Пеями Сафа: Көчөдө калган акын

  • 15.11.2021
  • 2913

АҢГЕМЕ

Бир кафеге кирип таңды атырып же отелге барып жатуу керек. Кыла турчу башка айласы жок. Жарым сааттан бери Таксим менен Галатасарайдын ортосунда каңгып басып жүрөт. Түн өтө коюуланып калган, балким таң атаарга жакын маал.

Аябай чарчаңкы, уйку аны этектеп алган. Ал гана эмес басып баратып үргүлөп кетет. Өзүн таштап жиберсе, таш жолдун үстүнө талпактай жайыла түшмөк, кийин кароолчулар өтүгүнүн учу менен түрткүлөп ойготмок; буттары бүтүндөй тулкусун көтөрмөк түгүл, араң-араң шилтөөгө жарады. Көп кабаттуу үйлөрдүн эшиктеринин бирөөнө жанашып, башын жөлөй тикесинен тик туруп уктап калчудай абалда. Көчөнүн бүлбүл жанган жарыктары үзүк-үзүк нурлардай бөлүнүп, жарым жумулган көздөрүнүн тешигине май сымал толуп турду.

Өз бүтүмүн чыгарды: түздөнө калып тез-тез басып жөнөдү эле уйкусу ачыла түштү. Жогору жактагы начар отелдердин бирөөнө барууну туура көргөн. Акчасы аз болсо да кардары жок отелдер келген жолума кайра салбаса керек деген үмүттө.

Ушул үмүтү менен алга умтулду. Мунара түбүндөгү караңгы көчөлөрдү көздөй кадам шилтеди. Падышанын бөлмөсү сыяктуу кичинекей терезелүү, түптүз, таштан салынган имаратка жетип токтоду. Кай жеринен ачылары белгисиз, дат басып өңү кеткен, калдайган темир каалганын коңгуроосун издеди, тапкан жок, эшикти койгулаганга өттү.

Бир топко койгулады. Ичинен эч кандай дабыш угулбады. Бир маалда эшик адатынча өзүнөн-өзү кыйчылдап; кирдеген майка, ыштанчан, жылаңаяк, чачтары көздөрүнүн үстүнө чейин салааланып өскөн, жүзүнө бир карагандан кийин кайталап кароого мүмкүн болбогон түнт жана коркунучтуу, таттуу уйкусунан ойготкону үчүн ого бетер түйтөйүп, өңү суук, кабагы ачылбаган адам пайда болду. Бир канча убакыт кыймылдабай оордунда катып тургандан кийин ыңгыранып эшикти ачты.

Берилген суроолорго жанакы уйкусунан калган коңурукка окшош корулдак үн менен үзүл-кесил жооп бергенсийт. Жооптору бүт ынтаасы менен берилип уккан адамга гана түшүнүктүү болмок.

Алгач сунушталган суммага каршылыгын билдирди, бирок кардардын берген майда акчаларын алаканына уучтай санагандан кийин  аны отелдин эң начар бөлмөсүнө жайгаштырды.

Бөлмөнүн терезеси жок болчу. Ичинде бир канча күн сасыган эттерди бышырып, таза аба менен желдетилбегендей сасык жыт мурун көңдөйүн өрдөп барып, ашказанга түшкөн арам заттай кирип жатты.

Дароо бул жерге жатуудан баш тарткысы келди. Болбосо уктап жатканда бул жыт думуктуруп өлтүрөт. Бирок керебетти көрөрү менен четине көчүк басып, ойго чөмүлдү. Тулку бою чарчаңкы болгону менен ойлору жайында. Айланасына каранды: сокур чырак, ар кай бурчтун тешиктерине тыгылган тутамдалган кебездер менен эски кездеменин кесиндилери. Дубалдардын бетиндеги оркойгон көрүнүштөрдү жымсалдоо үчүн үстү-үстүнө чапталган гезит барактары жана калың картондор. Газ печкасынын үстүндө кичинекей казан.

Өтө жийиркенүү менен айланасына караган көздөрүнө көрүнгөн ар нерсе, ага кирип кирбей мурдуна урунган сасык жыттай сезилди. Көзгө көрүнбөгөн сасык тумандан чыккан  түтүндүн курчоосунда калды.

Дароо бөлмөдөн атып чыгып, отел кызматкерине үндөбөстөн көчөнү аралай жөнөдү.

Эми кафеге да бара албайт, таш төшөлгөн жолдо таңды тосууга туура келет.       

Илкий-калкый жолго түштү, Галатасарайды көздөй баратат.

Көчө бурчтарында белгисиз адамдар тарабынан тартылган сүрөттөр. Жанынан өтүп баратканда эч бирөөнө карай албайсың. Бир тараптан көзүнө урунган бул сүрөттөрдүн арасында, жерге чөк түшкөн сатуучулар менен сүйлөшкөн кээ бир аял арбактардын элеси көрүнөт.

Токатлыянын алдына келгенде бош, кургак, үнсүз көчөлөргө жан кирди. Кечеден чыккан көпчүлүк көчөгө батпай, автомобилдердин сигналы, моторлорунун үндөрү абаны жарып коштоп жатты.

Таш жолдон өтүп кетүү үчүн бир аз токтоп турууга мажбур; отелдин эшигинен сыртка чыгып, бардар калк менен бирге өзүнө келе түшкөндө, табитти ачып буруксуган жыт менен отелдеги жытты салыштырды.

Ушуну ойлонгондо элден бөлүнүп чыгып, өзүн көздөй жаш аялдын келатканын көргөн жок, ичке үн аны безге сайгандай эсине келтирди:

- Бул жакта эмне издеп жүрөсүң? Кимди күтүп атасың?

Бурулуп аялга тигилди, уялганын орой мүнөзү менен жымсалдап кетүүгө аракеттенип:

- Жолдун ачылышын күтүп атам.

Аял бул орой жоопко териккен жок:

- Мени үйүмө чейин жеткирип коёсуңбу? Жалгызмын. Сүйлөшкөнчө барабыз, сени да көргүм келди.

Чарчаңкы жүзүн аялга сездирбөө үчүн басып жөнөдү, аял дагы макул болду окшойт деп түшүндү.

Бир автомобилге түшүштү:

- Эмне жаңылык? – аял суроо узатты. – Өтө начар, өтө чарчаңкы көрүнүп турасың.

Эми өзүн жашыруунун мааниси жоктугун түшүнгөн соң жооп кайтарды:

- Ушундай эле.

Автомобил Таксимге жетип токтогончо сүйлөшүшкөн жок. Аял кечелерден чыгып, таш жолду жээктей баскан адамдарды карап барат. Тигиниси ойлуу.

Таксим-Шишли жолунан аял кайрадан суроо узатты:

- Эмнени ойлонуп атасың? Эмне болду? Айтчы мага.

Үнүндө эски мамилелериндегидей сүйүү жана кубаныч бар эле. Төрт жылга чукул чогуу жашашкан. Аял эски сүйүүсүн тутанта алмак, ал эми тиги мындай кыла албайт. Бирок кайрадан жумшак мамиле менен жооп берүүгө аракеттенди:

- Жан дүйнөм уйгу-туйгу. Бир канча сөз менен түшүндүрө албайм.

- Биздин үйгө баралы, сүйлөшөбүз.

Шишли травмай станциясынын артындагы, көөдөй караңгы көчө боюндагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан түшүштү. Аял үйүнө чакырды, ал дагы каршы болгон жок.

Экинчи кабатка көтөрүлүштү.

* * *

Нымдашып калганын сурап атасың. Муну сен бир аз билесиң да... Бирок бул түнүм өтө начар өтүп жатат. Сасыган отелге кирдим, жата албадым. Андан көрө бир буйволдун чаттарынын астында жатуу оңойроок болмок. Чыктым, көчө жээгинде таң атыруу үчүн сенделип жүргөнүмдө сага кезиктим. Сенин ар түрдүү таттуу мамилеңе алданбай, чын жүрөгүмдөн ыктыярдуу жооп берем. Анткени, бул түнү ар нерседен жана өзүмдү жасалма көрсөтүүдөн жийиркенип турам. Рухумдун өздүк сырлары мага караңгы да, туңгуюк. Азыр чарчоодон эмес, каалоом менен сөз баштайм. Чындыкты айтам. Менин күлкү келерлик кесибим бар. Акынмын. Ырга анчалык жакын болбогон сен дагы кээ бир ыр саптарымды жатка билесиң. Жанакы кечеде орус романсы жаңырган маалда, ырларымды ичинен кайталап отурган адамдар болгонунан шегим жок. Алардын барда отуруп алып он беш мүнөттө сарптаган акчалары менен мен бир ай кенен-чонон жашамакмын. Кара, азыр мен жок болуп баратам. Анткени кедейлигимди айтып отурам. Бул мага азыркыга чейин жагымсыз сезилчү. Бирок айкын чындыкты айтуудан эмнеге качтым экен? Бул түнү уйкум келген, тынч жатууга муктаж элем, адамдардан башка эч нерсе күткөн эмесмин, мага кир жуулчу чуңкурдун жанынан кирдеген көрпөчөнү көрсөтүштү. Ар бир түн ушундай эмес дечи. Анда-санда мен дагы беймарал төшөктө уктай алам. Бирок ар дайым буга жөндөмдүү эмесмин. Эмне үчүн? Көптөгөн назарлардан тажадым. Социалдык себептер, тигилер, булар. Жок, булардын баары тажатма. Мен устрицага окшошмун. Адамдар менин ичимдеги акакты, кабыгымдагы седепти алышат, өзүмдү ыргытып жиберет же жеп тынышат. Бул түнү да ушундай болдубу? Чынын айт, үстөлүңөрдө менин ыр саптарымды эстедиңер, бирок мен сырттамын.

Анан эле унчукпай калды, улантпады. Айткандарынын бардыгына өкүнгөндөй. Ал мурун минтип ойлончу эмес. Адамдарга эң жогорку нерселерди бергени менен тынч жашоо укугун да суранбаган адам эле; арзуулары намысынан дайыма төмөн болчу. Эмнеге бул түнү бардыгын божурап салды? Себебин дароо тапты: чарчоо.

Башы төмөн карай ийилди. Баары бүтүп бараткандай.

Аял ага мээримдүүлүгүн сездирүү үчүн:

- “Бир аз отур!”- дей алга жок. Кекечтенип: - Жок! Сенин намысың бар... Каалабай жатасың, улуу башыңды кичик кылууга мойнуң жар бербей атат, кааласаң...

Акын жооп берген жок. Бул сөздөр дагы аны жардын кырына жетелеп жөнөгөндөй, жеңилип баратканын көрсөтүүдө. Үстөлдүн жанындагы отургучка отурду. Эки-үч жолу башын алакандары менен мыкчып алуу арзуусу менен күрөштү. Жеңди. Тик турду.

Аял аны жалгыз калтыргысы келип, сыртка чыгып кетти.

Акын жан-жагына каранды: эки ай мурун ушул жибек жапкычтар менен капталган керебеттин үстүндө чалкалап жатчу, бул аял ага кызмат кылар эле. Кийин кайрадан ал айткандай, намысынын айынан аял менен ажырашып, жалгыздыгы менен башма-баш калган.

Жыйырманчы кылымдабыз. Эски асылзаадалык принциптери дагы эле жашап келатабы? Бул керебетте дагы эле керилип жатып, бул аялды кучактоо, анын акысы, ыр саптарынын бедели. Ушундай ойлонушу керекпи? Бул суроону өзүнөн нечен ирээт сураган. Эч качан бул аялга чындыкты ушунчалык ачык айткан эмес, ал гана эмес тескерисин таңуулаган. 

Эмне болду ага? Чарчоо.

Бул жагдайдан кантип кутулат?

Аял кайрадан үйгө кирди, аркасынан келип, башынан кучактап, бооруна басты. Эң таттуу мээримин төгүп жаткан. Дагы эле ошол коркуу.

Акын оордунан тура калды:

- Кетип атам, - деди. – Бир секунд да тургум келбейт. Айткандарымдын баары жүйөлүү эмес, бул түнкү чарчоомдун сандырагы.

Аялдын болгон аракети менен айткан суранычын, сунушун орой түрү менен четке кагып, салондон чыгып кетти.

Көп кабаттуу үйдүн эшигинен бет маңдай келишти.

Дагы эле орой мүнөзү менен:

- Ушундай, - деди.

Эшикти ачты, тепкичтерден тез түшүп, көчөгө чыгып- чыкпай издеген нерсесин тапты: Аткан таң.

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз