Касым Каимов: Капканчы

  • 05.02.2024
  • 3208

АҢГЕМЕ

Бөксө тоолордун чөбү кубарып, жер сары сойгок болуп калган учур. Сары сойгокто бетегелүү беттерден жана жантаймалардан жүрүү кыйын — кишинин буту музга тийгенсип тайгалана берет. Айбанаттардын ичинен тамандары томпок жана сыйда келген карышкыр гана мурдагысындай бет алды жүрө албай, жондун кыркаларын жана кыя жолдорду тандап калат.

Адис капканчылар үчүн жылдын бардык мезгилдерине караганда сары сойгокто карышкыр кармоо оңой. Ан үчүн алардын жүрөр жеринин болжолун билүү жетиштүү болот.

Капканды жөнөкөйлүгүнө жана ыңгайлуулугуна карап аңчылар гана эмес, каалаган кишилердин баары пайдаланышат. Мына ошондой кишилердин бири — жылкычы Султан. Султан карышкыр кармоого жылына бир гана мезгилде — сары сойгокто гана камынат.

Султанда ар биринин жаагы аттын кабыргасынча каркайган, чынжыры да өзүндөй жоон темирден согулган үч чоң капкан бар, алардын казыгы менен тээги да темирден.

Султан капкандарын канжыгасына байланып Сары-Булактын жонун көздөй жөнөдү. Өмүр бою жылкы менен чоңойгон неме мал жайлатууга жана кыштатууга кайсы тоолор ыңгайлуу экендигин билген сыяктуу, жырткычтар кайсы убакта, кандай жерлерде жүрөрүн да жакшы билчү. Карышкыр түлкүгө окшоп куу болбосо да, өзүнүн чабыты үчүн ыңгайлуу орундарды жакшы билет. Мына ушул, Султан өрдөп бараткан Сары-Булактын башында Бел-Башат деген кичинекей жайлоо бар. Ал кичинекей болгон менен төрт тарабынан тең ар түрдүү жайлоолор менен тутумдашат. Бөксө жайлоолордун көпчүлүгү малга жаз айларында гана сонун болгондуктан, малчылар жайга тарта алыскы жайлоолорго көчүп кетишет. Ошондон кийин Бел-Башат ар түрдүү айбандардын энчисинде калат. Жердин шартын билген карышкырлар да чабытын дал ушул Бел-Башаттан башташат.

Султан Бел-Башаттын кырына бир капканын жана анын жалгыз аяк каптал жолуна эки капканын салып, үстүнө майда таштар менен аттын тезегин чачып койду.

Капкандын казыгы менен чынжыры да бекитилди. Бирок күндүз абайлап караган киши ошол жерге көмүлгөн капканды байкар эле. Ал эми түлкү болсо, айсыз түндө да аны даана көрүп, жолдон булт этип чыга бермек. А, карышкырчы? Карышкырда каруусунан көрө кайраты, сезгичтигинен көрө айбаты күчтүү. Аны кенебестиги үчүн кашаба деп да кекээрлеп аташат. Чынында да ошондой. Кашабаны атуу үчүн мергенчи аны мурдараак көрсө иштин бүткөнү: соңунан ээрчип жүрүп, анын жатышын күтөт. Ал бир жатса, эки жагына баш көтөрүп койбойт. Ошондо желдин ыгынан качып, дабыш билгизбей келип, мылтыгыңды бөйрөгүнө такап туруп атсаң да болот.

Султан капкан салган күндүн эртесинде иштен колу тийбей, Бел-Башатка бара албай калды. Анын суроосу боюнча коңшусу Жусуп капкандарды көрүп келүүгө жөнөдү. Султан ага капкан кай жерде экенин айтып берди.

- Бел-Башатка жеткенде кыя жол менен жүрбө, карышкыр жок болсо капканга өзүң түшүп каласың.

- Чочубай эле кой, — деди Жусуп намыстанып, — капканчы болбосом да, капкан салган кишилерди көргөмүн.

- Эгерде карышкыр капканга түшкөн болсо, абайла...

- Койчу, бай болгур. Мен бала эмесмин...

Жусуп капканчынын насаатын укпай, такымына бир жоон келтекти кысып алып, тоого кетти.

Жусуп да жылкычы, бирок анын аңчылык өнөрү жок, ак көңүл жана момун адам, кичинекей гана чыдамсыздыгы жана шашмасы бар. Бирөө мал союп жатса, өзү эле жиреп кирет. Кокус жумуш кысталыш болсо, тамагын бүтүн иче албайт, укуругун алса камчысын унутуп, камчысын алса укуругун алууга үлгүрө албай калат...

Жусуп Бел-Башаттын кырын кыркалап келатты. Анын мал издөөгө каныккан курч көздөрү коктунун таманындагы жалгыз аяк жолдун үстүндө жаткан караанды дароо көрө койду. Такымындагы союлду сууруп алып, атын теминип, коктуну көздөй өкүрөңдөтүп чаап түштү.

Карышкыр каршы алдында бөк түшүп жатат. Анын капталынан чыгып калган чынжырдын чети болбосо, капкан таптакыр көрүнбөйт.

— Кайран көсөл, төрт бутуңан тушалып калган экенсиң ээ?— деди Жусуп аны кекетип, келтекти кезеп.

Карышкыр анын союлун да, өзүн да капарына албагандай, ордунан былк этпей жата берди.

— Ой, мунун төрөлүгүн карасаң! Мени тоотпойт имиш. Мен сага көрсөтөм.— Жусуп жакыныраак келип, союл менен как чокуга уруу үчүн атына темиңди эле, кексе ат кошкуруп кетенчиктеп туруп алды. Ал атынан түшүп, союлду кош колдоп кармап, анын нак чокусун жараарда, козголбой жаткан кашаба ордунан атып туруп, ага баш салганда Жусуптун чепкенинин этеги арсак тишке илине түштү.

Жусуп абдан шашты. Карышкыр ары тартат, ал бери тартат. Саал эле жакындаса, бөрүнүн тиши кызыл канын чачарына шек жок. Карышкыр да, адам да буттарын жерге такап, титирегенче тартышат, кара чепкен гана бекемдигинен араң чыдагансып кээде тытырайт. Жусуп канчалык каруулуу болсо да, чекесинен тер чыгып, мууну бошой баштады. «Ушундай да шермендечилик болобу, эркин жүргөн карышкырга жем болбой, колго түшкөнүнөн ажал тапсам, эл эмне дейт?» Кандуу тиштен бошонуу үчүн алынын бардыгынча тырмышат. Мурда жырткыч менен кармашып көрбөгөн момун кишинин үрөйү учуп, бир аздан кийин буттары шалдайып, карышкырдын оозуна жакындай баштады.

Өлчөң курган карышкырдын көзү мурдагыдан да кызарып, моюн жүнү үрпөйүп, жутуп жиберчүдөй жүткүнөт.

— Оо, жүзүң кургур!— Жусуп ичинен күңк этип, анын кызыл көзүнөн сүрдөп, бир жаккы капталына бурула бергенде, бир жеңи суурулуп калды.

 Эми чепкендин бир жаккы өңүрү бүт бойдон карышкырдын оозуна бурдалды. Жусуп экинчи жеңин өзү эле чечип, чепкенин карышкырга бергенине кейибестен, өз жанынын аман калганына кубанып, обочороок барып отурду. Ал денесинин калтыраганын басып, эсин жыйнаганча, чепкенден эч нерсе калган жок.

Арадан бир саатча убакыт өткөндөн кийин гана Жусуп эсине келди. Карышкыр болсо баягысынча комонуп «эр болсоң келип көрчү» дегенсип, астыртан тиктеп жатты.

— Мен эмне үчүн этектен алдырдым?— деген ой менен Жусуп капканга алыстан көз жүгүрттү.

Көрсө карышкыр да куу болот экен. Капканга түшүп, чыкпасына көзү жеткенден кийин, казыктын түбүнө барып, чынжырды бооруна жыйнап, кишиден өч алуу үчүн боортоктоп жатат турбайбы. Ошондо Жусупка окшогон маңыроо киши капкандын чынжырынын узундугун билбей, чукул барып, кашабанын арсак тишине тутулууга мүмкүн.

— Эми мени алдай албайсың!— деп Жусуп келтектин учу жете тургандай жерге туруп (чынжырдан келтек узун болучу), карышкырды керилип туруп бир чапты. Келтек анын жонука тийди. Кашаба адатынча ордунан жулунуп турду, бирок оозуна көздөгөнү илинбей, келтектин дал ортосу илинди. Эми ал экөө келтекти тартышып калды. Акылсыз душман менен эрегишүүдөн чочуп калган Жусуп көп жулкушпай келтекти да берди:

Эми эмне кылуу керек? Ал таптакыр куралсыз калды. Балким, таш менен уруп өлтүрүүгө болор. Бирок күрсүйгөн карышкыр муштумдай таштарды тоото турган көрүнбөйт. Кайрадан ыркырап эрегишип баратат. Күч келсе, балким жулкунуп олтуруп капкандан бошонуп чыгуучудай кейиптенет.

Колго түшкөн кашабаны алуу колунан келбесине көзү жеткенден кийин, Жусуп чепкени менен келтегинен ажыраганына ыза болуп, жардам суроо үчүн айылына жөнөдү...

Айылдан жардам берүү үчүн бир гана киши — Султан кошулду.

- Жалгыз сенин колуңдан эч нерсе келбейт,— деди Жусуп.

- Келет!

- Эмесе, бир таяк менек иш бүтпөйт. Эки-үч келтек же бир мылтык ал.

- Мылтык алгандан кийин биздин капканчылыгыбыз кайсы? — Султан мурутунан күлдү. — Ыя, айтсаң Жусуке? Андай болсо тузакка түшкөн кекиликти, кайырмакка илинген балыкты да атып алабызбы?

— Эч болбосо келтекти көбүрөөк алсаң?

- Бир карышкырга бир келтек жетет.

- Өз убалың өзүңө!— Жусуп ага таарынычтуу сүйлөдү.— Кокус жалгыз келтегиңди карышкырга алдырсаң, мен сага курал издеше албаймын.

Алар болжошкон жерге жетишти. Кашаба каадасынча боортоктоп эч кимди тоотпой жатат. Султан аттан түшүп, тизгинин Жусупка берди да, күрмөсүнүн эки жеңин карысына чейин түрүнүп, келтекти сүйрөтүп, карышкырды көздөй басты.

— Султаке!— Жусуп ага насаат айтты.— Чепкениңди кий, пайдасы тиет. Обочо туруп чап!— Султан анын сөзүн уккан жок. Келтектин дабышы «күрс» дей түшкөндө Жусуп көзүн жумуш жиберип, кайра ачса, карышкыр оозун канжалатып ордунда ыркырап турат.

- Ийи, алың ушул экен...— деди Жусуп күбүрөп.

Келтек экинчи жолу карышкырдын кара тумшугуна тийгенде, ал мүрдөмгө келбей шалк дей түштү...

- Жусуп ошондон кийин гана атынан түшүп, тыбырап жаткан карышкырды көздөй басты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз