Казат Акматов: Ак жарык

  • 18.10.2021
  • 2956

АҢГЕМЕ

Агам бир күнү офицер формасын кийип келди да үй-оокаттарын, ташпишин бүтүндөй алып, ага кошо жеңемди да биротоло көчүрүп кетти. «Мындан ары эми аскердик врач болуп калам го»,- дейт ал. «Ишке жарапсың! - дедим ичимден кызаңдай түшүп,- баары бир силер апамдын адил үмүтүн аткарган жоксуңар. Сары эсепчи зыкымдар десе, бооруңар жок силердин! Же мени билбейт дейсиңерби. Баягы бир кездеги төрөлүүчү кызды эмне кылдыңар эле?” (а балким эркек бала болот беле...)

Чын эле ошондой иш болгон. Бир күнү мен адатымча үңкүйүп бурчта китеп окуп олтурсам укпайт дешти окшойт, жеңем экөө: «Азыр жашпыз, турмуштан орун-очок алалы, бала андан кийин болор» деп шыбырашып жатышкан. Тфу, ошондо ортого түшө калып сөздөрүнө жолтоо болсом болмок экен да. Эх, эми кеч болуп калды го, андан бери бир жыл чамасы өттү окшойт. Да, кеч болуп калды, анын үстүнө алар өтө алыс, тиги эле Камчаткага кетишти. Аяктан эми ай дээр ажо, кой дээр кожо болобу экөөнө!..

Кыскасы, агамдар көчүп кеткенден кийин апам небереден үмүт үздү көрүнөт. Экөөбүз аңылдаган ээн үйдү ээлеп жалгызбыз эми. Үйүбүз шаардын чок ортосунда, кичинекей госбанктын тамына чиркешип туташ салынган. Ошентип кайсы шумпай салдырганын билбейм башында, иши кылып банкты караган милиционер биздин үйдү да кошо кайтарган өңдүү. Кайтарса мейли го, андан эмне зыян эле. Бир гана апам байкушка убал болбодубу: «Силер чоңоюп-чоңоюп алып бет келген жагыңарга колоктоп басып жүрөсүңөр, а мен жалгыз керээли кечке төрт булуң тамга камалып... же бир кобурашарга эрмек кишим болсочу. Этегинен жалгап келиним төрөп берсе кана...» деп самачу апам. Мен өзүм деле ага каршы эмес элем. Былдыраган кичинекей бөбөгүң болсо эртели-кеч сүйлөшкөнгө да жакшы экен. Бирок көрбөйсүңөрбү, ушундай болуп калды иштер, ага-жеңем экөө ээрчишкен бойдон жөнөп кете беришти.

Айла жок, бала деген менин колумдан келчү нерсе эмес. Болгону ушу араң биринчи курста окуймун, чет тил факультетиндемин. Адепки жылы политехникалык институтка өтөм деп «кулап», кийинки жылы физматтан, анан мына быйыл араң ушуга илешкеним. Окуумду оор дейин десем оор деле эмес, бирок жеңил дешке да кайдан болот. Күндүр-түндүр эле көз жыртайтып сөз жаттамай.

Тили жаңы чыккан бала деле ширин тамактардын аттарын угар замат айтып кетет десең, а биз, мисалга «алма» деген оп-оңой эле сөздү «ен эппел, ен эппл» деп үч күнү кечке жаттайбыз да, анан төртүнчү күнгө тарс унутуп чыга беребиз.

Анткени менен филфакта, өзгөчө ушул чет тилдер бөлүмүндө окуган бир топ көңүлдүү. Көпчүлүгү кыздар. А кыздар жүргөн жери кишини эриктирбейт эмеспи: кыштын күнү тумак кийип келсең, «байкуш чал, тазын сууктан коркуп чүмкөнүп алган тура», а жайда көйнөкчөн келсең «көпкөнүң» дешип шылдыңдашат. Күлсө күлө беришсин, андан менин бир жерим короп атты беле, унчукпайм. Ошон үчүнбү, кыздар мага көп асылышат айтор. Ошонун баары эле тамаша да түшүнгөн кишиге, тим кой...

Апам жарыктык бир айтканын бербеген өжөр киши өзү. Эгер жеңеме «төрөгүн» деп ошол тээ башта эле баса айтканда жеңем төрөмөк сөз жок. Бирок, келиним өзү билээр дедиби, эмнегедир апам унчуккан эмес.

Мына эми ошонун азап-тозогун мен тартмак болдум, шор кайнап...

- Э Алмек, бери чыкчы,- дейт апам бир күнү кечте жатып атсам. Мен шымымды кайра кийдим да кыңырылып оозгу бөлмөгө чыктым.

- Мобул кошуна кемпирдин билбегени жок деле,- деди апам жоктон тапкан кандайдыр бир кубанычы көкүрөгүнө сыйбай энтелеп,- али, жаңкы башы ачык жүрүп төрөгөн аялдар балдарын өкмөткө берет турбайбы, арман-алат. Ким эле багам дегенге карматат дейт жаңкы «теттомбу» ошол жердегилер.

Мурда мен андай-андай тири шумдукту угуп көргөн эмес экенмин, бир паска бозоруп унчукканым жок, анын үстүнө ушундай кеңеш берген кошуна кемпирди ичимден жаман көрүп калдым окшойт. «Кереги эмне кайдагы бир бузулган аялдын баласына жармашып, өзүнө эле кут болсун ошонун өз баласы!..»

Кубангандан булоолоно тердеп, демин тарта энтигип турган апамды мен көзүмдүн төбөсү менен бир сүзүп алдым да, жактырбай кайра кирип кеттим. Бирок апамдын чындап эле көнүлү ооп алган белем, ошол азгырык сөзгө, эртең менен ыкшынып төшөгүмдөн тура албай жатсам, жанымдан такыр жылбай койсо болобу. Өзү түн ортосунан эле кийинип-таранып даяр болгондой карала шалы жоолук, жаңы маасы-көлөч, кулпурган жылма тукаба пальто кийип, колтугуна бир оромол кыстарып алыптыр да тур эле, тур деп алапайымды кетирет.

- Бул эмнең? - дедим кроваттын кырына шылкыйып олтуруп алган тейде оромолду көрсөтө.

- Момпосуй. Барганда баланын колуна кармата койгонго. Ата-энеси жок чунак балдар утур карабайбы...

- А бул жоолукту, тиги көйнөктү качан алдың эле?

- Аны сен эмне кылат элең. Бол, туруп жүзүңдү жуу! - деди апам ачуулана түшүп, менин тек эле сөз көбөйтө кежилдеп отурганымды туйду окшойт.

Шылкыйып коридорго чыктым да эмнегедир кыжалаттана башымды чайкап койдум. Кыязы, баласын төрөп таштап кеткен аялдарга жиним келдиби, же ошолорду көздөй зордоп айдап бара жаткан апамдын кылыгы жаккан жокпу, билбейм. Анан жуунуп, түндөн калган куурдак-картөшкөнү жылытып жегичекти көңүлүм биротоло чөгүп, такыр эле үтүрөйүп калдым. Апамды туурап мен да ак нейлон көйнөгүмдү, кара галстугумду тагынып алсамбы деген ниет жылт деди эле оюма, бирок кайра ошол замат айныдым. «Тойго бара жатсам да эмне болуптур!» Көп эле болсо апам экөөбүз детдомго барып, бир ырылдаган ыйлаак, бышалек кызыл эт немени үйгө көтөрүп келербиз. Андан эмне пайда таптык? Үй ичи сапырылып, азандан кечке жаагын айрып ошол неме мага сабак окутат дейсиңби? Же мени, апамды таанып койсо экен. Үйдөн чыга качып да кетер бир күнү... Алда апам-ай, апакем-ай!

Мен желке чачымды түктүйткөн бойдон алдыга түшүп алып унчукпай кете бердим. Апам болсо бирде мага келип, анан кайра узап калып артымда. Акыркы троллейбус токтоочу кичинекей асфальт тектирчеге чыга келип, машинанын тепкичине бут коё бергенимде апам колдон тартып калды мени:

- Бери коё турчу жулкунбай! Адегенде өзүбүз сүйлөшүп алалы. Угуп тур, сен сүйлөшөсүң го орусча. Үч же эки жаштагысынан алабыз дегин жаңылбай. Анан кыз болсун. Эркек баланы албайбыз дегин. Түшүндүңбү, кыз болсун.

- А эркек болсочу? - Турган эл укпасын деп ынтыга шыбырап сурадым, ачуум келе түшкөн эле.

- Жо кагылайын, кыз болсун, кыз эле жанга күйүмдүү эмеспи...

Анан ал байкабай калпыс айтып алган өз сөзүнөн өзү чочуп кеттиби: «Кудай айланайын, эркек балдарым көп деген жерим жок. Ооз кесир болбосун, балдарыма өмүр бер» деп бат-бат күбүрөп, жараткан алласынан кечирим сурай салды. Ойлосом биздин бүлөдө ырас эле бир да кыз жок экен. Эки агам, анан мен. Ошондон улам апамдын кыз бала деп далбас урганы да эптир деп ойлоп, анысына бир эсе макул болгонсудум ичимден.

- Орус кыз болсочу?

- Ой, мейли, баланын баары бирдей эмеспи, капырай! Иши кылып көзү кара болсо болду мага. Тил үйрөтүп алабыз.

Мен түктүйүп үн дегеним жок. Аздан соң троллейбус дагы жетип келди. Элди аралай кысылышып, тигинден-мындан сурасам баары эле: «кайсы детдом эле?» дешет кайра мага. Акыры уялганымдан унчукпай туруп калдым, кайсыл детдом экенин мен кайдан билип коюптурмун!

Аңгыча жаак эттери болбураган бир орто курак кыргыз аял кирип калды эле, апам өзү ошого ыктай калды:

- Аял төрөткөн үй кайда болот экен садагасы?

- Канчанчы роддом керек эле, апа?

- Канчанчысынын кереги жок садагасы, иши кылып эле «отдом» болсо болду.

Мен апамдын ушул жоругуна уялып кетип тескери карап калдым.

Жо, анткен менен апам ишке жараптыр деп койдум. Троллейбустан түшүп, бир топко нары-бери темселеп жүргөн соң, анан кайсыл бир төрөт үйүн таап алдык. Калың дубдун ичине жашынып, бир караган көзгө көрүнбөй турган эки кабат ак там экен.

- Бас, кир. Биз эмне ууру кылганы келдик беле! Эң чоң доктуруна барып айткын, ушинтип-ушинтип келдик дегин. Бере турган кыязданса мага жүгүрүп чыккын, уктуңбу?!

Ошентип айткан апам мени аркамдан күчтөй түртүп эшигине киргизип жиберди да өзү сыртта калды.

Оозгу бөлмө таптаза, буруксуган ачуу дары жыттанат. Каптал-каптал дубалдын беттеринин баарысына тең баш жүндөрү тал-талынан сербейген кызыл эт балдар, бел кырчоосуна чейин жылаңач турган аялдардын сүрөттөрү тагылып турган экен. Ошолорду капилет көрө сала менин эт-бетим дуу коюп, кулактарым ысып чыкты. Аңгыча коридордун мен турган тарабындагы жука фанер эшик үнсүз кылак эте түшүп, ичкериден бир жаш аял чыга жөнөдү. Шашып кетип алга бир аттадым да, ошол ак халатчан келиндин алдын тороп калдым:

- Айтыңызчы, силерде... ушул жерден бала береби?

- Эмне деген бала?! - Аялдын эриндери жыйрыла түшүп, көздөрү мага ынталуу үңүлүп калды. Ушул саат баскан учурда оозго бир сөз илине түшсө да жакшы экен. Аптыгып, шилекейим колкомо туруп калгансыйт. Эми бир эле секунд ушинтип кекечтенсем буту нары көздөй шилтенгени турат аялдын.

- Жо бала эмес, кыз, үч же эки жаштагы кыз болсо деле болот...

Алактаган мен эки сөөмөйүмдү кулагыма ие салып, чачыбы же мүйүзү бар деген сымалбы, айтор бир обу жок сүрөт жасап жибергенимди да туюп калдым өзүм.

- Аа, ким эле фамилиясы?

- Билбейм, эже, азырынча билбейм.

Ошондо келин бир кызык ич күйдү жылмайгансып келип, анан кайра өңү сур мостоё калды да шарт бурула тактайды оё-оё басып кетти. Ичим күйгөндөн ошол замат аялдын артынан кошо умтула:

- Эжеке, мен азыр эле келдим. Апам да тышта турат, ишенсеңиз. Бизге бала керек! — деп киркиреп жибердим.

- Кирбе, бул жакка! - деди ошол жерден ал чыканагын дегдектеп жүгүргөн менин көкүрөгүмө тосо калып. Олдоксон кетенчиктей түштүм. Ырас эле мен кирүүчү жай эмес экен ал жагы. Анан сестра экөөбүз эмнегедир эле элдеше түшкөнсүдүк. Кыязы ал түшүндү окшойт мага эмне керек экенин. Дагы бир аз сүйлөшүп турганыбыздан кийин ал:

- Андай болсо, жаш жигит, «дом малютка» деген болот, ошого баргын. Баланча көчөсүндө... - деди.

Жолдо бара жатып апам экөөбүз көп деле үн катышкан жокпуз. «Дом малюток» дегени дагы кандай мекеме болду экенин ойлонуп келе жатам өзүмчө. Жүрө-жүрө ага да жеттик. Көрсө, ал жеринде жалаң эле кызыл эт ымыркай балдар багылуучу жай тура. Андайды багышка алы-күчүбүз жетпесин айттык да апам экөөбүз ээрчишип кайра чыктык. «Бала табылбайт окшойт, үйгө кетеличи...» деп кыңкыстасам апам аны деле кулагына жуута турган эмес. Ошенткен сайын жылдызым такыр эле өчүп, үтүрөйгөндөн үтүрөйө бердим. Дом малютоктогулардын кеңеши боюнча эми тээ шаардын жогору башында туруучу балдар үйүнө барыш керек болду. Автобустан автобуска жетелешип жүгүрүп түшүп, кайра жөөлөшүп чыгып жүрүп айткан жерге жеткиче апамдын да карды ачып, ободой шайы биротоло ооп бүттү окшойт, эки аягы араң эле кыбырайт. Бирок анысына да карабай сөөгү оордогон тулкусун улам алга жүткүнтө таштап, эң эле үмүттүү басып келе жатты ал. Тушардан өйдө текши кыркылган майда чабыр талдарды кыркалай келатып улам кылчайсам, апамдын көздөрү тикчийип жанып, алдыдагы кызыл пайдубалдуу эки кабат үйдөн өтөт.

- Мына береги там го сыягы,- деди жакындап келгенде ал кубангандай. Мен башымды жерден албай арсар күңк этимиш болуп койдум. - Эми балам, бар, өзүң барып кел. Буттарым адеп жылбай калды, ох-хух. - Үйгө чукул келген жерде апам ошентип көк шиберге боюн таштап отура кетти болбой.

«Болуптур» деп дарбазадан акырын өттүм да короого кирдим. Карасам, короо эмес эле көз кайкыган тегиз спорт талаасы, акиташ төгүп жээктеген футболдук, баскетболдук, волейболдук аянтчалар тастаят. Тигинде-мында кызыл жагоо тагынып чуркап жүргөн тестиер тарткан кыздар-балдар. Арыда «С» түспөлүндө салынган үч кабат ак там турат.

- Бул кайсы мектеп, же балдар үйүбү? - деп тушума келе калган бир секелек кыздан сурадым шектенип.

- Балдар үйү.

- Кайсыл жеринде?..

- Тигил мектеп, а бул жатакана. Ким керек эле сизге?

- Директору же начальник...

- Жүрүңүз анда...

Ушул жерден да бизге бала табыла коёруна көзүм жетип-жетпей тикилдеген узун шыйрак кыздын артынан илкип келаттым эле, аңгыча арка жагымдан апамдын үнү угулуп калды:

- Тура тур, ошол жерге! Басып жүрүп уктаган сен кудай алкагыр оңчулуктуу сүйлөшпөйт көрүнөсүң. Мен өзүм барайынчы ушул үйдүн чоңуна.

Кыз бизди эки кабат ак үйдүн четки подъездине чейин алып барып, кара булгаары капталган эшикти көрсөтүп койду. Жолубуз болбосун мен мурда эле жоруп келе жаттым эле, ошо мен ойлогондой эле бул жерден да ишибиз оң чыкпады. Биринчиден, бул жай мектеп жашына келген тестиер кыз-балдардын үйү экен. Экинчиден, менин ал-абалым, директор айткандай «социалдык абалым» же болбосо - студенттигим, бойдоктугум, детдомдон бала алып тарбиялоого кенедей да жол бербейт имиш закондо.

- Ие кагылайын иним,- деп апам ышкыбоздоно көз айнекчен директорго обдула кетти ушул учурда. - Ушул саксайган неме,- дейт апам мени көрсөтүп,- бала бакчубу? Мен өзүм багам садага. Иштеген ишим жок, колу-жолум бошо.

- Жо сизге да туура келбейт законубуз, апаке, мына мындай да...- деген жеринен директор сөзүн бөлүп, нары бурч жактан шыңгыраган телефонду көздөй өтүп кетти эле, апам анын артынан жекире тиктеп өзүнчө күбүрөп кетти.

- Закун-закун эле дейт. Ал кандай караан калган закун эле. Бирөө таштап кеткен баланы бакпа деген да өкмөттүн закуну болчубу, э кудурет?!

Анан ал мен жакка шектүү эңкее берип:

- Бу көзүн тостойткон арбак ургурдун колунан жакшылык келер эмес - деп шыбырап койду, «Билбейм, аны өзүңөр чечишкиле» дегенсип мен апама сыртымды салдым.

Директор арыдан кайтып келгенден кийин апам катуу кетти окшойт:

- Закүндөшпөй эле бергин иним, садагасы. Мен талаадан басып келген бирөө эмесмин. Төрт баланы тотудай кылып багып чоңойткон кишимин мен дагы!..

- Тура туруңуз, апаке. Сиз өзүңүз пенсия жашындагы адам экенсиз, уулуңуз студент болсо, анан баланы кандай кылып баккан жүрөсүңөр? Ага да колдо турган оокат-кече болбосо, бала багыш, тарбиялаш деген өзү оңой эле жумуш эмес да.

Директор кайдадыр бир жагына шашып жатты окшойт, кагаз-карындаштарын үстөл үстүнөн иргелеп жыйнап, сөздөрүн чорт-чорт үзө баштады:

- Ушундай, апаке. Болбойт. Биз балдарды керек деген эле кишиге кармата бербейбиз. Анын көп-көптөгөн шарты болот өзүнчө.

- Кой иним, антпегин. Кары кишиге эрмеги эле канча баланын. - Эми апам ошентип көшөрмөйүн салмай болду эле директордун ачуусу келе чукчуңдап жиберди:

- А баса деңиз, эрмеги үчүн алмаксызбы баланы?! Бизде андай бирөөлөр эрмек кыла турган оюнчук жок!..

Болбогон жерден бул томпок көз айнекчен киши менен чатакташа кетпейли деп мен чочуган бойдон ордумдан тура калдым:

- Андай болсо кечириңиз бизди. Жүргүн апа, кетели, болбойт турбайбы...

Ошентсем апам бир аз кыжаалаттана далдырай түшүп, анан ызалуу көздөрүн тигиге кадаган бойдон эшикти булка түрттү да «ай иним, ай, жолуң болсун сенин!» деп оозун бүлкүлдөтө чыгып кетти. Анын артынан мен дагы жөнөмөкчү болдум эле, директор үн салып токтото:

- Сен, бала, апаңа түшүндүрүп койгун, уктуңбу? Детдомдогу балдарды жөн эле жарым-жартылай бүлөгө бере бербейбиз. Тартип ушундай. Анын үстүнө биздегилер мектеп жашына келген тестиер балдар, силерге туура келбейт. Эс кирип калган немелерди биринен бирин бөлбөөгө аракет кылабыз. Эгер андай зарыл болсоңор Сокулукка бир барып көргүлөчү, мектеп жашына чейинки наристе балдардын үйү ошол жерде. Балким алардын тартиби башкадыр...

Үйгө кайтып келе жатканыбызда апам жаңкы директор жигитти аябай көргө-жерге сала тилдеп жүрүп олтурду. «Бирөөгө жарты кашык ырысы артпаган купкуу неме турбайбы!». «Закүнгө колу жеткенсип тырышкан неме турбайбы!» дейби, айтор айтпаганы калбай жаны жаман ачыды. Мен го сыртымдан шылкыйымыш болгон менен бир чети бала табылбай калганына ичимден кымылдап, экинчиден, демек «ымыркайлардын, анан наристе, тестиер балдардын үйү» кылып үчкө бөлүп коёт турбайбы» деген ойлор менен турмуштун дагы бир укмуштуу жагдайын жаңы түшүнгөнүмө таңыркап келе жатам. «Көрбөйсүңбү, адамдардын айласын! Азган-тозгон аялдардын балдарын чогултуп алып, минтип бөпөлөп багып олтурганын. Айтмакчы, карылардын да ушул өңдөнгөн өз үйү болсо керек эле. Ошону менен, турмушта жаза тайган ар адамдын башына эсеп кылганда, белен аш, бекер оокат менен төрт үй даяр экен да. Деги укмушуң куру деп койсо боло бу биздин элди!..»

Үйгө жеткенден кийин апам жаде муңканып отуруп албаспы. Бала асырап, ошонун жыты-деми менен кайтып бараткан өмүр күнүн көктөмдөп, жалгыздыгын унут кылып жүрүүгө ушунчалык дегдеген окшойт, байкуш апам бат эле шапая түштү. Анын ушул кебетесин көрүп туруп мен бир айла кыла аламбы деген жандалбас менен, өз башыма кокуй ишти түшөрүн унутуп коюп эле, бизге ылайык наристе балдардын үйү Сокулукта экендигин айта салганым. Ошондо каштары өйдө серпиле берип, мага ишене бербегендей бир паска тунжурап калган болчу апам. Көрсө, мен дардес ошондо тилимден жаңылган экем.

... Ар дем алыш сайын Сокулукка куру жалак барып келе берип мына эми жилигим үзүлчүдөй. Апам болсо бутумдун эски оорусу кармады деп алыс арага жылбай калды кийинки күндөрү. Бирок ар жума сайын үйгө тургузбай мени айдайт. Качан келсем да Сокулуктагы балдар үйүнүн башчысын таппайм же, эшигин сагаалап бир топ жүрөм да кайра тарта берем. Бирөөлөрдөн сурайын десем да тегеректе жүргөндөр жалаң эле шарактаган жаш кыздар. Алардан сураган менен тийишип жаткандай көрүп, оң жооп беришпеси бештен белгилүү мага. Андайдын о нечен-неченин баштан өткөрдүм го...

Эстеп көрсөм ошол элүү чакырым жерге колоктоп курулай барып келе берип, бери алганда эле отуз сомдой акчам кеткен көрүнөт. Бирок кеп андан деле эмес го, чын жери абдан убара болдум.

Мына ушул сапар да мен үйдөн түйтөйүп урушуп алып, аргасыз сабагымды да таштап, бейшемби күнү кайрадан Сокулукка чыктым. Эпадам, үй башчысын дагы күтүп калсам кармалап отурайын дегендей Яндын «Чынгысхан» деген бир тутам болгон сары тыш китебин колтуктап алдым бу сапар. Барсам үй башчысынын кабинети ачык, бирок өзү баягыдай эле жер жуткансып жок. Бөлмөдө болгону эки ак халатчан кыз – бирөө стулга оң тизесин коюп алып ойсолоңдоп, телефондо сүйлөшүп турат. Экинчиси – мен келген сайын эле көрүп жүрчүмүн, көздөрү жадырап, күн караманын гүлүндөй тегерете жайнап ачылган өңү сары кыз. Түспөлүнө караганда жоош-жолпу неме тымызын карап өтөр эле мени. Бу жолу да директор жок болгон соң деп жымырыла кайра чыктым да көнгөн бурчума барып туруп калдым. Аңгыча ошол, жанагы бакыраң көз сары кыз аркамдан чыга келди:

- Сизге ким керек эле?

- Директор же заведующий.

Заведующий отпускада. Ой кызык, канча жолу келип жүрөсүз, сураш керек эле да керек кишини. Кандай жумушуңуз бар эле анда?

Алды менен кыздын бул сөзүнө жооп кылгым келген жок. Анын үстүнө китебимди талп эткизе түшүрүп жиберип жүдөп да калдым өзүм. Ошентсе да бул кызга жай-маанимди айтсам болот ко дегенчелик ой кеткен болчу ниетиме. Шылдыңдап күлө койбос. Курагы мендей эле көрүнөт, бирок жүргөн-турганы токтоо...

Ошентип бир азга өзүмчө буйдаланып турган соң, башымды көтөрүп кызды карасам, көздөрү кылгыра жаздап, деги бир башкача күлүңдөп жанып, дагы эле кетпей турган экен.

- Кечириң, мен жөн эле... Апама кыз издеп жүрөм, заведующийиңер керек эле. Ошол...

Анан кысылганымды билгизейин дегенчелик боюмду түзөп, үнүмдү жасаган болуп койдум. Ошентсем кыздын ак саргыл жүзү дуу этип нурдана түштү да бураң эте белин толгой эшикке кирип жок болду. Мен жерге түшкөн китебимди жаңы эле колума алып ымтыраган кебетемди оңдоп-түзөгөнчөктү арада эшик кайрадан шарк этти.

- Мында башчынын орун басары отурат. Кирип, сурооңузду айтсаңыз болот.

Сары кыз чыга келип ошенткенде деги бир мурда өзүм туюп көрбөгөндөй жылып кеттим. Калп эмес, буга чейин дегеле кыз аттууга антип ылымы түшүп көргөн эмес элем. Өзүмчө эле кызык болуп кеткен болуп тура бериптирмин. Анан бетимдин албырганын суута албай эле, ошол бойдон кабинетке кирип бардым. Көрсө, жанагы телефондон шыңкылдашкан жаш эле кыз баш- каруучунун орун басары тура. Ал азыр телефонду таш- тап, төркү столдо кадимкидей салабаттуу отуруп калыптыр. Жаздагы чөкө чымчыктыкындай болгон төптөгөрөк жашыл көздөрү кабынан чыга калчудай негедир өтө бат-бат кыбыңдайт.

«Мейли,- дедим өз оюмда,- анын көзүндө менин кандай ишим бар эле...»

- Апама кыз издеп жүрөм – деп, анан дагы бир-эки ооз уламалап өтүнүчүмдү айттым ага.

- Кандай кыз керек эле?

- Баары бир. Иши кылып эле эки жашта болсо болду.

- Он тогузда болсочу?

- Жо, жарабайт.

- Көзү кандайы керек?

- И баса, көзү кара болсун!

Апамдын айтканын такыр унутуп койгон экемин, ушуну тиги өзү эстеткенде ыраазы боло түштүм ичимде. Аңгыча арка тушумда унчукпай турган жаңкы сары кыз акырын жыла сыртка чыгып кеткенин чалып калдым...

- Аялыңыз, эмне төрөбөйбү? - деди орун басар кыз кайрадан көздөрүн кыбыңдата.

- Жок.

- Эмне үчүн? Аа, оорулуу го?..

- Жок. Аялым жок.

- Анда үйлөнбөйсүзбү?..

Кыздын бул суроосу кыжырыма тие түштү чын айтайын. «Үйлөнөмбү, коёмбу, анын кандай жумушу бар эле?! Көрсөң деле, өзү жапжаш, бешиктен бели чыга элек жатып, анан бирөөнү тергеп-тескегенин!..»

Мен ачуум келгенинен ага эмне деп жооп айтаарымды биле албай, дароо акылыма сала албай жер тиктеп отура бердим. Ошол арада бөлмөнүн жука фанер каалгасы снаряд тийгендей жулуна кетип, топураган жоон топ кыздар кабинетке кирип келгени. Жүрөгүм бир жамандыкты сезе койдубу, айтор манжаларымдын учтары билинер-билинбес титирей түшүп, чачтарымдын түбү заарканта кычышып кетти. Башымды көтөрөйүн деп ошол замат кайта айныдым. Кыязы ошондо шар суунун илебиндей бирин-бири кубалаша кирип келген тең курдай шайдоот кыздар мени жабыла тегеректеп, асмандан түшө калган метеоритти карагансышып жатышты окшойт.

- Вай, апасына кыз издеп жүргөн ушул немеби!? Калп анысы. Кыздар, ишенбегиле буга! Бул неме колукту издеп жүргөн митайым!

Кыздардын бирөө ошентип жар сала баштаганда эле ордумдан ыргып тура эшикти көздөй бой урдум. Каалганын дал оозунда баягы сары кыз ишке жарагансып кыткылыктап күлүп туруптур. Өрттөн качкан сымал эшикти көздөй далбас урган менин жолумду тосо колун сунат ал. Ушунда менин жүрөгүмө тыз этип бир нерсе сайыла түшкөндөй болду: «Кантсе да бул топтошкон албарстыларды мына бул сары кыз ээрчитип келбедиби. Мен ага ылым санап ичимдегини айтып берсем, кылганы ушул тура!..»

- Макоо! - дедим мен сары кызга жүз тиреше калып. Анан жолумду торой сунган колун шап билектен апчыдым. Колун силкип таштаганчакты болбой кыздын жүзү бир укмуштай бозоро түшкөнү ошондо... Билбейм, эмнеге ошончолук болуп кетти, а билеги шалдырап алсыз, ысык болчу. Бир заматта кыздардын шарактаган күлкүлөрү кан буугандай тып боло калды. Баары тең сестее калышты, мен азыр бу кыздын колун силкип таштаарымды күтүшкөндөй.

- Сизге ишенсе... - дедим мен эмнегедир үнүм дирилдеп. Ошенттим да чыгып кеттим. Кыздын алсыз колу колумду кошо ээрчигенсип, сунулуп келип, анан калып калды окшойт.

Короодон узай бергенимде топ кыздардын кайрадан ызылдап күлгөн үндөрү кулагыма угулуп жатты. «Булардын кылаары ушул. Саксайган оңбогурлар, дагы тарбиячылар имиш!»

Шаарга кетер автобустун токтоочу жерине келгенимде да муунумду кармай албай бирде орус, бирде англис тилинде сөгүнүп тура бердим.

- Жалынып-жалбарсам да болбой койду, балдар үйүнүн башчысы жаман мерез аял экен. Экинчи ал жагына басып барбайм! - деп мен ал күнү үйгө келгенимде апамды аябай ишендиргем. Ошентип «кыз издөө» маселесине биротоло чекит койдум да, экинчи Сокулук тарапка кадам шилтебеске шерт кылдым өзүмчө. Сөз ушуну менен бүттү. Апам да саргая-саргая жүрүп акыры тынчыды окшойт. Деги ырас болду.

Оңбогондой бул жоруктан кутулган соң мен башотум менен бүтүндөй окууга чөмүлүп, эч нерсени ойлобой, мээ чириткен англичан сөздөрүн жаттап жүрө бердим. Жөн күндөр да, дем алыш күндөр да жик билгизбей чубап өтүп кетип жатты.

Экинчи семестр бүтүп каникулга да тараганбыз. Кылар иш, салар кушу жок мен күндө эки жолу киного же концертке барам. Кыскасы өзүмдү-өзүм алаксытып, кийинки күндөрү утур-утур эле тык этип ойго түшө берчү болгон бир балакет элестен кутулсам дейм. Болбойт. Акыры жүдөп бүттүм. Апамды карасам ал да чүнчүп шапайып, жашоо-тирдикке, дегеле бул жарыкчылыкка кумары жоктой суз. Аны карап отурган менин да кез-кез жарбырым кетчү болду. Апам байкушка бир бөбөк таап бере албай, көрүнгөнгө күлкү болгонум да ойдон кетпейт. Бирок бул эле эмес, мени азыр башкача, мурда өзүм туюп көрбөгөндөй түпөйүл сезим кыйнай турган болуп алды. Ошол көкүрөктү өрттөгөн укмуш нерсе күн өткөн сайын бүтүндөй эс-акылымды алагды кылып, бир орунга беш мүнөт жай олтургузчу өңдөнбөйт. Өзүмчө эле ээликкенсийм, кез-кези басып-турган кыймылды өзүм сезбей, кандайда кайра туруп шал болгондой боюмду таштап» а кандайча ичтеги толгон-токой ойлорум бир тутамга чогулуп, буралып келип көкүрөктү жара тээп кетчүдөй анан кайрадан туруп эле көңүлүм алда немеге жылуу магдырап, өзүмчө эле эсим оойт.

Акыры бир күнү чыдай албай кеттим. Оборум бир ачуу нерсени эңсеп, каным буулуп туруп алганына парктагы кафеге бардык да, алты кыр жайма стаканга толтура винодон куйдуруп туруп жутуп алдым. Өмүрүмдө мен жасаган ыплас иштеримдин эң чокусу ушул бир стакан вино болду окшойт. Өзүм жалгыз бардым, кадимки аракечтерче көздү сүзүп кебелбей ары бастым да, чоң стаканды тикеме-тике шимирген соң туздан чымчып тил учума себелеп койдум. «Эмне болсоң ошо бол!..»

Кафеден бат эле кайра чыктым анда. Анан үйдү көздөй бир аз жүргөн соң ичим ысып кетти да, жилик-сөөктөрүм тарамыштарынан бошоп ажырай бергенсип, акыры буттарым биротоло шалдырап жүрбөй калды. Ошондо мен эл көзүнөн буйтап, парктын караңгы жагын көздөй салдым. Кайсы бир отургучка сенделип жетер менен бүк түштүм да, жеңимди бекем тиштеген бойдон үн чыгарбай ыйлап жибергенимди билем. Баягы кызды, Сокулуктагы сары кызды аябай сагынганымды, анын ысык, дармансыз билегин, жазгы асмандай жумшак жадыраган көздөрүн сагынганымды туюп ыйлай бердим.

Ушунча күн ал бир көргөн кереметтей кыздан өзүмдү-өзүм ала качып, аны эстегенден коркуп, акмакты алдагандай өзүмдү-өзүм ушул күнгө чейин алдап жүргөнүмдү эстегенде көңүлүм ого бетер боздоп жатты. Билбейм, анда көбүнесе мастыктан ошенттимби, айтор көкүрөгүм өрөпкүп, көз жашым дембе-дем төгүлүп далайга токтободу. О бир кезде кысылган демим жеңилдеп, көкүрөгүм саал жүгүнөн бошогон сыяктуу. Бүткөн боюм да бир эсе сергип, сууп калгандай. Кандайдыр деним тазара түшкөндөймүн...

Эртеси дене боюм ооруксуп, жанчылып, күн жогору келгенчекти турбай жаттым төшөктөн. Көп ойлорду ойлодум, көп нерсенин жаман-жакшысына көңүл иргеп, бирде туюкка камалгандай, анан кайтып ал туюктан жол таап чыгып кетип жаткандаймын. Бир паска көңүл жаркырап, ниеттерим, кыялдарым алда немеге умтула калып, жанчылган боюмду көтөргөндөй...

Бир оокумда күн шашкеге көтөрүлүп калган экен, ордумдан ыргып туруп, ак нейлон көйнөгүмдү, кара костюмумду кие сала көчөгө жүгүрүп чыктым.

... Эми түндүн ортосу. Мен Сокулуктан кайтып келе жатамын. Цемент тарткан оор машина менен жанымдагы тунжурап жол тиктеген алибет жүздүү шофёр экөө гана менин канат бүтүп уча каччудай акактаган жүрөгүмдү токтоткон сымал. Фаралардан жанып чыккан сүмбөдөй эки кош шооланын өйдө-төмөн экчелеп калкылдашы түшүмдөгү ак жолдой узак-узак сабалайт. Мен ошол түндү жарган ак жарыкты кучактай алып, машинадан озо алда кайда чуркап жүргөндөймүн. Өзүмчө эле алоолонуп, жылдыздуу көк асмандын астын-үстүн аңтара кыйкырчудай дем чогултуп келе жатам.

Бирок кандай кылам, канткенде: «О апаке, менин жаркын апакем! Бала деп муңайбагын, токтогун. Уулуңдун айта турган сөзүн тыңша, кабарын ук апаке, ак батаңды багышта! Мен эми башыма баш кошоюн, биздин ээн үй жазгы куштун тууру болсун жакында. Адамдар жашап турган ич-арада артык баш наристелер болбойт тура. Ар кимдин өз кулуну-детдомдун да өз баласы өзүнө артык. Эми биз, бербес жерден бөбөк сурап чаалыкпайлы, апаке... Сенин да балаңдын баласына сактап жыйган эне мээримиң толуп ашсын, төгүлсүн, карт өмүрүң, көктөмдөсүн!» деп канткенде кыйкыра алам.

Башынан эле эне-бала ачык-айрым сүйлөшүп үйрөнбөсө ушундай кыжалат тура. Кана эми, кимге чуркап кубанчымды жар салам, тилегимди ким апама жеткизет? Же балким окурмандар менин ушул ишиме жардам этээр бекен деген үмүт...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз