага келип жолуккан неме эсиңиздеби?

- Албетте!

- Орхелашвили деген неме, атагы чыккан шылуун “кидала”, ууру, же криминалдардын тили менен айтканда, “формазон”, кылмыштуу каймана ылакабы - Итальянец. Сиз аткандан соң ал коркуп кетип машинесин көздөй жанталашпайбы. Длугачтын “өгүздөрү” паханды так ошо атты деп ойлошуптур. Машинеден сууруп чыгышыптыр – Итальянец каршылык көрсөткөнүнө ого бетер жини кайнаган сакчылар аны килейген аш бычак менен ошол жерден эле жайлап салышыптыр.

- Экинчисичи? Ал ким экен?

- Итальяндан башка дагы бир киши жабыр тарткан: ок Глобусту тешип өтүп андан   асфальтка тийген да, кайып кетип ппсник-старшинанын бутуна кадалган. Азыр ал ооруканада жатат, абдан кайгыга батып жаткан чагы, анткени мас айдоочулар дайыма толтура “Арлекинонун” атырабы нан тапкан жери да ал байкуштун. Бирок сиз азаматсыз, Александр Сергеевич. Өзүңүздү кандай сезип турасыз?

- Ыракмат, баары сопсонун,- минтип сурагандан кийин артынан жаңы сунуш айтыларын билген Саша. Жаңылбаптыр.

- Биздин билишибизче, сиз азыр абдан тапка келип турасыз. Ошондуктан бул жагдайды колдон чыгарбай пайдаланып калалы. Эми угуп туруңуз... Ии, баса, унутуп калыптырмын. Мына сизге убада кылынган акчанын калганы, мына жаңы документтериңиз. Кийинки объектини “аткаргандан” кийин батириңизди алмаштырып алышыңыз керек...

Кийинки аткарыла турган объект, атактуу москвалык мыйзам уурусу Длугачтан түп тамырынан бери айырмаланат экен. Ал Глобуска окшоп эч качан өзүм билем башаламандыкка барганды, ырайымсыздыкты билбеген, башкалардын баарын тизе чөктүрүүгө түк умтулбаган киши болуп чыкты. Анын жашы кыркка да жете элек экен. Ал уурулардын “нэпмандык”, “босяктык” формациясына таандык болуп, уурулук идеялардын анык фанатиги болуп чыкты. Бир канча жолу соттолгон, ошондуктан түрмөнүн тилин мыкты сүйлөй билгенден тышкары ал үлпөт үстүндө отурган чактарда колуна гитараны ала коюп братвага өзү чыгарган абак мүнөз муңдуу ырлардан аткарып бергенди жакшы көрчү.

Мунун себебин көп өтпөй түшүндү: кылмыштуу авторитет көрсө ыйыктын ыйыгы эсептелген банк бизнесине сук колун салган экен. “Чечендик авизо” аталган чуулгандын көлөкөсүндө туруп алып, грозныйлык мафиоздор, анан Борбор банктын сатып алынган кызматкерлери менен биргеликте мамлекетти бир нече миллиарддаган рублга отургузуп кеткен так ушул неме болуп чыкты.

 Бирок таң калыштуусу, акчасы саман болуп жаткан бул авторитет жеке коопсуздугун түк ойлобойт экен. Акчаны ал негизинен кайрымдуулукка, абакта жаткан братваны “жылытууга”, досторго жана шериктерге кымбат баалуу белектерди алууга (мисалы алардын бирине март ууру алты жүздүк “Мерсти” белек кылса, башка бирөөсүнө Кипрден коттедж сатып берген, дагы бирине жоондугу билектей алтын чынжыр берген) жумшайт экен...  

Куратордун эскертүүсүндө бул мыйзамдагы ууру эми азербайжандар менен тирешип атыптыр. Эгерде аны “аткаруу” ийгиликтүү ишке ашса, анда шек ошол замат азерлерге түшөт экен.

- Эми аны кантип “аткарасыз” - ал жагын өзүңүз тандаңыз, - деди анын укмуштуудай шыгынан түк кам санабаган куратор. 

Длугачты атып өлтүргөндөн кийин бул объектини “аткаруу” текейден арзан, жеңил иш эле. 

Билип байкаса, авторитет болгону бир эле машиненин коштоосунда жүрөт экен, жанындагылары айрым гана учурларда паханды батиринин эшигине чейин узатып барбаса, дээрлик көбүнесе машинеден түшүрүп коюп эле кете беришерин аныктады. Курмандыктын жакындап калганы туурасындагы маалыматты телефондон алары менен кире бериштеги вахтерша аял таанып калбас үчүн бети башын аз-маз гримдеп алган Солоник подъездге кирди. Бир тепкич өйдө чыкты да аянтчадан туруп ылдыйга көз чаптырса, так ошол маалда авторитет түшкөн “Мерс” жайбаракат бурула бордюрга такай келип токтоп аткан экен.

Үн жапкычы алдын ала буралган “парабеллумду” чөнтөгүнөн алып чыкты да даяр кармаган бойдон күтүп калды.

Подъездин эшиги тарс ачылды да баскан буттун дабышы, эркектердин үнү угулду:

- Макул эмесе, Коля, жакшы бар.

- Сен да жакшы тур, Витек...

Тапанча кармаган колун чөнтөгүнөн чыгарбай Солоник тепкичтен акырын ылдый түшө баштады, бир секичеден объект менен теңеле калганда куралды алып чыкты да атып жиберди...     

Ал курмандыктын жүзүн бир ирмемге гана көрүп калды – бул өлүм алдындагы кыйналуу эле. Бирок кыйналганы бат эле бүттү, ачык түстүү плащы кара кочкул канга боёлгон авторитеттин чымын жаны ошол замат чыгып кете берди...

14-глава

Солониктин жашоосу бир калыпта өтүп жатты: машыгуулар, буйрутма “аткаруулар”, катындарга баруу жана эс алуу. Акыркы кездерде чет элге барып эс алып келгенди абдан жактырып калды. Документ жагын “контора” дароо ойдогудай кылып бүтүрүп, колуна карматты, төрт тарабың кыбыла, каалаган жагыңа учуп кете бер. Ырас, куратор колуна акча, документтерин берип жатып сөз арасында байкатпастан каңкуулап койгон, анысы непадам кача турган болсоң жер астына кирип кетсең да таап чыгабыз деген ишараты эле. Бирок сенин өпкөңдү биз эмес, жанагы сен жайлаган пахандардын кишилери үзөт – алар билип калса эле бүттү, сени кандай документ менен жүрсөң да жердин жети катмарынан сууруп чыгышат дегендей кыйытып койду.

Аны куратор айтпаса деле Саша өзү мыкты билет. 

Качып барар жери кайсы?

Чет мамлекеткеби?

Ал жакка барып алып эмне кылат?

Куратор бекер эле кабатырланган экен: кол алдындагы бул неме өзүнө даярдалган ролго тимеле сиңишип кетиптир. Эми ал буйрутма менен киши өлтүрүүнүн моралдык жагын да, анын кесепетин да түк ойлобой калган, тагыраагы, ойлобогонго аракет кылат.

Кеч күзгү Москваны карап жүрөгүң сыгылат, көчөдөгү көлчүктөрдөн, дүкөндөрдүн витриналарынан, үйлөрдүн, кайдадыр жанталаша зыпылдап бараткан машинелердин терезелеринен күндүн өлүмсарык нуру күңүрттөнүп, асман көз жашын көлдөтүп ыйлап тургансыйт. Бут алдында күрөң сары жалбырактар шойкомдуу шуудурагансыйт. Айлана тегеректин баары – сереңдеген адамдардын караандары, машинелер, үйлөр, аллеялар бозоруп, көңүлдү ого бетер чөгөрөт.  

Саша арзан нанүштө кыла коюп кете берчү чакан кафечелердин биринде бууланган терезени карап ойлуу отурду. Акыркы убактарда жалгыз калсам дегенге каалоосу болгону менен мүмкүнчүлүк жок. Чарк айланган жалаптар, куратор, кезектеги объекттерди изилдөө, машыгуулардан колу болобой калган. Жан дүйнөсүнүн бейпилдигин орнотуп, көңүлдүн дабаасына дары болор бир гана нерсе – ушул жалгыздык эле.

Мындай учурларда Саша такай ушул жерге келет, бир чыны кофе куйдуруп алат да эч кимди карабай, түпсүз ойго чөмүлүп отурганы отурган...

 Ойлой турган нерселер арбын эле.

 Длугачтын көзүн ийгиликтүү тазалагандан кийин анын аң-сезимине үрөй учурган бир ой жылаандай сойлоп кирип алды. Эртедир кечтир ал өз кожоюндарына өлүк катары керек болот. Ооба, анын иштери жүрүшүп кетти, тагылган ишенимди актап жатат. Бирок “конторага” Александр Македонский деген ат менен таанылган Саша Солоник абдан көптү билет, көптү билген адамдардан ким болбосун, арылгысы келет. Анан мазасын алган дагы бир нерсе - жанагы батирине алып келип жаткан сары кыздыкы да туура, кан деген коё бербейт. Мына ошо кыздын айтканы таптакыр эсинен чыккыс болуп мээсине орноп калган. Туура, эртеби кечпи, андан өз эсебин сураган бирөө чыкпай койбойт! Баарына жылуу жумшак кабинеттеринде, галстук тагынып алып таптаза, зыңкыя отурган немелер эмес, өз куураган башы гана төлөмөр болуп чыга келет.

Солониктин оюна келгени дагы бул – кожоюндарын алмаштырсачы... Ал бирок жалданма киллер, өз алдынча иш кыла албайт, үстүндө дайыма багыттап турган бирөө болууга тийиш.

- Мухомор?! – күтүүсүздөн чыккан үндөн Саша селт эте түштү, аны Алматыдагы даярдоочу лагерде ушинтип аташчу эмес беле.  

Сашанын колу өзүнөн өзү чөнтөгүнө сойлоп кирип, ал жакта жаткан ишенимдүү курал – он жети заряддуу “глоктун” сабын мыкчый кармады. Бирок бекерге эле кабатыр болгон экен...

Солоник жалт бурула тааныш өңдү көрдү. Чакырган неме жамайы ачылып, жылмайып алыптыр, ага көптөн бери эч ким минтип кубанган эмес эле. Маңдайында турган узун бойлуу ак саргыл жигит анын Алматыдагы даярдоочу борбордо чогуу болгон тааныш баласы, питерлик Андрей Шаповалов болуп чыкты. Чогуу машыгып, чогуу жашап жүрүшпөдү беле, керебеттери да жанаша турчу. Саша анча-мынча жан тартып, сырдашкан адамы жалгыз мына ушул Андрей эле. Баягыдай эле шатыра-шатман экен жүргөн турганы.

- Салам! – Андрей кадимки эле күндө көрүшүп жүргөнсүп маңдайдагы отургучка отура кетти.

- Саламатчылык, - акырын абай сала карап жооп узатты Саша.

- Жолугушканыбыз үчүн бир аз бирдеме сеп этпейлиби? – татуировкаланган жүндүү колу дароо эле ички чөнтөккө сойлоп кетти. – Канча болуп кетти көрүшпөй калганыбызга... Мен эми баймын, акча деген саман. Пахан каалаганыңча шапар тебе бер деген, - тамашага чаптырды Андрей.

 - Мен ичпейм, - жылмайды Саша. – Ичкиң келип турса иче бер...

- Сенчи?

- Мен шире эле ичип отурайын жаныңда.

Арадан көп өтпөй үстөлгө “Абсолют” арагы келди. Андрей арактан бирди атты да:

- Кана эми, айта бер.

Саша ширеден ууртап койду.

- Эмнени айтмак элем...

- Кандайча эмнени? Кылып аткан жумушуңду айт жок дегенде...

- Сен эмне кылыбатсаң, мен деле ошол менен алекмин...

Андрей шадылуу колу менен стаканды дагы бир жолу көтөрдү:

- Сенин ден соолугуң үчүн!

Анан таң калгансып сурап жиберди:

- А менин эмне кылып жүргөнүмдү сен кайдан билесиң?

Солоник дагы жылмайды:

- Экөөбүз тең бири бирибиздин кылып аткан ишибизди жакшы билебиз да, кичинекей бала белек, Андрей...

 - А ооба десең...

Кыязы. Андрей эки анжы болуп турду. Бир чети көптөн бери бук болуп жүргөн жаны эчактан бери аны жакшы билген мобул жигит менен кенен чечилип сырдашканга, керек болсо андан масилет-кеңеш сураганга дилгирленип турду, бир чети кызуулук менен ашыкча бирдемелерди айтып жиберемби деп ичинен чочулагансып да турду.

 - Сен азыр кайдасың? – сурады Солоник.

- Питердемин, тарыхый мекенимде, - деген Андрей кайрадан арактан баса куйду өзүнө.

– Өзүңчү, бул жердесиңби?

- Ооба, азырынча ушул жерде...

 Арак болбой эле башына тээп, чечекейин чеч кылып баратты Шаповаловдун, улам кызыган сайын ачылып сүйлөп кирди.

Аны машыгуу борборунан чыккандан кийин Нижний Новгородго жөнөтүшкөн экен. Тагылган милдети болбогон эле иш – бандиттерге сатылып кеткен ИИМдин полковнигин жайлаш керек дешиптир. Абдан сак, куу немени отургузалы дешип, бирок айыбын толугу менен тастыктаган далилдерди таба албай коюшкан экен.

Полковник-мент шаарда эч кандай сакчысы жок ээн-эркин жүргөндүктөн машинесинин ичине эки гранатаны ыргытып коюу жетиштүү болуптур. Ошол тапшырманы аткаргандан кийин жетекчилик Шаповаловду келечектүү деп таап Питерге жөнөтүшкөн экен.

Негизи Андрей блатнойлордун дүйнөсүндө урматталган “жакшы” статьялар менен бир канча жолу соттолгондуктан, абактардагы кадыр-баркы да абдан жогору болуп турган экен. Ошондуктан ал эч бир кыйналбай туруп питерлик бандиттердин үйүрүнө өз киши болуп кирип кетиптир да, биринин артынан экинчисин аркы дүйнөгө узата бериптир...

Ичкен сайын тили безеленип, айтпайм дегенин бирин калтырбай ортого төгүп салды Андрей Шаповалов, Саша болсо анын мастыгы тарагандын эртеси өзүнүн ачык ооздугуна кандай гана өкүнөрүн ойлоп отурду.  

 - Сен билесиң, биз кимбиз?- бир топ кызууланып алган Андрей собол салды да, ошол замат ага өзү жооп берди. – Чынжырдагы байлануу иттербиз. Биз жайлап жаткандар болсо шакалдар. Биздин психология иттикинен айырмасы жок, кожоюн ал, тетигинин кокосун жулуп кел дегенде атырылып жөнөйбүз. Биз колубуз менен жайлап жаткандардын ким экенин өзүбүз билбейбиз, туурабы, ууру дешет, ууру болсо эмне экен?

Бул сөздөрдөн кийин Сашанын оюна дагы баягы өзүнөн алыс кубалай албай келаткан ойлор түштү.

-... бизге болсо кылган ишибиз үчүн моминтип сөөк ыргытып коюшат, - Шаповаловдун колу чөнтөгүнөн долларлардын калың таңгагын сууруп чыкты. – Бирок Саша, мен сага муну айтып коёюн: иттер деле карышат, тиштери түшөт, азуулары сынат. Анан андай иттерди билесиңби эмне кылышат? Мойнуна таш байлашат да сууга салып жиберишет. Жанагы Герасим деген неме Мумуну ошентпеди беле...

 - Москвага келгениңе жол болсун, жайынча элеби?- акырын абайлап сурады Саша бул сүйлөшүү катылып жаткан кандайдыр бир сырдын пардасын ачышы ыктымал экенин сезгендей.

Питерлик текебер жылмайып койду да, акчаларын кайра чогултуп салып алды.

 - Мында Москвада бир объект бар. Телевизордон түшпөйт, элдин баарын ыйманга чакырып, насаат айтканды жакшы көрөт. Улуту кавказдык. Мага сөөк ыргытып тургандар бул өлө крутой болуп кетти, асмандан түшпөй калды деп эсептешет. Ошондуктан мени бул жакка айдашты. Мындан кийин эмне болорумду билбейм, акыркы кездерде шеф мени жактырбагансып жүрөт. Адис катары баалуу болбой баратасың дегендей кылат. Мага бул сасыткы жип, таш, анан ыргыта турган терең көлмөнү да даярдап койгон болушу керек... Сага мунун баарын айтпай эле коёюн дегем, бирок отурсам-турсам жаман ойлор жабышып кетпей койду. Муну ким-ким, бирок сен жакшы түшүнөсүң да, Мухомор...

Билсең, ушул ишке макул болгонума абдан өкүнөм. Менин таржымалымды билесиң да. “Строгачта” отурчумун, кадыр-барктуу да элем. Мени бир гондон элдин көзүнчө акарат кылган эле, ага кантип чыдап унчукпай каласың. Бир жерден кармап туруп кокосун жулуп алдым, анан көрүп ал, абактын ичи астын-үстүн ызы-чуу түшүп жатып калды. Абак мөөнөтүмө кошкону атышканда комитетчик келип калды да аңгемеге сууруп чыкты. Ошондо эле макул болбой Соликамскиге кете бергенимде эмине... Бул андан да жаман болуп атпайбы...

 Муну угуп отурган Саша оор үшкүрүп алды, анын деле абалы мунукунан жеңил эмес эле.

- Түшүнөм... Эми, кана мен сени таксиге салып коёюнчу, бол, тур, - чечкиндүүлүк менен ордунан козголду Саша.

- Мухомор, бул эмне кылганың, көрүшпөгөнүбүзгө миң жыл болду го, отуралы да бир аз дагы, - деп булдуруктады Андрей.

- Жок, Андрюха, болбойт, башка убак болсо отурат элем, сени менен жүздү да сокмокмун. Бирок биз иттербиз да, бизди чогуу эч ким көрбөшү керек...

Ошол жолугушуудан көп өтпөй Солоник Испанияга кетти. Коста-Браво деген жерине барды, аер жаңы орустар менен бандиттердин байырлаган жери тура, эми алардын жаңы орусу ким, бандити ким, ажыратып деле болбойт.

Жаандан көзү ачылбаган, нымдуу, дайыма кабагы салыңкы Москвадан көрө күнү жаркып тийген, пальмасы жыш, көпкөк деңизи бар, мыкты ашканасы, күн сайын кайталанчу майрамы түгөнгүс бул жер чынында бейиштей эле.  

Көзүңдүн кареги менен тең айланган, жылмаюусу кетпеген ургаачылары болсо бура бастырбай, жайган торуңа өзүлөрү жан дили менен түшүп берип атканычы...

Саша эч нерседен аянган жок, эс алса эс алайын деди. Акчаны самандай чачты, бирок көңүлү канчалык куунак болбосун, эсине жанагы Шаповаловдун мастык менен болсо да көзачыктан бетер алдыдагыны так айткандары улам капшыттан зырылдап соккон суук желдей ичиркентип, көөнүнөн таптакыр чыкпай туруп алды.

Туптуура, ал ит, итте болсо кожоюну бар, “фас” дээри менен кимди болбосун айрып салары анык. Аның үчүн кожоюн терисинен сылап, майлуу сөөктөн ыргытат. Ошенткени менен бирок жип менен ташты да камдап аткан чыгар...

Демек, башка кожоюнга кетиш керек, бирок кимге?!

15-глава

Россиядагы мыйзамды сыйлаган карапайым калк адвокаттарга карата эки анжы мамиле жасайт: алар керек эместе кылмышкерлерди соттон сууруп кетти же кесиле турган мөөнөтүн азайтты дешип сөгүп калышат. Булардын баарын жактоочулары менен кошуп салыш керек дешет. Ошентсе да мындай жөн-жай адамдардын бири өз акмактыгынан улам жагымсыз бир кырдаалга кабылып калса албетте, биринчи кезекте өзүнүн жарандык укуктарын, анан конституция тарабынан кепилденген юридикалык коргоого болгон укугун эстейт эмеспи.

 Адвокат негизинен жалгыз адам, артында ага кожосундай сыйынган тергөөдөгү адамдар турса, алдында кан жана көз жаш менен майланган мамлекеттик чоң машине: милиция, прокуратура, соттор, тергөө изоляторлору, төрт режимдүү абактар турат. айыптоочу тергөө отургучунда отурган адамды кылмышкер деп тапканга жан үрөсө, адвокатты калканч кылган соттолуучу мыйзам алдында таза экенин далилдөөгө умтулат. 

Мунун баарын тажрыйбасы мол адвокат жакшы билет, ага кимдерди гана коргоого туура келген жок, ал катышкан процесстерде көп жолу күбөлөр соттолуучуга айланып, соттолуучулар болсо сот залынан эле азат кылынган. 

Мына ошол адвокат кабинетинде дагы бир кардары – жаш жигиттин айткандарын тыңшап отурду. Сүйлөп аткан неме мурду коңкойгон, чачы тармал, төшү түктүү кавказдык жигит.

Чынын айтканда, кавказдык анын кардары эмес, тергөөдө жүргөн кайсы бир авторитеттин ишенимдүү кишиси эле.  

Жерге жапыс спорттук «Мазаратти» моторун дүрүлдөтө акырын ылдамдыкта баратты. Анан токтоочу жайга жай бурулду да италияндык кымбат машиненин ичинен жапалдаш бойлуу адам түштү.

Бул Александр Македонский эле.

Испаниядан кайтып келери менен ал батирин да, машинесин да, киймин да толугу менен алмаштырып жаңылаган. Мынчалык кымбат баалуу машинени деле албай коймок, бирок спорттук машилерди сулуу катындардан кем эмес көргөндүктөн, напси чыдаган жок, барды да автосалондон ушуну тандап минип кетти.

Акчанын эмнесин аяйт?

Бычак мизинде жүргөн киллердин эртеңки тагдыры кандай болору бүдөмүк болуп турган чакта эмнеден аянат, бир күндүк жашооң болсо, түштүгүңө жорго мин деген кеп бар эмеспи. Бул акчанын баарын көрүнө кошо ала кетмек беле... 

Супермаркеттен чыгып машинесине келсе анын жанында төрт-бешөө айланчыктап турган экен. Кыска чачтарына, кайыш курткаларына жана дене түзүлүштөрүнө караганда булардын ким экенин дароо түшүндү киллер. Булар кадимки бандиттер, болгондо да эң ылдый даражадагы, катардагы эле “букалар”. Бирок түшүнбөй турганы – булар аны изинен эрчип келишти бекен, балким өзү жайлаган авторитеттердин балдарыбы же... Жок, ага окшобойт, анда машиненин жанында күтүп турушмак беле минтип...

 Унчукпай, тигилерге карап да койбой, машиненин жанына жетти да ачкычын сууруп чыкты. Ошол замат ачкыч кармаган колун кимдир бирөө бекем кармап калды.

- Эй жердеш, - деди кыркыраган үндүү неме. – Машине алмашпайлыбы?

Солониктин бети-башы бырыша түштү.

- Түшүнгөн жокмун...

Тиги болсо жакын жерде турган эскилиги жеткен шалдыраган “девятканы” көрсөтүп:

- Эмнесин түшүнбөйсүң, баары жөнөкөй: сен бизге машинеңди бересиң да биздикин минип кете бересиң. Сага мындай “крутой” арабанын не кереги бар? Баары бир бирөө тартып алат же уурдап кетишет...

- Силерден деле тартып алышсачы? – жайбаракат жооп кайтарды киллер.

- Бизденби? Колунан келбейт эч кимдин, - ишенимдүү айтты бандит. - Бизде машинең бүтүн болот, коркпо тууган...

Саша иштин жайын билип турду. Булар менен мушташа турган болуп калды окшойт, бирок булар төртөө, ал жалгыз, жардам берер эч ким жок.

Бандиттер болсо машинесин берет да дегендей, камырабай турушту.

- Мейли анда, жагып калса ала бергиле, - деди Саша, бирок оюна бир нерсе кылт этти. – Бирок бардачокто бирдемем бар, алып алайын.

Бандит жамажайы ачылып күлүп жиберди. Шериктерине карап, көрдүңөрбү, лохторду кантип таптаза ыргытканды мына менден үйрөнгүлө дегенсип өзүнө өзү ыраазы.

 Саша куралды эч качан бардачокко катчу эмес, анткени түнкү рейддер маалында МАИ да, ОМОН да биринчи кезекте ошол жакты тинтип киришерин жакшы билчү. Ал тапанчаны дайыма эшиктин ичине орнотулган үн чыккыч колонкаларда катып жүрө турган. КГБнын Алматыдагы машыгуу лагеринин курсанттарына ушинтип үйрөтүшкөн. Дайыма жанына арача түшчү ишенимдүү куралы - он жети октуу «глок» мына ошол жерде эле.

Шак алды да артка боло берип тигиге айтты:

- Бардачокто акча да бар эле, аны деле өзүң алчы, ал жакта кайыш визитка жатат паспорт салынган, - деп машиненин ачкычын жайбаракат суна берди.

Оюнда эч нерсе жок, асмандан издегени минтип колуна өзү келип турганына ыраазы болгон бандит ачкычты алды да, эңкейип салонго башын салды. Так ушул ирмемде Саша аны күч менен салондон артка сууруп, башына тапанча такады. Берки тургандардын бирдеме кылганга чамалары да келбей калды.

- Тургула ордуңарда!- өктөм сүйлөп тапанчанын оозун кыдырата кезей берди.

Иштин мындай болуп кетерин күтпөгөн бандиттер абдырап туруп беришти.

- Сен эмне?. – деп булдуруктаган бирөөсү бир кадам алдыга басты.

- Тур ордуңда! – азыр эле кидайт эттик деген лохтон мындайды ким күткөн. – Дагы бир кадам таштасаң мээңди чыгара атам!  

Муну баары билет да: россиялык кылмышкерлер орой күчтү, анан катылган адамга татыктуу жооп бергенди абдан сыйлайт эмеспи. Бандиттердин ою боюнча мындайга жараса алардын кесиптештери гана жарайт, ошондуктан окуя күтүүсүз жагына айланды.

- Туй энең, мындай болорун ким билиптир, - деди бирөөсү.

- Сен кайсы бригададансың, брат,- деди экинчиси.

- Мен өзүмө өзүм бригадамын, - кескин жооп берди Саша.

- Тапанчаңды түшүрчү, сүйлөшөлү, - деген бирөөсү ызаат менен айтты. – Братан, сен... тиги... бизди кечирип кой. Катачылык кетип калды. Сени жүргөн бир кемпай дегенбиз, көрсө өз киши турбайсыңбы.

Кырдаал ошону менен жөнгө салынды окшойт. Саша салондон суурап алган немени коё берип, тиги болсо аны башынан өйдө урматтоо менен карап туруп айтып калды:

- Койчу, чын эле жалгызсыңбы? Мындай болбойт!

- Четтен келип калган гастролер го, - деди шериги. – Сен кайдан келдиң, братан?

- Кургандан.

- Туй ата, атың ким?

- Саша.

- Ылакап атыңчы?

- Македонский, - жооп узатты киллер.

- Укканбыз, билебиз сени! – кубанып кетти бригадир. – Жердеш да экенбиз, биз шадринскийлербиз. Уктуң беле?

Албетте, Солоник уккан, бир нече жолу уккан жайы бар. Борбордо буларды нукура баш кесер «беспредельщиктер» катары билишет. Жергиликтүүлөр буларды бат эле ордуна коймок, бирок алардын колдогон кожосу кадимки Сергей Иванович Тимофеев же борбордо Сильвестр деген каймана ылакап аты менен белгилүү авторитеттин өзү экен деген имиштерден улам даабай жүрүшкөн.

Бул балдарга маңдайында авторитети турабы, ири бизнесменби же мыйзамдагы уурубу - баары бир эле, Калашников автоматы менен граната кай жерден болбосун алардын шансын ким менен болбосун, теңдеп турар эле. Ошентип бара-бара келгиндер борбордон бекем орун таап, байырлашып калышкан.

 Адегенде алар абдан ыпылас иштер менен алектенгенге макул болушту: кимди уурдап, кимдин көзүн тазалаш керек, кимди коркутуп, танабын тартып коюш керек, кың дебей баарын аткарып жүрүштү. Ошентип оозго алынып, булар менен эсептешип калышкан.

- Сен шадринскилерди уктуң беле? – “бригадирдин” үнүндө ачык сыймыктануу бар эле.

- Имиштерди укканмын, - деди киллер сумкасын машинеге салып атып.

- Балким бир жерде отуруп сүйлөшсөк жакшы болор...

- Отурса отуралы...

- Кайсы бир иштерди чогуу да жасап калсак ажеп эмес, - деди “бригадир”.

- Балким...

- Анда эртең кечки саат ондо “Арлекиного” өтүп кел, - деди тиги саатына карап,- сүйлөштүкпү?

Эртеси Саша куратор менен жолукту, андан кеңеш сурабай өз алдынча иш кылуу туура эмес эле.

Куратор анын аңгемесин кунт коюп укту да акырында:

- Шадринскийлер бекен чын эле?- деп тактап койду. – Эмне кылайын деп атасыз анан?

- Сиз эмне десеңиз ошондой кылам, ошондуктан сизден кеңеш сураганы жолугушуп атам да, - деди Саша чынын айтып.

- Баарын туура айтып жатасыз... – куратор тамекисин баса соро. – Алар менен жолугушууга барганыңыз жакшы болот ко дейм. Коё туруңузчу.

 Куратор ошол замат машинеден сыртка чыкты да телефон аркылуу, кыязы, чоңдору менен акылдашты окшойт, кыска сүйлөшүп кайра кайтты.

- Бара бериңиз айткан жерине. Танабын тартып сүйлөшүп көрүңүзчү, сизден аларга эмне керек экен... Сизди сыртыңыздан калкалап турушат, эч нерседен чочулабай бара бериңиз.

Кечки саат ондо “Арлекинодо” кыжылдаган эл көп эле.

Шадринскиликтерди ал дароо тааныды. Жакын барып өз баасын билген адам катары салабаттуу салам айтты.

Аркы-берки кептерден кийин “бригадир” ачыла кепке кирди.

- Сен жөнүндө маалыматтарды билдик. Кургандык экенсиң, мурда ментовкада иштепсиң... Кечиресиң, достум, ырдын сөздөрүн ыргытып сала албайт экенсиң, түшүнөсүң да. Айтор баарын билдик, туурабы?

- Ооба, анын баарын өзүм да билем, бирок бул жакка менин эрдиктеримди айталы деп чакырбасаңар керек?

- Коркпо, Сашок, менттерге эч ким сени стучать этпейт, андай иттигибиз жок. Сени менен сүйлөшө турган кеп башка, - “бригадир” жалжаңдап күлүп калды 

- Ал эмне кеп?

- Биринчиден сага тийишкенибиз үчүн дагы бир жолу кечирип кой, ушундай “рамсы” болуп калды. Моралдык зыянды да төлөп бергенге даярбыз. Сага бере турган белегибиз да бар камдап койгон.

- Иштин жайын сүйлөшпөйлүбү? – сөздү бөлгөн киллер абайлап суроо ыргытты.

- Мейли, сүйлөшөлү. Биз кеңешип минтип чечтик: сен бизге жарайт экенсиң. Чыны балдар адегенде сени мент деп чыр чыгарышты... Кечиресиң, брат, ырдын сөзүн алып сала албайсың дегендей эле кеп да.

- Эгерде менин таржымалымдын кайсы бир жерлери силерге жакпаса, анда базарды токтотолу да тарап кетели, - кыска сүйлөдү Солоник сурдана.

- Уксаң адегенде! – деди капа болгондой “бригадир”. – Биз сага чогуу иштешели деп сунуш кылганы турбуз.

- А силер эмне иш кыласыңар?

Тиги бокалын жылдырып башын кашып калды.

- Кандай десем, баары кырдаалга байланыштуу. Негизинен салык чогултабыз, карыздарды өндүрүп беребиз, эгерде бейтааныш бирөө чыга калып кыйынсынса, дароо танабын тартып коёбуз, ушундай иштер менен алекпиз.

- Мага кандай роль ыйгарганы турасыңар мында?

- Жакшы ролду беребиз, “звено башчы” болосуңбу?

Саша жок дегендей баш чайкады да:

- Мындай, сен булардын башчысыңбы?

- Ооба, эмне экен?

- Эгерде мен макул болсом, анда сени менен тең шартта гана иштешем, акысын да тең бөлүшүп турасың...

- Оо, абдан бийик кеттиң го?- мындай жоопту күтпөсө керек “бригадир”. – Мейли, биз акылдашып көрөлү, анан бир жумадан кийин ушул жерден жолугушабыз. Ал эми азыр мобул белекти кабыл алып кой.

“Бригадир” манжасын кырс эттирди эле, сымбаты кадимки сулуу актриса Мэрилин Монродой жапжаш кызды жетелеп келишти.

- Жагабы? – деп каткырды шадринскилик, кыздын жамбашын ылдый сыдыра сылап койду.

- Сонун экен!- чынын айтты Саша.

- Каалаганыңдын баарын жасайт. Канча тешиги болсо баарына айдай бересиң, ха –ха- ха-аа. Анан да мунун эң баалуу жери - кулагы укпаган дүлөй, эмне кааласаң сүйлөй бер...

16-глава

Кабинетиндеги эң мыкты заманбап компьютердин экранын тиктеген Координатор өзүнүн күзөт фирмасынын ишин чагылдырган кварталдык отчетторду карап отурду. Акыркы айларда жумуш ойдогудай шыр жүрүп жатты. 

Лубянкага таандык күзөт жана башка тейлөө түрлөрүн көрсөткөн коммерциялык курамдын иши күндөн күнгө кулачын жайып, кайрылган кардарларынын саны өскөндөн өсүп баратты.

Борбордогу кримавторитеттер ликвидациялангандан кийин алардын көзөмөлүндө болуп келген таасирлүү банктар, биргелешкен ишканалар, трасттык компаниялар жана фирмалар эми Координатордун канаты астына өткөн. Бул кандайча болду? Мунун да жолун таптак иштеп чыккан Координаторго бали деш керек. Атайын өз кишилерин “ээсиз” калган ишкерлерге акырын жиберип коёт да андан аркысы белгилүү: адегенде разборка жүрөт, анын түйүнүн кайра эле Координатордун кишилери чечишет, болду. 

Коммерциялык Москва эчак бандиттик Москва тарабынан бөлүнүп алынган эле. Мындан бир да ишкана борбордо тыш калган эмес, андай болгондо Координатордун фирмасы мыйзамдуу иштеп атпайбы, уставда ошентип жазылган. Мээси иштеген бизнесмендер ар күнү бирөөнүн кысмагына кабылгандан көрө ишенимдүү фирмага төлөгөнү дурус эмеспи. 

Мында кайдан криминал болсун? Албетте, мындай фирманы башка бирөө ачса салыкчылар, аудиторлор, милийсасы улам келип бат эле бууп салышмак. КГБнын экс-генералына тийишкенге ким даайт...

Мындай ишмердик Координатордун өзүнө да, “конторанын” жетекчилигине да кыйла байлык алып келип жатты. Координатор ачкөздүк кылбай тапканын аянбай бөлүшүп турду.

“Таланганды тоно!” деген революциялык ураанды эскирди деп ким айтса да бекер айтыптыр!

Албетте, Координаторду тынчсыздандырган бир жагдай бар эле. Акыркы кездерде кримчөйрөнүн лидерлери бир топ акылдуу болуп алышты. Маселен, 1994-жылдагы бандиттин сырткы кебетеси ондогон жылдар бою калыптанып калган мурдагы типажга таптакыр коошпой, башкача болуп чыга келди – азыркы авторитеттер кычыраган тройка-костюм кийип, тилдери да башкача сабаттуу, жанагы демейде ар бир сөз сайын колдончу “рамс”, “качалово” жана башка абактан жаралган жаргон сөздөрдү кошпой, таза, сабаттуу сүйлөгөнгө үйрөнүштү. Алтургай, булардын ичинен театрга, классикалык музыканын концерттерине баргандар арбыды. Аларды чындап эле ал жакка бирдеме тартып турат дейсиңби, болгон кеп модада – элдин баары барып атабы, демек, элден артта калбаш керек. Көптөрү күндө теледен түшпөгөн чоң мансаптуу адамдардан дос да күтүп башташты, андыктан кадимки пахандарга караганда мындайларга жакындаштын өзү кыйындады.     

 Ошондуктан Координатор булар менен салттуу эмес ыкмада күрөшүү зарыл экенин жакшы түшүнүп турду. Бул ыкма - аларды жок кылуу гана керек.  

 Координатор текстти чыгарып алып окуп кирди.

Отари Витальевич Квантришвили, 1948-жылы туулган, Зестафони шаарынын (Грузия ССРы) тургуну. Классикалык күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер. 1966-жылы Москва шаардык соту тарабынан РСФСР ККнын 117-беренеси (зордуктоо) менен соттолгон. 1970-жылы “жай агымдагы шизофрения” диагнозу менен Люблин шаарындагы психиатрикалык ооруканага жөнөтүлгөн....

Досьеге ылайык, Отари Квантиришвили москвалык кылмыш дүйнөсүнүн элитасына эч качан кирген эмес, бирок кыймылдаткыч күчү болуп эсептелген. Көптөгөн криминалдык долбоорлор так анын күч кайраты жана толгон-токой байланыштары аркылуу ишке ашкан. Мисалы, ал уюштурган Лев Ящин (атактуу советтик футболчу) атындагы Фонд президенттин жарлыгы менен салыктан, бажы төлөмдөрүнөн толугу менен бошотулган   

Андан тышкары, Отари ишкерчилик менен ийгиликтүү алектенген, анын баарын мыйзамдуу деп аташка болбос эле. Мисалы, ал сыртка нефти, цемент, сейрек металл алып чыгып сатып, түшкө да кирбеген фантастикалык киреше таап турган, сырттан болсо арзан немис арагын ташып келип, аны он эсе өйдө баада сатып туйтунган.

Оперативдик маалымарттарга ылайык, Квантришвили «Ройал» казиносун көзөмөлдөп, «Интурист» мейманканасында үлүшү бар, бир канча олуттуу банктардын да ээси болчу. 

Ал ИИМдин эң жогорку жетекчилери менен да, Япончик Рафик сыяктуу атактуу мыйзамдагы уурулар менен да бирдей мамиле түзө билген жана эки тарапта тең кадыр-баркы бар эле. Отарикти россиялык кримчөйрөнүнүн төбөлдөрү калканыч катары пайдаланышчу, анткени ал сансыз акчасы менен кошо фантастикалык мүмкүнчүлүктөргө эгедер адам эле.

Координатордун алдында мына ушундай адамды жок кылуу милдети турду.

Килейген япон телевизорунун күңүрт жарыгы жаңгактан жасалган эмерекке, полдо чачылып жаткан кийимдерге, кымбат баалуу жибек жууркан салынган эки кишилик керебетке түшүп турду. Жеңил төшөктүн астында бири бирине кыналыша жаткан эки адамдын денеси байкалып турду. Астында жаткан кыз ичке үнү менен онтолоп жатканына караганда жыргалга баш оту менен батып жаткандай. Үстүндө жаткан эркектана да андан кем калышпай күшүлдөп-бышылдап, шахтердун кен казгыч балкасы менен иштеп аткандан бетер, бир калыпта иштеп жатты.

- Олег, азыр... азыр меники түшөт, дагы күчтөчү!- онтоп жатты кыз.

Так ушул маалда теленин экранында диктор пайда болду – жүзү абдан олуттуу эле.

- Биздин берүүнү кайгылуу кабардан улам токтотууга аргасызбыз. Азыр эле Москванын Столярдык чолок көчөсүндө россиялык белгилүү ишкер, Лев Ящин атындагы Фонддун президенти Отари Квантришвилини белгисиз бирөөлөр атып кетишкендиги маалым болду....

Батирдин ээси Солоник ошол замат тура калып телевизорду тиктеди да катып калды.

- Олег, сен кайда?!- жыргалдын туу чокусуна жетпей калган кыздын доошунда кападарлык бар эле.

- Коё турчу!

- Жабырлануучу Боткин атындагы ооруканага жеткирилген, бирок башына, моюн жагына тийген октон улам жан берди. Ок кабат үйдүн чатырынан атылган – кыязы, профессионал киллер аткан деген маалымат айтылууда. Тилекке каршы, - диктордун үнүндө аёо бар эле, - мындай окуялар россиялык борбордо көнүмүш ишке айланууда. Буга чейин атылган бир нече ишкерлердин, коомдук, саясый жана диний ишмерлердин өлүмү алиге чейин бети ачылбай турат...

- Тур, бат кийин, - кызга буйрук бере айтты Солоник экрандан көзүн албай.

- Эмне болуп кетти анчалык?- деди абдан капа болгон кыз.

- Мен кийин деп атам! – батир кожоюнунун үнү абдан катаал эле, бирок аны сезе койду да бир аз жумшара түшүп айтты:

- Катя, кечирип кой, сени менен эртең жолугалы, макулбу?

- Жанагы атып кетишкен неме таанышың беле? – эми кереги жок экенин түшүнгөн кыз кийине баштады.

Саша үшкүрүп алды.

- Ооба...

- Тапкан экенсиң кимге кайгырышты! Мага койсо мына бул бизнесмен дегендердин баарын четтен терип атмакмын!

- Катя, бол ылдам, сен тез кетишиң керек!

Кыз убада кылынган акчаны алды да ошол замат шып чыгып кетти.

Саша аны ошол замат унутуп, уйгу-туйгу ойлору сапырылып турду. Кийинип эшикке, марттын салкын абасына чыкканда гана ойлору бир жерге токтогондой болду.

Авторитетти профессионал киллер атып кеткени анык дечи, бирок муну ким аткарды?

Бул ойлонбосо деле түшүнүктүү болучу. Тээ баягы Алматыдагы даярдоочу борбордон чыккандардын баары Солониктин атынан иштешмек. Мына бул грузин авторитетинин өлүмүн да эртеби кечпи, ага илишет, мындан аркы адам өлтүрүүлөдүн баары ага илинет.

Качандыр бир кезде, балким жакында Москвага: Александр Македонский аттуу, мээлегин жаза кетирбес көзгө атар киллер, атына жана мартабасына карабай уурулар менен бандиттерди аёосуз кырган Кудайдын Шапалагы бар деген имиш тарашы ыктымал...   

Отари Квантришвилинин өлүмү борбордо буга чейин болуп көрбөгөндөй ызы-чуу жаратты. Ошондон бир нече күндөн кийин Красный Преснянын мончолорунун жанында атып кетишкен маркумду алиге эс учун жыя албаган Москванын кримдүйнөсү аны акыркы сапарга узатты.  

Анын кырк миң долларлык табытка салынган сөөгү Москвада кадыр-барктуу эсептелген Ваганково көрүстөнүнө, мындан мурдарак атып кетишкен бир тууганы Амирандын жанына коюлду. Сөөк жерге берилгенден кийин кара ашы берилип, отургандардын оюнда мунун баарын ким кылып жатат, эмки кезек кимдики деген түпөйүл сар-санаа ачык байкалып, аргаларын алты кетирип турду.  

Эмне үчүн киллердин огунан саксактап кайтарып жүргөн өгүздөй сакчылар да, бригадалардын кубаты да, сансыз акча, кала берсе, мыйзамдагы уурулардын даңазалуу аттары да коргой албай калып жатат?

Суроолор көп эле, бирок анын бирине да жооп табылбай турду.

17-глава

Жашоо болсо өз агымы менен. Үрөй учурган – киллерлери адамдарды ит аткандай четинен кырган, уурулардын тымызын жыйналыштары, менттер күндө бирөөлөрдү кармаган “разборкалар” түгөнбөгөн коркунучтуу ааламдан башка да дүйнө бар эле. Анда адамдар бала өстүрүп, ыр жазып, буудай өстүрүп, болот эритип, маңдай тери, ак эмгеги менен нанын таап жеп жатышты.

Биз өйдөдө кеп кылган Адвокат жанагы кавказ жигиттин суранычын толугу менен аткарды. Натыйжада, бир нече күндөн кийин кебетеси өлгөн жыландай кагыраган судья катын көз айнек таккан көздөрүн акшыңдатып, күрөөгө жыйырма миң доллар койсо, сот баш коргоор чарасын эркиндикке чыгаруу менен өзгөртүүгө мүмкүн экенин кабарлады.  

Ошондон көп өтпөй Тенгиз, Гурам, Адвокат үчөө Подмосковьедеги чакан, жылуу жумшак ресторанчиктердин биринде үлпөт куруп отурушту. Мыйзамдагы ууру улам колун жактоочу жакка жаңсап, бошонуп чыкканына карата куттуктоолорду кабыл алып отурду. Тиги болсо ыраазы болгон көздөргө карап, унчукпайт.

Ичкилик улам ичилген сайын отургандардын чечкейи чеч болуп, кептин темасы эчак сот залынан башка нукка оогон. Кымбат машинелердин баасы, модага айланган курорттор, банктар, анан борбордогу имиш кептер бир сыйра талкууланды. Адвокаттын сол жагында отурган Гурам акыркы кездерде Москвада араанын жайган табышмактуу киллердик атуулар туурасында пикирин айтып отурду.

- Мунун артында кимдир бирөө жалгыз турса керек, - деди кавказдык шылуун. – Атууга буйрутма берип жаткан немелер бир ок менен эки коёду атып жатышат: биринчиден, жакпагандардын көзүн тазалатса, башка жагынан өлгөн авторитеттердин досторун бирине бирин кайрап, өчөгүштүрүп атышат. Кандай дейсиң? – ал Адвокатка бурулду. – Бул ким деп ойлойсуң?

Тиги болсо унчукпай ийнин куушуруп койду.

- Ким билсин...

- Москвада Александр Македонский деген киллер пайда болуптур, тимеле ийненин көзүн теше аткан ченде жок мерген-киллер имиш. Менттер да, балдар да ага алдары келбей аткан экен кармаганга. Кыскасы, Жеймс Бонддон да ашып түшүптүр.

Айтаарын айтып, Адвокатка суроолуу карап калды.

Ал жылмайгандан башка ныпым кеп айткан жок.

Арийне, ошол ресторанда авторитеттин сыйын көрүп отурган Адвокаттын мына ошол табышмактуу киллер Александр Македонскийдин өзү менен жолугушаары, ал кездешүү анын жашоосун таптакыр башка нукка өзгөртөрү үч уктаса да түшүнө кирбеген...   

Башкалардан айырмаланып Солоник чиеленишкен көп суроолорго жооп таба алчу, бирок акыркы кездерде сар-санаа ойлорду ойлобоско аракеттенчү болду. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде аны башка бир кишинин өлүмү абдан катуу чочутту, түпсүз сар-санаага салды.

Отари Квантришвилинин өлүмүнөн бир нече күн өткөн соң киллер телевизордон капысынан мындай деген кабарды укту:

“Ушул жылдын 6-апрелинде Битцев паркынын чөлкөмүндө денесинин көп жерине бычак сайылган эркек кишинин өлүгү табылды. Жашы отуз, отуз бештерде, боюнун узундугу 185 сантиметр... андан ары кийген кийми, мүнөздүү белгилери, жанынан эч кандай документтер табылбаганы кошумчаланып, кимдир бирөөлөр бул кишини тааныса же билсе милицияга кабарлап коюу суранычы айтылды.  

Саша өлгөн кишинин сүрөтүн бир карап эле аз жерден кыйкырып жибере жаздады: бул жанагы аны менен чогуу даярдыктан өткөн питерлик Андрей Шаповалов эле...

Ким өлтүрдү экен? Эмнеге?

Андрейди “контора” жайлаганы айтпаса да белгилүү болуп турду. Себеби да белгилүү эле. 

 Солоникте эч качан дос деген болгон эмес, эки жашоо менен жашаган киллердин кандай досу болушу мүмкүн? Бирок ошентсе да тирүү пенде катары ал кимдир бирөөлөргө ыктап, боор тартып жакындоого аракеттенди. Ошондой адамдардын бири эмнегедир ушул Андрей эле. Ушундай да болот турбайбы жашоодо...

Баягы кеч күздө кафеде кокусунан кездешип отурганда борборго эмне үчүн келгенин ачык айтып берген эмес беле Андрей. Эми анын айткандары кайрадан кулагына жаңырды. “Бул жерде, Москвада бир объект бар. Теледен түшпөй, башкаларды ыйманга чакырганы чакырган. Өзү кавказ улутундагы киши. Мага сөөк ыргытып тургандар аны чектен чыгып, абдан эле көкөлөп кетти деп атышат. Ошондуктан мени бул жакка жиберишти”.

 Кавказ улутундагы киши.

Анда Саша буга маани берген эмес. Чыны бир ай мурда куратор аны Успенскидеги дачасына алып барып, келечектеги курмандыктарынын сүрөттөрүн көрсөткөн. Алардын ичинен Отари Квантришвилинин сүрөтүн көрүп, өңү купкуу болуп чыккан. Анткени ага кошо анын досу, атактуу ырчы, “Московит” фирмасынын башчысы Иосиф Давидович Кобзонду да жайлаш керек эле. 

Ананыраак куратор кайрадан токтотуп, эс ала бер деп койгон соң бир аз жеңилденип калган болучу. Бирок бул ишти аткара турган запастык вариантта киши бар экенин да ошол замат түшүнгөн. Эми Квантришвилини мына ошол запастагы киши – Андрей Шаповалов жайлаганы айдан ачык болуп турду. Өлтүрүү чуулганды жаратты, аны аткарган адам акчасын толугу менен актагандан кийин кереги жок болуп калгандыктан, кожоюндар аны да жантындым кылышкан тура...

Ошо кафеде отурганда өлүмдүн муздак илеби ага жакындап келгенин дагы бир эстеп, ичиркенип алды. Бардык эле желдеттердин тагдыры ушундай болмогу, кереги жок болуп калгандан кийин алардан арылыш керек эмеспи. Ооба, мындан жарым жыл мурда ал алдыдагы келечек туурасында ой жүгүртүп жаңылышпаган экен: киллер жалгыз боло албайт, анын дайыма жумшап турган кожоюну болушу керек.

Анын эми “Александр Македонский” деген ысмы бар. Бул ысым братвалар отурган бардык жерде коркуу менен оозго алынып, ичтеринен кан өткөнчө чочулай турган болду. Андай болгон соң өз ысмын ал башка кожоюнга сатса эмне үчүн болбосун деген суроо өзүнөн өзү турду.

 Ит бир эле кожоюнга кызмат кылышы керек деп ким айтыптыр?!

Кычыраган, айнектери күңүрт кара “Мерсте” экөө баратты. Булар Солоник менен шадринскийлердин “бригадири” эле.

- Кана, айтчы, чын эле оюңан кайткан жоксуңбу?

- Жок, баягыда “Арлекинодо” отурганда эле келишпедик беле...

- Деги сага эмне керек, Саша?

Кеп шадринскийлерге абдан жолтоо болгон адамдын көзүн тазалоо туурасында эле.  

Оо, куратор баш болгон “контора” абдан туура кадам жасаган экен, аркы кездешүү учурунда кгыбшник аны бекеринен шадринскийлерге кошулуп кетүүнү үндөбөгөн тура. Мунун эки себеби бар болуп чыкты..

Биринчиден, Македонскийдин атагы чыккан катаал шадринскийлердин тобуна кошулуп кетиши киллерлик атуулардын толкунун кай бир даражада түшүндүрмөк. Иш жүзүндө кадыр-барктуу адамдарды жөндөн жөн эле кыра берген баягы шадринскийлер чектен чыгып бараткан болуп чыга келет.

Экинчиден, Солоник уюшулуп келаткан жаңы кылмыштуу топтун арасына калкаланып кирип кетет. Гангстерлердин кландарынын ортосунда кадимки согуш жүрүп атат, анын эмнеси таң калыштуу? Дагы көптөрдүн башы томолонот, ошентип алардын баары шадринскийлерге жазылып кала берет.

Мунун баарын тыкыр ойлонуп отуруп киллер бул жагдайды өз пайдасына пайдаланууну туура көргөнсүдү, кожоюндарын алмаштырсам деп өзү ойлонуп атпады беле...

- Ачык эле айта бер сага эмне керек, - суроосун дагы бир жолу кайталады “Мерсте” отурган “бригадир”

- Магабы, албетте, адегенде акча керек.   

- Канча? - ылдам сурай салды тиги.

- Бакстан элүү даана, бирок нак болсун.

- Макул, муну жасайбыз, а экинчиден?

- Клиент туурасында толук маалымат. Дареги, сакчысы, үй-бүлөсү, автомобиль маркасы, күн тартиби, эс ала турган жерлери, көзөмөлгө кармаган фирмалары...

- Бир жумада болот. Дагы эмне керек?

- Балким, бир нече балдар керек болуп калат, калганын баарын өзүмө алам...

- Акчаны азыр десең да таап беребиз, кааласаң аванс кылып ал, азыр балдарга чалсам чогултуп коюшат, алып кетесиң, болобу?

Суроо атайын берилип атканын Саша ошол замат түшүндү. Ким ким, бирок кантип эле Солоник өз баасын билбесин. Эмне дейт экен деп текшерип атпайбы бул.

- Ракмат, кереги жок, мен эч качан аванс алып же кредитке иштебейм. Сага да берер кеңешим ошол. Кредитке бирдеме алсаң кымбатка түшөт эмеспи. Кана эми качан жолугушабыз?

18-глава

Таң калыштуусу, кезектеги “объектинин” кандитатурасы “конторанын” да, Солоник ичине “киргизилген” шадринскийлердин да көз караштарына дал болуп чыкты. Клиент бандиттерге да, алардын каршылаштарына да ыңгайсыз адам окшобойбу. Буга таңдануунун деле кереги жок, уюшкан кылмыштуулук бар жерде сөзсүз ички кландык тирешмейлер кошо жүрөт эмеспи...

Владислав Абрекович Выгорбин, дагы бир аты Бобон, дагы бир аты Ваннер, баумандык “бригаданын” таанымал лидери, маркум Глобустун оң колу эле. Үч жолу соттолгон бул адам криминалдык Москвадагы олуттуу орунда турчу. Баумандык “бригада” ок атуучу куралы менен, анан да ага баш ийген бизнесмендердин саны менен атактуу эле. Длугач атылгандан кийин ага таандык фирмалардын, банктардын бир тобу, албетте, анын карамагына өткөн.  

Ваннер мурдагы кожоюнундай эле ыктаганы кавказдык уурулар болчу, аларды Москвада “апельсиндер” деп аташып, булардын анчалык кадыр-баркы жок эле. Кавказдыктар тарапта болгон үчүн Ваннер, демек, россиялык салттуу кримдүйнөгө атаандаш болгон эмеспи. 

1993-жылы Глобус атылгандан кийин анын ордун москвалык пахандар алардын пикири боюнча туура жүргөн, кадыр-барк десе кадыр-баркы бар, архангельскилик братвалардын анабашылары бир туугандар Браундарга ыроолоп турушкан. Ошондуктан бир туугандар шашылыш түрдө ишти кабыл алууга Түндүктөн чакырылып алынган. Мындай чечим албетте, кожоюнунун ордуна көзүн кызартып жүргөн Ваннер-Бобонго жакмак беле. Ошондон көп өтпөй анын “өгүздөрү” бир туугандардын артынан аңдып жүрүшүп, таламандын тал тушунда Мосфильм көчөсүндөгү үйдүн лифтинен чыгып келе жаткан жеринен атып кетишкен.

 Браундарды калкалагандардын кыжырдануусунда чек жок эле. Бул адам өлтүрүү чектен чыккандык катары бааланып, Бобон өлүмгө өкүм кылынды. Муну аткарууга шадринскийлер тартылды, анүстүнө алар маркум бир туугандардын жакын достору болушчу. Бирок мунун баары айсбергдин чокусу гана. Бобон туурасында алынган маалыматтар куратордун Солоникке берип турган маалыматтары менен толук дал келишти.

“Ал бир нече фирмалар менен банктарды астына басып алды” деп бир жолу айткан куратордун кебинин төркүнүн Солоник дароо түшүнгөн, кыязы, уюшкан кылмыштуулук менен айыгышкан күрөш алып барабыз дегендердин башка да максаттары болсо керек да... Буларга агылып кетип аткан акчалардын кайдан келгени киллерге айдан ачык эле. Киллерге ушунчалык төлөп атышкандан кийин аны башкаргандардын чөнтөгүнө канча түшүп атканын элестетүү анчалык деле оор эмес эле.

- Шадринскийлер сизге абдан ишенип калышты, - кургак айтып койду куратор бир жолу. – Эми сизде мыкты “крыша” бар. Бобонду болсо булардын көрөргө көзү жок, ал булардын тимеле тамагына сайылган сөөктөй. Анүстүнө аны абдан серьезный адамдар өкүм кылышты.

Ушул жерге келгенде Солоник силердин шадринскийлерден кандай айырмаңар бар деп сурап ие жаздады, бирок тигинин сүрдүү жүзүн карап, ошол замат тилин тишине катты.

Темир гараждын асты былкылдаган чатырына беймарал жатып алган Саша жанында жаткан Калашников автоматын карады да ылдыйга, жолго тигилди. Волоклаский шоссесинин жээгиндеги ушул жерде Бобондун машинесин күтүп жатканына жарым сааттай болду, анын арт жагындагы тосмо артында бир нече шадринскийлик балдар бугуп жатышкан эле. Алар да тегиз “калаш” менен куралданышкан. Эми алар бул кубаттуу автомат менен Македонскийдей мыкты мамиле кыла алышчу беле, ошентсе да баарына белен булар да өз кезегин кетирбес...

Ар кимдин аткарар иши жарым жыл мурда эле ийне жибине чейин так аныкталып, мында башкы ролду, албетте, Солоник ойноого тийиш.       

 Бобондун артынан сая түшүп издеп келатышканына бир топ болду, бүгүн эртең менен гана авторитеттин мына ушул канжол боюндагы мылтык атчу тирге бат-баттан келип турары анык болду. Дагы бир эске ала турган маалымат – Бобондо да, анын шопурунда да мыйзамдуу уруксат берилген куралдары бар, бирдеме болсо алар өлбөгөн жерде калууга даяр, кара баштарын кашык каны калганча коргошот, ошондуктан муну да эске алуу керек. 

Албетте, ок чыккан жерде атышуу болот, эки тарап тең атышып жатып калат, ошондо Солоник өз кебин айтууга тийиш.

Күтүлбөгөн жерден артта жаткан балдар тараптан акырын ышкырган үн угулду, бул даяр бол деген белги. Саша автоматты бекем кысып, анын предохранителден чыгарды да жайбаракат жол тарапка көз чаптырды.   

Килейген күмүш түспөл “Форд” моторун дүрүлдөтүп шоссе тараптан чыга келди. Мына, азыр ал оңго бурулат да тирге келип токтойт. 

 Саша жооп кылып ышкырып койду – бир нече ирмемден кийин бетон тосмодогу атайын оюлган тешиктен автоматтын оозу сунулду да “Форду” көздөй татыраган ок атылды. Ваннердин машинеси ошол замат көзгө көрүнбөгөн тосмого келип кептелгендей тык токтоду да, кимдир бирөө жооп кыла ок чыгарды.

Солониктин тыкыр эсебинин тактыгын кара, шадринскийлер татырата ок атып, анын алаксытып беришти. Мээлеп өйдө жактан ок чыгарган Саша гана болду. Жарым чөгөлөп автоматтагы болгон окту машиненин чатырына жаадырды. Илме тешик машинеде мындай коргошун мөндүрдөн ким аман калмак.

Операция болгону жарым мүнөттө бүттү. Кереги жок болуп калган автоматты ары ыргыткан киллер чатырдан секирип түштү да аны күтүп турган ак “девяткага” чуркады.

- Кеттик! – орундукка отурары менен шопурга баш ийкеди.

Шадринскийлердин “бригадири” аны жаңы эле штанга көтөрүп аалам рекордун орноткон спортчудан бетер абдан урматтоо менен карап жатты.

- Бля, укмуш, класс...- ышкырып койду ал тамекисин тутантып. – Мындай бат, ойдогудай болот деп ойлогон да эмесмин...

 Алар борбор калаанын чет жагындагы кафелердин биринде шатыра-шатман түшүп отурушту.

- Балдар баарын тактап чыгышты. Үч өлүк бар болуп чыкты. Бири Бобон өзү, экинчиси айдоочусу, анан үчүнчүсү дайыма жанынан чыгарбаган ити. Уксаң, сен анын кызы менен келерин кайдан билдиң ыя?

- Кайсы кызы? – таң кала сурады киллер.

- Бобон тирге кызын ала келген экен, мактанайын десе керек. Салондун ортосуна кулап калган экен, бир да ок тийбептир.

Саша ойлуу столду ургулап койду, бир чети анын огунан күнөөсүз бала жабыркабай калганына кубанып да турду.

- Ваннердин балдары эми тикелеринен тик турушат, - “бригадирдин” кубарган жүзү мыскыл жылмайды. – Эми ишенер кожосу калбаганын билип атышат да.

- Бизди издешеби?

- Биздиби? Ким издемек эле. Боолголоп атышат да азыр ким болушу ыктымал деп. Тигинин душмандары болсо толуп атат. Издей беришсин, покту да таппайт.

Отуруш аяктагандан кийин “бригадир” аны саунага, кыздарга алып барайын деди эле, Саша андан баш тартты, анткени алдыда куратор менен жолугушуу күтүп турган. 

 - Кечирип кой, братан, башка жолу барарбыз. Азыр кичине тук этип, эс алгым келет.

- Мейли эмесе, - “бригадир” эсеп берүүсүн сурап официант кызды чакырды да, ошол замат: - Акчасын мен төлөйм, брат, сага карыздар эмеспизби анүстүнө. Эсиңдеби, баягы келишим, тең үлүштө иштейбиз, сен айттың, бүттү...

Кримтөбөлдөргө ит аткандай кыргын салуу милициянын, журналисттердин гана эмес калган калктын да акыл эсин бийлеп, тегиз бүлүк салды. Бул чуулгандуу буйрутма өлүмдөрдү ички кландык териштирмейлерге оодара салууга болбосу ачык эле көрүнүп турду. Кыязы, ушул Москвада эчак о дүйнөгө аттанган авторитеттер гана эмес, болочокто аттана турган криминалдык дүйнөнүн мыкчыгерлери да киргизилип коюлган болушу керек. Демек, бул тизмени кимдир бирөөнүн тажрыйбалуу колу түзүп, киллерлерди айдактап турган да ошол болушу керек. Бирок бул адамдар кимдер болду экен, алар менен кантип келишсе болот? Жыбыраган суроолор арбын болгону менен алардын бирине да жооп жок эле. Ал эми коркунучтун баары маалымат жок жерде жаралат эмеспи.

Булвардык гезиттер биринен бири озо шумдук божомолдорду чуулдатып жатышты. Олуттуу гезиттер болсо кырдаалга иликтөө жүргүзгөнү менен андан майнап жок эле.  

 Бандиттер колу-бутунан тушап, аянбай кысмактап, саап турган бизнесмен байкуштар бир аз жеңилдегенсип калышты, жеңилдебей эмине, тигилер бири бирин кырып атышса эми алардын бизге кайдан чолосу тиймек дешти.

Бир бурчунда камин чытырап күйүп, ортосунда тамак-аштан ийилген үстөлдү тегеректеп улгайып калган курактагы төрт киши отурду. Кебетелерине караганда булар жөнөкөй кишилер эмес эле: манжаларындагы чегилген көгүлтүр шакек-татуировкалар алардын криминалдык дүйнөдөгү бийик мартабасынан кабар берип турду.

Россия Федерациясынын болгон шимшигичтери бул жерде эмне кеп болуп атканын жок дегенде бир эле кенедей четин угуп, кимдер отурганын көрүш үчүн баарынан кечип кетишке даяр эле. Подмосковиедеги бул дачада “кичи сходняк” өтүп жатты. Кадыр-баркы ченемсиз бийик мыйзамдагы ушул төрт ууру гана россиялык кримдүйнөдө болуп жаткан иштерди сындап, баа гана бербестен, аны жөнгө салганга да толук акылуу эле.

- Глобусту жайлаштыбы, мейли, анын кетер жагы ошол болчу, - деди отургандардын эң улуусу. -  Бирок туура жүргөн ууру минтип калаймакан салмак беле? Өзү баштап бригада чогултуп, өзү баш болуп коммерсанттарды кысмак беле? Ушул кантип болсун, ия?

Сүйлөп аткан неменики туура, “эски” муундагы кылмышкерлердин түшүнүгүндө мыйзам уурусу бригаданын башында өзү турганга укугу жок болчу да.

 Ал оор үшкүрүп, улутунуп алды.

- Иш Глобуста эле эмес, - өңүнөн тарткан азабы ачык байкалган арык пахан каршы чыкты. – Бир эле Глобус ушундай болсо кана? Жаткан жери жайлуу болсун, Калинада эмне күнөө эле? Анын душмандары деле жок болчу, кимге ал бут тосуптур дейсиң? Зыйнатына канча киши келгенин көрдүк ко? Ал чечендерди бири бири менен да тил табыштыра билчү. Отарик кимге жамандык кылды эле?

 - Атып кетиштиби, демек, бирөөлөргө бут койгондур да. Негизи мунун баары атайылап жасалып аткандай. Менттер кавказдык уурулар менен орустарды атайын чабыштырып аткан жокпу?

 - Муну укканмын, кеп анда деле эмес, - карган ууру колуна шиш алып каминдеги отту көөлөп кирди. – Кеп мунун артында ачыктан ачык бирөө турганында, колу да окшош бирдей. Ким турушу ыктымал дейсиңер?

Калгандар ийиндерин куушуруп тим болушту. Балким булар деле билсе керек, бирок атайын ыйбаа сактап чурк этпей отурушту, анүстүнө унчукпоо алтынга тете сапат эмеспи буларда. Андан калса эми уурулар ортосунда да кандайдыр бир салкындык аралап кеткенсиди.

 - Билесиңерби, Длугачтын астында канча банк, фирмалар бар эле? Аны жайлап кетишкенден кийин алардын бир бөлүгү каршылашы Бобонго кетти, ал эми калганы кайсы бир таң калыштуу күзөт фирмасына баш ийип калышты. Жакшы төлөп атышат, эч ким алардын мышыгын мыш дегенге даабайт имиш.

- Ал эмне болгон фирма экен?

- Белгисиз. Мен балдарды жөнөтүп көрдүм – эч нерсе биле алышкан жок. Ошол фирмага өтүп кеткендерди акырын кысып да көрөлү деп барышса СОБР сыяктуу бирөөлөр келе калган экен, араң качып кетишиптир. Ал фирманын кожоюну созолонгон бир абышка дешти, бирок көз жазгырыш үчүн гана коюлганы анык. Баса, бир нерсени аныктаганга жетиштик, ал жердин чыныгы кожоюну – мурдакыбы же азыр иштеп атканбы, айтор, генерал же ошондой бирөө имиш. Эми билдиңерби?

Пахан минтип сурабай деле койсо болмок. Анткени бул жерде отурган адамдар келесоо эмес эле, зонага нечен жолу барып келген булардын ар биринде тажрийба жетишерлик, мыйзамдарды, кылмыш кодексин ийне жибине чейин ар кандай соттон же прокурордон мыкты билген буларга “контора” ачыктан ачык адам атмайлар менен алектенгенге жөнү да, укугу да жок экени түшүнүктүү эле.  

Бул төртөө ошентип кыска нуска гана сүйлөштү. Мындай жолугушууларда ар бир айтылган создүн куну алтынга тете, ар кандай кош маанилүү сөз оозунан чыккан адам ага толугу менен жоопкер.

 Чечим бул болду: кандай болбосун табышмактуу киллердин изине чыгып, аны аныкташ керек, анткени кимдин буйругун аткарып жатканын мына ошол киллердин өзү гана айтып берет.

- Мен шадринскийлердин ичинде аралашып жүргөн Александр Македонский деген неме туурасында уктум эле, - деди кеп соңунда отургандардын бирөөсү аяр сүйлөп, - жанагы кол башчы эмес, мунун каймана аты ошондой. Аралашып эле жүрөт дечи, бирок эч кимге ачылбаган неме экен, ким, эмне болгон неме таптакыр билип болбойт.

- Менттерди, прокуратураны иштеткиле, - деди тышын кычыраткан кексе ууру. – Биз ал сасыткыларга эмне үчүн акча төлөп атабыз? Өздөрүнүн оперлерин, тергөөчүлөрүн көткө тээп кубалашсын, изине түшүшсүн. Иш олуттуу. Бүгүн же эртедир дагы бирөө...

Башчы сөзүн аяктаган жок, бирок аны баары түшүндү.   

19-глава

Memento more — өлүмдү унутпа.

Блатнойлордун денесине чегилген ушул көөнө латын сөзү жалданма киллердин азыркы абалына абдан куп келишип турду.

 Өлүм адамда ар кандай буйткадан күтүп турат, аны күндө көрүп жүргөн кадимки эле почточу, акыр-чикир салынчу челекти айланчыктап көгөрүп тоңгон, кебетеси киши карагыс бомуж же машинени кайсы бир эрежени буздуң деп токтоткон гаишник сержант деле алып келиши ыктымал.

Memento more — өлүмдү унутпа.

Муну ар бир мүнөтү бычактын кырында турган атайын борбордун бүтүрүүчүсү жакшы билчү. Ошондой болгон соң бир күндүк жашооң болсо, түштүгүңө жорго мин, жашоодон ыракат ал, колдон келишинче дуулда, адам пендеси көрө элек бул жалган жашоодогу болгон жыргалды татып кал. Минсең машиненин эң кымбатын мин, батир алсаң эң мыкты кан сарайды ал, катын менен көңүл ачкың келсе башкалардын колу жеткис сулууларын танда...

Өмүрүндө Александр Солоник катын атмайдын далайын даамын татып көрдү, бирок алардын баары көк мээ келесоо, малдай түшүнүгү жок, жалаң керт башынын камын ойлогон ургаачылар эле: талтайып жатып бергенден, соорусун былкылдаткандан башканы билишчү эмес, улуу лаззат сезим аталган махабат салгылашуусунан кийин дубалга оодарыла ыктап, коңурук салар эле.

Алардын бирине да, жадагалса жан биргем деп тагдырын кошкон эки келинчегине да ныпым сезими ойгонгон жок. Алардын бирине ды жылуу сүйлөп, мээримин чачып, кам көрүп же келечек туурасында таттуу ойлорго, кыялдарга бата албады... Бирок турмушта чыныгы мына ушуга татыктуу аялга жетсем дегенде эки көзү төрт эле

 Алена менен кокусунан таанышып калды. Бул жашоодо бардык эле таанышуулар кокусунан болот турбайбы.

Ал күн Солониктин эсинен чыкпас. Так майрамдын алды 7-март болчу. Саша бассейнге келип ары-бери сүзүп жүргөн. Анын жанында эки кыз да сууга түшүп атышкан. Өзүнө жакыныраак жүргөн бирин көргөндө эле оозуна суу ууртап ала жаздап, какап барып токтоду. Издеп таппай жүргөн ургаачысы так ушул эле.

Ээн эркин карманганына караганда кыз бул жерге такай келип жүргөндөй.

Күтүүнүн кандай кажети бар, азыр эле танышкысы келди. 

Memento more — өлүмдү унутпа.

Эки курбу жигитке түк көңүл бурбай быжылдаша сүйлөшүп сууга түшө беришти, анан чыгып саунаны көздөй кетишти. Саша магнит менен тартылып бараткансып, артынан кетти.

Саунага кире бериш жерде сүйлөшүп отуруп калышкан экен курбулар. Отургучтун четине отурган Саша бир кулагын таштап койду. Эки ургаачы, анан да ынак курбулар эмне туурасында сүйлөшмөк эле? Албетте, эркектер туурасында да. Алена деп аташкан керемет сулуусу беркисине өзүнүн бейпай тагдырынан кеп салып отурду: күйөөсү бар экен, бирок улам үшкүргөнүнө караганда үй-бүлөлүк турмуштан бактысын таппагандай.

Көрсө күйөөсү жеткен зөөкүр тура, анан да кызганчаактыгын айт. Күндө киришип, канын кактап соруп атып, жашоосун таптакыр адам чыдагыс чекке жеткирген экен. 

- Ал мени бейтааныш кишилерге деле кызгана берет. Кызганабы, демек сүйөт деп коюшат ко. Мен буга ишенбей калдым. Эгерде ал мени чындап сүйсө, мага колу тиймек эмес да. Эмне кылып, кантип жашаарымды да билбей калдым, - жан кейиткен үшкүрүк менен айтты кыз.

- Кечиресиздер, - Саша акырын жөтөлүп, сулуунун көзүнө тике карады да минтти: - Кепке аралашып жатканыма кечирим сурайм, мен кокусунан угуп калдым сиздин айткандарыңызды... Албетте, бирөөлөрдүн кебин тыңшоо жакшы эмес, бирок эгерде сиз каршы болбосоңуз, мен жакшы бир кеңеш айткым келет сизге...

 Аленанын бети алоолоп чыкты.

- Сиз бул жакка дайыма аялдарга жакшы кеңеш бергени келесизби?

- Мен бул жерге ден соолугумду чыңдайын деп келем, - жылмайды Солоник. – а сизге бере турган кеңешим башкаларга эмес, сизге гана.

 Айтты да эмне дер экен деп карап калды.

Чын эле көп күткөн жок.

- Кечиресиз, биз сиздин кеңешиңизге муктаж эмеспиз, бизди жайыбызга койсоңуз экен, - Аленанын үнүндө кыжырлануу бар эле, бирок Саша ага түк маани берген жок.

 - Өкүнүчтүү, - улутунду жигит, – менин да жашоомдо мурдагы аялым менен так сиздикиндей акыбал болгон. Бирок мен бардык маселени чечүүгө жетиштим... Түшүнсөңүз, жашоого карата көз караш эркектерде башка да, аялдарда башка. Эгерде сиз эркектин оюн билгенге аракет кылсаңыз, анда күйөөңүз менен эч кандай келишпестик болмок эмес.

 Алена кызыгып карап калды. Бул эми аялдарда боло келген табият ыроологон сапат, бирок мындай аңгеме менен далай аялдын башын айландырган Саша ошол замат сүйлөшүү уланаарын айттырбай эле билип турду. Азыр болбосо да баары бир уланат.

Жаңылышпаган экен.

- Эгерде каршы болбосоңуз, мен сизди барда күтүп турайын, - деди ал өйдө тура берип.

- Мен солярийге да барышым керек эле, - демиш болду келин.

- Убактым толтура, кире бериште күтүп отура турам, шашпай кирип чыгыңыз.

Бул айперидей сулуу бүгүн эле өзүнүкү болорун Саша ошол замат түшүндү.

Алар кырк мүнөттөн кийин бардан жолугушту. Бул таң калыштуу сырдуу жигит аны баары бир күтөрүн Алена аялдык туюму менен сезген, бирок ага карабай солярийде атайын узакка отуруп койду.

Жай сыбызгыган мукам музыканы тыңшап аркы-беркини сүйлөшүп отурушту. Келиндин чын эле күйөөсү бар экен, бирок көргөн күнү курусун, жашоо көрсөтпөйт экен.

- Аялы ашыкча сулуу эркек башка кантмек анан бечара, - Саша айткан мактоо аялга жага түшкөнү анын көздөрүнөн эле көрүнүп турду.

 - Эгерде мен сиздин аялыныз болсом кызганар белеңиз?- деп калды аял кокусунан.

- Ананчы, бирок муну билдирмек эмесмин.

- Эркектер баарыңар бирдейсиңер, - деди аял ындыны өчүп.

- Сиз эркектер туурасында жаман ойдо экенсиз, - деди Саша, - эркектердин баарын эле күйөөңүз менен салыштырып жаман көрө бересизби?

Ортого шампан келди, канчалык кеп созулган сайын бул экөө бири бирин миң жылдан бери таанып келаткан эски тааныштардай чечилип отурушту. Эчак “сизден” “сенге” өтүшүп тамашалаша да кетишти.

Бир оокумда Саша аялдын колунан шак кармады да:

- Кеттик, менин үйүмө! - деп калды.

Келин да каршы болгон жок, башын ийкеп макулдугун билдирди да ошол замат үнү каргылдана түштү.

- Болору болду эми, барарын го барам, бирок тиги... күйөөм чыга бериштен күтүп алам деген эле...

- Корко турган эч нерсе жок, бирдеме ойлоп табарбыз, кеттик, - деди Саша анын колунан тартып.

Бассейнден чогуу чыгышты. Саша машинесин көздөй басты, Алена болсо саамга кармалып туруп калбаспы. Так ошол маалда тарс-турс эткен үн чыгып, аялдын чыңырганы угулду. Саша караса килейген неме Аленаны чачынан толгой кармап сабап кирген экен. Күйөөсү ушул окшоду.

- Курбуларым демиш болуп башка менен жытыгышып жүргөн экенсиң да, канчык! – лөкүйгөн зөөкүр неме көчөнү башына көтөрө кыйкырып сөгүп, аялды аёосуз башка-көзгө чапкылап атты. – Мен сага көрсөтөм, шуркуя!

Саша ага кантип учуп жеткенин өзү да билбей калды. Бутка тээп жыкты да, былчылдата сабап, талпагын ташка жайып таштады. Тиякта турган машинеден дагы экөө чыга калып чуркап келишти, булар достору сыягы. Алдыда чуркап келатканын бир эле сокку менен жайлады, экинчисин эңкейе калып көтөрүп туруп ыргытты эле, ошол жерде турган машиненин маңдайкы терезесин башы менен сындыра сүзүп соройгон бойдон тыгылып калды. Сигнализация чаңырып, аварийка иштеп кетти. Саша кызды колунан тартып машинесин көздөй алып жөнөдү.

- Сага мындан ары эч ким тие албайт! – деди ал, машинени стоянкадан айдап чыгып баратып. – Уктуңбу?

Ошентип алар бир канча ай бою чогуу жашап калышты. Өмүрү таанышкан ургаачы менен бир жолудан ашык сүйлөшпөгөн Саша Аленага биротоло аны менен калуусун суранды.

Солоникте акча деген саман эле, дароо жаңы үй сатып алып аны Аленанын атына каттатты, евроремонт кылып, жаңы эмеректерди сатып келди. Ага кымбат баалуу белектерди тартуулап, ресторандан ресторанга алып барды. Бирок кызга мунун бири да керек эмес экенин алгачкы таанышканда эле билген. Аялга байлык, акча эмес, жөн гана чогуу жашаган карапайым үй-бүлөлүк бакыт керек эле. 

Сашанын эмне иш менен алектенгенин ал байкамаксанга салды, балким билсе да атайын ошондой кылгандыр. Бир жолу анын чоң кара тапанчасын көрүп калып сурады:

- Газ менен аткан тапанчабы?

- Жок, чыныгы тапанча, - чынын айтты Саша.

Башка бир да суроо берген жок, мунусу үчүн Сашага ого бетер жагып калды.

Жашоо улана берди, жаш жубайлардан өткөн бактылуу эч ким жок эле. Бир жолу Аленанын көзү шишип ыйлап отурганын көрүп чочуп кеткен Саша дароо сурамжылап кирди:

- Сага эмне болду?

- Эчтеңке, көңүл бурба, - ал тескери бурулуп кетти да желкелери солкулдап, ого бетер шолоктоп кирди.

- Бирөө бирдеме дедиби?

- Жок, баары жайында...

Аленанын кабагы ачылбай бирдемеден бушайманданып жүргөнүнө бир нече күн болгон. Анын себебин түшүнбөгөн Саша улам такып сураганынан майнап чыкпады. Ким эмне деди, баарын жашырбай айт, сенден башка жакын адамым жок, сен үчүн өлбөгөн жерде калганга даярмын дегенге чейин барды, бирок Алена күчүн ыйдан чыгаргандан башкага жарабады.

- Балким жанагы күйөөң менен көйгөй болуп атабы?

Ушитип сураганда Алена эч нерсе дебей ого бетер көз жашын көлдөттү. Саша иштин жайын ошондо түшүндү. Эки күн мурда Аленага курбусу чалып, анын кайсы жерде экенин айт деп аргасын кетирген, андан кийин улам чала берип акыры аргасы кеткенде телефонду албай койгон экен.

- Эмесе мындай, - Саша кыжыры кайнагандай. – Анын дарегин берчи мага...

- Саша, кереги жок, аны менен жолукпа! - Алена безге сайгандай чочуду да колунан кармай калды. – Ал коркунучтуу адам. Ал бандиттер менен байланышы бар, ал сага...

- Анда телефонун бер.

- Жок, бербейм, ага катылбай эле койчу, суранам.

Саша күтүүсүздөн жылмайды.

- Макул, сен каалабасаң жолукпай эле коёюн. Сен эч жаман нерсени ойлобой жатып эс ал, мен азыр келем, макулбу?

Сыртка чыкты да телефон-автоматка жетти. Аленанын чөнтөк дептеринен күйөөсүнүн номурун эчак эле жазып алган болчу.

Коңгуроо кетти.

— Алло?

Саша жай сүйлөп, ким экенин тактап алды. Өзүнүн атын атады.

- Ооба, менмин, - деди тиги куйкасы куруша. – Сага эмне керек?

Корулдаган доошу жакпай турса да Саша акырын сабырдуу сүйлөп бир жерден кезиксе жакшы болорун айтты.

- Аа, жанагы шумпай сенсиңби! – тиги кубанып да кеткендей болду. – Макул жолугушалы, теке сөрөй, Люберцыга кел эр болсоң, биз сени чогуулап туруп көтүңө шиш кагып коёлу!

- Түшүнгөн жокмун, - Саша трубканы башка кулагына которо кармап.

- Эмнесин түшүнбөйсүң, мен сага, эшектин кодолеги, орус тилинде айтып атам! Люберциге кел, Люберциге. Ушундай шаарды уктуң беле?

Андан ары оозго алгыс сөздөр менен сөгүп кирди. Абакта болсо мындай сөздүн ар бири үчүн айткан адамдын боорун кесип алышмак, аны Саша жакшы билет.

- Былжыраган кепти токтот, айт кайсы жерге келейин, мен даярмын, - аны жайбаракат токтотту Саша. Люберцинин кайсы жеринде, саат канчада жолугалы?

- Эртең кечки саат сегизде ДКнын артынан күтөм, - Аленанын мурдагы күйөөсү бир аз ойлоно калып айтты. – Келе кал текече, көтүңдү майлаган майкаңды унутпай ала кел, чыдамсыздык менен күтөм! 

Эртеси Саша Люберциге жөнөмөй болуп камдана баштады, анткени олуттуу аңгемелешүү болору турган кеп болчу. Ошондуктан ага жакшылап даярданып барыш керек эле. Адегенде жолугушуу боло турган жерди барып алдын ала изилдеп чыгыш керек болду. Кечки саат сегизде боло турган жолугушууга эртең менен аттанганы ошондон.

Ыңгайлуу жерди тандаган экен. Тиягы да, биягы көлчөктөгөн суу, алдыда болсо танка менен сүзсөң да кулагыс тосмо бар экен. Аленанын мурдакы эри жалгыз өзү келбей калпаларын ээрчите келет чыгар, андайлар мында толтура, Тула самоорлору, Оренбург тыбыт жоолуктары менен даңкы чыккандай, Люберцы шаары бандиттери менен атагы чыккан эмеспи. Жер да куп тандалыптыр, бирдеме болсо кыбыр эткен күбө болбойт, акыр-чикир оодарчу жер да алыс эмес экен, өлүктү ыргытып туруп көөмп салыш иттен оңой, чын эле Аленанын эри андай аша чапкан кадамга бара турган болсо...

Дагы бир жакшы жери, Аленанын айткандарынан улам анын күйөөсүнүн канчалык чама-чаркы бар экенин билет, тиги болсо Саша туурасында ныпым эчтеме билбейт.

Үйгө кайтып келди да жолугушууга даярдык көрө баштады. Жанындай көргөн он жети заряддуу “глок” тапанчасын тазалады, оозуна үн баскычын бурап орнотту. Дагы бир кичинерек бир жолу атканга жараган кытайлык “ТТ” тапанчасын байпагына тыгып, аны скотч менен бутуна чаптап алды. Эки чөнтөгүнө эки “лимонканы” салды да, үчүнчүсүн куртканын жеңи астына сойлотуп катып, кереги тийип калар деди. Куртканын астынан кийген жеңил бронжилет байкала тургандай деле эмес. Мындай каруу жарак менен ал люберцилик он эңгезерге деле жалгыз каршы тура алмак.

Люберциге чейин ал өз машинеси менен барып андан ары ДКга чейин башка бирөөнү жалдамай болду. Шоопурга 100 долларды көрсөтүп койду эле, тиги мага десең космоско чейин алып барып коём деп барбалаңдап жиберди кубанганынан.

- Бирок эч кайда кетпей мени ушул жерден күтүп тур, кайра келгенде дагы ошончо берем, макулбу?

- Күтпөй анан, албетте, күтүп турам, акебай!

Ээн жайдак жерге келсе аны эчак күтүп турушкан экен. Аракка мыктап тоюп алган Аленанын эри тимеле оолжуйт, тегерегиндеги шериктери колуна эмне тийсе ошону менен куралданып алышкан: бирөөнүн колунда елесепеттин чынжыры оролгон, бирөөнүн колунда жоон союл, калгандарында бирден бычак. Кебетелерине караганда буларда карабашыл адамды аёо деген болбосу көрүнүп турду.

Жанагы биринчи жолу таяк жегенин унуткан эмес окшойт, ошончүн жалгыз алы келбесин билип топуратып буларды ээрчитип келген тура.

Жакын басып келди да, чөнтөгүндөгү лимонканы уучтай кармаган бойдон өктөм унчукту:

- Айта турганың эмне, сүйлө!

Тиги болсо ички чөнтөгүнөн темир чыбыкты сууруп алды да шериктерине карап койду эле:

- Серёга, коркпо, биз турабыз! – дешип дем берип коюшту жабыла.

Алдыга бир кадам таштады, оозунан арактын жыты буркурайт тимеле, кыймылы да олдоксон. Аны бир эле сокку менен торойто чабарын Саша ошол замат билди.

- Ии, кана, келчи бери, иттин шыйрагы, биз азыр сени тарбиялайбыз, канчык! - Саша түшкөн обочо турган машиненин кара айнегине көз чаптырды. – Эмне, жүрөгүң тизеңе түшүп, жалгыз келгенден корктуңбу?

Кыска шилтенген бир эле сокку жетиштүү болду, колунан темир чыбыгы ыргып кетти да, кулаган теректей оодарылып барып көлчүктү башы менен сүзө жерге шалк этти тиги. 

Таймаштын ийгилигинен эч бир кам санабаган люберецилик ойрондор окуянын мындай болуп кетерин түк күткөн эмес, жолбашчысынын сулап жатып калганын таң кала кароо менен жапырт алдыга жүткүнүп калышты.

Саша эми алардын маңдайында ким турганын көрсөтө турган учур келгенин ошол замат түшүндү.

Сол колу менен шарак эле “лимонканы” сууруп чыкты – үрөйлөрү учкан тигилер апкаарып калышты. Ал ортодо оң колу тапанчаны сууруп чыкты да, тигилердин бут астына эки жолду атып жиберди.

- Балдар, улууңар ким? – сурады ал токтоо болууга аракеттенип.

Зөөкүрлөр ооздорун ача Сашанын колундагы лимонканы карап турушту. Анан акыры капталдан кыркыраган жоон үн угулду:

- Колян, сен сүйлөчү...

Алдыга чачы тармал москоол бирөө чыкты.

- Мен...

- Балдар, - акырын бирок чечкиндүү айтты Солоник. – Мен силерге эч каршылыгым жок, силерди өмүрүмдө биринчи жолу көрүп турам. Эгерде мобунун мени менен сүйлөшө турган көйгөйү болсо, - Саша сулк жаткан немени буту менен бир тээп,-  анда ал экөөбүздүн гана ишибиз. Аны экөөбүз гана чечишебиз. Анын аялы мени сүйүп калса, ага мен күнөөлүү эмесмин, туурабы? Мен анын аялын тартып да алган жокмун, кимибизди тандарын аял өзү гана чечет. Эгерде анын суроолору барбы, эркек болсо мага өзү айтсын, башкаларды аралаштырбай. Мен бул жерге жалгыз келдим, көрүп турасыңар. Же мен туура эмес айтып атамбы?

- Эмне экен, туура айтып атасың, - Колян деген неме бир топ жумшара түшүп. – Анын катыны менен эмне болуп атканына биздин ишибиз жок. Сага кетеби, башкагабы, кимдин иши бар? Өзү чечсин. Чыны бизге акча берген, бирөөнүн аялын согуп жүргөн бир фрайердин акесин окутуп коюш керек деген. Макул болгонбуз, жердеш болсок, анан кантип жок демек элек. Сенин крутой киши экениңди билгенде биз аны өзүбүз эле оозун жаап коймокпуз...

- Мына, сүйлөшүп алдык, - Александр кашкая жылмайып алды да тапанчасын катты. – Баары ордунда, түшүнүштүк окшойт.

- Ошол да кеппи, ишенсең биз өзүбүз да уялып турабыз! Туурабы, балдар?

Балдар жапырт баштарын ийкешти.

- Базар жок!

- Сенин кадыр-барктуу адам экениң көрүнүп эле турат!

- Кааласаң муну ала кет!

Саша адамдардын табиятын жакшы билчү, эгерде азыр аларды өзүнө имерип алса, тиги Серега байкушка бир топ кыйын болуп калмак. Ошондуктан жанынан намыянын суруп чыгып үч жүз бакс санап алды да Колянга узатты:

- Макул анда, балдар, жакшылап үстөл жайып бүгүнкү иштин жакшылык менен тамамдаганын майлап койгула.

- Койчу, - демиш болду тиги, - биз ансыз да сага уят болуп калдык.

- Эч нерсени билбейм, ал, албасаң капа болом!

- Макул анда, бирок ким үчүн деп ичебиз, жок дегенде атыңды айтып койсоң?

- Александр Македонскийдин ден соолугу үчүн деп алып койгула!

Шериктери кеткенден кийин Солоник жерде жаткан Аленанын күйөөсүн шилиден алып кармап тургузду да:

- Демек, атың Сергей экен да? – деди.

Тиги ооба дегендей бирдемени булдуруктады.

 - Демек Сергей, эми мени угуп тур. Эгерде аял сени жактырбаса, анда анын колу-жолун бошот. Андан башка арга жок, күчкө салып сүйдүрө албайсың. Башкасын таап аласың. Биз ушуну менен экинчи жолу кездешип атабыз, үчүнчү жолу кездешчү болсок, анда ал сен үчүн эң акыркысы болот. Менин оюмду түшүндүңбү, Сережа? Көзүңдөн көрүнүп турат, түшүндүң. Бул менин эң акыркы эскертүүм!

*     *    *

- Ой, келдиңби, мен ар нерсени ойлоп жүрөгүм түшүп калды. Сага бирдеме болуп кетти бекен деп жан калган жок. Мен сени Люберцыга тиги менен жолугушканы кетти деп ойлоптурмун.

- Чын элеби, ооба, бүгүн Люберцыга баргам, иштерим менен.

- Койчу! – анын үнү титирей түштү. – Тиги менен жолуктуңбу?   

- Ооба, экөөбүз аңгемелешип да отурдук. Жакшы жигит турбайбы, достору да абдан түшүнүктүү, сылык балдар экен.

- Ал эмне деди сага? - аялдын чыдамы кете сурады.

- Эми эч качан сага телефон чалып тынчыңды албасын айтты. Сени менен иши да болбойт экен мындан ары.

Алена дагы бирдемелерди айтмакчы болду эле, бирок Саша аны кучактап көтөрүп ички бөлмөдөгү кенен керебетти көздөй алып кирип кетти.

20-глава

Таламандын тал тушундагы киши атмайларга карата милиция кол куушуруп отуруп калды деп айтууга болбос. Аты-жыты бейтааныш киллерди жан алекет түшүп издешти.

 Жүздөгөн адамдар суракка алынып, ондогон чакырым кинотасмалар тартылды, МУР менен РУОП сандаган божомолдорду иликтөөгө алды. Мына ушундай аракеттердин натыйжасында табышмактуу киллердин түспөлү жаралды – бул отуз менен кырктын ортосундагы, жапалдаш бойлуу, жүзүн бекиткенди жана өзгөртүп турганды абдан жакшы билген, аскер кызматын кыязы атайын бөлүктө өтөгөн эркек киши эле.

Бул маалымат желе жетишсиз эле, шимшилеген издермандарда дагы эле жок дегенде киллердин потрет сүрөтү жок болучу. Бирок милициянын ойдо жок жерден тапкан маалыматы кандайдыр бир үмүт шооласын чачкандай болду, жогору түспөлдөгү адам шадринскилик топтун курамында бар экендиги аныкталар замат тийиштүү топтор шадринскиликтерди изилдеп киришти. Телефондорду, пейжерлерди тыңшоо көп маалыматтарды берди. Баарынан да МУР менен РУОПко жең ичинен иштеген криминалдык авторитеттердин берген маалыматтары баалуу болуп чыкты. Ага ылайык, көптөн бери изделип аткан киллер Валерий Максимов деген неме болуп чыкты. Дарегин тактап, телефонун тыңшай башташты, бирок Максимов абдан тажрийбалуу неме окшойт, олуттуу нерселерди таптакыр эле телефондон сүйлөшпөй турганы билинди.

 Жашаган үйүн тегерете видеобайкоо орнотулду, бирок ал деле эч кандай шектүү нерсени тарта алган жок. Милициянын генерал-майору кабинетинде ойго батып отурду. Бул табышмактуу Максимов дегенди кармаш керекпи же азырынча коё турсабы. Бирок табышмактуу киллер дал ушул Максимов экенинен анын шеги жок эле.

Генерал катар тизилген папкаларды четинен окуду. “Беломор” тамексининен бирди күйгүздү да ойго батты. Бандиттер деле ошол киллерди издеп жатышкандыр, канчалаган балдарынан айрылган алар жөн жатмакпы. Жадагалса авторитеттердин айрымдары ага телефон чалып, киллерди колго алышыңар менен бизге өткөрүп, колубузга салып берсеңер деп суранып да жатышты. Же кур дегенде кайсы абакка отургузасыңар, айтып эле койсоңор болду, начальник, калганын андан өзүбүз сурап алганга ынтызарбыз деп турушат.

Экинчи жагынан жогору жактагылар да иштин натыйжасы кана деп кысмактаганын койбоду, азыр го киллер крим авторитеттерди атып атат, эгерде ал эртең саясый ишмерлерди ата баштаса эмне болот деп атышат. Аларга түшүндүрө абалды, ишенишмек беле, иштебей атасыңар дегенден башканы билишпейт. Буларга койсоң киллер тимеле мени кармагыла деп көчөдө сайран куруп жүргөндөй... 

Эки жак менен тең мамилени бузгусу келбей турду генералдын.

Жаш курагы деле келип калды, эртең пенсияга чыгарып ийишсе кайсы акчага жашайт, не иш кылат? Эмне, жарыбаган алты сотых жерине картөшкө отургузуп жанын багабы? Же кайсы бир фирма сөрөйгө коопсуздук кызматына алгыла деп кулдук уруп барабы?

 Ушинтип ойдон ойго батып отурганда кокусунан телефон чарылдап калды.

- Алло, угуп атам...

Чалып аткан Максимовдун артынан изин аңдыган опертоптун начальниги экен. Генерал ага каалаган маалда чалууга уруксатты өзү берген. Минтип түн ооп чалганына караганда бир жаңылыгы бар окшойт да. 

 Жыргаткан жаңылыгы деле жок болуп чыкты: жанагы Максимов деген неме азыр эле катыны экөөнө Таиландга учуп кетүүгө билет буйрутма беришкен имиш. Таптакыр андан ары изин суутуп кетиши ыктымал имиш.

 Ошондуктан тезинен чечим кабыл алыш керек болду.

- Кандай буйрук бересиз? – деп козуп алган тиги да демитип калды.

- Эртең менен саат жетиде кармагыла! – буйругун берди генерал. – Кармаарыңар менен мага алып келгиле.

 - Куп болот, СОБРды чакырам. Эртең мененки жетиде кармайбыз. Жакшы жатып, жай туруңуз, жолдош генерал...

 Буйрукту берерин берди да бир аз жеңилдей түшкөнсүдү, башка туура чечим жок эле. Бул табышмактуу Максимов дегенди колго алса, анан аны суракка алып, артында ким турганын аныктаса, калганын көрө жатат.

Кантсе да анын кызматы оор, анын генералдык погондору, жетекчилик шыгы расмий бийлик менен көмүскө бийлик ортосунда жолун таап кетишке мүмкүнчүлүк берет дечи, бирок мында эки тарап тең ага ыраазы болушу керек, кептин манызы ушунда.

Жаңы жашоо өз нугу менен агып атты. Саша Алена менен буга чейин болуп көрбөгөндөй бактылуу эле. Өмүрүндө буга чейин ал эч кимге тишин көрсөтүп күлгөн эмес, эми анын жашоого кумары ойгонуп, эл катары бүлө курсам деди, мынчалык бактылуу болуш оюна да келген эмес. 

Ошенткен менен өз кесиби туурасында бир мүнөткө да унуткан жок. Бирок Аленага да сырын алдырбады. Люберцыга барып келгенден кийин ал кошуна аял менен таанышып, анын бир бөлмөсүн батирге сурады, аял тарткынчыктап калды эле, бирок оңбогондой акчанын дайнын угары менен макул болду. Саша бир бөлмөнү алды да курал-жарак ката турган жерге айлантууну ойлоп, ишке киришти. Бир жума ичинде ижарага алган батирге гранатамет, Калашников автоматы, Мосиндин мылтыгы, оптикалык дүрбүсү бар дагы бир нече снайперлик мылтык, тапанчанын түрүн алып келип идиш-аяк тизгендей шкафтарга тыгып таштады. Анан ал бөлмөдөн өзү жашаган батирге жашыруун эшик да ачып жиберди. Алена мунун баарын көрүп турса да эч нерсе деп сураган жок, болгону бир жолу гана кызыгып калды:

- Мынча куралды эмне кыласың?

- Экөөбүздү коргош үчүн, - деди Саша жылмая. - Балким сени дагы кимдир бирөө таарынтып жүрбөсүн деп атам. 

- Башкысы, сени менден тартып кетишпесе болду, - деди келин оор улутуна.

Эми кайрадан генералга келели. ИИМге тиешелүү кызыл мала БМВ машинеси Успенская көчөсүндөгү он эки кабаттуу типтүү үйдүн астына келип токтоду да ичинен тишине чейин куралданган төрт адам түштү. Булар СОБРдун жоокерлери эле.

21-глава

Будильниктин жебеси эртең мененки саат жетиден он минута өткөнүн көрсөтүп турду. Саша ойгонуп, жанында кара чачы жайылып жаткан Аленаны карап койду да, терезеге басып келип ылдыйга назар салды. Шектүү эч нерсе деле байкалбайт, бирок тетиги эки машине азыр эле келгендей. Чоочун. Ага келип жүрүшпөсүн? Ошентип ойлой электе эле машиненин эшиктери ачылып, андан куралдуу төрт адам түштү. Саша иштин жайын ошол замат түшүндү...  

Бат кийине салды да, куралын жанына катты. Ойгонуп кеткен Аленага мындай деди:

- Мени жакшылап угуп тур. Азыр бул жерге менттер кирип келишет. Коңгуроону басышат, издөө жүргүзөбүз дешет. Эптеп убакытты созо тур, мен бекингенче. Макулбу?

- Эшикти сындырып киришсечи?

- Билбейм, эмне кылсаң да жок дегенде он мүнөт кармай турсаң болду.

Саша шкафты жылдыра баштады, эшикти ачты да андан ары жашыруун бөлмөгө кирип кетти.

Чын эле ошол замат эшиктин коңгуроосу чырылдап баштады.

- Ким бул? – уйкусурамыш болгон доошу менен Алена үн катты.

- Ачыңыз, милиция!

- Силерге эмне керек?

- Валерий Максимов деген жаран ушул жерде жашайбы?

- Жок, бул жерде мен жашайм!

- Тезинен ачыңыз, бизде Максимовдун мында жашай турганы туурасында айныксыз далилдер бар. Эгерде эшикти ачпасаңыз, анда азыр сындырып кирүүгө буйрук берилет.

- Силер милиция эмей эле бандиттер болсоңорчу, кантип ишенем?

- Ордерибиз бар. Ачыңыз.

- Эч кандай Максимовду билбейм. Силерди да билбейм, ордериңер жасалма болсочу.

- Кирип туруп сиздин алдыңызда прокуратурага телефон чалабыз ишенбесеңиз.

Бул маалды аркы жакка кирип бараткан Саша айтып калды:

- Алена, тигилер эмне десе да ишенбе, мен бандит эмесмин! Мен сени сүйөм!

Алена болсо колун жаңсады:

- Бол батыраак, кирип кет!

Эшикти ургулап киришти.

- Мейли, сындырбагыла, азыр ачканы атам. Ачкычым кайда калган, таппай атам. Бир мүнөт күтө тургула, азыр таап ачам.

Милиционерлердин чый-пыйы чыкты.

- Эгерде силер бандит болсоңорчу? - дагы сурап калды аял.

- Эй, канчык, эшикти ач, ордерди көрсөтөбүз деп атпайбызбы! Ач бол, антпесе сени да камап салабыз, энеңди!...

Акыры ачты. Кыска автоматчан төрт лөкүйгөн неме кирип келди.

- Энеңди гана, кан-чыык, кетип калганга үлгүргөн экен! – бакырып калды эки жакты аңтарып караган бирөөсү.

Кийин Саша муну далай жолу эстейт, кайсы жерден жаңылыштык кетирдим, кайсы жерин натуура жасадым деп иликтеп чыгат. Чынында эле ал тимеле күн сайын машыгып жүргөндөй аракет кылган экен ошондо.

Эшикти каккылай баштаганда Саша кошуна канадагы терезени ачып, секиргени кырына чыгып алган эле. Сегиз кабаттан секирип кетиш оңой эмес, бирок бул жерде калганга да болбой калды. Ылдый кетиш үчүн аркан же бирдеме болушу керек. Кудай жалгап кабаттуу там менен катарлаш бийик терек өсүп турган экен, ошого секирип, жармашып качып кетүүгө бел байлады. Секирип атып артын карады, кап, жыйнаган куралдары калды, менттерге таштап кеткенге кыйбай турду, бирок арга жок, кара башын аман чыгарып кеткенден башка маанилүү иш жок эле азыр.

Күүлөнүп туруп терезенин кырынан терекке секирип жетти да, кийиминин тытылганына, колунун канаганына карабай ылдый жылмышып түшө баштады.

- Эми эмне кылалы, ошондой болуп калды да...

Куратор эч кимди кыртышы жактырбай отурду. Саша келип жолукту, анын да маанайы суз. Айтып берген жаңылыгы көңүл жарытпай турду.

- Кантип артыман түшүп алышканын кайдан билейин? – Саша чынын айтты.

- Мен да билбейм, ушундай болору анык эле...

- Мени баары бир издешет, балким убактылуу башка жакка кете турсамбы?

- Мааниси жок, эгерде ошончолук эле бекингиңиз келсе, анда Москвадан өтөрү жок.

Куратор менен жолугушууга келип жүрүп Сашанын корккону – аны да жанагы Андрей Шаповаловдой алдап кетишпесе деген сар-санаа. Кудай жалгап, ага окшобойт азырынча. Бирок ким билет дагы...

 - Сиз МУР же РУОПко таасир эте албайсызбы? – акырын кызыкты киллер.

- Ии, таасир этип көр ошолорго! Милийсанын жарымы бандиттердин акырынан жем жейт, калган жарымысы аларга суктанып, жарып салайын деп турат. Эгерде буга тийбегиле дей турган болсок, анда сизди эртең эле билип алышпайбы? Биздин да сырыбыз ачылат. Эми башкысы – сизди кантип ката туруш керек, ошону ойлонуш керек азыр...

Машинеден чыккан куратор кимгедир телефон чалып бир топко сүйлөштү. Андан кийин маанайы бир аз көтөрүлүп кайтты, рулга отурду да эшикти жапты.

- Кыязы, териштирип алдык окшойт. Сиз шадринскилер менен болуп атасыз да азыр?

- Ошондой го.

- Жакшы экен. Аларга байланышка чыгыңыз. Кырдаалды түшүндүрүңүз: Бобонду жайлагандан кийин сиз тууралуу маалымат байкалганын айтыңыз, менттер кармамак болгондо эптеп качып кеткенге үлгүрдүм деңиз. Сизди ошолор катсын. Бул табигый иш болуп калды, анүстүнө сиздин кадыр-баркыңыз да бир топ жогорулай түшөт. Биз болсо колдон келген жардамды берип турабыз, эртең саат кечки сегизде ушул жерден кайра жолугалы. Жаңы батирлердин ачкычын, акча жана инструкция аласыз. Кана эмесе, жакшы туруңуз, Александр Македонский.

22-глава

Эртеси, сүйлөшкөндөй эле куратор жаңы ачкычтарды, акчаны берип жатып мындай деди:

- Азырынча сиз керек эмессиз, эс ала бериңиз. Балким, жанагы кызыңыз менен чет өлкөгө саякаттап келерсиз. Күзгө дейре бошмун дей бериңиз, керек маалда чакырып алабыз. 

Анын баарын уккан Саша кантип айтылса ошондой жасады. Алена менен Кипрге барып эс алышты, күнгө тотугуп абдан куунак эс алып, Москвага сентябрдын баштарында кайра учуп келишти. Жайдын мээримдүү күнү, кооз-тазыл жайлар артта калды, эми асман кабагын ачпаган бозоргон, ылай менен чалчыкка баткан бул жерде кайрадан кадимки эле бирине бири коёндой окшош күндөр чубалмакчы. 

Сентябрдын этектеринде куратор ага кезектеги кардарды күм-жам кылуу боюнча жаңы буйрутма берди. Анысы ири бандиттик топтун анабашы экен. Бул адамдын өлүмү эки тарапка тең бирдей керек болуп турган чамасы – бандиттерге да, бийлитегилерге да.

- Мында сизге керектүү документтердин баарын топтоп койдук. Аткаруу мөөнөтү октябрдын аягына дейре. Кандай ыкма менен аткарасыз, аны өзүңүз тандайсыз. Баса, ишке баратканда жаныңызга шадринскийлердин бирин кошуп алсаңыз жакшы болот. Мейли анда, ийгилик болсун...

  - Энеңди! - жек көрүү менен сөгүнүп алды Солоник машиненин рулун кармап атып, - мунун баары бүтөбү деги?!

Кантип аяктаарын өзү да билбей турат, бирок ал абдан чарчады, бир караганда оңдуудай көрүнгөн, бирок өз ресурсун жеп бүткөн машиненин моторундай сезди өзүн.

1994-жылдын бүркөө күнү 6-октябрда Петровско-Разумовский базары өзүнүн демейдеги жай турмушу менен күүлдөп турду. Кыжылдаган базарда бут коёрго жер жок болсо да товарын шуулдата саткандар дегеле жок, элде акча жокпу же кээде ушундай болуп калабы, аны ким билсин. 

 - Жүрчү, Моня кыдырып басып келели, - Солоник жанында жүргөн шеригине айтты.

- Макул, - тиги башын ийкеп, кайра сурады:

- Ал качан келип калат экен мында?

- Бир саат бар дагы. Эптеп убакыт өткөрүш керек.

Моня дегени жанагы куратордун масилети менен жанына кошуп алган шадринскийлик топтун кадыр-барктуу жоокери.

Кыдырым болуп атканы менен Солоник буйрутма аткарылгандан кийин кача турган кычык жайларды, ыңгайлуу буйткаларды, тосмолорду кунт коюп изилдеди.

Бир оокумда кулагы астынан күтүлбөгөн үн угулду:

- Сиздин документиңиз.

Саша бурула карап, маңдайында турган үч ментти көрдү. Жалкоолонгон көз караштары, ыкшоо турпаттарына караганда кадимки базарды айланчыктаган менттер окшоду.

- Эмне болду? – ал мүмкүн болушунча жай, токтоо болууга аракеттенди.

- Документтериңиз барбы?

- Бар эмей...

Үстүндөгү калың кытай күрмөнүн чөнтөгүндө Валерий Максимовдун атына жазылган паспорту жаткан, аны союздун КГБсынын тушунда эле он алтынчы башкармалык жасап берген. Абдан мыкты, кынтыксыз жасалган, бирок бул Борбордук картотекага жеткенге чейре эле, анткени анын жасалма экени дароо анык болуп чыга келет ал жактан. Берки чөнтөгүндө болсо баягы эле ишенимдүү куралы – бүгүн кезектеги курмандыктын өмүрүнө биротоло чекит коёр он жети атаар “глок” тапанчасы бар.   

 - Жүрү биз менен тияктан көрсөтөсүңөр, - көйрөңдөнө буйрук берди мусур. – Бул жерде, жакын эле.

Саша шериги экөө бирин бири карап, унчукпай артынан ээрчишти.

 Милициянын будкесине келишти, аларды алдына өткөрүштү да артынан эшикти жабышты.

- Кана, чөнтөгүңөрдө эмне бар, баарын чыгаргыла! - наряддын башчысы буйрук бере өктөм айтты.

Албетте, ар кайсынын башын айтып, акча берип кутулуп кетишсе болмок, бирок кара басып Монянын нерви жука болуп чыкты. Саша анын колу ички чөнтөгүнө шектүү сойлоп баратканын көрүп, жүрөгү оозуна тыгыла түштү, бирдеме дегиче болбой тиги Моня келесоо тапанчасын сууруп чыкты да милицияларды атпай, шыпты көздөй атып жиберди.

Көз ирмемде аракет кылыш керек болду. Өз тапанчасын сууруп чыкты да эки жолу четке атып, качып кетмекке умтулуп, сыртка чуркап чыкты.

Эл эчак топтолуп калыптыр котолошуп. Базардын сакчылары чуркап келатышкан экен, туш-туштан кызыл шапкелер да көрүндү, көздөрү айнектей тунарган адамдар милициянын будкасын курчап калды. Эптеп жан сактап качып жоголуш керек эле.

Монин дагы атып жиберип, караламан топтун ичине кире качты. Саша да ок чыгарып, эки ментти сулатты. 

Артын карабай чымын куюн учкан Саша тосмодон шак секирди да, анын артындагы темир жолдун жээгине түштү. Артынан аткылап келаткандарды карабай туруп колун артка таштады да, бир нече ирет атып жиберди. Эми бир аз узап, темир жолдун тиги жагына өтүп кетсе болду, кутулуп кетмекчи, эми дагы бир нече метр болгону...

Кокусунан бели ысый түштү. Кан диркиреп аткан жараатын мыкчый кармап дагы эле бөкчөңдөй чуркап баратты. Алы куруп барат, бирок эптеп тиги жакка жетиши керек, ал жактан тапанча менен коркутуп болсо да бирөөнүн машинесин тартып алат, анан... Жетип деле калды, бир машине да ошол жерде турат.

Майда-чүйдө саткан комокко жеткенде кокусунан кулак астынан үн чыкты:

- Токто!

Караса, куралдарын кезей кармап так маңдайында эки мент туруп калыптыр. 

Атканга да алы жок эле, тизелери калтырап, чекесинен аккан кан көзүн жаап калган. Иштин жайын билди да, кыйылган теректей кулап түштү, куралы колунан алыс ыргып кетти.

- Тирүү окшойт, – деди кимдир бирөө.

Тирүү калыш ага түк кереги жок эле, акыркы күчүн жыйнап, чыканагына таяна башын көтөрдү да шыбырады:

- Менттер, мени тирүү калтырбагыла, бир окту аябагыла, атып салгыла, суранам силерден – атып таштагыла!

Күн кечтеп калганда милициянын машинелери тарап, жарадар болгонду ооруканага алып кетишти, кыжылдаган калктан ээн калган базарда колуна фонарик кармаган үч киши бирдеме издегендей шимшилеп жүрүштү. Мамычага тийген жерлерди жарык кылып көрүп таң калышты. Анткени октор биринин артынан бири так бир жерге кадалган экен.

- Энеңд-ии! Карачы ай, мобул жерди, тимеле көзгө атаар мерген экен го жанагы неме! Туй ата! Накта ворошиловдук аткыч! - деди ок тешкен жерлерди сыйпалап атып аргасыз суктанган милиционер.

- Кайсыл жактан атыптыр?

- Темир жол жактан, атканда да чуркап баратып атып атпайбы! Киши эмей эле шайтан экен го? Жөн киши минтип аталбайт.

Жүрөгү түшүп калганы доошунан сезилип турду.

Базардагы окуядан кийинки журналисттердин маанайы милициянын көтөрүңкү маанайы менен тең болуп турду. Солоник туурасында кошуп-ташып, айрым жерлерин ачык эле апыртып урдуруп атышты.  

“ИИМдин берген маалыматына ылайык, - деп жазды “Коммерсантъ-Дейли” гезити, - Солоник абакта жатканда эле бир топ криминалдык төбөлдөр менен ынак болуп кеткен экен. Кылмышкерлердин арасында жек көрүндү статья менен соттолгонуна карабай, мурдакы спецназчы кыска убакыт ичинде чексиз кадыр-баркка жетишкен. Эркиндикке чыккандан кийин кримавторитеттер аны жумушсуз калтырышкан эмес. Ага чекеге ок кадай билген мыкты аткычтыгы үчүн жумуш сунушташкан. Ошентип Александр Солоник кесипкөй киллер болуп чыккан”.

23-глава

Шаардагы номур жыйырма бешинчи оорукана, “жыйырма беш” деп коюшат. Атагы Москванын кримдүйнөсүнө абдан жакшы таанымал бул бейтапкананын кадыры «Бутырка», «Матросская Тишина», «Лефортово» сыяктуу атактуу абактардан кем эмес. Эшиктери ок тешпеген болоттон, терезелери чылгый темир панжара тор менен капталган бул жерге борбордун туш жагынан жарадар болгон бандиттерди алып келишет, айыккан соң СИЗОго кайтарышат же каза болгондорду ээлерине тапшырышат. 

Петровски-Разумовски базарындагы атышууда жаракат алып, жанында Валерий Максимов дегендин аты жазылган паспорту бар жаранды да ушул жерге алып келишкен. Апкелгенде да күчөтүлгөн кайтаруу менен, куралчан менттер отурган ондогон машинелердин коштоосунда жеткиришти. Анткени жолдон кимдир бирөөлөр тартып кетпесин деген чочулоо менттерде күч эле. Далайдын канына забын болгон бул немени азыр кайсы авторитет, кимиси болбосун, колуна түшсө тытып жегенге даяр.

МУР менен РУОПто болсо тергөөчүлөр тирмие отуруп алышып, колго алынган Максимовдун чыныгы ысмын тактап атышты. Көп өтпөй ал да аныкталды: жаза аткаруу башкы Башкармалыгына жиберилген суроо катка тез эле жооп алынып, анда мындай жазылыптыр: «Таануу үчүн жиберилген манжалардын издери 1960-жылы туулган, ИИМдин мурдагы  сержанты, Горькийдеги милиция мектебинин бүтүрүүчүсү, “Ритуал” ишканасынын жумушчусу, зордуктоо боюнча соттолуп, эки жолу – биринчисинде сот залынан, экинчи жолу күчөтүлгөн тартиптеги Ульяновскидеги № 8 ИТУдан качып чыккан Солоник Александр Сергеевичке таандык».

Мына ошондо элдин баары дүрбөлөңгө түшүп калды: оңойбу, атактуу мыйзамдагы уурулар Валерий Длугачты (Глобус), Виктор Никифоровду (Калина), авторитеттер Владислав Выгорбинди (Бобон-Ваннер), Михаил Глодинди жана башкалардын баарын жайлаган мына ушул Александр Солоник турбайбы! Ток этер жерин айтканда, милициянын колуна атактуу киллер, эч кимдин колу жетпеген жаналгыч өзү түшүп отурат. Мына анан көрүп ал. Гезиттер биринин артынан бири шумдуктун баарын кошуп урдуруп атышты. Телевидение болсо экономика, кризис, маскарапоз Жириновскини таштап коюп, болгон убактысынын баарын жаңы каарманга бөлүштү. Киллер популярдуулугу боюнча ушул тапта Алла Пугачевадан, президенттен, “Санта-Барбара” сериалынан алда канча ашып түштү. Өзү менен өзү чексиз сыймыктанган москвалык милиция “абдан чоң иштер жүргүзүлгөнүн” кайра-кайра рапорттоп жазып, коомчулукка айта берип тажатты. Бирок алардын бири да – гезиттер да, телевидение да, милиция да бир гана суроого – киллердин артында ким турат деген соболго жооп таба алышпады.

 Саша бир нече күндөн кийин көзүн ачты. Болгон иштин баарын эстеди да, иреңи күлдөй бозорду. Таттуу жашоо ушуну менен аяктап, анын жашоосунда таптакыр белгисиз жаңы барактар ачылып жатты... Менттерди өлтүргөнү - бир, буйрутма атуулар - эки, абактан эки жолу качып кеткени – үч, уюшкан кылмыштуу топтун курамында жүргөнү – төрт!

Мунун баарына жооп бериши керек... Акыры бир күнү келип колго түшмөк, түштү. Эми качып кетиш кайда... Баары бүттү ушуну менен... Бирок арга жок, жашаш керек, эптеп жазасын жок дегенде жеңилдетиши керек, аны ойлоно баштады. Чынында эле прокуратураны, РУОПту базарда атып өлтүргөн менттер түк кызыктырбасын, аларга эң маанилүүсү – Солониктин артында ким турат, ошону аныкташ кызык. “Контора” эмне дээр экен, алар аны унутуп калбастыр... Эптеп убакытты создуктуруш керек ко...

Куратор кантип эле бирдеме кылбасын, ал деген колунан баары келген кудуреттүү киши эмеспи, балким, бул жолу да... Же агент Андрей Шаповаловдун тагдырын даярдап коюшту бекен ага?...

 Бир нече күндөн кийин Саша ыгын таап Аленага телефон чалып берүүсүн өтүнүп, медсестрага кайрылды.

- Мына телефону, - анын колуна бир шапат кагазды карматты Саша. – Кайда жоголуп кетти деп кабатыр алып атса керек. Сен деле аялсың го, күйөөң бардыр. Абалымды көрүп турасың. Чалып кабарлаштырып койсоң, бул жакшылыгыңды өлөр өлгүчөктү унутпастырмын, карындаш... Мени жакшы эле де, ашыкча эч нерсе айтпа...

Москвада беш тергөө абагы бар. Кылмышкерлердин уюгуна айланып бараткан ири мегаполис үчүн бул жетишсиз. Ар бир СИЗОнун өзүнчө уламышы, мыйзамдары, салттары, өз кожоюну, өз бедели бар.

 «Бутырка» менттердики болсо, «Лефортово» — «конторанын» көзөмөлү астында, ал эми «Матросская Тишина» экөөнүн тең карамагына кирет десе болот. Тышкы корпустар ИИМге караса, ички, тогузунчусуна КГБ кожоюндук кылат. Бирок 1991-жылкы августтагы путчтан кийин милиция аны кайра өзүнө өткөрүп алган. Ошентсе да КГБнын мурдакы тартиби бул жерде сакталып калган. Мында отуз киши бир баткан (жүздү тыгышат эмеспи) аңгыраган хата-бөлмөлөр жок, администрация да өкүмзордук кыла албайт. Бул жерде төрт кишиге эсептелген камерага эч качан бешинчиси отургузулбайт.

Александр Солоникти да ушул корпустун алтынчы кабатындагы номур 938-камерага кийиришкен. Төрт кишилик болсо да ага кошуп башка эч кимди отургузушкан жок. Анткени бул туткундун прокуратура үчүн баасы жок. Кадыры да бийик болду окшойт, муздаткыч, ток чайнек, телевизорго чейин коюп беришкен.

Сашанын ден-соолугу күндөн күнгө жакшырып баратты, эми ал жатып алып эс алса болот. Ички сезими менен ал жакшы билип турду, аны эстегендер тиякта куткарып кетиш үчүн сыртта кандайдыр бир аракеттерди кылып жатышканын туюп атты. Аны менттердин колуна салып бериш үчүн канчалаган акча, убакытты бекер коротуп даярдашпаса керек.

Сурак күн сайын өтөт, тергөөдөгү Солоник алардын бардык суроолоруна кенен жооп берип атты, максаты – эптеп убакытты создуктуруп туруу. Прокуратура болсо өзүнчө ыраазы, анткени бети ачылбаган адам өлтүрүүлөрдү ачканга жүз пайыздык мүмкүнчүлүк болуп атпайбы. 

 Тергөө эксперименттерине күн сайын алып чыгып жатышты. Солоник өзү көзүн тазалаган авторитеттердин баарын чын эле мойнуна алды, бирок чогуу жүргөн шадринскийлик ылымталаштарынан эч кимди саткан жок. Эми прокуратура алдында негизги милдет – адам өлтүрүүлөрдүн артында ким турат, ошону аныкташ керек эле.

Саша бул багытта да кантип коргонууну ойлонуп койгон. Анын айтымында, ал эркин аткыч, эркин сүрөтчү дегендей. Буйрутма аткарганы чын, бирок аны берген ким – ага кызыккан эмес. Бардык иш ортомчу аркылуу бүткөрүлүп турган. Аны кайдан тапканды билбейт, эч кандай дарек же телефон дегенди ага эч ким берген эмес. Ортомчуну ал издеп да убара болбогон, аны керек болгондо тигилер өзүлөрү таап турушкан.

 Тергөөчүлөр баштарын чайкап калышчу, албетте, анын эркин аткыч экенине түк ишенишкен жок. Солоник болсо аларга кааласаңар ишенбегиле, башка эч нерсе айта албайм дегенден артык кеп айтпады. Ал бир гана нерседен чочулады, аны бул абакта өзү тиги дүйнөгө жөнөткөндөрдүн достору опоңой жан тындым кылышы ыктымал. Эгерде далайды көргөн пахандар чечим кабыл алса болду, аны аткарууга бул жерде эч ким жолтоо боло албайт. Корккону – абактын чыныгы кожоюндары. Мына ушундай кабатыр ойлор менен ал Алена сүйлөшкөн адвокат менен жолугушууга баратты.

Адвокат кыжаалаттанып турду ичинен. Мындай болчу эмес. Ал кардар туурасында чогулткан маалыматтар ушунчалык бири бирине карама-каршы эле. Ал эмне кыларын билбей да турду, баары жоктун баарын тос-тополоң түшүргөн бул киши дегеле ким, анын артында турган кимдер... Анын атайын даярдыктан өткөнү шексиз, антпесе көзгө аткан мергенчилиги, ар кандай кырдаалдан, милиция ыргыткан ар кандай кылтактан тешик таап чыгып кетчү шыгы, адамдарды ит аткандай кебелбей аткан бетпактыгы кайдан... Демек, анын кожоюндары болушу керек, андыктан андан ар нерсени күтсө болот, эмнеси болсо да адвокат бул кишиден сак болушу керек.  

Сакчыга сылык бай ийген жактоочу аталган кабинетке кирди. Ал таптаза экен, абактын короосуна чыккан терезе, асты жагында эки топчу орнотулган столчо турат, анын бири – конвойду, экинчиси – кооптуу сигнал чакырганга. Кыскасы, таң кала турган эч нерсе жок – мындай кабинеттерде адвокаттын жарым өмүрү өтпөдүбү...  

Адвокат мындай чечти: бул абакта Солоникти кошкондо аны менен бир бөлмөдө үч адам отурушту. Жактоочу алардын баарын чакырууну суранды. 

Кирген биринчи адам кадимки кылмышкер, непадам түндө же караңгы подъезде жолуксаң барбы, жүрөгүң жарылып кетмек же жалгыз көздүү мунун кебетесинен инфаркт болмоксуң. Экинчи кирген неме андан да коркунучтуу эле. Букадай эңгезер, кайыш курткасынын астында булчуңдары ойногон бул неменин тилине да түшүнүп болбойт, жөн сүйлөбөй, нукул жаргон менен урдурат экен. Кебетеси спортсмен өңдөнөт, кулагы менен мурду сынык, буттары буураныкындай, кыр сөөктөрү кыпкызыл, муштумдары ортозаар мекеменин катардагы чиновнигинин башындай келер.  

Эми азыр адвокат эртеден бери күткөн жанагы атактуу киллерди алып киришет. Кандай неме болду экен. Адвокат жанынан тамеки алып жандырды. Алып киргени атышкан киллер бул экөөнөн тең коркунучтуу чыгар. Кокус өзүн барымтага алчу болсо кантет? Ким куткарып калат, менттерби? Аларың жанатан бери өзүлөрүн жүдөтүп аткан адвокатты ме дебеле тигинин колуна салып беришер...

Эшик ачылып, озунуп кирген биринчи сакчы артындагысына бурк этти:

- Алып кир!

Алып келаткан кишинин колундагы кишендин бир шакеги сакчынын колуна да байланган тура, муну адвокаттын тажрийбалуу көзү дароо байкады. Демек, бул кишини алып келүүнүн да атайын режими бар тура...

Милиция менен прокурорлордун, бандиттер менен авторитеттердин жүрөк үшүн алган бул адам кадимкидей эле адам болуп чыкты. Жапалдаш бою бар, кылдат таралган сары чачтуу, кыска сакалдуу, кийгени спорттук костюм менен бутунда кроссовкачан. Адвокат ошол замат анын колуна көз таштады, татуировка атмайдан эчтеме жок, киллердин колдору тимеле мекемеде иштеген кызматкердин колундай аппак жана таза экен. 

Аны отургузушту.

Адвокат суроолуу карады сакчыларга:

- Колундагы кишенди чечип койгулачы.

- Болбойт, уруксат жок, - деген жооп болду. – Бизге ушундай буйрук берилген.

 Кишендин экинчи жарымын столго илген сакчылар сыртка чыгышты.

Тике мандайлаш калган экөө эки мүнөттөй жым отурушту. Сөздү адвокат баштоого тийиш эле, бирок эмнеден баштаарын билбей турду. Солоник да сен ким элең, мага кандайча жардамың тийиши мүмкүн дегендей мелтиреп унчукпайт.

 Акыры адвокат чөнтөгүнөн машиненин ачкычын илчү брелокту алып чыкты. Бул Аленанын буюму эле, аны Солоник дароо тааныды:

- Алена кандай экен? Машинени зырылдата кубалап айдап атса керек?

Адвокат жооп бербей, адегенде өз фамилиясын, атын айтты.

- Мен сизди эртең келеби деп күткөм, - деди Солоник.

- Жок, бүгүн келдим, сен каршы болбойт чыгарсың?

Аны адегенде эле “сен” дегенин адвокат өзү да билбей калды. Мындай кеп демейде адамдарды бат жакындатат, ишенимин ойготот эмеспи. Анын тажрийбасында мындай болгон эмес. 

Алар эки сааттай сүйлөшүштү. Адвокат суроо берип, Солоник аларга шашпай жооп кайтарып отурду.

 - Сенден артыңда ким турганын сурап атышса керек? – деди адвокат, бул суроонун канчалык маанилүү экенин баамдагандай.

Муну Солоник да күтүп аткан.

- Мен эч ким менен иштеген эмесмин. Өзүмчө жасагам. Албетте, менин башымды аңдыгандар толтура, корком, бирок алардын колуна оңой менен түшүп бербейм, - деди Солоник бул сөздөрдүн баары жазылып атканын билип. 

24-глава

1995-жылдын 1-марты күнү Москвада акыркы жылдардагы эң чуулгандуу буйрутма адам өлтүрүү болду: Новокузнецкая көчөсүндөгү үйүнө кирип бараткан подъездден атактуу тележурналист Владислав Листьевди атып кетишти.

Анын өлүмү акча менен байланышканы ачык болуп турганы менен бул болуп көрбөгөндөй саясый чууга айланып кетти. Листьев каза тапкандан кийин эле 4-мартта белгилүү “Известия” гезити мындай талап менен жарык көрдү:

 БИЗ БУЛАРДЫ БИЛГИБИЗ КЕЛЕТ:

 Москванын милициясы эмне менен алектенет?

Биздин маалымдама: Россияда милициянын саны 100 миң кишиден ашуун. Улуу Британиянын борбору бир эле Лондон шаарында 28 миң полиция бар.

Чиновниктердин ичинен Листьевдин өлүмүнө ким жооп берет?

 Эмне үчүн эмдиге чейин вице-премьер Виктор Поляничконун, ырчы Игорь Тальковдун, журналист Дима Холодовдун өлүмдөрүнүн бети ачыла элек?

Эмнеликтен тергөө дайыма жабык жүргүзүлөт?

1994-жылга укук коргоо органдарына федералдык бюджет тарабынан  12 734 231 млн. рубль бөлүнгөн. Анын ичинен ИИМге — 7 870 717 млн. рубль бөлүнгөн. Бул салык төлөөчүлөрдүн акчасы, андыктан алар акчанын кайда кетип жатканын билгиси келет.

Эмне үчүн бандиттердин саны күн сайын көбөйүүдө?

Учурда Россияда 160 мыйзамдагы ууру, 5 миң авторитет, 23 200 уюшкан кылмыштуу топтор бар. Курал колдонуу менен 16 800 кылмыш катталган. 

Мындай ачуу соболдордон кийин кандайдыр бир жыйынтыктар болору ачык эле жана бул жыйынтыктар президенттик шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды кескин өзгөртүп жибериши анык эле. Ток этер жерин айтканда, киллерлик киши атуулар күтүлбөгөн жерден саясый түскө ээ болду. Муну Кремлдегилер да, Лубянкадагылар да жакшы түшүнүп турушту. Ошондой эле маселенин чоо-жайын Рублевски шоссесиндеги айнектери күңүрт эски, кооз особняктарда отургандар да албетте, билип жатышты.

 Кудуреттүү атайын кызматтардын мурдакы генералы, учурда ити чөп жеп турган лубянкалык күзөт фирмасынын ээси Координатор орун басары, анан дагы мурдакы бир кызматкери менен үчөө иштин жайын талкуулап отурушту. Бул жанагы Солониктин артынан аңдып жүргөн, кебетеси сүткө тойгон мышыктай болпойгон куратор эле. 

 - Гезиттер ажылдап ойго келгенди жазып атышат, - деп баштады айта турганын орун басар. – Албетте, кайдагы бир тамтырактарды жазып атышат. Көрсө, Солоник крим авторитеттердин буйругун аткарып жүргөн имиш. Өзү “бригадир” да болгон деп жазышууда. Шадринскийлердин анабашы дегендер андан көп.

Координатор ыраазы болгондой мылжыйып алды.

- Жакшы экен, анан дагы эмне деп атышат?

Мышык өңдөнгөн куратор кайрадан гезиттерди барактап кирди.

- Киллер №1. Бир кылымда бир жаралган киши өлтүргүч. Солоникти атайын кримавториттер даярдашкан, - деп улай окуду куратор гезиттердин бириндеги макаланы. – Баса, эл дагы эле Листьевдин өлүмүнө дүрбөлөң түшүп атат.

- Аны да илсек жакшы болбойт беле кап... – Куратор чын пейилинен жылмайды. - Александр Македонский… «Крошка Цахес», эч нерседен коркпогон, таймануу дегенди билбеген рыцарь жана мафиянын аёосуз киллери... Ал суракта кантип атты экен, эмне деп атыптыр?   

— Абдан салабаттуу карманууда, сылык. Тергөөчүлөрдү нукура профессионалдык иштери менен жүрөктөрүн түшүрүүдө, - деп билдирди МУРдун мурдагы изкубары. – Бир куралдын экинчи куралдан артыкчылыгы туурасында тынымсыз лекция окууда. Адвокаттын артынан аңдып атабыз. Азырынча эч кандай шек жок. 

 - Ким буйрук бергенин айтыптырбы?

- Жок. Ал туурасында ныпым сөз жок.

- Демек, бизге ишенип жаткан экен...

- Андан башка кимге ишенмек... Менимче ал бизден канчалык көз каранды болсо, биз да андан ошончолук даражада көз каранды окшойбуз.

 - Бул туурасында мен да ойлодум, - кабинеттин кожоюну олуттуу боло түштү. – Дагы бир-эки ай отурат, анан бизди алдап кетти деп чечет да, болгонун болгондой айта баштайт.

 - Койсоңузчу, ал эч нерсени билбейт да! – каршы болду мышыктай болгон куратор. – “С-4”, биздин фирма туурасында эчтеме билбейт да ал... Анын баарын айта баштаса ким ишенмек эле, акылынан тайган неме экен деп укпай деле коюшат.

 Координатор ордунан турду да, орун басарына кадала тиктеп муну айтты:

- Зонадан качканычы? Алмаатыдагы даярдоочу лагерчи? Алган акчаларычы? Документтер, видеозапистерчи? Жөн жай аткаруучу болсо ага түкүрүп туруп, басып кетмекпиз. Ал иттин баласынын атак-даңкы ар кандай эстрадалык ырчыдан да ашып-ташып турбайбы? Анан ага ким ишенбей коё алат? Эмне кыл дейсиң эми?

Собол абада асылган бойдон калды.

Экөө тең абалдан чыгуунун жогеле дегенде үч жолу турганын билип турушту.

Биринчиси – Солоникти абакта жайлап салуу. Мунун жолу толтура эмеспи.

Экинчиси – аны курман болгон достор үчүн өч алсак дегенге көздөрү төрт бандиттердин колуна салып берүү.

Үчүнчүсү болсо...

 “С-4” фирмасынын аёосуз канжарына айланган киллерди тергөө абагынан сууруп алууга аракет кылуу.

 - Менимче, аны жөн эле садага чаап салууга болбойт, жок дегенде азырынча болбойт. Аты да уккандар сийип жиберерчелик катуу чыкты, буга жетиш үчүн канча каражат, убакыт сарптадык. Анын ордун басар ылайыктуу киши деле көрүнбөйт. Мезгил болсо, жолдош генерал, өзгөрүп баратат. Мен да аны качыруу жагын туура таап турам.

 - Балким, - деди генерал-координатор. Эгерде ал биздин көзөмөлдөн чыгып кетсечи? Бул жагын да ойлодуңузбу?

- Ошондуктан аны менен жолугуп сүйлөшүш керек. Реалдуу варианты ушул окшойт. 

 Кебинин акырына чыккан жок, Координатор аны токтотту да минтти:

- Эртең эле “Матросский тишинага” жетиңиз. Сүйлөшүп, маанайын байкап көрүңүз. А сиз болсо, - ал берки изкубарга кайрылды. – Эртең биздин балдар менен сүйлөшүңүз, алардын арасында барымтага алынгандарды камактан бошотуу боюнча “Альфанын” адис офицери бар. Андан кийин кандай болгонун мага билдирип коюңуз.

Кеңешме ушуну менен аяктап, чогулгандар унчукпай коштошуп, акырын жыла басып тарап кетишти. 

Саша жатканы атканда анын эшигинин артынан кимдир бирөөнүн басып келгени угулду; эшик шарактап ачылды да коридордон сакчынын карааны көрүндү.

— Тергелүүчү, сыртка буюмдарыңды албай чык.

Солоник ага таң кала карап калды, адвокат менен аңгемелешүүгө чакырып аткан дейин десе – түн ортосунда кайдагы аңгеме...

Сураккабы же?

Аны түнкү сурактарга сейрек чакырып калышкан.

Бир аздан кийин Солоник кандайдыр бир чоочун кабинетте отурду. Акыры күткөн киши да жетип келди. Бул баягы чекист – куратор эле...

Амандашкан соң тиги дароо ишке өттү.

- Кантип атасыз, сиздин келечегиңиз туурасында сүйлөшөйүн деп келдим.

Кеп кыска бирок жөндүү болду. Аны кайра канасына кайтарып алып бараткан сакчы эмнегдир бирдемеге жылмайып баратканын көрүп таң калды, анткени бул киши бул жерде отургандан бери бир да жылмайганын көргөн эмес. Жанагы сурак жүргүзгөн неме же буга баңгизаттан бердиби деген да ой болду. Бирок ага окшобойт...

 Эртеси күнү аны оперативникке суракка чакырышты.

- Кече күнү телевизор көрдүң беле?

- Ооба, эмне экен, - кебелбестен жооп узатты Солоник.

- Эмне дейсиң анан?

- Эч нерсе...

- Сени эмне күтүп турганын деги түшүнөсүңбү?

- Сиз мага ушуну айтайын деп чакырдыңызбы?

- Жок эй. Мен сага жардам берейин деп атпайымбы. Сенин коопсуздугуңду ойлонуштурушум керек. Бул жерде чыныгы кожоюндар ким экенин билесиң да...

Оперативник тиги жактагы блатнойлордун көрсөтмөсү менен мунун танабын тартып атканын Солоник ошол замат түшүндү. Абактын администрациясы “общактын” акырынан жем жей турганы анык да.

- Тагдырдын башка салганын көрөбүз да, - үшкүрдү Солоник. – Дагы эмне дейсиз?

Кеп ошону менен бүттү да Солоникти алып чыгып кетишти. Аны алдыда абактын чыныгы ээлери менен жолугушуу күтүп турганын билип кетти.

“Хатага” түн жарымында экөө кирип келишти. Бойлору теректей узун, колдору күрөктөй бул немелер кадимки спортсмен -рекетчилер эле. Булар менен согушуунун кажети жок, жөн эле убакытты текке кетиресиң. Кыйкырсаң эч ким укпайт, анткени темир эшикти алар кирери менен эле ачык калтырышкан жок...

Атлеттердин бири тишин кычырата сүйлөдү:

- Кана, бол, сени стрелкага чакырып атышат...

 Солоник атайын шашпай ордунан турду, кроссовкасын бутуна тартып кийип, муздап калган чайдан шор эткире ууртады. Башкысы буларга бүжүрөбөй, өзүн таттыктуу кармашы керек эле. “Шестеркалар” кандай киши менен сүйлөшүп атышканын билсин да...

Коридорго чыгышты. Жарык күйүп турган коридордо жан жок. Чын эле сыртта менттердин мыйзамы болсо, бул жерде уурулардын мыйзамы. Түнкүсүн кудуреттүү КГБга таандык болсо да абак толугу менен алардын колунда. 

Биринчи кабатка ылдыйлап анан коридор менен жүрүп отурушуп, “хатанын” темир эшигинин тушуна келип токтошту.

Жарым караңгы канада эки киши отурган экен, көзү шишимиктеген улуурагы, экинчиси болсо мурду талкаланган жашыраагы.

- Кел братан, - деди мурду сынган неме. – Келип отур бул жакка...

Булар мыйзамдагы уурулар эле, башкача айтканда, жанагы опер ишара кылган абактын чыныгы кожоюндары ушулар.

Саша унчукпай отурду.

- Кана, бул жер кандай экен? – деп улантты жашыраагы, ага уйкусурап карап.

- Болот, - жооп узатты Солоник.

- Балким кимдир бирөөгө айта турган датың же арызың бардыр? Сен кысынбай айта бер, бул жерде ГУИН да, прокуратура да жок. 

  - Жо, баары жайында.

- Балким бирөөгө дооматың бардыр?

- Эч кимге дооматым жок.

- Сенде жок болсо, сага айта турган доомат бар, - күтүлбөгөн жерден кепке аралашты жанындагысы. Сен туурасында бүт Москва дуулдап атат. Мусурларга болгонун айтып мойнуңа да алган окшойсуң. Туура айтамбы же адашып атамбы?

Солоник баш ийкеди.

- Ооба.

- Мына көрдүңбү? Колуңду канга боёгонсуң, адамдарды, болгондо да кандай адамдарды жайлагансың...

- Беспредел менен жайлагансың, - кепке аралашты жашыраагы. – Мусурлар баарын пленкага жазып алышкан, сен баарына кол коюп бергенсиң...

- Сен ошол пленканы өз көзүң менен көрдүң беле? - таң калды Солоник.

- Көрдүмбү, жокпу, ал сенин ишиң эмес, бул жерде суроону биз беребиз.

- А эгерде баарын менин мойнума илип атышкан болсочу? 

 - Мейли, прессовкадан кийин протоколго кол коюп бергенсиң дейли. Бирок ушунчанын баарын моюнга ала бергидей сен башыңдан жаракат алган эмессиң да туурабы?

 - Базарда атып өлтүргөн менттер меники, аны моюнга алам. Бул “вышка”, баары тастыкталган, андай болгон соң мени эчак тиги жакка жөнөтүшмөк. Калгандарын да моюнга ала турчу болсом дагы эки үч жыл тергөө менен убакытты созо турам да, андан ары өлүм жазасын жокко чыгарышмак же дагы бир башка өзгөрүү болмок да...

 Картаң ууру берки шеригине карап калды.

- Карачы, акылдуулугун, укмуш ой!

Тиги башын ийкеди.

- Куу экенсиң абдан, эми эмне кылайын деп турасың, оюңда эмне бар?

- Мен эч нерсеге башымды оорутпайм, мен жөнүндө азыр башкалар ойлонуп жатышат.

- Аның да туура, бирок кимдин жашагысы келбесин?

- Муну менден ким сурамак эле? – Солоник кебелген жок.

 - Демек жашагың келет тура... А сен жайлаган биздин достордун эмне, жашагысы келген эмес беле? Мисалы сага Калина эмне жамандык кылды? Унчукпайсың да. Аны сен жайлагансың да?

- Силер мага баары бир ишенбейсиңер, - Солоник мостойду.

- Сен бизге чынын айтасың. Айтып жеңилдеп аласың, тиги дүйнөгө ыйманың менен тазарып кетесиң жок дегенде... Сен баары бир өлүксүң...

- Эмнени айтышым керек?

- Кимдерди жайлагансың, аттарын айтып бересиң, - тишин кычыратты жашыраагы.

- Макул, мага кимди илип атышкан болсо алардын баарын жайлагам.

- Тизме боюнчабы? Аны сага ким берди эле?

 - Ооба, альфавит боюнча...

- Сен эмне, бл...дь, сени менен кимдер сүйлөшүп атканын дагы эле түшүнө элексиңби? Кайсы жерге келгениңди биле элексиңби?

 Солоник эриндерин кымтыды:

- Билип турам.

- Бул жерде баарыбыз билармандарбыз. Сен болсо сасыган мусур эмнеле манчыркайсың? Сен керек болсо азыр деле сасып турасың, бл...дь! Бол айт!

- Эмнени?

- Кимдерди жайлаганыңды.

- Мен тизмени али толугу менен жаттаган жокмун, эсимде да жок.

- Он мүнөттөн кийин баарын айтып бересиң, - дагы тишин кычыратты жашыраак ууру.

- Он секунда болсо да айтам. Кимди айтсаң, анын баарын мойнума алам. Билип турам, азыр сен “шестеркаларыңа” момунун колу бутун айрыгыла деп буйрук бересиң. Макул дейли. Базардагы менттер меники дебедимби! Калганын билбейм. Мага Отарикти да, Сильвестрды да илип атышат. Кечээ эле Листьевди атып кетишти. Аны да мага илип атышат, мен бул жерде отурам го? Анан кантип аны жайлаган болом?

 - Эмне деп турасың эми? – деди бандит түшүнүп-түшүнбөй.

- Эгерде азыр мени жайлап салсаңар, анда менттер муну силердин колуңар менен жасаган болуп чыга келет. Башкача айтканда, силер алар кыла турган ишти өзүңөргө алып атасыңар. Эгерде силердин досторуңардын каны менин колумда болсо, анда мени силер гана жайлашыңар керек. Анда бул туурасында теледен какылдап, гезиттерге жазыштын кереги эмне? Менттер силерди подстава кылып атышпайбы...

- И түшүндүм, - картаң кежигесин тырмап койду.

- Кимдир бирөөлөр мени так силердин колуңар менен жайлагысы келип жатат да.

- Кана, сен сыртка чыга турчу, - деди жашыраагы Солоникке.

Ал чыккандан кийин берки экөө жыйырма мүнөттөй сүйлөшүштү. Анан ичкериден үн угулду:

- Муну камерасына алып барып койгула.

Ошентип Саша кабатына көтөрүлүп, жаткан жерине кайтты. Аз жерден аркы дүйнөгө кетип кала турган бул оор сүйлөшүүдөн кийин анын өлөрчө уйкусу келип турду.

Эркиндикте аны унутушкан жок. Жанагы түнкү жолугушуудан кийин куратор колунан келгендин баарын жасады. Агентти бошотуу боюнча операцияны олуттуу, сабаттуу адистер даярдашкан сыягы. Бошотуу болгону он эки гана мүнөттү ээлерине чейин эсептеп коюшуптур.

Күтүлбөгөн жерден ал жаткан хатанын эшиги ачылып, астанада сакчы пайда болду.

- Сейилдөөгө даярсыңбы?

Бул анын кишиси эле.

Кыязы, акыркы жарым жылда Москвада милицияга да, крим дүйнөгө да бирдей таанымал, Александр Македонский деген каймана аты бар супер киллердин абактан качып кеткениндей  чуулгандуу окуя болбосо керек.

Качкынды колго түшүрүү операциясын кылмыштарды иликтөө Башкы башкармалыгынын начальниги жеке өзү башкарууну колго алды. Бардык чек ара посттору, бажы пункттары кабарландырылып, Москвада, Курганда, Тюменде жана Солоник барышы мүмкүн болгон бардык шаарларда атайын топтор түзүлдү. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү “Интерпол”, чалгындоо кызматтарына кабар берилип, тийиштүү нускамалар берилди: кылмыш беренеси боюнча соттолгон адамды издөө практикасында мындай учур дегеле болуп көргөн эмес!

Бирок майнап чыккан жок: Александр Македонский Россиянын кыйырсыз мейкиндиктерине абага сиңип кеткендей дайынсыз жоголду. 

 ЭПИЛОГ

Төрт чарчы бөлмөдө отурган адам артын кароого дити барбай турду: азыр келип сүйлөшө тургандар аны абактан алып чыккан, бул жерге алып келген чексиз кудуретке эгедер адамдар болчу, аларга ал өмүрү өткөнчө милдеткер эле.

Аны күт деп буйрук беришкен, ошондуктан күтүп отурат. Азыр келип сүйлөшө турган адамдын бетин көргөнгө ага уруксат жок, ал буйрукту бузбайт. 

Акыры арт жактан күткөн дабыш угулду эле, эрксизден чыңала түштү...

 — Кандайсыз Александр Сергеевич, — деген тааныш үн угулду арттан,— баары жайындабы?

— Жайында, — жаңырыктаган үн менен жооп берди Александр Сергеевич деп аталган адам.

Коридорго чыкканда кайрадан бирөөнүн басып келатканы угулду. Караңгы бөлмөдөн чыгып келаткан Саша баягы тааныш кураторду көрдү. 

— Эми Александр Сергеевич, — деди тиги саламдашкан соң сыпаа жылмая, — сиздин келечегиңиз туурасында сүйлөшүп алалы… Атканды унутуп коё электирсиз али?!

Кыргыз тилине которгон  Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз