«Революциянын азирейили» Троцкий

  • 10.09.2021
  • 3385

«Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы» китебинен

<<<<< Башы

1. 1905-жылдагы согушта Петербург кеңешинин төрагасы болгон, анан камалган, соттолуп, кесилген, сүргүнгө айдалган, ал жактан качкан, ошондо гана сыртка эмиграцияга чыгып кеткен мына ушул Троцкий эмеспи.

2. Баса, он чакты тилде шыпырылта сүйлөп, 1912-жылдагы аз жерден дүйнөлүккө айланып кете жаздаган Балкан согушунан репортаждарын үстүккө-босток жиберип, европалык журналистикага таанылган да ушул киши болгон.

3. Башына жүн чыккандан тарта социал-демократ атанган ал РСДРП большевик-меньшевик болуп экиге ыдыраганда эки фракцияга тең ыктабай, “райондор аралык” калыс позицияда турууну чечкен.

4. Ленинден үч жума кечирек АКШдан Петроградка келгенден кийин Лениндин көпкө чейин акелеп-жакелеген өтүнүчүнөн кийин ал өз тобу менен большевиктерге кошулган, анткени алардын чечкиндүүлүгү менен кенендигин жактырган.

5. Ошондон кийин жумушчу-дыйкан, солдат, матростор жана казактар депутаттарынын Петрограддык Кеңешине төрагалыгына шайланган. Бийликти басып алууну, социалдык маселелерди жарандык согуш жолу менен чечүү багыттарын колдой турганын жашырган эмес.

6. 4-июлдагы ордунан чыкпаган путчтан жана большевиктерди германдык штаб багып турганы жөнүндөгү документтер ачыкка чыгып кеткенден кийин Ленин менен Зиновьев камакка алуудан качышат да алардын ордуна РСДРП (б)нын экинчи адамы катары Троцкий сотко келип, абакка отурган. Партия үчүн алда канча баалуу гениалдуу лидер жана стратег Ленин албетте эркиндикте калышы керек эле, — абактагы Троцкий болсо өзүн күнөөсүз экенин, тайманбас жана эл таламын талашкан чыныгы күрөшкерлердин партиясынын өкүлү катары көрсөтөт: биздин ишибиз ак, жолубуз туура, элди коргоочулардан куржалак калтыруу үчүн буржуазиялык демократтар бизди репрессияга тартышууда дейт ал.

7. Ал абактан «корниловдук козголоңдон» (тарыхчылар ойдон чыгарган дагы бир калп) улам бошотулуп, Петрокеңешти башкарып калат да куралдуу төңкөрүшкө конкреттүү даярдык көрүү иштерине жетекчилик кыла баштайт.

8. Эми сиз окурман, Троцкий 1929-жылы СССРден чыгарылгандан кийин Маяковскийдин “Хорошо” деп аталган таанымал поэмасынын кайсы саптары биротоло алынып салынганын таап көрүңүзчү (Бул жерде кыргыз окурманына түшүнүктүү болуш үчүн анын кыскача маанисин эле айта кетели: Поэмадагы “Троцкого” деген сөз алынып салынгандан кийин “флотского” деген сөздүн уйкаштыгы жок болуп калган - Б.Ш.). 

Бул 1927-жылы Совет бийлигинин 10 жылдыгына арналып жазылган чыгарма болуп, ал мезгилде Троцкий бардык кызматтардан куулганы менен Маяковский өз поэмасында анын атын эстебей коюуну туура эмес көрсө керек (Бирок бекер кылган, анткени Сталин Троцкийди таптакыр мокочо көрүп калган эле).    

9. Төңкөрүштөн кийинки эң эле маанилүү иш – Германия менен тынчтык келишимин бекитүү болду. Троцкий тышкы иштер боюнча эл комиссары болуп дайындалат. Немистер менен болгон келишимди мүмкүн болушунча чоюп, создуктура баштайт, анткени убада боюнча аларга ири акчаларды төлөп берүүгө көз кыйбайт, бирок төлөбөй коюуга да болбойт. Ошондуктан жакын арада согуш Германиянын жеңилүүсү менен аяктап калгысы бардыр, а балким революция болуп кетер деген ой мененби, иши кылса, убакытты созуу керек эле.   

10. Троцкий 1918-жылдын жазында аскер флотунун эл комиссары болуп да дайындалган. Аскер комиссариаттарынын кыйраган системасын калыбына келтирип, Кызыл Армияны түзгөн! “Мен, эмгекчи элдин уулу...” деген сөздөр менен башталган Аскер Антынын текстин да Троцкий жазган. Бул антты азыркы күнгө чейин дээрлик өзгөрбөгөн бойдон Россиянын Армиясындагы жаш жоокерлери да кабыл алып келишүүдө!

11. Ал абдан иштин көзүн билген бүйрө адам болгон. Абдан бетпак болгон. Эч кимди аяган эмес. Мыкты уюштуруучу жана ырайымсыз тескөөчү болгон. Ал оттой жалындаган ораторлорго бай ошол замандын алгачкы оратору эле. Дымагы бийик, атак-даңкка кумарлуу жана кайраты ченемсиз адам болгон. Кандуу мезгилдердин жол башчылары мына ушундай материалдардан жасалат окшобойбу.

12. Ал аскерден качкандардын үй-бүлөлөрүн репрессиялоону киргизген! Ошондуктан Кызыл Армияда миллиондор кызмат өтөгөн: антпесе үй-бүлөсү менен атылып кетчү. Жумушчу – дыйкандардын Кызыл Армиясына офицерлерди (коркутуу жолу менен) тарта алган. 

13. Державанын символу болуп калган Орок менен Балканы да киргизген Троцкий. Кызыл Жылдыз орденин киргизип, анын эскизи менен үлгүсүн оңдогон. Анын портреттери бардык аскер бөлүктөрүнүн Кызыл бурчтарында илинип турган.

14. Ал өзүнүн атактуу, эч бир ок тешип өтө алгыс брондолгон поюзунда жашаган, анда салону, мончосу, штабы, зениттик пулемёттору, автомобилдери жана бушлаттарынын жеңдеринде сүрдүү жана атайын белгилери бар сакчы матростору бар эле: «Реввоенсоветтин Төрагасынын поездинен» ЧКдан да катуу коркушчу.

15. Ал Лениндин кээде туруп анекдот сыяктуудай сезилген фантастикалык колдоосуна ээ эле: «Жолдош Троцкий жасаган бардык иштер мен тараптан эч бир кыйшаюусуз колдоого алынат жана анын бардык буйруктары так эле меники сыяктуу эч бир токтоосуз аткарылууга жатат. Совнаркомдун Төрагасы Ульянов (Ленин)» деген токтомун да чыгарып койгон болчу жол башчы. Мына ушундай.

16. Ал Дүйнөлүк Революцияны өз колу менен жасап, практикалык иш-аракеттерден ырахат алган. Ички партиялык тытышуулар, бийликтин токочун бөлүштүрүү аны таптакыр кызыктырган эмес, ал мунун баарын түккө турбаган майда-барат деп эсептеп, аларды жининдей көргөн. А Ленин экөө гениалдуу тандем түзүшкөн: Ленин партияга стратегиялык жактан жетекчилик кылып, өлкөнүн багытын, жогорку кадрларды, ички жана тышкы саясатты аныктаган. Ал эми Троцкий Жарандык согуштун укуктарын башкарган, армия түзгөн, аймактарды чогулткан, душмандарды бири бирине тукурган. Айтор, бул экөө эки кудайдай эле: бири кастүмчөн, галстук байланып Кремлде отурса, кайыш күрмөчөн жана тапанчачан экинчиси фронттордо жүрүп адамдардын тагдырын чечкен.

17. Жарандык согуш аяктаганда — алдан-күчтөн тайган Ленин өлдү, аны менен бирге Троцкийдин да жаркырап күйгөн жылдызы өчтү: ал гений эсептелген иш жоголду, дайыма аны колдоп кубаттап, кудуреттүү кылып турган кожосу да кетти, партия кайрадан жаралды, ага эми таланттын да, атаандаштын да, лидердин да кереги жок эле. Айтор, баары ойдогудай. Аппарат дайыма жеңүүчүлөрдү мойсоп, жеп келет эмеспи. 

ЖАШ БИЙЛИКТИН АЛГАЧКЫ КАДАМДАРЫ

Ошентип бийликти алышты. Анан?

1. Негизи мындай эле. Убактылуу өкмөт — бул мыйзамдуу мамлекеттик бийлик болчу. Ал эми Советтер — булар жарандык коомдун өз алдынча башкаруу органдары. Анан ошо жарандык коом килейген мамлекетти оодарып салып атпайбы. Ушинтип айтсак туура болор (Аңкоо либералдар “жарандык коом” – бул жашыл көчөттөрдү коргоо жана эмгекчилердин даттануулары боюнча коррупционерлерди отургузуу деп ойлошпосун).

2. Жаңы бийлик шашылыш өзүн бекемдей баштайт: Кызыл Армиянын отряддары почто бөлүмдөрүн, паровоздук деполорду, курал-жарактарды ээлеп кирет. Каршылык көрсөткөн офицерлер менен полициялар ошол эле жерден атылат. Каршылык көрсөтпөгөн күндө деле мыйзам эч жерде иштебейт, түрмөлөр ачык, андан чыккан кылмышкерлер оокаты бардар тургундардын жүрөгүн түшүрүп кыдырып жүрүшөт. Жаңы бийликтин көтөргөн урааны «Тонолгонду тоной бер»! деген болуп атса буга таң калып кереги барбы.

26-октябрда Дондогу казак аскерлердин Жогорку атаманы генерал Каледин өз аймагындагы советтердин баарын дыркырата кууп таратат, бул анын Петрограддан келген жаңы бийликти тааныгыла деген көрсөтмөгө айткан жообу эле. Таанымак тургай аны көргүсү жок! Генерал мыйзамдуу Убактылуу өкмөттү гана таанырын, ошондуктан антка бекем, ар-намысы барларды өзүнө, Донго чакырат. Катарларыбызды бекемдеп, мобул жалган атка жамынган шүмшүктөрдүн акесин Анжияндан көрсөтөлү деп бапылдайт генерал.

3. Негизи орто көз караштагы партиялардын баарынын эле кыжыры келип турду. Кайсы шайтан сайып атат буларды? Жалпыроссиялык Учредителдик Чогулушка болгону бир айдай убакыт калып аткан: башкача айтканда, бүткүл өлкө боюнча эл тарабынан шайланган депутаттар борборго келип, жаңы өкмөт түзөр парламентти шайламакчы жана жаңы конституцияны кабыл алмакчы эле, айтор баары жетишинче адилеттүү, демократиялуу жана акыл-эс менен жүрүп жаткан. Ошондойбу?! 

27-октябрда болсо большевиктерди сындаган 20 гезитке – бир көз ирмемде! - тыюу салынган. Бул Эл Комиссарлар Совети тарабынан чукул жарыяланган «Басма сөз жөнүндө декрет» эле. Ленин өзүнүн «Эмнеден баштоо керек?» деген гезиттин үгүтчүлүк жана уюштуруучулук ролу жөнүндөгү макаласын унута элек болчу.

4. 2-ноябрда «Россия элдеринин укуктарынын декларациясы» — бардык улуттардын тең укуктуулугу жана өз алдынчалыгын аныктоо туурасындагы декрет кабыл алынган. Россия Империясы элдердин түрмөсү деп жарыяланып, эшиктердин баары ачылган, башкача айтканда, бул ыдыроого чакырык болчу. Жаңы бийлик адамдардын баардыгынын, бири биринен жана борбордон көз карандысыздыгын коргоочусу болуп чыга келген. Бул империядагы улутчулардын баарын совет бийлигине тартып, аларды эгемендикке жетишүүгө түрткөн. Бекемдеп тарткан бурамаларын алып ыргыткандай империя ыдырай баштаган.  

Ошол эле күнү Батыш фронтунун Могилевдогу Ставкасынын штабындагы наамы боюнча улук генерал Духонин өзүн башкы кол башчы деп жарыялайт да, Петроградка казат менен аттанууга буйрук берет, ал жакка барып узурпаторлорду жок кылып, мыйзамдуу бийликти калыбына келтирүү керек деп чыгат. Бирок Убактылуу өкмөттүн доорундагы үч бийликтин (командир – өкмөт комиссары – солдаттар советинин төрагасы) кайсынысын угаарды билбеген солдаттар эч кайда барбайбыз деп баш тартышат. Аларга кошумча баш оорунун кереги жок.

Ошону менен бирге Быховдогу гарнизондук абактан “корниловдук козголоң” боюнча камакка алынгандар Корнилов, Деникин, Алексеев жана башкалар бошотулат да алар азаттыкка чыгары менен Новочеркасскиге, Калединне учуп жетишет.

5. Большевиктердин бийликти кармап каларына эч ким ишенбейт! Алар Советтерде да, армияда да баары жоктун баарында азчылыкты түзүшкөн. Эч кандай мекеме алар менен кызматташууну да каалабайт! Алардын буйруктарын темир жолчулар, телеграфисттер, банк кызматкерлери, соодагерлер да, айтор эч ким аткарбайт. Ошондойбу? Анда мына эмесе — алгачкы эле бир-эки жума ичинде Совнарком бүт соодага мамлекеттик монополия киргизет. Баары алардын «мамлекетине» берилиши керек, кимге эмнени канча көлөмдө, кандай баа менен сатат же бөлүштүрөт, аны ошол мамлекет гана чечет. Өрт өчүргөндөй тездик менен программа киргизилет, анда: сатып алуу жана сатуу – бул реакциялык-буржуазиялык мамиле жолдоштор, бардык продукция менен товарларды мамлекет акысыз алышы керек жана аларды өзү каалагандай таратышы керек деп айтылат. Ал эми “колдон сатып алуу” бул пайда табыш үчүн кызыл кулактык кылуу, бул мыйзам бузуу жана кылмыш! Анан? Кызыл гвардиячы патрулдар “кызыл кулактарды” четинен атып башташат, айлануудагы товар атмайдын баары заматта жоголот да саналуу күн ичинде шаарларды ачкачылык каптайт.

6. Ошону менен бирге эле ар кандай кыймылсыз мүлктү сатууга тыюу салынат. Эгерде кимдир-бирөө үйүн сата коюп (же фирманын имаратын) качып кетүүнү кааласа – атасынын башы. Бардык курулуш жайлар, кан сарайлардан тартып жалпак тамдарга чейин “мамлекеттин” менчиги болуп жарыяланат жана анын көзөмөлүнө алынат. Чынында бул мамлекет эмес, болгону жанталашкан бир ууч жалган атка жамынгандар эле, ал эми реалдуу россиялык мамлекетти алар мыйзамдан тыш, жок деп жарыялашкан!).  Анан эмне болду? — Заматта «турак жайга киргизүү» жана «сыйлыгыштыруу» башталган: өзүлөрүнүн пролетарийлерин «буржуйлардын» батирине киргизе башташкан. Ал эми буржуй делингендер болсо жолдоштор, — булар врачтар, мугалимдер, юристтер, кызматчылар болуп, алардын баарында эл катары бир нече бөлмөлүү турак жайлары болгон. Андан кийин чукул буйрук боюнча “үй комитеттери” түзүлүп, алар райондук Совет тарабынан дайындалган уполномочун тарабынан башкарылган жана жаңы турак жайга “кире тургандарга” ордер бере башташкан. Ордер бир үй-бүлө – бир бөлмө эсеби менен берилген. Айтор, баары сонун, коммуна деген ушул эмеспи, достум! Батирлердин баары коммуналдык болуп чыга келген. Ашкана да, даараткана да чогуу! (Буга чейин мындай шумдукту бир жан уккан да, билген да эмес, көрсө жаңы жашоо деген ушул тура!).

7. Акчачы, акча тыйын пул кана? Акча биринчи кезекте өзүлөрүнө керек – кызыл гвардиячыларга, комиссарларга, уполномочундарга төлөш керек. Экинчиден, большевиктер немистер менен бекиткен келишимге ылайык, оңбогондой акчаларды аларга төлөп бериши керек. Үчүнчүдөн, жамандыктын баары ушул акчадан келип чыгат, акча коммунисттик модель боюнча мамлекеттик бөлүштүрүү саясатына каршы келет. Акчасы бар адам оюндагысын жасайт! А бизге биз айтканды жасаган адамдар керек, антпегендерди ачка калтырабыз дешет большевиктер.

Ошондо “эзүүчү таптын”, дегеле пролетарий эместердин баарынын колундагы валютаны, кымбат баа буюмдарды экспроприациялоо (тартып алуу) «уюштурулат». Колунда Советтер тарабынан берилген пачкелеген ордери бар кызыл гвардиячылар тизме боюнча үймө-үй кыдырып ишке киришет. Кызыл Гвардия аталган ошол кошуунда жалаң эле жумушчу дыйкандар, солдат матростор эмес, абактан бошотулган кадыресе кылмышкерлер да бар эле, болгону Кызыл Гвардияга жазылып, алгын да, чөнтөгүңдү толтура бер. 

Смольныйдан болсо: Тонолгонду тоно! - деген куунак, каракчы ышкырык угулуп турбайбы.

— Азыр эң башкысы, атакеси, — эзүүчү таптын каршылыгын сындырып, аларды жан бага албагыдай кылып каражаттан куржалак калтыруу маанилүү болуп турат! – деген тукурган үн жаңырып турат Смольныйдан.

8. Жаңы бийлик ошол замат бардык банктарды, банктык салымдарды, актив менен пассивдерди, депозиттерди, банктагы, сейфтердеги, кутучалардагы болгон мүлктүн баарын улутташтырып кирет. Болгон саясат бул: Ордер. Маузер!!! Бардык кымбат баа буюмдар тапшырылсын! 

А эмне үчүн банктарга деректир кылып матросторду отургузуп коё беришкен? Анткени банктарда иштеген персонал толугу менен акча бергенден, дегеле жаңы бийлик менен кызматташуудан таптакыр баш тарткан. Алар: Акча кимге? Кайсы негизде? Булардын мыйзамдуу ээлери бар эмеспи, жолдоштор? - деген суроолорду берип башты оорутушмак. Андыктан аларга: Буржуазиялык шүмшүктөр, бул деген революция! Ачкыч кайда?! - деген кыска, өктөм сөз жетишерлик эле.

9. Викжель — Бүткүлроссиялык темир жол катнашынын Аткаруу Комитети деген эң зарыл, кудуреттүү уюм. Анын курамында жолдор, вагондор паркы, локомотивдер, көмүр кампалары, вокзалдар ж.б. толгон-токой мүлк болгон. Мына ушул Викжель жаңы бийлик менен кызматташуудан таптакыр баш тарткандан кийин аны таратып жиберишкен. Бул гиганттык “профсоюз” машинисттерден, от жаккычтардан, жүктөөчүлөрдөн, обходчиктерден жана башка жумушчулардан турган. Алардын баарын большевиктер жаңы бийликке иштөөгө аргасыз кылышкан.

10. Мына ушунун баары боюнча Совнарком 1917-жылдын 7-декабрында контрреволюция жана саботажга каршы күрөш боюнча Чукул Комиссия түзгөн. Ага адамдарды эч кандай соту, тергөөсү жок эле жайында атып салууга чейинки чексиз ыйгарым укуктар берилген. Большевиктер сотту мааниси жок, эки жүздүү, буржуазиялык процедура дешкен. Ал эми биз үчүн жат элементтерди жана контрреволюционерлерди атып салуу — жөн гана административдик чара дешип: «Административдүү атуу» деген термин киргизишкен.

Анан ЧКнын иштегенин көрүп ал! Ал адамдардын канын суудай агызган террор жана үрөй учуруу менен элди баш ийдирип кирет. Адамдарды бир бөлкө нан же алтын шакек үчүн атып сала беришкен. Паровозго көмүр жокпу, анда бул: «Саботаж!» - делинген. Жадагалса банктагы кутуну ачып бергенден баш тартканы үчүн, “эмгектеги баш ийүүдөн” качканы үчүн атышкан. Үй комитеттери тизмелеп берген “буржуйларды” катарга тизип алып, отун түшүргөнгө, көчөлөрдү кардан тазалаганга, айтор, баягы он беш суткеге камагандай кылып кубалап барып иштетишкен. Дегеле адамды атып салуу ит аткандай түккө турбас иш болуп калган.

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз