Райкан Шүкүрбеков: Толубай сынчы

АҢГЕМЕ

Мен бала кезимде Жамбыл шаарында «Тоо-Интернаты» дегенде окудум. Ал кезде Жамбылды Аулиэ-Ата дээр эле. Бир жылы жайында окуудан тарап барып, айылга кеч жеткендиктен, мен өзүбүздүн үйгө жетпей калып, Өмүраалы аттуу атамын туугандарыныкына конуп калдым. Бул аңгемени ошол Өмүраалы карыя айтып берген. Өзүнүн бир тууганы Нураалынын баласы Макей — экөөбүз бир окуур элек. Өзү элге белгилүү сөзмөр, чечен, какшыкчыл киши эле.

«Өмөкем айткандай» деп, азыркы «Чолпонбай» колхозундагылар анын сөзүн дагы эле айтып күлүп жүрүшөт. Өзү кедей адам болучу. Жатакта калар эле. Биз барганда жатакчылар менен бирге Суулу-Сайдын жээгинде экен. Бир улак союп, эти бышкыча эшиктин алдында ай жарыкта жатакчыларга айтканы эсимде калыптыр.

Аңгеменин башы бир хандан башталат. Илгерки бир замандарда бир хан болот. Хандын сурагы жүрүп, өзү аскар тоодой чалкалап, көңүлү деңиздей толкуп, асманда алланы тааныйт да, жерде өзүм жалгызмын деп эсептейт. Хан бир күнү жигиттерин чогултуп мындай буйрук берет:

— Туш-тушка тарап аттангыла, тоо, таш аралагыла, эл кыдыргыла, уккан укмуш, көргөн балээңер болсо, кечинде келип мага айткыла. Биз ордодо даң салып жатабыз, балким, эл арасында мен көрө элек, уга элек ажайып иштер бар чыгар.

Хан сөзү эки болобу, ордодон чогуу чыккан кырк жигит, кыркы кырк тарапка бет алат. Ошол кырк жигиттин биринин мингени боз, кийгени кызыл экен. Ошондуктан ордодогулар аны «кызыл жигит» деп аташкан.

Кызыл жигит боз жоргону жылжытып, жайык талаа, бийик тоолор, жапыз адырларды араласа да, эч бир укмуш көрө албайт. Көз жеткис мунарыктаган боз талаалардан сойлогон жылан, чуркаган кескелдирик, бопбоз болуп кайгылуу турган эски күмбөздөр кезигет, алардын үстүндө талааны ого бетер суз көрсөтүп капалуу кара каргалар отурат, учуудан, жем издөөдөн да жадаган каргалар экинчи бир күмбөзгө араң жетип конуп, дагы кайгылуу ойго кеткендей көрүнөт.

Кызыл жигит жолу болбой келе жатып, жайылган көп койдун чекесинде, аттын куу башын кучактап ыйлап отурган койчуга көзү түшөт. Койчу кызыл жигитти көрбөйт. Кийими начар, таяктан башка таянары жок койчунун:

«Сенин тулпардын башы экениңди ким билет, менин Толубай сынчы экенимди ким билет!»—деп куу башты кучактап буркурашы, жигитти аң-таң калтырат. Жигит кимдин кою экенин сурап алат да, жоргону коштуруп хан ордосуна жетип келип, укмуштай койчунун ыйын, ырын айтат. Хан калган жигиттеринин сөзүн капарына да албайт. Ат чаптырып Толубайды койчулуктан куткарып, ордосуна алдырат. Жашы элүүлөргө келген кара сакал, ойлуу кишини хан өтө назар салып тиктеп отуруп:

— Сен күлүктү, тулпарды аттын куу башынан билесиң, оңой сынчы болбосоң керек, Толубайым. Эртең өзүмдүн сансыз сан жылкымды алдыңан чубатам, сен алдына ат салбас, кууганга жеткирбес, качканда куш жетпес тулпар таап бересиң!— деди.

Толубай макулдугун билдирди. Эртеси бүткүл эли Толубайдын сынчылыгын көрүүгө чогулду.

Хандын айтылуу күлүктөрү чубатууга салынды. Булардын бардыгы алдына ат салбаган тулпарлар эле. Хан: «Кайыр кошту алып өткүлө!» - деп бажактады. Карап турган эл кайыр кошту билет, анткени, күн чыгыш, күн батыш элдери баш кошкон чоң байгелерде «Омийин!» деген жерде бөлүнүп чыгып, сүрөйлү деген аттар жандай албай калып, маарага оюн салып чыгып келген жалдуу кара айгырды алып өттү. Толубай «жарабайт» дегендей, мурдун чүйрүп, башы менен жаңсап койду. Экинчи болуп хандын «Боз ойнок» деген күлүгү көрсөтүлдү. Боз ойнокту байгеге чабарда, эки жигит суулуктап жетелеп барып коё берип, маарага келгенде казганактап эл тосуп албаса, ат чабар баланы ойго-тоого ала качып, майып кылуучу.

Азыр эки жигит мөңкүтүп жетелеп келди. Толубайга Боз ойнок да жаккан жок. Үчүнчү болуп хандын кара кашка аргымагы сынга салынды. Бул, хандын өз жылкысынан чыккан. Бул байгеге быйыл күзгө чабылмак. Хандын мындан үмүтү өтө зор. Анткени, ушул кара кашкасын минип, хан кышында аңга чыккан. Тайганын карышкыр талап, бүркүтү түлкүгө бутун чайнатып коюп, жолу болбой калган соң, жолдо казактын төөлөрүнөн олжолой кетели дешти.

Көп узабай эле булар ай талаада ээн жаткан бир топ төөлөргө көздөрү түштү. Көз жеткен жерде казактын айлы көрүнбөдү. Алып көнгөн хан ал төөлөрдү көздөй ылдамдай жүрдү. «Таксыр, буурасы болуп жүрбөгөй эле»— деди, жашап калган сары тон. Хан анын сөзүн уккан да жок. Келте сары тон, кара сакалдын бул сөзүндө сыр бар. Чындыгында кирген буурадай коркунучтуу, сүрдүү нерсе жок ко. Кыргыз, казак өмүрү мал менен келе жаткан эл — аны билет. Кишичил буурадан түз жерде ат качып кутулуптур дегенди кыргыз, казактын абышкаларынан уга албайсың. Бууранын коркунучтуу элеси эпосторго да кирип калган. Манастын ачуулуу кезин манасчылар:

«Кара башыл ак буура,
Калжаң уруп туптуура,
Качырып сала бергендей»—

дешет, хандын алиги жигитин өткөн жылы буура кууп, музга корголоп жаны калган. Ошондон кийин ал буура эмес, ботолуу төөдөн да шектенип туруучу. Азыр, айтарын айтып коюп, өзү кылчактап эки көзү аң-арыкта.

Аңгыча болбоду, төөлөрдөн бир кызыл нар бөлүнө түштү да, жерге жата калып оонап өйдө турду, куйругу менен өзүн такымга тартып-тартып жиберип, желкесин өркөчүнө эки-үч койду да, мойнун учкан каздай созуп, ханды көздөй түтүндөй чурады. Көргүч, сезгич жылкы жаныбар, тизгинге тие электе бурулушуп, камчы көтөрүлгүчө көңүлдөгүдөй аркырашты...

Ак чаңгыл карды асманга сапырып, буура куюндай созулуп кирип келди, хан эң алдында, башындагы тебетей адегенде эле ыргып кеткен, чачын жаңы алдырган, башы муздай жаркырап төбөсү какшап уруп бара жатат. Жигиттеринин кээси күмбөзгө корголоп, кээси муздан өтө качып кутулушту. Кызыл нар көбүгүн буркуратып ханга жакындады... Кара кашканын чабышы күчөгөндөн-күчөөдө, артынан бууранын «күрк-шарк» эткен дабышын укканда атып кетти...

Кыштын суук күнү батып бара жатат.

Артында ажал, алды ак кар баскан мелтиреген чексиз талаа... Хан кылчая карап, бууранын аңырдай ачылган оозундагы тиштерин көрдү. Алдынан эбегейсиз чоң аң туура келди, кара кашкага камчы басты да, көзүн жумду. Ат чөгөлөп барып туруп кетти. Буура карап турду да, боздоп-боздоп алып лөкүлдөп желип кайра жөнөдү.

Мына ошол кара кашканы байгеге байлатып жаткан Толубай сынчы муну да жактырган жок. Андан кийин да албан күлүктөр көрсөтүлдү, бирок көңүлгө толору болбоду. Эрке тору деген күлүгүн хан өзү жактырбай койду. Нечен жылы алдына ат салбай жүрүп, былтыртан бери артына ат салбай калган. Азыр эрке тору эмес, кеңки тору делинип калган.

- Ханым, жылкыңызда сынга толор бир да жылкы жок! — деди сынчы.

Анын эртеси хан өзүнүн кол алдындагы элинин жылкысын чубатты, андан да жылкы жакпады.

Хандын ачуусу келип:

- Жылкы аттуудан калдыбы деги?—деп элге карап кыйкырды.

Чогулган эл жымжырт... Ошондо көпчүлүктөн бирөө, жатакчынын айлында үстү-башында тамтык жок жоор, куйрук-жалдан ным калбай, бир чаар аттын чымынга таланып, аркандалып турганын айтты. Көпчүлүк дуу күлүп калды.

- Эми мынча болду, аны да көрсүн! — деди хан.

Чаар атты алып келишти. Арыктыгынан мөгдөп бүткөн, чымын-чиркейдин көптүгү өлгөн тарпка конгондон кем эмес. Шыйрактары өтө ичке болгондуктан, туяктары опсуз чоң көрүнөт. Оорулуу кичине бала чоң атасынын кепичин кийгендей элестейт. Эл дуулдап, жоготкула, болду, көрдүк дешип, чаар атты шылдыңдоого киришти.

Бирок Толубай сынчы атты көргөндө күлгөн жок, бийик мунарадап түшүп келип, атты жетелетип көрдү, токтоп, токтоп тиктеди, аяк-быягына чыкты, эл аны көрүп жабыла тиктешип калышты. Толубай чаар аттын көзүн өз жеңи менен аачып туруп ханга карап:

- Сизге ылайык жылкы ушул, ханым! — деди.

Эл уялып ылдый карады.

Хан жигитин чакырды да:

- Сынчынын эки көзүн чукуп сал!— деди.

Толубай карайлап калды. Чаар аттын мойнунан кучактады, хандан эки көзүнүн куну үчүн ошол чаар атты сурады.

Хан:

- Ал!—деди,— шылдың кылар кишини тапкан экенсиң, Толубайым, өлтүрбөгөнүмө тобо кылгын.

Хан ордосуна кетти. Эл-журт тарады. Эки көздөн ажыраган Толубай, кемпирине атын да, өзүн да жетелетип алачыгына келип жыгылды.

Айлар, күндөр аркардай чубалып арадан өттү. Толубайдын көзү айыккан, өзү көрбөсө да көргөн кишиден өйдө сынчы, чаар атты кемпирине бактыра баштады. Атты күн тийбес үңкүргө байлатып: «Чөптү мындай бер, тигиндей бер» — деп  кемпирине үйрөтөт.

«Аттын көзү кантти, кандай уктайт, көбүнчө жатабы, турабы? — деп сурайт.

- Көп жатпайт, — дейт кемпири. Толубай ыраазы болот. «Күлүктү да күч чуркатат да, чаар жатууга тийиш эмес эле», —деп Толубай күлөт.

Көрбөсө да атты сылап-сыйпалап байкайт. Аздап суутуп таң ашыра баштайт.

Кемпиринин:

- Абышка, чаар ат жөн эле кулан болуп калды. Эки көзү ботодой жайнап элирип токтоно албайт,— деген сөзүн угуп, Толубай сынчы кемпирине карап сүйлөдү:

- Отур, кемпирим, жаныма, эми чалыңдын сөзүнө кулак сал. Биз эртең менен качалы, атты кош басмайылдап мыктылап току, бөктөрүнчөктү мыктылап бөктөр, мени учкаштыр, хандын эшигине алып бар, мага ханга карай бир-эки сөз айттыр да, аттын башын бура тарт. Өз элибизге качалы.

Кемпирин эрте жатып уктоого ыйгарды. Жол алыс, жана хандын жигиттери куугунтуктаарын эскертти. Эки карып эрте жатышты. Бирок Толубай сынчы уктай албады. Сынчынын көз алдына туулуп өскөн эл, жери элестей берди. Каркыра, турнадай тизилип өткөн өмүр жылдарын, өмүрүндө көргөн бактылуу күндөрүн ойлоп толгонду, канчалык жаркыратып элестетейин деген менен, ою алачыктан алыстап, Ала-Тоодон аттай албады. Канчалык көңүлдү жубанткан менен баягы эле турмуш, баягы эле ыр, баягы эле ый, санаасы санга бөлүнүп, эң акыркы, дүйнө ушундай болгон жана болот, ушундай бойдон тура берет деген туюкка Толубайды алып келди. Кана, эр болсоң чаар атың менен качып кугулчу. Ат жеткен жерде дагы эле ушундай хан жолугат. Дагы аттын куу башын кучактап ыйлайсың. Ал жердин ханы кулак-мурдуңду кесет...

Бул ойдун түбү деңиздей тереңдей берген соң, атасынан уккан жомокторду эстеди, ал жомоктордо Толубайдай көзсүзгө көз бүткөн, хандан өч алган, ыйы күлкүгө жеткен. Бирок ал качан болгон? Же болобу?... Эмнеси болсо да жомок жоголбос, түгөнбөс асыл нерсе... Кандайдыр бир күч, зор үмүт. Түк жомогу түгөнбөс чалды тапсам, атты ага берсем, ал чаар тулпарды байгеге чапса, атым үчүн мен өлгүчө жомок айтып берер бекен деген ойго келди...

Бара-бара каалгып үргүлөй баштады. Анын капалыктан арылбаган көңүлүнө түндүн укмуштай куштары орток болгондой сезилет. Бийик жардан үкүнүн үн салып ыйлагандай үнү угулат, ал салмак менен: «Шордуу-у-у! О, шордуу!» дегендей болот. Толубай аны аябай тыңшайт, жаратылыш өзү ыйдан жаралган го деп ойлонот. Көптөн кийин уктады. Уктаар алдында «Качабыз!» — деди да катып калды.

Толубайды кемпири ойготуп, чаар аттын токулуп даяр болгондугун билдирди. Экөө шашып-бушуп учкашты. Кемпирине туура хандын эшигине баралы деди.

Хан эрте туруп үйүндө чай ичип отурган, эшиктен катуу келе жаткан аттын дүбүртүн укту. Аңгыча атчан киши эшик алдына токтогондой болду. Хан: «Сен кимсиң, ой!?» — дегиче, тыштан:

- Желмогуз хан, бери чык, — деген Толубайдын үнү шаңк этти.

Өмүрүндө мындай сөз укпаган хандын колунан чынысы түшүп, дасторконун аттап, ачуусу менен эшикке чыкты. Караса, алдында дүйнөдө жок сулуу аты бар, учкашканы кемпир-чал. Хан ооз ачкыча, Толубай, ханга карай сүйлөп калды:

- Мен баягы Толубаймын, алдымдагы баягы чаар ат. Тулпар туягы жеткен жерде сени каргаймын, сени менден кийинкилер да каргап эстейт, сен менин көзүмдү жоготтуң, өзүмдү, көкүрөгүмдү жогото албайсың, көмүлгөн мүрзөм жоголсо да «Толубай сынчы» деп, ат жалын тартып минген ар бир кыргыз мени эстейт. Кош эми, желмогуз!

Атты бура тартты. Хан өкүрүп, бакырып байлоодогу күлүктөрүн мингизип, жигиттерин аттандырды. Кимде ким Толубайды кармап келсе, миң дилде берилмек болду. Айтор, кемпир-чалдын артынан куугун башталды. Ат атка тийбей, чаңдын бир учу жерде, бир учу көккө көтөрүлүп, куушурулуп куюнга айланат. Ансайын Толубай камчы үстүнө камчы уруп, канаттуу ажыдаардан безе качты.

Артынан калың дүбүрт угулгандан кийин чаар тулпар ооздукту тиштей, төрт буту суналып ай талаада көшүлдү. Көргөн койчу, жылкычылар, уюган жалгыз чаңдын керилген тоолорду көздөй ызгып бара жатканын көрүшүп: «Бул жылкынын чуркашы эмес, ал эми жылкы болбосо эмненин чаңы?»— дешип таңданышат. Артынан куугандар жолдогу көргөн айылдардан: «Чаар атка учкашкан кемпир, чал качан өттү?»— дешкенде:

- Аты чаарбы, карабы, кара керби, аны ким билсин, омуроосунан ыргыган көбүк жол боюна чачылып, куюшканы соорусун шартылдата сабап бая эле өткөн, — дешет.

- Качкын эле го, үстүндөгү кемпир, чалды кармаш керек эле!

- Аны атып калбаса жылкы жандаар эмес, айылдагы ит, тайгандар жабыла чуркамак болушуп, орундарынан тургуча көздөн кайым болду, бир укмуш, анын үстүндөгү эки киши дейсиздер, атынын күлүктүгүн ушундан билиңиздер, үстүндөгүсүн да байкай албадык.

Аны уккандан кийин, ала өпкөлөрдүн көбүнүн деми сууп үйлөрүнө кайткан, бирок хандын күлүктөрүн минген жигиттери куугандан куушуп, түн кирип кетип тоодо адашып, Толубайдан адашып, эки жагы тең таңды күтүшүп, түнт токойдо жатып калышты. Толубай болсо, ат аша албас аскага камалганын билди. Хандын жигиттери түн ичинде табуу кыйын, андан көрө сайдын оозун тосолу, эртең менен жарыкта кармайбыз дешти.

Толубай душмандын оюн билди, атын таң ашырмак болуп, арчага аса байлатып, таң агара электе чалдырып алып, жерге жарык түшкөндө бул туюктан чыгып кетмек болушту.

Толубай кемпирин уктатып өзү тыңшап отурду.

- Сен да чарчадың го, чалым, мени бир аздан кийин эле ойгот. Мен уктабайм.

- Укта, укта, кемпирим, өзүм ойготормун.

Толубай көз ирмебей эки жакка кулагын түрүп, дүбүрт угулабы деп жерге жата калып да тыңшайт. Кемпирин аяп ойготпойт, канча кылса да аял, көп төрөдү, эркектей каруулуу эмес, анын үстүнө тулпардын тизгинине ээ болуп келди, атка урунду деп ойлонду. Көп убакыт өткөнсүдү, дагы эле баягы, болор-болбос суунун шары, дагы эле баягы үкүнүн түнкү ыйы угулат: «Шордуу-у!».

Кемпири чоочуп ойгонуп, асмандан сары жылдызды карады, таң жакын. Толубайды аз болсо да уктоого жаткызып, өзү аттын чылбырынан кармап, көк жашаңга откозо баштады, ат оозу толо чөптү чайнап, акылдуу көзү менен жоош гана кемпирге ыракмат айткандай карайт, балким, чаар ат да билеби, мүмкүн кексе ат булардын качкын экенин да сезер, анда-санда кулагын тикчийте калып, чөп чайнабай ат да тыңшайт, коркуп кемпир да тыңшайт. Кайра оттоого кирет, кемпирдин жүрөгү ордуна келет. Көп тойгузбай кампыйтып, сугарып, ооздугун салып, чалын ойготту.

- Тур өйдө! Кел, мин атка, таң агарып келе жатат. Хандын желдеттери уктаса керек, эптеп өтүп кетели да, оңго бурулуп, тоо этектей качалы.

Толубай:

- Уктагандан кийин колуңа каруу киргендир ээ, кемпирим, - деп сурап, «ооба» деген жоопту угуп: - Анда кутулабыз! — деп атка минди.

Тоо-ташка көнгөн чаар тулпар аягы жерге жукпай, буларды ала жөнөдү. Тизгинди тартканда тык токтоп, ат өзү да кошо тыңшагандай болгондугуна кемпир аябай таң калды, «айланайын жаныбарым» деп атка жалынуунун үстүндө болду. Булар абайлап бастырып, хандын жигиттерине жолукпагай элек деп жүргөндө, таң аппак атты. Түз, сай таманы менен бастырбай кыялай бастырышып, сайдын оозунан эптеп чыгып алышса, эки жагында аска жок, андан оңго бурулуп тоо этектей качышмак.

Хандын жигиттери да түнү менен сак-сактап отурушуп, азыр аттарын токушуп жаткан эле, дал ошол учурда чаар тулпарды куландай ойнотуп Толубай чыга түштү, кемпир аттын оозун бургуча, чаар тулпар өзү да жалт берди. Алар атка минип чү дегиче, Толубай кемпири экөө оңго бурулушуп, тоо этектей качышты.

Кечээги куугундан бүгүнкү куугун өтө коркунучтуу. Кечээ булар ат токуп ызы-чуу болгуча, Толубайлар узап кеткен. Бүгүн булар да удаа-мудаа ат коюп калышты. Анын үстүнө Толубай өзү билет, хандын күлүктөрүнүн арасында не бир калбыр өпкө, жез канаттар бар экендигин жылкы сыноодо көзү көргөн. Жүрөктү катуу өйкөгөн коркунуч, канча кылган менен булар бир атта экөө, ал эми күлүк атка саяпкер оордук келбесин деп, темир үзөнгү да тактырбайт, күлүк аттын табы, курч устарадай нерсе.

О... О, түш ооп, күн ылдыйлаган кезде аттардын чаңы бириндеп калганын кемпир кылчайып көрүп, Толубайга айтты.

- Кемпирим, кутулдум деп ойлобо, мен билгенден үч ат бар эле, артыңды карай жүр,— деди.

Айткандай эле көп узабай дүбүрт жакындады, чаар атты канчалык теминген менен узай алар эмес.

- Кемпирим, арттагы кандай ат?

- Чакан кара кер, ботом, ичип-жеп кирип келди, эми кантебиз?

- Ал ааламда жок күлүк, ал алдына ат салбастын өзү, бирок жалгыз айыбы – таманы жука эле. Кемпирим, таштакка сал, чаарды, корумду көздөй коё бер.

Туягынан таш быркырап, даңканы чыркырап чаар тулпар кара керге караанын көрсөтпөй кетти.

Андан кутулуп, жолдо отурган таан, кырмандагы көгүчкөндөр көтөрүлө бергиче же тепселип, же аралап өткөндө, кемпир, чалдын бети-башына урунушуп, чуркуратып келе жатканда дагы бир ат жете келди.

- Мунусу кандай, кемпирим?

- Тору кашка.

- Бу да ок жетпестин бири эле, мунун жалгыз айыбы – көзү чекир, күндүн чагылышына сал, кокуй!

Барган сайын күчөгөндөн күчөп, чаар тулпар тору кашканы да жолго таштады. Тоо түгөнүп түз болуп, ээн жайык мелтиреген талаага чыгышты. Аттын арткы буту үзөнгүгө тие баштап, куюшкан шартылдап, ак көбүк кышкы кирген бууранын көбүгүндөй чачылып, жалы типтик туруп чаар катуулаган сайын, жерге жаткандай болуп калды, кемпирдин да, Толубайдын да көзүнөн жаш мөлтүлдөйт... Шамал, шамал... Ошол мелтиреген түздө, жерден чыга калгандай суук көрүнүп, үчүнчү ат жапжакын келди, анын үстүндөгү жарактуу балбандын ачуулуу өңү да кемпирге даана көрүндү.

- Жалдуу кара эмеспи?

- Ооба, өзү!

- Ошо го дедим эле, эми болбой калды, токтот, айлап чапсаң — талыбаган анык тулпар ушул эле, бирок мунун да бир кемчилиги бар, мактаса аксайт, мактайлы.

Аттын башын тартып тура калышып:

- Ай, ай жаныбар, атасы кандай болду экен, энеси кандай болду экен!— дешип, колдорун жайкашып кыйкырып турушту. Кара тулпар жакын келген кезде, мактанып кетип, алдынкы бутунан чокоң дей түштү.

Андан кийин чаар тулпардын жалы гана желге ышкырып калды.

Ошол жерине келгенде Өмүраалы карыя көпкө унчукпай отурду.

- Деги байкуш Толубай сынчы аман-эсен элине келген бекен? — деп отургандардан бирөө сурап жиберди. — Мен сүйүнүп кеттим, сакалдуу кишиден мен да ошону сурай албай араң отурган элем.

- Анан,— деп Өмөкөң сөзүн баштаганда, кайрадан жабыла оозун тиктеп калдык.

Ал кача электе элине кабар берген экен: «Мен тулпар минип качам, мени аркан тосуп алып калгыла, болбосо кызыган тулпар токтобойт, жарга, же сууга салып өлтүрөт». Анан эли, журту туш-туштан аркан тосуп, тор жайып кемпири менен Толубайды алып калат экен, чаар тулпар дарыядан аттаган боюнча кеткен экен дейт,— деп сөзүн бүткөндө, караңгыдан бирөө:

«Толубайдай сынчыны айт,
Токтогулдай ырчыны айт» — деп, эл ошол үчүн ушул убакка чейин айтып калган да,— деп баркылдады. Өзүнүн өңү көрүнгөн жок.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз