Бейшебай Усубалиев: Кашык

  • 17.01.2024
  • 3190

АҢГЕМЕ

...а без чистого сердце – полного, правильного сознания не будет.
(Ф.Достоевский)

 

- Ой, баягы Макем жүрөт! – деди бир  кезде ала күү болуп калган Кадыралы бакылдап, капысынан эле. – Жүрөт, атасынын көрү...

- Кайсы Маке? – дедим мен түшүнө бербей.

- Ой баягычы, Маматкадырчы, экөөңөр бир орус кемпирдин үйүндө квартирада чогуу турбадыңар беле. Ошол. Жүрөт, атасынын көрү... Бутунда – килтейген кара өтүк, үстүндө - килтейген упайке. Жүрөт. Нефть базада  иштейм дейт. Мугалимчиликти таштаган... – Олуттуу тарта түштү. – Туура кылган...

Мага туура кылган дегени, негедир, өзгөчө таасир калтырды. Башымды ийкедим, Макемдин бир кылыгы эсиме түшүп, өзүмчө бир жылмайып алдым. Анда бешинчи курстабыз. Өндүрүштүк практикада шаардын бир мектебинде жүргөнбүз. Макем экөөбүз - өнөктөшбүз, 9-класска сабак беребиз. Бир күнү Макем “Олжобай менен Кишимжан” эпосун өтүп калды. Бир мезгилде чочугандай эле: “Уруулук – патриархалдык коом деген эмне?”- деген суроо таштап калды. Эч ким жооп бербеди. Анда Макем өзүнүн киркирген үнү менен ай!.. деп колун бир шилтеп алды да:

- Мен муну өзүм деле жакшы билбейм, - деди  эч бир камаарабай. – Ошон үчүн силерден сурап жатпаймынбы...

Класс, кыймылдагандан корккондой, дымый эле түштү. Артта отурган предметчи мугалим экөөбүз эмне дээрибизди билбей, бири-бирибизди суроолуу томсоро карап калдык... Мен азыр ошону ойлоп, куду ошондогудай томсоро түштүм.

- Ошол. Макем жүрөт атасынын көрү!.. - деди аңгыча, Кадыралы кайра бакылдап. – Кез-кезде  жолугушуп калабыз. Жолугушканда, эмне, ичишмей да... Кайран Макем  ичип-ичпей жатып эле, үстөлдүн үстүндөгү кашыктарга асыла баштайт. Колуна илинген кашыкты алат да, теше тиктеп туруп, анан өйдө көтөрүп, жарыкка айландырып карай баштайт. Тегеретип карай берет, карай берет... Дайыма. “Кашыкка эмне мынча өчсүң?”- деп биз да дайыма оозубузду ачабыз. Ал ай!.. – деп бир киркиреп алат да, колун шилтеп коёт... Кызык...

Кашык...

Макем экөөбүз шаардын четиндеги орус кемпирдин бир бөлмөсүндө чогуу жашачубуз. Кийинчерээк курсташыбыз Самат да кошулду. Макем үйлүү-жайлуу болуп калган. Бир баласы бар болчу. Аялы Макемдин ата-энеси менен бирге Ошто турчу. Биздин орус кожейкебизди биз бабушка дечүбүз. (Ошондуктан мындан ары деле “бабушка” дей берейинчи.) Ошол бабушкабыздын үйүндө Макем бизден мурда да бир жыл жашаптыр. Мени бул үйгө Макем ээрчитип келген. Бабушка Макемди өзгөчө көрөр эле, аны жакын сезчү, куду баласындай тилдей берчү. “Миша – таза  бала, - дечү Макем жокто мага,-  куулук-шумдукту таптакыр билбейт. – Башын нукуй кетчү да. – Бул жеринде анча-мынча бирдемеси бар дечи, бирок чын эле таптаза бала. А силер баарыңар куусуңар, түлкүсүңөр...” “Силер” деп бабушка кимди айтып жатканын мен билчү эмесмин.

Акыркы курстабыз. Баарыбыз жанталашып дипломдук иш жазуу менен алекпиз. Бир-бирибиз менен анча деле ишибиз жок. Мен бир күнү кечинде үчүнчү главага киришейин деп жатканымда, Самат бир кызды ээрчитип эдиреңдеп кирип келди. Кетирейген кара тору кыз экен. Айылдан шаарга жаңы эле келгени көрүнүп турат. Cамат аңды-дөңдү карабаган өңгүл-дөңгүл жигит эле.

- Таанышып алгын!.. – деди мага буйра. – Келечектеги аяшың болот.- Мени карап, көзүн кызып койду.

Кыз атын айтты, мен да айттым окшойт.

– Агасы гезиттин редактору болуп иштейт экен,- деди Самат дердеңдей.

- Редактору эмес, - деди кыз кысынгандай, - анын замы... Орунбасары...

 Самат колун шилтеди

- Баары бир да!..

Самат кызга буйрук бере баштады: нанды үстөлдүн үстүнө кой, кызылчаны туурап, салат жасап жибер...

- Мен азыр... – деди акыры мени карап, сырдуу жылмая. Анан көзүн дагы кызып койду да, эшикке чыгып кетти.  Көп өтпөй жадырап кирип келди. Колунда – эки чоң бөтөлкө кыпкызыл вино. (Биз мындай бөтөлкөнү зом кара деп койчубуз.) Тоону томкоруп келгенсип, баягы бөтөлкөлөрдү  үстөлдүн үстүнө тарс эттире бир койду да, сыймыктангандай мени карап калды. Мен түшүндүм. Кыжырым келди. Ишти  баштай албастыгымды ойлоп, ичим ачышты. Турдум да, кагаздарымды жыйыштыра баштадым. Көп өтпөй жөнөп калдым.

- Ой, эмне, кетесиңби? – деди Самат чочумуш болуп, калп эле.

Мен үндөбөстөн башымды ийкедим да, чыгып кеттим.

Эртеси кечинде келсем, бабушка дарбазанын алдында мени атайы күтүп отуруптур. Корккон түрү бар. Өң-алеттен кеткен. Эки көзү тим эле чакчаят...

- Иш чатак, Борис (мени Борис дечү), - деди үрпөйүп, - абдан чатак.

Тиги досуңар (Саматты ушинтип атачу, аны менен сүйлөшчү да эмес) келесоо, жинди эле эмес, жырткыч да турбайбы... – Чыдай албай башын чайкап кирди. – Ой... Ой... Ой... Жырткыч... Чын эле жырткыч...

Бир нерсени сезгендей менин жүрөгүм да бир болк этип алды. Бабушканы үрпөйө карап калдым.

- Башында жакшы эле отурушкан. (Кемпир берки бөлмөдө жашачу, баскан-турганыбыз ага даана угулуп турчу.) Анан эле бир маалда... Ой... Ой... Тарелка-чынылар ары-бери ыргытылып, быркырай баштады. Тарса-түрс... Кыз ыйлады... Жалынып-жалбарды окшойт. Кыргызча түшүнбөсөм да, үнүнөн билдим. Ой ушунчалык жалынды дейсиң... Ой... Ой... Ой...    Жырткыч... Жырткыч... Тарс-түрс... Жалынган сайын ого бетер күчөйт... Жанчты окшойт. Урганы эчтеке эмес, үнүчү... Ачуулугу тим эле... Ой... Ой... Ой... Жырткыч... – Бабушканын көзүнөн жаш тегеренип, калчылдай кетти. Өзүн токтотуп. – Үнүчү... Сыягы чечин! деп айкырып жатты окшойт...

- Чечин...Эмнеге чечинет?

- Аа-ай!.. – Бабушка биресе нааразы болгондой, биресе ичи жылыгандай колун шилтеди. – Борис... Борис... Сен дале эле бала бойдонсуң да. Эчтекени билбейсиң, эчтеке менен ишиң да жок. Борис... Борис...

Бабушка сөзүн улабай, башын чайкаган бойдон өзүнчө күбүрөнүп жөнөп калды. Мен артынан ээрчидим. Эшикти ачып, үйгө кирсем... Кирсем... Айланайын... Аны жазыш да кыйын. Тим эле ботко. Салат чачылып жатат, дасторкон жарымына чейин түрүлгөн. Шып кыпкызыл. Сыягы кызылчанын салаты ага барып тийген окшойт. Эки бөтөлкө зом кара эки бурчта жатат. Төшөктөр будаланган... Ушулардын баарын карап туруп, менин кыжырым деле келген жок, атүгүл бул жерде эмне болгон деп да ойлободум, үйдөгү будуң-чаңды көргөндө эле башыма: “Муну кантип жыйнайм?...” – деген суроо шак дей түштү да, ойлонууга чамам келбей дел болуп катып калдым.

Аңгыча алактап-шалактап Макем да кирип келди. Аны да бабушкабыз тосуп чыгып, болгон жаңылыктардын баарын төкпөй-чачпай айтып берген көрүнөт, кирип келди да, “келесоо!..”- деп бир чаңырып алып, ай-буйга келбей эле, жууркан-төшөктөрдү апырып-сапырып кирди. Ар бир төшөктү жарымы түрүлгөн дасторкондун үстүнө жая салат да, көпкө чейин тигиле карап туруп, анан көргөн көзүнө ишенбегендей, эки колу менен жанталаша сыйпалап кирет.

- Кайсалактап эмне эле издеп жатасың?! – дедим мен, кашайып турган жаным ого бетер кашайып.

- Оюк... Тешик...

- Эмне болгон оюк, тешик?..

- Тигиндей болсочу, - деди ал алактап. – Тигиндейчи.  Ошонун ордун оюп, кесип кетишмек да... – Санаасы тынгандай, өзүнчө кобурай баштады. – Бүтүн. Тешик жок... – Мага суроолуу карады. – Же эмне, тигиндей болгон эмеспи?..

- Тигиндейиң эмне?

Макем жооп кайтарбастан, киркирей колун шилтеди:

- А – хх – ай!..

Кыжырым кайнап кетти:

- Тигиндей болсо дегениң эмне дейм!..

Макемдин жини оңой менен келчү эмес, деги эле мен анын чындап ачууланганын бир да жолу көргөн эмесмин. Бул жолу, негедир, жаны күйүп кетти:

- Эх-х-ээй!.. – деди мени акшырая карап киркирей. – Зордуктап салса дейм!..

Денем дүр-р дей түштү.

Экөөбүз үн-сөзсүз үйдү жыйнап кирдик. Макем үйдү жыйнап бүтөр-бүткөнчө эрдин кыбыратып, өзүнчө эле сүйлөнүп жүрдү. Саматты Макем ээрчитип келген болчу. “Биз менен жашай турсун байкуш, - деген мага күнөөлүүдөй. – Жатаканадан кууп чыгыптыр. Жашай турган жери жок экен...” Кыртышым сүйбөй турса да, мен үндөбөй башымды ийкегем. Эми ушуну эстеп, оозун кыбыратып үй жыйнап жаткан Макеме кыжынып отурам: “Жоктон тапкансып!.. Энеңди...”

“Иш чатак!..” – деп бабушкабыз чын эле туура айтыптыр. Макем экөөбүз жатууга кам уруп жатканыбызда, эшик кагылып, бир жигит элеңдеп кирип келди. Ал шаша-буша саламдашты да, Макемди мурунтан эле тааныйт окшойт, жүрчү дегендей башын жаңсап, аны ээрчитип эшикке чыгып кетишти. Кужулдашып көпкө турушту. Бир маалда Макем акырын кирип келди да, эки жагын элеңдей карап, мага акырын шыбырай баштады:

- Тигинин досу... Паспортуна келиптир... Тигиниңди жана түштө эле милийсалар кармап, түрмөгө тыгып салышыптыр... – Жыйналып турган төшөнчүлөргө колун жаңсай. – Кызык... Баары эле бүтүн... Тешиги деле жок.. Анан...

- Тигиниң ким?

-А-х-аай!..- Макем нааразы болгондой, киркирей колун шилтеп алды. – Самат да... Аны камап салышыптыр. Эми...

Менин денем дагы дүр-р эте түштү.

Төшөк салдык да, жаттык. Сүйлөшпөдүк. Эмне жөнүндө сүйлөшүштү экөөбүз тең билбедик көрүнөт. Иши кылып кимибиз сөздү биринчи баштарды билбей, атүгүл  баштоодон чочулагандай чайналып кыйлага жаттык окшойт. Бир мезгилде эле Макем өзүнчө кобуранып сүйлөнө баштады:

- Эх... 108 – статья дей бер, анын экинчи, жок, үчүнчү часты, ооба, ооба, үчүнчү...  Алты жылдан он эки жылга чейин... Ооба, ооба он эки. Ушинтип айтпады беле... Он эки жыл берсе, эмне, жарымын кыскартып сала алмак беле... Он эки жыл берсе... – Дымып калды да. – Болуптур, сот менен сүйлөшүштү дейли. Сот эмне, жарымын кыскартып сала алмак беле... Эмне, анын башы экөө эмес да, ыя?.. Ашып кетсе, эки жылын. Ошондо деле он жылы калып жатпайбы, ыя?.. Ошондо  он жыл  алса... Самат канча да, ыя? Экөөбүз теңбиз, ооба, ооба, теңбиз. Мен мартта, ал январда. Ошондо январда болсо, менден канча ай... кана, январь, февраль, март... Менден ошондо эки ай, жок, үч ай, же эки айбы... Болуптур, эки ай деп коёюн, менден ошондо эки ай улуу экен. Мен мартта жыйырма экиге толдум, ал ошондо январда жыйырма экиге чыккан да, ыя... Ошондо азыр ал деле жыйырма экиде да, ыя, ооба, ооба, жыйырма экиде... Ошондо жыйырма экиде болсо, ага  он экини, жок, онду дебедимби, ошондо жыйырма экиге онду кошсок, отуз эки болот да, ыя... Отуз экисинде чыгат экен да... Эх, келесоо... Жок, жок, отуз эки эмне, жаш эле да, ыя... Мына, Жаңыл эже деле биз менен окуп жүрбөйбү. Аның отузда экен... Жанагычы, Рысбек менен жүргөнчү, ошол отузда экен... Келесоомун да, мен аны биз менен эле тең деп жүрбөймүнбү, бая күнү араң билбедимби, отузда экенинчи... Ошондо отуз экисинде чыкса, эмне, жаш эле болот экен да, ыя... – Дагы кыйлага дымып калды да, чочугандай ордунан ыргып турду. – Келесоомун да, он жыл деп коём. Кызды тим эле жанчып салды деп жатпайбы бабушка. Буга да кошот да, ыя, жанчканы үчүнчү... Эх келесоо... Тепкилеп эмне кылат, жөн эле кашык менен, кашык менен эле... Эшикке алып чыгып эле, кашык менен эле...

Туталанып араң жаткан жаным ушул жерге келгенде чыдай албай кеттим:

- Эмне деп дөөрүп жатасың? 108иң эмне?.. Онуң эмне?.. Отуз экиң эмне? Кашыгың эмне?..

Макем өзүнө келе калды да, ордуна жата кетти.

- Эх... –деди анан нааразы болгондой. – Сен эчтеке билбейсиң да. Китептен башканы... Сага китеп эле болсо... Зордуктаганы үчүн он жыл береби – берет. Азыр жыйырма экидеби – жыйырма экиде. Ошондо он жылдан кийин түрмөдөн чыкса, ага жыйырма экини кошсок, отуз эки болобу – болот... Жок, коё тур, жанчып салды деп жатпайбы бабушка. Буга да кошот да, ыя... Ооба, кошот. Эх, келесоо, келесоо... Кашык менен эле, эшикке акырын алып чыгып, кашык менен эле..

- Ой, кашыгың эмне дейм!..

- Эх... билбейсиң да... Кашык менен эле... Биз деле кашык менен эле... – Макем чочугандай тып токтоду да, үндөбөй калды.

- Кашыгың эмне?..- дедим мен кайра.

Макем кыйлага үндөбөй ойлонуп жатты да:

- Эх... – деп алып, чечилип сүйлөп кирди. - Анда үчүнчү курста болчумун. Окуу баштала элек. Августтун аягы. Үйдөн шаарга жаңы эле келгем. Рабочий городокто Мелис деген классташым экөөбүз квартирада турчубуз. Орустун бир комнат бөлмөсү. Тоокканадай эле. Бир күнү эртең менен чай ичип отурсак эле классташыбыз Азамат кирип келбеспи. Колунда жип сетка, ичинде шагыраган винолор. Ичтик. Бүткөндөн кийин эле Азамат айтып калды: “Жүргүлө, кеттик, атасынын көрү!..” “Кайда?”- дедик биз. “Балыкка...”- “Кайсы балыкка? Азыр кайдагы балык?..” “Келесоолор, - деди Азамат. – Кыздарга дейм кыздарга ... - Азыр окууга жаңы кыздар келишти. Онду жаңы эле бүткөндөр. Кайырмакка оңой эле илинет...” Жөнөп калдык, Азаматты ээрчип.

Шыдыр эле он жетинчи училищеге келдик. Жанагы кийим тиккендерди окуткан училищечи, ошого... Тим эле жайнайт, кыздардан баш адашат. Азамат желмогуз да, карт бөрү да... “Мен азыр!”- деп коюп жөнөп кетти да, заматта үч кызды ээрчитип жетип  келди. Кантип таанышканыбызды билбейм, иши кылып тааныштык окшойт. Киного кирдик. Азамат билдирбей улам-улам бизди карап, көзүн кысып коёт. Кинодон чыккандан кийин кыздар кетебиз, кечиксек, жатаканага киргизбей коёт деп туйлай башташты. Кайран Азамат бал тилге салып чайкап жатат, чайкап жатат: “Эмне, азыр эрте эле да. Биз анан өзүбүз жеткирип коёбуз. Эч бир коркпогула. Биздин деле силердей карындаштарыбыз бар. Жүргүлө, ыр угабыз. Жаңы эле магнитофон сатып алганбыз. “Алтын шакекти” угабыз. Ой сонун ыр да!..” Дагы, дагы... Айтор, акыры көндүрдү кайран желмогуз.

Үйгө келдик, баягы тоокканабызга. Үйүбүздүн кейпин көрүп эле кыздар кайрадан кетебиз дей баштады. Коркушту окшойт. Анын  үстүнө биздин үйдө магнитофон эмес, таш балакет жок да. Магнитофонубуз болсо, ошол орустун жаман сасыган кепесинде кор болуп жүрмөк белек... Кайран Азамат эрди-эрдине тийбей жайкап жүрөт: “Магнитофонубузду коңшу балдар сурап кетти эле, азыр келип калат. Биз чай ичип бүткөнчө...” Бизде кайдагы чай, чай түгүл чайнегибиз да жок... Жаман куудураган  дасторконубузду жая салдык да, катыган наныбызды үстүнө коё койдук. Анан вино... Калган эчтекебиз жок. Канчалык кыйнасак да кыздарыбыз ичпей коюшту. Атасынын көрү, биз өкүртүп жатабыз. Кыздар: “Кетебиз, кеч кирип кетти”- дешет чыйылдашып. Азамат болбойт: “Бышып жаткан тамакты таштап кеткен болбойт, мына, азыр даяр болуп калат.” Кайсы тамагын айтып жатат деп Мелис экөөбүз бир-бирибизди суроолуу карап коёбуз. Винолор да бүтөйүн деп калды. Кыздар да кеткени ордуларынан тура башташты. Азамат: “Биз азыр... - деди аларга. – Силерди узатып коёбуз... Биз азыр...” Анан бизди карап, жүргүлө дегендей эшикке башын жаңсай, көз ымдады. Жабыла эшикке жөнөдүк. Чыктык. Бир топ эле барбыз. Абдан эле мас болсок керек. “Кыласыңар!.. – деди ал шыдыр эле. – Ким кылбаса, ал эркек эмес, катын!.. Сүйлөштүкпү, келе колуңарды...” Кол алыша кеттик. “Ким кылбаса...- деди ал кайра, - ал катын! Жигит эмес. Анын бетин экинчи карамай жок...” “Болбой коюшсачы?”.. - деди Мелис. “Болтурабыз!..” – деп өкүрдү Азамат. Анан бөлүшө баштадык. Кыздардычы. Мага Айшакемди беришти...

- Айшакең ким?

- Айшачы... Менин аялымчы...

Сөзсүз кылабыз деп, дагы бир жолу кол алыштык да, үйгө кирдик. “Кыздар!- деди Азамат үйгө кирери менен эле өкүм. – Кетпейсиңер!.. Кетпейсиңер дедимби – кетпейсиңер!.. Анын үстүнө автобус да токтоп калды... Рабочий городоктон жатаканаңарга жеткенче...” “Жөө деле кете беребиз” – деп чуулдашты кыздар. “Кетпейсиңер дебедимби – кетпейсиңер, - деп ого бетер өкүрдү Азамат. – Эмнеге келдиңер эле, ыя, эмнеге дейм!.. - Өзүнө келе калды да, кичине жумшара. – Бу жерди билесиңерби, бу жер – орустардын уюгу. Орустар бизге күн көрсөтпөйт. Азыр алардын балдары көчөдө самсып жүрүшөт. Мындай чыгарыңар менен эле алардын колуна түшөсүңөр... Анан белгилүү да.  Зордукташат... Бирдеме деп каяша кылып көргүлөчү, кескилеп салышат. Кескилеп дейм!.. Андан көрө...” Муну укканда кыздар үрпөйүп коркуп калышты. Мостоюп эле бир-бирин карашат байкуштар. Тим эле кыймылдагандан корккондой... Бир маалда бышактап ыйлай башташты. “Ыйлабагыла!..- дейм деди Азамат, жаман үстөлбүздү болгон күчү менен бир муштап. – Үнүңөрдү чыгарбагыла дейм... Болбосо, баарыбызды үйдөн кубалап чыгат. Жети түндө темселеп кайда барабыз анан... Орустарга жем болобуз да, ыя...” - деди да, Мелис экөөбүзгө суроолуу карады, биз үндөбөй баш ийкедик...- Азамат мага буйра кетти. – Сен төшөктү салгының, жанагыдай салгының, уктуңбу, жанагыдай. Биз кыздарды эшикке чыгарып келебиз.

Алар чыгып кетишти. Бизде кайсы ырыстуу төшөк бар дейсиң, бир-эки төшөктү астыбызга жая салдым да, үстүнө жыртылайын деп калган шейшептерди ыргытып койдум. Колхоз төшөк болуп эле жатып калды. Аңгыча тигилер киришти шагырашып. Азамат менен Мелис эшиктен эле сүйлөшүп келишкенби, өз кыздарын шап-шап колдон алышты да, ай-буйга келтирбей эле чогуу жатып алышты. Шыдыр эле будалай кетишти. Кокоюп Айшакем экөөбүз калдык. “Эмне турасыңар!..- деп кыйкырды мага Азамат. - Өчүрбөйсүңөрбү да жатпайсыңарбы, мышайт этпей.” Мен басып барып, светти өчүрдүм. Айшакем каршылык деле көрсөткөн жок. Жаттык! Ал денесин жыйрып жатканын гана даана сезип турдум. Анан... Убада бар да... Кылабыз дегенчи... Сөзсүз. Асыла баштадык. Эмне деп сүйлөп атышты, жалынып жатышты, ыйлап жатышты – билбейм, айтор, так түйүлүп болбой коюшту. Бир маалда шак!.. дей эле түштү, Азамат кызды бир салды окшойт. Анан ордунан шак туруп, светти күйгүздү. “Тургула!..”- деп айкырды дейсиң, кыздар ордуларынан атып-атып эле турушту. Мелис экөөбүз да атып турдук. “Чыккыла!.. Чыгып кеткиле дейм!- деди кыздарга, эшикти көздөй колун жаңсай. Кыздар эшикти көздөй жүгүрүштү, артынан Мелис экөөбүз да... “Келесоолор!..- деди ал биздин колубуздан кармап, артты көздөй тартып. – Келесоолор!.. Бүжүрөгөн.. Ушу кейпиңер менен силер кантип кыздарга!.. Кашыгыңар барбы?.. Чоң кашык..” Жаман эки алюминий кашыгыбыз бар болчу, үстөлдүн үстүндө эле турган. Мен алып бере койдум. Алды да, “жүргүлө!..”- деп бизди ээрчитип эшикке чыкты.

Ай жарык. Кыздарыбыз, байкуштар, бүжүрөп дарбазанын жанында турушуптур. Калчылдашат тим эле... Азамат алардын жанына жетип барды да: “Эмне тыйтаңдайсыңар!..- деп өкүрдү. – Эмне  үчүн келдиңер дейм!.. Көнөсүңөр.. Эгер көнбөсөңөр... – Баягы  кашыктарды силкилдетип, айдын жарыгына салып тегерете баштады. – Көрдүңөрбү, мобул канжарларды. Көнбөсөңөр, ушул менен бирден мууздап, койчо мууздап!..” Кудая тобо, айдын жарыгында баягы жаман кашыктарыбыз чын эле канжар болуп көрүнөт экен. Чын эле... Кыздар түгүл, мен да титиреп коркуп кеттим. Азамат кашыктарды жарк-журк эттирип, аркы-терки баса баштады. Чарчадыбы, бир маалда: “Көрдүңөрбү!..- деп өкүрүдү. – Анда киргиле!..” Тапырашып жөнөп калышты кыздар. Биз артынан... Кайрадан жаттык. Баягы бөлүшкөн боюнча... Анан... – Макем айтсамбы-айтпасамбы дегендей кичине ыргылжың боло түштү да, кысынгандай. – Бирдеме болду окшойт. Эх... Денемдин дирт-дирт этип жатканын гана бир билем, калганы түк эсимде жок, уйкуга кеткен окшойм...

Жанатан бери туталанып, кыжырым келип турган жаным, чыдай албай кеттим да:

- А сен кылбай эле койбойсуңбу!.. – дедим кыжына.

- Кантип?.. Кол алышканбыз да... Анан уят да. Досторуңду сатып кетсең...

“Сенин досторуңду!.. Алар деле өзүңдөй эле!..”- дедим мен өзүмчө, ого бетер кыжына.

- Кызык...- деди аңгыча мага кайрылып. – Кадимки эле канжар десең... Айтсаң, эмне үчүн кашык ай жарыгында канжар болуп көрүнөт, ыя?

- Аны мен кайдан билмек элем?

- Аа... Анан ошол... Эртең менен турдук. Жуундукпу – жуунган жокпузбу, вино ичтикпи – ичкен жокпузбу билбейм, айтор, кыздар менен бирге жабыла эшикке чыкканыбыз бир эсимде. Анан орус кемпирдин бизди жаман көзү менен акырая карап, башын чайкагылап узатып калганы бир эсимде... Кыздар менен “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанынан коштошуштук  окшойт. Алар эчтеке болбогондой, үндөбөй эле кетишкенсиди эле. Биз үчөөбүз кайрадан виного кирдик. Кечинде кайра үйгө келдик. Келсек... Чакчалакей, будуң-чаң, көргөн көзүңө ишенбейсиң. Эмне издешишкенин билбейм, сыягы, баягы канжарларды издешкен окшойт. Шейшепти ача салып эле, Азамат бир айкырып алып эле, башын мыкчып отуруп калды. Анан: “Көрдүңөрбү!.. Өлдүк... Көрдүңөрбү дейм!..” – деп эле кайпастай баштады. Биз эчтеке түшүнбөй, каттык да калдык. “Келесоолор!..- деди ал. – Келесоолор! Шейшептериңерди ачып карабайсыңарбы!..” Экөөбүз  жарыша ачтык да – карап калдык. Эчтеке деле жок. Жок, төшөгүбүздүн дал ортосу оюлуп калыптыр. “Эмне экен?!..”- деди Азамат. “Эчтеке, - дедик биз. – Болгону оюк, тешик...” “Келесоолор!..- деди Азамат, жаны кашая. – Тигилериң кыз турбайбы... Милийсалар келишкен экен да. Анан тамган жерин кесип... Өлдүк!.. Жүргүлө... Өлдүк!..” Биз бул эмне деп эле жатат деп, Азаматты карап тура бериппиз.

Аңгыча милийсалар кирип келишип эле басып жыгылышты десең... Көрсө... Бу көлдүк кыздарың ит болот турушпайбы, ыя, куу, түлкү... Үндөбөй эле кетишкен. Биздин  санаабыз да тынып калган. Көрсө!.. Түз эле милийсаларга барышыптыр да ыйлашып. Маа муну кийин Айшакем айтып бербедиби... Ошол... Анан бизди айдап жөнөштү. Бардык. Сурай башташты. Бир-бирден. Мени киргенде эле, тапанчасы мененби, же башкасы мененби – билбейм, бир катуу нерсе менен так төбөгө бир салгандай болду, теңселип барып эле отуруп калдым. “Баарын айтып бересиң! - деп өкүрдү. – Болгонун болгондой. Мен силерге көрсөтөм, сыболучтар, кыз зордуктоо кандай экенин...” Мен айтып бердим: болгонун болгондой. Жазып да бердим окшойт. Камерага тыгып салды.

Ондой киши чогуу жатабыз. Ошондо көрбөдүмбү, түрмөң деген ит болот турбайбы. Туалети да ичинде, анын жанында отуруп алып тамак ичесиң. Сен тамак ичип жатсаң, бирөө сенин жаныңда туалетте отурат ыйынып... Кускуң келет. Ойлогондо азыр да жийиркенип кусуп жиберем... Анан бир орус бар. Айланайын лөкүйөт тим эле. Жүрөгүм түшөт. Түрмөдөн эмес, милийсалардан эмес, ошондон корком. Мага эчтеке деген деле жок. Сүйлөбөйт. Үлүрөйө бир карап коёт. Тим эле жерге кирип кете таштайм. Сийип жиберем. Сийгим келгенде акырын күтүп отурам, тиги орус качан уктайт деп. Көзүн жумары менен, жыла басып туалетти көздөй жөнөп калам. Өзүм туалетти көздөй баратам, а эки көзүм баягы оруста. Эгер көзүн ачып койсо эле, сийдигим токтоп калат. Акырын кайра ордума жөнөйм. Сийип жатканда да көзүн ачып жиберсе, сийдигим чыкпай калат. Анан анын көзүн жумушун күтүп тура берем. Табарсыгым тим эле жарылып кете таштайт...

Аңгыча биздикилер да атака жасай башташты окшойт. Сырттанчы. Милийсалар менен сүйлөшүп, кыздардын туугандарынын алдына түшүп, аке-жаке дешип... Бир күнү тергөөчү чакырды да: “Аласың! Албасаң...” – деп өкүрдү. “Кимди?” – дедим. “Кимди кылсаң – ошону, - деди үстөлдүн үстүн бир коюп. – Досторуң да макул болушту. Албасаң – түрмөдө чирип жок болосуң. Уктуңбу – чирип... 108 – статья, 3-част. Бери дегенде он беш жыл. Чирийсиң. Ии баса, дагы кошулат да, буларды карабайсыңарбы, зордуктаганы аз келгенсип, канжар менен коркутушуп... Чычкандай болгон немелерди, сыболучтар десе!” “Кашык!..” – деп кыйкырып жибердим мен, чыдай албай. “Эмне, кашык!..”- деп чаңырды эле, унчукпай калдым. “Аласыңбы?” – деди акырын. “Алам...” – дедим. Чынын айтсам, мен 108инен деле корккон жокмун, он беш жылынан деле корккон жокмун, жанагы орустан корктум. Эптеп эле ошондон эртерээк кутулсам экен дедим. Анан алдым. Айшакемдичи...

- Тигилерчи?.. Алыштыбы?

- Алышты да. Алышпай көрүшсүнчү!.. Аларын алышты да, анан... Самат эки айга жетип-жеткирбей эле кубалап ийиптир. Баягы күнү Мелиске жолуктум, биз менен чогуу болгончу, ошого. Баягыдан кийин эч кимисине жолуга элек болчумун... Эх-ээ... жолугуп кереги эмне?.. Ошол Мелистен уктум, Самат эчак эле кубалап ийген дейт... Мен болсом быйыл эптеп кутулдум дейт желмогуздан. Кайсы желмогуз десем, аялымчы дейт, ошондон дейт, өзүңчү дейт. Өзүм жашап жүрөм дедим, жакында эле балалуу болдум дедим. Анда шоруң каткан экен да дейт... – Макем мени унутуп калгандай,  өзүнчө сүйлөнүп кирди. – Кызык... Эмнеге шорум катат?.. Эмне, жашап жатабызбы – жашап жатабыз. Бала төрөп берди. Ата-энеме каралашып, алар менен чогуу жашап жатат... Эмне... Кызык...

- Маке, сүйүүчү?.. – дедим мен.

- Эмне сүйүү?.. Бала төрөп берди. Ата-энемди багып жатат. Болду да... Жетет да... – Бир аз үндөбөй калды да, адатынча таңдана кетти. – Кадимки эле кашык десең...Анан айдын жарыгына салып тегеретсе эле – канжар!.. Жарк-журк этет. Кызык...

Кашыкты улам-улам какшап, таң калып жатып Макем түн бир оокумда уйкуга кетти көрүнөт, үнү чыкпай калды. Мен Макемдин кантип үйлөнгөнүн  мурда эле группалаштарынын биринен укканмын. Ошол үчүн анын айткандары мага анча деле таасир калтырган жок. Бир гана кашык көкүрөгүмө уюп  калгансыды. Бул Макемдин улам-улам эле кашык деп какшай бергендигинен деле эмес. Менин көз алдыма тамак ичердин алдында Макемдин дайыма  кашыкты тигиле карап калганы, анан колуна кармап жок дегенде бир тегеретип карап алганы тартылды. Мен муну буга чейин көп байкаган элем. Бирок анча деле элес алчу эмесмин. Болгону ал мага кашык тазабы, же таза эмеспи деп текшерип жаткандай туюлчу. Ошондуктанбы, кээде кучунашым  кармап турганда: “Тигини!.. Деле улам-улам карап коёт. Ой, биринчи өзүнүн үстү-башын тыңгылыктуу карап албайбы!”- деп өзүмчө силкинип алар элем. Көрсө...

Акыркы күндөрү күндөрүбүз өчөшкөндөй тез-тез уча баштады. Бир жагынан экзамен, бир жагынан дипломдук иш. Айтор, баарыбыз эле алапайыбызды таппай калгансыдык. Өзүбүздүн жан-айлабыз кетип турса, Саматты ким эстемек эле. Кандай айласын тапканын ким билсин, айтор, көп өтпөй эле ал камактан чыгып келди. Эчтеке болбогондой, баягыдай эле өңгүл-дөңгүл жүрдү. Бири айтышты тиги кызына үйлөндү атты болуптур деп, бири айтты акча менен ооздорун жап кылыптыр деп. Деги биз эмне болгонун даана билген жокпуз, атүгүл билүүгө да кызыкпадык. Билгенибиз - кайрылып кайра биздин үйгө келген жок. Келе да албайт болчу. Бабушкабыз киргизмек, атүгүл жолотмок эмес. Саматтын караанын көрмөк  турмак, атын укканда эле: “Ой зверь...зверь!..” – деп тегеренип-тегеренип, тим эле кан сийип жиберер эле...

Ошентип, Макем экөөбүз гана жашап калдык. Кайда барат, кайда жүрөт – билбейм, кечинде эле Макем даяр болуп калат. “Аа...Буюрса, бүттүк дей бер, - дейт мени карап башын ийкеңдете. – Буюрса, бүттү дей бер. Бүгүн да бирөөнү бүтүрүп келдим. Буюрса...” Көрсө, Макемдин дипломдук ишинин темасы “Кыргыз методисттери” деген экен. Баары тең  мурунку методисттер, баарынын көзү өткөн. Макем болсо ал маркумдардын бала-чакасына барат экен да, алардын деген-эткендеринин баарын көчүрүп келет экен.

Бир күнү кечинде Макем демейдегиден башкача жайдаңдап кирип келди. “Бүттү!” – деди алаканын чапкылап. – “Эмне бүттү?” – “Бүттү. Дипломдук иш даяр!..” – “Ыя?! Чын элеби..” - “Ооба, атасынын көрү бүгүн акыркысын бүтүрдүм. Ишенаалы Арабаевдин баласын кармай албай жүргөм. Сельхоздун ректоручу. Ошону. Бүгүн аңдып отуруп кармадым. Жакшы киши экен, сурагандарымдын баарын айтып берди. Катыны орус экен, аны да жашырган жок. Элдин баары кыргыз катынга  жетпей жүрсө, бул кайдан орус катын алып алганын билбейм. Мунусу мага жаккан жок. Орус катын алганычы... - Макем өкүнгөндөй башын чайкап-чайкап алды да, кайра шаңдана, эки колун ушалап. – Ээ... Ушинтип бүттүк. Эртең машинкага берем бастырганга. Сүйлөшүп койгом бир эже менен, бир бети бир сом элүү тыйын дейт, ээ, эже, менин балам бар, көк жетиммин, эптеп жашап жүрөм деп жатып араң-зорго бир сомго түшүргөм. Эми аны башка бирөө басып калганча ...”

- Машинкага?..- дедим мен таңдана. - Кайдагы машинка.

Иштешиң керек да.

- Кандайча иштешиң?.. Иштедим да. Чогулттум – болду да...

- Маке, - дедим мен аргам түгөнгөндөй күлүп, - сен бүтмөк түгүл, баштай да элексиң. Болгону материалдарыңдын жарымын гана чогултуптурсуң. Эми жазыш керек.

- Эмнени?

- Ишиңдичи. Иретке келтирип, кайсы методист кандай эмгек кылган, кандай эмгектери бар?..

- Кызык... Мунун эмне кереги бар?

 Мен жооп таба албай мукактанып калдым да:

- Керек да... – дедим сыр бербей. – Ошон үчүн жазып жатасың да.

- Аа... Кызык... – Макем аркы-терки баса баштады. – А мен кайдан билем кандай эмгек кылганын, кандай эмгектери бар экенин... Кызык...

- Издейсиң да. Китептерин табышың керек. Китепканада бардыр... Болбосо балдарынан...

- Эх-ээ... – Макем киркирей колун шилтеди. - Балдары!.. Алар аталарынын аттарын, анан фамилияларын гана араң билишет экен. Баары тең кыргызча тамтаңдап араң сүйлөшөт. Ошолордун балдары экенине ишенбейсиң. Кандай эмгектери бар, үйдө алар барбы десем, баары ийнин куушурушат. Тим эле асмандан түшүшкөндөй... Арабаевдин баласы болсо, жанагы ректорчу – ошол, ээ балам, кандай эмгектери бар экенин, алар кайда экенин мен кайдан билем, ошолорду тапкын деп сени атайы жаздыртып жатат да деди да, орус катыны жөнүндө айта баштады. А мага анын орус катынынын  эмне кереги бар!..

- Ошентсе да, жазышың керек, Маке. Ансыз болбойт. Эртең жетекчиңе барып жолук...

Макем макул дегендей, башын ийкеди.

- Сеники туура экен, - деди эртеси кечинде ындыны өчө. – Жетекчиме  жолуктум. Куду сен айтканды айтып, айдап жолго салды.- Капысынан эле барпаңдап кубана кетти. – Ушу сенин башың баш ай... –Көп өтпөй эле чыйпычыктай баштады. – Жазышың керек дейт. Эмнесин жазам, ыя? Кантип жазам, ыя?.. Баары эле жазылып турбайбы: туулган жылы, кай жерде иштегени, качан өлгөнү... Анан... Кызык...

Макем чечинип жатып да, ушинтип туталанып кобурана бердим. Мен иштеп отурам. Макем эчак уйкуга кеткен экен деп ойлогом. Кетпептир – санаага чөгүп, мээсин эзип жаткан экен. Бир маалда “Таптым!..” – деп кыйкырды да, башын көтөрүп, жууркан үстүнө отура кетти.

- Таптым, таптым... – деди күйүккөндөй демиге. – Айшакемди чакыртышым керек...

- Айшакемди?

- Ооба. Ал жазат...

- Кантип? – Оозум ачылды. – Кантип жазат? Онду эле бүтсө... Бул дипломдук иш болсо...

- Э-эх-ээ... – Макем киркирей колун шилтеди. – Жазат... Айшакем жаз-аа-ат... Тырнактай чагынан эле орус кыздар менен ойноп, бирге өсүптүр. Оо, ал ... – Башын чайкай кетти. – Орусчаны катырат тим эле... Былтыр бабушка экөө серпише кеткенде, бабушканын оозун ачырбай койбодубу. Бабушка аргасы кеткенде, башын чайкап-чайкап тим болгон... Жазат... Айшаке...- Макем өзүнчө эле толкунданып, өзүнө өзү ээ боло албай жатып, акыры жаздыкка башын кыңкайтты да, көп өтпөй уйкуга кетти.

Мен Макемди тамашалап жатабы дегем. Көрсө, чын экен, эртеси эртең менен сүйлөшкөнү шыдыр эле телеграфка жөнөп кетти. Көп өтпөй эле кудуңдап кирип келди: “Аа... Буюрса, эки-үч күндө барып калам деди Айшакем...” Макемдин иши былк этпей жатат. Эмне үчүн иштебей жатат – буга түк башым жетпейт: же жаза албайбы, же жазгысы келбейби... Күткөнү – Айшакеси. Ал деле көп күттүргөн жок. Эки-үч күн өтпөй эле кирип келди. Колунда – эмчектеги баласы. Аны көргөндө эле, менин башыма мына, даана жазат экен да деген ой өзүнөн өзү эле шак дей түштү. Мен үйдү бошотуп, эшикке сүрүлүп чыктым.

Корообузда бир темир керебетибиз бар эле, - эмне, жай айы, күн ысык, - ушул керебетке көчүп келдим. Баарынан да Макеме ушул ишим жакты. “Бу акылдуу киши эле акылдуу болот экен да...- дечү ал үйгө ким келбесин, чечекейи чеч боло. – Айшакем кирип келери менен эле, эч ким айтпаса деле, жалынып-жалынып суранбаса деле, өзү билип эле керебетке чыга берди... Акылдуу киши чын эле акылдуу болот экен да, э-х-ээ ...” Пендебиз да, Макемден мындай сөздү уккан сайын өзүмчө компоюп калам.

Ушинтип бейкапар жашап жүргөн күндөрүбүздүн бир күнүндө түшкө кирбеген бир окуя болуп кетти. Эртең менен  жадырап-жайнап отуруп, баарыбыз чогуу-чаран чай ичкенбиз. Мен жумуштар менен университетке кеткем. Макем менен Айша мени күлүп-жайнап узатып кала берген. Түшкө жетпей  досум экөөбүз үйгө келип эшик алдындагы тегерек үстөлдүн жанына отуруп калдык. “Макемдер эмне көрүнбөйт, бир жакка кетишкен го.  Көчөлөшкөнүн коюп, дипломго отурбайбы...” – деп ичимден ойлоп коём. Булар кайда дегендей бабушкага суроолуу карасам, ал үйдө эле дегендей башын сырдуу жаңсап койду. Айткандай эле, бир маалда ууру мышыктай жыла басып, Макем үйдөн чыгып келатат. Оң колу манжаларынан чыканагына чейин аппак бинт менен таңылган. Гипстелген. Мойнуна асып алыптыр. Мен Макемди карап эле кыймылдай албай талып калдым. Макем түшүнгөндөй: “Ээ... эчтеке эмес... Ойноп эле...” – деп койду кайдыгер гана. Айшаны карадым, ал да күлүмсүрөп, сырдуу тымпыят. Тигинисин бир, мунусун бир карайм, эч бир шек билинбейт. Экөөнүн  урушушкандай деле түрү жок. Аңгыча:

- Ээ... Айшакем бүгүн бир тамак жасады дейсиңер,  тим эле шилекейиңер чуурат, - деп калды Макем, эч бир шек алдырбай.- Атасынын көрү...

Баягы үстөлдү тегеректеп отура кеттик. Ак көңүлү кармап калганда бабушка да биз менен чогуу тамак ичер эле. Бу жолу негедир бабушканын көңүлү да көтөрүңкү экен. “Баары эле жайында сыяктуу, бу Макеме эмне болгон?..” – дегендей анын акка чулганган колун улам-улам карап коём. Мына ушинтип карап отуруп, Макемди ыңгайсыз абалга калтырып да койдум окшойт. Бир жолу карап калсам, бир нерсени көзү күйө карап, аны асылган колу менен жылдыра албай жатканын көзүм чалып калды. Карап тура бердим. Асылган колу менен солду карай бир нерсени акырын жылдырып келаткандай болду. Көзүм анын колун ээрчиди. Жылдырып келаткан нерсеси кашык экен. Жапжаңы кашыктар. Бабушканын кашыктары. “Досторуңар келип калыптыр, жаңы кашыктарымды коёюнчу...”- деп жана бабушка чын дилинен берип жаткан аларды.

Эмне кылар экен дегенсип, көзүмдү албай карап турдум. Аста жылдырып келип, эптеп алдына жеткирди. Сол колу менен алды да, үстөлдүн үстүнө ары-бери тегеретти. Анан эки жагын акырын карады да, кашыкты өйдө көтөрүп, тегерете карай кетти. Анан эле чочугандай кашыкты үстөлдүн үстүнө коё салды да, эчтеке туйбаган кишидей болуп отуруп калды. Ушул маалда Макем экөөбүздүн көзүбүз чагылыша түштү, ал менин жанатан бери байкап турганымды сездиби, мени карап күнөөлүүдөй ийнин куушура жылмайып койду. Мен да сыр берген жокмун. Бети ачылып калгандыктанбы, ал көп өтпөй эле кашыкты кайра алып, өйдө көтөрө ары-бери тегеретип, суктангангандай башын чайкай кетти: “Чын эле, жапжаңы кашыктар экен!..” Тамак ичип бүтүп, бата тиледик. Макем менен Айша жыла басып үйгө кирип кетишти. Алар кетери менен бабушка жүрү дегендей мага көзүн ымдап, дарбазаны көздөй жөнөп калды. Артынан ээрчидим. Дарбазага жете берерде бабушка мага бурулуп:

- Борис, - деди көздөрүн чакчайта, - Борис... Оказывается он тоже зверь... Ой, ой, ой... Не дурак, а настоящий зверь... – Мага жакындады да, эч ким уккан жокпу дегендей эки жагын элеңдей бир карап алып, ого бетер шыбырап сүйлөй баштады. – Эртең менен сен кетериң менен үйдө отургам, кискама (мышыгын айтып жатат) тамак берип. Бир маалда эле кыйкырык-өкүрүк чыгып калды. Акырын тыңшасам – Мишанын үнү. Эмне балакет болду деп, эшикке атып чыктым. Чын эле Миша экен. Менин эшигимдин алдында туруп алып, Айшага жулунуп кыйкырып жатат. Веранданын жанында былк этпей Айшасы турат. Мелтирейт тим эле. Миша кыйкыра берди, кыйкыра берди... Эмне деп кыйкырып жатканын түшүнсөм буюрбасын. Кыйкырат да кыйкырат. Оозунан көк түтүн... Тиги болсо бир былк этип койсочу, мелтирейт да мелтирейт. Бир маалда Миша мени көрө коюп, орусча кыйкыра баштады: пиши, Айша, пиши!.. Пиши, пиши, пиши!.. Тигиниси былк этпейт да, мисирейе жылмаят. Акыры Миша үстөлдү койгулап, жер тепкилеп кирди: пиши, Айша, пиши!.. Тиги болсо турат баягыдай эле былк этпей... Муну көрүп, Миша сүйлөй албай,  сүйлөөгө кудурети жетпей, жер тепкилеп кирди да, бир маалда эки муштумун бекем түйгөн бойдон жүгүрүп Айшага жетип, аны болгон күчү менен бир коюп калды. Анысы буйтап кеттиби, Мишанын колу верандага тарс дей түштү. Ушунчалык катуу тийди десең, терезелери тим эле быркырап кете таштады. Сынбай калды. Сынсабы, тим элеби, төлөтмөкмүн, көзүнө карабай туруп төлөтмөкмүн!.. Чын айтам... Ушундан кийин гана Айшасы кыймылдай баштады. Мишаны жетелеп алып, үйгө кирип кетишти. Баласын көтөрүп алышып, бир жакка кетишкен . Доктурга барышкан окшойт, Мишанын колун таңдырып алып кайра келишти. “Колум сынып калытыр, догдурлар айтты,” – деп коёт Миша мулуңдап. Ары жок десе... А аялы болсо эчтеке болбогондой, мени карап жылмайып коёт. Келесоолор... Тигининси да, мунусу да... Ой, ой, ой... Зверь, зверь... – Бабушка башын чайкаган бойдон үйүнө жөнөдү. Досумдун жанына келдим, ал шектенгендей:

- Эмне болуптур?.. – деди.

- Эчтеке, - деп койдум мен кайдыгер.

 Досум кетип, мен жалгыз калдым. Жыла басып, Макем чыкты.

- Колду сындырдым, дос... – деди ал күнөөлүүдөй күлүмсүрөп.

- Уктум!..

- Бабушка баарын айтты да, ээ... Ээ, жинди кашайтты да кысталактын катыны... Келгенде заматта эле бүтүрө коёбуз деп жакшы эле шымаланган. Анан бүгүн сен  кетериң менен эле: “Кана, Айшаке, баштайлы,  жазууга кириш” – десем, тултуюп үндөбөйт. Кечээ түндө асылганынан чарчадым деп ары карап жатып алгам. Же ошогобу – билбейм, тултуят да мелтирейт. “Айшаке, бирди көрө элегиңде сыйың менен баштагын!” – деп жакшы эле эскерттим. Жок, баштачудай, сестенчүдөй түрү жок, кайра шылдыңдагандай жинге тийип күлүп жатпайбы. Ушу күлгөнү жаныма батып кетти окшойт, биротоло жайлап салайын дедим кысталактын катынын! Эгер муштумум тийгенде... Анан...

- Анан?..

- Ордумдан жакшы эле атып тургам. Анан жүгүрүп жөнөгөндө ургум келбей калды. Эмне экенин билбейм, урууга дитим барбай калды...

- Анда веранданы муштабай эле койбойсуңбу?..

- Уят да. Атайы жулунуп турсаң... Анан... Эркек эмес экен дебейби...

“Эркектин балакетин аласыңбы!” – дедим өзүмчө кыжынып. Эмне дээримди билбей, аргам түгөнгөндөй күлдүм:

- Эх, Маке, Маке, Айшакең эмчектеги баласын багабы, же сенин дипломуңду жазабы?

- Ээ, анда келбей эле койбойбу... – деди Макем эч бир камаарабай.

Макемди эстеп, ушул жерге жеткенде:

- Баарынан кызыгы... – деди Кадыралы менин оюмду бузуп. – Баарынан кызыгы Макем мас боло баштаганда баягы кашыктарды кайра алат да, анан карап-карап туруп, болгон күчү менен жерге бир урат. Урат да, үстөлгө башын жөлөп, муштумдарын бекем түйүп, өңгүрөп ыйлап кирет. – Шылдыңдагандай каткыра кетти. – Келесоо да!..

Кашык...

02. 08. 08, күндүзгү саат – 12. 20. – 11. 09. 09., эртең мененки саат – 5. 45.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз