Бектуруш Салгамани: Кыш келатат койчуну ээрчип итиндей

  • 05.11.2021
  • 2971

Учуп кетти жалбырактар

... Чылк көөдөй түндөр келчү. Иттер үрчү.
Чаңырып өтчү шашкан “03”, “01”.
– Күбүйм! – деп жаланып ач шамал жүрчү,
коркчу эмес, үркчү эмес андан эч бир.

Бир күнү көрүп калып алды жактан,
Күз деген сары мерген келатканын,
жабыла учуп кетти жалбырактар,
жамырап ортосунда жер-асмандын...

МЕН САГА АЛМА ЖӨНӨТӨМ

Курсташым Фатима АБДАЛОВАга

Алма жыты «бур-р» деп кокту, сай, кыр, түз,
Абшыр-Сайда алма терип жүрдүк биз.
Кургак, саргыч эриндери кеберсип,
коюн-кончун шуудуратып кымтыйт күз.

Адам ата, Ово энебиз Бейиштен
айдалганга себеп болуп беришкен,
ала бөйрөк алма напсимди агытып,
Адам атам сымал бирди жедим мен.

Азыр мында алма терип жүргөндө,
Арсланбап шаркыратмасы түштү эске.
- Бул экөөнүн жер астында киндиги
бир эмеспи? - деп шекшиндим бул кезде.

Кооз бурчу го Арсланбап дүйнөнүн,
көздөн учат жаңгак терип жүргөнүм.
Толгон жерди көрсөт Кудай, а бирок,
туулган жерден аягымды үзбөгүн.

Жаңгак бышып, жүрдүң бекен эңиштен
жалбыракты шилеп жаңгак терип сен.
Теңирим, көп жердин даамын таттыр да,
топуракты буйругун өз жеримден.

Көктө туулуп, өлсө жерди жазданган,
куштар «кыйкуу» салып өтөт асмандан.
...Апшыр-Сайдан мен сага алма жиберем,
а сен жаңгак жөнөт Арсланбаптан.

КАЙДА МЕНИН КҮЗ ДЕГЕН КОҢУР АТЫМ?

Сөөлөтүнө, көркүнө тоюп дайым,
сук артчусуң көргөнүң, жолукканың.
Кечээ гана сүлкүлдөп жүргөн бакта,
кайда менин Күз деген коңур атым?

Туйлачу ээлеп тоо, кыр, бак, шүдүгөрдү,
токчулуктун, тер, дандын жыты келчү.
Тула бою, тердиги күмүш эле,
токугамын күн түспөл күмүш ээрди.

Күмүш жүгөн, чылбыры башындагы,
күмүш, мистен болчу үртүк, жабуулары.
Шыңгырачу да күмүш үзөңгүсү,
шуулдап турчу жел, шамал жалындагы.

Күндөп-түндөп азанап, кишинечү,
кишинесе жер, асман титиречү.
- Чапсам дегем көк бөрү, улактарда!
чыктым бактан табалбай изин эми.

Уктап турсам жок, кайдан табам энди?
Уурдаган ким?  Белгисиз кала берди...
...Басып жаткан ак тооктой жумурткасын,
басып жатат аппак кар кара жерди.

КҮЗдө КЕЛДИМ АЙЫЛГА

...Үстүндө да туугандарым бар,
астында да туугандарым бар,
турпагы - ыйык, азиз Меккедей,
туулган жерим ушул сагынтаар.

Алма, койлуу Кара-Ташымды,
аңсап келсем шаардан алыскы, 
энеме окшоп бала санайбы,
эрке жели сылайт чачымды.

«Ох, Саадат...»[1] деп, кыштакты айланып,
обон салып канча баспадык.
Кара-Таштан чыккан ал ырлар,
кара түндү турчу «тарс» жарып.

Жүрөм тоодо кусам басылбай,
жерден көрө асман жакындай.
Коюн-кончундагы чиелер -
кыпкызыл да менин канымдай.

Учурашсаң алик алышка,
убакыт жок адамдарында.
Күндө айланып турган чагы экен,   
койлуу айыл, тойлуу айылга. 

Алма терип бири кур калбай,
айылдаштар пулга тунгандай...
Түндө келин түшкөн бир үйдүн
турат короо-жайы жыйналбай.

Баба тоолор чубап алыска,
булут жатат уктап башында.
Мобул ысык жүрөгүм менен,
мен сагынгам муздак ташын да.

Кезип өрүк, алмазарларын,
келгенимдин сезем жакканын,
жолдорума килем ордуна,
жатат төшөп жалбырактарын.

Маңдай туштан агып кой селдей,
машинага турат жол бербей.
Ай Кудайым биздин кыштактын
асманына таккан ордендей!

САГЫНЫПСЫҢ, КЫШТАГЫМ

...Көп жыл аттын башын сага бурбадым,
күзүң “дүрт” деп күйүүчүдөй жалындайт.
Абдан күтүп сагыныпсың, кыштагым,
а шаар сулуу мени сендей сагынбайт.

Түнү-күнү арыктарың көз илбей
тамактарын тунук сууга чайкашып,
тоо этектеп чыккан бүргөндөрүңдөй,
турган экен дарактарың саргайып.

Оттон коркпой ойноп жүрчү балалык,
ошол отко күйүп өлүп калганбы?!.
Кучагыма жатсам дегем аны алып,
кур десе бир көрүнбөдү арбагы.

Келгенсиймин миң жыл өтүп кечигип,
көп теңтушу жок да атам, апамын.
Мектеп жактан коңгуроону эшитип,
мугалимдерди эстеп, сыздап каламын.

Аяз көргөн козуң болуп токту, кой,
алмаларың арбын мөмө байлаптыр.
Үйдө аз турдум, ар маалада күндө той,
үйлөнбөгөн бойдок быйыл калбас бир.

Сагынганмын мен да, бирок айтпадым,
сагынычым оттон, күндөн күчтүүрөөк.
Айтсам мис түс аңыз, адыр, бактарың, 
ага кошо там, короолор бүт күймөк.

Бир жанмын да жүргөн саатты эсептеп,
билбейм дагы качан, кай күн келерди.
...Көп күтүпсүң, саргайыпсың келет деп,
күтпөйт мени калаа сулуу сен өңдүү.

ЖЕЛ

Жалбырактар жолун тынбай самашчу,
- Жел келсе! - деп эңсешүүчү тажабай.
Майин колу менен жел да аларды
магдыратып терметүүчү  баладай.

Жел келгенде жалбырактар кубанып,
жапырт жыргап, бийлеп, ырдап киришчү.
Бирин-бири калуучу өөп, сылашып,
бир-биринин тилин алар билишчү.

Шыбырашып айтышып көп нерсени,
шуудурашып ойношту эле көп курдай.
Жалбырактар жатат чаңда, жерде эми.
Жел: - Ойнойлу, тургулачы! - дейт тынбай.

Жалбырактар анын сөзүн угушпайт,
жапырт күүлүп калган жаанда кечээги.
Эмики жаз келгенче үшүп уңулдап,
эртели-кеч жалгыз ойнойт жел эми...

ЖАЗ КАЯКТА, ЖАЛБЫРАКТАРЫМ?

Боз тумандын жумшак этегин
былчырата тепсеп келемин.
Жалбырактар жатат сыз жерде,
жулуп салган жамгыр кечээ түн.

Жүрөккө окшош тартып денеңер,
жазда жашыл наристе элеңер.
Куштар сайрап кучагыңарда
көркөмдүк жок болчу теңелээр.

Жан таслим кылып көбүңөр,
жатат жерде сөөктөрүңөр.
Бир дем салып, Куран окуюн,
билем, Жаннат барчу жериңер.

Саргайтпастан, жашыл боюнча,
сактап калар күч жок колумда.
Бу силерсиз кышка бармагым,
болбоптур да такыр оюмда.

Санааларга салат ар дайым,
саргайганың, сызда жатканың.
Жаз каякта шашып ачылган,
жүрөккө окшош жалбырактарым?

КЫШ КЕЛАТАТ КОЙЧУНУ ЭЭРЧИП

...Кызгалдактар мекендешчү дөбөнү,
капталдаган чабан эргип ырдады.
Үркүп учуп кетсе бөдөнөлөрү,
учуп кеткен сыяктанды кыр дагы.

Бозо сымал көбүктөнүп басылбай,
боюн уруп бирде нары, бир бери,
көл дагы учуп кетейин дейт чатырдай,
коё бербейт кармап дайра - жиптери.

Алыстардан шуудурайт да көйнөгү,
аты семиз күз көзгө бир илинбей.
Көп бололек тоодон түзгө көчкөнү,
кыш келатат койчуну ээрчип итиндей.

Өткөрбөстөн кызды наркы өйүзгө,
өкүрөңдөйт кечүүсү жок карт дайра.
Ак бетинен болбой калып өбүшкө,
ак булуттар кетип барат арманда...

 

[1] Кудайберген ТЕМИРОВдун «Саадатим» деген обондуу ыры.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз