Лениндин гомосексуал экенин коммунисттер эмнеге жашырган?

  • 02.10.2021
  • 5477

Зиновьев менен Лениндин сүйүүсү же Ленин жөнүндөгү дагы бир чындык (архивди аңтарганда)...

Лениндин Петрограддын четиндеги жашыл шалбаага тигилген чатырда жашынып жатып революция даярдаганы тууралуу баян Союздун мектебинде окугандардын эсинде жакшы эле калса керек. Эми ушунча жыл өткөндөн кийин Ленин ошол чатырда жатып төңкөрүштү кантип даярдаганы тууралуу дагы да жакшылап билели деп архивди аңтарып көрсөк, пролетардын жолбашчысы бул жайды чынында эле абдан ыс-сык өткөрүптүр.

Архив материалдары менен тааныштырардан мурда 1981-жылы чыккан (бул акыркы чыгарылышы болгон) Лениндин өмүр баянындагы ошол жайга көз жүгүртүп көрсөк: «8-июль, 1917-жыл. Аллилуев менен Сталин Ленинди Разлив станциясына жеткирип барышты. Ленин жумушчу Н.А.Емельяновдун сарайына жайгашты (Бул аракеттер Ленинди кылмышкер катары издеп жаткан расмий бийликтен жашыруу үчүн жасалган)”.

Бирок айланадагы дача жашоочуларынан – майда буржуазиялык жаман көздөрдөн (ошол дачасы бар жай чарба адамдар большевиктердин көзүнө “буржуазияланып” кеткендей көрүнгөндүктөн Октябрь революциясынан кийин алар куугунтукталышкан) сактаныш үчүн Емельянов Разлив көлүнүн аркы жээгинен жарым гектардан ашык чөп чабынды жерди ижарага алып, Ленин менен Зиновьевди кайык менен наркы өйүзгө өткөрүп, ортосунда “эки киши үчүн уктоочу жай” жасалган жыйылган чөптүн түбүнө тигилген чатырга отурукташтырган.

Зиновьев каяктан чыга калды? Дачачылардан сактанганынан Ленин чатырга көчтүбү? Бирок чатырга караганда сарайда камалып жата берсе коопсузурак болмок. Анткени чатырдын айланасында козу карын издеген дачачылар көп жүрөр эле. Ленинге Емеляновдун аялы же балдары тамак алып келип турчу. Муздаган тамакты Ленин отко жылытып жеп, жай турмуш кечиргени байкалат.

Өмүр баянды окуйбуз: “Ленин башоту менен жумушка киришип, макалалдарды жазган”. Ооба, ал бир нече макала жазган, бирок буга 5-7 эле күн коромок. Бирок Ленин чатырда 6-августка чейин болгон.

Андан ары окуйбуз: “Ленин сейилдеп баскан, Разлив көлүнө түшүп, жээгинде күнгө кактанып жаткан, кечкурун көлгө кайырмак салган”. Демек Ленин бир айча жакшылап эс алган, андан соң Финляндияга кеткен.

Эми негизги суроого жооп издесек: Ленин эс алып жатса, ал жерде Зиновьев эмне кылган? Эмне үчүн Лениндин өмүр баянында анын кайсы көчө менен жүргөнү, кандай арыкты бойлоп басканы, кимдерге жолукканы майда-чүйдөсүнө чейин жазылган да, жанында бир ай бою чогуу болгон эркек адам тууралуу таптакыр жазылган эмес? Ушул суроо мени абдан кызыктыргандыктан кайдыгер кала албай архив аңтардым.

Лениндин Григорий Зиновьевге жазган каты (1-июль, 1917-жыл.): «Григории! Күтүүсүз кырдаалга байланыштуу мага тезинен Петрограддан кетүүгө туура келди. Бирок алыс кете албайм, буга жагдай жол бербейт. Жолдоштор бир жерди өтө коопсуз деп сунуштап жатышат. Бирок ал жерде жалгыз жатып зериккидеймин, өзгөчө ушундай учурда... Ошон үчүн мага кошулгун, анан экөөбүз бардыгынан алыс барып, ушундай бир керемет күндөрдү өткөрөбүз дейсиң... Эгер мени менен кете алсаң, тезирек телефондош. Мен ал жерге эки киши үчүн орун даярдагыла деп көрсөтмө берем...”

Бул кат 1917-жылдын июлунда, Ленин Петроградды таштап кетмекчи болгондо, Зиновьев экөө Разливдеги айтылуу чатырга жайгашар алдында жазылган. Дал ошол жерде Ленин менен Зиновьевдин өз ара мамилеси “таттуусуна тарткан” (же алар мындан мурда эле жакшы беле? Лениндин “керемет күндөрдү өткөрүүгө” тартынбай чакырганына караганда бул болжолубуз чындыкка жакынырактай) шекилдүү. Ошентип экөө ал жерде көпкө чейин бирге болуп, бул учурда Зиновьевдин башы биротоло айланса керек. Анткени сентябрда ал Петрограддан Финляндияда жүргөн Ленинге төмөндөгүдөй мазмундагы кат жазат:

“Кымбаттуу Вова! Сени кандай сагынып жатканымды жазсам ишенбейсиң, мага сен экөөбүздүн эркелешкенибиз, бирге рахатка батканыбыз жетишпей жатат... Сен кеткенден бери эч кимге тийбегенимди айтсам ишенбейсиң. Өзүңө болгон таза сезимим менен берилгендигиме чын жүрөгүң менен ишене бергин. Ишенип кой, өзүң жокто башка эркекке да, аялга да кошулмак тургай жакындабадым. Бир гана сенсиң менин жакын адамым... Келгин, анан эч коркпо, мен баарын экөөбүз үчүн эң сонун уюштурам”.

Кебетеси Ленин жооп берген эмес окшойт, мындан улам бир жума өтпөй Зиновьев дагы бир кат жазыптыр:

“Ардагым Вова! Сен мага жооп бербей жатасың, кебетеси өзүңдүн Гершелиңди унутуп калгандайсың... А мен болсо сен экөөбүз үчүн абдан сонун жай даярдап койдум. Биз экөөбүз ал жерде каалаган учурубузда боло алабыз. Бул укмуштай сонун батир, ал жерде экөөбүзгө абдан сонун болот, анан сүйүүбүзгө эч ким тоскоолдук кылбайт. Мурдагыдай эле жакшы болот. Азыр эстеп көрсөм, мен үчүн сага жолукканым кандай гана бакыт болгон... Баягы Женевадагы учур эсиңдеби, алиги аялдан жашынып жашоого туура келген күндөрдү айтам... Эч ким бизди түшүнбөйт, экөөбүздүн бири-бирибизге болгон сезимди, өз ара байланганыбызды... Тезирек кайтып келгин, гүлүм, сени күтүп жатам. Сенин Гершелиң”.

Октябрдын аягында Ленин Петроградга кайтып, партиялык күрөш боюнча жолдоштор акыры кезигишет. Октябрь төңкөрүшү болуп өтөт. Бирок экөөнө кайрадан бөлүнүүгө туура келет. Зиновьев төңкөрүштү аягына чыгарыш үчүн Москвага жиберилет. Ал жактан Зиновьев Ленинге кат жазат:

“Ильич! Тапшырган жумуштарыңдын баарын аткардым. Үлгүрбөй калгандарым болсо дагы жетишем... Бул жерде аябай оор жана оңой эмес, бирок мени сага жакында жолугарым жана кучагыма алаарым жөнүндөгү ойлор жылытууда. Сен биздин уябызды сактап жүрөсүңбү? Башкаларды алып барып жаткан жоксуңбу? Мен бул жерде аябай сары санаамын, бир гана сенин мага берилгендигиң көкүрөктү жылытууда...

Марксистик жамбашыңдан өөп, сенин Гершелиң”.

Бул каттарды окугандан улам менде эки суроо жаралды: Ленин менен Зиновьев Женевада жүргөндө жашынган аял ким болду экен? Булардын кимиси активдүү, кимиси пассивдүү ойношу болгон?..

Тиги аял ким болгону көп өтпөй түшүнүктүү болду. 1918-жылы Зиновьев ал тууралуу түшүнүктүү түрдө жазат:

“Ар бир жолу мен сенден алыстаган сайын укмуштай кыйналчу болдум. Так ушинтип сени сагынып отурганымда, сен менин көзүмө чөп салып жаткандай сезим келчү болду. Сен деген өтө ойнооксуң, мен билем... Дайыма эле кармана албайсың, өзгөчө жаныңда сүйүктүүң жок кезде. Бирок мен карманып жатам, өзүмө эч нерсеге уруксат берген жокмун. Ал эми сенин абалың жакшы эмес, дайыма Надянын жанында болушуң керек. Сени түшүнөм, баарын түшүнөм... Айланаңдагыларга да каршылык кылыш кандай кыйын экенин билем, баарын билем... Жок дегенде азыр мурдагыга караганда жеңилирек болуп калды, баягы Женевадагыдай болуп андан (Надядан) эч нерсени жашырыштын кереги жок. Баягы анын үстүбүздөн чыгып калганы эсиңдеби...”

Түшүнүктүү болду. Женевада экөө алгач мамиле түзүп биригишкенде аларды Лениндин жарандык никедеги аялы Надежда Крупская кармап алган. Ошондон кийин Ленин өзүнүн мындай дене кумары боюнча каалоолорун аялына ачып, ал муну менен келишкендигинен улам экөөнүн өзгөчө сүйүүсүнө тоскоол болбогондой.

Мындан соң экинчи суроого жооп табылат. Кийинки катты да фронттон Зиновьев жазып, тамашалуу суроо узатат:

“Вова! Экөөбүз бөлүнүп жүргөнүбүздө сенин кымбаттуу жамбашың өскөн жокпу? Бул учурда тигиниң турган жокпу?.. Бул жердеги иштер бүтөрү менен жетип барам жакында. Анан экөөлөп сенин ардактуу көчүгүңдү тазалайбыз”.

Демек, Ленин пассив, Зиновьев активдүү ойнош болгон. Бул кийинки катта да тастыкталат. Ал Юденич Нарванын алдында талкаланган 1921-жылдын жазында, Кызыл Армия Эстониянын чек арасына жетип токтоп, Зиновьев Петроградга кайтып келүүгө камынып жатканда жазылган. Ал ушунчалык кубангандыктан анча-мынча этиеттенүү керектигин унутуп калган:

“Вова, мен жакында барам, анан сени өзүмдүн ысык кучагымдан эч качан чыгарбайм. Тигил бетпагың эмне десе ошо дей берсин! Душман бүткүл фронт боюнча качып баратат. Менин оюмча бул тараптан эми эч ким даап кол сала албайт. Андыктан мени күт, анан тиягыңды жакшылап жуу, жакында барам”.

Анткен менен бир нече ай өтпөй ойноштордун ортосун кара мышык аралаганы байкалат. Бул демейдегидей эле кызганычтан улам жаралат. Биз бул тууралуу Лениндин Түндүк Кавказда жүргөн Зиновьевге жазган катынан билебиз. Вова бул катты эмнегедир немис тилинде жазган:

“Кымбаттуу Гершеле! Сенин мага эч кандай таарына турган жөнүң жок. Сен атайылап эле Кавказдан келишиңди создуктуруп жатканыңды сезип турам. Анткени фронттогу оор абал жайгарылганын жакшы билем. Ооба, ошентип мага таарынып жатасың. Бирок бул жерде мен күнөөлүү эмесмин. Мунун баары сенин акылсыз шектенүүңдөн улам болуп жатат. Ал эми Лейба жөнүндө сөз кылар болсок, аны менен бир гана жолу болгом жана ал экинчи кайталанбайт... Күтөм сени, келсең экөөбүз өзүбүздүн кереметтүү уябызда элдешебиз”.

Каттын аягында орус тилинде “Сенин Воваң”, - деп кол коюлган. Көп өтпөй Владикавказдагы Зиновьевден төмөндөгүдөй мазмунда жооп кат келген:

“Ильич, бул эч кандай Лейба менен сага карата акылсыз шектенүү эмес. Акыркы кездерде анын айланасында сенин баш жоготчудай чуркап жүргөнүңдү кимдер гана көргөн жок. Кандай болгондо да менин көзүм көр эмес ко, анын үстүнө сенин сезимге алдырган кезиңди менчелик эч ким билбейт... Куралы чоң эркекти көргөндө көзүң күйүп кетерин мени көрбөйт деп ойлойсуңбу? Анын үстүнө өзүң айтчу эмес белең “кодо бойлуу эркектердин шайманы эң сонун болот” деп... Лейба менен мамиле түзүш үчүн сен экөөбүздүн махабатты эстен чыгарууга даяр болуп калганыңды көрбөй калгыдай көр эмесмин. Албетте, жаныңда жүргөндө сени азгырыш ага опоңой. Же сен аны багындырдыңбы?..”

Чынында эле ошол учурда Республиканын аскер комиссары Лейба Троцкий жолбашчынын жанында көпкө жүрүп калган. Ушул жерден эки жолбашчынын ортосунда айкалышкан сезимдер жаралганын болжолдоого болот.

Лейба Троцкий, эр жүрөк эл комиссары, укмуштай чечендиги бар трибуна кишиси лениндик төшөктөн Зиновьевдин ордун ээлегени оңой эле байкалат...

Анткен менен Ленин Гершелге актануу каттарын жаза берген. Кебетеси ал Троцкий экөөнүн сүйүүсү узакка созулбасын, көп өтпөй эле ал кезектеги аялга кызыгып, өзүн таштап кетерин билген окшойт. Анткени Лев Давыдович өзүнүн революциялык күрөштөгү куралдаш досторуна караганда аялдарга көбүрөк тартылчу. Кебетеси ал Ленинди сыйлаганынан улам шагын сындыргысы келбеген окшойт. Мына, Лениндин кайрадан Кавказдагы Зиновьевге жазган каты:

“Мага таарынба, Гершеле. Сен туура байкагандай мен чынында эле Лейбага туруштук бере алган жокмун. Ал ушундай азгырыктуу эркек экен. Ал бир башкача эркелетүүсү менен өзүмдү-өзүмө ээ кылбай салды. Анын үстүнө азыркы ушундай саясый жактан чыңалып турган кезде ага мен абдан муктажмын. Мен күчтүү колдун эркелетүүсү жок абдан кыйналам. А сен болсо кетип калдың, макоодой болуп. Ошондон улам мен туруштук бере албай калдым. Бирок сен менин ушул кичинекей алсыздыгымды кечирерсиң, Гершеле? Кайтып келсең көрөсүң, сага деген менин сүйүүм чексиз экенин. Сенин кичинекей Вовачкаң”.

Кебетеси “кичинекей Вовачканын” кыска каты Зиновьевди биротоло тынчтандыргандыктан аны менен сүйүү байланышы биротоло үзүлбөгөнүн, жөн гана Лейба-азгырыктын айынан ортолору бир аз гана сууй түшкөнүн түшүнүп, Москвага жетип келиптир. 

Ошондон кийинки экөөнүн жазышкан каттары архивде калган эмес. Балким ойноштор байланыштын башка жолдорун табышкандыр же кийинки каттарды өрттөп салышкандыр...

Анткен менен көп өтпөй эсерчи аял Капландын огу Ильичтин ден соолугуна олуттуу зыян келтирген. Мындан улам да бул экөөнүн байланыштары менен катнаштары мурдагыдай уланбаган. Ага Лениндин деле шайы келбесе керек. Ошентсе да экөөндө жолугушууга аракет болгону Крупскаянын жыйырма экинчи жылдын ортосунда Зиновьевге жазган катынан байкоого болот:

“Сизден сураныч, мындан кийин менин күйөөмдүн артынан ээрчип, жолугушууну суранып, тынчын албаңыз. Акылыңызга келгидей деле болдуңуз. Ал эми мен сиздин мындай уятсыздыгыңызды качанкыга чейин чыдап көтөрө берем. Ильич оорулуу, муну сиз жакшы билесиз, дагы бир жолу эле бейбаштыкка барсаңыз анын ден соолугу биротоло бүлүнөт. Ошондуктан сизден суранам, чакырбаңыз, баягы соо кезиндегидей болуп чакырыгыңызга эми жүгүрө албайт. Менин бул катымда айтылгандарды түшүнөрсүз деп үмүттөнөм. Бул кат күйөөмө күйгөндүгүмдөн улам жазылып отурат”.

Зиновьев жөн жеринен Ленинге жазган каттарында Крупскаяны “Баягы бизге Женевада тоскоол болгон аял” деп тергеген эмес. Экөөнүн ортосунда Ленин үчүн күрөш катуу жүргөндөй.

Эми аял болсо да бир эркектин айынан көп жылдар бою күйөөсү чанып коёр болгон Надя үстөмдүккө жетишип, Зиновьевди Ленинге жолотпой калган. Тилеке каршы, бул Ленин төшөккө жатып калгандан кийин ишке ашкан, ошентсе да ал күйөөсүн Зиновьев менен бир мүнөт да жалгыз калтырбаган.

Отузунчу жылдардын аягында Зиновьев камакка алынып, атууга кеткенден кийин бул архивдик материалдар НКВДнын колуна тийген, демек алар Сталинге жеткирилген. Эмне үчүн ал буларды жок кылууга көрсөтмө берген эмес? Кебетеси мунун эки себеби бар окшойт. Биринчиден, булардын баары ал үчүн жаңылык эмес болгондуктан, тагырак айтканда, Лениндин Зиновьев жана Троцкий менен сүйүү байланышын жакшы билгендиктен, бирок көп деле маани бербегендиктен бул каттар кандайдыр калып калса керек. Же бул Сталиндин Крупскаяны кемсинткиси келген мамилесинендир. Бул аял күйөөсүнүн жанында жүргөн жандуу куурчак сыяктуу болгондуктан ага болгон сыйлоо сезими төмөндүгүнөн улам далилдерди жок кылдырбагандыр.

Экинчиси жана баарынан жүйөлүүдөй сезилгени: Сталин бул каттарды Ленин тууралуу чындыктын баарын сыртка чыгарып, аны өлгөнүнөн кийин көөлөп, элге жаман көргөзүп, жалгыз өзү революциянын кир жукпаган жолбашчысы болуу зарылдыгы чыгып калса, керекке жаратайын деген ойдо жок кылдырбаган чыгар. 

Кандай болгон күндө да, бул архив биздин күндөргө чейин келип жетип, Лениндин дагы бир жагын жүйөлүү далил катары ачып берип отурат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Маалымат булактары бул жакта>>>>>>

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз