Ортобузду «кара чычкан» аралап,
Канча жылдар арабызды араалап,
Достугубуз СССРдей кыйраган,
Капитализм кандай болду алаамат!
Адам мынча арманга жуук жаралат,
Акыл-эсти, жан-жүрөктү жаралап.
Тирүүңдө жүз жылышып калбадык,
Кантип эми сиңди-досуң бара алат!
Эми бекер ыйлап-сыктап барганым,
Киши күтпөй, чындык муздап калганың.
Бираз мурда көп маанилүү болучу
Көрүшкөнүм, көңүлүңдү алганым.
Денең али жер астына жете элек,
Жаның дагы Көккө чыгып кете элек.
Жакындабай, коштошо албай тургандыр,
Ыңгайсыздан коомайсынып чекелеп.
Кой, барайын. Уйкумду да качырдың.
«Кеткенимче келип кал», - деп чакырдың.
Колдоолорун Кудай сенден жиберчү...
Кошок жазып түн жарымын ашырдым.
Жатаарымда саат 04төн 04 мүнөт
Өткөн болчу. Уйку-эшикти черткилеп.
Сен ойготтуң, 08 мүнөт 08ден
Өткөн экен, таң калычтуу. Өрт жүрөк,
Ар кандайча таасир этип турасың,
Көңүлүмү көп өткөнгө бурасың.
Ыраазылык берип, балким, туурасы -
Менден дагы ыраазылык сурашың.
Ыраазымын, ыраазы бол, Кудайдын
Бергенинче тирүүлүктү улаймын.
Жугу калса, жууп салаар убакыт
Көңүлүмө чачыраган ылайдын.
Каалоом бул: акыретиң ак болсун.
Аякта да бияктагы бак консун.
Цыган бийин жоолук байлап белиңе
Бийлеп ийсең, бейишиңе шат толсун.
Жаның өлбөйт, сүйлөшөбүз дагы да,
Калбай эми таарынычтын тагы да,
Акыйкатты айланчыктап арбагың,
Карабаатыр, а дүйнөдө арыба.
Бирге жүргөн бир туугандай ыр эжем,
Көңүлдөгү көкташымды миң эзем.
Көккө мен да бараарым бар акыры,
Көз өткүчө көңүлүмдө тур эсен.
Жакшы сөздөр, жакшы кездер бар болчу,
Алар бизден жоголбоско зарланчу.
Көптөр биздин мамилеге суктанып,
Көрө албай кээси ичи тарланчу.
Себеп болуп сен алып берген үйдөн соң,
Ушалангам ушак угуп үйдөн чоң.
Күйүп кеткен ойрон-кайран көпүрө,
Ортобуздан сага барчу күйгөн жол.
Эне-бала же бирбоор туугандай,
Майдай-сүттөй эмес белек, бу кандай!?
Эмне болду көөнүң мынча суугандай?
Эмне болду мынча Кудай ургандай?
Эмне кылдым, тородумбу астыңды?
Айгак болуп айыбыңды ачтымбы?
Сыйлык, байлык, бийлик, - дечү эмесмин,
Же болбосо, ырды жаман жаздымбы?
Болбосо да айың сөздү такташуу,
«Айтпадым», - деп, «Айттың», - деген жаакташуу,
Дабан бүтүп калган экен арага,
Буйруган жок андан кийин катташуу.
Өчүгүшүп өрөскөөлгө өтпөдүм,
Өктө бүтүп кеткен да жок өтсө күн.
Өз санашуу өгөй болуп өкүндүм,
Өзөгүмдө өрттөндүм ай, өчпөдүм.
Балким, мени чыңалсын деп турмуштан,
Сыналсын деп, чыгабы деп бир муштан,
(«Күч атасын тааныбайт», чап, күрөш, жык...)
Көргөндүрсүң атайылап чыр баштап.
Чапканым жок, күрөшпөдүм, тим койдум,
Бир жорукту келди унуткум, миң жойгум.
Өзүмдү-өзүм алдап-соолап тынчытып,
Келбей дагы калбадыбы бир болгум.
Жок дегенде кобурашып кол бошто,
Жолугушуп жүргөн жокпуз жолдошчо.
Чыкты такыр ортодогу жол жокко,
Достугубуз төгүлүптүр толбоско.
Канткен менен кадырыңы түшүрбөйм.
Эл суу ичкен агын сууга түкүрбөйм.
Достугуңду кастык кантип жеңчү эле?
Эстеп-эстеп эмдигиче түшүнбөйм.
Андай айың кайталанды эки ирет,
Кайра-кайра сокку жеген жетилет,
Балким, Кудай сага атайы айттырып,
Мени сынап төкпөй-чачпай жеткирет.
Өрөөнүңдүн жайыгына тоо жасап,
Ойночу элең досторуңдан жоо жасап.
Кагылышы достук менен кастыктын!
Бул оюндан жооң түгүл тоо качат.
Күндөрүңдөн карып, ооруп баштаган
Жоошутуп жолборсумду кайтпаган.
Кымбат кезди кыйбай өткөн кылымдан
Таарып жүргөн таарынычты таштагам.
* * *
Эркек үчүн оюм бийик өтө кең,
Эркек болчу ушак айткан экөө тең!
Ишенгемин ичиңде ит өлгөнгө,
От өчөт да кайра-кайра көсөсөң.
«Айткан эмес, айтып келген ушакчы».
Айтышпаса, мен өзүмө тушакты
Салбайт элем, билбейт элем ушакты,
Каттайт элем, бузбайт элем ызатты.
* * *
Бизге берип бир мезгилин бош турган,
Кудай бизди сынамакка дос кылган.
Дарак кылып бир талаага таандык,
Оңду-солду бороондорун соктурган.
Шамалдардан албасам да калкалай,
Алдың мени аска-зоодой аркалай.
Жүрөр элем чогуу баскан кадамдар
Жоо чапкандай экендигин байкабай.
Тийип-тийбей атылганын октордун
Көргөнүмдө касташканын достордун.
Келээр эле ал арадан жок болгум,
Күйгөнүмдө ортосунда оттордун.
Ырдаш, сырдаш, «Өздөн чыккан жат жаман»,
Чатак баштап чачкандары от жалаң.
Үстү-үстүнө партиялык чогулуш
«Согуш ачкан», «бомба жарган», «ок жааган».
Сыйлык-наам, сыйларыңы сыйрымак,
Ызылдаган ызгаар, денең чыйрыгат.
Не бар, не жок – белгисиздик тунжурап...
Жараткандан кандай жарлык буйрулат?
Ини-досуң сыртын салган сырданаң.
Мамилеңер жараланып, ырбаган.
Кыяматтай кыл көпүрө кылтылдап,
Көргөнүбүз, укканыбыз чыр жалаң.
Өттүк эле кандай гана күндөрдөн,
Суу сураткан суусап турган гүлдөрдөн.
Унутулбайт үшүк жүргөн ал күндөр,
Үстөмдүгү өкүм сүргөн кимдердин.
Мисалыңда жолбун октор атканын,
Мен жаныңда караан болуп басканым...
Бүркүт дагы иш түшкөндө башына,
Жашынаарын урчугуна асканын.
Бирге басып катаал күндүн биринде
Бир маанайда, басмырт тарткан бир үндө.
Айткан сөзүң, мен унчукпай укканым
Калган экен көңүлүмдүн түбүндө.
* * *
Сени ойлоого чамам келбей жүргөндө,
Түштөрүмө кирдиң кээ бир түндөрдө.
Кыйышпасым, кыйналдың бейм ошондо,
Итиң улуп, ичиңи тытып үргөндө.
Кеттиң окшойт билүү үчүн кимимди,
Чечтиң окшойт байлап койгон тилимди.
Ишенсем да жандын өлбөстүгүнө,
Денең үчүн деле жаным тилинди.
Кайкаңдаган кайран Карабаатырым,
Жолду бассаң дагы далай чакырым
Болмок, керек болчу кайра жанашып,
Көр дүйнөнүн күлүн көккө сапыруум.
Эмки өмүргө мындан мыкты болуп кайт,
Кийинки өмүр өткөнүнө жолукпайт.
Уулуу ушак жөнүндөгү Улуу сөз -
Ушул кошок экөөбүздү толуктайт.
* * *
Өмүр, өлүм айкалышып, ашташып,
Ажал алып кетип калды какшатып.
Жыртышыңа таратылган ак чачык
Аруулаган сыяктанат ак чачып.
Сүлгүдөгү алтынсары жип менен
Кайып сайган сайма бүткөн, бүтпөгөн
Ыр жолдордой көрүнгөнү бир сонун,
Байланыштуу бул да Улуу Күч менен.
Жаап келген жамгыр болуп төгүлгөн
Кошок коштум жанып кетип көгүмдөн.
Жараткандын эрки, өкүм бийлиги
Эч бир сөздү жаздырган жок төгүндөн.
* * *
Мына барам, ана барам деп жүрдүм,
Алааматың азыр эмес дептирмин.
Кыяматың кыстап келип заматта,
Чаңкай түштө чагылгандуу кеч кирди.
Билбесем да кандайлыгын карыгандын,
Билчү элем да баспай жатып калганды.
Кандай кабыл алаарыңды ойлобой,
Батыл басып барсам болмок, арман күн!
Бул – табият. Бизди ушинтип Жараткан
Кыска өмүрдө оң-тескери караткан.
Сени кантти жат болгон соң? А мени
Кайтарбаган сага жакшы санаштан.
Күн жаркырап берекелүү Күзүндө
Бир өмүрдү жашап бүтүп үзүлгөн.
Сени узаттык жаңы, жакшы дүйнөгө
Башка өмүрдү улоо үчүн түзүлгөн.
Барганымды билгениңди түшүндүм.
Кабыл алган аяныңды түшүрдүң.
Алты күндө карымжыңы кайтардың,
Сегиз күндө жазганымды бүтүрдүм.
Алты, сегиз ортосунда жети бар,
Муну болбойт албай койсо этибар.
Жетилигиң – о дүйнөдө опо тап,
Бу дүйнөдө жетпегенге жетип ал.
16.10. – 23.10.2021.
11.11.2021.