Ашира Кулишева: Сүйүү сезим, махабатка арналган ырлар

  • 28.09.2021
  • 2911

*     *     *

Экөөбүздөн эски ширин күн өткөн.
Ээгин тартып эрининен ким өпкөн?
Эс учумду араң жыйып өзүмө,
Эсен калгам ошондогу бир өрттөн.

СИЗ

Жүрөгүмдүн бийлигине баш ийип.
Сапырылган ой-санаада түйшөлдүм.
Канча ирет сүйөрүмдү айта албай,
Мен да сизден токтоолукту үйрөндүм.

Жан дүйнөмдүн жаңырыгы басылбай,
Жашоодо мен жарты айдай өңдөнөм.
Болду дегем, өз эркимди чектейин,
Мен да сизден күттүрүүнү үйрөнөм.

Көңүлүмдүн көнөктөлөт көз жашы,
Көмүскөдө айтылбаган сөздү деп.
Көпкө чейин күтө берүү үчүн да
Көктүк керек, көрөңгөлүү болуу эп…

Акылымдын аксаганы – маанисиз,
Дешсе дешер – «тарбиясыз, таалимсиз».
Мага бакыт – бир өмүргө жетиштүү,
«Сүйөм сени» – деп айтсаңыз эгер сиз.

АЛСЫЗМЫН

Сизде оюм, кыялым да, сиз деп гана жүрөмүн,
Көөдөнүңүз толтосуна келет менин түнөгүм.
Сүйбөсөңүз эгер мени, чын жүрөктөн жактырып,
Селсаяктай тентек чалыш, шериги жок бирөөмүн.

Сөлөкөттөй сезими жок, жандуумун да жансызмын,
Кызыл тамыр жүгүрсө да, ысыгы жок кансызмын.
Мага деген «жүрөк төрү» бош болбосо чын эле
Көздөрүнөн жашы тамган, бир бечара алсызмын.

Жактырыңыз жандай көрүп, мен ошондо сулуумун,
Сымбатына суктандырган ажарлуумун, нурлуумун.
Сүйүүңүздөн сүзүп күндө таң алдында бир убак,
Мүрөк суусун ичкен сымал, акылдуумун улуумун…

КАРШЫМДАН

Чокусунда жүрчү элем – кылдаттын,
Дүйнө калып, асман-жерди сындапмын.
Кыйынчылык кыл көпүрө болсо да,
Кыйчалышта сыр алдырбай ырдапмын.
Эми болсо өз дүйнөмдө жоголуп
Неге сага, өзүмдү да уурдаттым?

Чачым учуп күчтүү шамал сапырган,
Чакчалекей будуң-чаңда жанчылгам.
Жеңемин деп жүрөгүмө атаандаш
Чыктым далай, канат күүлөп талпынган.
Бийиктерге бийлеп чыккым келди эле,
Бийиктикте, бийик чыктың каршымдан.

Көзүмдө нур, күлкү ойноп чачырап,
Сүйлөйт элем сөздү уруп камчылап…
Кызгалдактай кызыктырган кыялым,
Күндөн күнгө таш алдында жанчылат.
А көздөрүм көрүү үчүн өзүңдү
Сагынычтан жашы агат, тамчылап…

СЫЙКЫРЧЫМ

Күткөндүрсүң, балким сөздүн ыңгайын,
Эх жаным ай, неге мынча кыйнайсың?
Чалкып жаткан жан дүйнөмдө деңиздин
Дагы канча толкуганын тыңдайсың?..
Эх жаным ай, неге мынча кыйнайсың?

Мен мурдарак башкача элем – күлкүчү,
Эринчээк да, жалкоо элем уйкучу…
Эми болсо тынч койбостон төрт бөлөт,
Түн уйкумду, жүрөгүмдө сыйкырчы.
Ошол сенсиң – деми күчтүү сыйкырчым.

*     *     *

… Бардыгы бар болчу менде мурун,
Тынч уйку, ишеним, көйгөйүм жок.
Курч сүйлөп тамашага күлүү менен
Жооп берип жүрчү элем көңүлүм ток.

Асманым кенен эле жылдыз толгон…
Ай дагы салам айтчу бийик тоодон.
Азыр болсо өзгөрүп… жалгыз гана
Арналган сүйүүм калды бийик бойдон.

Гүл сунуп, гүл берип айлуу кечте,
Күлмүңдөп дүйнө бизге суктанчу эле.
Азыр болсо өзүмдө эч нерсе жок,
Ой максат, тилектерим калды сенде.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз