Стефан Цвейг: Түштүк уюл үчүн күрөш

  • 25.10.2021
  • 3336

Адамзат тарыхындагы олуттуу бурулуштар” түрмөгүнөн: Тарыхый көз ирмемдер

(Капитан Скотт 90 кеңдик 16-январь 1912-ж.)

НОВЕЛЛА

ЖЕР ҮЧҮН КҮРӨШ

Жыйырманчы кылым – сыры ачыла элек, адам буту баса элек бөлүгү түгөнүп бараткан жер шарын тиктейт. Бардык өлкөлөр изилденди, эң алыскы деңиздерде кемелер кыйма-чийме. Кечээ эле белгисиздиктин жыргалында, эркиндиктен ыракат алган облустар, азыр Европанын муктаждыгына кул катары кызмат өтөп жатат; узак жылдар табылбаган Нил дарыясынын башатын пароходдор жиреп, европалыктарга жарым эле кылым мурда белгилүү Виктория шаркыратмасы моюн сунуп эле электр энергиясын иштеп чыгууда: акыркы жунгли - Амазонканын токойлору кыйылып, жалгыз белгисиз болуп келген өлкө – Тибеттин бел боосу чечилди.

Эски карталардагы, глобустардагы “Terra incognita” деген сөздөр билимдүү адамдардын жазгандары менен алмашылды. Жыйырманчы кылымдын адамдары өздөрүнүн планетасын билет. Бардыгын билгиси келген адамды акылы жетелеп, деңиз тереңиндеги шумдуктуу жаныбарларга түшүрүп, чексиз асманга көтөрүүдө. Адам жете элек асман жолдору калды эле, бирок анда да бири бирин кубалап, улам бийиктикке, улам алыстыкка умтулуп темир куштар учуп жүрөт, жердеги бүйүр кызыткан, белгисиз болуп келген сырдуу “аралчалар” жоголо баштады.

Ошентсе да жер эне жыртылып тытмаланган, кыйналган денесиндеги эки кичинекей жерин өзү жараткан адамдын ач көздөрүнө ыраа көрбөгөндөй жаап, биздин кылымга чейин калкалап турду. Түндүк жана Түштүк уюлдар бары-жогу билинбеген, дээрлик сезилбеген эки чекит, миңдеген жылдар бою өзү айланган огунун учу менен башын эч кимге тийгизбей, суук колго карматпай сактады. Өзүнүн акыркы сырын очойгон зор муздар менен жаап, адамдардын суук колдорунан коргоп, кайтарганга түбөлүк кышты жаратты. Суук, бороон бийлеп эшигин тосуп, барууга бел байлагандарды өлүм коркунучу менен жүрөк үшүн алып кубалайт. Күн гана ушул жерге анда-санда көз кырын салат, адамга уруксат берилген эмес.

Ондогон жылдар бир экспедиция экинчисине алмашып жатты. Бири да көздөгөн жерине жеткен жок. Кайдадыр бир жерде, жаңы эле ачылган хрусталдай муз табытта, аба шарында уюлдун үстүнөн учкусу келип кайтпай калган, кайраттуулардын кайраттуусу, швед инженери Андренин сөөгү отуз үч жылдан бери жатат. Бардык аракеттер жалтылдаган муз дубалдарга барып талкаланат. Миңдеген жылдар, мына бүгүнкүгө чейин ушул жер өз жүзүн жашырып, адамдардын каардуу чабуулдарынын мизин акырына чейин майтарып, кызыккан суук көздөрдөн тунук сырын сактап келди.

Бирок жаш, жыйырманчы кылым чыдамы кетип колун ушалап турат. Ал лабораторияларда жаңы курал жасады, жаңы каражаттарды ойлоп тапты, каршылык кылуу аны ого бетер күчөттү. Ал бардыгын билгиси келет, биринчи он жылында эле миң жылдар бою умтулуп, бирок жетпей келген бийиктиктерди багынтсам дейт. Айрым тайманбас каарман адамдарга улуттардын эрегишүүсү да кошулду. Алар уюл үчүн эле эмес, ошол жаңы ачылган жерге биринчи болуп сайылуучу улуттун желеги үчүн эрегишет; бири биринен озуп өтүү сезими курчуткан бардык элдердин, уруулардын крестик жүрүшү башталат. Бардык материктерде экспедициялар жабдылып жатат. Адамзат чыдамы кетип күтүүдө: планетадагы акыркы белгисиз жер үчүн күрөш жүрүүдө. Америкадан Түндүк уюлга Кук жана Пири жөнөдү; түштүкө эки кеме багыт алды: бирөөнү норвег Амундсен, экинчисин англис капитан Скотт жетектейт.

СКОТТ

Скотт – англия флотунун капитаны, көптүн бири; өмүр таржымалы кызматтык жетишкендиктеринин тизмесине дал келет. Өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, жетекчилеринин мактоосуна татыган, Шеклтондун экспедициясына катышкан. Эрдиги, адаттан тыш баатырдыгы деле байкалган эмес. Фотосүрөтүнө караганда өң-келбети миңдеген, он миңдеген англистердин өңүндөй эле. Ички энергия камтылып турган, мисирейип менменсинген, күчтүү эрк бар, мерез өң. Көздөрү бозомук тартып, эриндери бекем кымтылган. Бул өңдө романтиканын, жеңил шайкелеңдиктин изи да жок, темирдей эрк жана акыл-эс билинип турат. Кол жазмасы – кадимки эле англистердин жазганындай тамгаларды бүдөмүктөнтпөй, кооздобой, даана жазган. Сөздөрү так, ачык, ашык маани жок, аскер адамдарынын рапортундай. Скотт англисче Тацит[1] латынча жазгандай жазат – сомдолбогон салмактуу сөздөр. Бардык жагынан жөн нерсеге азгырылбаган, жасап жаткан ишине өтө берилген, башкача айтканда, өзүнүн көпчүлүк улутташтарындай эле, гениалдуулукту да аткарган милдетинин алкагына батырган -  нагыз англис байкалып турат. Англис тарыхы мындай жүздөгөн Скотторду билет: ал Индияны жана Архипелагдагы белгисиз аралдарды багынткан, ал Африканы колонияга айланткан, дүйнөнүн бардык жерлеринде мисирейген, менменсиген өң менен, темирдей энергия менен милдеттин чегинде согуш жүргүзгөн.

Анын эрки болоттой бекем экендиги эрдик көрсөткөнгө чейин эле билинди. Скотт Шеклтон[2] баштаган иштин аягына чыгууну ойлойт. Экспедиция жабдып, бирок каражат жетишпейт. Ага караган жок. Ийгилик болот деген ишеним менен, байлыктарын садага чаап карызга батты. Аялы уул төрөп берди, бирок ал Гекторго окшоп өзүнүн Андромахасын эч күрмөлбөй таштап кетти. Достор жана жолдоштор табылды, эми анын эркин эч нерсе майтара албайт. Аны Түштүк муз океанынын четине жеткирүүчү Нойдун ковчегиндей, ар кандай макулуктарга, китептер, миңдеген морт аспаптарга толгон кеме “Terra Nova” аталат. Себеби ушул адам жашабаган ээн дүйнөгө адам жашоосуна жана рухий талаптарына керектүү бардык нерселерди ала барыш керек, ошондуктан кемеде жашоого керектелүүчү зарыл буюмдар – жылуу тон, аң терилери, тирүү мал – илимдин акыркы жетишкендиктери болгон кымбат, назик шаймандар менен айкалыша жабдылды. Кеме сыяктуу ушул иш чарада да эки кырдуулук байкалат: бири - укмуштуу окуяларды көздөсө, экинчиси - бардыгы ойлонулуп таразаланган коммерциялык бүтүмгө окшош; биринде кайраттуулук негиз болсо, экинчи жагында бардык кокустуктун алдын алып ар бир аракетин аяр иштөөгө болгон сактык бар.

1910-жылы 1-июнда экспедиция Англиядан чыкты. Жай мезгили, англосакс аралы кулпуруп турган чагы. Шалбаалар жапжашыл болуп күн мээримин чачып, туманга чулганбаган ачык дүйнө. Кемедегилер үлпүлдөп бараткан жээкти муңайым тиктешет, түшүнүп турушат, жылуулук, күн табы менен жылдар бою, балким, түбөлүккө коштошуп аткандыр. Мачтанын учунда англис желеги желбирейт, алар ошого канагаттанышат, өлкөсүнүн белгиси аларга кошулуп Жердин жалгыз багындырыла элек бөлүгүнө барышат.

АНТАРКТИКА УНИВЕРСИТЕТИ

Жаңы Зеландияда кыска мөөнөткө эс алгандан кийин, январь айында түбөлүк муз каптаган жер четине жетип кыштаганга жыгачтан үй курушту. Декабрь-январь ал жакта жай болуп эсептелет, ушул айларда гана түнөргөн асманда бир нече саатка күн кылтыйат. Үйдүн дубалдары мурдагы экспедициялардыкындай эле жыгачтан тургузулду, бирок үй ичинин жасалгасында жаңы доордун таасири, жаңы доордун жетишкендиктери билинип турат. Мурда кыштагандар караңылыкта, түтөгөн, сасыган ворвань[3] чырак менен түбөлүк түндөн тажап, бири бирин зериге тиктеп олтурушса, жыйырманчы кылымдын адамдары өздөрүнүн төрт дубалынын ичинде, кичинекей болсо да жетишерлик дүйнөсү, илимдин алдынкы жетишкендиктеринин буюмдары бар. Ацетилен чырактары жаркыраган жарык берет, киноаппарат жомоктогудай, алыскы өлкөлөрдүн пейзажын, тропикалык жаратылышты чагылдырат, пианола музыканы, громмофон – адам үнүн, китепкана билим тартуулайт. Бир бөлмөдө чыкылдап машинка басылып, башка караңы бөлмөдө - тартылган түстүү фотографияны чыгарып жатышат. Геолог минералдардын радиоактивдүүлүгүн текшерип, зоолог кармалган пингвиндерден мителердин жаңы түрүн таап чыкты, метеорологиялык байкоолор физикалык тажрыйбалар менен уланды. Караңгы айларга карата экспедициянын бардык мүчөлөрүнө иш тапшырылган, эмне кыларын билбей зериккен адам жок, акыл менен уюшулган иштин натыйжасында ар биринин иши боюнча бардыгы маалымат алып жатты. Ушул түштүк уюлдун суугунда, калың муз үстүндө отуз адамдын ар бири кечкисин бардыгы үчүн университеттик деңгээлдеги лекцияларды окушат, ар бири өз билгенин башкаларга да үйрөткүсү келет, кызуу талкуулар уюшулуп, натыйжада, ар биринин дүйнө таануу боюнча аң-сезими өсөт. Тар адистиктер боюнча илим өкүлдөрү бой көтөрүп, кекирейип калбай алдыга жылууда бардыгы чогу болгонду көздөп, өз адистиги боюнча түшүнүк беришет. Ушул учу кыйыры билинбеген, мезгили, турган орду да сезилбеген  жапайы дүйнөдө адашып калган отуз адам, бири бирине жыйырманчы кылымдын акыркы жетишкендиктерин тааныштырышат, ушул жерде, ушул төрт дубал ичиндеги адамдар дүйнөнүн кыймылынан бир саатка да, бир секундага да артта калган жок. Катаал, окумуштуу адамдардын жаңы жылга жасалгаланган ёлкага жаш баладай кубанганына, өздөрү чыгарган “South Pol Times[4]” юмордук баракчадагы бири бирине жазган тамашаларына суктанып, окуп атып жүрөгүң жылыйт, болор болбос эле нерселер – деңизден киттин көрүнө калганы, аттын мүдүрүлүп кеткени – окуяга айланып, а чоң окуялар караңгы асмандагы уюлдук жарыкка чагылышып, сөөктөн өткөн суук, жанга баткан ээндик – күнүмдүк, адаттагы окуя сыяктуу.

Ошол эле убакытта алар негизги ишти аз-аздан баштаганга да бел байлашат. Аэрочананы сынап, лыжада жүрүүнү үйрөнүшөт, иттерди үйрөтүшөт. Алдыдагы чоң сапар үчүн даярданышып, бирок календардын барактары жай, өтө эле жай айрылып жаткандай, тоодой муздарды аралап үйдөн кат алып келүүчү кемени күткөн жай мезгилине чейин (декабрга чейин) дагы көп бар. Ошентсе да чатырларын сынап, байкоо жүргүзүп, ушул кыштын кычыраган мезгилинде көнүгүш үчүн кыска аралыкка чыгып жатышат. Бардыгы эле ойдогудай болгон жери жок, бирок ойдогудай болбой калган аракеттер аларды ого бетер курчутат. Чарчап, үшүп-тоңуп, кайрадан турган жерине кайтканда аларды жылуу очокто кубанып, сүрөө менен тосуп алышат, бир нече күндүк кыйналуудан кийин ушул жетимиш жетинчи кеңдиктеги кепе, дүйнөдөгү эң сонун ак сарайдай сезилет.

Бул жолу батыштан кайткан экспедициянын маалыматын угуп, бардыгы унчукпай тунжурашты. Алар өз сапар жолунда Амундсендин кыштаган жерине жолуккан экен. Скотт кокустуктар, сууктан башка да ушул тажаалданган жерге биринчи жетип биринчиликти жулуп кетүүчү каршылашкан тарап барын түшүндү. Картаны карап салыштырды; жазганында чочулоо бар, Амундсен аларга караганда уюлга жүз он километр жакын жайгашыптыр. Бушайман болду, бирок кайратын жоготкон жок. “Ата-мекен үчүн алга!” – деп жазат ал өз күндөлүгүндө.

Күндөлүктө Амундсен тууралуу башка жазуу жок. Бирок муз үстүндөгү жалгыз жыгач үйдү ошол күндөн баштап кооптонуу сезими курчап, Амундсендин аты түшүндө да, өңүндө да тынчтык бербей, саат сайын сайгылап тынчын алып турганы анык.

УЮЛГА САПАР

Үйдөн бир миля аралыкта дөңсөө жерде байкоо посту жайгашкан. Айдөш дөбөдө душманга каршы коюлган жалгыз замбиректей болуп, жакында пайда болуучу күндүн алгачкы табын өлчөөчү аппарат жайгашкан. Эртең мененки асманда жарык шооласы кубулушуп чагылышканы менен күн көрүнө элек,  жылуулуктун белгисин күнү кечке күтүп жатышат. Бул чагылышкан шоола - көптөн күттүргөн күндүн кабарчысы, адамдардын чыдамын кетирип, анан эле бир күнү байкоо постундагылар күн көрүнгөнүн телефондон айтышты, уюлдук түн каптаган караңгылыкта, көп айлардан соң  күн көзүн ачты. Анын жарыгы абдан эле алсыз, бозомук, нурлары аяздуу абаны билинер билинбес жылытымыш болот, өлчөөчү шаймандардын жебелери билинер-билинбес жылгандай, бирок күндүн көрүнүп калганы эле – өлчөөсүз бакыт. Жаз, жай, күздү да камтыган менен абдан кыска жарык мезгилдин - биздин түшүнүгүбүздө кычыраган эле кыш бир да мүнөтүн текке кетирбеш үчүн шашылыш экспедиция уюшула баштады. Эң биринчи аэрочаналар, соңунан иттерге жана сибирдик аттарга чегилген нарталар барат. Жол этаптарга бөлүнгөн; ар бир эки күндүк жүрүштөн кийин кампалар курулуп, анда кайра тартканда керектелүүчү кийим-кече, тамак-аш, эң негизгиси, сууктун ызгаарынан коргоочу жылуулукту камсыз кылганга керосин камдалып жатты. Алар сапарга чогу чыгышты, а кайра кайтканда, өз-өзүнчө топ болуп, кезектешип кайтышмакчы. Мунун бардыгы эң акыркы топко – уюлду багындырар тандалма, чакан топко кайра кайтканда камдалган оокат көбүрөк калсын, күчтүү иттер, жакшы нарталар калсын дегендик. Сапардын планы абдан тыкыр иштелип чыккан, ал эмес оңунан чыкпай калууда эмне кылуу керектиги да ойлонушулган. Ошондуктан планда ката жок. Эки күндөн кийин аэрочаналар иштен чыкты, аларды жүк кылбай таштап салышты. Аттар да үмүттү актаган жок, антсе да тирүү жандык техникага караганда артык экендиги далилденди, баспай калган аттарды атып, этин иттерге азык кылышты.

1911-жылдын 1-ноябрында экспедиция отряддарга бөлүндү. Ушул  кербендин сүрөтү бар: биринчи отуз жолоочу, андан кийин жыйырма, он, эң акырында бешөө - аппак, тунжураган жансыз мейкиндикте баратышат. Алдында дайыма жапайыга окшогон бир эле адам, оронгон терилерден жана жоолуктардан сакалы менен эле көзү көрүнөт; тери колгап кийген колдорунда оор чананы сүйрөгөн ат тизгини; андан кийин – экинчиси ошондой эле кийимчен, турпаты да окшош, андан соң үчүнчүсү, жыйырма кара чекит болуп, учу-кыйыры билинбеген көз уялткан аппак дүйнөдө баратышат. Түнкүсүн чатырларга жашынып, аттарды шамалдан коргогонго кардан дубалча курушат, таң менен адамдын өпкөсүнө миңдеген жылдардан бери биринчи жолу кирип аткан муздай ава менен дем алып, кайрадан кечээкиден айырмасы жок, тажатма жолго чыгышат.

Кыйынчылыктар көбөйдү. Күн бүркөк, болжогон кырк километрдин ордуна, кээде отуз километрди араң басып өтүшөт, а ар бир күн кымат, анткени ушул жансыз аппак мейкиндикте аларга көрүнбөгөн дагы бирөөлөр ушулардыкындай эле максат менен баратканын билишет. Кенедей эле кырсык чочутат. Иттин качып кеткени, аттын жем жебей койгону – ушунун бардыгы коркунуч туудурат, себеби ушул ээндикте демейдеги эле баалуулуктар башкача, жаңы мааниде сезилет. Адам өмүрүн сактап калууга өбөлгө түзүүчү бардык нерселер наркы жок кымбат. Бир эле аттын туягынын абалы, балким, келечек атак-даңкка таасир этер. Булут чулгаган асман, аяздуу бороон - өлбөс-өчпөс эрдикке бут тосот. Андан да адамдардын ден соолугу начардап барат; бирөөнүн кардан көзү уялып көрбөй калды, дагы бирөө колун же бутун үшүккө алдырып ийди, жеми азайган аттар күндөн күнгө арып, Бирдмор глетчери[5] көрүнүп калганда такыр баспай калышты. Эки жылдан бери ушул алыстыкта жаны бирге, сылап сыйпап эркелетип жүргөн жаныбарларды өлтүргөнгө жүрөк даабайт, бирок айла жок. Ошол күйүттүү жер “Курмандык лагери” аталып калды. Экспедициянын бир бөлүгү артка кайтты, калганы уюлду кемер сыяктуу курчаган, адамдын жалындаган эрки гана жеңе алуучу муз кыркаларынан ашып өтүш үчүн күчтөрүн жыйнап, кыйынчылык менен алдыга жылышты.

Жүрүш кыйын. Муз тегиз эмес, бычактай курч оркойгон учтары нартанын алдын тилип сүйрөтпөйт, көтөрүп жүрүш керек. Муз болуп катыган кардан буттар жабыр тартты. Бирок алар багынбайт: 30-декабрда Шеклтон жеткен акыркы чек - сексен жетинчи градустагы кеңдикке жетишти. Ушул жерден акыркы отряд артка кайтыш керек, тандалган беш адам гана уюлга карай сапарын улантат. Скотт өзү менен баруучу беш адамды тандады. Ушунча келип, эми жакын калганда уюлга биринчи жеткен адамдын даңкын жолдошуна берип коюш оор эле, бирок эч ким каршы айтканга дааган жок. Чечим чыкты. Дагы бир жолу кол кысышып, кабатыр болгондорун жашырып, эки тарапка ажырап кетишти. Эки кичинекей, араң эле байкалган отряд жөнөй беришти – бири түштүккө, белгисиздикке карата, экинчиси түндүкө, - мекенине. Бири бирин кыя алышпай, досторун акыркы жолу көрүп алганга тигилер да, булар да улам артын карашат. Мына эми кайра тарткандар көрүнбөдү. Алыстагы белгисиздикке карай тандалган беш адам: Скотт, Бауэрс, Отс, Уилсон жана Эванс.

ТҮШТҮК УЮЛ

Ушул акыркы күндөрдөгү жазууларда бушайман, алдастагандык сезилет; алар уюлга жакындап калган компастын көгүш жебесиндей титирейт. “Эмне үчүн көлөкөлөр көпкө чейин кетпей, оң жактан алдыга чыга калып, анан сол жакка жылмышып айланабызда тегеренет!” Алдастагандык үмүт менен алмашат. Скотт толкундануу менен өткөн аралыкты белгилейт: “Уюлга  дагы жүз элүү километр калды; абал оңолуп, жеңилдебесе биз чыдабайбыз”, - деп жазат чарчагандай. Эки күндөн кийин: “Уюлга жүз отуз жети километр калды, жеткиче азапты көрчүдөйбүз”. Анан эле: “Уюлга болгону токсон төрт километр калды. Жетпей калган күндө да марага эң жакын келген биз болобуз!”. 14-январда үмүт ишеним менен алмашат. “Болгону жетимиш километр калды, жеткени калдык”. Эртеси – мактангандай, кубаныч менен эргип жазат: “Болбогон бир элүү километр калды; кандай болсо да сөзсүз жетебиз!” Бул жазууларды окуп жүрөк титирейт, жандан ашкан чыңалуу, чыдамсыз умтулуу сезилет. Максатка жетүүгө аз калды, колдор жер эненин акыркы жашыруун сырын сыйрып салууга сунулуп жатат. Дагы бир октолуп койсоң – жетесиң.

ОН АЛТЫНЧЫ ЯНВАРЬ

Күндөлүктө: “Көңүлдөр көтөрүнкү” – деп белгиленген. Эртең менен демейдегиден эрте чыгышты, чыдамсыздык уктатпады көрүнөт; жашынып жаткан уюлду тезирек көрсөк экен. Беш эрен жарым күндө жансыз аппак мейкиндикте он төрт километр жол басат; алар шаттанып алган, көздөгөн жер жакын, адамзаттын даңкы үчүн аракеттенген эрдик ишке ашканы калды. Жолоочулардын бири – Бауэрст тынчсызданып баштады. Жалындаган көздөрү мелтиреген кар мейкиндиктеги билинер-билинбес үлпүлдөгөн кара чекитке тигилет. Ойлонгонун айтууга ооз барбайт, бирок бардыгынын жүрөктөрү кысылып, бир ой бийлейт: балким адам колу менен коюлган белги болуп жүрбөсүн. Мындай ойлобогонго аракеттенишет. Эл жашабаган аралда адам изин көрүп, “бул өзүмдүн изим”- деп өзүн ишендиргиси келген Робинзон сыяктуу - өздөрүн ишендиргиси келет. Муздагы жаракка болсо керек, балким бир нерсенин көлөкөсүдүр. Кабатыр болгондон муундары бошоп жакындап келишти, бардыгы ачуу чындыкты билип турса да, дагы эле бири бирин алдагылары келет: норвегиялыктар, Амундсен алардан мурда келген экен.

Акыры айныбас фактыдан акыркы үмүт да жокко чыкты: шыргыйга бекиген кара желек ээн калган турактын үстүндө турат; чананын, иттин издери бардык шектенүүлөрдү жокко чыгарды. Бул жерде Амундсендин лагери болгон экен. Кулак укпаган, ойго келбеген окуя болуптур: Миңдеген жылдар ээн жаткан, миңдеген жылдар, балким, жер каймактагандан бери адам көзү көрбөгөн Жер уюлу – кандайдыр бир убакыттын көз ирмеминде бир айдын ичинде эки жолу ачылды. Алар кечигип калышты – миллиондогон айлардын ичинен бир гана айга кечигишти, дүйнө боюнча экинчи болуп келишти, а биринчи деген биринчи, экинчи болсо – мааниси жок, эч ким эмес! Бардык аракеттер текке кетти, азап жегендик да бекер, узак жумалар, айлар, жылдар үмүт байлап жүргөнүң да бекер. “Бардык эмгек, кыйналганың, азап тартканың бекерге кеттиби?” – деп жазат Скотт күндөлүгүндө. “Кур кыял аягына чыкты” Өлө чаргандарына карабастан уйку качты, көздөрүнөн жаш сыгылат. Айлалары куруп, үн-сөз жок, туткунга түшкөн адамдардай, жеңишке үмүттөнүп, бел байлап келаткан уюлга карай акыркы жүрүшкө чыгышты. Эч кимиси бири бирин жооткотконго даабайт: үн чыгарбай илкип баратышат. 18-январда капитан Скотт өзүнүн төрт жолдошу менен уюлга жетти. Уюлга биринчи жетип баатыр болуу үмүтү аткарылган жок, тунжураган айлананы кайдигер тиктейт. “Көз токтотуп карагандай эч нерсе жок, эч нерсе акыркы күндөрдөгү көкөйгө тийген окшоштуктан айырмаламбайт” – уюл жөнүндө Роберт Ф.Скоттун жазганы болгону ушул. Алардын көңүлүн бурган жалгыз нерсе - жаратылыш эмес, Амундсендин чатырынын үстүндөгү каршылаштарынын колу менен курулган, адамдар тарабынан баш ийдирилген чепте текебер желбиреген норвегдердин желеги. Конкистадордун[6] ушул жерге экинчи болуп келгендерге жазган катын таап алышты. Анда катты норвегдердин королу Гакконго жиберүү өтүнүчү жазылыптыр. Бүт ааламга өзү эңсеген эрдикти бөлөк бирөө ишке ашырганы тууралуу билдирүүнү, ушул оор милдетти Скотт өзүнө алды.

Айла жок, мүңкүрөп “кечиккен англис желегин” Амундсендин жеңиш туусунун катарына орнотушту. Ошондон кийин “үмүттөрү таш капкан жерди” таштап, артка кайтышты – артынан муздак шамаал согот. “Артка кайтуучу жолду ойлоп жүрөгүң түшөт” – деп жазат Скотт, жамандыкты сезгендей.

КЫЙРОО

Кайра кайтууда кыйынчылык он эселеп өстү. Уюлга баруучу тарапты компас көрсөтүп турчу. Эми артка кайтканда, эң негизгиси - тамак-аш, кийим-кече, бир нече галлон керосинге камтылган жылуулук сакталган кампадан адашпас үчүн, бир нече жумалар бою келген изиңди жоготпой жүрүү керек. Ар бир жолу, кардуу бороон көз ачырбаган сайын чочулоо күчөйт, адашканың – өлгөнүң. Андан да жүрүштүн астында антрактидагы кичине мекенинде, жылуулукта жана кененчиликте жыйналган күч-кубат жок.

Дагынкысы: болот пружинадай чыңалган эрк бошой түштү. Уюлга бараткан сапарда аларга бүт дүйнө эңсеп турган улуу ачылышты ишке ашырабыз деген үмүт алдыга сүрөп, өлбөс-өчпөс эрдикке баруу сезими күч-кубат болгон. Азыр болсо өз жанынын аманчылыгы үчүн гана элдир-селдир күн өткөргөнгө, шерменде болуп кайтып келгенге, ичтеринде балким, келгенден да айбыгып жатышабы...

Ошол күндөрдөгү жазууну окуу абдан оор. Аба-ырайы улам начарлап, кыш демейдегиден эрте түштү, таман астында көпшөк кар тоңуп, бут тартылбаган капканга айланып калат, суук чарчаган дененин эсин оодарат. Ошондуктан ар бир жолу бир топ күн кангып жүрүп кампага жеткенде, кубанычтарында чек жок; сөздөрүндө үмүт учкуну байкалат. Ушул чексиз ээндикте кангыган адамдардын эрдиги тууралуу, алардын өз милдеттерине болгон мамилеси айтып турат. Уилсон өзү кыйналып, өмүрүнө караганда өлүмү жакын экенин сезсе да, илимий изилдөөлөрүн таштабай, чанасына милдеттүү жүгүнүн үстүнө он алты килограмм сейрек кезигүүчү минерал породасын жүктөп алган.

Бирок акырындык менен адамдын кайраты аябаган, миңдеген жылдар бою курчуган жаратылыш күчүнөн майтарыла баштады. Жаратылыш беш эренге каршы өзүнүн кыйраткыч куралдарынын бардыгын салды; аяз, кар аралаш бороон, сөөктөн өткөн суук шамаал. Буттар жаракат алып, тамак-аш тартыш, күнүнө бир жолу оозанган ысык тамак кубат бербеди. Эванс, араларындагы эң күчтүү адамдын кылык-жоругу бардыгын чочулата баштады. Артта калат. Болгон да болбогон да нерселерди шылтоолоп ыйлактайт. Анын түшүнүксүз кептеринен, бечара же жыгылганда башы менен тийгенденби, же кыйынчылыктанбы, акылынан адашып калгандай. Эмне кылыш керек? Муздуу чөлгө жалгыз калтыруу керекпи? Алар кампага мүмкүн болушунча эрте жетүүлөрү керек, болбосо... Скотт андан аркысын жазганга даабайт. 17-февралда түнкү саат бирде, “Курмандык лагерине” бир күндүк жолдо Эванс каза болду. Лагерге жетишип калса, бир ай мурда союлган аттардын эти калган, тоюна тамактанып алышат беле...

Төртөө жолун улап, каргашалуу кырсык тооруганын койбой ээрчип алды; кампага жеткени менен айлалары куруду: керосин абдан аз, ал суукка каршы бирден бир, абдан таасирдүү куралды үнөмдөп пайдалануу дегендик. Сөөктөн өткөн суук түндөн кийин күч жок, араңдан зорго туруп дагы жөнөштү. Бирөөнүн, Отстун бутун үшүк алып кетти. Шамал күчөгөндөн күчөйт. 2-мартта кийинки кампада да мурдагыдай абал: керосин абдан аз.

Эми Скоттун жазгандарында жүрөк үшүгөн чочулоо туюлат. Ал аны билдирбөөгө аракет кылып, калп эле камырабагандай болгону менен арасында айла кетип, чаңырып ийгендей сүйлөмдөр бар: “Мындан ары да ушундай боло берсе бардыгы бүткөнү”, же: “Кудай сактай көр! Ал-күч калбады!”, же “Биздин ишибиз трагедия менен аяктайт окшойт”, акырында: “Жараткан кудай, жардам бер! Адамдардан эми жардам күтпөй калдык”. Бирок үмүтсүз болсо да тиштенип алдыга жылып келатышат. Отс баса албай улам артта калып жолдошторуна жүк. Түш ченде 42 градус суук, алар Отска карап жылгандары жайлап калды, кешиги жок байкуш жолдошторунун өлүмүнө себепкер болорун билип атат. Жолоочулар эми үмүт байлабай, жаманчылыкка даяр болуп калышты. Жаманчылык болуп кетсе кыйналбай кеткенге Уилсон ар бирине он таблеткадан морфий таратты. Дагы бир күн оорулууну ала жүрүштү. Кечинде Отс, тагдырларын анын тагдырына байлабай аны таштап кетүүлөрүн өтүндү. Ансыз бир кыйла жеңил болорун билишсе да бардыгы баш тартып коюшту. Отс үшүк алган буттары менен дагы бир нече километр, түнгө токтогон жерге чейин келди. Эртеси эртең менен чатырдан чыгуу мүмкүн эмес, кар аралаш бороон.

Отс ордунан турду. “Мен бир азга чыгып келейинчи, - деди досторуна. Тышта бир азга турайын”. Бардыгынын жүрөктөрү канады, бул эмне деген “чыгып келүү” экенин билип турушат. Бирок эч ким аны сөз менен болсо да кармап калууга даабады. Эч ким коштошконго кол да бербей, баары унчуга албай, Эннискиллен драгун полкунун ротмисри Лоуренс Отс өлүмгө тике карап баратканын билип турушат.

Алдан тайып чарчаган үчөө чеги жок темирдей муз үстүндө каңгып барат. Аларда күч-кубат да, үмүт да жок, өлбөстүккө жан талашкан инстинкт гана буттарын кыймылга келтиргенге мажбурлайт. Аба-ырайы ого бетер каарын төгүп, улам кийинки кампада керосин аз, демек жылуулук жок. 21-мартта кийинки кампага болгону жыйырма километр калды, бирок катуу бороон чатырдан чыгарбайт. Ар кечте алар эртең көздөгөн жерге жетебиз деп ойлошот, тамак-аш калбады, аны менен бирге акыркы үмүт да үзүлүп барат. Керосин түгөнгөн, а термометр кырк градус нөлдөн ылдый. Бардыгы бүттү: тандаган эки гана жол бар - же суукта тоңуп өлүү, же ачкадан өлүү. Үч адам сегиз күн мелтиреген мерез дүйнөдө, тар чатырда өлүмгө каршылык көрсөттү. 29-мартта эми аларды эч нерсе сактап кала албастыгын түшүнүштү. Өлүмдү да өздөрүнүн маңдайына жазган бардык сыноолордон татыктуу өтүп келген сыяктуу, ал аларды жеңил алып кеткенге шарт түзүп бербей, акырына чейин күрөшө беришти. Жууркан мишокторуна кирген бойдон, өлүм алдындагы кыйналган абалдарын дүйнөгө билгизбей өтүп кетишти.

ӨЛҮМ АЛДЫНДАГЫ КАТТАР

Ушул көрүнбөсө да калетсиз өлүм алдында туруп, капитан Скотт аны жашоо менен байланыштырып турган бардык түйүндөрдү эстеп атты. Жаралгандан адам үнү бузбаган тунжураган муз үстүндө, шамал жука чатырды жиндене тытмалап жаткан саатта, өз улуту менен, бардык адамзат менен бир бүтүн болгондой сезимде болду. Анын көз алдында ушул аппак мелтиреген чөл үстүндө, туман ичиндеги закымдай болуп сүйүү, достук, ишеним  байланыштырган адамдардын элеси тартылат. Ошолорго өз сөзү менен кайрылат. Кымтууга келбеген колдору менен капитан Скотт жазып атат, өлүм алдында өзү сүйгөн бардык тирүүлөргө кат жазууда.

Укмуштуудай каттар! Жакында келүүчү өлүмдүн албуут деминен бардык майда-барат нерселер жок болуп, аларда кеңирсеген асмандын таптаза абасы камтылгандай. Ал жеке адамдарга жазылган, бирок бардык адамзатка айтылгандай. Алар ошол мезгилге карата жазылган, бирок түбөлүктүүлүккө кайрылгандай.

Аялына жазды. Уулун – анын эң кымбат орун басарын эч нерседен кор кылбай чоңойтууну тапшырды. Аны борпоң өстүрбөй, жалкоолуктан алыс кылып тарбыялоосун өтүнүп, дүйнө тарыхындагы улуу эрдиктердин бирин жасаган адам актанып турду: “Сен билесиң да, мен өзүмдү дайыма ишмердүүлүккө мажбурлап келдим, анткени табыятымдан жалкоолукка жакын элем”. Өлүм алдында турса да, кылган ишине өкүнбөй, тескерисинче, аны менен сыймыктанды: “Бул саякат тууралуу сага көп нерселерди айтып бере алмакмын! Бардыгы төп келишкен жакшы шартта, үйдө отурганга караганда ушундай жашоо артык экенин айтат элем”.

Ал өзү менен кошо каза болгон жолдошторунун аялдарына, энелерине алардын эрдиктеринин күбөсү катары жазды. Өзү өлүм алдында жатып жолдошторунун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Алар өлсө да улуу эрдиктери унутулбай түбөлүккө адамдардын эсинде каларына ишендирди.

Ал досторуна жазып, ушул өмүрүнүн акыркы минуталарында өзү жөнүндө, өзүнүн эрдикке салган салымы тууралуу эч нерсе, бирок улутуна сыймыктанып, ошол улуу элдин уулу болгонуна бактылуу экендигин жазды. “Билбейм, мындан да чоң иштерди жасайт белем, бирок биздин өлүмүбүз - улутубуздун уулдарынын кайраттуулугунун жана туруктуулугунун далили”, - деди ал. Эркектик намыс, жан дүйнөсүнүн уяңдыгы айттырбай келге сөздөрдү өлүм жулкуп айттырды. “Мен, - деп жазды ал эң жакын досуна, - бул турмушумда Сизден артык урматтап, Сизден артык сүйгөн адамды жолуктурган жокмун, бирок Сиздин достугуңуз мен үчүн канчалык кымбат экенин Сизге билдире албадым. Сиз мага көптөгөн жакшылыктарды тартууладыңыз, а мен Сизге эч нерсе бере алган жокмун”.

Ал акыркы катын, күчтүү сезимдеги катты англис элинде жазды. Англиянын даңкы үчүн күрөш анын өлүмү менен аяктаганына өз күнөөсү жогун айтып калуу милдетим деп эсептеди. Аларды тооруган бардык күтүлбөгөн кырсыктарды санап келип, жакындап калган өлүм айттырган кайталангыс пафос үн менен бардык англистерди анын жакындарына көз сала жүрүүлөрүн тапшырды. Анын акыркы ойлору өз тагдыры тууралуу эмес, акыркы сөзү өз өлүмү тууралуу да эмес, башкалардын өмүрү тууралуу: “Кудай үчүн, биздин жакындарыбызга кам көрүп койгула”. Ошондон кийин – таза барактар.

Капитан Скотт өз күндөлүгүн акыркы мүнөттөргө чейин, кымтууга келбей калган манжаларынан карандаш түшүп кеткичекти жазды. Анын сөөгүнүн жанынан англис улутунун өкүлдөрүнүн кайраттуулугун далилдеген ушул жазууну таап алышат деген үмүт, адам чыдагыс абалда да дем берип турду. Катып бараткан колдору менен акыркы керезин жазды: “Ушул күндөлүктү аялыма жиберип койгула!”. Бирок өлөрүнө көзү жетип, катаал сезимде “менин аялыма” - деген сөздөрдү чийип, үстүнө, “Менин жесириме” – деген, дене боюңду титиреткен сөздөрдү чийди.

ЖООП

Жыгачтан тургузулган үйдө кыштагандар жумалап уюлга кеткендерди күтүштү. Башында жөн эле күтүп аткандары жеңил кооптонууга, кийин чочулоого айланды. Эки жолу тосуп чыкмак болушту эле, бирок аба-ырайы мүмкүндүк бербей кайра кубалап киргизди. Узак созулган кышта жетекчиси жок уюлчулар өздөрүнүн турагында болушту; кырсык болгондугун сезүү жүрөктөрүн кысып, айлаларын кетирди. Бул айларда капитан Роберт Скоттун каармандыгын кар менен белгисиздик чулгады. Муз аларды айнек табытка алып, 29-октябрда гана уюлдук жаз келгенде, жок дегенде алардын сөөгүн таап, анда камтылган маалыматты алууга экспедиция уюшулат. 12-ноябрда алардын чатырын табышат; жатуучу мешоктордо тоңуп калган сөөктөрдү, өлүп баратып Уилсонду бир тууганындай кучактап алган Скотту көрүштү, каттарды документтерди алып, эрендердин сөөгүн жерге беришти.

Азаматтар коюлган кар дөбөчөнүн үстүндө турган жөнөкөй кара крест, каза болгон баатырлардан түбөлүккө калган эстелиги, эрдиктеринин жалгыз күбөсү сымал, аппак ээндикте  алыстан байкалат.

Жок, түбөлүккө эмес! Алардын кылган иши тирилип кетти: биздин кылымдын керемет техникасы тирилтти! Достору мекенине аппараттарга камтылган тасмаларды алып келишти, алар менен иштеп, сүрөттөрдү чыгара келгенде, мына, Скотт өз шериктери менен кайрадан сапарда, алардан бөлөк, Амундсен гана көргөн уюлдук жаратылыш көрүнүп турат. Электр зымдары аркылуу күндөлүк жана каттар тууралуу маалыматтар, бардыгын суктантып, дүйнөгө тарады. Англис королу баатырларды урматтап чиркөөдө тизе бүктү. Пайдасыз, текке кеткенсиген эрдик турмушка үндөгөн чакырык, оңунан чыкпаган иш-аракет – адамзатты көздөгөн максатына жетиш үчүн эч нерседен кайра тартпаган көктүккө үндөө: эр жүрөктүүлүк менен өлүмгө баруу – он эселеген жашоого болгон аракет, трагедиялык өлүм - бийиктике жетиш үчүн тайманбас умтулуунун үлгүсү болуп калды. Анткени курулай убарагерчилик гана жеңил жеңишке, кокусунан келип калган ийгиликке ыраазы болот, а адам тагдырдын оор жазмыштарына каршы туруп, өлүм менен өмүр ортосундагы күрөшү жан дүйнөңдү бийиктикке серпийт. Бул акындар анда-санда, а турмуш миңдеп жараткан  бардык мезгилдин улуу трагедиясы.

Орусчадан которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Публий Корнелий Тацит – байыркы римдик тарыхчы, байыркы дүйнөлүк жазуучулардын бири.

[2] Эрнес Генри Шеклтон (1874 -1922) – англиялык Антарктиканы изилдөөчү.  

[3] Ворвань - киттин, морждун ж.б. майын эритип чыракка колдонулган суюк май.

[4] Түштүк уюлдук Таймс (англ).

[5] Бирдмор глетчери – Антрактидагы муз талаа.

[6] Конкистадор – XV–XVI кылымдардагы испаниялык, португалиялык жаңы жерди багындырган адамдар. Бул жерде жаңы жерди багындырган адам деген мааниде.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз