Жозеф Редьярд Киплинг: Сүйүү жебеси

  • 13.10.2021
  • 3030

Жозеф Редьярд Киплинг 1865-жылы Бомбейде жарык дүйнөгө келген (Индия ал кезде Улуу Британиянын колониялык башкаруусунда болгон). Көп кырдуу жазуучу жана ишмер катары белгилүү – прозаик, акын, балдар жазуучусу жана журналист, саякатчы. Англис жазуучуларынан биринчи жолу адабият боюнча Нобель сыйлыгы Редьярд Киплингге ыйгарылган (1907-жыл). Андан сырткары адабият боюнча ушул кезге чейин Нобель сыйлыгын алган эң жаш жазуучу (42 жашында) катары белгилүү.

Алты жашка толгондо ата-энеси баласы билим алуусу үчүн эжеси менен бирге Англияга жөнөтүшөт. Бала кезинен баштап ыр жазуу менен алектенген. 1878-жылы Уэстворд-Хоудагы Юнайтед-Сервисез-колледжине тапшырган.

1882-жылы Редьярд Индияга кайтып келип, жергиликтүү лахор газетасына ишке орношот. 1886-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Ал эми биринчи жазган романы «Жарык өчтү» деген аталышта 1890-жылы жарыкка чыккан.  

1889-жылдан баштап мезгил-мезгили менен саякатка чыгып, Азия, Америка жана Африканын бир топ жерлерин кыдырган.

1896-жылы кайрадан Англияга кайтып келип, андан аркы чыгармачылыгы ушул жерде уланган. Ден-соолугуна байланыштуу врачтын көрсөтмөсү боюнча мезгили менен Түштүк Африкада да жашаган.

1894-жылы жунгли токоюнда жаныбарлар менен бирге чоңойгон адам баласы – Маугли тууралуу атактуу чыгармасы «Жунгли китеби» аталышта басылып чыгып, 1895-жылы ушундай эле аталышта экинчи китеби жарыкка чыккан.

1936-жылы Лондондо жарык дүйнө менен кош айтышып, анын көзү өткөн соң, 1937-1939-жылдары 35 томдук жалпы чыгармалар жыйнагы жарык көргөн

АҢГЕМЕ

Илгери Симлада кара кылды как жарган калыс, бирок бир аз жакыр жашоодо күн кечирген аймактык казы жашаптыр. Айдай сулуу жалгыз кызынан башка баласы да жок. Кызы эстүү кыз катары бойго жеткени менен бала кездегидей дале болсо баёо. Кызы бойго жеткени апасы курган кызынын келечегин ойлоп көбүрөк түйшөлчү болду.

Эгер бойдок эркек бакалавр дипломунун ээси, аткаминер кызматын аркалап, алтын менен шөкөттөлгөн кызматтык формада чыкыйып кийинип, Кеңеш мүчөсү, вице-губернатор, вице-королдон башка аттуу-баштууларга сөзү өтүмдүү, каалаган адамына эшигин тээп кирген кызматтык сүрү бар адам болсо, мына ушуну чыныгы мырза десе жарашат. Мындай бойдок мырзалар кыздарды чекесинен чертип тандап үйлөнүшкө татыктуу. Мынтип башкалар ойлобосо да, аялдар көбүрөк ойлойт. Ошол кезде Симлада дегени деген, айтканы айткандай ошол замат аткарылган, эч ким алдынан кыя басып өтпөгөн, байлыгына, бийлигине манчыркап басып жүрөр аткаминер боло турган. Өзү да жыландай чекчейип түрү суук немени кудай пейилден да айтпаптыр. Туш келген адамына мурду менен бир тийип басып жүрөт. Өтө көркөмдөп айтканда мындай түрү суукту бүткүл Азиядан кездештирип болбойт. Жакын адамдары жөн гана Саггот деп кайрылышса, жергиликтүүлөр Барр-Саггот мырза деп кайрыла турган. Өзүнүн толук аты-жөнү Энтони Барр-Саггот эле. Аймак башкармалыгында иштеп, бүткүл Индия чөлкөмүнө кадыр-баркы бар, горилладай күрүлдөгөн эргул.

Аткаминердин көзү биз сөз кылып жаткан Китти Бейтон сулууга түшүп, ага ашык болуп калганда кыздын апасы буга кысыр даарыгандай сүйүнүп, кызынын барар жерин элестетип, сүйүнүчтөн ыйлап жиберсе болобу.

Кыздын атасы Бейтон казы тилин тишине катты. Өзү да жумшак мүнөз, бирөөгө катуу сүйлөбөгөн киши, жарыктык.

Жана айтып кеткендей бул аткаминер байлыгына чиренип көпкөн төбөлдөрдүн бири. Байлыгынын көптүгүн мындан билиңиз, эгер кааласа бүткүл Кеңеш мүчөлөрүн кызылдай акчага сатып алып коёр байлыкты кучактап жатат. Бу аткаминер атпайлар битин сыгып, канын жалаган нан жебес, сараң келишет эмеспи. Ал эми аткаминер Барр-Саггот эл көрсүн үчүн күлүк аттарды тандап минип, ар кандай мелдештерге акча сайып, жыргап-куунап шапар тээп, акчасын самандай чачып, айтор, ушундай төгүл-чачыл жашоого ар жагынан дилгир эле.

Мен баяндап жаткан учур тээ илгери, индияга англичандар эми баш баккан мезгилге барып такалат. Муну айтканда айрым адамдардын эсине эл теннис ойногонго эми гана ыктап, көпчүлүк топурап крокет ойной баштаган кез түшөт. Бул андан да илгери. Ал кезде крокет оюну жергиликтүү элдин түшүнө да кирбеген. Ал кезде крокеттин ордуна эл жаа атуу мелдешин көрүүгө такай бара турган. Мелдештен кийин эл жаа атуунун ыкмасы, белгилүү жаачылар мыкты жааны, анын жебесин кантип даярдайт, жаа жасоонун мыкты устасы ким – мына ушуларды гана тамшана кеп кылып калышкан. Жаа атуу мелдеши Англияда 1844-жылдары гана кайра жанданды.   

Бейтон сулуу Симла аймагында аялдар арасында алыскы – алтымыш ярд[1] аралыктан туруп жаа атуудан астына эч кимди салдырбаган кыл мерген. Ошондон улам ага суктанган эркектер аны Тара-Девиден чыккан Диана аташа турган.

Барр-Саггот кызга жагуунун бар айласын издеди; ал эми кыздын апасы анын кызына ошол чөлкөмдүн белгилүү байы – Барр-Сагготт ашык болуп калганын укканда, кубанычтан өзүн коёр жер таппай, буту күйгөн тооктой чебелектейт. Кызым байга тийип, тамак-аштан, кийим-кечектен кысынбай, бардар жашаса деп тилейт. Айтор бул кабар угулганы кыздан мурун кыздын апасында уйку жок. Муну Китти Бейтон сулуу көңүл кош гана кабыл алды. Эч кандай толкундануу, сүйүү сезими тутанбады. Албетте, белгилүү аткаминердин ага көңүлү түшүп жатканы кыздын зоболосун көтөрүп, бул кыздын курбуларынын ичин туз куйгандай ачыштырып жатканын сезип эле турат. Бирок ушундай түрү суук кишиге кийин кантип көнүшүп жашайт. Байлыгына чиренген кайран аткаминер канчалык кымбат, саркеч кийинсе, ошончолук эшектин үстүнө килем жаап салгандай болуп калат. Түрү суук кейпин үстүнө кийген кымбат саркеч кийимдер да жаап-жашыра албайт. Аны көзү жокто «лангур – куу маймыл» аташканы да бекеринен эмес. «Кой, мындан алыс эле жүрөйүн, - деп ойлоду Китти, - мындан биротоло кол үзүп, Кеббон менен мамиле курганым дурус». Кеббон – Амбаладагы драгун кошуунунда кызмат өтөгөн аскер кызматкери; жүзү сүйкүмдүү, адамгерчиликтүү жигит. Угушуна караганда ата-энеси колу жука адамдар. Удуң-шудуңу жок, ыманы ысык Кеббонду көргөндө, эмнегедир жүрөгү башкача туйлап, анын жанында кадимкидей кичирейе түшөт. Барр-Сагготтун жагалданган бардык мамилесине кол шилтеп салып, Кеббонго кетип калайын десе, апасы урушуп болбойт.

- Апа, - деди бир күнү, - ушул жыландай түрү суук Саггот менен кантип бир төшөктө жатам деги!

- Ой, садагаң кетейин, кызым, - деди апасы да өзүнүкүн бербей, - өңдүү-түстүүнү да, түрү суукту да кудай жараткан. Чырайын чылап ичмек белең. Мен көргөн күндү сен көрбөсүн дейм, түшүндүңбү?! Мага кулак салып, бир аз эсиң менен бол, садагасы.

Китти ордунан тура калып, анын байлыгын да, бийлигин да урганым жок деп кыйкырып жибере жаздап, араң өзүн карманды да, апасына көп нерселерди божурап түшүндүрдү. Атасы бирөөнүн көңүлүн оорутпаган киши эмеспи, муну укканда маңдай терин колу менен шыпырып, үндөгөн жок.

Жай этектеп калганда, Барр-Саггот эң ынгайлуу учурдун удулун тапты да, өзүнүн бийликтеги мартабасын арттыра турган планын иш жүзүнө ашырууну чечти. Аялдар арасында алыскы аралыктан жаа атуу боюнча мелдеш уюштуруп, баш байгесине чылк бриллианттан жасалган билерик коюлду. Мелдеш атайын кыйтыр түрдө уюштурулуп, бриллиант билерик колго тагылганда, Китти сулуу Барр-Сагготту бүткүл жан-дили менен сүйүп калбашка аргасы жоктугун көпчүлүк билип турду. Мелдештин эрежеси Симладагы жергиликтүү эрежеге ылайык  ̶  алтымыш ярд аралыктан бутага таамай атуу. Ким бутага эң көп таамай тийгизсе, баш байге ошонуку.

Мелдешке Симла жашоочулары бүт чакырылды. Азыркы Гранд-Стенд жайгашкан жердеги Аннандейледеги ачык талаадагы дарактардын көлөкөсүнө кооз үстөлдөр каз катар тизилген; өзүнчө турган үстөлдөгү көкмөк баркыт кутучанын оозу ачылып, анын ичиндеги баш байгеге коюлган бриллиант билерик күн нуруна жалт-жулт этип, көргөн адамдын көз жоосун алат. Мелдеште атаандаштары менен кыл чайнашкан кармаш болорун билгенде Китти Бейтон ушунчалык толкунданды. Мелдеш болор күнү Аннандейлге баратканда, өзүн тим эле Жогорку Соттун алдына бараткандай көңүлү бир ордунда эмес. Жаш сүйгөнү Кеббонду жандап ат үстүндө баратып, аны акырын караса, ал да бушайманга түшүп, негедир ойлуу. Болор ишке эч тиешеси жок адамдай түр көрсөтөт. Китти баш байгеге коюлган бриллиант билерикти көргөндө, ичинен тынчсызданып, аны көпкө мелтиреп карады. Үстүнө кымбат саркеч кийинген Барр-Саггот андан бетер ичтен уйгу-туйгу, жанын коёр жер таппайт.

Тигине өзүн мартабалуу аткаминер мырзанын болочок кайненеси сезип, текебер жылмайып, эч кимге сыр бербей Китти сулуунун апасы олтурат. Мелдеш башталды; көрүүчүлөр уй мүйүз тарта кыдырата жайгашып, баш байгеге талапкер жаачы аялдар каз катар тизилди.

Жаа атуу мелдеши эртеден кечке созулуп, көрүүчүлөрдү улам зериктирип баштады. Жаачы аялдар кезеги менен чыгып, удаама-удаа бутага аткылашып, күн өрөөндү таштап, сыдырым кечки шамал дарактардын бариктерин дирилдете баштаганга дейре эл Бейтон сулуунун чыгышын күтүп, эч кимиси ордуларынан козголо элек. Кеббон кыдырата уй мүйүз тарта олтурган топтун оң тарабында, Барр-Саггот жан-жөкөрлөрү менен анын каршы тарабында бет маңдай олтурат. Экөөндө тең бир кыздын айынан бири-бирин жеп салчудай жек көрүү сезими бар. Бейтон сулуу тизмеде эң акыркы. Жаа атуунун жыйынтыгы өтө жакшы болбоду, баш байгеге коюлган билерикти Бейтон сулуу илип кетери эми эч кимге талашсыз.

Аткаминер Барр-Саггот өз колу менен Бейтон сулууга таазим этүү менен жааны сунду. Кыз алдыга чыкты да, жааны керген калыбында көз кыры менен бриллиант билерикти карады. Андан соң жебени коё бергенде, жебе зуулдап барып, ортодогу «алтын» бутанын как ортосуна кадалды. Эл дуу дей түштү. Биринчи эле атышта алгачкы тогуз упай.

Бейтон саадактан экинчи жебени сууруганча «алтын» бутаны мелжеп карап турду да, андан соң топтошкон элди сыдырып карап өттү. Жаш Кеббон топ арасында өңү бозоруп, көздөрү каканактап, жер карап шөмтүрөп туруптур. Анын каршысында оозун аржайта күлүп, атырайган маңдай тиштери көрүнүп Барр-Сагготт тигинин ушул абалына болушунча табасы кангансып, өзүнчө корстон. Жигитин утур-утур теше тиктеген Барр-Сагготтун оттуу көздөрү «Ии, баатыр, акыбалың ушул экен го. Туйлап көрчү эми!»  ̶  дегенди айтып тургансыйт. Бейтон сулуу жебени ары-бериден жаага кадай салып, жааны керген калыбында көз кырын салып жигитин дагы тиктеди. Шагы сынып, шөмтүрөп турган жигитин көрүп, аны ичинен ушунчалык аяп кетти. Жок дегендей башын чайкап алды да, жебени бутага туштап коё берди. Жебе зуулдап барып, «алтын» бутага тийбестен, ак тегерекке кадалды.

Андан кийин иштин жагдайы эл күткөндөй болбоду. Эл көрсүн үчүн ар бир атканын шашпай, дыкат жасады. Буга чейин алдыга киши салдырбаган жаачы кызга 46-фунттук жаасы да куп жарашат. Бутанын төрт жыгач бутуна катары менен атып жебелерди кадады. Андан кийинки атылган жебе бута башындагы тактайга кадалды. Атаандаш жаачы аялдар буга түшүнө албай, бири-бирине карашты. Андан ары бир упайлык ак тегерекке катары менен беш жебе кадалды. Жаадан жебелерди шамдагайлык менен келиштире атып жатты; бирок мындай кетиште баш байге бул кызга тийбей каларын билгенде,  Барр-Сагготтун өңү заматта көкмөк тарта түштү. Кийинки атылган жебелер эки жолу бута үстүнөн кайып кетсе, кийин эки жолу бутанын сол тарабын жандай өттү. Эл эчтекеге түшүнбөй, селейип тымтырс. Эл менен кошо алдыртан көз салып олтурган кыздын апасы жүз аарчысын алып чыгып, көзүнөн мөлт-мөлт тамган жашты аарчыды. Андан кийинки атылган жебелер бутанын алдындагы такыр жерге кыдырата тизилип сайылды. Эң акыркы жебе жети упайлык кызыл тегерекке кадалган соң, жай басып ордунан жылып чыгып кетти.

Эл жым. Барр-Саггот атылган жебелер анын бутуна кадалгандай башын шылкыйтып, бутунун учтарын мелтиреп тиктеп турганы. Бул жымжырттыкты жаачы аялдар арасынан чыккан кыздын үнү бузду:

- Мен жеңдим! Жеңиш меники! Жеңдим!

Көпчүлүктүн назары үн чыккан тарапка бурулду. Мурду тепирейген, чаар-ала кыз кол чапкылап, болушунча сүйүнүп алган. Баятан ызасы ичине батпай буулугуп турган Бейтон сулуунун апасы муну көргөндө, кармана албай эмшеңдеп кирди. Көпчүлүктүн алдында кара жерге кирип кеткиси бар. Бейтон сулуу жааны ордуна ыргыта салып, өз ордуна басып келди. Шылкыйып жер караган Барр-Сагготтун алдына кыздыкына окшобогон олдоксон колдор сунулганда, бриллиант билерикти анын колуна такты. Өйдө караса маңдайында оозун аржайта күлүп, мурду тепирейген баягы ураалап кыйкырган жеңүүчү кыз турат. Барр-Саггот ичи эңшерилип турса да, анын жеңишине калп эле кубангандай түр көрсөтүп, бар күчү менен жасалма жылмайды. Кызынын колуна тагылар бриллиант билерик жат кыздын колуна кетип жатканын көргөндө, Бейтон сулуунун апасы турган жеринен каңырыгы түтөдү. Баары үчүн күтүлбөгөн иш болду. Бейтон сулуу өмүрүндө алгачкы жолу ири мелдеште жеңилди. Көпчүлүк Бейтон сулууну апасы менен калтырып таркай баштады.

Той болуп, тойдун эртеси да болду… Таң атпай айылга Бейтон сулуу түндө жигити – Кеббонду ээрчип, качып кетиптир деген кабар желдей тарады. Калганы айтпаса да түшүнүктүү.  

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

[1] Ярд – англис узундук чен бирдиги. 1 ярд дээрлик 91 сантиметрге барабар.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз